Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1 ... 44  45  46  
46 (13.01.2020 : 20:40:15)
    46-бөлүм
    - Сол каруума ок тийип калды - деди күнөөлүүдөй.
    Мырза үнсүз отура калып сөөгүн кармалап жиберди. Сөөгү аман экен. Кубанып кетти. Каруунун жараты бат эле бүтөт. Эң башкысы сөөгү аман экен. Мындайдын неченин көргөн го. Бир бутунун байпагын чечип, каруунун ок тийген жеринин жогору жагынан бекем бууду. Экинчи байпагын чечип жүз аарчысын коюп туруп жараттын өзүн бууду. Шаа Мырзанын табышкерлигине таң калбай деле калган. “Мен өзүм эле келейин десем болбой койбодуңузбу” дейин деди да кайра унчукпады.
    - Кылыч менен бычактан буйтаганга караганда октон буйташта айырма бар тура. Мен мажүрөөлүк кылып койдум, - деди Шаа күнөөлүүчө.
    - Жок, сизде күнөө жок. “Игрок” өзү өтө шамдагай киллер болчу. Анын огунан буйтагандар болгон эмес. Эч убакта мээлебей туруп түптүз атып көнгөндөрдөн.
    - Аны жок кылдыңбы? - деди Шаа таңдана “болчу” деген сөзүнөн улам.
    - “Игрок” эмес даана шайтандын өзү болсо да чоң аталарына кетти, - деди Мырза жылмая.
    Экөө кайра келип таксиге отурганда болгону кырк минута убакыт өтүптүр. Шаа жарадар болгонун билгизбеди. Жолдон дарыканага токтотуп Мырза өзү түшүп барып тийиштүү дарыларды алып келди. Шаанын өмүрүндө биринчи жарадар болушу эле. Эти ысып, башы айланып чыкты. Ошондо да сыр бербеди.
    Бөлмөлөрүнө киришкенден кийин Мырза жаратты билгичтик менен жууп-тазалап, дары сүйкөп таңып чыкты да ооруну басаңдатуучу, температураны түшүрүүчү уколдордон салды. Шаа Мырзанын ишине үнсүз көнүп каршылык кылбады.
    Баары бүткөндөн кийин Шаа малдаш токунуп отуруп алып транска түштү. Кытай энеси да, Кадыр атасы да келип нааразы боло күңкүлдөшүп, жаратын карап киришти. “Дагы бир карыш болгондо ок жүрөгүңө тиймек” - деди, кытай энеси. “Мен түртпөсөм бул качан атат” деп тура бермек” деди Кадыр атасы. Шаа үнсүз отуруп берди.
    Бир учурда кытай энеси “Окко ууланган жаман канды сыгып бүт колуңдун манжаларына түшүрдүм. Беш манжаңдын тең учтарын тилип канын агыз», - деди.
    - Мырза, жаңы лезвия анан кан тоскудай бир идиш алып келчи, - деди отурган калыбында. Мырза бат эле алып келе калды. Манжаларынын учун тилип идишке тоскондо чын эле уюган кара кан ага баштады. Кичинеден кийин “болду” деди кытай энеси. Манжаларын аарчып, спирт сүйкөп койду. Жаратынын ооруганы басылып жаны жай ала түштү. Чалкасынан түшүп уйкуга кетти.
    Эртең менен жаратынын таңуусун жаңыртып дары сүйкөйүн деген Мырза көзү алая таң калып калды. Жарат дээрлик бүтөйүн деп калыптыр. Эч кандай шишибептир. Бүгүн шишийт го, температурасы көтөрүлүп кыйналар деп ойлогон.
    - Дарыңды көп деле шыбай бербе. Кудай буюрса 3-4 күндө таптакыр айыгат деп койду Шаа.
    -Мындай шумдукту биринчи көрүшүм, - деди Мырза таң калганын жашыра албай. Октон жаракат алгандын бир түндө жараты шишибей айыгайын деп калганын биринчи жолуктурдум, - деди өз көзүнө өзү ишене бербей асты-үстүн кармалап. Шаа унчукпады. Ичинен “Ырахмат энеке, ырахмат ата” деп кытай энеси менен Кадыр атасына чын дилден жалынды.

    ххх
    Фаризат Шаадан бөлүнөрү менен ичи туз куйгандай ачышып кетти. Тим эле вагондун терезесин талкалап секирип чыгып Шаанын жанында кала бергиси келди. Алматыга жеткиче бир минута да Шааны эсинен чыгарган жок. Ажатканага барганы болбосо купеден эч жакка да чыкпады. Жыргатып тамак деле ичпеди. Кыдырып саткандардан бир нерсе алып жемиш болбосо жүрөгүнө эч нерсе да баспайт. Мынчалык албууттанган сүйүү башына келет деп ойлогон эмес. Өзүнчө эле бир ыйлайт, бир сооронот. “Эгер Шаа алдаса анда аны да өлтүрөм, өзүмдү да өлтүрөм” - дейт. Кайра «ал мага эч кандай сөз чыгарган жок го. Ал түгүл “Сени сүйүп калдым” деп да айткан жок. Эмне үчүн аны күнөөлөшүм керек. Эгер Шаа таштап кетсе анда өзүмдү-өзүм өлтүрөм. Ушул жашоого тойдум. Бул жолку кайгыны көтөрө албайм” дейт. Кайра “мен жинди болуп калган жокмунбу?” - деп коёт.
    Шаанын эмчегинин үрптөрүн тилинин учу менен айланта жалап келип өпкөнүн эстегенде тим эле көкүрөгү тикчийип, денеси түйүлө түшүп колу менен көкүрөгүн кармалап жибергенин өзү да билбей калат. Кежигесин, кулак түбүнөн, алкымын өпкөнүн эстесе денеси өзүнөн өзү балкыйт.
    “Эгер Шаа менин сезимимди түшүнсө өмүр бою бутуна жыгылып, көзүнүн кареги менен тең айланып өтөт элем. Бүт берем, байлыкты, “Бриллиант жыланды”. Курусун ушул байлыгың. Сүйгөн адамыңдын бир ырахатына бүт дүйнөнүн байлыгы татыбайт тура” - деп коёт ичтен. “Балким, Шаа менин башымды айлантып койдубу?” деп ойлоп кетет да “Шуркуя, жалап, дагы баягы арам ойлоруң башталдыбы. Ушинтип шекшинип жүрүп жыргаган жоксуң го” - деп өзүн тилдей Шаа жөнүндө кенедей жаман ойлогусу келбейт.
    Купеде чогуу бараткан орус кемпир:
    - Кызым, өзүңчө эле бир ыйлап, бир сооронуп, бир күлүп, бир мостоюп келатасың. Чогуу келатканыбызга эки күн болду. Биз менен деле оңдуу сүйлөшө элексиң. Кейпи, ичиңде чоң кайгың же кубанычың бар го», - деп койду. Араң турса керек жарылып кетти:
    - Чын энеке. Өмүрүмдө биринчи өз каалоом менен, эрким менен чоң сүйүүгө туш болдум. Бул менин бактымбы же кайгымбы билбейм. Сүйгөн адамым мени сүйөбү же жөн эле боору ооруп сыйлайбы аны да билбейм. Өмүрүмдө биринчи жолу акылыма келе албай делдиреп баратам, - деди жашын сүртүп.
    - А-а сүйүң менен да жерге кирдики десең. Аның туура. Илгери ыраматылыгы болгон күйөөм мага сөз салып үйлөнгөндө мен да бир жылга чукул делдиреп ишенер-коёрумду билбей эс-мас болуп жүргөм, ботом. Абышкам жигиттин гүлү эле. Кыздар артынан чуркап кыйрап калышчу. Анан томпойтуп мени сүйөрүнө кайдан ишенейин. Элүү беш жыл чогуу жашадык. Бир жолу “ой” деп урушкан жокпуз. Анан оорудан үч жыл мурда каза болуп калбадыбы. Азыр да түшүмдөн кетпейт, - деп кадимкидей болкулдап ыйлап кирди.
    - Коюңуз энеке. Сабыр кылыңыз. Элүү беш жыл жашасаңыздар армансыз эле өмүр сүрүпсүздөр.
    - Армансыз да өмүр болчу беле, кызым. Эгер оорубаса азыр деле алдуу-күчтүү болмок, - деди басыла албай.
    Кемпирди карап туруп “жетимиштен ашкан кемпир ушинткенден кийин, биз да жүргөн экенбиз” да деп койду таңдана.
    Алматыга жетери менен квартира ала элек жатып телеграмма жөнөттү. “Бүт иштер жайында. Сагындым! Тез келчи!” деген. Анан үч бөлмөлүү бардык шарты бар мыкты квартира жалдады. Эки айын астына ала төлөп да койду.

    ххх
    Чын эле Мырза ойлогондой болду. Күнү-түнү үчөөнү издеген тыңчылар башаламан боло түшүштү. Баарын тызылдатып чуркаткан акча эле. Эми күн сайын төлөп турган “Игрок” жок. Анын жайган тору бычырап үзүлүп кетти. Ал түгүл “менин чыгымым баланча болчу. “Игрок” мага мынча берем деп убада кылган, эми ким төлөйт” деген көшөкөр чырлар да башталды. Дайынсыз жоголгон үчөөнү издеп чыгым болгуча чыр чыгарып аны доолаган жеңил да. Дагы бир жагдай жекече тыңчылык жүргүзүүчүлөрдүн жетекчилеринин өздөрү да сыртынан сыр беришпегени менен “Игроктун” өлгөнүн укканда өз жандарын коргоп, мындай коркунучтуу иштен алыс болгуча шашышты. Атын уккандын жүрөгү титиреген “Игроктун” башын быркырата аткан немелер үчүн кайдагы бир жекече тыңчылык менен жан сактагандар эмне болуп калыптыр.
    ххх
    - Убакытты өткөрбөйлүк. Бүгүн кеч күүгүмдө шаардан чыгып кетели, - деди Шаа Мырзага.
    - Колуңдун жаракаты жол жүргөндө ырбап кетпейби? Жок дегенде эки-үч күн күтсөк кантет. Октун жараты оңой болчу эмес эле - деди Мырза кантсе да жүрөкзаада болуп.
    - Жок. Ырбабайт. Бир жумага жетпей таза айыгат. Кылчактасак тигилерге баш-аягын жыйганча мүмкүнчүлүк түзүп коёбуз, - деди Шаа ишенимдүү.
    ххх
    “Москва-Алмата” маршрутундагы поездден түшкөн Шаа менен Мырза ээрчише таксилер турган жакка басып баратып Шаа токтой калды да шарт бурула вокзалдын аркы калың бактуу бурчун карай басты. Мырза үнсүз артынан ээрчиди.
    Бактын көлөкөсүндө чоң кара очки тагынган, башына парик кийип, такыр таанылгыс болуп өзгөргөн Фаризат турган эле.
    Тигилер аны көздөй түз жөнөшкөндө мени көрүштүбү деп чоочуп, кайта жөн эле басып келатышат го, орун которсомбу деп ойлоп, кайра таанышар бекен же тааныбай өтүп кетеби, тура берейинчи деген.
    Астынан тосуп чыкпаганы булардын артынан аңдуучу жок болду бекен сыртынан акмалайын деп, кантсе да башынан көптү өткөзгөндүк кылып саксынганы эле.
    Эгер аңдуучу жок болсо такси менен кууп жетип жолугушмак.
    Шаа түптүз басып келди да:
    - Биз башка жерден жолугушалы дебедик беле, - деди нааразы болгондой.
    Фаризат чыдамы кете Шаанын мойнуна асыла кучактай:
    - Мени кантип таанып койдуң? - деди акырын шыбырап.
    Шаа Фаризатты кучактап өзүнө тартып алгач алкымынан, анан эриндеринен аймалай өптү.
    Мырза өзүнчө эле оңтойсуздана тескери карап, кыңылдап ырдамыш болуп калды.
    Шаанын кучагынан бошонгон Фаризат Мырзаны да кучактап, согончогун көтөрө бетинен “чоп” дедире өөп койду да:
    - Кичине ийилип койсоң боло. Сага жетиш үчүн секириш керек тура. Бою чакан кыз менен сүйлөшсөң экөөңдүн тең шоруңар,- деп тамашалады шайырлана.
    ххх
    Үчөө кайра жолугушкандан бери өзүнчө эле көпөлөк болуп айланып Фаризаттын кубанычында чек жок.
    Эки жигит болсо сырттарынан сыр беришпегени менен ичтериндеги санаа өчпөй бушайман.
    Бир жолу Фаризат Шаадан сурап калды;
    - Мырзанын мүнөзү өзү эле түнтпү же ичинде айта албаган сыры барбы? Эмнегедир мага түнөрүп жүргөнсүйт, - деди.
    - Түнөрбөгөндө кантсин. Өмүр бою аркасынан түшкөн кожоюнунун тыңчыларынан коркуп, “качан таап тындым кылышат?” деп жүрүп жашап өтөмбү? Өзүм аз келгенсип булардын өмүрүн да коркунучка салып койдум, -деп кыйналып атат да, - деди.
    Фаризат башын Шаанын көкүрөгүнө жөлөй кыжаалат ойдо турду. “Баарын айтып таштасамбы же кичине күтсөмбү? Баарын айтып койсом, менден коркуп алыстагыча шашпас бекен? Жок. Бул жигиттер андайлардан эмес. Баарын айтайын деп чечти. Шаа Фаризаттын эркине койду. Чачтарынан сылай, моюнун сыйпалап эркелетип, өзү сүйлөгүчө унчукпады.
    - Баарына мен күнөөлүүмүн, - деп баштады Фаризат.
    Эмнеге Фаризаттын аркасынан сая түшүп кубалап жүрүшкөндөрүн. Азият деген ким болгонун. Бир ыйлап, бир сооронуп отуруп өз өмүрүн бүт төгүлүп айтып берди.
    Экөө таң аткыча кирпик кагып укташпады. Шаа Фаризаттын таржымалын тажабай угуп бир жолу да сөзүн бузбады.
    - Мен ушундай бейбакмын. Эми сен бүт билесиң. Кааласаң нан кармап карганайын эч нерсе жашырган жокмун. Эми мени жаман көрсөң да, жектесең да өзүң бил, - деди көздөрүнөн жашын кылгырта.
    Шаа үнсүз Фаризатты өзүнө тартып, алкымынан аймалай жыттады. Экөө өздөрүн жогото махабат жыргалына батып кетишти.
    - Фаризат, сенин артыңан куугунга түшкөндөр тоо арасына катылган байлыкты жалгыз сени гана билет деп ойлошуп жандары тынчыбай жатат. Эгер сенин азыр алпарып көрсөткөн күндө да кайсыл тоо, кайсыл капчыгай экенин таба албашыңды билишсе сенин аларга кенедей да керегиң болбой калат. Кайдагы бир аял үчүн алар каражат коротуп куугунтукка алышпайт. Демек, сенин эч нерсе билбешиңди аларга билдиришибиз керек. Бирок, кантип? Кандай жол менен? Алар биздин айтканга ишене коюшабы? Эң башкысы алардын жанын тынчытпаган нерсе бул тоо арасына катылган сан өлчөмү бизге белгисиз байлык. Ал байлыктын жиги билинип, түгөл колдоруна тиймейин биздин “билбейбиз” деп карганганыбыз түккө турбайт. Ошондуктан ойлончу Фаризат, сенден башка ошол тоону, ошол каргашалуу капчыгайды жакшы билген, так көрсөтүп бере алуучу бирөө-жарым болушу мүмкүнбү? Балким, жанагынча жүк ташыган жигиттердин бирөө-жарымы эсиңде калгандыр?
    - Мен ал жигиттердин эч кимисин таанычу эмесмин, - деп алып кайра Фаризат үнсүз ойлонуп калды да;
    - Шаа, эстедим. Ошолордун арасында “Молдо” деген кубаңдаган, тим эле шыпылдап турган бирөө бар болчу. Улуту же тажик же өзбек. Эки тилде тең жакшы сүйлөчү. Кийин аны “Ооганстанга качып кетти” деп Азият жинденип жүрчү. Ооганстандан башка жакка кача да албайт эле да.
    Так ошол “Молдо” тирүү болсо бүт билет. Бирок, анын тирүүлүгүнө ишенбейм, - деди Фаризат көздөрүн жайнатып.
    Мырза менен Шаа акылдашышты да Мырзанын кожоюнуна “факс” жөнөтүштү. “Урматтуу кожоюн, мени издетип каражат коротпоңуз. Фаризатты издеткенден да пайда жок. Ал сиз издеген тоо жөнүндө эч нерсе билбейт экен. Буга ишениңиз. Куран кармайм. Андан көрө бир учурда Азиятка жигит болгон “Молдо” аттуу немени Ооганстандан издетиңиз. Ал бүт сырды так билет. Жалгыз ошол гана калыптыр. Эгер тирүү болсо. Болбосо, эч ким калбаптыр. Эгер менин жайыма тынч койбосоңуз, мен өзүм сизге жетип жок кылууга аракет жасагандан башка аргам калбайт. Өмүр бою качкыча ушундай жол туура болот” - деп Сизди урматтаган Мырза,- деген кол коюу менен.
    ххх
    Үчөө ишенбеген менен бул кадамдары бутага тийди. Жанын коёрго жер таппай кыжынган “чоң кожоюн” бир жумада “Молдону” таптырды: Ал тирүү экен. Болгону бир бутунан айрылып чолок болуп калыптыр. Тим эле сайрап айтып берди.
    Бир айга жетпей кайдан-жайдан пайда болгон куралдуу боевиктер чекти бузуп, Ооганстандан өтүп келишти. Астыңкылары жол ачкан соң артынан элүүгө жакын эшек айдагандарды баштап “Молдо” келди. Катылган дүнүйө чып-чыргасы коробой өз ордунда экенине көзү жетип так кабар алган күнү “чоң кожоюн” Фаризат жөнүндө да, Мырза жөнүндө да таптакыр унутту. Андай майда-чүйдө менен алектенүүгө убактысы да жок болчу. Аларды куугунтукташ үчүн бөлүнгөн чыгымды жаап, “ишти токтоткула” деген буйрук берди.

    ххх
    Линин кызы түшүнөн чоочуп ойгонду. Муундары калчылдап коркуп калыптыр. Түшүндө өз атасы менен кошо сейрек чукчуйган ак сакалы бар чоң атасы келиптир. “Кызым, иш бузулду. Шаага сенин алың жетпей турган болуп калды. Ойлогон айла-амалдарың ишке ашпайт. Андан көрө өз жаныңды ала кач. Кытайдын түпкүрүндөгү майда шаарларга кирип кет.
    Жигиңди билгизбей өмүр өткөр. Өзүңө мураскор даярда. Мураскоруң да өзүнө мураскор даярдасын, ушинтип канча муун алмашат бир билсе Теңир билээр. Керек болсо Шаанын күчүнөн биз да сага байма-бай жолугушууга дарманыбыз жетпей баратат. Ал жыланды тапты. Колундагы китептин жарымысы менен жыландын кусуру биригип кетти. Анан да бизге белгисиз укмуштуудай күчкө эгедер болуп алыптыр. Демек, сенден бери дегенде он эсе күчтүү. Сен аны көрөрүң менен бүт акыл-эсиңди жоготуп, калтырап-титиреп китеп кайда экенин өзүң эле айтып коёсуң. Ошондуктан токтоосуз биздин тилди ал да, ишке кириш” - деп жатыптыр. Бул атадан балага, кылымдан-кылымга созулуп, кандан-канга берилүүчү күчтүү буйрук болчу. Муну мураскор кың дебей аткармак. Айтканды-айткандай так аткарып, талап-тартипти бузбас ишенимге ээ болгондор гана мындай иште мураскор болот.
    Ушул эле күнү жолго чыгыш үчүн даярдана баштады. Болбосо, өзү башкача план түзгөн. Шааны таап, аны сүйүп калган киши болуп, керек болсо китепти берип туруп анан жайлоону ойлогон. Аялдык карамүртөздүктү колдонгусу келген. Түндөгү түшү жөн түш эмес, бул аян. Демек, аны так аткаруудан башка арга жок.
    ххх
    Шаа Чолпон-Ата-Алматы жолундагы Көк-Ойрок ашуусунун туу белине чыкканда чыгыш тарап саргыч кызгылт түскө боёлуп, күн нурлары жаңы-жаңы чачырап келаткан. Бул жаңы жол али толук курулуп бүтө элек болгондуктан татаал экен. Эгер мингени “Нива” автомашинасы болбогондо ашууга чыга алмак да эмес окшойт. Өзгөчө Шаа келген Алматы тарабы чукул бурулуштары, бийиктиги менен айдоочунун жүрөгүн дүкүлдөтөт.
    Машинасын белдеги атайын жүргүнчүлөр токтоого ылайыкташтырылган жайыкка кайрып токтотуп, акыры жеттим дегенсип көздөрүн жума кичинеге отурду да анан эшикке чыкты.
    Мөңгү тараптан тоонун муздак жели уруп туруптур. Таза аба өпкөсүн жарып кете сактады. Тээ төмөндө чөйчөктөй болуп каралжын көгүш тартып Ысык-Көл жатат.
    Көл жээктей кереге тарта керилген Ала-Тоо кыркасы чалкалайт. Бүлбүл-бүлбүл “Молдонун-Чокусу” андан өйдө кадимки Хан-Теңирге улануучу асман тиреген чокулар мунарыктайт. Асманда үзүм булут жок, күн чайыттай ачык.
    Кайсыл тарапты көздөй бассам дегенсип кичинеге дендароо болуп туруп калды. Чыгышында уюган аппак мөңгүлүү белес жатат.
    Ашуу деңиз деңгээлинен 4000 метрге чукул бийиктикте болгондуктан туу белдеги жол кылымдардан бери эрибей жаткан мөңгүнү кесип өтөт. Куш араң учуп өткөн ашууну артып машина жолун салган адамдардын өжөрлүгүнө таңданганынан ичинен “Өмүрүндө бул жол менен Көк-Ойрок ашуусун ашкан да арманда, ашпаган да арманда. Чиркин, мындай кооз, жүрөктү дүкүлдөткөн бийик ашуу дүйнөнүн башка жеринде жоктур” деп эргип да алды.
    Анан колунан бирөө жетелегенсип тескей бет тарапка кыйгай жөнөдү. Тескей беттеги асманды карай сайылып, антеннача сороюп шуңшуйган-шуңшуйган аскалардын арасына кандай келгенин да билбей калды.
    Асканын арасына киргенде кулактары дүңгүрөп, жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Башын бирөө мыкчыгансып кысылып баратты. Чөгөлөп отура калды да ичинен ата-бабалардын арбактарына, Улуу Теңирге сыйынып жиберди. Башынын кысылганы токтоп, кулактарынын дүңгүрөгөнү басаңдай түштү. Асынган жол сумкасынан баягы кытай энеси берген бел боону алып чыгып белине оронду. Эрөөлгө чыкчудан бетер кош кылычын артына асынып, мойнуна талисманды салынды.
    Эми, жанагы дүңгүрөктүн баары токтоп өзүнө кадимкидей келе түштү.
    Ордунан кайра туруп жогорку асканы көздөй басты да, атайы даярдаган жайнамаздай таза аянтчага жайгаша малдаштокуна отуруп, колун көкүрөгүнө алаары менен кайрадан айланасы бир башкача дүңгүрөй баштады. Бул жолу башы кысылып, жүрөгү дүкүлдөбөдү. Дабыш сыртта болуп жатты.
    Алгач Кадыр атасы менен кытай энеси келип эки жагына отурду. Анан ак сакалын жайкалтып нур жүздүү аталар менен, ак элечек созулган энелер келди.
    Өзү сөздү эмнеден башташты билбеди. Тигилер да үнсүз кырка уй мүйүз тарта отурушту. Баары тегиз жерде отургансып каалгый отурушту. Оо бир топто барып Кадыр атасы сөз баштады.
    - Уулум, азыр сен ыйыктын-ыйыгына, ламалардын-ламасына кайрадан жолугасың. Мындай жолугушуу Улуу Теңирдин амири менен гана болчу иш. Сени Улуу Теңирим өзү колдосун! Бул жерге келгендердин баары сага ак тилек каалаган колдоочуларың, сага ак жол каалап келишти. Буга чейин да колдошкон, мындан кийин да колдошот. Баарыбыздын өтүнүчүбүз менен астыдагы жолугушуу болмокчу. Ушуну түшүн, - деди.
    ”Ырахмат ата” дегенчекти эле баары жок болуп кетишти да өзү жерден жай көтөрүлүп анан улам ылдамдай кайдадыр учуп жөнөдү.
    Өзүн жогото сактап барып эсине келгенде баягы үңкүрдөн жолуккан Ыйык Ламанын астында чөк түшүп отуруптур.
    Лама баягысындай эле жүзүнөн нуру жайнаганы менен көздөрүндө кандайдыр тынчсыздануу тургансыйт. Шааны тикирейе карап турду да:
    - Улуу Теңирдин амири менен кайра жолугуштук. Сен жакындаган чекке мындан бир нече кылымдар илгери да адам баласы жакындап келип кайра алыстаган. Себеби, Улуу Теңирдин өзүнө гана түшүнүктүүдүр. Пенделеринин басымдуу көпчүлүк бөлүгү туура ой жоруу агымына түшүүгө үйрөнө электендир. Улуу Теңир жолун түздөп ишаарат берген сайын адам баласы акыл-эстин түпкүлүгүнө, улуулугуна умтулууда. Ошол эле маалда тээ илгери жерге жаңы түшкөндөгү кандарында бүдүр болуп калган айбандыктын эпкин таасиринен да арылыша албады. Ак күч менен кара күчтүн тирешкени тирешкен. Пенде биригип ак күчкө ооп кара күчтү таманга басып коюуга жарабады. Балким, сендеги экиге бөлүнгөн китептин сыры ушул түйүндөдүр. Балким, сен ачкың келген сырдуу эшикте эмне үчүн адам пендеси арам менен адалды айра билүүгө акылы жетип, көзү көрүп турса да билмексен, көрмөксөнгө салып, күнүмдүк жашоого, тирүүлүктүн утурумдук азгырыгына кул болуп бүжүрөп өз абийиринин астында өзү жооп бере албай тепселендиде калгандыгындадыр. Бир жутум аба менен бир ууртам суудан кымбат да, таттуу да эмне бар болду экен? Жер бетинде тукуму үзүлбөй жашаган миңдеген жылдардын аралыгында бул суроо пенденин башында канча жолу уюп, канча ирет өз актыгын далилдеди? Деги пендеме кенендиги чексиз Улуу Теңирден дагы кандай ишаарат, түрткү керек?
    Шаа оозун таптап суроо бергиси келди. Ыйык Лама колун көтөрүп койду.
    - Сенин суроо бергиң келип турат. Аны билем. Бирок, суроо бербе. Мага берүүчү сурооңду өзүң чеч.
    Экөөбүз турган жердин касиетинин кусуру Улуу Хан- Теңирге байланышкан. Сендеги сырдын түйүнү да ушул ыйык тоодо. Адам баласы бир кезде ыйык сырдын босогосуна келгенде Улуу Тоого акаарат келтирген.
    Улуу Хан-Теңирдин койнундагы сыр ошентип ачылбай кала берген. Адамдар ушул кезге чейин эмне себептен ушул ак чокуга Хан-Теңир деп ат коюлган? Ким койгон? Качан коюлган? Сыры кайда? Жок дегенде кандайча Улуу Ыйык Тоо аппак пирамидага окшоп шаңкайып турат ушуга да терең ой жоруша элек. Демек, пенделердин дараметтери жете элек. Менин оюмча Улуу Хан-Теңирдин койнундагы сырга сен өз мезгилинен мурда жакындап келатасың. Эми бул да Теңирдин сыноосудур. Он сегиз миң ааламдын сыры катылган эшиктин ачкычы сенин колуңда. Ага баруучу жолдун жарымы да айкын. Жарымына жетишиң деле татаал эмес. Азыр сенде эң башкы чоң тоскоолдук өзүңдү-өзүң жеңишиң калды. Ал сенин ичиңде жаңы жаралып жакындан бери кошо жашай баштаган түгөйүң. Мен сага мындан башка айтарым жок уулум. Ансыз да шарттан тышкары көбүрөөк сүйлөдүм. Улуу Теңирим өзү кечирээр, - деди да, кош дегенсип оң колун көтөрдү.
    Шаа кайрадан зымырап учуп жөнөдү. Өзүнө келип көздөрүн ачканда баягы жайнамаздай жерде отурган экен.
    Тоонун муздак шамалы уруп туруптур. Өзүнө келип жеңилдей түшүптүр. Бул көптөн бери жан дүйнөсүн кыйнап издетип келаткан байланыш болчу. Балким, көптөгөн көкүрөк өйүгөн суроолорума жооп алармын деген. Жок. Болбоду. Суроонун чечилиш түйшүгү өзүндө кала берди. Ал түгүл көбөйдү.

    ххх
    Англис тилинде “буудай кууруп”, түш жоруп сайраган Мырза менен Фаризат турганда Америкага барып Линин кызын табыш кыйынга турбас деп өзүнчө даярдана баштаганда кытай энеси менен Кадыр атасы байланышка чыгышты. “Уулум, убара болбой эле кой. Кыз кайра Кытайга келди. Атын өзгөртүп түпкүргө түшүп кетти. Аны табыш өзүнчө түйшүк. Бирок, сендеги чогулган касиет» күчтүн таасири менен Теңир жолуңду ачса аны табышың деле кыйын эмес. Ошондо да кызды издөөдөн мурун ыйыктардын-ыйыгы айткан акылды кайра бир таразалап, өзүңдү-өзүң бир жолго коюп алчы” дешти.
    Боолгоп болсо да Шаа, китеп бириктирсе эле бүт түйшүктөн арылып, укумдан-тукумга уланып келаткан мурастык карыздан кутулуп, бейпил турмушта жашап калбасын түшүнө баштады.
    Ыйыктардын ыйыгы Лама айткан экинчи түгөйү ким? Кандай неме? Жүрөгү сезип жүрөт. Акыркы кездерде бир маселени чече албай чоң кыжаалат ойго түшкөндө өзү экиге бөлүнүп кетип, эки киши бет маңдай отуруп алып талаш уюштургандай таасирде калат. Дегеле ал түгөй биринчи - Шаага жакшылык каалап, өмүрү кылычтын мизинде турганына карабай өжөрлөнүп жүрүп жакындап калган максатына жардамдаш болуучу, экинчи - жакшы Шаабы же адамдын бейиштен куулуп чыгышына көмөктөш болгондордой немеби? Мына тамаша ушуну тактап ойлой элек тура.
    Өзүнчө жыргап күлүп алды. Эгер Линин кызы Кытайга келгени чын болсо Шаа Кытайда тим эле өз үйүндө жүргөндөй жүрөт. Туура, Кытай чоң өлкө, эли сансыз. Көгөрүп издесе таап деле алышы мүмкүн. Анын үстүнө өзүндөгү башка адамдарда жок касиеттер көмөктөш болот. Китепти бириктирсе жыландын ичиндеги ачкычтын сыры ачылып, ал ачкыч ачуучу эшикке баруучу жол белгилүү болот. Анан калганын көрө жатат да.
    Кайрадан эсине Ыйык Лама түштү. Кантип бул адам адамдарга кошула албай же миңдеген жылдар бою өлбөй “өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп элде жок” жашоого өтүп кетти экен? Жүрөгү “тыз” дей түштү.
    Балким мындан бир нече кылым илгери мен ачайын деген чекке так ушул ыйыктардын ыйыгы болгон Лама жакындаган болуп жүрбөсүн. Тобоо десең.
    Өткөндө “Урматтуу таксыр, Сиз эмне үчүн ушул жолду тандап алгансыз?” деген суроону тил учунда таптап турган. Кийин Лама да өзү сыяктуу адамдын ойлогон оюн айттырбай билээрин эстегенде уялып калды. Керек болсо андай касиетти так ошол Ламанын кусурунан албады беле.

    ххх
    Фаризат Шаанын адамдан өзгөчө жоруктарына таңданчу болду. Баягы түндө бүт өмүрүн айтканда “Бриллиант жылан” анын укмуштай өзгөчөлүгү, баалуулугу жөнүндө да айтып, керек болсо жанагы “чоң кожоюн” издеген тоого катылган наркотовардан да бир нече эсе кымбат болушу керек. Муну эч ким билбей, түшүнбөй жатышат. Эгер билсе ошол жыланды издешмек эле - деген. Шаа үн деген эмес.
    Бир күнү “Бриллиант жыланга” барып көрүп келбейлиби, ордунда жатты бекен? Балким, алып келербиз” десе, кайдыгер гана “Аны эмне кыласың Фаризат? Өз ордунда жата берсин. Колдон келсе андай жыланды ошондой үңкүрдөн козгобогон оң. Ал эми өзүң болсо ал жылан жөнүндө унут да экинчи эч жерде кеп кылба. Эч кимге оозуңдан чыгарба” деп койду.
    Сыртынан сыр бербеген менен Шаанын ичинде эмне деген улуу күрөш жүрүп жатканын түшүнүүгө Фаризаттын дарамети жетмек эмес. Өзүндөгү сырдын четин ачууга да Шаа акысыз. Ошондуктан кайдыгер көрүнгөн менен “Бриллиант жылан” кайда катылганын Фаризат айтып атканда ою менен ээрчип отуруп так билип алган. Эгер кааласа азыр өзү барып деле таап алууга кудурети жетет. Маселе “Бриллиант жыланды” колго кармашта эмес. Анын сыры өтө тереңде, түпкүрдө жатат.
    Фаризат жыландын кайсыл жерде катылганын айтып атканда Шаа жаткан ордунан каалгый, астынан кол өткүдөй көтөрүлүп барып кайра түшкөнүн Шаа туйганы менен Фаризат туйган эмес. Бул эбегейсиз күч болчу. Шаанын жүрөгү кысылып барып араң оңолгон. “Бриллиант жылан” азыр өзүнүн таасирине өткөнүн толук туйган. Эми аны Шаадан ажыратып кетишке Теңир өзү гана башка бир тең тайлашаарлык кудуреттүү күч жибербесе, өзүнөн өзү Азияттан Фаризатка өткөндөй опоңой башкага өтө алмак эмес.
    Так ошол Фаризат сырды чечкен түнү “Бриллиант жылан” жаткан үңкүрдөн күңүрт добуш угулуп, үңкүрдүн оозу “күр- р” деп урап түшүп бүтөлүп калды. Муну Шаа туйду. Кайгырган жок. Кубанды. Эки ташты жылдырып ачыш чоң эмгекти талап кылбайт да.
    Хан-Теңирдин чокусуна жакын ак мөңгүлүү тоолордун ортосундагы кайнаган ысыккөлчөнүн ортосунан ошол түнү оргуган ысык фонтан атырылып, ысык буу бүрктү эле ал ак булутка айланып, буладай созулуп Хан-Теңир чокусун көздөй шамал менен учту. Кочкордогу “Ара-Көл” термелип, көл жээктей боздоп чуркаган ак тайлакты айрымдар көрүштү.Бул эмне аян ким түшүнмөк.
    Шаа өзү ачууга улам жакындап келаткан сырдын учугу колуна тийгенден баштап аны улам тереңдетип изилдеп, босогосуна жетип, эшигин ачкандан жүрөк заада болуп сактануу сезими күчөдү. Өзүн башкалардан өзгөчөлөнткөн айрым касиеттерге ээ болгондон бери мындай өзгөчөлүктүн артыкчылыгында кайра түбү айланып өзүңө тийген оорчулугу көп экенин жон териси менен билүүдө. Теңир адам баласын жаратканда бир гана чексиз эркиндикти жеке башына берип, “калган бири-бириңерге болгон алаканы өзүңөр куруп алгыла” деген экен. Бул ичиңден эч кимге билгизбей ойлоо, каалашыңча кыялдануу эркиндигиң гана, андан башка эркиндик эч убакта болбоптур. Демократиянын үлгүсү деген өлкөлөрдө да, ал түгүл жеке адамдардын бири-бирине болгон мамилесинде да, ал түгүл эң ысык үй-бүлө эрди-катындын ортосунда да эч убакта ойлогонуңду ойлогондой сүйлөп, ойлогондой иштөө эркиндиги болбогонун, адамдар көп учурда бирди ойлоп башканы сүйлөөрүн билди. Адамдар дайыма бирин- бири мыйзамдуу да, мыйзамсыз да кысып, буйлалап тураарын түшүндү.Кылымдардан кылым өтсө да адам баласы өз ара алакадагы жөнөкөй мамилеге жетише элек. Таппай келишет.
    Эгер адамдардын так ушул жалгыз эркиндиги бузулуп, ойлогон оюң да баарыга белгилүү болуп, ачыкка чыкса эмне болот? Бул адам баласынын тукуму үчүн пайда алып келеби же адам баласынын ушул кезге чейинки акырындап этап-этабы менен өнүгүп келаткан акыл-эстеги жетилүү жолун талкалап кыйроого учуратабы? Бири ойлогон оюн экинчиси сүйлөттүрбөй билүүгө адамдар тегиз жетеби же бир катмары жетип, өздөрүнүн артыкчылыгы менен экинчи катмардын жолун тосуп бийлик жүргүзүп эзе баштайбы? Балким, мындай өзгөрүшкө биринчи жетүүнү көксөгөн күчтүү мамлекеттер муну мамлекеттик ишке айландырып жибериш үчүн өз кызыкчылыктарына басып алууну каалашса, мамлекеттер ортосунда кандуу кыргын чыгып кетпейби?
    Бул сырдын бир эле түйүнү. Астыда канчасы турат.
    Суроо сансыз. Жооп жок. Он сегиз миң аалам эмне деген кеңдик. Сырды ачуучу Шаанын орду кайда? Бул улуу сыр, улуу ачкыч, түбү кайыптан бүткөн элимдики экен деп элине берсе көтөрөөрү барбы? Пенденин ичиндеги акыл-эс, бийлик, байлык үчөө миллиондогон жылдардан бери биринен бири өйдөсүнүп, көкүрөк тиреп күрөшүп келатышат. Бирде акыл- эс жогору чыгып, бейпилдик келип жалпы пенде тынчтыкта өсүп-өнүп жашай баштаса аны көпкө узартпай бийлик кызыкчылыгы талкалап, тарпын ташына чыгарып акыл-эс тепсендиде калып, кирди-чыкты эси бар дардаңдар бийлеп сайрандайт. Андай сайран да көпкө узабай байлык өз чалмасын ыргытып жыландай сойлоп, ичтен да кирип, сырттан да кирип, азезилдей азгырып барып кучагына тартып, сыйкырлап ач көздүктүн, эки жүздүүлүктүн, арам оокаттын ашына жылма сүйлөп тойгузуп утурумдук кара курсак үчүн бийлигиңди да, акыл-эсиңди да кара баткакка оонаткандай оонатып, шалтактата булгап шылдыңдайт. Байлык астында бүжүрөтөт. Көрсө, Пенде тирешкени ушул үчөөнүн тең чексиз экенин түшүнбөйт окшобойбу. Акыл-эсте чек барбы? Байлыкта чек барбы? Бийликте чек барбы? Мен чегине жеттим деген барбы?
    Бул үчөө бирикпейт. Бириксе адам пендеси кайрадан бейиштеги жашоосуна өтөт. Кичинекей тоголок баштын ааламга батпаган түйшүгү ушунда окшобойбу?
    Шаа баарын бышырып даярдап апкелип, мына ушул үчөөнүн кимисине кул болуп жүргөндүн колуна улуу ачылышты салып бермек.
    «Эмнеси болсо да китепти бириктирип Хан- Теңирдин койнундагы сырдын жолун ачайын да, калганын бара көрөйүн” деп бир дүйнөсү жулунса, бири “токто- токто, алгач жүрөгүңдөгү санаанын жообун тап”- дейт... Тагдырдын кайчылаш жолунда акылдаш болоор кими бар? Чиркин ай, мынчалык мөгдүп туюкка камалган эместир. Өзү да эки эмес үчкө бөлүнүп, үч бөлүгү тең эмне кыларын биле алышпай ар жерде соксоюп отуруп калышкансыйт. Ичтеги баягы тирешип талашуу да жок.
    ххх
    - Шаа... Шаа биздин Мырза тымпыйып жүрүп эң бай адамдардан окшойт, -деп Фаризат көңүлдүү кыйкыра жүгүрүп кирип келди. Шаа ойго чөгүп жаткан. Фаризат колуна кандайдыр бир кагаздарды көтөрүп алыптыр.
    Аркасынан кошо кирген Мырза Шааны карап ийинин күйшөп койду.
    Ордунан турган Шаа;
    - Түшүндүрчү... - деди.
    - Түшүндүрсөм мындай, Мырзаны бир атактуу араб байы мураскор катары тандап, өзүнүн бүт байлыгын буга калтырыптыр. Интернет менен текшерсем чын эле ал адам дүйнөдөгү саналуу байлардын катарындагылардан экен.
    Эми бизге Лондонго учуп барып бул кагаздар аркылуу Мырзага бүт байлыкты которуп, каттатып коюу гана калды, - деди күлмүңдөй.
    Шаа кагаздарды колуна алып карап койгон менен англис тилин түшүнбөгөндүктөн окуй алган жок.
    Мырза өзү бул кагаздарды жанынан чыгарбай катып жүргөнү болбосо, маани-маңызына тиши өтчү эмес. Кандайдыр бир байлыкка ээ боло коёруна деле ишенбөөчү. Фаризат экөө англисче сүйлөшүп отуруп “Момундай кагазды түшүнүп окуй аласызбы?” - деп көрсөтө койгон. Фаризат болсо мындай иш кагаздарын чемичкедей чагарын кайдан билди.
    Шаа кубанган экөөнү карап туруп “Үстүңөрдөгү кара булут тарап кетиптир. Кейпи, чоң кожоюн силерди унутса керек” деп койду. Тигилер Лондондогу байлыкка жүрөктөрү дүкүлдөп жаткандыктан Шаанын сөзүнүн маанисине көңүл деле бөлүшпөдү.
    Шаа ичинен “ Теңир жолунун бузулбаганын кара. “Бриллиант жыландын” байлыгы жетиштүүлөрдүн колуна тийчү кылымдардан келаткан шарты бар эмес беле. Көрсө, сыры бул жакта тура”,- деди да, «Балким, көкүрөгүн өйүгөн жообу чечилбеген түйшүктүү суроолордун жообун табуунун мезгили келгиче Фаризат менен Мырза айткан күнүмдүк көрпенделик менен алектене турганым оңдур» деп ойлоду. Адам баласы үчүн аягы белгисиз улуу ачылышты ачууга саналуу кадам турган менен эгер касиеттүү Улуу Теңир өзү жар болбосо бир да кыймыл жасай албай турган сызыкка жеткен. Муну жүрөгү менен туйду.
    Эч нерсе менен иши жок тигил экөө азыр эле жолго чыккылары келип жээлигип турушкан. Көрсө, тирүүлүктө көрпенделиктин рахаты да, түйшүгү да бүтпөйт тура.

    Аягы. Бишкек-2005


    1
 
Страницы:  1 ... 44  45  46  

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2