Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум жетекчи болду

“Ханум” үчилтигинин 2-томунун 5-китеби

Баягы Ханум жок! Кайсы Ханум эле деп элеңдеп эки жагыңарды карабай эле койгула. Кара тору тоголок, шалактаган жеңил ойлуу Ханум азыр чыкыйган жетекчи. Бир килейген мамлекеттик мекеменин чокусунда отурат. Э, бул деле оңой нерсе эмес экен. Колуңду ары-бери силкип, буйрук берип коесуң болду деп ойлочумун да. Кайда – ан? Жогорудагылардын ар бирине жагынып, ар биринин тилин тапканга аракет кылып, жандарында сагызгандай сайрап анан ошол сайрап жатканыңды далилдей турган цифраларды көрсөтүш, оу, жөнөкөй адамдын колунан келе бербейт го. Мен мендигимден гана ушундай зор жүктү көтөрүп кеттим. Ар бир жолу жаным кейигенде мурдагы шефимди эстеп алып, сенин ордуң жыргал деп элестеткен мени кечирип кой деп ичимден кечирим сурап алам. Бирок, эч нерсе эмес. Баарын эптеп кеттим. Баарына жаккандай акча эмесмин да, анча-мынча чоңдор бар мени көргөндө аллергиясын карматкан. Андайларды алыстап өтүп, сыйымдан жазбайм, бирок ашыкча эле жүдөтпөйм. Ал менин ишим эмес, күйөө балам ал жагын жайгарып коет.
Эмил менен Сайрашты эмне болду экен деп жатасыңарбы? Алар кадимки эле бүлөлөрдөй жашоолорун кечирип жатышат. Сайраш кантсе да менин энелешим да, бир аз болсо да мендеги мүнөз анда бар дегендей. Эмилдин байлыгынын, жетиштүү жашоосунун даамын таткандан кийин төрт колдоп ага жабышып, жакшынакай тирилигин кылып келатат. Кээде, ашыкча чоектоп, кары күйөөсүнүн айласын кетирмейи да бар. Андайда акылымды айтайын дейм да, кайра, мен эркектерге жагынып жашадым, бул болсо эркектерди өзүнө жагынтып жашай берсинчи, мейли деп коем. Чынында эле ошол да, жаш аял алдыбы, кыялына, башкасына чыдайм деген да тиги күйөө бала. Эми тартсын жыргалынын анча-мынча азабын.
Адаттагыдай эле эртең менен эрте таң жарыла электе ойгондум. Душка түшүп, чачымды жасалгалап жатсам, балдарым ойгонушту.
– Столдун үстүнө эртең мененки нанүштөңөрдү камдап койгом, тез-тез жегиле да, кийинип эшиктин оозунда даяр болгула! – деп буйрук берип койдум да, бөлмөмдө бир топко күймөлөндүм. Шашпай боенуп, кийимдеримди тандап кийип, атырымды буркуратып себинип, анан чыксам экөө эчак бут кийимдерин кийинишип, сумкаларын асынышып босогодо турушат.
– Менин апам кандай сулуу, – дейт Сайкал мени көрүп эркелеп.
– Ооба да, – деп компойуп койдум. Балдарың сени сулуу десе миң- миллион эркектин сулуу экенсиң деген комплиментин басып кетет турбайбы.
Сайкал мектепте окуп баштады. Гүлкайырдан баягыдан бери дайын жок. Аны эмнеге азыр эстеп калганымды өзүм да түшүнбөдүм. Сайкал чоңойгон сайын өң-келбети Гүлкайырга куюп койгондой окшошуп баратканынан уламдыр. Өгүнү Тимур да байкап калыптыр. Жаш кездеги сүйүүсүн эстеди окшойт, аны саамга карап туруп:
– Сайкал мага бирөөнү эстетип жатат, – деди. –Сен эч кимге окшоштурбайсыңбы муну?
– Окшоштурам, кимге экенимди да билем, – дедим эми муну өмүр бою жашырмак белем деген ой менен. Тимур экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Ал менин сырларымды, мен анын сырларын ачыкка чыгарбайбыз. Буга чейин анын Гүлкайыр менен мамилеси болгон үчүн эле кызымдын апасы ким экенин айтпай жашырып келгем. А азыр негедир айткым келди.
– Тообо? Бул кайдан жүрүп окшошуп калган, – деп күлдү эле,
– Ошонун кызы болсо окшошот да, – деп өңү кантип өзгөрөөр экен деп теше тиктеп карап калдым. Тимурдун өңү башкача болуп кетти, ишенбегендей көзүн бардап мени карады:
– Койчу ай, тамашаңды. Анын кызын сен бакмак белең?
– Багып эле келатпаймынбы? Өгөйлөгөнүмдү көрдүң беле, өз кызымдай багып келатам болгондо да.
Тимурга баарын айтып бердим. Ал бирде ишенип, бирде ишенбей ээси оогон бойдон калды.
– Сабакта тынч, мугалимдин айтканын угуп отургула. Балаңыздын тартиби начар, же сабакты жакшы окубайт деген нааразычылыкты укпайын. Силер жакшы окуп, чоң кесиптин ээси болушуңар керек, – деп баргыча экөөнүн кулак – мээсин жеп бардым. Унчугушпай башарын ийкеңдетишип коюшат. Менин балдарыма көз тийбесин, айтканды уккан элпек, тил алчаак, кыялы чыргоо эмес балдар. Бала эмей эле белектей да булар. Кээде төрөбөгөнүмө жараша ушундай балдарга туш кылган тагдырыма ыраазы болуп кетем.
Мектептин жанына аларды түшүрүп коюп, жолумду уладым. Жумушка эмес, массажка барышым керек. Жумушка күн сайын бир – эки саат кечигип бармай адатым. Биринчи ден соолукту караш керек да туурабы?
Күн түшкө маалга жанашып калган кезде менин машинем мекеменин алдына токтоду. Ушул убакка чейин айдоочунун кызматынан колдонбодум. Кимдир бирөөнүн жанымда кайда барсам карегин тигип жүргөнүн каалабаганымдан болду. Анан да мен түз жүргөндөрдүн катарына кирбейм да, кээде оңго, кээде солго бурулуп кетмейим бар. Аны көргөн айдоочу бир күнү болбосо, бир күнү ырдап чыгаары бышык. Жетекчи болгондон кийин кадамыңды аярлап таштап, кеп-сөздөн коркуп калат экенсиң. Ошон үчүн килейген мекеменин жетекчиси болсом да өз машинемди өзүм айдап келип кетип эле жүрөм.
Иш бөлмөмө кирээрим менен артымдан катчы кыз кирди. Абдан корккондой бүжүрөп алыптыр. Мен булардын көзүнө ким көрүнөм билбейм, мурдагы жаңылыштыгымды кайтабалайын деп бир топ жумшак мамиле жасап калсам деле кол алдымдагылар менин карааным көрүнөөрү менен бүжүрөй калышат.
– Ханум Садыковна, сизге жолугат элем деп үч күндөн бери бир жигит келип жатат. Азыр да келиптир. Дайыма сиз жумуштар менен чыгып кеткенде келчү элем, а бүгүн ордуңуздан кармайын дедиби, таң атпай келиптир, – деди ошол жигит келип мени күткөнүнө күнөөлүүдөн бетер башын жерден албай. Таң атпай келиптир дегенине күлүп жиберейин дедим, менин ачуума тийгенден айбыгып сөзүн оңдоп сүйлөп жатканын карачы, түшкө маалды, мен келген убакты таң атпай деп атап. Сыягы, ал жигитке өзү менин түштө гана араң мекеменин босогосун аттаарымды айтып берген болуш керек. Мунун эмне жогору жактан карап турган чоңдору жокпу деп ойлоп жаткан чыгаарсыздар. Таянганым күйөө балам Эмил. Ал жогору даражалуу кызматта отурган кезде эч ким менин мышыгымды пыш дей албашын билем да. Анан каалагандай чартаңбай тээп жатпаймынбы.
– Ким экен ал? – дедим көз айнегимди кийип. Көзүмдүн көрүүсү эң мыкты, керек болсо километр ары жактагы окуяны үтүрөчекитине чейин көрүп кое алам. Бирок, көз айнек таксаң бир топ каадалуу да, сүрдүү да болот экенсиң деп жөнөкөй эле айнекти алтын жалатылган каптамага салдырып көз айнек жасатып алгам. Жумушка келээрим менен ошону кийип алып, келгендерди үстүнөн карап отура берем, өзүмчө эле кыйын болуп. Азыр да адатыма салып көз айнектин үстүнөн катчы кызды карадым.
– Билбейм, мурда ушул жерде иштеп кеткен экен. Сыягы, жумушка орношкусу келет окшойт кайра...
– Мейли, чакырчы. Бирок, алдын ала эскертип кой, мен ага он мүнөт гана убакыт бөлө алам. Келген жөнүн тез-тезден айтып, кете берсин.
– Макул, – деген катчы кыз эбелектей чуркап бир заматта эшиктин ары жагына жашынды. Ага удаа эле каалга жай такылдады.
– Кире бер! – дедим өктөм. Кызык эле ушул кээ бир адамдар, катчы чыгып айткандан кийин такылдатпай эле кире бер. Секундда бир өзгөрүү болуп кетмек беле.
Каалга ачылып, бирөө кирип беш-алты кадам таштап, токтоп калды. А мен кагаздарга үңүлүп, башымды көтөрбөгөн тейде:
– Кел, отур, – дедим. Ал келип бет маңдайымдагы орундукка отурду.
– Саламатсызбы Ханум Садыковна, – деди ошондо гана. Үн абдан тааныш учурады. Башымды көтөрүп карасам Азат отурат. Азат мурда ушул жерде иштечү эмес беле. Сайрашты күйөөгө узатканыбыздан кийин, мен мекемеге башчы болуп келгенимден аз убакыт өтпөй эле арызын жазып кетип калган. Эмне себеп болду деп сурасам, айлык аз экенин шылтоолоп, Россияга барып иштээрин айткан. Аны сынай тиктедим. Бир аз толуп, апакай тартып, бети болпойуп мурдагыдан да сүйкүмдүү болуп калыптыр. Толгону узун боюна тим эле жарашып, сымбатына чыгыптыр жигит. Аны тиктеп саамга катып калыптырмын. Анан гана эсиме келе калып:
– О, Азат кандайсың? Ден соолук, иштериң жакшыбы? – деп күлүп, ордумдан тура калып колумду сундум эле, ал да жалпактай күлүп келип колумдан кармап, жан- алы калбай учурашты.
– Жакшы, жакшы, рахмат, Ханум Садыковна, баары жакшы. Бирок, жумушум азырынча жок... – деди. Мен эмне себеп менен келгенин катчы кыздан укканымды эстеп, баам сала тиктеп калдым. Көзүм анда болгону менен оюм ар кайсы жакта. Сымбаттуу жигит мага жага калды. Кучактап гана жата бергендей жигит болуптур. Өң- бешенеси да жылдыздуу. Кыскасы, кайсы кыздын болбосун жүрөгүн жаралай турган эле дарамети бар экен.
– Ии, анан? Россиядан качан келдиң? – деп сурап койдум сөз улантмакка гана.
– Келгениме бир жылдан ашты.
– Анан эмнеге келээриң менен бизге келбедиң?
– Келейин дегем... алабы же албайбы деп. Ар кайсы иште иштеп жүрдүм. Туруктуу иш болбосо кыйын экен.
– Эмнеге албайт экенмин, сен мурда ушул жерде иштеп кеткенсиң. Иштеп кеткендерди кайра албай койсок туура болбой калат го. Анын үстүнө жоопкерчиликтүү жакшы кызматкер элең, – дедим сугалактана карап. Аны караган сайын эки бутумдун ортосу ысып, денем бир башкача балкып кетип жатты. Өзүмдү тыйып гана араң отургансыйм, кумарыма эркиндик берип койсом эле ушул жерден эле Азатты тырп эткизбей басып жыгылчудай болуп турам да. Тообо, эсим барында этегимди жабайын, кокуй. Бир илинчек таба албай араң турган тараптардын чырагына май тамызып салбайын деги.
– Чын элеби? – деп Азат кубанып кетти. Ууртунда жылмайу пайда болуп, кыздыкындай кыпкызыл эриндери эки жакка жагымдуу ажырап, аппак тиштери кашкайып көрүндү.
– Ооба, чын. Менин атыма арыз жазып катчыга таштап кой. Эртеңден баштап ишке чыга бер. Же бүгүн эле баштай бересиңби?
– Бүгүн десеңиз бүгүн эле баштай берем. Баары бир башка кылаарга ишим жок, бекерчимин, – деди күлө багып.
– Анда эң сонун, – деп телефондун кулагын бурап, катчы менен байланыштым, – Мага кирчи.
Секунд өтпөй каалга ачылып катчы көрүндү.
– Бул жигитти эмгек жамаатка тааныштырып кой, анан кызмат ордуна алып бар, – деп анын кайсы иш бөлмөдө отураарын айттым. Ошол убакта бизде эки- үч орун бош турган болчу. Анын бирин Азатка ыйгарып койдум. Мен аны айдоочу кылып алсамбы деген да ой пайда болду, бирок мага эмгек жамааттын арасында да өзүмдүн адамым керек болуп жаткан. Азаттан өзүмдүн адамымды жасайын деп чечтим. Чыгып баратканда артынан көз салып, батинкесинин таманы майышып калганын байкадым. Кийингени да жупуну. Россияга барып деле жыргап кетпегенин түшүндүм. Дагы деле турмуштун түйшүгүндө жүрөт окшойт. Сайрашты эстеп алдым. Жегени кызыл икра, саякаттаганы Европа болуп жыргап жүрөт. Азатка сүйүү деп тийип алганда анын да батинкесинин таманы майышып жүрмөк экен да. Өзүмө абдан ыраазы болдум, Сайрашты жакшы жерге узатканыма. Мендей эжең бар экенине кубан деп койдум ичимден Сайрашка багыттап.
Кечке маал, жумуш бүтөөр чакта Азатты чакырттым. Ал келди эле,
– Биринчи иш күнүң кандай өттү? Арызыңа кол коюп, кадрлар бөлүмө жибердим. Эртең эмгек китепчеңди алып келип, толтура турган документтер бар ошолорду толтуруп кой, – дедим олуттуу. Ал жыргап алыптыр, абдан эле бактылуу болуп жаткандай кебетеси бар. Башын тынбай ийкеңдетип:
– Сөзсүз, Ханум Садыковна, – деди. Анан бир саамга унчукпай туруп, кошумчалады: – Сизге рахмат.
– Рахматты кийинчерээк айтасың, – дедим табышмактата. Анан бет алдымдагы орундукту көрсөттүм:
– Бул жерге отурчу, кененирээк сүйлөшөлү.
Ал отурду. Мен калемсабым менен столду такылдатып, аны ойлуу тиктедим.
– Жашоо- турмуш кандай? Менден жаап- жашырбай болгонун болгондой айт.
– Сизден эмнени жашырат элем. Атам каза болуп калды, апам ооруга кептелип жылына эки жолу ооруканага жаткырып, курорт-санаторийге жөтөнүп турганга туура келди. Үйдүн улуусу мен эмесминби, менден кийинки үч бир тууганым тең студент. Апам булар да окусун, билим алсын деп тилек кылганынан окутуп жатам. Үйдүн улуусу катары түйшүктүн баары менде. Өздөрү деле иштеп, акча таап, өздөрүн өздөрү каржылаганга жарап калышты. Бирок, контракт дегени бар да... – улутунду, – Апамды айыктырып алсам эле болду эле.
– Россиядан эмнеге келе бердиң? Сенин абалыңда ошол жакта иштеп, бул жакка акча жөнөткөнүң дурус эмес беле?
– Ал жактан да ийгилик мага жылмайбады, – дагы улутунду, – Эки – үч иш алмаштырдым, баарынан эле “кидала” болдум. Мен кайсы жерге иштебейин, ошол жер кидала болуп чыгып жатты. Жадаганымдан бул жакка баса бердим. Башым менен жер казсам да өз элимде жүрөм деп. Бирок, бул жакта башың эмес, башка жагың менен жер казсаң да табылбаган акча табылбайт экен.
– Башка жакты запаска кое тур, азырынча башың менен казсаң жетиштүү, – деп шыңкылдадым, анан дароо күлкүмдү токтотуп мостойдум, – Бизде айлык аз экенин билесиң да, бул айлык менен үч студентти окутмак тургай, апаңдын бир жолку дарылануусун да камсыздай албайсың.
– Билем, – деп башы шылкыйды, – Башка иш жок. Болсо да айлыгы мындан көп эмес. Бул жерде жок дегенде айлык убагында берилет. Башка беш-алты миң сом көбүрөөк айлыгы бар иштер айлыкты каалаганча кармашат экен. Кээде, эки айга чейин акча кармабай иштеген учурлар болот. Ошого, ойлонуп, ойлонуп отуруп ушул жакка келдим да кайра.
– Мейли, капаланба. Сенин абалыңды түшүнүп турам. Адам баласынын башына нелер келип, нелер кетпейт. Мен сенин айлыгыңды үч эсе көбөйтүп берем, – десем шылкыйган башы дароо көтөрүлүп, көздөрү ишенип- ишенбей жайнай түштү.
– Бирок, бул экөөбүздүн сырыбыз болсун, – дедим үнүмдү аста чыгарып, – Бухгалтериядан канча айлык жазылса ошончо аласың, а калганын мен өзүм кошуп берип турам.
– Рахмат! – деп ордунан тура калып, анан кайра отурду. Кебетесинен эмне кылаарын билбей алдастап калганын байкадым, – Бул жакшылыгыңызды унутпайм.
– Муну жакшылык деп айтууга болбостур балким. Менин да өз кызыкчылыгым бар, -кепти алыстан баштап кантээр экен дегенсип көзүмдү айырбай тиктеп, – Мага эмгек жамаатынын арасынан өз адамым керек эле. Менин кулагым жана көзүм боло турган. Ошого сени ылайык көрдүм. Эмгек жамаатынын ичинде эмне болуп жатат, ким эмне кылды, эмне жеди, ким менен таарынышты, ким менен жазылышты ийне-жибине чейин калтырбай күн сайын отчет берип турасың. Жада калса пол жуугуч аялдан бери аңдыйсың. Жарайбы? Же макул эмессиңби? – дедим.
Азат башын дароо ийкеңдетти:
– Мен макулмун.
– Анда сүйлөштүк. Эртең мен айткандай кыл, – дедим да сөз бүттү дегенсип ордумдан туруп сумкамды колума алып эшик жакка бастым. Артымдан Азат да чыкты. Мени менен коштошуп, алдыма түшүп, коридор менен жөнөп калды. Артынан карап баратып, татынакай кылып кийинтип, атырдан сээп койсо жигиттин гүлүнө айланып калаарын баамдадым. Өзүмчө эле мөөрөйү колуна тийген адамдай кудуңдап, үйгө кантип жеткенимди билбедим.

Ххх
Аскат экөөбүздүн мамилебиз жакындашкандан жакындаша берди. Ал күн сайын мага болгон нерсенин баарын төкпөй-чачпай айтып келет. Анын жардамы менен мен баарын билип калдым: ким менен ким көңүлдөш, ким менен ким душман, ким мага нааразы, ким ыраазы, ким канчада жумушка келип, канчада кетет, ким түшкү тамактанууга кетип саат канчадан канчага чейин жоголот. Баарын билип, ошого жараша кол алдымдагыларга мамиле жасай баштадым. Азатты эмгек жамаат жылуу кабыл алышты, мурда иштеп кеткен, анан да чырайлуу, жаш жигит болсо жаман нерседен шек алышпай, катарларына бат эле кошуп алышты да. А мен экинчи планымды да иш жүзүнө ашырчу күндү күтүп, Азатка ичимден шилекейимди агызып жүрөм. Бир күнү болбосо бир күнү мендик болооруна да көзүм жетип турат.
Чарчаганымды билдирбеске тыкчыя басып подьезге кирсем баягы кошунам менен карпа-курп чыга калбасмынбы. Ал да, мен да чоочуп кеттик. Тообо, бир үйдө, бир подьездде жашап жатып да баягы окуядан кийин эки гана жолу көрүштүк. Экинчиси ушул азыркы. Мен эртең менен ишке кетип, түндө келип, дем алыш күндөрү да үйдө турбай жаным тынбагандыктан жолугушпадыкпы, же менден өтүп бул да иштерманбы, билбейм. Мени көрүп көзү күйүп кеткендей болду. Менин дагы. Азыр эле машине айдап келатып, үйгө кирип эле бир эркектин карылуу кучагына кулагым келип, делөөрүгөм да. А маңдайымда карылуу кучактуу эркек турат моминтип.
– Кошуна, көрүнбөйсүз го, – дедим күлө тиктеп. Ал да көзүн кысып койду:
– Көргүңүз келсе биз даяр.
– Андай болсо саат 11де менин каалгамды каккыла, – деп оозумду кулагына тийиштире шыбырай бат-бат сүйлөп, басып кеттим. Бирөө жарымдын көзүнө чалдыгып калбайлы деп саксынганым да. Акыркы убакта бир башкача саксынмай адаттарды таап алгам, кээде өзүмдүн да күлкүм келип кетет. Адам чөйрөсүнө карата, кызмат акыбалына карата өзгөрөт турбайбы. Мындан мен деле качып кутула албайм да. Тиги түшүндүм дегенсип, көзү менен атып, шилекейин куюлта артымдан тиктеп кала берди.
Үйгө кирип эле балдарды уктатканга шашылдым.
– Жаткыла, уктагыла. Эртең эрте турасыңар, – деп жакшылап тамактандырбай, шаштырып, бөлмөлөрүнө киргизип жибердим.
– Дастан, компьютерди өчүр тез! Укта! Эртең уйкусурап турбай жатып калчу болсоң таарынба, – деп арттарынан кирип текшерип да чыктым. Анан жуунуп чыга калайын деп ойлодум да кайра айныдым. Жуунгудай сүйгөнүмө жолукмак белем. Кошунага ушул турушум да боло берет. Аялдар качан гана жүрөгүнүн ээсине жолугушууга бараарда, же ал жолугушуудан бирдеме үмүттөнүп, өзүнүн кызыкчылыгы да болгон кезде жуунуп, таранып – жасанышат. А азыр менде бир гана кызыкчылык бар, ал – кумар алуу, кумардын туу чокусуна жетүү. Аны билбейм, мен өзүм кумар алышым керек. Алибекке ачуум келип, ичимден сүйлөнүп да алдым. Эри бар туруп эри жоктой жашап жүрөм деп. Анан кайра ачуумду тараттым, эрим бар кезде деле эрсиздерден бетер ар эркекке сугум артып эле басып жүрчүмүн го. Түштөн кийин периште боло бербейинчи деп өзүмдү тыйдым.
Саат 11де каалга такылдады. Мен ошону эле күтүп тургам да, шырт алдырбай акырын ачтым. Коридордун жарыгын өчүрүп койгом, акырын колунан кармап ичке киргиздим. Ал менин тыңчыдай акырын басканымдан эле түшүндү окшойт, дабышын чыгарбай бутун чечип, артымдан ээрчиди. Түз эле уктоочу бөлмөгө алып келдим. Эшикти ичинен бек бекиткенден кийин гана асма шамды жактым.
– Уфф, жарык бар экен го, – деди ал акырын сүйлөп. Мен унчукпа дегенсип сөөмөйүдү оозуна такап койдум. Жөн такабай кылыктанып, эринин сыйпалап келип такадым. Ал жанталашып сөөмөйүмдү оозуна салды да аймалап баштады. Кудум эле упчу соргонсуп. Бир башкача жагымдуу сезим денемди аралап, көзүм жумула түштү.
– Охх, – деп онтоп жибергенимди да туйбай калдым. Ал мени шап кучактады да, эми эриниме жабышты. Аймалашып эле жатып калдык. Ээрип кетчүдөй эле болдум чиркин, кучагы бир башкача күчтүү экен. Кучактаса кабыргаларым кабыша түшүп, кычыраган үн чыгып кетип жатты. Анткен сайын кумарым күчөп, делебем болуп көрбөгөндөй козголуп, шымынын сыртынан эле алаасындагы “байлыгын” сылагылап, эркелетип баштадым. Эми ал онтоп жиберди. Шашкалактай ычкырын чечип, шымын шыпырды эле колума килейген алигиси уруна калды. Урук калтасынан бери сыйпалап, бирде катуураак, бирде назик кармап, аны кармаган сайын өзүм да дүүлүгүп тик турган калыбымда ысык кумардын чок ортосунда калгансып дене- боюм от болуп жанып, кыңкыстап жаттым аста. Ал да бутун талтайта, башын өйдөгө чалкалатып, менин колум кыймылдаган сайын оор – оор дем алып болбой калды. Мени чечинтеби десем антүүгө дарамети да калбай калгандай. Чыдабай кетип, халатымды бир силким менен чечип ары ыргытып жибердим да, энеден туума калдым. Алдын ала эле ич кийимдеримди чечип, жылаңач этиме шуудураган кызгылт халатымды илип алган болчумун да. Анын көзү чанагынан чыгып кете жаздачудай болду. Жылаңач денемди сугалактана карап. Кантсе да төрөбөгөнгө да денем дагы деле тумсак, тартылып, бышкан шабдаалыдай болуп турат. Баланын эрини тийбеген эмчегим тирсийип, кармаса эркектин алаканынан ашчудай болуп өйдөнү караган. Башынан кармап, эңкейттим да оозун эмчегимдин үрпүнө алып келдим. Түшүнө коюп чопулдатып соруп кирди. Жаным жай ала көзүм аңтарылып, чачынан аткый кармап, бирде далысынан сылагылап жыргап жаттым. Эки бутумдун ортосу сууланышып, жанжеримден аккан суу тиземе чейин жеткендей болду. Жанжерим дүүлүгүп, болчу, болчу эми деп суранып жибергендей болду. Эмчегимден башын алыстатып, керебетке аста түртүп жыктым да, үстүнө чыктым. Алигиси чекчейип туруп калыптыр. Сыдырыла жанжериме киргенде мен да, ал да катуу онтоп жибердик. Эпеңдеп чаап жаттым. Өйкөп да, ат чапкансып чаап да, акырында маарага жеттим да, тула боюмдан жан кетип, көзүм тумандап, мээме ысык кан чуркап келгенсип, соолуп жатып калдым. Ал андан аркы аракетти өз колуна алды. Мени тизелете калып, артыма жабышты. Кумардын туу чокусунан түшө элегимде ал да артымдан чыгып келди. Жупташкан тейде кыбырабай соолуп жатып калдык.
– Сен башкача экенсиң, жанжериң ысык, тар... – деди бир топтон кийин артыла кучактап, эмчегимден кармалап, – Эмчегиң да турмушка чыга элек кыздардыкындай болуп тикчийгенин карачы. Кантип сактангансың? Же, жанагы эмне дейт бирдемени тыктырып алдың беле?
Мен акырын каткырдым, колунан кармап, дагы- дагы мыжычы дегенсип эмчегимдин үрпүнө манжаларын тууралап койдум:
– Бул мага табияттан берилген нерсе. Баары нукура. Жасалмалуулукка жабыша тургандай себеп жок, – дедим сыймыктана. Таш балээсине сыймыктанасыңбы, бир эле баланы эмизип көрчү, анан көрөйүн кыйынсынган мүчө – боюңду дедим ичимден өзүмдү өзүм мазактап.
– Анда, чын эле өзгөчө аял экенсиң, – деп эмчегимден мыжыкты да, чыдабай кеттиби, мени чалкалата коюп, дагы үрпүнөн соруп баштады. Менин да кайрадан дүүлүкмөйүм башталды. Бир заматта жупташа калдык. Ошентип, бири бирибизге тойбой жатып таңдын кантип атып кеткенин байкабай калыптырбыз. Он аттыкындай эле күчү барбы, такыр чарчабады. Улам кумардын туу чокусуна жетип, урук калтасын бошотот да, дагы он – он беш мүнөттөй кучактап жатып, анан эле алигиси тикчийип тура калат.
– Өгүнү сага тойбогон бойдон кеттим да. Ошондон бери ошол түн эсимден кетпейт. Кээде түшүмө кирип, ойгонсом шейшепти булгап койгон болом. Дагы жасагым келди эле, балаң ойгонуп калбадыбы, – деп арманын айтты “иш” арасында.
Мен ушул сапар да ага тойбодум. Кайра – кайра кошулгум келип, табына келген күлүктөй чыга калсам болобу. Таңдын атып кеткени гана айласыздан токтотту.
– Кой, эми токтотолу. Үйүңө бар, аялың да издеп жаткандыр, – дедим. Аялың барбы деп сураган эмесмин да, бул сөзүм суроо катары да берилди.
– Аялым төрөтканада жатат, – деди ал, – Боюунан козголуп, качантан бери сактанууда жатат, – деп кошумчалап койду. Ичим тыз эте түштү эмнегедир.
– Аа, аялың төрөтканада үчүн мага келген турбайсыңбы?
– Үйдө болсо деле келмекмин бир айласын таап. Аялым төшөктө сендей эмес, араң эле жаны бар. Бир жолу “сайсам” эле бир айга жетет ага. Экинчи жолу баштайын десем, ооруп кетти, кыйналып кеттим деп ыйлактап качат, – деди. Аны угуп бир аз жаным жай ала түштү. Кызык элемин э, атын билбеген кишини өз аялынан кызганып.
– А мейли, эмнеси болсо да кылган кызматыңа рахмат, эми бара берсең болот! – дедим орой. Жетекчи болгондон бери кыялым тез-тез өзгөрө турган “ооруга” кептелгем. Бир заматта бешенемден күн тийип, кайра ошондой эле тездик менен жамгыр жаап, мөндүргө айланып да кете берет. Ал эч нерсени түшүнбөгөнсүп мени маңыроо тиктеп калды.
– Уккан жоксуңбу, эми кет! Балдар ойгонуп кетишет! – дедим.
– Сен андай дебечи. Кылган кызматың деп. Мени телефон чалуу аркылуу келе турчу эркектей эле кабыл алып алдың го, – дейт. О кокуй күн ай. Ушунда да ар – намыс бар турбайбы деп ойлодум кебетесин карап туруп. Анан кой мейли, дедим да үнүмдү жумшарттым.
– Катуу айтсам кечирип кой. Балдар ойгонуп кетпесин деп эле...
– Сен кайда иштейсиң? Буйрук бере сүйлөгөнүңө караганда бир жердин чоңу окшойсуң, – деп так эле төбөдөн түшпөспү. Туура ой жүгүрткөнүнө таң кала күлүп жибердим.
– Ооба, – дедим да иштеген мекеменин аталышын атадым, – Ошол жерди башкарам.
– Мына сага, – кудум эле жаш баладай таңыркады, – Сыртыңдан көрүп эле оңой аял эмес дедим эле, туура ойлонуптурмун.
– Азаматсың да. Бол эми кет, – деп дагы бир сөз айткысы келгендей кылчактады эле, болбой жатып артынан түртүп чыгарып жибердим. Каалганын кулпун бекиткенден кийин кыңылдай ырдай, жаным жай ала ваннага кирдим.
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_5.htm on line 201

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_5.htm on line 201

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum2_5.htm on line 201