Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Жазылгандын баары - Жанызактын менчиги.
Макул десең гана - маалымат кош

Атың:   Шаарың:


B RB
▼Эми Чыр деп жаз▼▼

 
Страницы:  1  2  3  ... 46
1-бөлүм (10.01.2020 : 17:35:49)
    Чолпонбек АБЫКЕЕВ
    Бриллиант жылан
    Биринчи бөлүм (Биринчи китеп)


    Табынуу
    (Баш сөз ордуна)
    Ушинтип көптөн күткөн күн келип, алгачкы көлөмдүү чыгармам “Бриллиант жыландын” үчүнчү бөлүмүн жыйынтыктап жазып бүтүп, биринчи, экинчисин кошуп үчөөнү бириктирип бир китеп кылып бастырууга даярдап, “Эрдик кылсаң сүрө кыл” деп кагылайын кыргызым айткандай тандалган новелларымды да өзүнчө чакан жыйнак чыгарууну көксөп турганымда эки жыйнакка алгы сөз жазуу озуйпасы түйшөлттү.
    Жан дүйнөң толгонуп, бир чыйралып, бир жазылып турганда адам эмнени гана ойлобойт. Төгүлүп, толкуп, эргип, эзилип, тумчугуп, буюгуп, камалып, кайгырып, кубанып, чыгарманы жаратканың бир тең да, мөгдүп, чөгүп, өжөрлөнүп, өрөпкүп, кезерип, кейип, тобокел - деп чыгармаңды басмадан бастырып окурманга тартуулашың бир тең. Кантели, маңдайга жазылганы ушул экен. Бизди тагдыр ушундай мезгилге туштуктуруптур.
    Көзүмдү тааныгандар жолуккан жерден ала албай жүргөн карызы барча (жүрөктү кубантып) “Китебиң качан чыгат?” дешип маселени кабыргасынан койгондору эске түштү. “Эртерээк чыгарып алсаң экен” деп мени менен кошо улутунган досторум эске түштү. Мыйыгынан жылмайып кер какшыгын узаткандар эске түштү.
    Ушунун баарын бууракандап жазып бугумду чыгарып алсамбы дедим. Өмүрбаянымды терип- тепчип, досторду алкап, көрө албастардын көзүнө топурак чачып- дегеним. Пенделик оору да. Утурумдукка жетелеп астыңды тороп турат. Жашоодо адамдар ансыз да”тузду” көп ичебиз. Жан дүйнөмдү тынчтандырып,колду сыртына шилтедим. Тээ алгач биринчи жыйнагым чыккандагы алгы сөзгө жазганым эске түштү. “Бир гана жыргалчылыгым бар. Ал эне тилимде чыгарма жазуу” - дегем. Айтпасаң коё кал десең. Жан дүйнөң сызылып, чучугуңдан бери бүлкүлдөп эне тилиңде “ак жамгыр болуп төгүлүп, ак булут болуп сөгүлүп” чыгарма жараткандан артык чыгармачыл адамга ырахат барбы а-а. Башка дүйнөң бир тең го. Ошондуктан айтып калам, жашоо рахатын байлыктан издебегиле, бийликтен издебегиле, көктөн издебегиле, жерден издебегиле, жүрөгүңөрдөн издегиле пенделерим - деп. Адам баласы көрпенделиктин мажирөө алкагында көп кылымдардан бери адашып чыга албай келатабыз.
    Ушу бүгүн мен дагы бөжүрөп маңызданбайынчы дедим. Маселе “ойду-тоонун” баарын терип-тепчип кеп кылышта деле болбосо керек. Ошондуктан оңумдан толгонуп Эки китепке айтарым бир ооз кеп.
    Окурмандарымдын кадырына сунган чыгармаларым эне тилиме бүдүрдөй кызмат өтөп, окуган адамдын жүрөгүнө таруудай из калтырабы деген дүпөйүл санаа көкүрөктү өйүп турат. Так ушу үчүн Теңирге чөгөлөп, калем касиетине чөгөлөп, Эне Тилимдин кылымдан кылым карыткан кутуна чөгөлөп табынып турам. Чыгарма колдон учту. Калган бактысын бир улуу Теңир, бир окурмандарым чечет.
    Чолпонбек

    1-бөлүм
    Узундугу 37 см., жоондугу 7 см. келген жыланды өтө баалуу изумруд, бриллиант таштарды алтынга чөгөрүп, өзөгүн түзгөн алтын чынжырга байлаштырып, бир эле ташына колуң тийсе тирүүчө койкоңдой баш көтөрө калып, оозу ачылып алтын тили соймоңдосо, мунун өлүү экенине ишенген адамдын да жүрөгүн “солк” дедиргендей чеберчилик менен кайсыл кылымда, кандай уста жасаганы эч кимге белгисиз.
    Үстү көгүш- каралжын, оозунун тегереги саргыч, көзү кызыл бриллианттан, төбөсүндө көк бриллиант алтын таажы, боору ак түстөгү изумруд, акак таштардан, куйругунун учу чулу келип тоголок бармак сымал кара бриллианттан турат. Бир оролуп келип башын куйругуна жаздап жатса кадимки тирүү жыландын өзү. Мунун баалуу экенин мындан бил, чакан караңгы бөлмөнү өзү шамча жарык кылууга жарайт.
    Бриллиант жыландын чыныгы баасын эч ким билбейт. Балким бир эле ташы бир нече миллион доллар турушу мүмкүн. Оозунан алтын тили чыкканда кармап тартса, ичинен алтын чынжырга байланган узундугу 7 см. алтын ачкыч чыгат. Бул эмненин ачкычы? Татаал түйүн ушул жерде жатат.
    Кылымдан кылым карытып, колдон-колго өтүп келатса да жылан эч убакта анын бир асыл ташын чыгарып алып, сатып акчага айландыргысы келгендердин колуна тийген эмес. Жыланды кармагандар жалаң акча, байлык тартыштыгы эмне экенин билбеген дүнүйөсү эсепсиз байлар болгон. Ошондуктан жыландын кыпындай түсү өзгөрбөй, кемибей, мамыкка оролуп катылып келатат. Жыланга ээ болгондордун баары анын ичине каткан ачкычтын сырын чечкиси келишет. Ушунчалык баасы эсепсиз “кынга” салынган ачкыч ачуучу кулпу кимди кызыктырбайт дейсиң.
    Жылан канчалаган өмүрлөрдү сорду. Канчалаган баштар учуп, бейкүнөө кандар төгүлдү, эч ким эсебин чыгарып айтып бере албайт.
    Жыланды колуна кармап көрүп катып алып жүргөн адамдар саналуу гана болгону менен өмүрү жыланды көрбөй, кандай экенин билбей туруп сыртынан тон бычып, жыланга жетиш үчүн кан төгүшкөндөр канча. Бул канкор качанка чейин дагы жан сормолугун уланта бермекчи?
    Жогоруда айткандай жыланды колуна кармагандар байлыгынын эсебин так билбегендер болсо, жыландын оозундагы ачкычтын сырын билгендер күнүмдүк курсак тойгузар токоч тапса кубанган кембагалдар болушту. Канча бир кылымдан бери жыландын сырын билгендер жыланды издесе, жыланды кармап жүргөндөр анын сырын чечип берүүчүлөрдү издешет. Эки тарап ушунча болуп кезигише албай келет. Кан төгүү, бири-биринин астын бөгөп жолдон адаштыруу жыланды кармап жүргөндөр тарабында эле эмес, а анын сырын билгендер да тарапта күчтүү. Жыландын сырын билгендер “Улуу сырдын” жалгыз ээси болуп калыш үчүн, жыланды издөөдөн мурда атаандаш адамдарын издеп дербиш болуп келишкен. Жолугушкан жерде аёосуз кармаш болуп “өлүм же жеңиш” деген гана максат болгон.
    Жыландын оозундагы ачкыч ачуучу кулпунун сырын жазып туруп, 1-2 беттен кийин 5-6 бет кылып өзүнчө, ортосундагы 3-4 беттен кийин 7-8 бет кылып өзүнчө жүз баракты тепетең экиге 50дөн бөлүп таштаган эки кийиз китеп канча кылым өтсө да бириге албады. Качан биригери али да белгисиз. Кийиз китепте жазылган дейт, “Дүйнөдөгү жашаган адам баласынын жок эле дегенде ондон бири чыныгы адамдык касиетке ээ болуп тазаланганда эки бөлүнгөн китеп биригип, жылан менен табышат”, – деп, китептин биринин сыртына жыландын баш жагы, экинчисине куйрук жагы түшүрүлгөн. Китептин маанисин эч ким ушул кезге чейин толук окуган эмес. Жарымысын бөлөк-бөлөк жаттап окугандар укумдан-тукумга же жалгыздан-жалгызга мураска өткөргөн бирден гана адамдар болгондуктан дүйнөдө эгер болсо экөө. Жок болуп кетүү коркунучу да бар.
    Күнөөсүз жерден “жыландын сырын билет имишсиң, айт” деп нечендер зынданда, үңкүрдө чирип өлүп, кыйноонун адам укпаган түрлөрүн көрүшкөн. Жылан жөнүндө каңырыш угуп калып “Мен билем” деп мактана коём деп тилинин азабынан өмүрү менен коштошкондор ушул кезге чейин канча болгонун бир жараткандан башка эч ким билбес.
    х х х
    СССР деген империя тирүү мезгилинде, КПСС бүт бийликти уучунда мыкчып, өлкөдө темирдей тартип бардай туюлчу. Бул сырткы көрүнүшү эле. Чындыгында темирдей тартип карапайым эл үчүн болгону менен бийлик башындагылардын жана жашыруун түрдө болсо да эбегейсиз байлык ээлеринин уюшкан кылмыштуу иштери чегинен ашып, бир учурда бийик идеяга фанатикалык түрдө берилгендер түзүшкөн коммунисттик коом ичинен чирий баштаган болчу. Ракка айланган бул коомдук чирүүнү эч ким токтото алмак эмес. СССР менен тирешип келаткан капиталисттик системадагы мамлекеттер коммунисттик коомдун ичинен чиришине ого бетер көмөктөшүп, каражат дегенди аяшпай түрлүү жолдор менен “оорунун микробдорунун” көбөйүшүнө шарт түзүү үчүн жан үрөп иштешкен. Мындай кыйраткыч күчтүн башында ЦРУ турганы СССР таш-талканы чыгып кыйрагандан кийин гана белгилүү боло баштады. СССР кыйрады. Тилекке каршы капиталисттик ири державалар күткөндөй болбой экономикалык өнүгүүдө атаандашуу жоголуп, саны көп сапатсыз товар чыгаруу кризиси башталып кетти. СССРдин чек аралары ачылары менен сырье түрүндөгү эбегейсиз зор байлык болгон товарлар сыртка ташылып, кайра ичкериге арзан баа менен өндүрүлгөн сапатсыз товарлар ага баштады. Кылмыштуулук дүйнөлүк деңгээлде күч алып, коомдук түзүлүштөгү бийликтин башында отургандардан бери чырмап мыйзамдуулукту сактоо “демократиянын үлгүсү” деген мамлекеттерде да одоно бузулушу көнүмүшкө айлана баштады. СССРди ичинен чириткен “рак” оорусунун микробдору дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге чачылып, жайылып кеткени жана мунун түбү кайда алпараары айрым бир коомдук өнүгүштү изилдеген окумуштууларга гана белгилүү болбосо, бийликтегилердин мындай “ооруга” көңүл бөлүүгө убактылары да жок эле. СССРдин кыйрашы менен эл-жер үчүн патриоттуулук, Ата Мекенди сүйүү, атуулдук ыйман деген адамзатындагы буга чейин эч жерде жазылбаса да, ар бир адамдын ички дүнүйөсүндө жашаган рух өлүп, жеке баюуга жулунуу, дүйнөгө тойбоо оорусу күч алды. Бул өзгөчө бийлик башындагыларды катуу чырмады. Балким, чын эле адамзат үчүн “акыр заман” жакындап келаткандыр. Адам баласы ушул кезге чейин түзүп жана жашап келаткан коомдук түзүлүш дүйнөлүк деңгээлде башынан чирүүгө туш болду. “Балык башынан чирисе, куйругунан тазалайт” дейт. Коом кандай жол менен өзүн-өзү дарылап, бүткүл дүйнөлүк адамзаттын башына түшкөн мүшкүлдүү оорудан айыгып кетет азырынча табышмак.
    Мыйзам карапайым калк үчүн гана мыйзам, ал эми бийлик башындагылар үчүн же эбегейсиз байлык ээлери үчүн “жетелеген төө” экени улам ачык белгилүү болгон сайын коомдун ичиндеги психологиялык абал курчуп ачып-кычый баштайт. Мындай кубулуш эртедир-кечтир дүйнөлүк жарылууга алып келет. “Адамзаттын башына түшкөн мүшкүл” деп жатканыбыз ушул.
    Дүйнөлүк эки карама-каршы (коммунисттик жана империалисттик) системанын жашап турушу коомду өзүн-өзү дарылоого чоң таасир берип, жалпы адамзаттын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылып, мыйзамдуулуктун сакталышына өбөлгө түзгөнү СССР кыйрагандан кийин гана белгилүү болуп отурат. Жашоо-тиричиликтин карама-каршылыгы күчөгөн менен иши жок жер өз нугу менен айланып мезгил жылып ХХ кылым аяктап келатты. ХХI кылым адам баласына эмне тартуулайт, али астыдагы табышмак. Балким, бүткүл адамзаттын келечек тагдырынын сырын жыландын ичине катылган ачкыч ачуучу кулпунун ачылышы чечээр.
    х х х
    Бир үй-бүлөнү бүтүндөй кырып кетишти. Кылмышкерлер түн катып келишкен да дарбазаны ачканда эле торпоктой болгон эки ажаан итти торойто атышкан. Кейпи, дарбаза менен деле киришпесе керек. Чыкканда гана эч шашпай, өз үйүнөн чыккансып эшиктен чыгып кетишкен окшойт. Эки жарым метрче келген дубалдан мышыктай гана секирип өтүшкөн окшойт. Дабышты илгиртпей сезген ажаан иттердин бири уясынан белчесине чейин чыгып жан берген. Ок так эки көздүн ортосуна кадала түшкөн. Экинчиси үйдүн эшик алдынан үч кадамча алысыраакта көмөлөнгөн. Бир ок кулак түбүнө, экинчиси туура жүрөгүнө кадалган. Бул байкуш деле иттик милдетин аткарып катуу добуш чыгара үрүп, ээсин ойготууга үлгүрбөсө керек. Үйдүн эшигин кантип ачкандары табышмак. Ачкыч менен ачкансып үйгө дабышсыз кирген. Анткени, үйдүн ээси эртедир- кечтир ушундай мыкаачы “коноктордун” келээрин күткөн болсо керек. Көмкөрөсүнөн жаткан боюнча кежигесин ок жарып өлгөн. Жаздыгынын астындагы дайыма колунан чыгарбай мыжып жатчу “Макаров” маркасындагы пистолетин кыймылдатканга да жарабаган. Жаткан төшөгүнүн астындагы затвору тартылып машаны атууга даярдап койгон “Калашников” автоматы да ушул ойду ырастап турат.
    Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келип үйлөнгөн уулунун төшөгүнүн астынан да октолуу “Калашников” табылган. Кылмышкерлер адамды чымчык аткандай да көрбөгөн, машыккан кара мүртөздөр экен, махабатка батып жаткан эки жашты ордунан козголууга да үлгүртпөгөн. Жаш келинди чекеге, жигитти кежигеге баскан. Ошентип, экөө ысык жыргалга баткан боюнча кучакташып гана тиги дүйнөгө кете беришкен. Бүтүрүүчү класста окуп жүргөн кызы гана өз бөлмөсүнүн эшигинин алдында жүрөгүн мыкчып кулаган. Канжар урулган экен. Кейпи, дабыш угуп эшикке чыгууга бет алса керек. Үйдүн ээсинин небереси болгон үч жашар баланы да аяшпаган. Наристе түшүндө мылжыйып күлгөн боюнча үзүлгөн. Ок так кекиртегине тийип моюн омурткасын талкалап кеткен. Кыйнагандан жалгыз гана үйдүн ээсинин аялын кыйнашкан. Эки кабат үйдүн ичи, үчүнчү кабат болгон үйдүн астыңкы подвалы бүт тозоңу чыга чачылган. Элүүгө жашы таяп калса да бой келбети келишкен сулуу аялдын алгач бир эмчегин кескен. Жан жеринин эки жагын балтырына чейин тилип ташташкан. Кыйноого чыдабай жанталашкан аял жанталашып үйдүн ар жерине катылган бүт байлыкты кылмышкерлердин астына чачкан. СССР али кулай элек, рублдин күчү кете элек, бир рубль бир долларга барабар кез эле. Үйдүн ичинде толтура чачылган акчалар. Үйдү текшерүүгө келген милициялар чөнтөктөрүнө батышынча солоп алгандан кийинкиси жарым миллион болгон же ошол кездеги эң мыкты деген ГАЗ-24 “Волга” машинасынан 50 даананы сатып алуучу акча эле. Үйүлгөн алтын шакек, сөйкө, эски алтын тыйындардын, кымбат таштардын баасы бир миллион рублга чукулдаган. Кылмышкерлер ушунча байлыкты буттары менен тебелеп чачып кеткендигине караганда алар тоноочулар эмес. Үйдөгү аялзатынын бирөө да зордукталбаган, демек, зордоп, кордоочулар да эмес. Запкы тарткан үйдүн шаарда окуп жүрүп аман калган уулун алып келип атасынын дүнүйөсүн чачып көрсөтүп, “эмне жоголгонун айтып бере аласыңбы?” дегенде, кайгынын уусуна чөккөн жаш жигит атасынын эмне дүнүйөсүн, канча акчасы бар экенин так билбегенин жана атасы эч убакта уулуна дүнүйөсүн көрсөтпөгөнүн мойнуна алуу менен бир гана эстегени - кичине чагында, караңгыда күйүп турган тирүү жыландай болгон кымбат, асыл таштан жасалган укмуштуу жылан көргөнүн жана ошол жылан эсепсиз чачылган дүнүйөнүн ичинде жок экенин айтканы болду.
    Кылмыш райондон анча алыс эмес жайгашкан чакан айылда болуп өттү. Республика дүңгүрөй түшкөнү менен кылмышкерлер кумга сиңген суудай дайынсыз болушту. Ээлеген ордунан корккон бийлик башындагылар ишти жап-жап кылып унуткаргыча шашышса, колдорунан эч нерсе келбесин билишкен ички иштер органы менен прокуратуранын кызматкерлери ийинин куушуруп гана отуруп калышты. Эксперттердин жыйынтыгына караганда кылмыш түнкү саат 12-1лерде болуп өткөн. Ички иштер бөлүмү менен прокуратура эртең мененки саат 10дордо араң кылмыш болгон жерге келишкен. 9 сааттын ичинде кылмышкерлер туура Ташкентте же Алматыда жүрүшмөк, эгер ошончолук алыс кетүүнү каалашса. Кылмыш болуп өткөн айылдын эли асты кийин мындай укмушту угушпагандыктан жүрөктөрү түшүп үрпөйүшүп, болгон окуя жөнүндө бирөөгө укканын айткандан качып калышты. Анткени, “болгон кылмыш иши жөнүндө ким түрлүү кеп таратса атылат экен же муунтуп өлтүрүлөт экен” деген ушак айылга тарап кетти. Көп өтпөй айылдан бир жигит мас болуп муунуп өлдү эле, анын өлүмүнүн себебин да айылдыктар ушул окуяга байланыштырышып, ооздоруна кум куйгандай сүйлөгүс болушту. Ал түгүл участкалык милиционер да ден-соолугун шылтоолоп жумушун таштап, келген жагына көчө качты. Кылмыштын өзөгү болсо тээ алыскы-алыскы жылдарда үйдүн ээси отузга чыгып оттой күйүп турган 30 жыл мурдата жаткан.
    х х х
    Кемел аскерде Балтика флотундагы деңиз десанттык бөлүгүндө кызмат өтөдү. Ал кезде аскердегилер үч жыл кызмат өтөөчү. Кызмат өтөп жүрүп бүткүл деңиз флотунун бокс боюнча өткөрүлгөн чемпионатында атаандаштарын жалаң “нокауд” менен жеңип чемпион болду. Кемелдин күч-кубатына, дене түзүлүшүнө кызыгып калышкан машыктыруучулар аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин Москвада калып машыгуусун улантуусун сунуш кылышты. Кемел буга макул болду, болгону төрөлгөн жерине, сагынган айылына эки айча барып ата-энеси менен учурашып келүүнү өтүндү. Тагдыр аны айылда эмне кызыгы менен күтүп турганын кайдан билди. Армиядан келип, болгондо да “морская десантная” бөлүгүндө кызмат өтөп, анысы аз келгенсип чемпион болуп жердештерине жетишкен ийгиликтерин кантип далилдөөнү билбей, урунарга тоо, урушарга жоо таппай турган жигиттин “бактысына” бир күнү айылга артисттер келгенде коңшу айылдын жигиттери менен мушташа кетишпейби, мына ошондо Кемелдин көргөзгөн оюнун жердештери ондогон жылдар айтып жүрүштү го. Бир- бирден гана муштап айылдын “менмин” деген зөөкүрлөрүн торойто берген. Үчөөнүн ээги сынып, бешөөнүн кабыргасы сынган. Каргаша болуп бирөөсүнүн боору катуу соккудан эзилип кетип ордунда жан берген. Ичиндеги арак ого бетер жээликтирген Кекең ошо түнү отузга жакын жигитти эч кимге баш бербей өзү жалгыз сабаган. Турмуш босогосун жаңы аттайм деп турган жигит ушинтип 14 жылга катуу режимге кесилип, Сибирге кете берди. Кийин Москвадан машыктыруучусу артынан издеп келип, Кемел менен кошо келип жанында жүрүп алып кетпегенин арман кылып, “дүйнө бокстун укмуштай бир чемпионунан айрылды” деп ыйлаган дешет.
    Кемелдин өмүрү өз айылынан күнчөлүк алыс чыгып көрбөгөн карапайым ата-энеси ыйлап-сыктап кат күткөндөн башка аргалары калбай кала беришкен. Арадан жылга жакын убакыт өтсө да дайыны билинбеген Кемелден бир күнү кат келди. Кыскача гана түрмөдө жатат деген эле аты болбосо жашоосу аябай жакшы экенин, анткени, бүткүл Сибирь боюнча түрмөлөрдүн ички кожоюну болгон адамга биринчи коргоочу (телохранитель) экенин жазыптыр. Андан кийин бир жылда бир же эки амандыгын билгизген каттар келип турду. Күндөрдүн бир күнүндө он төрт жылга кесилген жигит шып этип үйгө кирип келди. Болгону арадан беш жылча өткөн. Чиштей кийинген. Мингени “Победа” машинасы. Анда райкомдор да мындай машинага жете элек болчу. Келери менен баягы өлгөн баланын үйүнө барып куран окутту да атасы-энеси менен жеке өзүнчө сүйлөштү. Эмне сөз болгонун эч ким билбейт. Болгону начар турмушта турушкан немелер кийин үй салып, мал-жан күтүп оңолуп кетишти. Эл арасында «балаңардын куну деп Кемел көп акча бериптир, ошондон булар байып кетишти. Кейпи, “киши өлтүргөн кылмышкер өз мөөнөтүнөн мурда бошонуп келип калды» деп арызданбасын десе керек” деген күбүр-шыбыр ушак жүргөнү болбосо ачык сөз болгон жок. Кемелдин табышмактуу жүргөн- турганы, алыскы Сибирдин түрмөсүндө отуруп келиши карапайым айылдыктар үчүн жүрөк үшүткөн иш эле.
    Анда Кыргызстандын аймагында апийим айдалып, аты дүңгүрөп турган кези. Көп өтпөй “Кемел областтын даярдоо конторасына райондордон апийим кабыл алуучу контролёр болуп орношуптур” деп угуп калышты. Ошол боюнча Кемелди айылдаштары анда-санда айыл ичинде жамандык-жакшылык болгондо бир көрүп калышпаса көрбөй да калышты. Кийин гана 70-жылдардын этегинде айылга эки кабат келишкен үй салдырып көчүп келди. “Жалаң даярдоо тармагында иштеп жүрүп ден-соолугум болбой калды” деп 60ка чыкканда айылга келген экен. Колхоздун башкармасы байлык десе байлыгы, байланыш десе байланышы бар Кемел ордумду алып коёр бекен деп чоочулады эле андай болбоду. Өзү пенсияга чыккыча эрмек кылып иштеп турайын деп колхоздун кампасын алды да, мурдагы кампачыны өзүнө жардамчы кылып штат ачтырып койду. “Шеф өмүрү айлык маянасын албайт. Мен алам. Шабашкадан түшкөндүн гана өзүнө тийиштүү “кусогун” алат”, – деп жүрдү жардамчысы. Колхозчулар эки-үч айлап айлык ала албай кыйналып баратканда Кемел айлыктын акчасын берип койчу да кийин банктан акча келгенде бергенин кайра алчу. Муну башкарма, кассир үчөө гана билчү. Башка жан адамга ооздорунан чыгарбоого шерттешиптир. Ал да жогорудагы кандуу окуя болуп өткөндөн кийин чыгып отурат. Айылда Кемелге 10 сомдон 1000-2000 сомго чейин карыз болбогон адам калбаса керек. Өздөрү мүмкүнчүлүгү болуп бергенге чейин өмүрү басып барып биринен да “баягы карызымды” деп сурабаптыр.
    _______

    46
 
Страницы:  1  2  3  ... 46

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2