Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  ... 17
1 (08.02.2020 : 21:53:50)
    Айнаш ЖАПАР
    Чиновник менен 41 түн


    1-бөлүм
    Студент күндөрүмдө 4-5 жигит менен сүйлөштүм. Эми ойлосом эптеп убакыт өткөрүү гана болуптур. Алардын кээ бирлеринин атын азыр унутуп деле калдым. Университетти да тырышып атып кызыл диплом менен бүттүм. Университетти бүткөнчө апам мага пенсиясын жөнөтүп атып акча жагынан көп деле кыйналган жокмун.
    Баары мен гезитке кирип иштегенден башталды. Шаарда курбу кыздарым менен биригип 2 бөлмөлүү батирде турчубуз. Алар да иштешет. Эртең менен баарыбыз ишке кетебиз, кечинде чогулуп калабыз. Журналист дегениң курусун, БОМЖ менен да, сойку менен да, саясатчы, доктур деги койчу түрлүү кесиптин ээлери менен баарлашып алардан кызыктуу маек алып келишиң керек. Антпесең, ачка отурасың.
    Мына ошол журналистикада иштеп жүргөн күндөрүмдө бир чоң махабатка тушугуп, ал адам менен өткөргөн ар бир керемет түнүмдү күндөлүгүмө түшүрүп алган элем. Ошол күндөлүгүмдөгү учурларды окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрүп бул китепти жазууга туура келди. Албетте, бул китепти окуп алып мени сөккөндөр толтура болот. Бирок, менин сүйүүмдүн оту мен өлгөндө кошо өлөт. Жашоодо ар түрлүү адамдар кезигет эмеспи. Мага окшогон сасыткылар да толтура. Алар мени туура түшүнүп окушса керек.
    Сөзүмдү гезитке келген күнгө бурсам. Редакцияга келген күндөн тарта мага оор материалдарды берип жатып, журналистикага бат көнүүмө жакшы өбөлгө болду окшойт. Келээрим менен кайырчылар менен достошууга туура келди. Себеби, алардын тагдыры оор болуп окурмандар ошол тагдыр үчүн гезит алышат. Бара-бара өзүмдү карап, сулуу боло албасам да сүйкүмдүү болуп алдым. Кийин ырчылар менен баарлашып анан саясатчылар менен сүйлөшүүгө жетиштим. Боюм узун, арыкчырай болгондуктан саясатчылар мага көп тийишип калышаар эле. Алардын кээ бирлери интервью гезитке чыккандан кийин кафеге чакырып ыраазычылыгын билдиришчү.
    Күндөрдүн биринде шеф Кыргызстандын үлкөн саясатчыларынын бири Тынайбек Абдыбековичтен интервью ал деп калды. Чынын айтсам ал кишинин бир көз карашы эле жерге киргизип коет, ошончолук сүрдүү киши. Макул деп коюп, ал кишиге суроо берип жатканда жанагындай көз карашы менен карап салса аптыгып келмемди таппай калбасам экен, – деп коем. Кудай жалгап бир журналисттен анын телефон номерин сурасам жардамчысынын номерин берди. Жардамчысына телефон чалып Тынайбек мырзадан интервью алайын дедим эле десем, – Ал киши интернет менен эле байланышат, ушул дарекке суроолорду жөнөт, – деп калды. Суроолорумду жөнөтүп, коюп 2 күн күттүм.
    Тынайбек мырза мага 3 күндө жооп берип, интервьюсу гезитке чыкты. Андан кийинки 31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык санды чыгарып редакцияда отурганбыз. Түнкү саат ондон өтүп калса керек эле. Агентте ар ким менен жазышып отурсам, Тынайбек Абдыбековичтин агенти да күйүп калды:
    – Саламатсызбы Тынайбек Абдыбекович! Өткөндөгү интервью чыккан эле, жардамчынызга айткан болчумун. Окудуңузбу?
    – Окудум, рахмат, майрамга карата жолугабыз да?..
    – Кудай буюрса. Эс албай иштеп отурасызбы дагы деле?
    – Ооба, эртеңки мероприятиялар боюнча отурам. Келе жаткан майрамың менен!
    – Рахмат! Сизди да куттуктайм! Майрамдык маанайыңыз жакшыбы?
    – Жакшы эле, бирок түйшүк көп болуп жатат.
    – Менден эмне жардам керек? Айтыңыз, жардам берейин?
    – Тавай, только не знаю как?..
    – Мээңиз абдан чарчаса керек, анекдот айтып берейин?
    – Анекдот болот, угам ат души эле...
    – Сиз точно Тынайбек байкесизби же ал байке кеткенде компун мине калдыңызбы?
    – Самневайся болуп жатасыңбы? Как доказать?..
    – Конечно сомневаюсь, приколдор менен сүйлөп атсаңыз таптакыр эле таң калып атам да.
    – Аа десең, эми эмне кылайын деги, кантип далилдейм билбейм да.
    – Мага телефон чалыңыз, үнүңүздү угам анан ишенем!
    – Чуть позже, азыр над текстом сижу, надо успеть просмотреть, макулбу, кайсы телефонго?
    – 0777423ххх
    – Жакшы, чалам...А ты почему так поздно, же эртең гезит чыгабы?
    – Азыр чыгып атат.
    – Канчага чейин чалсам болот, үйдөн таяк жеп жүрбө (тамаша)?
    – Чала бериңиз каалаган убакта. Просто мен ишенгим келип атат аябай, эркелеген кыз экен деп капа болбоңуз.
    – Макул, бошоп калганда чалам. А атың эмнеге Айымжан? Ким койду эле?
    – Чоң энем да, тамашалап коюп салыптыр.
    – Жакшы эле, бирок өзүңө кандай жарашат билбейм...
    – Ошо да, өзүм узунмун, анан атым Айымжан. Мага деле жакпайт. Эмне кылам анан баарыле Айымжан деп атышса. Сиз менин атымды толугун окуган эмес белениз интервьюнуздун астынан?
    – Окугам, кыргызча жакшы эле ат. Боюң узун болгондо канча метр?
    – 170 см така менен175ке барам го.
    – Оуу, жаныңа бассак кыбырап эле калат турбайлыбы...
    – Ой господи! 150смдай болбоңузчу. Боюмун айынан өзүмдү и так деле жаман сезе берем.
    – Мен 175 болом го, по крайней мере жаш кезде ошондой болучу. Айымжан жакшы ат, Айка деп эркелетсе да болот берет да?
    – Сиз ошентип эркелетиңиз.
    – Уруксаат болсо мейли, Айка. Айка дейин анда?
    – Уруксаат берем, албетте.
    – Текстиңизди оңдоп бүттүңүзбү же мен шайтанкадай болуп алаксытып атамбы сизди?
    – Жарыш иштеп жатам, компто, анекдотту унутуп калдыңбы, же анан телефондон айтып бересиңби?
    – Бир абышка базарга барып, кемпирин жоготуп жиберет. Кемпирин издеп жүрүп, келинчегин жоготуп жиберген жигитке жолугуп калат. Жигит: – Эми кайдан табабыз? Жүрүңүз, радио түйүнгө барып параметрлерин айтып издештирели. Кемпириңиздин кебете-кешпири кандай эле? – Кебете-кешпири дейсиңби? Эми кемпир да. Анын эмнесин сүрөттөмөк элем?- Мисалы, менин аялым ак жумал, бою узун, сулуу болчу.- А меники бети-башы бырыш-тырыш, чачына ак кирген. Меникин тим коюп, андан көрө сеникин издейличи,- дептир абышка.
    – Абышкага не жок, бирдеме артат деп үмүт кылып жатат го байкуш...
    – Эт жебесе да шорпо ичкиси келди да.
    – Тынай байке, чарчабай иштеңиз, мен үйгө кеттим.
    – Жок, почтаны карап, жазгандарга жооп берейин деп отургам, өзүң иштеп жатасыңбы?
    – Иштеп бүттүм, эми мен да почтамды текшерейин деп аткам.
    – У меня дурная привычка всем отвечать, многие знакомые просто по почте пишут и получают ответ, такое вот виртуальное общение...
    – Мен эле тентектик кылып агентиңизге жазат турбаймынбы анда ээ?
    – Я рад, честно сказать ты понравилась, жаш болсом наверно влюбился бы (тамаша), Думаю что у тебя характер хороший... Журналистика жагабы? Почему не стала тележурналисткой, а пошла в газету?
    – Негизи журналист болом деп тапшырган эмесмин. Бир подругам ыр жазчу, журналистикага абдан кызыгаар эле. Анан айылдан жаңы келдик. шаарды билбейбиз, бул жакта университеттерди кыдырып жүрүп бир Жусуп Баласагынга келдик. Анан ал жакта Журналистика бар экен. Асел сен да мени менен тапшырчы деп болбой туруп алды. Мен көп деле көңүлдөнгөн жокмун. Болбой атып мени да тапшыртып салды. 3 экзамен болду үчөөнөн өттүм, курбум болсо өтпөй калды.
    – Мне так кажется, что я начал ухаживать за тобой... Тебе не кажется?
    – А мен унутуп да калдым. Как ухаживают джигиты? Ну если вы так считаете то по вашему да.
    – С удовольствием буду ухаживать...Только мен деле унутуп калдым да кантип кылыш керек экенин...
    – Но вы же пишете об этом что за мной уже начали ухаживать.
    – Да, пишу же "кажется" деп... Эстей баштадым да, валнавайс болуп, муундарым титиреп дегендей... Ишенбейсиңби... Ошондой болуп жатпайымбы...
    – Кантип ишенем?
    – Ты не против Айка? Ат душа эле аракет кылайын да...
    – Өзүңүз терең ойлонуп, кабыргаларыңыз менен кеңешип көрүңүз...
    Агент менен отуруп ар нерсени жазышып отуруп үйгө түнкү он экиде келдим. Уктап калыптырмын, турсам түнкү саат бирде Тынайдан "Бүгүн кеч болуп калды, эртең сүйлөшөлү", – деген СМС келиптир. Андан ары уйкуга кеттим.
    Эртең менен жумушка келип компьютеримди күйгүзүп, ошол замат агентти ачтым. Тынайдан билдирүү келиптир:
    – Кабыргаларым менен кеңештим уже, тавай дейт кабыргалар, полный вперед дешти... Азыр жумушта эмне менен алек болуп отурасың?
    – Иштеп жатам, жумуштагы бир байке өлө жинге тийип жүрөт. Азыр да маанайымды түшүрүп кетти.
    – Бир нерсе каалап аткандайбы не?
    – Билбейм.
    – Бардык эркектер ошондойбуз, ага таарынбай деле койсоң болот. Татынакай бийкечти көргөндө баарын унутуп калмайыбыз бар да, гормондор ойноп.
    – Баса, сиз менин түшүмө кирдиңиз.


    17
 
Страницы:  1  2  3  ... 17

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2