Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  4  5  ... 300
3-бөлүм (01.01.2020 : 09:57:08)
    3-бөлүм
    – Эй, көкбет, – деди апам бир топтон кийин мен отурган бөлмөгө кирип, – Тамак таштап туруп кеткен жаман болот.
    – Кызын жемелегенден ырахат алганчы? Жакшы болобу? – дедим мен да.
    – Тили чыгып калганбы? Тилиңди сайратпай, барып дасторконду жыйна, мен айран уютам.
    Эмне демек элем, оозгу бөлмөгө чыгып, дасторконду жыйнадым. Идиш жуудум. Үй шыпырдым. Полдорду мизилдете жууп чыктым. Көйнөгүмдүн этегин бири бирине байлап алган элем, пол жууганга эңкейгенде санымдын жарымы эле көрүнүп аткан. Көйнөгүмдүн да көкүрөгү ачык. Бир убакта астанадан эки буту көрдүм. Башымды өйдө кылсам көзүн кымыңдатып агам тиктеп туруптур. Эки көзү көкүрөгүм менен санымдан өтөт. Бир заматта мага аялдык наз орной калды. Көзүмө түшкөн саамайымды үйлөп, аны тиктеп жылмайдым.
    – Эмне болду?
    – Эч нерсе, – деди да жаныма келип, кулагыма шыбырады, -Түндүн киришин чыдамсыздык менен күтүп жатам.
    Денем өрт коюлгандай дүр эте түштү. Бетим алоолонуп, колумдагы пол жууган чүпүрөктү тиштегилей бериптирмин. Качан гана агам:
    – Бул пол жуугуч чүпүрөк, оозго салынбайт, – деп колумду ылдый тартканда гана өзүмө келдим. Агам күлгөн бойдон чыгып кетти.
    Бирок, ал күнү өгөй атама жайлоодогу жылкылары жоголуп кеткени тууралуу кабар келип, ал шашылыш жайлоого жөнөдү. А түнү апам коркоорун айтып, мага төшөктү өзү жаткан бөлмөгө салдырды. «Корккондо кыз керек болуп калат. Башка учурда желмогузду көргөндөй жаман көрөт да турат», деп ичимден сүйлөнүп, сыртымдан байкатпай төшөк салдым.
    Ошентип, агам экөөбүз Күкүк менен Зейнептей бири бирибизди кучактай албай, күндүз сырдуу көз караштарыбызды чагылдырып эле жүрдүк.
    Бир күнү эртең менен ойгонсом төшөгүм сууга чыланып калгандай эле чалпылдайт. Карасам, кан! Жүрөгүм түшүп, ыйлап жиберейин дедим. Кан алаамдан агып жаткандай. Эсиме кошуна улуу кыздардын айтканы урунуп, ар бир аялзатынын башына келчү нерсе мага да жеткенин билдим. Акырын туруп барып, шейшептердин бирин алып кайчылап, бир нече бөлүктөргө бөлүп, ич кийимди алмаштырып коюп алдым. Кан болгон шейшеп-төшөктөрдү кантип эшикке алып чыгып жуушумду билбей башым катты. Үйдүн артына кир жуучу чылапчын менен бир чака суу алып барып, бирөө-жарым көрүп калышынан сактанып, шашып-бушуп жууй салып, жайып койдум.
    – Эмне, сийип койдуңбу? – деди апам төшөктүн жайылып турганын көрөөрү менен.
    – Бектур эртең менен менин төшөгүмө жатып алыптыр, ошол сийип койду, – дедим төрт жаштагы иниме күнөөнүн баарын оодарып. Дагы жакшы, төрткө чыкса да сүйлөгөндү толук үйрөнө элек эле, иним унчукпай жаныбызда турду. Үнүмдү атайын бийик чыгардым, оозгу бөлмөдөгү агам да уксун дедим.
    – Аа, – деп койду апам уулунун чекесинен сылап, - Жаш бала да.
    – Камыр жууруй кал, – деди апам анан, – Таежеңдер келишет экен. Боорсок жасайлы, атаң да келип калса жакшы болмок, кой сойгонго.
    «Хе, атам имиш», – ичимден келекеледим, «Менин атам башка». Бул сөздү сыртымдан айта турган болсом угаар сөзүм белгилүү. «Кайсы кыйраган атаң бар экен? Ушунча жыл канымдан жаралган балам бар эле деп келип койдубу? Ар деген жок экен да сенде», – демек.
    Таежемди жакшы көрчүмүн. Анткени абдан ачык, шайыр адам. Мага чын дилинен көңүл бурган бир гана ошол таежем. Суроолорума жооп берип, акыбалымды байкап турат. Ошон үчүн кубанып, камырды эки айттырбай жууруп, ачыгандан кийин жайып, боорсок кыла баштадым. Апам экөөбүз алеки заматта бышырып алдык.
    Кечке жуук эжем менен жездем да келип калышты. Апам бир туугандарынын улуусу болгондуктанбы, же шаардан келатканда таенемдер жашаган айылга биздин айыл аркылуу өтүшкөндүктөнбү, эжем менен жездем дайыма бизге кайрылып, бир күн түнөп, анан таенемдердикине кетишет.
    Машине токтогондо баарыбыз жабыла сыртка чуркадык. Биринчи жездем түштү. Узун бойлуу, кара тору чырайлуу киши. Аскер жаатында иштейт. Кара көздөрү адамды тешип жиберчүдөй карайт. Булардын баш кошкону да кызык. Жездем эжемдин жакын курбусу Жаңыл деген менен жүрүптүр. Экөө үйлөнө турган болушуп, сөз бекитишет. Жаңыл менин эжем Айсараны курбу болуп жеткирип келүүгө көндүрөт. Жездем Оштун бир айылынан болот. Өмүрү барып көрбөгөн ашуунун ары жагындагы аймакка баруудан Жаңыл чоочулады окшойт да. Эжем да негедир буту тартпай, курбусунун көңүлүн кыя албаганы үчүн гана макул болуптур. Болжошкон күн келип, жездемдин достору эки машине менен келишип эки кызды отургузуп алып узак жолго чыгышат. Жолду катар жаштар шатыра-шатман болушуп ырдап-чоордошуп барышат. Төө-Ашуудан ашкандан кийин жай мезгили болгондуктан көк чөпкө тасмал жайышып, тамак-ашты жайнатышып, ал жерде эки-үч сааттай кармалышат. Эми гана баарын жыйыштырып, жуп жөнөшөрдө Жаңыл:
    – Менин ичим ооруп жатат, арыраак барып келейин, сен буларды алаксыта тур, артымдан барып калышпасын, – дейт эжем Айсарага.
    – Мен да сени менен барайын, карачы бул жагы тоо, бул жагы суу экен, эсиң чыкпасын, – деп эжем кыңырылса да, курбусу айтканын бербей:
    – Жок, сен мында бол. Сен жанымда турсаң ээн-эркин бошоно албайм, – деп өзү жапыз тоо тарапка бет алат.
    Бери жакта ардемени айтышып, каткырып жатышкан жигиттер Жаңылдын тоо таянып басканын эрөөн алышпайт. Алар кыздын ал тарапка эмнеге кеткенин айттырбай түшүнүшкөндөй. Бир гана эжем тоо кыялап чыгып бараткан курбусунун карааны тоонун аркы тарабына эңкейип көрүнбөй калгыча, алда-немеден шек санагандай карап турат. Ошентип, арадан жарым сааттай убакыт өтөт. Жаңыл келбейт. Дагы жарым саат күтүшөт. Келинчектен кабар жок. Ошондо гана жаштар санааркашып, ар кимиси тоонун ар кайсы жагын карамайга жөнөшөт. Аңгыча күн байланып, кеч кирет. Күүгүм кирген сайын аркайган тоолордун сүрү артып, ансайын жүрөктөрүн түшүрөт. Төрт-беш саат издеп суй жыгылышкан жигиттер акыры машиненин жанына топтолушат.
    – Ит-пит талап кетпеди бекен? – дейт бири.
    – Карышкыр жок беле бул аймакта? – экинчи жигиттин сөзү Айсаранын ансайын үрөйүн учурат.
    – Аң-паңга кулап кетпедиби, бардык жакты жакшылап карадыңарбы? – деген азыркы менин жездем, ал убактагы Жаңылдын болочок күйөөсү Эркин да тамекини дембе-дем тартып, ыраңы бозоруп, жаак эттери калтырайт.
    Жигиттердин бири тоо таянып түшүп келатты. Аны көрүп беркилери жакшы кабардан үмүт кылышып, жакындап келишин чыдамсыздык менен күтүштү.
    – Малик, эмне болду, кабар барбы? – деп кыйкырышты.
    – Кое тургула, суу барбы, суусадым, – деди Малик Айсарага карап, – Мага суу берчи.
    – Кое турчу сууну, сен биринчи айтчы, бирдеме биле алдыңбы? – санаасынан ынтыгып турган Эркин досунун жайма-жайлыгына жарылып кете жаздады.
    Малик аны укпагандай Айсара берген сууну иче берди. Эркин ачуусу менен бөтөлкөнү бир койду эле, Маликтин колунан ыргып жерге кулап, ичинде суусу жер жайылды.
    – Эмне болуп атасың, Эркин?! Аял алам деген сен, кыз менен сүйлөшкөн сен, аның жарым жолдон качып кетсе, мен күнөөлүүмүнбү?! – деп Малик да силкинди.
    – Кандайча качып кетти? Биз аны ит-кушка жем болдубу, же аңга кулап кырсык чалдыбы, эртең ата-энесине кантип жооп беребиз деп эсибиз чыгып атат, – деп дагы бир жигит эси оой тиктеди. Калгандары да анын сөзүн колдошконсуп баштарын ийкеңдетишти.
    – Тээтиги тоонун ары жагында жалгыз чабандын боз үйү тигилип турганын көрдүңөр беле?
    – Ооба, – хор менен чурулдашты.
    – Мен ошол жакка бардым. Чабан менен аялы бирдемени жашырышкансып, көзүмө карай албай узаткыча шашышты. Боз үйүнө кир деген да жок. Болбосо булардын сырын жакшы билем, сырттан келген конокту үйүнө киргизип, кымыз ичирмейинче кетиришпейт. Булар болсо кымыз да сунуштай алышпады.
    – Ии, анан?
    – Анан эмне, Жаңылды үйлөрүнө катып отурушат. Ал биз тууралуу эмне айтканын билбейм, балким уурдап баратышат дегенби, айтор, мени шектүү карашты.
    – Сага кымыз бербей коюшса эле Жаңыл ошонукунда болуп калабы? Кызыксың деги.
    – Бул жерде тура берген болбойт. Жаңыл өз тандоосун жасады. Шаарга кайттык. Тандоосун бизди ушунча убара кылбай эле шаарда жасаса бирөө сабамак беле. Акыры демократияда жашайбыз, ким кимге эрге тийет, өзү билет го, – деп нааразыланып сүйлөнгөн Малик машинеге басты.
    – Мен эч кайда кетпейм! Балким, ал чабандын үйүндө кымыз жоктур. Балким үйүнө кир дебегенге башка себеби бардыр. Үйүнө киргизбеди, кымыз бербеди деп эле Жаңыл ошол жакта деп чечип кетип калсак, ал бул жерде бирдеме болсо эртең соттолуп кете турган акыбалым жок! – деп Эркин башын чулгуп, досторуна каардана карап, ары басты.


    298
 
Страницы:  1  2  3  4  5  ... 300

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2