Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  4  ... 46
2-бөлүм (10.01.2020 : 17:36:36)
    2-бөлүм
    Кемелди айылдаштары астынан кыя өтпөй сыйлап турушунун башкы дагы бир себеби, “Акты-ак, караны-кара” деген калыстыгы. Кырсыктап, башына кыйынчылык келип тургандарга кылчактабай жардам бергендиги болгон экен. Өткөн кырсыкка айыл эли тикесинен-тик туруп чын дилден кайгырышты. Ал эми Кемелдин айылдан сырткаркы жүргөндөгү 40 жылга жакынкы өмүрү алар үчүн табышмак боюнча кала берди.

    х х х
    Адам баласы жаралганда алгач өзүнө тамак табыш үчүн жана өзүн-өзү коргош үчүн түрлүү куралдарды ойлоп таба башташкан. Бара-бара акыл- эси өнүккөн сайын адамдар жаратылыштын жырткыч жан-жаныбарларынан коргонуш үчүн эмес, адам адамдан коргонуш үчүн жана адам адамды коркутуш үчүн, түрлүү куралдарды ойлоп чыгара башташты. Ошентип жүрүп отуруп адамдар өздөрү жашап турган жерди да быт-чытын чыгара жарып жиберүүчү кудурети бар атомдук куралдарды чыгарууга жетишишти. Адамдын акыл-эсинин өсүшү менен адам адамды башкаруунун мыйзамы болгон мамлекет жана аны башкаруу тартиби дегенди ойлоп табышты. Мамлекет жана мамлекетти башкаруу ыкмалары доорлор өткөн сайын өнүгүп отуруп адамды өзүн-өзүнө каршы коё алган коркунучтуу куралга айландырды.
    Жер бетиндеги эң коркунучтуу курал бул “адам курал” болуп калды. Адамдардын бири-бирин баш ийдирүүгө, бири-бирин “дың” дедиртпей өз кызыкчылыгы үчүн иштетүүгө карата жүргүзүлгөн зордук мурда кан төгүүчү аламан согуштар аркылуу болсо, бара-бара опузалап коркутууга өтүп, жүрүп отуруп “акча согушуна” айланды. Маселен, доллардын дүйнөлүк рынокту ээлеп алышы нечендеген мамлекеттердин экономикасын талкалады. Ошол эле учурда эбегейсиз ээликке умтулуп, дүйнөнүн жарымын ээлеп алган менен Монголияны гүлдөтө албаган Чыңгызхандын жүрүшүндөгүдөй Американын өзүнүн айласын кетирип азыр дүйнө жүзүндө канча миллиард доллар бар жана анын канчасы жасалма экенин биле алгыс абалга жеткизип, экономикасынын түбүнүн бошой баштаганынан белги бере баштады. Улам алдыга жутунган адамдын акыл-эси “компьютер согушуна” кирип келди.
    Эң кызыктуусу: түгөнгүс көч сымал акыл-эстин асты “компьютер согушуна” жеткен менен арты баягы алгачкы “Жаа менен найза согушунан” үзүлө албай созулду.
    Адам жаралгандан берки эки күрөш айыгышып тытышкан кармашын улай берди. Бул кармаш бир жагы- адам адамдын акыл-эсинин жетишкендиги менен бири-бирине зыян келтирбей жыргал жашоого умтулуу болсо, экинчиси, айрым адамдардын күчтүү акыл-эсин пайдалануу менен экинчи бир адамдардын үстүнөн бийлик жүргүзүп, өзүнүн жыргалчылыгы үчүн иштетип, жыргап жашоого умтулуу болду. Биринчилери “адам жыргалчылыгы” деп ойлоп чыгаргандарын дайыма экинчи топтогуларга уурдатып жиберип жатышкандыктарын билбей келишүүдө.
    Гитлердин тилин алып Россияга келип, сазына чөгүп, суугуна тоңгон карапайым дыйкан Ганска эмне жок. Урдум сени Сталин менен өзүң жекеге чыгып мушташа бер. Мен 10 теше жеримди айдасам жанымды багам деп айта алган жок.
    Россияны Гитлер басып алган күндө да Ганска эч нерсе артмак эмес. Баары бир баягы 10 теше жерин айдамак. Ошондой эле Чыңгызханды ээрчип, көчүгү жооруп Балтика жээгине чейин барган койчу монголго эч нерсе арткан эмес. Жаман атын жоор кылып, сөөгүн сүйрөп баягы эле кароосуз калган боз үйүнө барган.
    “Жер үстүндөгү эң акыл-эстүү жанмын” деген адам баласы ушул кезге чейин жеке өз алдынча ушундай жөнөкөй суроолордун да жообун бере албайт. Адамдын өз башына өзү ээ боло албай, аргасыз мезгилдин талабына көнүп кор болгон учурлары сансыз.
    х х х
    Азият ордунан туруп, шашпай күндөлүк көнүгүүлөрүн жасап бүткөндөн кийин, эки жаш кызга бүт денесине жеңил массаж жасатты да, ошол эле кыздардын жардамы менен рахаттана сүт кошулган жылуу ваннага жуунду. Жеңил кийим кийип кабыл алуучу бөлмөгө чыкканында, биринчи жардамчысы “Кызыл көз” чыдамсыздык менен күтүп туруптур.
    – Жигиттер Сиздин тапшырманы так аткарып келишти, – деди кичине ийиле. Азият шашпай креслосуна барып отуруп жатып “Так аткарбай көрүшсүнчү, эгер эле жандан аша кечишпесе”, – деп ойлоп койду да:
    –Кана, апкелчи, ал эмне деген шедевр экен.
    Шыпылдай баскан “Кызыл көз” эшик ачып башын ийкегенде чачын кыска алдырган, бели кындырдай, далысы кучак, спорттук дене түзүлүшүндөгү жигит кирип келди да, колундагы кара дипломатты Азияттын астындагы столдун үстүнө коюп туруп оозун ачты.
    Азияттын денеси “дүр” деп ордунан секирип кете сактады. Көздөрү алайып, тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Өңү купкуу болуп чекесинен муздак тер чыга түштү. 3-4 секундада барып араң өзүнө келди. Дипломаттын ичинде көздөрү кыпкызыл, денесинен тири укмуштуу миңдеген түрлүү нурларды бөлүп чыгарган, типтирүү жылан оозун ачып, алтын тилин соймоңдотуп тикчие тиктеп турган эле.
    Азият эсине келгендеги биринчи кыймылы “Кызыл көз” менен берки жигитке чыгып кеткиле деп жаңсаган белгиси болду. Өмүрүндө бирөөнүн алдында коркконун же апкаарыганын билгизбеген жаны азыркы абалын тигилердин көрүп турганына намыстана түшкөн.
    Жылан экөө тиктешип турушту. Жылан менен тиктешип туруп Азият өзүнүн кыбырап жүргөн бир пенде экенине, жыландын андан алда канча күчтүү экенине, ал аны бир тиктегенде эле арбап койгонуна түшүндү.
    Карышкыр менен сайгакка вертолёт менен аңчылык кылгандан тажап, эриккенде Ооганстанга барып адамдарга аңчылык кылып бугун чыгарчу Азият жыландын астында бүжүрөй түштү. Өзүн эсине келтириш үчүн дипломатты жабайын деп сунган колдору көтөрүлбөй калтырап, ордунан кыймылдаганга дарамети жетпегенде буту менен сырттагы телохранителдерин чакырчу кнопканы басты.
    “Шып” этип кирип келген “Кызыл көзгө” дипломатты жап деген белги берди. Дипломат жабылгандан кийин чыгып кете бер деп колун шилтеп койду.
    Канча шалдырап отурду ким билет. Бир топто барып ордунан козголуп, укмуш бир кымбат дүнүйөсүн тапкансып дипломаттын сыртынан аяр сылады.
    х х х
    “Азият” кличкасы. Чыныгы аты ким, ал түгүл улуту ким, эч ким так билбейт. СССР күчтүү кезинде коммунисттик партиянын идеологиясын бүткүл Азияга КГБнын күчү менен тымызын жайылтуучулардын башкы көзүрү болгондуктан “Азият” аттуу жашыруун атка ээ болгон. Учурунда Москвадагы ээги түшкөн абышка менен да МВДнын, КГБнын көзүрлөрү менен да каалаган учурунда көзмө-көз сүйлөшчү. Бүткүл Азия боюнча тордой жайылган атайын окуу жайларынан даярдыктан өткөн КГБнын тыңчыларынын башында турчу.
    Туюу сезими күчтүүсүнөн жана тыңчылары аркылуу дүйнөлүк кабарлар менен дайыма тааныш болгондуктан СССР эртедир- кечтир кыйраарын, аны сактап калууга мүмкүн болбой калганын, он беш жыл мурда билди да колундагы тармакты жеке кызыкчылыгынын багытына колдоно баштады. Өзү менен дайыма Москвадагы атайын мектептен даярдыктан өткөн 30 жигитти ала жүрчү. Бул жигиттер шефтин айтканын эч ойлонбой аткарууга жана “туура” же “туура эмес” деп талкууга албоого үйрөнгөн чыныгы жандуу роботтор болчу.
    Бул жигиттер эч убакта байлык, дүнүйө, өзүнүн жеке кызыкчылыгы, келечеги жөнүндө ойлонушчу эмес. Алар үчүн шефтин сөзү ыйык, “дың” дебей так аткарыш парз, керек болсо жанды бериш керек деген гана принцип жашоочу.
    Мына ушундай жигиттердин төртөө барып “Бриллиант жыланды” алып келишти. Алып келген төртөө жана Азияттын канча бир жылдан бери жанынан чыкпай керек десе жүрөгүн окко тосууга даяр жигити “Кызыл көз” да көрүп коюшкандыктары үчүн эле “бриллиант жылан” жандарын соруп койгонун билишпеди. Болгону бир гана түндө жок болуп, кислотага эрип кетишти. Алардын орундарын башкалар ээледи.
    х х х
    Жети миң доллар... 7 миң... Муну күткөн эмес. Мынчалык байлыкка “Сокур ит бок жалагыча” ээ боло калам деп ойлобогон. Эски одеял жабылган кроваттын үстүндө сулк жатты. Баш жагындагы төрт бурч жыгач отургучтун үстүндө жалаң 50-100 долларлык жашыл купюрлар чачылып жатат. Эсин жоготуп койду. Эмне кылар айласын таппай алактап, башы иштебей калгандай болду. Ошондо окутуучусу Кадыр атанын насааттары эсине түштү. Кадыр ата көп айтчу: «күтүүсүз колуна тийген дүнүйөдөн адамды ач көздүк сезими башкарып эс-акылын жоготуп, адамкерчиликтен кетирет. Эмоцияга алдырган маалда жасалган иштин баары айланып келип өз башыңа муш болот. Туура жасап жатам деп ойлойсуң, бирок, аягы туура болбой чыгат. Ошондуктан мындай учурда өз акыл-эсиңди, кан айланууңду калыбына келтириш үчүн көздү жуумп, эч нерсе ойлобогонго аракет кылып сулк жатыш керек. Ойлосоң, балалык кездериңдеги кызыктуу күндөрүңдү гана ойло. Мындай мээдеги “жарылууну” (эмоцияны) калыбына келтириш үчүн сулк жатуу мээдеги “жарылуунун” күчүнө жараша 2 сааттан 8 саатка чейин созулат. Андан соң туруп алып күндөлүк турмушуң менен алаксып, баягы “байлыгыңды” такыр унутуп койгонсуп көңүл да бөлбөй 2 күндөн 5 күнгө чейин жөн гана жүрүшүң керек. Мына ушул өзүңдү калыптандыруу ыкмаларынан өткөн соң күтүүсүз табылган чоң дүнүйө ал канчалык баалуу болбосун акылдан адаштыруу касиетинен айрылып, күнүмдүк тиричиликке керектөөчү каражатка айланат. Дагы бир эстен эч убакта чыгарбоочу нуска, ашказанга таттуу тамактарды шыкай берсе иштебей, ич өтүп, күптү болуп, кусуп калган өңдүү, керектөөнү да кичинеден, ченем менен баштап урунбасаң күптү кылып кустурат”, – деп кулагына кумдай куйчу.
    Окутуучусунун ар бир насаатын дайыма эсинен чыгарбай айтканын айткандай, дегенин дегендей так аткарып көнгөн Мыкын сулк жатып калганы ошол. Сулк жаткан калыбында уктап кеткен экен, ойгонуп саатын караса эртең мененки тогуз болуп калыптыр. Ордунан туруп эшикке чыгып келди да тар бөлмөдө адаттагы денесин машыктырган көнүгүүлөрүн шашпай, дыкат жасады. Анан барып отургучтун үстүндөгү жашыл купюрларды чогултуп, кроваттын астында жаткан эски сумкасынын ичине жүз аарчыга ороп салып койду, бирөөнү да алган жок. Алуу жөнүндө ойлобошко аракет кылды. Үйгө эски спортивкаларын чечип, жынсы шымы менен курткасын кийди да көчөгө жөнөдү. Эшигин кулпулап дарбазадан чыгайын деп жатса, квартирасынын кожоюну чыга калып кыйкырып калды:
    – Мики квартира акысын качан төлөйсүң? (Мыкы дегенге тили келбей Мики дечү).
    – Саламатсызбы атаке?!
    – Атаке дегениң го жакшы. Квартира акысын да төлөшүң керек, уулум. Болбосо бошот. Убактың болсо өтүп баратат. Бир күнү “төлөй албайм” деп койсоң, мен сенин штаныңды чечип аламбы? – Көзүн үлүрөйтө Мыкынын бутундагы эски ботос менен өңү өчкөн жынсысын карап, – штаныңдын кимге кереги бар. Бекер берсең да албайт.
    – Эки күн чыдаңыз атаке, бүгүн күнгө ишемби, шейшемби күнгө чейин акча колуңузда болот.
    – Эгер болбой калсачы?
    – Жаман сумкамды көтөрүп чыга берем.
    – Болду, эркектик акыркы сөзүң Мики. Башка узарта албайм. Ансыз да айдын он күнү өтүп кете турган болду.
    Кожоюн чал жер төлөсүнүн квартира акысын дайыма ай сайын астына ала алып турчу. Антпесе болобу. Өзү айткандай жаман сумкасында болсо бир же эки сыйра кийиминен башка эч нерсеси жок Мыкыга окшогондор эртең “төлөй албайм” деп баса берсе чын эле ыштанын чечип алабы.
    Мыкы чөнтөгүн сыйпаласа кечээ кечте тамактангандан арткан он беш сомдон ашык акчасы бар экен. Демек, курсагын тойгузса болот. Автобуска түшүп түз Ош базарына келди да тамактанып алгандан кийин оптом товар саткан кырканы аралай Салкынды издеп жөнөдү. Салкын экөө айылдаш. Өзүнөн беш жашча улуу келин, жолдошу экөө ажырашып кеткен. Ушул базарда эки жылдан бери оптом товар сатып оокат кылат. Мында Салкынга жардамдашып иштейт. Товарды Салкын жоопкер болуп алат да кечке экөөлөп сатышат. Түшкөн пайызынын 60 пайызы Салкындыкы 40 пайызы Мыкыныкы. Мындайда көмөктөштөр бири-бирине ишениши, алдашпашы керек. Мыкынын чынчыл экенине ишенип калган Салкын көмөктөшүп иштөөгө макул болгон.
    Канткен менен экөөлөп иштеген жакшы экен. Товарды да сатыкка түрлөп көбүрөөк алсаң болот. Уурдатпай карап турганыңа да жакшы. Бириң соодага алаксыганда, экинчиң карап турасың.
    х х х
    Мыкы таң атпай кыжы-кыйма болгон элден түртүшүп отуруп Салкын отурган жерге келди. Салкындын кабагы суз экен. Алган товары да аз.
    – Саламатсызбы эже?! Кабагыңыз суз го.
    – Бүгүн иш жакшы эмес.
    – Эмне болду?
    – Көз ымдап өзүнө жакын чакырды да үнүн пас чыгарып:
    – “Шефти” тоноп кетиптир. (Оптом сатууга товар берип турчу фирманын кожоюнун “шеф” деп коюшчу). Бул товарларды башка фирмадан алып келдим. Мени көп жакшы таанышпайт да. Аз беришти. Бир жолдош келиним ортого түшпөсө такыр беришмек эмес.
    – Шефиңизди кимдер тоноптур? Телохранителдери бар дечү эмес белеңиз?
    – Килейген үч телеохранителдерин жаткыра чаап 10 миң доллардан ашык акчасын алып кетиптир деп жатышат. Кейпи, беш-алты киши кол салса керек. Толтура милиция. Фирманы жаап коюптур.
    – Шефиңиз тирүү бекен?
    – Тирүү. Эч кимиси эч нерсе болбоптур. Эстерин оодара чаап туруп алып кетсе керек. Балким дары чачкандыр. Деги белгисиз.
    – Товар аз болсо мен башка жумуш караштырбайымбы?
    – Жок. Тура бер. Кудайдын буюрганын көрөбүз. Жумуш эле табыла калат дейсиңби. Бир жумача “честно” иштесек бул фирма деле товарын көбөйтүп бере баштайт.
    х х х
    Азим жумушка келери менен коңшулаш райондун кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн начальниги телефон чалды.
    – Старик, жардамың керек болуп жатат. Түндө үйүңө телефон чалсам жок экенсиң.
    – Анчалык эмне болуп кетти?
    – Жакшы иш эмес. Таң аткыча уйку бетин көргөн жокмун. Биздин аймакта өзүң деле билсең керек “Жанар” деген белгилүү коммерциялык фирма бар эмеспи. Ошол фирманын кожоюнун тоноп кетиптир. Өзү 15 миң доллар деп жатат, чындыгы 10 миңдин тегерегинде болсо керек.
    – Тоносо тоноптур да. Суунуку сууга. Ага эмне мынча кайгырдың?
    – Кеп анын “кылмышкерлер дүйнөсү” менен да, бийликтегилердин жогору жактагылары менен да байланышы күчтүү экендигинде болуп жатат. Таң атпай министрликтен бери телефон чалып ийди.
    – Ошондой де?
    – Катардагы “фирмач” болсо баш оорутуп эмне кылам.
    – Кылмышкерлер жөнүндө жыт барбы?
    – Чынымды айтсам колго илинерлик эч нерсе жок.
    – Кандай мотивде болуптур?
    – Эки телохранители менен үйүнө кирип баратканда эстерин оодара уруп, долларды чөнтөгүнөн сууруп кеткен. Кылмышкер кожоюндун гана чөнтөгүн оодарган. Калгандарына тийген эмес. Балким шашкандыр. Акчаны гана алган. Колундагы шакегин, саатын алган эмес. Үчөөнө тең бир-эки гана удардан жасалган. Үчөөнүн тең эстери ооп, жыгылып калган. Эстерине келгенде кылмышкердин изи да жок болгон. Кылмыш 11-12нин ортосунда жасалган. Телохранителдердин айтымында ыкмаларды мыкты билген үч спортсмен бир учурда кол салгандай.
    Сага кайрылганым да ошол. Спортсмендер менен байланышың жакшы эмеспи. Өз каналдарың менен сураштырып көрсөң. Эгер кылмышкер табылып калса өндүрүп алуу разборун өзүмө койгула дейт жабырлануучу. Күнөөкөр табылбаса кылмыш дүйнөсүндө тымызын тирешүү башталып “авторитеттердин” бири-бирин аңдышмайы күчөп тономой, өрттөмөй, зордомой көбөйө турган. Жаңы эле ар ким өз аймагына ээ болуп тынчып келатышты эле...
    – Макул, түшүндүм коллега, издөө салып, стукачтардын кулактарын бурайын. Эгер сырттан келген эле “летундар” болбосо шаар кичине эмеспи, табылып калаар.
    ________

    45
 
Страницы:  1  2  3  4  ... 46

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2