Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум төшөк жаңыртты

Повесть, сериалдын 2-томунун экинчи китеби
Алибектин сунушуна макул болдум. Ойлонуп көрдүм да, Байтур менен жашообуз баш кошкондун эртеси эле болбой калган. Ошондон бери же ары, же бери боло албай сүдүрөлүп келатабыз. Мага эң биринчи эри бар деген ат гана керек эле. Эрим турса, каалашымча ойноп-күлгөнүм билинбей, күйөөнүн артына жашырылып калат деп ойлочумун. Чынында эле ошондой да. Эрлүү деп эри бар аялдарды анчалык аңдый бербейбиз. Ал эмне кылып жүрөт, ишибиз жок. А кокус ошол аял ажырашып кетсе болду, миңдеген көздөр ага гана тигилип, ар кадамынан кынтык издеп жатып калабыз го. Байтурдан ажырашсам кимге тийем деген да коркунуч бар эле. А азыр көктөн издегеним жерден табылып, эр да өзү пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон учургандай келесоо белем. Алибектин төрт баласы бар экенине деле карабадым. Мага эмне, ажыраш деп мээсин айныткан жокмун, ажырашам деди эле, макул болдум. Албетте, биринчи аны акылына келтиргенге аракеттендим.
– Төрт балаңды кантип таштап кетесиң, жашай бериңиз аялыңыз менен. А мени менен ушинтип эле анда-санда жолугуп турсаңыз болот, – деп мен ага ыңгайлуу нерсени өзүм сунуштадым. Тигинин уга турган түрү жок, башын чулгуйт.
– Жок, биздин жашообуз эчак эле болбой калган. Канчага чейин дагы чыдап жүрөт элем. Аялдай эмес аялым, төрт баланы төрөп бергени эле болбосо. Балдарды таштабайм, карайм.
Сен антсең мен карап турмак белем дедим да, макул дедим. Эки күндөн кийин Кыргызстанга жөнөдүм. Биздин план боюнча, мен Байтурдан жообумду алып, балдарды ээрчитип, кайра Россияга кетмекмин. Дагы беш-алты жылдай мында жашап анан Кыргызстанга кетебиз деген Алибек. Аялына балдарды алып Кыргызстанга кете бер, акча салып, каралашып турам, ага-туугандын арасында бол деп айткан экен, тигиниси көнбөй коюптур. Анысынан бир аз кооптондум, күйөөм менен ажырашып, балдарды алып келип алгандан кийин кайра аялына кетип калса эмне кылам деп.
– Эч убакта кетпейм. Сенин балдарың менин балдарым. Кааласаң фамилияма өткөрөм балдарыңды, – деп албарсты антын берди. Жыргадым. Анткени, башка тартса бутка жетпеген жашоодон жүдөгөнүм анык. Баштык ташып жүрүп деле жыргачудай кебетем жок. Алибек бутуна туруп алган, бардар жашоонун ээси. Мен дагы колу-бутумду кенен сунуп жашай турган турмушка кабылгым келет да.
Кыргызстанга келип, үйгө бардым. Байтур жок экен, өгөй энем, атам жакшы тосуп алышты. Атамдын акыбалы бир топ оордой түшүптүр. Буту такыр эле баспай, таяк таянса да, бөлмөнүн бир учунан экинчи учуна жарым саатта жетет экен.
– Такыр эле баспай төшөктө жатып каламбы деп корком. Кантээр экем, – деп кейиди атам. Жанында отурган өгөй энем:
– Баспасаң да көзүңдү жылтыратып тирүү жатып берсең болду. Мына мен бут болуп берем сага, – дейт. Энеме ыраазы боло түштүм. Тез арада бир нерсе кылбаса болбой турганын түшүндүм.
– Ата, эртең дарыгерге алып барайын. Текшерүүдөн өткөрүп, дарыланталы, – дедим ушул убакка чейин атамдын ден соолугуна кайдыгер караганыма бушайман жеп.
– Дарыгерге да барып көргөм, кызым. Операция дешип, асмандын баасын айтышкан. Ошондон кийин ал жакка барбайм деп өзүмө сөз бергем, – деп атам үшкүрүндү. Анын сөзүн коштогонсуп өгөй энем башын ийкеди.
– Операция дешсе аны жасатабыз. Акчасын мен төлөйм. Мага биринчи сиздин ден соолугуңуз керек, – дедим чечкиндүү. Оорукчан адам жаш баладай болуп калат экен да. Менин сөзүмө атамдын маңдайы жарыла кубанып, дем бердиби ашканадан залга чейин биздин көмөгүбүзсүз эле өзү басып кетти. Мынча болду эми айтканымдын өтөөсүнө чыгышым керек деп ойлондум.
Эртеси ооруканага алып бардым. Текшерүүдөн өттүк, толтура анализ жазып беришти, алардын баарын тапшырттым. Атамдын убарасы менен болуп жүрүп, Байтурга башкы маселемди айта албадым. Өгөй энем эч нерсе деген жок, бирок, сөздөрүнөн байкап калып жаттым, Байтур үйгө деле келбейт экен. Анда-санда кийим которуштурганы эле келип кетет го сыягы. Балдарына деле үзүлүп түшпөгөн, бул кандай ата дегенсип наалып да алды. Балдарды көргүс кылбасам шашпай тур деп ичимден кекендим.
– Мен талаа-түздө жүрөм, акча табайын, элдин артында калбай жашайлы деп. А бул болсо бул жакта жалгыз калып өз билгенин жасап жатат. Кантейин. Ажырашып кетейин дейм, элдин сөзүнөн корком, – деп үшкүрүнүп, ак карга көрүнүп койдум. Өгөй энем башын ийкегиледи.
– Ар ким ар кандай айтат. Жаш кезде азгырык көп болот. Чыдасаң, балдарың чоңойсо сопсонун эр болуп берет, – деди энем.
Атама операция жасаш керек дешти дарыгерлер. Болгондо да тез арада. Чачын ак аралап калган, элүү жаштын ары жак-бери жагындагыдай көрүнгөн дарыгер киши олуттуу сүйлөдү:
– Көп жыл болуп калыптыр. Ооруну өтүштүрүп жибериптирсиңер. Силерде бир гана жол бар – операция. Тез арада жасабасак болбойт. Албетте, эгер атаңардын басып кетишин кааласаңар.
Эмне болуптур деп сурасам, жол кырсыгында буту сынып, сөөгү кыйшык бүтүп калган экен, жанынан сөөк өсүп, тирелип калыптыр.
– Канча болот операция? Канча төлөшүбүз керек? – деп акырын сурадым. Менин чама-чаркым жетпей турган сумманы угуп калуудан корктум.
Чын эле, уккан сумма чалкамдан кетирээрине аз калды.
– Табабыз, операцияга даярдай бериңиздер, – дедим бирок ишенимдүү. Кандай жол менен болбосун акчаны табууну максат кылдым. Атамды ооруканага жаткырып, үйгө маанайым жок келдим. Ал күнү өгөй энем мени менен ооруканага барган эмес эле. Андан бир күн мурда кичинекей кызды сиңдиме калтырсак, ыйласа соорото албай абдан жүдөгөн экен, ал күнү өгөй энем баланы өзү карап калган.
– Эмне болду? Тынччылыкпы? Маанайың жок го? – деп чебелектеп жиберди мени көрүп. Байкуш эри тууралуу начар кабар угамбы деп кооптонду окшойт.
– Жакшы баары. Операция жасашмай болду. Операциядан кийин буйруса топ тээп калат дешти. Чарчаганым үчүн маанайым жоктой көрүнүп жатса керек.
– Ошондой эле болсун, – өгөй энем улутунду, – Топ теппесе койсун, жанымда эле басып жүрсө болду.
– Сиз атамды сүйөсүзбү? – деп сурадым аны баам сала тиктеп.
– Апей, сүйбөгөндө анан, – деп жылмайып алды. Капыл суроомо ыңгайсыздандыбы, жүзү кызарды, – Эркек менен канчалык көп жашаган сайын ошончолук сезимиң бекемделе берет экен да.
– Атама турмушка чыгаарыңызда анын эки баласы бар экенин билчүсүз да? – дедим. Бул суроом өзүмдүн азыркы акыбалыма издеген жообум болчу. Бирок, өгөй энем башкача түшүндү, мени жектеп жатат деп ойлонду окшойт, актанып жиберди:
– Мен куруйун. Силердин алдыңарда күнөөм ат көтөргүс экенин билем. Сүйүү да... Сүйүп калып эле, баарына көз жумуп койгон турбаймынбы. Атаңдын ооруп жатканын да менин кесирим тийдиби деп жооруп жанымды коерго жер таппай кетем, – жоолугунун учу менен көзүнө келе калган жашты аарчыды. Жанына отуруп кучактадым.
– Капа болбоңузчу, – көзү жокто өгөй эне деп атаганым менен алдында эмне деп аташты ушул күнгө чейин билбейм. Жеңе десем келесоолук, эже десем аңкоолук болуп калчудай. Аталышы жок эле сиз деп кайрылып жүрүп канча жылды өткөрдүм. – Мен жөн эле сурап койдум. Өткөн иш өттү. Өткөн ишке салават дечү беле.
– Балалыгың атасы жок өттү, Тимурдуку апасы жок. Мени күнөөлөсөңөр керек, – деп ыйлап жиберди. Бир эсептен ачуум келди, эми өңгүрөп калбай убагында ойлонбойт белең деп. Кайра өзүмдү тыйып, эптеп сооротуп анан жаным жай алды.
– Операцияга кайдан акча табабыз? – деди анан сооронгондон кийин, – Үйдү саталыбы, андан башка сата турган эч нерсебиз жок.
– Үйдү ойлонбой кое туруңуз. Карыган чакта баш калкалаар нерсеңер жок калмак белеңер. Башка жагын байкаштырып көрөлү, – дедим да Тимурга телефон чалып, үйгө чакырдым. Ал заматта келе калды.
– Атама тез арада операция жасатыш керек. Канча акча кошо аласың, айт, – дедим маселени дароо эле кабыргасынан коюп. Ал телмире түштү. Аялы начар чыгып калды да кургандыкы. Айда тапсам айда жок, күндө тапсам күндө жок деген ушул Тимурдуку болуп жатат азыр. Өгөй энем да айтып калат, өзүм деле байкадым, бетин чампалап, беш тонна косметика жаап, түрлөп кийинип, койкоңдоп баскандан башканы билбейт экен.
– Топтогон акчам жок, Ханум. Болсо атамдан аямак белем. Буга чейин канча жолу ойлондум атамды дарыгерге көрсөтүш керек деп. Бирок, тапканым эч нерсеге жетпейт. Күнүнө эки машинени оңдосом деле, беш машине оңдосом деле таап келгеним бир жыртыгын таап кирип кетет, – деп улутунду. Тимур жогорку окуу жайды аяктаганы менен кесиби боюнча иш таппай, колу жөндүү экен машине оңдогуч болуп алган. Ал жактан акча жакшы эле түшөт экен. Бирок, үйүңдө таап келгениңди оп тартып койгон ажыдаар отурса, кайдан экиң үч болмок эле.
– Чыгымыңарды азайтсаңар болот да. Үйүңөргө эмерек алгандын ордуна аялың жасанганы жасанган. Анын моюнундагы алтын цепочкаларды өзүм иштеп акча тапсам да мен тагына элекмин, – дедим ачуум келип. Аялы турмушка чыккандан бери бир күн да иштей элек. Бир баланы төрөп койду, аны да беш ай ооруканадан башы чыкпай жүрүп төрөдү. Азыр да экинчиси боюнда бар. Мында да белим ооруду, ичим ооруду деп баарыбыздын мазебизди алып көтөрүп жүрөт.
Тимур жооп бербеди. Унчукпай шорулдата чайдан ууртайт. Аны карап туруп кайра боорум ачып кетти. Же бизге, же аялына тарта албай эки ортодо убара. Аялга катуу сүйлөбөгөн жумшак мүнөз экен. Катуурак болгондо да мынчалык тайраңдап башына чыга албайт эле. Мейли эми, отузга жакындап калган жигиттин мүнөзүн кантип өзгөртмөк элем, нысапты келиниме берсин деп отура берем да.
Өгөй энем экөөбүздү жал-жал карап, ортобузду үмүттүү отурат. Ал байкуш чалынын ден соолугуна кейип жатат.
– Мейли, анда бул маселе менен башыңды оорутпай, аялыңды бага бер, – дедим жай гана, – Мен өзүм бирдеме кылаармын.
Алибекке телефон чалып, дагы бир нече күн Кыргызстанда кармала турганымды, атамдын ооруп калганын айттым. Ал кыйылып жатып араң макул болду. Жүрөгүм тынчсызданып, мен баргыча айтканынан кайтып кетеби деп да ойлондум. Темирди кызуусунда сок дейт эмеспи, алам деп турган чагында тийип алышым керек эле, атамдын минтип калганын карасаң.
Эртеси ооруканага бардым атамды көргөнү. Баягы дарыгер текшерип жаткан экен. Мени көрүп:
– Байкенин акыбалы бир топ жакшы. Акча тапсаңар эле операцияны баштамак элек, – деди.
– Эки күндө дайын болот, – деп койдум кайдан акча табаарымды ойлонбой туруп эле. Бир бөлмө үйүмдү сатсамбы деп да ойлондум, бирок, ага алынган насыяны төлөп бүтө элекмин, төлөп бүтпөсөм сата албайт экенмин. А берки эки бөлмөнү сатып жиберсем, ичиндеги толгон-токой адамдарды кайда алып барам. Шаарда баш калканч болчу бир үйүң болбосо болбойт. Алдыда кандай жашоо бар ким билет, кайсы учур болбосун кайрылып келе турган үйүңдүн бардыгы дурус го.
Айтор, ар кайсыны ойлой берип башым маң болуп чыкты. Анысы аз келгенсип, апам телефон чалып башымды оорутту. Кимдендир өгөй энем менен атамды үйгө көчүрүп келип алганымды угуптур.
– Мен чоңойтком сени, түйшүгүңө мен түтүп, күндүз иштеп, түнү тиричилик кылып жүрүп жыртыгыңды бүтөп, кийинтип-ичинткем. Ошол убакта азыр кастарланып төрүңдө отурган атаң кайда эле?! Карышкырды канча баксаң да токойду карап улуган сен турбайсыңбы? – деп кыйкырынып, акырында болоктоп ыйлап да алды. Койчу эми деп катуу айтпадым. Түшүндүргөнгө аракет кылсам, түшүнө тургандай түрү көрүнбөйт. Телефонду коюп салып жаным калды. Анан ойлонуп көрүп, чын эле дедим да апамдын атына акча которуп жибердим. Кандай болсо да апам да. Өз апамды жаман десем, бирөө мага жакшы апасын кармата коет беле.
Баягы дарыгерге дагы бардым. Ал ошол оорукананын башчысы да экен.
– Байке, сумманы азайта турган такыр башка жолу жокпу? Экинчи топтогу майып, ошону да бетке кармап жеңилдетүү алсак болбойбу? – дедим айлам кетип. Киши мени бир башкача карап алды. Мындай карашты эзели текке кетирбей калаттырмын. Билем да эркек кантип караганда кандай ойдо болоорун. Өзүмө ишене калып, мен да кылгырып карап койдум.
– Мындай кылалы, чоң кыз. Аны бул жерде талкуулаганга болбойт. Кечинде бир жерге барып тамактаналы. Сен мени тамактанууга чакыр. Анан сүйлөшөбүз, – деди. Кым эте түшүп, макул болдум. Тамак айлансын сенден, жакшылап тамактандырып койсом эле маселем чечилчүдөй кудуңдадым. Кечинде ресторанга чакырдым. Мен биринчи барып, тамак заказ кылып отурдум. Артымдан жарым саат өтпөй келип калды. Ооруканада ак халат, чепчик менен анча билинбептир, карыса да кайраттуу кара чачтуу, сымбаттуу эле киши экен. Чыкыйып, тим эле министр менен жолугушканга бара тургансып костюм-шым кийип, галстук тагынып алыптыр.
– Кандайсың? – деп колун сунду. Мен да колумду сунсам, колумдан тартып туруп бетимден өөп алды. “Шустрый” чал экен. Бир заматта столдун үстү түркүн даамга толду. Аянган эмесмин да. Аны көрүп маанайы көтөрүлүп:
– Тил билги кыз турбайсыңбы. Сенин атаңдын жолу болуптур, – деди.
Ар кайсыны сүйлөшүп отурдук. Менин бала чагымдан бери казып сурады. Өзүнү балалыгын, студенттик кезин айтып, жадатып да жиберди. Узун сөзгө кирип кетсе, токтотуу кыйын экен. А менин оюмда эртерээк эле сөз кезеги мени түйшөлткөн операция темасына келсе экен болуп жатты. Арадан эки сааттай убакыт өттү. Тамакты жеп, десертке кириштик. Берки операцияны унутуп калгандай, баянын бабырап отурат. Акыры чыдабай кетип, сөзүн бөлдүм.
– Байке, атама кантип жеңилдик алуу жөнүндө жол-жобосун айтып берем дебедиңиз беле? – дедим.
– Ай, шашма турбайсыңбы, тамактанып отурганда андай маанилүү нерселер сүйлөнбөйт. Анда тамак кайда кеткенин билбей калбайбызбы? – деп салды. Унчукпай эле отуруп калдым. Бул тамактанып отурганда айтпаса, тамактан кийин паркка алып бар, ошол жактан айтам дебесе эле болду.
Тамактанып бүттүк. Акчаны төлөп, сыртка чыктык. Айлана караңгы болуп, түн жарымына аз эле калган. Убактым текке кеткенине ачуулана баштадым. Мунун жеңилдик бере турган ою деле жок окшойт, калп эле кара курсагына келди окшойт деген ой мээмди тегеренип, эми анын ар бир сөзүнө баштагыдай баш ийкеп кубаттабай, итиркейим келе баштады. Кабагым да түйүлдү. Бир адамга ачууланып, бирок ачууңду билдирбегенге аргасыз кылган көз карандычылык бар жагдайга туш болдуңуз беле? Бул абдан оор экен. Кагып таштап басып кетейин дейм, атам кайра эле ушул дарыгердин колуна барат. Антпейин дейм, ар кайсынын башын бир айтып, болбогон маалыматтарга мээмди жык кылып таштады.
– Бир жерге барып эс алалы, – деди анан.
Чоочуп кеттим.
– Жарым түндө кайсы жерге бармак элек, байке. Сизди таксиге салып жиберейин да, мен да үйүмө кетейин.
– Менин жашыруун батирим бар. Менден башка эч ким билбейт. Эркектерге анда-санда эркиндик керек. Ал батирде мен үй-бүлөмдөн, жакындарымдан эс алам. Ошол жакка баралы, – деди колумдан кармай.
– Балдарым мени күтүп калды, – дедим колумду сууруп. Кудум эле балдарынын кашынан жылгысы келбеген камкор эне көрсөтүп өзүмдү.
– Ай, кыз, сен мага атаңдын операциясы тууралуу сүйлөшөлү деп, ресторанга чакырбадың беле. Болбогонума койбой чакырган өзүң. Анан сүйлөшөөргө убакыт келип жеткенде өзүң баш тартасыңбы? – десе болобу. Каратып туруп калп айтканына оозум ачыла түштү. Мен муну болбосуна койбой чакырган имишмин. Тообо. Ушундай бет тырмаар адамдар да бар экен э.
– Мейли, такси токтотойун анда, – дедим билгизбей үшкүрүнүп. Билип турам шамал кайсы жакка жорто баштаганын. Башка аргам да жок. Эмнеси болсо да атамды айыктырып алышым керек да. Иши кылса андан кийин айтканына турса экен. Бир заматта өзүнүн кылганын башка бирөөгө төңкөрө салчу адаты бар экен, ошол адаты кармап кетсе кылган аракетим текке кетет да.
Беш кабаттуу үйдүн экинчи кабатына көтөрүлдүк. Экинчи кабатка чыккыча эле бышылдап калды. Мен дарыгер десе эле өмүрү оорубаган, дени сак, ашыкча май-сайы жок, чыйрак жашоо образын кармап жүргөндөр деп элестетчүмүн. А мунум ага такыр окшобойт. Тамекини бурулдатат экен, минтип экинчи кабатка араң көтөрүлүп жатат.
Бир бөлмө чакан батир экен. Ашканасы менен залын бириктирип салыптыр. Уктоочу кенен керебет, телевизор, шкаф, айтор жашоого керектүү буюмдардын баары турат. Ваннага кирип кеткен, бир убакта дырдай жылаңач болуп чыкты. Кайбарын көрүп дүүлүгө түштүм. Кучактап, оозумдан сорду. Мен да кыймылына жараша кыймыл менен жооп кайтара бердим. Тик турган калыбыбызда жанжеримди сөөмөйү сайгылады. Бир аз ооруксунду, бирок, денем бир башкача чымырады. “Дагы, дагы сайгыла!” дегенсип бутумду ачып, денемди денесине кынадым. Жупташкан калыбыбызда эптеп керебетке жеттик да куладык. Ал денемдин чоло жерин койбой өпкүлөдү. Дарыгерлер адамдын түзүлүшүн окуй берип билип калышканбы, дал эле дүүлүгүүчү чекиттеримди таап алгандай сезилди. Кармаган сайын ысык кан ары-бери чуркап, онтоп, кыңкыстап, балыктай туйладым. Чачынан бек кармап алып, кээде далысынан апчый, бутумду өйдө-ылдый сороктотуп, чыдабай калдым. Бирок, ал зыңкыйып катуу болуп калса да кайбарын киргизгенге шашылган жок. Алкымымдан тили менен аймалап келип, көкүрөгүмө жетип, эмчегимдин үрпүн аста тиштеп койгондо денем солк этип, төшөктөн бир сөөмгө көтөрүлө түшөт десең. Жанжеримден суу агып, чылпылдап чыкты. Акырында ыйлап жиберчүдөй болдум.
– Салчы, салчы, чыдабай баратам, – деп кыңкыстадым. Ошондо гана чалкалап жата калды да, мени үстүнө чыгарды. Тикчийип турган кайбарын жанжериме туштап отуруп, ал жыбылжыган бойдон кирип кеткенде гана жаным жай алгансып оор онтоп жибердим. Ал да онтогулап, эмчегимден катуу кармап, башын өйдө көтөрүп үрпүнөн сорду. Башымды чалкалатып, ат минип бараткансып желе баштадым. Өйдө-ылдый, өйдө-ылдый... Көзүмдү ача албай, кудум эле кирпигиме таш байланып калгансып. Эси-дартым денемди аралай чуркаган ысык канды башыма жеткирүү болуп турат да. Бир кезде жанжеримден учуп чыккан ысыктык мээмди көздөй жөнөгөндөй болдум. Ошол сезимдин орто жолдон тык токтоп калышынан коркуп, тез-тезден желе баштадым. Мына, жетти... Кыйкырып жиберип, үстүнө сулк куладым. Ал менин чачтарымдан сылагылап жатты. Бир убакта байкасам ал бүтүрбөптүр. Дагы деле кайбары какчыйып турат жанжеримде. Акырындык менен кайрадан дүүлүгө баштадым. Бул сапар ордумдан тургузду да столго отургузуп, алаама жакын келип, жанжериме кайбарын салды. Мен бутум менен белинен кучактадым. Бышылдап, онтосо бир укмуш. Анын онтогонун угуп эле денем чыбырчыктап, дүүлүккөнүм күчөй берди. Бул жолу да мен бүттүм. Качан гана үч жолу кумардын туу чокусуна чыккандан кийин аныкы да чекитине жетти. Таң калдым. Жашы деле бир топко барып калгандай бирок төшөктө мыкты экен. Чарчабайт турбайбы. Көп сүйлөп башымды оорутканы, сыртынан караганда көзгө толоорлук көркөмү жоктугу мага маани бербей калды. Мен аны төшөктөгү оюну үчүн жактырып калдым. Ал түнү мен да, ал да кетебиз деп айткан жок. Өмүрү аял киши көрбөгөнсүп ал, эркектикин сезбегенсип мен бири бирибизге жабышабыз. Ортодо ашып кетсе он мүнөттөй эс алып жатабыз да, анан кайра эле эмелеки сезимдерди кайрадан сезгибиз келип, бири бирибизге умтулабыз. Таң аткыча мен да, ал да чарчабадык...
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_2.htm on line 174

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_2.htm on line 174

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_2.htm on line 174