Рахман уулу Бекмырза

Рахман уулу Бекмырза (1962-2008) - жазуучу, акын жана сүрөтчү. Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында 1962-жылы 19-октябрда туулган. 1979-жылы Жусуп Мамыр атындагы орто мектепти, 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.
1984-1991-жж. Баткен районунун “Чек” жана “Ленин” орто мектептеринде мугалим, класстан тышкары иштер боюнча директордун орун басары, 1994-жылы “Чалкан” журналынын башкы редактору, 1995-жылы “Күлкү” жана “Сүйүү” гезиттеринде башкы редактор, 1997-жылы “Аалам” гезитинде редактордун орун басары, 1998-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун Көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда кабарчы болуп иштеген.

Төмөнкү сүрөттө: автор жубайы Паша менен.

Анын чыгармалары райондук «Коммунизм үчүн» гезитине ырлары, макалалары басылып, студенттик кезде облустук, республикалык гезит, журналдарда жарыяланган.
Ал “Сен сүйгөн обон”, “Кадыр түн”, “Таңшы обон”, “Сезим кайрыктары” сыяктуу обондуу ырлардын жыйнактарын түзүп, басмадан чыгарган.
Б. Рахман уулу “Сүйүү”, “Күлкү” гезиттеринин уюштуруучусу жана редактору болгон. Мындан сырткары “Өрүк кыз”, “Жубайыма”, “Бир тал чач” ж.б. ондон ашык обондуу ырларды да жараткан.
2003-жылы тарткан сүрөттөрү боюнча Сүрөтчүлөр союзунан “Мыкты сүрөтчү-карикатурист” диплому менен сыйланган.
2005-жылы “Түгөлбай Ата” коомунун сыйлыгын алган.

Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]
Күн жүрүш: Ырлар жана пародиялар. – Б.: Элпек, 1999. – 94 б.
Министрдин кызынын махабаты: Роман. – Б.: Фест, 2002, 2003, 2004, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009. – 200 б.
Балекеттүү “Байтал” базар: Детектив. – Б.: Фест, 2002, 2007, 2008. – 109 б.
Алайдан чыккан атактуу ууз. – Б.: Фест, 2002. – 85 б.
Куйкум сөздүү куудулдар . – Б.: Фест, 2002. – 111 б.
Рэкет: Аңгемелер, повесть. - Б.: Фиеста-Бланка, 2002. – 150 б.
Төрөбек балбан: Тарыхый повесть. – Б.: Фест, 2003. – 147 б.
Негр бала, атаң кайда?.. Детектив. – Б.: Фест, 2004, 2007, 2008. – 223 б.
Кытайдан качкан келин. Повесть. – Б.: Фиеста-Бланка, 2005, 2006, 2007, 2008, 2009. – 157 б.
Моджахеддин кайгысы. Повесть. – Б.: Фест, 2006. – 126 б.
Камчы сап жана казына. Балдар үчүн жомоктор. – Б.: Фест, 2004, 2005, 2006, 2007, 2008. – 45 б.

____________



Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  ... 33
1-бап (28.01.2020 : 10:04:01)
    Бекмырза РАХМАН уулу
    Министрдин кызынын махабаты
    роман

    I бап

    1-бөлүм
    Онунчу классты бүтүргөн соң, аттестатты чөнтөккө салдым да, көптөн көп көрсөм деп эңсеген Бишкекти көздөй сапар алдым...
    – Жоробек, Жора ким? – деп чебелектеп, модалуу көз айнек тагынган, мини юбка кийген шумдуктуудай сулуу кыз автобекетке токтогон автобустун эшигинде турду. "Тосуп алабыз, коркпой келе берсин" – деп апамды ынандырган бир тууган таежемдин тоолуу Нарынды көргүсү келбеген эрке кызы Мадина ушул экенин байкадым. Таежездем – министр. Аты – Эмил. Мени тандаган окуума жөн эле өткөрүп коймок...
    – Мен...
    – Түш, кеттик!
    Эрке кыз мага тигиле да, таңдана да, сынай да караган жок. Кара, шиш такалуу туфлисин тарсылдата астыма түшүп, ылдам кетип баратты.
    Апам байкуш жесирлигине карабай "куру кол барганың уят" деп, курут, бир карын май салып берген. Азык-түлүк, кийим-кечелерим салынган ошол асынма сумка, окуу китептери шыкалган эски, кара дипломат салмагын салып, ылдам басышыма жолтоо болуп жатты. Жайкы аптаптуу күндүн ысыгынан улам денемден тер куюлат.
    – Бол, кыбырабай.
    Бизди кочкул күрөң түстөгү иномарка жол жээгинде күтүп туруптур. Рульдагы мени менен теңчамалаш аппак жүздүү, кырдач мурун сулуу жигит кабинадан элпек чыга калды да, машинасынын багажын ачты. Мадина:
    – Сал жүктөрүңдү, – деди буюра сүйлөп.
    Бак-дарактуу, көп кабат үйлөрү көп шаар ой-санаамды бийлеп алды. Жол бойлорундагы кооз дүкөндөр, катар тизилген түркүн түстөгү комоктор, базарлар, кымгууттанган ар түрдүү машиналар көздү азгырып, аларга кызыга карап бараттым. Мына, мен эңсеген, ак эткенден так эткен шаар! Жарашыктуу кийинишкен, келишимдүү бой-келбетине азгырган шаардыктарды көрүп, абдан суктандым. Буюрса, мен да шаардык болом!
    Алдыңкы орундукта отурган Мадина сигарет тутандырды. Кызгылт күрөң лак менен боөлгон узун тырмактуу манжаларына кыстарылган тамекиге чочулай көз жүгүрттүм. Тоодо кыздар тургай аялдардын тамеки тартканын көргөн эмес элем... "Таежем кандай турат? Жолдо кыйналган жоксуңбу?" – деп сурайт го деген үмүтүм ташкапты. Шаардык кызды апасынын туугандарынын жашоо-тиричилиги, аман-эсендиги, дегеле тоо тарапта да жашоо бар экендиги кыпындай да кызыктырбагандай көрүндү.
    Зыпылдап учкан иномарка беш кабат үйдүн алдына келип токтоду.
    – Тиги подьездден кирип, 3-кабатка көтөрүл, 12-квартира. Апам күтүп жатат, түш. Эрик, багажды ачып бер! – деди Мадина "бычокту" машиненин күлтүшүргүчүнө салып жатып...
    Мончого түшкөн таздай тердегенимди көргөн таежем чочуп кетти:
    – Ап-пей, Жоробексиңби? Мадина кана?
    – Бир жактарга кетти окшойт.
    – Кайда барарын айтпадыбы?
    – Жок, айтпады.
    – А өлүк-тиригиңди көрөйүн, жанагыл шыпааналарына дагы кетти окшойт! Кир, кирегой ичкери! Эжем кандай жүрөт? Ден-соолугу жакшыбы?..
    ...Тири укмуштуу жасалгаланган беш-алты бөлмөлүү үйдүн ичин көрүп, оозум ачылып калды. Бары-жоктун бардыгы турат. Бардыгы орду-ордунда, таза, жаңы. Таежем мага даярдаган бөлмөсүн, андан соң ашкананы, ажааткананы көрсөттү да, бир аз эс алган соң, чайга келишимди өтүндү.
    ххх
    ...Министр таежезде өтө кеч келди. Эки-үч солидный кишилер узатып алган. Абдан кызуу. Тигил жандоочулары жолуна түшөрү менен таежем мени жетелеп кирди.
    – Эжемдин баласы Жоробек келди, сага учурашам деп турат.
    – Жоробек?! Аа, чо-оң жигит болгон турбайсыңбы! Аз-замат! Келчи бери?
    Мени билектен апчый кармап, өзү отурган жумшак, кооз диванды карай тартты. Күтүлбөгөн булкуудан улам ал кишинин чоң курсагын таяна отуруп калдым. Бетимден калың эриндери менен балжырата-балжырата өптү.
    – Сатыкем алтын киши болчу! Азамат киши эле, ээ, Алма? Ошол кишинин чоң жардамы менен киши болгомун. Болбосо бир гөржаман болот элем! Сенин атаң менен апаң эт, май, курут ташып жүрүп Алма экөөбүздү окуткан, туурабы, Алмаханум? Мен эми сени окутам. Алтын киши, алтын киши, кайран гана алтын бажам! Сени юрфакка өткөрөм. Уулум болуп жүрөсүң! Менин доорумда дуулдап жашайсың! Бир-рөө-ө мышыгыңды "пыш" дебейт, уктуңбу? Бир-рөө-ө!.. А менин уулум жок. Мына бул таежең, энеңди урайын, "уул төрөйм, ана төрөйм, мына төрөйм" – деп жүрүп тажатты. Быйыл у-уул төрөп бербесе, токол алам! Жамишти алам!..
    Жамиши ким экенин түшүнбөдүм. Таежем гана:
    – Ачууланганда көтөрүлүп кетет, көңүл бурба, мас боло баштаган тура. Эмике, Эмике, жүрү эс алчы! – деп таежездеме үйрүлө калды. Мен жылып чыгып кеттим.
    ххх
    Шаарга келгениме бир жума болуп, көз көнүшүп, көңүл тынчтанып калды. Күндө түстүү телевизор аркылуу видиктен ар түрдүү детективдерди, боевиктерди көрүп жыргайм. Үйгө жакын жерде орто мектептин имараты жайгашыптыр. Эртең менен спорттук аянтчасына барып машыгам. Келип душка түшөм. Кыскасы, жыргал замандын бир четин көргөнсүгөнүм менен бирге тамактанып, бир үйдө жашасак да таежемдин кызы менен мамилем жылыбай койду...
    Бир күнү:
    – Жора, бас бери, – деди чукчуңдап. Кооптоно жанына басып бардым. Он, он беш мүнөт мурда үйгө түндө адаттагысындай кеч келгендиги үчүн таежем катуу жемелеген болучу. Ошол үтүрөйгөн калыбынан жазбай туруп:
    – Бул эмне? – деди.
    Жуунгандан кийинки көбүктүү самын суу ваннанын капортосунан болуп, көлкүлдөп туруптур. Карабасып, агызып жиберем деп жатып, эсимден чыгыптыр.
    – Унутуп калыптырмын, азыр...
    Ал мени жаман көзү менен жактырбай карап турду да, мурдун чүйүргөн бойдон басып кетти...
    Диванда окуу китептерин чачып алып, даярданып жатсам, бөлмөмө таежем кирди.
    – Жоробек, алтыным, Мадина Улуттук китепканага барчуумун деп жатат. Сен кошо барчы. Чогуу даярдангыла. Башка жактарга дейди басып кетип, кечээгиндей кеч келип жатат.
    – Барайын, таеже.
    Эрке кыз бир топ кармалып жатып, бөлмөсүнөн араң чыкты. Чыкты да мени табы сүйө бербей карап турду.
    – Жайкы жынсың жокпу?
    – Жок...
    – Жеңи чолок көйнөгүң барбы?
    – Ж-жок эле.
    – Ушул айылдык кебетең менен китепканага барасыңбы?
    Эң жаңы, жакшы деп эсептеген эки көйнөгүмдүн бирин кийген элем. Эмне кыларымды билбей мукактанып туруп бердим.
    – Мама, Жора менен барбайм!
    – Дагы эмне болуп кетти? – деп таежем ашканадан чыкты.
    – Современный кийинбейби, карачы кебетесин?
    – Көп жинге тийбе! "Бөйрөктөн шыйрак" чыгарганыңды токтот! Чыкыйып, сопсонун болуп турбайбы! Жөнө, жөнөгүлө!
    Министрдин эрке кызы канткен менен эпке көндү.
    Экөөбүз бийик карт дарактуу көчө менен китепкананы карай бараттык. Бишкек бак-дарактуу, күнөстүү, кооз шаар экен... Мадинанын жанагыл орой мамилеси гана көңүлдү оорутканы болбосо... Ал мени тоготмоксонго салып, эки-үч кадам алдыда... Мунусу кайра мага майдай жагып, өзүмдү эркин сезип бараттым...
    Куйругун араң жапкан мини юбкасы, узун, түз буттары, далысына түшкөн тармал чачтары өзүнө абдан жарашат экен. Кайкалай, ишенимдүү басышы канткен менен мени суктандырды. Кызыктыра басканды үйрөнүп алыптыр.
    Ал чочугандай шарт токтоду да, мага бурулду:
    – Акчаң барбы?
    Апам: "Алмага бекем каттырып коюп, четинен үнөмдөп пайдалан" – деп берген 3000 сомду таежеме берип, 100 сомун алып калдым эле.
    – Балмуздак жейсиңби?
    – Жок, таксиге жетсе болот.
    – Такси канча алат?
    – 30 же 40 сом.
    – 100 сомум бар.
    – Давай, Эриктикине барабыз. Классташтар бүгүн анын үйүндө чогулмакпыз. Бийлейбиз, көңүл ачып отурабыз?
    – Таежем урушат. Экзамендерге да даярданышыбыз керек...
    – Таежең дүрбү салып, карап отурат дейсиңби? Кеттик...
    Ал менин жообумду күтүп отурбай, чоң жолго жүгүрүп чыгып, такси тосо баштады.
    – Папам экзаменсиз эле өткөрүп коөт. Такси, такси!..
    Көп өтпөй каалгасы лакталган рейкалар менен кооздолгон эшиктин коңгуроосун басып турдук. Эмнегедир кооз эшиктин ачылышы тозок болду. Шарак-турак болуп жатты. Катары менен төрт-беш каалга ачылып жаткандай сезилгени менен, болгону экөө гана экен. Ичкеркиси – брондолгон. Чамасы кулпунун бири бузук сыяктанат. Мадинанын айтканына караганда үйдү ата-энеси Эрикке туулган күнү үчүн белек кылыптыр...
    Чачтары үрпөйгөн Эрик көрүнүп, мени сүйө бербей карады. Мадина экөө ооздорунан эки ирет өбүшкөн соң, аны өткөрүп жиберген ал саламдашыш үчүн сунган колумду жоопсуз калтырып, алдымды тороду:


    33
 
Страницы:  1  2  3  ... 33

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2