Аралаш - Сезим сөздөрдү бийакка

Ендi 340 икая бар..
Бүгүн 29.03.2020 Бу жерге жазылгандын баары - Жанызактын менчиги.
Макул десең
бас ушуну - жаза бер..
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу
Страницы:  1  2  3  ... 35
Bad boy from Osh (27.03.2020 : 21:09:38)
    Дина ушул жердесинби?

    341
 
Жази 88 (28.03.2020 : 11:03:13)
    Салам баарына кандайсынар карентин деп уйдо эс алып жатасынарбы эс алуу конулдуу эле болуп жатабы

    340
 
Советник (27.02.2020 : 11:18:13)
    Бул окуя Совет доору жаны тарап,Кыргызстан озунчо олко болуп болунгодо жуз берген эле.Ошол убактагы тагырагы 1992-1993-жылдары ачарчылыкты башынан откоргон замандаштарыбыз жакшы билишет деген ойдомун.Атам экообузго бир штан,кантип чыгабыз кыштан деген макал ошол мезгилге таандык эле.Дукондорго нан алууга кезекке туруп,азык тулук ун май деги эле жетишпестиктин айынан талон менен гана киши башына ченелуу олчомдо сатып алчубуз.Азыркы кундогудой мектепти бутмойунчо бир жерге жумушка орношуу дагы кыйын эле.Совет доорунан калыптанып калган адат болчу.Уй булодо уч эркек эки кыз бир туугандарбыз.Айылда башкарманын гана балдары же болбосо завсклад,дукончунун гана балдары бутун кийим кече кийгени болбосо,башкасы жаамы айылдын баары жамаачы шым кон чокой менен кун откорчу.Чон энелердин,чон аталардын шалбарынан апаларыбыз бычып тигип берген кийимдерди кийип журушчу.Азыркы кундо заман онолуп,бутун кийим толуп турган заманда жаштарыбыз жамак жумак жыртык,кыздарды айтпай эле коеюн эми.Жон койсон чатын дагы жыртып кийгиси бар го.Эркек менен кай жерде болсо да аспабын тыгып ийгенге ынгайлаштыргансып.Жараткандын айткан созу бар экен. Бутун кийимге шугур кылбаса,жамак жумак кедейдин кийимин даражасын бийик кылып,кымбат кылып коемун деген.Туптуура ошол чындык бугунку кундо.Корунгон жерден эгин талаалардан картошко,сабиз,пияз анан буудай машактарын терчубуз.Жада калса 5 сотых уйго да буудай кээде арпа экчубуз.Жугоруну тегирменден откоруп,загара дагы арпанын унун ачуу болсо унга аралаштырып олбостун кунун коргон заман болчу да.Бир куну атам бир аз тыйыны бар окшойт,бизди суйунтойун деген го сыягы.Мен бугун силерге фабричный жаны шым сатып келем деди.Атаке чын элеби? Айтсан же тамашабы туура эле уктукпу биз апаке уктунбу ураа ураа деп суйунучубузго чек жок болуп атты.Атам кетти базарга,убакыттын отушу бизге ото кыйынга турду.Айылдагы аялдамага ашыгып чуркап келер маал болбосо да учообуз тосуп чыгууга барганбыз.Ар нерсени бир ойлоп кыялданып отурдук.Кичуу иним Умутбек меники ону ток кок шым болсо сонун болмок байке,кийип алып кочону чанытып чуркап атам мага жаны шым сатып берди деп мактанмакмын дейт.Ошондо атамдын бардык айткан тапшырмасын аткарып мойнунан кучактап,атаке мен сени аябай жакшы кором деп ооп ооп отурмакмын деп далай создорду айтты.Биз куткон убакыт да келди.Айылдын этегинен чан ызгытып автобус корунгондо кубанып ордубуздан так секирип,атам келатат байке кордунбу! Атам келатат деп Умутбегимдин суйунгону дагы эле коз алдымда.Атам келди автобустан тушту ун май азык тулук кобурок алыптыр кол кабыш кылгыла балам деп кол жансады.Атоо атаке келдинби мага шым алып келдинби деп Умутбек шашкалактады.Атам ооба балам алдым деп акырын жылмайды.Уйго жеттик баарын жайгарып атам Жанарбек экообузго эки кара шым алыптыр.Умутбек магачы албадынбы кага мага деп бышактай баштады.Атам алдына отургузуп,уулум сен акылдуу баласын да эки байкен мектепке кийип барат,сен кийинки жылы барасын мектепке.Акчам жетпей калды кийинки базар куну сага да алып келем десе жок жо-ок деп карегине жаш тегеренди.Атам бир маалда сени да капа кылбаймын сага самолёт оюнчук сатып келдим мынакей деп жыгачтан жасалган кооз сомолётту берди.Умутбек болсо алып ыргытып таарынып ыйлап жатты.Атам оюнчукту алып урматтуу жургунчулор самолёт учууга камданып жатат апасы,атасы эжелери байкелери баары чыгып отурушту,айтмакчы учкуч айдоочу жок го ким айдайт самолётту десе Умутбек мен деп секирип туруп,самолётту которуп учуп сыртка жугуруп кетти.Баарыбыз каткырып кулуп отуруп калдык.Биз Жанарбек экообуз шымды кийип кузгуго каранып жатсак,Умутбек кирип келип байкееее мынча сооонун берчи мага кийип коройунчу деди.Мен жок болбойт сен тиги чан колун менен кир кыласын деп бербей койдум.Ачууланып чуркап келип колунун чанын суртуп салды,Ме сага кызганчак деп.Ачуум келип колдоруна чаап салдым ыйлап апама арызданып жатты.Апам ыйлаба балам сага мен озум сатып берем деп сооротту.Жашын суртуп мен сатып алганда сага бербейм деп тилин чыгарып тийише баштады.Кеч кирди жатарга тошок салынды.Умутбек мага келип байке,суранам мага бир жолу,бир эле жолу деп соомойун корсотуп коздорун балбылдатып шымынды кийигизчи эч жерин эч нерсе кылбаймын соз берем дейт бечара. Мен макул десем ураа рахмат байке сени жакшы кором,бирок бир шарт менен.Айт кандай шарт баарын аткарам дейт.Эртен мен шымды мектепке биринчи жолу кийип барам, келгенде берем киесин дедим.Макул деп суйунуп кучактады.Жаттык уйкуга кеттик.Бир оокумда байке убаданды унуткан жоксунбу эртен созсуз ээ деп тынчсызданат.Ооба эми укта деп уктадык.Тан да атты менден мурда ойгонуп,байке убада эстен чыккан жокпу,жок мектептен келейин созсуз дедим.Анда мен сени каалганын жанында кутуп турам деп ботинкамды алып келип сумкамды берип умуттуу коздору менен мени которунку маанайда мени узатты.Мектепте конулум куунак болуп,жаны шымды кийип баары суктанып,маанайым беш болуп журдум.Учунчу сабак журуп жаткан,директордун катчысы кирип келди.Саламатсынарбы баарыбыз алик алдык отургула балдар деп эжекебизге шыбырап чыгып кетти.Эжекем мени сага уруксат уйуно бара берсен болот кутуп жатышат экен деди.Дароо ойлодум Умутбегим мени кутуп тажап,атама арызданган го деп ойлодум.Макул азыр барып шымды кийгизейин деп жонодум.Жолдо бара жатсам биздин кочо тарапка элдин агымы чубалып баратканын байкадым.Бир аз эс тартып калган убагым Чон энем жанаша жашачу бир деме болгон го деп ойлодум.Уйго жакындаганда ачуу бакырык ый аралашкан апам менен атамдын ыйлаган унун уктум.Айылдагы трактор айдаган Акмат байке мени кечиргиле,кагылайын кечиргиле балан озу озу чуркап чыга калды оо кудай кечире коор деп ыйлап жатат.Коргон козумо ишенбейм Умут Умммутт умутууммм элен деп атам бооруна кысып ыйлап жатат.Козумдон кетти жаш чууруп,онгуроп ыйлайм иним деп апамды кошуна катындар колдон алып озуно келтиралбай жатыптыр.Мен окуном дагы,дагы деле окуном озумду кечире албайм эмне учун.Бир жолу шымды кийгизгенимде мындай болбойт эле деп.Самолетун учуруп ойноп жатып жолдун аркы бетине тушуп калса ала коемун деп тракторду байкабай калыптыр да курган Умутум.Атам болсо мен сени мазарга эмес,базарга алып барам деген элем го,ач калсан да шым алып берсем болмок экен уулум самолёт менен туболук кайтпас жайга учуп кеттинби кулунум деп озун омур бою куноолоп келет.Адамга ажал ар кандай келет тура,биз себепти озубуздон кыдырып озубузду жемелеп жашайт экенбиз.Адам учун конул деген эн назик жана кымбат,кишини олгондо эмес козу тируусундо сыйлайлы деген ойду айткым келди.Эгерде ушундай жакшы темада окуяларды окугунар келсе одноклассниктен сукеш Бияктан ЭЧ ЖАККА шилтеме берилбейт.. Өткөндө берген шилтемең... деп издесенер болот.Ал эми агай сизге терен ыраазчылык

    339
 
Магеллан (27.02.2020 : 13:51:17)
    Кош бол эми

    Нолдон баштап жашоону,
    Жети олчоп кескилеп.
    Нолго тушкон маанайым
    Алтыга чыгаар секиндеп.

    Беш эле шондо мунозун
    Жыйырмада болчу суротун.
    Жети жолу ойлонбой,
    Уч жолу сага уйлондум.

    Жетимишке чыгармын,
    Жети уктасам тушумдо.
    Жок дегенде омурдун,
    Жарымысын жашадым.

    Солкулдаган кезимде,
    Сойкудай эсим оодардын.
    Соолутуп эми турмушум,
    Соргоктоп мээни ачыттын.

    Жаш кездеги кыялым,
    Орундалбай баратат.
    Олку солку турлорун,
    Мени улам тажатат.

    Уч жолу сага уйлондум,
    Деген создун мазмуну.
    Уч ирет сени кечирип,
    Онолор деп жургомун.

    Секс деген ырахат,
    Билем бирок жыргатат.
    Актабасан умутту,
    Коток деле сулаят.

    Калган эми омурду,
    Озум сыйлап жашайын.
    Боктой сенин кыялын,
    Кечирип кой жубайым.

    Сенден башка аялдар,
    Сендей эми болбостур.
    Кошкун эми таарынба,
    Кошулайын башкага.

    Эки жолго тушойун,
    Эркин болуп журойун.
    Мезгил озу дарылар,
    Сенден жакшы табылар.

    Кечир мени кечиргин,
    Мага арнаган омурун.
    Сабак болсун озуно,
    Кош бол эми кетейин.



    338
 
Айтымбет (18.02.2020 : 08:35:03)
    Орозбек АЙТЫМБЕТОВ:
    Алмакан


    АҢГЕМЕ

    Кеч кирди. Алмакан эрте жатып эс алууну ойлоду, бирок уктай албасын сезди да, төшөнчүсүн салып болгондон кийин сыртка чыкты.

    Мемиреген коңур жаздын түнкү сүйкүм илеби жортту. Кер өзөндүн оң танабына жайгашкан бул чакан айылдын көчөлөрү зым карагайларга орнотулган Ильич шамынан улам жарык болуп турду. Алмакан короосунан чыгып, үйүнө эч ким келбесин жакшы билсе деле айылды как жарып өткөн чоң көчөнү акмалай берди. Тамдын түбүнө орнотулган узун орундуктун четине көчүк басып, ак балтырларын учкаштыра сунуп койду.

    Үй түбүндөгү канжыга арыкта бир жең суу кылыктана шылдырап агып жатты. Жаңыдан бүчүр жарган ак талдын бутагынан сүтак сайрап басылды.

    Салкын жел ойноп өткөн сайын Алмакандын атлас көйнөгү оштонуп, угулар-угулбас шуудурап, саамай чачтары ашкере чырайлуу жүзүн аймалай сеңселди. Адегенде ичиркенип, андан соң үшүй баштады. Ошентсе да ага кайыл болуп, бирөөлөрдү зарыгып күтүп жаткан адамдай орундуктан жылбады. Көчөнүн улам бир учун умсуна тиктеп, жанатан бери бир да адамдын өтпөгөнүнө кыжыры келгендей.

    Бир учурда орундуктан зорго туруп, көк дарбазанын каалгасын таарынган адамдай карс эттире булка жаап, оор илгичин илип баратып токтоло калды. Ал бир нерсе жөнүндө кыялдана кетти.

    Дарбазанын каалгасы бүгүн илинбей калдьк Алмакан аны мөңгү тараптан соккон желаргыдан ачылып кетпесин деген ниетте гана кызыл кирпич менен кайдыгер тиреп коюп, үйгө кирди.

    Келиштире салынган төрт бөлмөлүү заңгыраган үй жаңы буюм-теримдер менен болушунча аземделген. Мобу төркү үйдүн апай дубалына илинген персиянын калы килемин ал өткөн жылы Самарканга барганда кымбатына карабай сатып алган. Сатыбек экөө баш кошкон жылдарда белекке келген мебелдердин баарын мындан бир жума мурун бирөөнө кармата берип, ордуна жаңгак жыгачынан жасалган грек гарнитурун сатып алды… Айтор, бул аял эбегейсиз кайгысын ушу буюм-теримдерге айырбаштагысы, көр оокатка алаксып көкөй өрттөгөн арманын унуткусу келет. Бирок ал унуткусу гана келет… унута албайт…

    Мына Сатыбек менен айрылышканына төрт жылдын жүзү болду. Ал биринчи жана акыркы жан түнөгү бойдон кала берди. Бул мүшкүлгө Алмакандын көз жарбагандыгы себеп болду. Сатыбек экөө өмүр сүргөн он жылдын ичиндеги болгон күнөөсү да, өктөөсү да этегинен жалгабагандыгы… «Перзенттин айынан» Сатыбек Алмакандын ыраазычылыгын алды да, бир бойдок келинди ээрчип баса берди. Ошондо Алмакан ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп Сатыбегине «ак-көк» тилеп узатпады беле? Бармактайдан баш кошуп жыты сиңишип калган адамын кыя албай, кыйууга кудурети жетпей, ичинен кайгы менен кан өтүп, алсыз колун Сатыбегине умсуна сунуп, ээн үйдө жалгыз кала берген эле го?.. Ошондо Сатыбеги Алмаканын кучактап туруп жашып, аман-эсен болсо жыл айланып келип-кетип, ал-абалынан кабардар болууга, адамгерчиликтен таптакыр тайып, кол үзүп кетпей тургандыгына убада бербеди беле. Кана эми ошо убадасы?.. Андан бери төрт жыл өттү. Сатыбек кийинки зайыбынан бир уулдуу, бир кыздуу болду. Анын уул, кызына арнап алган Алмакандын белеги да эскирип бүттү…

    Сатыбек менен ажырашкан күндөн тартып Алмакандын жан базары жабылуу. Ал турмушка чыкпай бу дүйнөдөн так өтүүгө ант берген. «Турмуштан мага тийген энчи ушу болсо мунусуна тойдум» деп каргыш айткан. Ошо күндөн бери кайгы ичине бекинип келет. Ичим тап. Эч бир эркекке колтук ачпай, түнт. Айрым абройлуу, мартабалуу, менменсинген жигиттер бой салып, сөз жүгүртүп көрдү эле Алмакан жуутпай койгон. Ошо себептен, Алмакандын сулуулугуна көзү түшкөн эркек тананын баары батына албай, анын ооз чайкам сөзүнө куштар бойдон кала берген.

    Адеген эки жылы Сатыбекти кадимкидей жоктоп жүрдү. Уктаса түшүнөн, ойгонсо көз алдынан кетпеди. Ошондо Сатыбегин издеп чыгууга, аны таап, кара күчтүн чеңгелинен тартып алууга белсенип кетээр эле. Бирок бул оюн бийкечтик намысы, уят-сыйыт бийлеп алчу да, колу кыска бойдон кала берчү. Ошол жылдары өңүнөн азып, катуу жүдөп да кетти… Кийин Сатыбектин балалуу, анан кыздуу болушу Алмакандын үзүлбөгөн үмүтүн биротоло суута баштады. Анын үстүнө Сатыбектин кеткенинен бери кур да болсо бир кайрылып келип кетпегендиги арманын арттырып, кайгысына кайгы кошконсуду. Баласаак Сатыбектин эми туурга конбошу айдан ачык болсо да, кээде студент кездерин, турмуш менен өмүр бүчүр ачып гүлдөгөн сүйүүгө карк, өмүр орток жазды, тастарлуу келин чагындагы ырахатка маарыган өтөлгөлүү күндөрүн куса болуп эңсей берет. Бири-бирине жетине албай, айтарга сөз таппай, жылдыздуу түн жамынып экөө бирдей эргип ырдап турган учурларын сагынат. Сатыбегин да, өзүн да ошо кездегидей кайгы-капаны билбеген шок улан, жубардай ак кыз бойдон кала беришин көксөйт. Бирок бул көксөө гана…

    Алмакан бөлмөлөрүн кыдырып, ирээти менен жайгаштырылган эмеректерине максатсыз эле көз чаргытып чыкты да, акыры келип, калыңдап салынган төшөгүнүн аягына жүйүртө бөктү. Ошо маалда көчөнүн аягынан бакылдашкан эки-үч эркектин үнү чыкты. Кобур негедир Тилектин коңур үнүнө окшоп кетти. Алмакан кулак кагып, дымый түштү. Кыялында сайма көкүл үмүт кылактап, жүрөгү жарылып кетчүдөй түрсүлдөдү. Таңдайы кургап, чекесинен чыпылдап тер чыкты. Өңү да саал кубарып, манчаларын, анан бүт декесин майда калтырак басты. Тигилер жакындагандан жакындап, асфальтталган кыяванда шартылдай баскан дабыштары даана угулуп, анан үйдүн тушунан кажы-кужу этип, жогору жакка өтүп кетти…

    Жаш аял шагы сынган тейде ичинен тына күйүттүү улутунуп алды да, эрксизден туруп барып эшикти бекитип, жарыкты өчүрдү. Көйнөгүн шуудурата чечип, орундукка арта салып, төшөгүнө жата кетти. Жууркан жамынбады. Тезирээк уктап кетүүгө тырышты. Антсе да, уйкусу кача берди.

    …Аял канчалык мартабалуу, айыл-апага кадыр-барктуу, салабаттуу болсо да ышкызар көңүлү козуп, дене мастыгынан улам тутанган азоо сезимге алдыра баштады. Делебеси козголуп, денеси уюп, чыдамы кетип, эч нерсеге алымсынбаган соргок сезимдер акылын тумандатып, азоо тилектин туткунунда калды. Бара-бара ат үстүндө чыйралып бүткөн чымыр денеси коргошундай мөлтүлдөп эрип бараткансып көөлгүп, талыкшып, нымшып, ысып чыкты.

    Бөлмө канчалык караңгы болсо да аялдын нур өппөгөн ак денеси шайы жууркан үстүндө куунун канатындай агарып жатты. Көп өтпөй такымдары чымырап, дени дүүлүктү. Эми анын айласы кетип, мамык жууркандын серүүн туйгучун чоктой ысып чыккан кучагына алды.

    Уйкусу боюна тарап кетти.

    Аялдын төрт жылдан бери көрө жүргөн, өзүн-өзү кыйнаган, азаптуу түнү башталды…

    Ал эңсей берди. Жүрөгү лакылдап, колдору, буттары шалдайды. Каны кайнап, көңүлү албууттанып, ошо канда ысык кумар тула боюн толкутуп сүзүп жүрдү. Уктап кетүүгө тырышкан чылк жумулуу көздөрү умачтай ачылды. Эми оодарылып, керилип чоюлуп, ошенткен сайын денеси жер тартып, күйүп, кан тамырларында от ойноп турду. Ак балтырлары өзүнөн-өзү жазылып, сандары уюду. Кайрадан тамагы кургап, жүрөгү дикилдеди. Жаны азар таппай, аба жетпей аткансып энтиге-энтиге дем алды. Көөнүн: «Бир эле жолу мээнисем, ээ!..» деген тилек азгырып турду. Ал албан субандай зор эркектин карылуу колдорунун олдоксон кыймылын, таттуу шыбырын көксөп кетти. Ар кайсы тааныштар элестеди… Алардын бирөө суурулуп үйгө кирди… Мына ал…

    Аял өзүн унутуп, эбедени эзилди.

    Шалдайган оң колу жылып отуруп көөдөнүнө жетип, жыргал күсөгөн эмчектерин сыйпалады. Майда калтырак баскан назик манчалары улам бир эмчегин межип жатканын өзү да сезген жок. «Султаным!—деди аял кумарлана. —Маа тийбечи… Аячы…»

    Бутунун учунан төбөсүнө чейин дүүлүктү. Денеси алка-шалка түшүп тердеп, эңсөөсү ташкындап, үлбүрөгөн жумшак жуурканды уламдан-улам жапайы күч менен бооруна кыса берди. Колдору тоголоктошуп калган жуурканга чынжырдай оролду. Бир оокумда аялдын көздөрүнөн чаар чымын учуп, денеси балкып, «эркекти» өпкүлөй кетти…

    Кийин аял оор жүк көтөрүп, аябай чаалыккан немедей шалдырады. Эми «эркекти» ары жакка серпип таштап, төшөгүнүн үстүндө чачтары сапсайып, шопоюп олтурду.

    Убакттын өтүшү менен жаны кайрадан жер тартты.

    Аял төшөгүнө жана кыйшайды. Адегенде көмкөрөсүнөн түштү… Эч нерсени ойлобоого тырышты. Көздөрүн канчалык жумса да азоо сезим кан тамырларына кайрадан аралашып, денесин демдүү шараптай бийлей баштады. Ичи ийдиленип, үшкүрүгү күчөдү…

    Ак жаркын ургаачы ушу калыбынан жазбай көңүлү менен арбашып дагы кыйлага жатты.

    Азоо мастык бу дүйнөнүн аброюн каректен көчүрүп, аялдын тула боюн аймалап, кандарында ойноп, акырындап күч ала берди. Бир маалда башына «Ох-х… Кайда баягы боз көз бозойлору?» деген алакчы ой келди да, кайра анысын жанатан бери жашырынып карап турган белгисиз бирөөлөр билип койгонсуп, жүзү чымырап, өз оюнан өзү чочуп кетти. Жанын кыйнаган тиги сокур сезимди заматта өзүнөн оолактатып, аны жек көрүүсү күчөдү. Ийри жанып, шаабайы сууду. Ордунан шарт турду. Бөлмөнү жарык кылып, трюмонун жанына келди. Узун күзгүдөн тараз бойлуу жуураттай ак денеси толук көрүндү. Ана, эмчек тарткыч тагылган көкүрөгү чытырап, кымча бели буралып өзгөчө көрктүү. Толкунданган капкара чачы сол сагагындагы меңинен, кылкандай узун кирпиктеринен улам ажарланган дидарын дагы көркүнө чыгарып, мүрүнөн ылдый төгүлүп турат. Аял күзгүдөн жамгыр жууган жүзүмдөй кара көздөрү жанып, сагыныч уялап турганын көрдү…

    Ошо бойдон бурулуп, китеп текчесинин жанына келип, суурмасынан өтө көп каттарды алып чыкты. Бул — жыйырма беш жаштагы чабан жигиттин жаш аялдын өмүрүнө куюндай чаң салган ашыктык каттары эле. Четинен окуй баштады.. Бирде моймол каштары сүйкүмдүү чытылып, бирде жылмайып, бирде көздөрү жашылданып, бирде күйүттүү үшкүрүнүп, бирде жүзүнөн чексиз ыраазылык жана берди. Ал каттарды узакка окуду. Акыркы катты окугандан кийин ордунан турду да бөлмөнүн ичинде теңселе басты. Күтүлбөгөн жерден бүк түшүп, буулуга-буулуга ыйлады. Анан бөйрөгү бүлкүлдөп, шолоктогон калыбында шырдак үстүндө чачылып жаткан көп катка эмгектеп жетип, үйрүлүп, кээсин бооруна кысып, кээсин өпкүлөй кетти…

    Эшикти ачты.

    Ай чыгып, маңдайдагы үйдүн чатырынын кыйгачында сүт нурларын төгүп туруптур. Аялдын ак денеси тизесинен өөдө ай нуруна киринип, жаз баарына бөлөндү.

    Аял босогодон өтүп көкүрөгү, этеги тордолгон мала кызыл ич көйнөгүн кийди. Сыртты тыңшады. Аяр басып, дарбазанын жанына келип, дагы кулак какты. Анан, тиреп койгон кызыл кирпичти кылдат алып, эшикти дабыш чыгарбай ачып, баш бакты. Көчөнү акмалады. Анын көзүнө чалдыкканы — кошунанын үйүнүн далдоосундагы караандар болду. Ал дарбазанын эшигин кандай кылдыт ачса ошондой эле дабыш чыгарбай жаап, шашкалактап үйгө кирди. Көңүлү уйгу-туйгу. Көйнөгүн кийип, секин басып, дарбазанын эшигине кайра жетти. Сырттан жаш жигит менен кыздын жумшак күлкүсү чыкты. Алмакан эми гана эсине келип, «эшикти ачсамбы же ачпасамбы» деген тейде буйдала калды. Көпкө турду. Бир оокумда тигилерди көргүсү келди. Дарбазанын эшигин дагы аяр ачып, баш бакты.

    Шыңга бойлуу жигиттин ак көйнөгү урунду көзүнө. Жанындагысы кошунанын ортончу кызы… «Бу да чоңоюп калган экен, ээ?» деген ой кылт этти Алмакандын көңүлүнө. Негедир, ушу кыздын таалайына көз артып, ичи тарып кетти. Эки жаш бириге калып, узакка-узакка ысык өбүшүп жатты. Алмакандын каректеринде жаш тегеренди. Ал Сатыбегин эстеди. Бирок кандай эстесе көңүлү ошондой кара күйүндү тартып, сууп калды… Алмакан тигилерди дагы тирмее карады ле тиги жигитти Тилекке окшотуп алды. Кайрадан ичи тарыды. Башы айланып кетти. Жана карап, бул Тилек эмес экендигин көрдү. Эми дарбазанын эшигин алигидей эле дабыш чыгарбай жаап, оор илгичин илип, короонун ичинде ууру мышыктай илкип жүрдү.

    Ай көтөрүлө бергенде нуру өчүп, өзү тоголок кардай агарып, көк асманда илинип калды.

    Таң атты.

    Алмакан чай ичимиш болду да ишине жөнөдү. Түнкү азаптын бардыгы үйдө кала берди. Ошентсе да, аны абайлап караган адам уйкудан калган чарчаңкы көздөрүн, аза түшкөн иреңин оңой эле байкап коюшу этимал…

    Совхоздун башкы зоотехниги демейдегидей эле кеңсенин босогосун биринчи аттады. Кабинетине кирип, терезелерди ачып койду.

    Жалгыз үпүп, бирде зым карагайга, бирде байтеректин шагына коно калып сайрап жүрдү.

    Алмакан бардык бөлүмдөрдөгү зоотехниктерге телефон чалып, «апрель айынын отчётун бүгүндөн калбай берүүлөрүн» талап кылды. Гараж башчы менен байланышып, үч чабанды кашардан өөдө көчүрүүгө кире сурады. Экинчи бөлүмдөгү тууттун абалы жагдайындагы маалыматтан кабар алган соң райондук «ветлечебница» менен байланышып, кургак пенициллинге заказ берди. Ошонун арасында көптөн бери сыркоолоп райондо дарыланып жаткан башкы веттехниктин да абалын билүүгө үлгүрдү. Көп өтпөй кайсы бир бөлүмдүн чабаны зоотехнигинин үстүнөн арызданып келди. Өткөн айда складга өткөрүлгөн ирикти өз учурунда чыгаша кылбай койгондугуна нааразыланды. Аны териштирип, жайгаштырып болгон соң өзүнүн шоферун чакырып, «устаканадагы жасалып бүткөн ат такаларды ирик баккан чабандарга бүгүндөн калбай таратып берүүсүн» боюрду.

    Кеңседе жүргөн курулуш бригадирин таап, «жакын аранын ичинде кыркын пунктун ремонттоп, актап бүткөрүүсүн» өтүндү. Андан кийин чарбада курула турган жаңы типтеги кашарлардын долбоору менен таанышууга өттү. Телефон шыңгырады. Төртүнчү бөлүмдүн зоотехниги отчёт берүүгө даяр экендигин билдирди. Бирок Алмакан анын келишин күтө албай калды. Тал түштө ага бирөө энтеңдеп кирди: «Алмаш, көпүрөнү үйөр алган атат!»

    Кантордогунун баары түп көтөрө жөнөдү.

    Төмөнкү Босогого жакындаганда ле бири-бирине даң-дуң урунган келки муздардын дабышы эшитилди.

    Кышында үстү зыңкыя тоңгон дарыянын музу жаз наарына тайып, кээ жери жарылып, келкиленип, үстүнөн да, астынан да шыргалаң суу жайпап, мындан эки-үч күн мурда үйөр башталган.

    Көпүрө өзөндүн кууш тарта берген жеринде болучу. Эл келгенде анын алдына катмар-катмар муздар жыйылып, кептеле баштаган. Шыргалаң суу додо музду каптай агып, да бир аз убакыт өтсө ле өөдөтөн агып келаткан үйөр бу жердеги додого кошулуп, көпүрөнү алып кетмек экен.

    Эл көпүрөнүн деңгээлине көтөрүлө баштаган калың үйөрдү лом, күрөк менен чукулап, бирок андан такыр эле ылаажы болбой, кийин жөн эле баш аламан чуркап жүрдү.

    Алмакан үйөрдүн үрөй учурган шоошунан жүрөкзаада. Бу көпүрө аркы өйүздөгү малчылардын «өмүр жолу» болучу. Жем, чөп ушу көпүрө аркылуу ташылчу. Кокус, көпүрөнү үйөр алып кетсе, кой төлдөтүп аткан чабандардын башына каран түн түшмөк.

    Алмакан үйөр кулдураган өзөндү кооптоно карады да, ошол эле жерде айлалары куруп турган жоон топ активди, анын арасынан эмне кыларын, эмне дээрин билбей эси ооп турган ак чач директорду көрдү. Көрдү да, эңсеси кесилип, ичи эңшерилди. «Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр» дегендей, бу да бир азга селдее калды. Бир нерсеге кыжаалат боло кетти. Ошо тапта акылына ой коно калды бейм, башкы инженерге: «Сузгучу бар тракторлорду тезинен айдатып кел!» деп буюрду.

    Тай казандай чоң сузгучу бар үч «Беларусь» негедир кечигип келди. Ошо тапта, үйөр көпүрөнүн алдыңкы устунун сыйпалоого аз эле калган болучу.

    Көпүрөнүн кулагына жете берип, токтогон алдыңкы «Беларустагы» тракторчу кабинадан башын чыгарып: «Эмне кылайын?!» —- деп корс этти.

    Топтошуп турган активдер да, директор да Алмаканды карап калды.

    «Тросс барбы?»—Алмакандын болгон кеби ошол болду. Тракторчу жигит Алмаканды түшүнө албай, кайпактай калды ле, Алмакан ачуулана кетти. Пальтосун чечип, бирөөнө карматып, рулга өзү отурду. Берки эки тракторго өзүнүн тракторун тросс менен туташтырды да, арты менен көпүрөнүн үйөр додолонгон кулагын көздөй жылдыра баштады.

    Арткы чоң дөңгөлөк нуктун кырына жеткенде кол тормозду тартып, дөңгөлөк түбүнө таш койдурду да, үйөр додолонгон көпүрөнүн берки четин трактордун сузгучу менен урдура баштады.

    Тургандар ошондо гана келиндин оюн түшүнүп, жандана кетти.

    Тай казандай чоюн сузгуч үйөргө үч-төрт жолу күрс-күрс согулганда көпүрөнүн берки четиндеги үйөр ого бетер былчырап нары чөгүп, ошол чет тегиз жылып, көпүрөнүн алдынан ага кетти. Чоң шашкеден бери үйөргө тосулуп, жакшы акпай өзөндүн керденине көтөрүлө калган шыргалаң суу бир маалда үйөр жырылган жерден «шар-р!» эте түштү да, көпүрөнүн берки бурчунан ары жакка атырылып чыкты… Катмар-катмар жыйылган додо үйөр даң-дуң этип, сүрдүгүп, калган-катканы он мүнөткө жетпей көпүрөдөн ары агып кетти.

    Күмүш чач директор эми гана эсине келгенсип, тегерегин элеңдеп, бирөөнү издей калды. Ал учурда Алмакан көк пальтосун кийип, элдин аркы четинде, өөдөтөн калкып келаткан бирин-серин муздарды карап турган.

    Директор тургандарды аралап, башкы зоотехниктин жанына келди да: «Айланайын ай, ыракмат! Өмүрлүү бол!» — деп алкап жиберди. Кары киши жетине албай калса толкунданып кетет ко, карегине уялай калган мөлт тамчыны элге байкатпай ирмеп алды…

    Өөдөтөн жел болуп турган.

    Алмакандын гүлдүү жоолугунан булактаган саамай чачы нурдуу жүзүн өпкүлөй калып, ойноп атты.

    Элдин көзүнө ал өтө бийик жерге туруп алгансып сезилди. Алар бу жолу да аны таңдана, суктана карады. Ооба, ал бу жолу да баарынан бийик, баарынан аялуу болуучу…

    Кеңсеге келсе бардык бөлүмдөрдүн зоотехниктери отчётторун тактап «Алмакан эжени» күтүп олтурушкан экен…

    Ал ишке алаксып, өзүнүн ач карынын да, ушу тириликтеги күнүмдүк азабын да убактысынча унуткарып койду…

    Алмакан кеч киргендигин кеңседе өзү жалгыз калганда гана сезди. Иш менен алпуруша берип аябай чарчаган неме акыркы болуп босогону аттап чыгып кетти. Үй жагын карады. Баргысы келбей кеңсеге бир аз айланчыктап турду. Негедир, жетим козудай жалгызсырады. Батып бараткан күндүн кызыл шоолаларын кыйышпас досундай кусалуу тиктеди.

    Күн уясына жашынды.

    Алмакан өзүн зордоп үйүн көздөй жөнөдү.

    Ал дарбазанын эшигин ачты да алдыга бир кадам шилтеп, кайдыгер адамдай токтоло калды. «Капырай, бул эмне деген жадатма ээндик? Эмне, бул короодогу тирүү жандын баары жылас болгонбу? Бул эмне деген көкөйгө тийген тынчтык?!»

    Алмакан тура берди талып. Толтура кагаз салынган асынма күрөң папкеси ийнин талытып ийгенде гана илгери басты. Кулпуну ачып, папкени үйгө киргизди да сыртка чыкты. Бакчасын карады. Кээси куурап, кээси сууга чаңкап, бүрүшүп турган бечара дарактарын көрдү ал. Көкүрөгүндө аларды аёо сезими пайда болду. Ошо замат сарайдан күрөк алып чыгып, үй түбүндө өз бет алдынча шалдырап агып жаткан жеңдей сууну бакчасына бурду. Бул — дарактардын туптуура төрт жылдан кийин Алмакандын колунан суу ичип жатышы эле…

    Абаздуу түн кирди. Капчыгай тараптан адаттагыдай эле жазгы мелүүн жел жортту.

    Алмакан төшөктү күндөгүдөн эми кең салды. Эшиктер да илинбеген бойдон кала берди… Керели кечке тыным албаган чарчаңкы дене талыкшып, Алмакандын уйкусу келди, бирок уктай албады. Жаздыкка башы тиер менен денесинде адаттагыдай эле от ойной баштады… Азоо сезим үрккөн жайдак аттай өз билген жагына алып учуп жөнөдү. Эч бир адам баласы туруштук бере албаган жан кумарлыгы алоолой баштады. Демейдегидей эле эңсөөсү күчөдү…

    Мындай азап көкөйүнө көк талкандай тийген Алмакан төшөктөн тургусу келбей барып, башын коомай көтөрдү да ордунан козголду. Сыртка чыкты. Жанатан берки мелүүндүк эми салкын сыдырымга оой баштаптыр. Бирок Алмакандын аябай ысыган денесине бул желаргы сеп боло албады. Бакчасын аралап, арыкта агып жаткан бир жең суунун көлмө жерине кечип барып ак балтырларын, жумшак сандарын муздак суу менен чайыды.

    Бакчасынан чыгып тамдын түбүндөгү отун жарчу дөңгөчкө келип олтурду. Демейдегисиндей эле «төрөсөм ээ!» деген чексиз кусага батырчу ак маанай тилек бүт акылын бийлеп алды. «Эх, ымыркай жыты! Адамдарды наристе жыпарга чайыган, искеген сайын тула бойлорун балкытып, жашартып, көкүрөк черлерин тунук жыт менен тазартып, бүт пендени наристе кылып кайра жараткан дүйнөдөгү бирден бир эзик наар перзент жыты!..» Аял ымыркай жытын эми мурдагыдан да катуу күсөй, сагына кетти. «Чиркин, бир эле ымыркайы болсо, ээ! Бирөө ле… Үйрүлүп түшүп жыттаар эле! Жыттар эле! Күн, түн дебей жыттаар эле! Жыттагандан талбас эле! Керек болсо, ошо ымыркайы үчүн бүт баарынан кечмек. Баарынан… Бир гана ымыркайы болсо болду ле. Анда бу дүйнөдөгү эң… эң бактылуу жан болмок! Дүйнө капар ымыркайына кошулуп өзү да дүйнө капар пендеге айланмак. Ооба, ошентмек! Э, жараткан! Бирөө ле… Ушу мендей бечарага бирди да ыраа кыйбайсыңбы? Бирди…»

    Алмакан дөңгөчтөн кантип шыпырылып түшүп, тизелеп, эки колун асманга жайып, теңирден тилене баштаганын өзү да байкабай калды. «Бер! Айланайын, теңир! Мага ымыркай бер! Ымаркай… Куубаш атымды өчүр. Элге берген бирден бир ырыстан, кубанычтан мендей байкушту кур жалак калтыра көрбө…» Аялдын жүзүн ысык жаш жууду. Ал «байкуш» деген сөздү ачуу үшкүрүк аралаш өксөп, боздоп, бир чети өзүн аяп, сыздап туруп айтты. Алмакан ошол учурда чын эле адамдын боору ооруй тургандай карып көрүнүп кетти. «Бер! Мага бир эле ымыркай бер! Эгер анте албай турган болсоң ал мени. Менден эл көбөйбөйт да, азайбайт да. Тойдум ушундай өмүргө…» Көкөй өрттөгөн арманын биринчи жолу ачыкка салып, тагдырдан кайырчыдай тиленип турду аял. Ак дилинен жалбара тиленгендиктен аз жерден наалып кете жаздады. Ошондо гана эсине келип, чөгөлөп, асманга колдорун арбайта сунуп, сапсайып турганын сезди. Кийин колдорун түшүрүп, ошо тизелеген жеринде шылкыйып, кыйлага телмирди…

    Чыгыш тарап буурул тартты.

    Бир маалда, төрт жылдан берки опосуз тирчилигин, ушу кезге чейин өзүн-өзү сооротуп, алдап келген бапасыз турмушун жек көрө баштады. Бул — кайгы ичине бекинген аялдын көкүрөгүндө пайда болгон жакшылыктын алгачкы жышааны эле…

    Сан тоолордун ары жагынан ай көтөрүлдү.

    Алмакандын көз алдынан тээ секелек кыз кезинен берки өмүр чыйыры чубап өтүп жатты. «Ал өмүрүндө эмне жакшылык көрдү? Атасынан эртелеп ажырады. Апасы Алмакан институтка өткөн жылы кайтыш болду. Караан туткан жалгыз агасы үй-жайга, бала-чакасына карабастан ичип кетти. Окушту чоң кыйынчылык — жетишпестиктин чегинде жүрүп бүттү. Ооба, окуп жүргөндө Сатыбек менен таанышкан, махабат отуна чалдыккан, кийин ага турмушка чыккан. Сатыбек да ак сүйүүдөн кур кол эмес өңдөнгөн. Ал Алмакандын бар кубанычы — жалгыз жакшылыгы эле. Эми ал кубанычы кайда калды? Экөөнү бирдей элдиреткен ысык махабат кайда калды?.. Эмне, ал махабаттын ыдырап түшүшүнө али келбеген белгисиз ымыркай себеп болдубу? Же Сатыбектин айныган көңүлү себеп болдубу?»

    Ал телмирип калды.

    «Ооба, кезегинде экөөнүн арасындагы махабат өтө татты болгон. Бирок ага Сатыбек чыккынчылык кылды. Буга эми гана көзү жетип отурат. Баланы шылтоолоп, Алмакандын ак сүйүүсүн каакы ордуна да көрбөй баса берди. Экөөнүн ортосунда өткөн эң сонун күндөрдүн жаркын элесин орто жолго таштап кетти. Мына ошондой таш боор адамды ал эмнеге ле мынча үзүлүп түшүп эңсейт? Эч качан орду толбой турган ишке неге мынча чарпылат?»

    Келиндин жүрөгү сыздады.

    «Кызык, бала деп элдирейт. Бала жытын сагынат. Перзенттүү болсом дегенде эки көзү төрт. А бирок Алмакандын эмки кылыгы тамаша. Жаңы турмушту баштабай атып, тагдырын ымыркайдын булагына кошпой атып, эмне ле мынча элдирейт? Эмне, күлгө оонап балалуу болгон жүрөбү?..»

    Алмакан ачуу үшкүрүп алды.

    Жанараак калың булутка кирип кеткен ай бир топто барып жарк этти.

    Келин андан кийин да чиеленишкен суроолордун капшабында кыйла отурду. Кийин, Сатыбектен кеткен кемчиликке канчалык көзү жеткен сайын, андан көңүлү катуу калган тейде ордунан козголду.

    Асманды карады. «Аалам ушунчалык кең экен го?!» Көкүрөк кере, терең дем алды. Анан бир нерсеге белсенип, чечкиндүү тартты.

    Алдыдагы көрөлек күндөрүн катуу дегдегенин сезди…

    Бала дегенде ак эткенден так этип, наристеге болгон кусасы, сүйүүсү мурда болуп көрбөгөндөй ашып-ташыган ошо айлуу түнү ал өзүн-өзү бекерге кыйнап, кор тутуп келаткандыгын ачык түшүндү. Анткен сайын, үмүттүү кыялы балканактай бөбөк төрөп, калган өмүрүн асылдантчу жашай элек күндөрүн дегдеп, улуу кусалык бийлеп алды…

    Арадан канча өткөндүгү белгисиз, Алмакан үйгө кирди. Төшөгүнө кыйшайып олтуруп, бир учурда кирпиктери жабышып, телегейи тегиз кездегидей мемиреп уктап кетти.

    Ал чочуп ойгонгондо таң шоокум салып калган. Түшүндө Жылгындуу-Коодо көчкү жүрүп, Тилек ириктери менен кагын алдында калып атыптыр. Жүрөгү акылдап, шашып, кийине баштады. Табиятында ушу кезге чейин болбогон так кесер чечкиндүүлүк пайда болду. Жүзүн чайып болгон соң, шыдыр эле атканага бет алды. Ооба, эми аны кыялы чорт аба ырайы да, катаал жол да эч токтото алмак эмес эле. Бу өйдө-ылдый турмушта, бет алган жагына өз эрки, өз каалоосу менен өз алдынча ишенимдүү кадам коюусуна анын адамдык абийри, жүрөк чакырыгы, төрт жылдан берки актыгы демөөр берип турду. Ал бет алган жагына канчалык тайманбай тике баскан сайын анын жүрөгүн көптөн бери өйүп келген күдүк ойлордун баары эскирген жер тамдай урай берди.

    Көп өтпөй чабдар ат мунар тоолорду тепчиген жалгыз аяк жол менен кууш капчыгайга кирип, Жылгындуу-Коонун чыйырына түштү. Таң аппак атып, жерге жарык сүртүлдү.

    Алмакан бул айылдык эмес эле. Ошондон улам жергиликтүү эл — улуусу карындашы, кичүүсү эжеси катары тегиз урматташып, ыйбаа кылышчу. Анын үстүнө Сатыбек ажырашып кеткенден кийин, аялдын эбегейсиз кайгысын түшүнгөн эл Алмаканга өтө эле аяр болуп калган. Эч кимиси анын көңүлүн чөгөт кылган учуру болгон эмес. Жетекчилер да Алмаканды өз ишин беш колундай билген жөндөмдүү, чыйрак адис катары баалаша турган. Башкы зоотехник катары чарба жагдайындагы сунуштары жерде калбаган… Бирок Алмакан ушунча болуп тоого беймаксат аттанган эмес. Ал Жылгындуу-Коого эмне үчүн келе жаткандыгына да баамы жетпеди. Тек гана бастыра берди…

    Ак-Шыйрак тараптан жаңы күн ууз нур төктү. Жаздын булуттуу асманы миздүү чокуларга чаргып тийген күн нурун бирде жашыра калып, бирде кабат-кабат тоолорго тегиз тийгизип, бирде ала көлөкөлөтүп жатты. Борколдой кырка тоолорун жуушаган кара булут чулгап, берки тарам-тарам капчыгай, жылгалары тумандан суурулуп чыккан качкындай, сайды башына көтөрүп долуланган Нарын дарыясына эңиштегенсийт.

    Тилек «Жылгындуу-Коонун» капчыгайында жок болуп чыкты.

    Алмакан эми төтө жолго салды. Кай жери моюлдуу, кай жери арчалу тик бет менен, ат жалынан бек тутуп, ээрге өбөктөп, чабдардын басыгына коюп өр талашты. Азоо чабдар көптөн бери минилбесе да тез эле кышылдап, булчуң эттеринен көбүк тер чыгып, өр таянып бир топ жүргөндөн кийин шыйрактары диртилдеп, үстүндөгү ээсин көтөрө албай кошо кулап кетчүдөй кең соорусу чайпала түшүп оңолуп, басыгын улантпай, кулагын тикчийтип, акактап дем алып, титиреп туруп калды. Алмакан аттан түшө калмакчы болду эле, чабдар чалкасынан кетчүдөй калтаңдай түштү. Алмакан чабдардын шилисин кош колдоп ныгырып, катты да калды. Төмөн жакка көз кыйыгын жиберди эле көңүлү айнып, башы тегеренип, үрөйү учту. Өтө тик бетке кептелгенин ошондо билди. Аттан кадимкидей үзөңгү тээп түшүүгө мүмкүн эмес эле. Ал буттарын үзөңгүдөн кылдат чыгарып болгондон кийин аттын шилисин дагы бекем басып, денесин ат жалына өбөктөтүп барып, оң колун төмөн сунуп, жер менен жер болуп жайылып өскөн арчаны тутамдап, мойнунан шыпырылып түштү. Эми аттын денесинин кызуусу кайта электе тээ сурданган заңгел зооканын бери жагындагы бийик кайкыны көздөп тик кыялады. Алдан тая чарчаган ат адегенде жетекке түзүк баса албай барып, ыкка көндү.

    Алмакан кайкыга чыкканда жалган түш болуп калган эле. Ич кийими терге чыланып, саамайы касаба мөңгүдөн соккон сыркаар желге таралып, демигип турду. Жашаңдын нымкыл жыты аңкыды. Чокусу асман тиреген Жар-Көчкүгө көз чаптырды…

    Алмакандын божомолу анык болуп чыкты. Дал ошо күмүш шөкүлө Жар-Көчкүнүн этегиндеги жайыкта бир короо ирик чачыла жайылып, жалгыз караан ага ээ боло албай, жөө тозмолоп, ары-бери чуркап жүргөнү көрүндү.

    Алмакан аттанып, чабдарга камчы үйүрдү. Ат адегенде кайкыдагы чыйырда ала качымыш болгону менен тез эле текирең-таскакка түшүп, кийин чоркок арыш менен желип калды.

    Атчан караан көк кууп, туш келди оттоп, ээ бербей жайылган калың ирикке чак түштө жетти. Ириктер Жар-Көчкүнүн сол ыптасындагы тайпаңда Тилекке ээ бербей, көктөмдүн ийненин учундай кылтыйган бетегелерин качырып оттоп, быягын тоссо тыягы алдыга өтө чаап, төргө жутунуп кирип бараткан экен.

    Экөө амандашууга да чактысы келбеди. Ириктердин алдын ташка алып, чыгыш тараптагы күнөстүү бетке кайыра башташты. Жазгы көтөрүм мезгили болсо да эттүү ириктер баш берчүдөй эмес. Тиги экөөнүн арасынан жылчык таап жарып өтмөкчү болду эле ыргытылган таштардан жазганып, аргасыз артка кайрылып, топтоло түшүп, келген тарабына кайра жайылып, шүдүңдөп жөнөштү.

    Ириктер күнөстүү капталдын этегине түш оогондо гана жетти, Дал ошо күнөстүү капталдын кыя жолунда ташыркап жүрбөй калган Тилектин боз аты чылбырын үзө басып оттоп жүрдү. Алмакан менен Тилек ириктердин артын капталдын этегине сүрө келгенде самсаалаган кара булуттар чулгап турган Борколдойдун кабышкан тоолору тараптан чагылган адегенде кыска «дүр-р!» этип басылып, анан кара булуттардын тыяк-быягы от алыша келип, улуу тоолор бири-бири менен кагыша кеткендей ачуу, үрөй учурган добуш чыкты. Бул — бьшылкы жазда күндүн алгач күркүрөшү эле…

    Жетимдин тоолору бул добуш менен үн алыша кеткенсиди. Ак кар баскан Жар-Көчкүнүн сол ыптасы тээ баш жагынан ыдырап «ы-ы-у-у!» деген коркунучтуу, узун шоош чыгарып, анан бүт каптал этекти көздөй «күү-ү!» дей түштү. Чоң-чоң таштарды кошо алган суу кардын алгачкы ирдүү түрмөгү алиги ириктерди кайырган тайпаңга келип урунганда жер силкине түштү. Эми Жар-Көчкүнүн оң жаккы көлөкө ыптасындагы калың оор кар да «кша-а-а!» эте сүрдүккөн дабыш чыгарып, төмөн шыпырылып, түрмөктөлүп келип, этектеги коргулга согулду. Эми жер алигиден да катуу солк этти. Жанатан бери ушуну гана күтүп тургансып, анын түштүк жагындагы Жылгындуу-Коонун кууш капчыгайынан да бир топ майда көчкү жүрүп өттү. Табияттын калайман уу-дуусунан улам үйрүлө калган ириктер капталга топ-топ болуп ыгып, үркүп качууга даяр турду…

    Алмакан башындагы кызыл гүлдүү кара жоолугун алып, терин арчыды. Чукул жерде турган Тилекти карады. Анын өсүп кеткен чачтары кулагын бир аз жаап, өңү жазгы күндүн наарына карайып, эриндери кеберсип, жүдөгөн кебетеси бар. Бирок көздөрү урунуша түштү эле… сагыныч тамган карагат көздөрү алгырланып, күлүңдөп, Алмаканды үзө тиктеп туруптур… Көптөн бери ушу нияз жигиттин эркине, айтканынан кайтпаган мүнөзүнө суктанып да, тен берип да, илеписи түшүп да жүрчү Алмакан жигиттин устаранын илебиндей жылтылдаган өткүр көздөрүнө тике кароого алсыз эле.

    Ал секелек кызча дирилдеп, дел болуп, үнү муунагып, жүзү албырып, же коркунучту, же кубанычты сезгени белгисиз, аза бою калчылдап чыкты. Айланасын карамакчы болду ле көзү ала чакмактап, эч нерсе көрүнбөдү… Татынакай Алмакан эч каршылык кыла албады, каршылык кылууга кудурети да, ою да жок эле… Аны жаш жигит имере тартып, сыга-сыга кучактап, кардай ак алкымына жалындаган ысык эриндерин батырды…

    Алмакан бул ийигиши менен өзүнүн эмки тагдырын ушу жигитке биротоло ыйгарып, тумчуккан сезимин, жабыккан көңүлүн Тилектин алоолонгон ууз махабаты менен жууп, куунар бакыт эңсеген соңку өмүр кызыгын арзуусуна толгон ушул адыл адамдын карамагына биротоло калтырып жаткан эле.

    Борколдойдун арсак чокулары эми кара булуттарды айырып, сыртка чыгыптыр. Айлана эч нерсе туйбагандай мемирейт. Ээндик. Жар-Көчкү ак чепкенин бир заматта силкип таштап, үстүнөн кара буу чыгып, көөлгүп калды. Кайсы бир беттен акыркы көчкү жүрүп басылды. Айлана дүлөй тынчтыкка тунду… Ташыркаган боз ат менен чабдар моюндашып, жумшак кажышып, чачырай жайылган ириктердин четинде турду.

    — Отуңа күйдүм го! — Эңгилчек баскан жолум таштын далдаасынан набаттуу аялдын жан кумарлыгына эриген үнү чыкты…

    1975
    Кызыктуу аңгемелер -
    окуп койгула..



    337
 
Доктор Хаус (17.02.2020 : 08:15:30)
    Политех тарапта гостинде жолуккан кыз тел номеринди берип койчу, жоготуп алдым. Эсинде болсом керек.

    336
 
Ваграм Вазян (02.02.2020 : 10:45:02)
    Убегая от судьбы, ты не скроешь свои глаза.
    Там когда были мы, а теперь шумит зима...
    Убегая от себя! Ты идешь в глухую даль!
    А я целуя другую, вспоминаю твои глаза!
    Убегая от себя! Ты идешь в глухую даль!
    А я, целуя другую, вспоминаю твои глаза!

    Вместе с дымом сигарет, сгорает моя душа...
    Тебя когда-то вновь полюбят, но ты знай, ни так, как я...
    Кто сказал что время лечит. И где лекарство от этой болии.
    Холод мне тихо шепчет:не заживет, рана твоя.
    А кто сказал что время лечит.И где лекарство от этой боли.
    Только холод мне тихоо шепчет не заживет рана твоя...

    И когда-то через годы, встречу я твои глаза...
    Улыбнусь скажу я здравствуй... и утихнет боль моя.
    Но никогда ты не узнаешь, что это значит жить без тебя!
    Я тебе желаю счастья...ты любовь и боль моя...
    Но никогда ты не узнаешь, что это значит жить без тебя,
    Я тебе желаю счастья... ты любовь и боль моя...

    Но никогда ты не узнаешь, что это значит жить без тебя,
    Я тебе желаю счастья...ты любовь и боль моя...
    Но никогда ты не узнаешь, что это значит жить без тебя,
    Я тебе желаю счастья... ты любовь и боль моя.

    335
 
Алинур (01.02.2020 : 10:17:10)
    Унуттуңбу мени жаным көзгө илбей,
    Же жеттиңби максатыңа мени издебей.
    Мейли жаным мен сага капа эмесмин,
    Жок дегенде жазып койсоң жинге тийбей

    334
 
Тедди (28.01.2020 : 23:48:10)
    Өткөндү эстеп!
    Эшикте аппак кар жаап басылды,
    Эзилип жүрөктөр, оюм чачылды.
    Ээрчишкен сүйүшкөнгө тигилип,
    Эчак өткөн күндөрүмдү сагындым.
    ***
    Өтүптүр башымдан жакшы күндөр,
    Өкүнткөн жаштыгым айлуу түндөр.
    Өбүшүп ай шооласын жамынып,
    Өзүңө бергем, кучак толгон гүлдөр.
    ***
    Кетким келет Москваны калтырып,
    Куса болом Мекенимди сагынып.
    Кайгырам ичиме толуп бугум,
    Көңүлүм калат го бүгүн багынып.
    ***
    Оокатын айынан бүгүн темселеп,
    Оор үшкүрүп, өзүмдү мен жемелеп.
    Орустардын чөлкөмүндө жүрөмүн,
    Ойсоңдоп ырыскымды термелеп.
    ***
    Окудум Жогорку окуу жайларында,
    Окумуштуу болуу менин максатымда.
    Ойлогон ойлор, ишке ашпадыда,
    Окуудан кызыл диплом алсамда.
    ***
    Студенттик кезимде, мен кыз сүйдүм,
    Сүйүүнүн жалындаган отуна күйдүм.
    Сезимдерди жамынып алып барып,
    Сездирбей көзүмдөн жашым тамып.






    333
 
Aйгуль (27.01.2020 : 18:23:12)
    Өткөн күн,өткөөлдөрдө калган эчак,
    Өзүң салган,тузактан качкам узап.
    Өмүрүмдүн,жартысында калсаң дагы,
    Өкүнүчтө,кала берем жайып кучак.

    Жүрөгүмдү,оорутуп кете бердиң,
    Жылуулукту,көңүлүмдөн үзүп кеттиң.
    Жылдар өтүп,коштошуп кол үзсөм да,
    Жолуң карап,күтүүдө бүгүлбөдүм.

    Жан дуйнөм,сагынып кыйналса да,
    Жүзүмө,көз жаштарым чайылса да,
    а,бирок,кайрылууга жолдор туюк,
    Жүз ирет,сени көздөй агылсам да.

    332
 
Страницы:  1  2  3  ... 35

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2