Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1 ... 298  299  300  
300 (21.01.2020 : 10:07:40)
    20-бөлүм
    – Жардам бериңиз. Кош бойлуу келин эсин жоготуп койду!
    Ал чуркап келе калды. Эки жактан Сайкалды алып түштүк. Көзү аңтарылып, чын эле эсин жогото баштаган болчу. Маичилер айттырбай эле абалды түшүнүштү, ушунча кубалап келишкендерине өкүнүшкөндөй, машинелерин көздөй бет алышты. Бири мага бурулуп,
    – Мындан кийин катуу айдабаңыз. Башка бирөөнүн кырсыкташына себепкер болуп калбаңыз, – деди.
    – Макул, макул, – деп башымды ийкеңдетип, кызымды эртерээк дарыгерлердин колуна тапшырууга жанталаштым.
    Ал күнү төрөтканада болдум. Алмаз да уга калып жетип келди. Экөөбүз кечке чейин, андан соң таң аткыча ошол жерде отурдук. Түнкү саат бирден өтүп дарыгерлер уруксат сурашты, өзү төрөй албайт, операция жасашыбыз керек деп. Документке кол коюп бердим. Таң атаарда гана дарыгер чыкты операция бөлмөсүнөн. Анын алдынан үмүттүү утурладым.
    – Колубуздан келгенди жасадык. Баланы аман алып кала албадык. Аба жетпей тумчугуп калыптыр, – деди алаканын жайып. Мен саамга сенек болгонсуп, аны тиктеп катып калдым. Андан кийин гана мага айтылган сөздүн мааниси жеткенсиди. Балага ичим ачышса да, Сайкалдын аман калганына кубанып турдум. Көңүлүбүздү жай кылып, кызым реанимациядан палатага которулгандан кийин гана үйгө кеттик.
    Дастан карындашынын абалын угуп, үйгө келди. Биз чогуу ооруканага барып жаттык. Ошондой күндөрдүн биринде жолдо баратып жанымдагы эки эркекке качантан бери ойлоп жүргөн оюмдун чекесин чыгардым.
    – Азатты алайын дедим эле, кандай кылсам болот?
    Экөө эки жактан кыйкырышты.
    – Эң туура! Алыш керек! Бала энеси менен өссүн.
    – Кыйкырганыңардан эч нерсе чечилбейт. Асылбек аны мага бербейт. Бир жолун табыш керек болуп жатат.
    – Биринчи мурдагы күйөөңө жолугуп, жай сүйлөшүп көр. Бала чоңойуп калды, мени менен болсун, сага да катташып турат деп айт. Ага болбосо, анда бир жолун табабыз, – деди Алмаз.
    Сайкал жакшы болуп, ооруканадан чыккандан кийин Асылбекке жолугууга үйүнө бардым. Мага бул үйгө жарым метр жакын келбе деп тыюу салган болчу, а азыр жарым эмей эле, жарым кадамдан да аз жакын келип, дарбазаны тыкылдаттым. Калп айтпайын, жүрөгүм дүкүлдөп жатты. Эмне дээр экен, эшикти көздөй дыргаяктатып кубалабас бекен деп. Баягы ажырашканыбыздан кийин Асылбек менен жолугушуудан качып калгам. Кебетесин көргүм келчү эмес. Кайтаруучу эшиктин тешигинен тиктеди.
    – Сизге ким керек?! – андан бери көп жыл өттү да, мен тааныган кайтаруучулар алмашкан окшойт.
    – Асылбекке келдим. Айтып койгула Ханум келди деп, – дедим үнүмдү катаал чыгарып.
    – Шеф үйдө жок! – деди кайтаруучу.
    Жок болсо ырас болуптур, күтө турам деп ойлодум да, дарбазанын алдында тура бердим. Беш мүнөттөн кийин дарбазанын эшиги ачылып, кайтаруучу жигит көрүндү.
    – Бул жерге турганга болбойт. Алысыраак барып туруңуз! – деп ороңдоду.
    – Эмнеге болбойт экен? Кудайдын берген жери го! Же дарбазанын алдынан бери менчиктештирип алдыңар беле? Мынча болду дарбазанын алдындагы аба менен дем алууга да болбойт деп жазып койбойсуңарбы, – дедим мен да жөн калбай. Ачуум келип кетти да.
    – Барыңыз, ары туруңуз, – деп түртө баштаса болобу. Ачуум шакардай кайнап, эки бутунун ортосуна бир тептим эле жигит чөгөлөй калды. Анысынан пайдаланып, дарбазанын ичине чуркап кирип, үйгө бет алдым. Учуп-күйүп келатам. Мейли, эмне кылса кылсын, көп болсо бейбаштык кылды деп милициянын колуна салып берээр. Ушунча жылдан бери уулумдан алыс жашап келатам. Эми колума алсам, мурдагыдай эмне жеп, эмне ичип жатканы менен ишим жок көңүл ачып жүрө бербей, бардык мээримимди төгүп, жакшынакай эне болбосом, карап тур.
    Үйдүн каалгасына жетип калганымда дарбазанын оозунан кайтаруучу жигит көрүндү. Ал көзүнөн заарын чачыратып бар күчү менен мага чуркап келатат. Кармап алса эки чайнап бир жутуп койчудай кебетеси бар. Мен да каалганы шак ачып, тапырап чуркап кирип бардым. Жаңы эле эшикте эмне ызы-чуу болуп жатканын билгени шыкаалаганы келатканбы, Асылбек эшикин оозуна жеткен экен, анын так курсагын сүздүм. Бир топ эт байлап калыптыр, курсагы өйдө-ылдый титиреп барып, көптө гана ордуна келди. Ал мени тиктеди, мен курсагын тиктедим. Бийлеп жатканы кызык көрүндү да.
    – Сенби?! – деди таң кала карап. Убакыт өзү эмнени болсо да унуткузуп коет окшойт, ажырашкандан кийин жарым жыл, бир жылдан кийин ушинтип үйүнө чуркап кирсем, кайра артыма карай кубалашы толук мүмкүн эле. Азыр эми арадан көп убакыт өтүп калганга анын да ачуусу тарагансыдыбы, таң калганы менен катуу айткан жок.
    – Сен эмне кылып жүрөсүң? – дегиче кайтаруунун тапыраган дабышынан жакын калганын туйдум да, Асылбектин артына өтө калдым.
    – Тигиниңден мени куткарып кал! – дегенге гана үлгүрдүм, сырттан же ачуусунанбы, же чуркаганынанбы кыпкызыл болуп алган жигит кирди бышылдап.
    – Силерге эмне болду куушуп? – деп Асылбек бизди таң кала карады.
    – Ким келсе да жокмун дебедиңиз беле, анан бул эже сизди сурап келгенинен үйдө жок десем, мени тээп жиберип, чуркаган бойдон кирип кетти, – деди жигит шалбырап.
    – А, жигит болбой куруп кал, аялдан тепки жеп, анан киргизип жибердиңби? Бандиттер келсе өзүң эле куйругуңду кыпчып качып бересиң го э? – деди Асылбек каардуу карап. Анан мага бурулду.
    – А сен мурдагы эле репертуарыңда экенсиң. Дагы деле ар кимди муштап басып жүрөсүңбү?
    – Муштай тургандарды мушташ керек, – дедим мен да анын далысынан чыга калып. Кайтаруучу экөөбүздү алмак-салмак карады.
    – Мен кете берейинби? Же бул эжени кошо ала кетейинби? – деп сурады Асылбектен.
    – Биздин сүйлөшө турган сөзүбүз бар! Сен бара бер! – дедим мен туурадан чыга калып.
    – Сен абдан кыйын болуп кеткенсиңби, менин үйүмдө туруп алып менин кызматкериме буйрук берип... – Асылбек башын чайкады. Анан кайтаруучу жигитке бурулду.
    – Мейли, бара бер, бул жомокчунун жомогун угайынчы. Өзүм да канча жылдан бери укпай зеригип калдым эле. Кана, эми кулагыма даярдап келген кесмеңден иле бер, – деп мени шылдыңдагандай карап алып, залга баштады. Баягы тааныш үй. Мен бар кездегиден эч нерсе өзгөрбөптүр. Бир жерине да ремонт жасалбаптыр. Аялы анча деле тиричиликке жакын эмес чыгыптыр деп ойлоп койдум. Бул шордуунун камчысына мен сыяктуу эле көчөнүн аялдары туш келет окшойт да.
    – Азатты мага бер, – дедим адегенде эле маселени кабыргасынан коюп. Ал кашын серпип алды. Бирок, толугу менен оюн айтып бүтсүн дедиби, унчукпады.
    – Сен үйлөндүң-жайландың, өзүңдүн балдарың да төрөлгөндүр. Азатты энесинен ажыратпай эми мага бер, – дедим. Ал мени карады.
    – Энеси ким? Сенби? Сени эне деп атаганга болобу, чындыкты тике карап туруп айтчы? – деди.
    – Кандай эне болсом да Азатты мен төрөдүмбү, ошол жетиштүү, – дедим кыжырым келип.
    – Ит деле тууйт, күкүк деле жумуртка басып чыгарат. Күкүктү эне деп айтканга болобу?
    – Кой, көп философтоно бербей, ачыгын айтчы, бересиңби, же жокпу? Билип кой, мен эми видео-сидеоңдон коркпойм, мага демектен чоң көчөгө илип кой. Баары бир уулумду алам. Бул мага эмнеге турса да, иши кылса алам! – дедим чечкиндүү. Асылбек мени саамга башкача карады. Мен сөзүмдү уланттым.
    – Кызым менен эмне кылганыңды жакшы билем. Өгөй болсо да кичинесинен көз алдыңда чоңойгон кыз эле, аны эмне кылдың? Сенде уят барбы? Сотто ушуну айтам да сени баланы тарбиялаганга моралдык укугу жок кылып чыгарам!
    Асылбек селт этти. Көзү кыпкызыл болуп кетти.
    – Ал кичинекей сойкуң сага эмне деп айтып барганын билбейм, бирок эмне иш болсо да баарына өзү күнөөлүү! Ал керек болсо сени сатты! Эми мени сатыш оңой эле! – деп кызаңдап ордунан тура калды.
    – Мен баарын билем, андыктан айтып берип убактыңды коротпой эле кой. Жаш кыздын башын айландырып, мага каршы чыгууга сен үгүттөгөнсүң.
    – Менби? Ал жаш кыз бекен э? Ал эч кандай жаш эмес. Биттин ичегине кан куйган жемкемпир. Билип ал кызыңдын ким экенин! Анан да кызым дебей эле койчу, багып алгансың да башкадан.
    – Сен мен атайын келген маселеге өт. Өткөн иш өттү, мен силердин эмне кылганыңарды чукуйун деп келген жокмун. Азатты бересиңби?! – деди акшыя карап. Асылбек башын чайкады.
    – Бербейм! Сен баланы туура эмес тарбиялайсың. Ушунча жыл сенсиз жашап сопсонун эле чоңойуп жатат. Баланын психикасын бузуп, ушунча жылдан кийин мына, сени эми энеңе бердим демек элем. Аны канча жылдан бери көрө элексиң, эне болсоң келет элең го, – деди. Ал менин күн алыс мектепке уурданып барып жолугуп жүргөнүмдү билбейт болчу да.
    – Күн сайын эле көрүшүп жүрдүк. Мен мектебине барып эле турам. Мына азыр да ошол жактан келатам, – десем бир бозоруп, бир кызарып туруп калды.
    Биздин сүйлөшүүбүз натыйжа берген жок. Асылбек такыр баш тартып туруп алды. Баланы бербейм дегенден башканы айткан жок.
    – Анда сот аркылуу сүйлөшөбүз, – дедим да чыгып кеттим.
    Эми кандай кылсам экен деп ойлонуп бараттым. Алмаз жолдо күтүп туруптур, машинемди көрүп, жол жээгин утурлай басты. Экөөбүз чогуу келген элек да, анан Асылбектин үйүнө жетпей, түшүрүп кеткем. Ошол жерден күтүп турмак болгон.
    – Эмне болду? Сөзгө келдиби? – деди машинеге отуруп жатып.
    – Жок. Мен ойлогондой болду. Такыр уккусу жок, – дедим ойлуу.
    – Эч нерсе эмес. Менин бир жакшы адвокат досум бар, азыр ошондон суранабыз, – деди.
    Биз адвокатка барганда Алмаз алдын ала айтып коюптур, бизди эле күтүп отурган экен. Мен ага баарын айтып бердим. Столду тыкылдатып, башын ийкегилеп угуп отургандан кийин мени суроолуу тиктеди.
    – Сенин үйүң, баланы татыктуу жашоосуна шарт түзө турган бардык мүмкүнчүлүгүң барбы?
    – Жок, – дедим, кайра шашкалактап, – Бар! Бар! Айылда үйүм бар.
    Кайсы айыл дегенинен атын атасам билет экен, кабагы салына түштү.
    – Ал жарабайт. Ал деген айыл эмес, дача да. Каттоого турууга болбойт, жакын арада мектеп, оорукана жок. Шаарда үй-жайың жокпу.
    Мен башымды ылдый салаңдатып башымды чайкадым.
    – Кайгырба, бир жолун табабыз, – деп Алмаз экөө эки жагымдан чыгып сооротушту. А менин үмүтүм өчө баштады. Чын эле, айылдагы үйүмдө баланы кантип чоңойтсо болот? Эки жагын актап-сырдап, бир топ түсүнө келтирип койгонум менен кебетеси ошол бойдон эле турат да. Урап түшчүдөй болуп бир жагына кыйшайып. Кышында жылытыш кыйын, а жай ал жакта жыргал. Бирок, биздин өлкөдө дайыма жай болуп турбагандан кийин, балага кышта да шарт керек эмеспи. Ар кайсыны ойлоп жатып башым ооруп чыкты.
    Түнү менен ойлонуп, таң атаарда бир чечимге келдим. Чечим деп айтканга болбойт, ой пайда болду да. Бирок, аны ишке ашыруу үчүн Азаттын макулдугу керек эле. Эртең менен ойгоно калып, уулумдун мектебине жөнөдүм. Классын такылдатып, мугалиминен жарым саатка уруксат сурадым. Мугалими мени жакшы тааныйт болчу, Асылбек экөөбүз ажырашып кетип, бала энесиз чоңойуп жатканын да билчү. Атасынын мени менен жолугушуусуна тыюу салганын Азат ага айтып коюптур, ошондон бери биздин жолугушуп, сүйлөшүүбүзгө шарт түзүп берип келатат.
    – Балам, сен чоңойуп калдың, бир маанилүү маселени сени менен сүйлөшүп, чечиш керек болуп жатат, – дедим каадалуу кишидей кылып. Ал башын ийкеди.
    – Айта бериңиз, апа, мен баарын түшүнөм.
    – Атаңды жакшы көрөсүңбү?
    Бир топко унчукпай жер тиктеп калды.
    – Жер тиктебе, балам. Сен деген эркексиң, эркектер жер тиктебей ичинде эмне болсо айтышат. Кана, айтчы, атаң менен жашагың келеби, же апаңбы? – дедим.
    Ал моюнумдан кучактады.
    – Сени менен жашагым келет.
    – Менде атаңдыкындай көп акча жок да, сен каалаганды сатып бере албай калышым мүмкүн. Ага да чыдайсыңбы?
    – Акча болбосо да сен болсоң болду мага, апа. Атамда акча көп, бирок аны мен көп деле көрбөйм. Жумасына бир жолу көрсөм көрөм, көрбөсөм жок. Эртең менен мен мектепке кетип жатканда уктап жаткан болот, ошону менен мен уктап калганда үйгө келет. А мен дайыма менин жанымда жүргөн аталуу, же апалуу болгум келет, – деди ыйлап жиберчүдөй мурдун шуу тартып. Жүрөгүм ооруп кетти, аны боорума кыстым. Анан акырын дагы сурадым.
    – Дагы бир нерсе сага айтышым керек. Мага кеткениңден кийин атаңды ошол бойдон көрбөй калсаңчы, ага да макулсуңбу?
    – Макулмун. Ансыз деле аны көрбөйм го чогуу жашасам да, – деди чоң адамдай токтоо.
    Азат менен сүйлөшкөндөн кийин терең дем алып, ойлогон оюмду ишке ашырууга Сайраштыкына жөнөдүм. Коңгуроону бассам мен тилегендей эшикти Азат ачты. Аны карап эле катып калыптырмын биринчи жолу көргөнсүп. Менин балам азыр бет алдымда турган кишинин кудум көчүрмөсү экен да. Көзү, мурду, кашы, оозу, карашы, баары. Ал да мени тиктеп калды тилин жутуп алгансып. Биринчи болуп мен эсиме келдим.
    – Сайраш жокпу? – дедим.
    – Жок эле, иштери менен кеткен. Кеч келет, – деди мени кете берсин дегендей кылып. А мага ушул эле керек болчу да. Сайраш жок, Азат барга туш болуп калсам экен деп тилендим эле.
    – Жакшы. Анда, мен кирейин, жолдон качасыңбы? – дедим сүзө кирип. Ал болсо,
    – Мен бир жакка кетейин деп жаткам да, – деди шашылып. Карасам чын эле көчөгө чыкчудай жасанып кийинип алыптыр.
    – Мен бир тууган сиңдимдин үйүнө келдим. Кетсең кете бер, мен мына ушул жерде отуруп Сайрашты күтүп турам, – дедим.
    – Сайраш бүгүн келбейт...
    Бул эмнеге эле мени кетиргиси келип жатат. Же, жабышып кирет деп коркуп жатабы. Буга деген сүйүүм алда качан өчүп калганын билбейт окшойт.
    – Иштеп жатасыңбы? – дедим анын айтканын укпагандай реакция кылбай.
    – Ооба, азырынча Сайраштын бизнестерин эле жылдырып жатам.
    – А, Сайраштын биринчи эринен калган бизнестердиби? – дедим мен да атайын чукуп сүйлөп. Ал унчукпай калды. Мен залга кирдим да, диванга бутумду кайчылаштырып отурдум.
    – Мен жеп албайм, отур бул жерге. Маанилүү сүйлөшүү бар, – дедим кебетемди олуттуу кылып. Ал шашкалактап бир саатын, бир эшик жакты карап жатты.
    – Эмне сөз? Айта бер, кулагым сенде, – деди мени тиктебей туруп.
    – Менин уулум бар Азат деген.
    – Хы, Сайраш айткан, уулуна сенин атыңды коюп алган деп.
    – Андан башка эч нерсе айтпадыбы?
    – Дагы эмнени айтышы керек эле?
    – Мисалы, уулу сенин көчүрмөң деп.
    Селт этип мени карады. Өңү кубулуп кетти боор ачуучудай болуп. Мен аны карап андан ары сөзүмдү улантадым.
    – Эмне дедиң кайталачы? Эмне балаң мага окшошпу? – деди жылмайымыш этип, -Мени катуу сүйгөнсүң го э?
    – Сүйгөнүм үчүн сенден уул төрөдүм да, – деп балп эттирип таштадым. Мен азыр Азат кыйкырып, өкүрүп, менин балам эмес, дооматыңды артпа деп айтат деп күткөм. Дайыма эркектерден ушундай реакцияны көрө берип көнүп бүтүптүрмүн да. Бирок, Азат андай кылбады. Өңү гана кубулуп отурду, биринчи агарды, анан барып кызарды, анан кайра купкуу тартып, эриндери титиреди.
    – Чынбы? – деди көзү алайын, араңжан үнү менен. Мен анын эмнеге минтип жатканын түшүнбөдүм.
    – Чын, – дедим негедир мен да шыбырап.
    Башын мыкчып диванга менин катарыма отура калды. Мен аны сооротууга кириштим.
    – Азат, бала чоңойуп калды. Ага памперс тагып, көтөрүп ойнотуштун кереги жок. Мектепте алдыңкы окуучулардын бири. Мен муну сага айтпайт болчумун, бирок аргасыздык болуп жатат. Азатты менин мурдагы күйөөм өзүмдүн балам деп билет. Бир канча жылдан бери уулумду мага бербей, жолуктурбай келатат. Аны алыш үчүн сенин жардамың керек. ДНКны текшертип, сенин балаң экенин гана далилдеп бер. Андан кийин дооматым жок, мен Сайрашка эч нерсе деп айтпайм. Баламды өзүм эле чоңойтуп, окутуп-чокутуп алам. Сага такыр оордугу тийбейт, – дей бердим. Акыркы үмүтүм болуп ушул калганга бар күчүмдү жумшадым ыкка келтирүүгө. Бир убакта Азат башын көтөрдү. Көзү кызарып кетиптир, кычыгында жаш турат.
    – Ханум, мени баладан баш тартат деп ойлоп жатасыңбы? Тескерисинче, мен абдан бактылуу болуп турам. Менден алыстатам деп ойлобо, артыңдан ээрчип жүрүп болсо да баламды өзүм чоңойтом!
    Анан айтып берип жатпайбы, көрсө, Азат биздин жолдорубуз эки башка жолго түшкөндөн кийин катуу ооруп калыптыр. Суук тийип. Көрүнбөгөн дарыгери калбаптыр. Акыры айыгыптыр, бирок урук бези жарабай калыптыр. 5 пайыз гана уруктугу жандуу имиш. Иши кылса, анын медициналык терминдер менен айткан сөздөрүнөн ушуну түшүндүм да.
    – Аялым кетип калды. Баягы сен мага алып берген аялым. Менин балалуу боло албашымды билээри менен түйүнчөгүн түйдү. Жок, менин түйүнчөгүмдү түйүп колума карматты. Көңүлүмдү жалаң ишке бурдум. Башка министрликке кирип иштей баштадым. Карьерам жакшы кетти, анан Сайраш менен табышып алдым. Мунун бизнестери көп, бирок аны кантип алдыга жылдырышты билбейт. А менде билим, жөндөм толтура. Анан мамлекеттик кызматта ар кимге көз каранды болуп, баш ийип иштегенден жададым эле. Сайрашка ачык айттым, мен балалуу боло албайм деп. Ал болсо ага да макул болду. Иши кылса бирге болсок болду, бала багып алабыз деди. Буйруса, азыр багып алууга аракеттенип баштадык. Өз канымдан жаралган бирөө болсо да уулум бар экен. Сага рахмат, – дебеспи. Окуянын мындай күтүүсүз багыт алаарын күтпөгөн жаным толкунданып эле туруп калдым.
    Эки Азаттын ДНКсы окшош чыкты. Ата-бала канча жылдан кийин таанышышты. Кан деген кан экен да, бир көрүшкөндөн кийин эле бири бирине үйүр алышып, издешип калышты.
    Сайраш да бул тууралуу билди, ал мурда эле ичинен шектенчү экен, бирок Азатты жоготкусу келбей билмексен болуп койгонун эми айтып жатпайбы. Биз ушундай чечтик, Азат менен Сайраштын турмушу бузулган жок, а биз Алмаз экөөбүз баш коштук. Экөөбүздүн тең шаарга кеткибиз келбеди, тоо боорундагы айылга абдан көнүп калдык. Эки үйдү бириктирип бир чоң үй кылдык да, короого бак тигип, жаз келээри менен жер чукулап баштайбыз. Анан жай, күз, кышы менен корообузда бышкан жашылча, алардан жасалган азыктарды көтөрүнүп алып шаардагы балдарыбызга ташыйбыз. Айтор, баары ойдогудай аяктады.
    Ххх
    ... Бүгүн алтымыш беш жашка чыктым. Тоголок эмес десем болбой, балдарым туулган күнүмдү дүңгүрөтүп өткөрүп беребиз деп катуу камынышты. Алыс-жакын тууган, достордун баарын чакырдык. Жанымда Гүлкайыр отурду. Ал экөөбүз эчактан эле кечиришип, кайрадан курбуларга айландык. Сайкал экөөбүздүн ортобузда эрке кыз болуп, анын балдары экөөбүздү тең таене дешет. Акмарал да келди. Бакыт менен да табышып алган элем. Ал түрмөдө отуруп, ошол жерде иштеген дарыгер келин менен жылдызы келишип, чыгаары менен баш кошушуптур. Ошол үчүн мени издебеген экен. Арадан бир топ жыл өткөндөн кийин көчөдөн капыстан жолугуп калбадыкпы. Ал мага ыракматын айтты.
    – Жаман болбосо жакшы жок деген сөз чын экен. Эркиндиктен ушунча издеп такыр өзүмдүн чыныгы жартымды таппай койдум эле. Абактан таап чыктым. Бул да болсо тагдыр сыноосу, – деди.
    Кийинчерээк аялы менен тааныштырды. Жаркылдап-жайнаган, бешенеси ачык, сулуу келин экен. Эгиз балалуу болушкан, алар да чоңойуп калышты.
    Үч балам тең мага каалоо-тилектерин айтып жатышты. Алмаз экөөбүздү кычыратып кийинтип коюшкан, төрдөгү столдо отурабыз. Той абдан жакшы болду, келген коноктордун баары бийлеп, ырдап, чын дилдеринен эс алышты. Түн бир оокум болсо да тарагылары жок. Бир кезде Алмаз санымдан чымчыды.
    – Ай, кемпир экөөбүз акырын чыгып кете бербейлиби?
    – О, кокуй, той биз үчүн болуп атса анан конокторду таштап кете бермек белек?
    – Мен сени өлө каалап кеттим. Эртерээк төшөккө жетсек болот эле, – дейт көзүн кымыңдатып.
    Мунун ойлогону эле ошол деп ойлодум менин дагы денем балкып. Издешпей табышканбыз да...

    Аягы










    Жаныбе к ЖАНЫЗАК
    Ханум тилегине жетти
    3-том, 5-китеп



    Китепти даярдап, калыпка салган
    Жаныбек ЖАНЫЗАК

    _________

    Жооптуу катчы - Гүлбакыт КАЛЫК кызы.
    Нускасы 500 даана. Көлөмү 8 б.т. Басууга 02.02.19-ж. берилди.
    "ЖанызакЉбасма" журналынын басмаканасында басылды.
    Басмакана тел.: Ватсап: +996777329784, ошка: 0700329784
    емейл: janyzak@mail.ru ааламтор айылы: http://kitep.ru




    1
 
Страницы:  1 ... 298  299  300  

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2