Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум күйөөсүнө эрегишет

"Ханум" үчилтигинин 2-томунун үчүнчү китеби

Жаз келип, жай жакындаганда эле Кыргызстанга кетким келип баштайт. Бул жактын такыр күн чыкпаган асманына ичим чыкпай, буулугуп кетем. Калп айтпасам, бир жылда ашып кетсе он- он беш күн эле күндүн бетин көрсөк керек. Калган учурда бүркөө асман, жамгыр, жамгыр, жамгыр. Далымды күнгө кактап отурууну сагындым. Ар бир тамырына чейин күндүн табын өткөрүп.
– Жайында Кыргызстанга барып жүрүп келейин, эл-жерди көрүп, ага тууган менен учурашып, – деп эмитен эле Алибектин кулагын кызытып жүрөм.
Биздин жашоо баягыдай эле, же биринчи үй-бүлөсүндө эмес, же менде эмес. Аялы эки күндүн биринде эле балдарын бетине кармап, бирде бул баласына акча, бирде тиги баласына акча керек деп Алибекке келе берет. Аны көрүп ойлонуп калам, бала деген жакшы экен го. Менде да өзүм төрөгөн балам болгондо Байтурдун сазайын бермек экем. Азыр эми анте да албайм, анын баласын эптеп өзүмдүкү кылып жүргөндө. Сырымды ачып, шорумду шорподой кайнатпасын деп тилимди тишиме катып үн катпай келатпаймынбы. Баласына ушул жылдар аралыгында жардам кылмак тургай кайрылып кабарлашпай да койду.
Алибек жумуштан кийин кудуңдап келди. Акыркы күндөрү дугдуйуп сырын ачпай, өзү менен өзү болуп калганга бүгүн маанайы жарык кирип келгенине таң кала да түштүм.
– Эмне болду, маанайыңыз жакшы го? – дедим мен да күлө сүйлөп. Колундагы тамак-аш салынган баштыгын колума карматты:
– Тааныштар менен ресторанга бардык эле. Буларды желбей калганынан контейнерге салдырып ала келдим.
Жүзүмдөгү күлкү бир заматта өчтү. Өңүм кубарып кеткенин күзгүнү карабасам да сездим.
– Кайсы таанышың?! Кыздарды алып бардыңбы дагы?!
– Дагы дейсиң да. Буга чейин эмне кыздар менен ресторанда отурганымды кармап алдың беле?! – деп үтүрөйө карады. Баягыда ресторандан жаш кыз менен жабышып отурганын көргөнүмдү такыр оозумдан чыгарган эмесмин. Билбейт да бул менин артынан кандай аңдыганымды. Азыр ошол оозумдан чыгып кете жаздады. Убагында өзүмдү тыйып калдым. Мындай нерселерди эркекке айтууга болбошун билем да. Айттым дегиче, өзүмө болгон ишеничин кетирип албаймынбы. Аялдын деген эркектен жашырган сыры сөзсүз болушу керек. Ишенимин деп коем да, ушул үтүрөйгөн, дугдуйган неме мага ишенер бекен. Деги эле бул ким бирөөгө ишенер бекен.
– Кармабасам деле сезем да. Аялдардын жүрөгү өтө сезгич болот, – деп койдум сыр билдирбей.
– Сезгич боло калганын! Ойлоп көрчү, кыздар менен ресторанга барсам, калган тамакты көтөрүп келмек белем. Уят го аялзатынын жанында контейнер көтөрүп бараткан.
Ырас эле дедим ичимден. Чын эле да. Бир кызды ээрчитип барып анан “Калган тамакты салып берчи мага”, – деп официантка кайрылып турганы. Кебетесинен кара мүртөздөй көрүнүп турганы менен Алибекте чыныгы мырзалык сапат деле бар. Анча-мынча. Өзүмө келе түштүм.
– Анда кандай жаңылык? – дедим күлүмүш болуп, жакасын оңдогулап да койдум.
– Азыр кол-полумду жууп алайын, анан шашпай айтып берем, – деп ваннага кирди. Эшиктин алдын сагалап ары-бери коридордо басып турдум. Чыдамым кете баштады, бул кандай жакшы жаңылык алып келди деп. Бир кезде анан чыкты.
– Дастан уктадыбы? – деди. Оозум ачылып эле калды. Силерге жалган, мага чын, ары кетип, бери келсек да бир топ жылды чогуу жашап койдук. Эрбейип кичине кезинде келген баламдын бою өсүп, күндөн күнгө чоңойуп баратат. Ушул убакыт аралыгында “Дастан” деп ооз ачып көрбөдү эле Алибек. Кайдыгер мамиле жасап, ал тууралуу сурамак түгүл, үйдө ал жоктой мамиле жасачу. Албетте, бул мага оор тийет. Жатынымды жарып чыкпаганы менен ымыркай кезинен өзүмө уул тутуп жашап жүрбөйүнбү. Кээде өгөй өгөйлүгүн кылат турбайбы деп ичим сыздап кетчү. Кызык, Байтур деле Дастанга үзүлүп түшүп мамиле кылбаган. Байкушум Дастандын бешенеси ушундайбы, өз атасы деле мээримин төкпөдү. Бирок, өзүнүн атасы экенин билгеним үчүнбү, анын уулуна кайдыгер мамилеси мени мынчалык кыйначу эмес. Көңүлүмө деле албаган экем. Дастанга боорум ооруп, атанын да, эненин да мээримин бере турган бир гана мен экенимди билип, акыркы убакта балама өзгөчө көңүл бура баштагам.
– Деги сурачу эмес элең... – деп баратып тык токтодум. Тилимди тиштеп. Бекер айттым да ушуну. Мага гана жайдарыланып ичиндеги сырын мени менен бөлүшөөрдө дагы кычык сөз сүйлөп маанайын бузуп алсам өлдүм. Ай, Ханум ай, качан акылыңа кирер экенсиң.
Бирок, Алибектин ачуусу келбеди эмнегедир. Жөн гана:
– Кечке чейин компьютер тиктечү эле го, азыр бөлмөсүнүн жарыгы өчкөнүнөн сурадым, – деп койду. Тообо, бул байкап эле жүргөн турбайбы. Байкамаксан болуп койчу экен да.
– Ии, уктады, – деп койдум.
– Колуңдагы баштыктарды ашканага алып барбайсыңбы? Эмне бул жерде турасың? – деди мени таң кала карап. Ошондо гана дагы деле баштыктарды колума кармап жүргөнүмдү билдим. Ашканага кирип, муздаткычка жайгаштыра баштасам артымдан кирди.
– Ысык чай демдечи, – деди. Заматта суу кайнатып, демдей салдым. Эки чыныны удаа ичкенден кийин гана:
– Бүгүн Кыргызстандан эки адам келди. Атайын мени менен жолугушканы, – деди. Кулагым чоңойо түштү. Кирпигимди да ирмебей оозун тиктедим. Андан аркы сөзүн чыдамсыздана күтүп.
– Шайлоого катыш, биз колдоп беребиз. Элдин алдында кызматтарда иштеп жаман атты болбогон, таза, сырткы миграциянын өкүлү керек болуп жатат. Өз кишиси керек экен аларга, – деди ойлуу.
– Алар ким? Сен тааныйсыңбы? – дедим мен.
– Тааныйм. Бири биздин айылдык. Азыр чоң кызматта иштейт.
– Чоң кызматта? Аты ким?
– Эмне кыласың атын? Убагы келет, ошондо айтам. Айтмак турсун тааныштырышым деле мүмкүн. Жубайым деп. Жубайым болгондон кийин менин тааныштарым менен тааныштырышка туура келет да.
Ичимден жыргай түштүм. Секирсем башым шыпка тиймек да, Алибекке билдирбейин деп калп эле терезени карамыш болдум.
– Сен эмне деп жооп кайтардың?
– Ойлонуп көрөйүн дедим.
– Эмнени ойлоносуң? Макул боло бер да.
– Сен эмнени түшүнмөк элең? Саясат абдан кир чөйрө. Бийликке катуу атаандаш чыгыптыр мени да чык деп суранышкан аймактан. Так ошого мени атаандаш кылып, анан мени жеңдиришкилери келгендей. Мындайда сак болуш керек. Сени алдыга түртүп, кокус баткакка туш келсең, батинкелеринин учун да булгабай сыланган бойдон башка жолго түшүп кетчүлөр четтен чыгат.
“Сен эмнени түшүнмөк элең” дегени мага катуу тийди. Чын чычалайт деген чын окшобойбу, чынында эле эч нерсени түшүнбөйм да. Кемчилигимди бетиме айтканына ардана калдым. Унчукпай пиалага чай куюп алдына койдум.
– Мейли, өзүң ойлон. Сен түшүнгөн жансың да. Биз эми түшүнбөйбүз.
– Дароо таарына калдыңбы? Мен чындыкты айттым го. Көзүң ачылгандан бери базарда жүрөсүң, саясаттын “с”сынан да кабарың жок да, туурабы?
– Сен мени али тааныбайсың. Базарда жүрсөм да көп нерсени түшүнөм. Мына сен деле базарда жүрөсүң, анан кайдан түшүнөсүң? – дедим мыйыгымдан күлүп. Эгерим бирөөгө жеңилип бергим келбеген кыялым ар дайым кармайт да турат.
– Мен көп окуйм, – деп пиаланы колу менен ары түртүп койду да, бата кылып ордунан турду.
– Эртең эрте ойгонушум керек. Уктайлы, – деди.
Түнү менен ойлонуп чыктым. Күйөөм депутат болуп калса жаманбы? Байтурдун ичи кандай күйөөр эле. Апам менен туугандарымдын да оозу ачылат го э. Анан эмне, капкара болуп, доңкулдап ички-тышкы иштердин баарын жасап, малдын кыгын жампалап тезек камдап, отун кыркып, чөп чаап жүргөн кыз эле депутаттын аялы болуп чыга келсе. Бир жыл мурда Кыргызстанга барганда айылга бардым эле. Айылдаштарымдын жашынан карысына чейин менин Россияны кармаган байга (алар ошентип жооруп алышыптыр) күйөөгө тийгенимди угушуптур. Алар тимеле агыл-төгүл болуп жыргап жашап жатканымдай сезишет да. Мен да ойлорун оңдободум, ошентип ойлой беришсин. Дагы деле мурдагыдай өзүм иштеп, өзүмдүн кем-карчыма өзүм таап, баламды да өзүм кийинтип, болгону күйөөсү бар аты болуп жашап жатканымды билишпейт да. Ал турмак күйөөлүү болуп туруп, кумарга суусап, эркектин эркелеткенин самап, денем ысып барып өзүнөн өзү муздап, чала өлгөн жылан кебетеленип, туталанаарымды да билишпейт да. Күйөөлүү болгонум бир гана азык-түлүк албай, батир акысын төлөбөй турганымдан гана айырма барын да билишпейт да. Билишпегени жакшы. Өзүмдү абдан каадалуу сезип, айылдыктардын баары убай-чубай мени көргөнү келишкенде сомодой гана созулдум го чиркин. Билип эле турам, бири бирине “Ой, Жаңылдын баягы кара кызы келиптир. Күйөөсүн таштап, Россиянын байына күйөөгө тийип кеткеничи? Жүрү, барып көрүп келели, кантип өзгөрдү экен? ” – деп бирин экинчиси жетелеп келип жатканын. Мен да айылга баратканымда сынак тапшырчудай тырмагымдан чачымдын учуна чейин жасап баргам да. Айжамалдын көзү бир башкача жылтыраган килейген алтын шакеги бар эле, ой-боюна койбой аны алып тагынып, кулагыма дагы бирөөнүн кымбат баалуу сөйкөсүн кадап, моюнума өзүмдүн чынжырчамды жылтыратып, кийимдеримди да шөкөттөгөм да. Келгендин баары башымдан бутума чейин сыдыра карашты го, чиркин. “Айланайын ай, баягы биз тааныган кара кыз жок го. Ак кыздын агынан эмес, кара кыздын багынан деген ушул да. Кебетесин карап, муну ким алаар экен деп ойлочу элек. Минтип байга аял болду”, – деп кемпир чыдабай кетип ичиндегисин сыртка чыгарып да алган. Баарынан кызыгы классташтарым менен жолугушканда болду. Эркек-кызы биригип, айылда калган он чактысы чогуу келишти. Мектепте окуп жүргөнүмдө мени киши ордуна санашчу эмес. Каалагандай ызалантып, далай ыйлап келдим го үйгө. Эми баары менин оозумду карашат. Классташ кыздарым чоң аял болуп калышыптыр. Жоолукту чекеси тырышкыча катуу байлашкан. Жоон-жолпусунан кеткен. Кайсы жери бели, кайсы жери жамбашы, сыйпалап кармамайынча билип болбойт. Жаш болушса деле көздөрүнүн алдына, чекесине бырыш түшүп калыптыр. Кээ биринин күлсө оозундагы жарым тиши жок. Алардын алдында мен ак куу болуп көрүндүм. Шаар баары бир шаар экенин кылат тура. Жанымды кыйнап, кара жумуш жасабай жашаганымабы менде бырыш да жок, келбетим да бир топ сындуу. Жакшылап коноктоп узаткам. Иңир кирген маалда классташ балам кайра жалгыз келиптир. Экөөбүз дарбазанын алдында сүйлөшүп турдук. Бул бала классыбыздагы экинин бири болчу. Атасы башкарма болгонго, мугалимдер көзүн карашчу. Анын үстүнө өзү да абдан жакшы окучу эле. Жакшы кийинип, жакшы окуганга мектептеги бардык кыздардын жүрөк оорусу болгон. Анын ичинде мен да бар элем. Бирок, башка кыздар кандайдыр бир жол менен сезимдерин билдирип, өзүнө каратканга аракет кылышса, мен ал тууралуу кыялданыштан да коркоор элем. Анткени, мен жерде, ал асманда болчу да. Анан асман-жердей айырма менен кайсы келесоо жылдызга кол сунсун. Умсунуп эле калып кеткем. Азыр эми менин жанымда турат жылдыз классташым. Кадимки эле бир эркек экен. Карап таң калып койдум, эмнесине суусап, эмнесине жактырдым экен деп...
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_3.htm on line 150

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_3.htm on line 150

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_3.htm on line 150