Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум күйөөсүн депутат кылды

3-томдун 1-китеби

Батмакан “канымды ичип” бүтмөк болду. Анын жашоосу менен эле жашап калгандаймын акыркы кездерде. Күн сайын жумушка келгенде, анын кебетеси кандай экенине карабай: “Ай-ий, укмуш эже, тим эле көзүңүз жалжылдап сонун болуп калыптырсыз го”, “Ай – ий, эжеке, көйнөгүңүз кооз турбайбы, кымбат болсо керек, менимче бери дегенде миң доллар го э” деген сыяктуу комплименттерди айтып турбасаң балээсине каласың. Итиреңдеп, тим эле сен аны мактап турууга милдеттүүдөн бетер далысын салып калат. Ой, аны мактай берип күнү бою ичим көбөт. Бул жашка ишке качан кетип, ордуна мени таштайт деп эки көзүм төрт болуп күткөнүм күткөн.
Бүгүн да жумушка андан биринчи келдим. Тиги мекемени жетектеп жүргөндө өзүмө өзүм кожойке элем да, каалаган учурда ишке келчүмүн. Азыр балээсинеби, Батмакандан биринчи келишим керек. Кеч калсам, капыстан балээсине калам. Өзү ар убакта келет, кээде чоочугансып эрте келип калса, кээде жумуш бүтөөрүнө бир саат калганда келет. А кээде мен жумуштан кетер кезде келет да, өзү уйкусун кандырып, эс алып келгенге энергиясы толуп, бул жактагы адам күнү бою иште отуруп чарчады, башка болду деген ой жок, өзү чарчаганча түн жарымга чейин кармап отура берет. Кыскасы, муну менен иштешүү тозоктун тозогу экен да.
Кабинетке кирип, терезени ачып, сыртты карап турсам телефонум шыңгырады. Алибектин номери чыкканын көрүп таң кала түштүм. Бизде азыр эртең менен болгону менен Россияда түн да. Эзели минтип эрте чалчу эмес эле, буга эмне болуп кетти экен? Алдым.
– Ало, жаным, кандайсың? Ден соолугуң, иштериң жакшыбы? Балдар жакшы жүрөбү? – деп бир башкача жылуу сүйлөдү. Таң калганым тарабай эле:
– Ооба, баары жакшы, – дей бердим. Ден соолук, ишимди анда – санда сурашы мүмкүн, бирок балдарды өмүрү сурап көрбөгөн да. Буга бирдеме болгонун чындап эле түшүндүм.
– Эмне болду эртелеп чалып? Тынччылыкпы? – дедим. А оюм ар кайсы жакка кетип жатты. Ооруп калдыбы? Кырсыкка учурадыбы? Же бизнесин тарттырып жибердиби? Кокуй, жаман ойдон алыс болойунчу деп акырын түкүрүнүп да алдым.
– Тынччылык болбосо сенин уйкуңду бузат белем, – деп өлүмүш болду.
– Бизде эчак эле таң аткан, айланта бербей, ток этер жерин айтчы. Деги эмне болуп кетти? – дедим мен шашылып.
– Мен бир жаман ишке кириптер болуп калдым. Тез арада бул жакка келбесең болбойт. Бир гана сен куткара аласың мени, аны билем, – деди күңгүрөнө. Жанынан бир кишинин үнү угулду. Бирдеме деп кыйкыргандай болду эле, Алибек шашылып:
– Уктуң да, э жаным. Тез арада билет алып, учак менен эле учуп келе калчы. Сен мага абдан керексиң, – деп аптыга сүйлөдү.
– Жаныңдагы киши ким? Эмне деп кыйкырып жатат? – дедим мен да ал шашылса шашылып. Телефонду кое турган убагы болгонун билдим да.
– Жаным, мен түрмөдөмүн...
– Эмне? ! Эмне болду? ! – телефон жымжырт болуп калды. Алибек өчүрүп койду, суроом ичимде калып, эмне балээ болуп кеткенин түшүнбөй, ары – бери баса баштадым. Тим эле кең кабинет тар болуп чыкты. Азыр эле учуп кетким келди анын жанына, бирок Батмакан сулуудан уруксат сурашым керек да. Мекемеден кетпегенде, азыр эле төрт көйнөгүмдү чемоданга салып алып, Россияны көздөй жолго чыкпайт белем. Мурдагы ишимден кеткениме качантан бери эле өкүнүп жүрөм, азыр болсо ичим тим эле туз куйгандай ачышты. Бул Батмакан мени алдап эле алып келди окшойт, башка ишке кете турган оюу жок го, болбосо жарым жылдан бери былкылдабайт. Башка ишке кетээри тууралуу да ооз ачпай калды.
Улам сыртка чыгып, катчы кыздан шефтин келген – келбегенин сурап жаттым. Ар жолку барган сайын келе элек деген жоопту угам. Ал күнү түштөн кийин келди.
– Эжеке, сизден бир жумага уруксат сурайын дедим эле, – дедим баягы дежур комплименттеримди айтып, көңүлүн көтөргөнүмдөн кийин, – Жолдошум бир кырсыкка учурап калган окшойт, тез арада барып келишим керек болуп жатат.
Батмакандын өңү бузулуп кетти. Кашы биригип, көзүнөн заар ыргыды:
– Ай, сен кандай келесоо катынсың? ! – деди көзүнүн төбөсү менен карап, – Бул жакта иш кычап жатса, уруксат сурайсың да.
– Менде жүйөөлүү себеп болуп жатпайбы, Батмакан Алтымышевна, абдан суранам, жок дегенде беш күнгө жооп берип туруңузчу.
– Иш деген сага оюнчук эмес! Эриңдин коюнун сагынсаң эле кете бергидей, эмне бала бакчада жүрөсүңбү? ! – деп такыр сөз укпай койду. Кабагым салынып чыктым анын кабинетинен. Тойдум байдын кызына деп кол шилтеп басып кетүү да болбойт. Кызматсыз калсам, кайра калыпка келүү да кыйын. Бирок, Алибекти да кыя албайм. Ал мага келечектеги таянар тоо катары керек да. Эптеп эле депутат болуп, бакыйып отуруп калса, ага жашынып алып каалаганымды жасап, көп максатымды ишке ашырышым керек эле да. Эки оттун ортосунда калып, айласыз жумуш ордумда отурдум.
Кечинде үйгө келсем, Азат тамак жасап жатыптыр. Ооба, каңырыш укпадыңыз, акыркы убакта үйдүн бүт түйшүгү Азаттын моюнуна жүктөлгөн. Бир гана үйдү жумасына эки жолу үй кызматчы келип тазалап кетет. Калган иштин баары Азатка таандык. Дүкөнгө барып азык- түлүк алып келет, балдарды мектептен алат, мен кеч чыгып калган учурда, сабактарын окугандарына жардам берет. Тамак жасайт. Анын түнү мени жыргатат. Айтор, кайсы жагынан караба колум узарып, маанайым көтөрүлүп, ушул жигитти таап алганыма төбөм көккө жете кубанып жүрөм. Бир жаман жери, Азаттын меникинде дагы деле жашап жатканын билгенден кийин Сайраш такыр мага жолобой койду. Бирок, күйөөсүнө айта алмак беле, жолобосоң жолобой эле кой, иши кылса Эмилдин мамилеси мага карат өзгөрбөсө болду деп коюп жүрөм. Бир жолу Сайраш үйгө келип калган экен, Азат эшикти ачса, жаагына чап эттирип бир чаап, кетип калыптыр. Дароо мага телефон чалды:
– Тиги үйүңүздө эмне кылып жүрөт? ! – дейт ачуусун араң баскансып энтигип.
– Ким? – деп түшүнбөй калдым.
– Ким деп коесуз да? Азатты айтып жатам.
– Аа, анын биздин үйдө жашап жатканына көп болду го, – демиш болдум кайдыгер айтууга аракеттенип. Андан ары кандай шылтоо айтып актанаарымды мээмде ойлонуштура баштадым.
– Үйүңүздө жашатып жатыптырыз да э, демек? Сиңдиңизди сатып кеткен адамды да жашатасызбы? Демек, сиз мен тарап эмес экенсиз да? ! – деп эле кекетип кирди.
– Кое турчу! Эмне эле болуп жатасың какылдап. Экөөңөрдүн мамилеңер өзүнчө, мен ага кийлигишпейм. Азат балдар менен жакшы тил табышты, ал мага кандай жардам берээрин билесиңби? Сенден канча жолу сурандым жумушта кармалып калган учурларда, алдыңда машинең болсо бар, зуулдап келип, балдарды мектептен алып үйгө жеткирип койчу деп. Бир жолу аткардыңбы? Эми болсо мага сенин ордуңа жардам берип жаткан адамды кетир дегиң келип жатабы?
– Мен эмнеге жардам берем? Ар кимдин жашоосу өзү менен. Анын үстүнө балдарыңыз эчак эле килтейип калышкан, өздөрү келип – кете турган убактылары деле болду.
– Ар кимдин жашоосу өзү менен болсо сен да менин жашоомо аралашпа. Өз үйүмдө кимди жашатам, кимди жашатпайм өзүм билем! – деп телефонду өчүрүп таштагам. Ушулардыкы өттү, бир тыйын жардамы жок да, талаптары эле укмуш. Ошону менен Сайрашымдан кабарым жок. Анткен менен Азатым күн сайын кубантканын койбойт. Азыр да алжапкычты тагынып алып, газдын жанында туруптур.
– Даамдуу жыт толуп калыптыр го, бүгүн эмне тамак? – десем, сорпо сапырып жаткан экен, бери бурулду:
– Базарга барып топоздун этин алып келдим. Ушундай сонун эт экен, сорпо ичели деп кайнатып жатам.
– Ырас кылган турбайсыңбы? – деп орундукка отура кеттим. Ал мендеги өзгөрүүнү байкай койду:
– Сага эмне болду? Өңүң бозоруп кетиптир, ооруп калган жоксуңбу, деги?
Айтсамбы, айтпасамбы деп бир аз кыңырылып турдум да, анан айттым:
– Асылбек телефон чалды, бир кырсыкка учурап калган окшойт, тез кел деп жатат, – деп үшкүрүндүм. Азаттын өңү башкача боло түштү.
– Анан барасыңбы?
– Барбаганга айлам канча? Күйөөм болгондон кийин барышым керек да. Бирок тигил желмогуздун иштен бошото турган түрү көрүнбөйт.
– И, баса мен иш боюнча сени менен сүйлөшөйүн дегем. Тиги мекемеде жаңы келген жетекчи сени менен жакын болгон кызматкерлердин баарын иштен айдап жатат. Мага да кезек аз калганын сезип жатам.
– Эмнеге айдам экен? – деген аңкоо суроо бердим, себибин беш колумдай билип турсам да.
– Өз адамдарын алып келет да. Бүгүн эле беш адам бирдейинен жумуштан кетти. Мени министрликке алып кетпесең болбойт окшойт.
– Кое тур, министрликте мен көчүгүмдү батыра элекмин. Мен деле Батмаканга киренди болуп иштеп жатпаймынбы. Ал башка ишке кетип, ордунда мен калсам анда кеп башка. Сени бир мүнөт да калтырбай калайын.
– Сен министр болгуча мени иштен алып салсачы?
– Кайгырба. Мен турганда көңүлүң жам болсун. Бир айласын табабыз, – дедим да кийимимди алмаштырууга уктоочу бөлмөмө кирдим. Көйнөгүмдү илгичке илгени жатып көзүм норка шубама түштү. Өтө узун эмес, кыска да эмес, тизеге араң жеткен, сүлкүдөгөн кооз шуба. Нукура тери. Ушуга Батмакандын көзү түшүп, шилекейи агып калган эле. Сат деп канча жармашты, такыр көгөрүп болбой койгом. Анткени, муну кийгенде өзүмдү ханайым сезип калмай жайым бар. Сүлкүлдөп басып баратсам, болгон эркектин баары мени карашкансыйт. Аны шубамды карап туруп акыбалдан жол тапкансып кубанып кеттим. Дароо эле алып, пакетке салдым да, Батмаканга телефон чалдым.
– Эмне болду? ! – деп орой жооп берди. Адаты ушул, дайыма ороңдоп эле жатканы. Саламатсызбы деген сөзгө, сылык – сыпаа саламатчылык деп жооп кайтаруудан алыс калган неме. Мен анын ороңдогонун кулагымдын сыртынан кетирдим.
– Эжеке, тынчыңызды алып жатканыма кечирим сурайм. Бир гана нерсе айтайын дегем, эме... тиги... менин шубам сизге жакпады беле?
– Ии, – деп жандана түшкөнү байкалды, – Жаккан. Бирок, такыр эле сатпайм деп койбодуңбу?
– Эми сизге сатыш уят го. Мен сизге аны мындай эле белек кылайын деп жатам.
Батмакан абдан кубанды. Анын кубанганы алдактай түшкөнү үнүнөн билинип калды. Ким болбосун кымбат буюмду белекке, бекер гана алгысы келет экен да. Бекер нерседен ким баш тартсын, туурабы?
– Макул көрсөңүз, азыр эле үйүңүзгө жеткирип берейин, – дедим.
– Макул, абдан жакшы болбойт беле. Азыр эле келе кал, – деп үйүнүн дарегин айтты. Дарегине караганда, менин үйүмдөн эки – үч көчө эле ары жашайт экен. Мен да карап отурбай дароо эле сыртка чыктым.
Үйүнө барган кезимде, кечки суук күчөп калган эле. Машинени от алдырып, тар короодон эптеп айдап чыгаруудан эригип, жөө эле келе калгам. Тиши тишиме тийбей калтырап чыктым. Үйүнө кирээри менен мурдумду ачымык жыт жарып кетчүдөй болду. Мыеолоп эки мышык чуркап келишти. Экөө тең абдан багылганы көрүнүп турат, жүнү өскүлөң, килейген мышыктар экен. Бала чагымдан эле ушул үй жаныбарын анчалык жактыра бербейм. Жаныма келип бутума сүйкөнүп калышты эле, Батмакандан айбыкканым үчүн гана түртүп жибере албадым. Ал пакетти колумдан алып эле, кире бериш жеринин бир дубалын бүт ээлеген күзгүнүн алында кийип көрүп, эки жагын каранды. Мен аны карап, ичим туз куйгандай ачышты. Калп эле күлүп:
– Ий, эжеке сизге куюп койгондой жарашат тура, – дедим да, ичимден балээсине жарашабы, желмогуз бойдон эле турасың. Желмогузду жада калса норка шуба да оңдой албайт деп койдум.
– Рахмат, сиңдим, – деп маңдайы жарыла кубанды. Кубанганын билдирбегенге аракет кылды, калп эле шубаны сынап жаткансып, жибинен бери кармалап көрүп. А бирок, бул жактан караган мага анын кандай кубанып жатканы белгилүү эле болуп турган.
– Жүр, ашканага, чай ичебиз, – деди. Мен үйүнүн жытына араң чыдап тургам, эптеп эле кетүүгө аракеттендим.
– Чайды башка күнү, эжеке. Азыр мен бара берейин, балдар жалгыз, – дедим.
– Эмне болуптур жалгыз болушса? Мен деле мына бул эки кичинекей мышыгымды деле күнү бою жалгыз калтырам. Санааркайм, бирок айла жок да, – дебеспи. Балдарды мышыкка салыштырганына ачуум келип кетти, бирок ага каршы кеп айтуу укугу менде жок да.
– Хи-хи-хи, – деп күлдүм келесоого окшоп, эмне дээримди билбей калгандыктан.
– Ха-ха-ха, – деп ал да мени коштоду. Мен да, ал да эмнеге күлгөнүбүздү деле билбедик. Бутумду чечип, ашканасына өттүм. Кудай бетин салбасын, укмуш кымбат жасалгаланган ашкананын кебетеси бир шумдук экен. Киринен эми адам отуруп болбойт. Кафелдерине жуккан майдын жугу миң жылдан бери тазаланбаган окшойт, кабат – кабат боло берип, кафелдин өңү кандай экени да билинбей калыптыр. Полу бассаң бутун чап – чап этип жабышат. Раковинасында идиш – аяк үйүлөт. Мунун идиши да көп экен да, ушунчасын кир кылгандай. Столдун үстүндө ичке кесилген сыр, анан кооз бөтөлкө койкойуп турат.
– Кел, отур, жүз граммдан алалы, – деди эле баш тарттым.
– Мен ичпейт болчумун, – деп.
– Койчу, эми, периште боло бербечи. Ичпеген адам барбы ушул заманда. Ичесиң эле.
Кичинекей да стакан эмес экен, кадимки эле союздун убагындагы килейген стакандын кап ортосунан кылып ачык күрөң түстөгү ичимдикти куюп койду. Анан колума карматты. Өзү стаканын менин колумдагыга тийиштирди да, ичип жиберди. Мен оозума тийгизсем тим эле эринимди өрттөп кетчүдөй болду. Жытына караганда коньяк эмес, эмне деген ичимдик деп сураштан тартындым. Тиги ичкенде мен ичпей койбойун деп эле жутуп салып, башым тегеренип, ичим ысып отуруп калдым.
– Өтө эле жашоону билбеген неме көрүнөсүң. Түз жашап, ак жашап кимге көрүнгүң келип жатат? Сендейлер кимге жагат экен, миң түз жүр баары бир сени жактырбаган жок дегенде он адам табылат, – деп мени жактырбай карап койду. Ичимден ушундай каткырдым дейсиң, кандай кылыктарды кылып жүргөнүм менен иши жок, бул мени эч нерсени көрбөгөн, бир эринин гана төшөгүн аңдыган аял кылып коюптур да.
– Мен анда кетейин, – деп ордумдан турсам, бутум теңселип кетти. Буттан алат тура бул ичимдик. Кайра орундукка отурдум.
– Барасың шашпай, кел, дагы бирден алабыз, – деп дагы стакандарга куюп, жанагыдай эле менин колума карматып, тийиштирип туруп ичип жиберди. Менин башым мурдагыдан да катуу тегеренди. А Батмакандын мас болгондой түрү көрүнбөйт. Тили гана бир аз чулдурап калганы болбосо баштагыдай эле чечиреп, эки жакка кенен басып жүрөт. Үйүндө өлүү жымжырт, чуркаган бала, сүйлөгөн адам жок. Жалгыз жашайбы деп ойлоп, сураштан батынбадым. Кыязы, жалаң гана кызмат деп жүрүп, жеке жашоосун жолго кое албай, акырында минтип мышык кучактап отуруп калган немелерден окшойт.
– Батмакан эже, сизден дагы бир жолу суранайын, мени күйөөмдүн жанына жөнөтөсүзбү? – дедим үнүмдү муңайым чыгарып. Ал мени теше бир тиктеди да анан каткырып жиберди:
– Айланайын ай, күйөөңдү аябай сагынган окшойсуң. Мейли, барсаң барып келчи. Бирок, эсиңде болсун, бир жумадан кечикпе! Кокус, сен келгиче мен башка кызматка өтүп кетсем, билип кой, сени күтүп отурбай, башканы ордума таштайм да кете берем. Анан жүрөсүң орун басар болуп ар кимдин чачпагын көтөрүп пенсияга чейин.
Ушул убакка чейин кетпеген бир жумада кетмек белең дедим ичимден. Бирок, уруксат бергенине кубандым. Коштошуп, подьездге чыгып, тепкичтен таянычты кармап араң түштүм. Ичим ысып, ырдагым эле келип маанайым көтөрүлүп чыкты. Анан да бир нерсени кааладым. Эркектин жылуу кучагын, жалынган үнүн анан ысык алигисин. Өзүм үйгө жете албашымды билип, Бакыттын номерин тердим.
– Бакыт, мени келип алып кетчи. Батмакандын үйүнөн азыр чыктым. Тез келе аласыңбы? Машине короодо турат, – деп даректи айттым.
– Макул, – деди да телефонун өчүрдү. Он мүнөт өткөн жок, келип калды. Менин кебетемден эле ичим ысып атканын түшүндү окшойт, мындай учурда кандай болуп калаарымды билет да, машинеге отураарым менен колун тиземе койду.
– Ээн жакка айдачы, – деп сурандым. Машине шаар сыртына бет алды. Караңгы түн, анын үстүнө суук, жол ээн. Шаардан чыга бериш жерге эле, бир ыңгайлуу жерге токтотуп, асылып кирди. Кучагына тартып, оозумдан соруп, эмчегимден жулуп алчудай мыжыга кармап, ысык деми менен жалынып – жалбарып баштады. Мен өзүмдү жоготуп койдум. Башым тумандап, эси –дартым жанжериме сыйгаланып кирип кетчү килейген алигисинде болуп турат. Далысынан апчый кармап, кулагынан өөп, оозумду өөп киргенде тилимди анын оозунун ичине сойлотуп... айтор, анын кыймылынан ашыра кыймыл жасап жаттым.
– Аялым менен такыр жата албай калдым, – деди мени чечинтип жатып, экөөбүз арткы орундукка да өтүүгө аракетибиз келбей, алдыңды орундуктан эле баштап алдык.
– Эмнеге, хи-хи-хи, – деп кыткылыктадым. Анын бул айтканы мага майдай жага түшкөнүн жашырбай эле коеюн.
– Ал сендей эмес. Сенин даамыңды татып алганымдан кийин эси – дартым сенде. Кээде өзү тийишип калганда, койчу, бул менин аялым го, байкуш деле сексти сагынат да деп өзүмдү күчкө салып жасамыш болом. Такыр түшүрө албайм, качан гана көзүмдү жумуп, алдымда сенин жатканыңды элестеткенимде түшөт, – деди.
Мен анын оозунан узакка сордум. Ал арада көйнөгүн чечип, арткы орундук тарапка ыргытып койдум. Орундукка түштүбү, же жерге түштүбү, билбейм. Бир заматта дырдай жылаңач калдык. Анын алдына жүзүмдү жүзүнө каратып талтайып отуруп, алигисин жанжериме туштап киргиздим. Далым рулга тийишип калды. Ал мени катуу кучактады да, акырын ылдый ныгырды эле, алигиси урук калтасын гана сыртка калтырып, калганы толугу менен кирди. Көзүмдө от чагылып, кыздыгымды алдырып жаткансып кыңшылап, моюнунан өпкүлөп, ал ары – бери белимден кармап кыймылдаткан сайын эмчегим силкилдеп, менин онтоом күчөп баратты. Далым рулга тийишип тургандыктан, өйкөп, оорутуп да жиберди. Ага да кайылмын, иши кылса, кумардын туу чокусуна жетсем болду. Экөөбүз бир убакта бүтүрдүк. Мен денемди титиретип алып, оор онтоп баштасам, анын да онтоосу оорлоду. Белимди капшыра кармады эле, денемдин ооруганына карабай, ансайын кумарым ташкындады. Анан соолуп отуруп калдык. Мен анын моюнунан артыла кучактап башымды ийинине жөлөдүм.
– Сен андай кылба, – дедим бир топтон кийин, демимди жыйып алып, ага акыл үйрөтүп, – Аялың менен да мурдагыдай жата бер.
– Сен мени кызганбайсыңбы?
– Кызгангыдай күйөөм белең?
– Мен сенин эриң эмесмин, бирок кызганам го.
– Кимден кызганасың?
– Баарынан. Үйүңдө жүргөн баладан, күйөөңдөн, күйөө балаңдан.
– Кокуй, кайсы күйөө балам?
– Эмил.
– Апей, күйөө бала менен да кайнеже жүрмөк беле? – деп бөөшсүнүп койдум. Анан Батмакандын кебин эстеп күлкүм келди. Мен өзүмдү ушундай түз жүргөн аял кылып көрсөтөм дейсиң, кээде аныма өзүм да ишенип кетем. Карасаң, эми азыркы айтып турганымды. Ушинтип жатсам анан ким мен тууралуу бузук ойлосун?
– Ал сени башкача карайт. Бирдемеси болбогон эркек аялды эгерим антип карабайт. Өгүнү жолукканыңарда сен ага сүйлөп жаттың, ал сени карап турду. Мен болсо андан көзүмдү албадым. Анын көз карашынан түшүндүм, ошол жерден эле сени чечинтип, эчак эле мына бул жылуу уяңа өзүнүкүн сойлотуп жибергенин.
– Ха-ха-ха, фантазияң деги укмуш, – деп каткырымыш болуп, анын алдынан козголуп, жанындагы орундукка өттүм. – Дырдай жылаңач кезибизде бирөө – жарым келип калбасын, кой, кокуй, кийинели.
– Мейли, кийинсе, кийинели. Мен, бирок, дагы бир жолу кумарга баткым келип турат.
– Жакшы нерсенин аз болгону жакшы, – деп акылдуусунуп койдум. Бул акылдуу кепти ким бирөөдөн уккансыдым эле, эсимде калыптыр.
Караңгыда машинеден кийимдерибизди таппай бир топ убара болдук. Ал жарыкты күйгүзөйүн деди эле мен болбой койдум. Айтып болбойт да, балким арыраак жерде бирөө – жарым ээн жерге караңгыда токтоп турган машине кимдики деп карап тургандыр. Анан эле биз көрүнүп калсак. Кумарга шашканыбызда кийимдерди да карабай, туш келди ыргыта берген экенбиз, ушуну менен такыр кийинбей калчудай. Эптеп таап, үстүбүзгө кийинип, анан Бакыт машинени от алдырды.
– Менин курбуларым сага тийишкен жокпу? – деп сурап койдум.
– Кимиси тийишет болчу? Айтчы, байкап көрөйүн, – деди ал. Тамашалап жатабы десем, кебетесинен билинбейт. Ачуум келе түшүп, санын ое чымчып алдым эле, ал секирип кетти, руль аз жерден колунан ыргып кете жаздады.
– Жолдо баратып да ушинтип ойнойт бекен? – деди мага.
– Анан сен да ушинтип сүйлөйсүңбү жолдо баратып.
– Мен жаман эмне айттым. Болгону сурадым кайсы курбуң деп.
– Мен сага курбуну көрсөтөм. Сен меникисиңби, ошол бойдон кал. Биздин мамилеге менин бир да курбум аралашпасын, – деп өзүмдөн өзүм эле зекип баштадым. Ал каткырып жиберди.
– Баары бир кызганат экенсиң э? Билдим, билдим. Мен абдан кубанычтамын.
Шаарга келатып, Бакыт мага өзүнүн өмүр таржымалын айтып берди. Кызыктуу болгону үчүн силер менен да бөлүшүп коеюн дедим.
Бакыттын баяны
Университетти аяктап, ала гүү болуп турган чакта апам үйлөн деп кыйнап баштады. Анда шаарда жашап калыш оюмда жок, жалгыз эле апам бар болсо, аны кайда калтырмак элем, ата конушка ээ болуп өмүр бою туулган айылымда жашоо кечирем деп жүргөм да. Ошол убакта шаарда окуган балдар шаардан келинчек жетелеп баруу мода болчу. Айылдаштарыбызга караганда башка жактыктарды алуу сыймык көрүнчү окшойт да бизге. Мен да модадан калгым келбей, чогуу окуган башка жактык кыздарды байкаштыра баштадым. Татына деген кыз бар болчу, башка облустан. Өтө жөнөкөй, кой оозуна чөп албагандай момун көрүнчү эле. Беш жыл бою былк этип, бир кыйкырып сүйлөгөнүн укпагам. Бир болсо ушул жарайт дедим ичимден. Анын үстүнөн тээ алыскы айылдан келген болчу. Айыл турмушуна бышкан кыз дедим да, анан ага гүл берип, кези келгенде ашканага ээрчитип барып лагман алып берип көңүлүн ала баштадым. Тез эле мага үйрөнүп, ал турмак сүйүп калгандай болду. Бир күнү айтууга чамынып келдим, бир тал гүлүмдү коюунума катып алгам. Экөөбүз бакта басып баратабыз, камдап келген сөзүмдү айтып анан гүлдү берем дегем да. Негедир эч эле айта албайм, гүлүм болсо мен баскан сайын кийимимдин алдына басылып, көркү кете баштаганын байкап бараттым. Анан кой, дедим, дагы бир гүлгө банкрот болуп отурбай айтчумду айтып таштайын. Жок десе жок да, башымды бийик көтөрүп бурулуп кете берем.
– Татына, мен сага бирдеме айтайын дегем, – дедим кепти алыстан баштап. Ал мени карап калды. Кулагым сизде дегени экенин билдим да, кебимди улантууга тамагымды кырындым.
– Окууну бүткөндөн кийин эмне кыласың?
– Айылга кетем да.
– Айылга барып эмне кыласың?
– Эрге тийем да.
– Эриң даярбы? Тийчү эриңди айтам.
– Кайдан? Даярдап койгудай эр сага товар беле? Барганда табам, шашпай.
– Экөөбүз үйлөнүп эле албайлыбы? – деп маселени кабыргасынан койдум. Ал селт эте түштү. Менден бул сөздү күтпөгөн окшойт да. Коюнумдагы таажысы соолуй баштаган гүлүмдү алып чыгып колуна карматтым.
– Мен сени ушул гүлдөй кылып алып жүрөм.
– Ушул гүлдөй жарым соолутуппу? – десе болобу. Жоош кыз деп жүрсөм, мында катылып жаткан турбайбы дегеним менен артка кайтууга кеч болуп калды. Ал гүлдү бир жыттап, менин жообумду күтпөй эле, макулдугун бере калды.
Ошону менен дипломду колго алгандын эртеси айылга алып кеттим. Достор менен эки машинени шаарларды байлап жасап алып, күрү – күү болуп жолго чыктык. Апам тапканын жайнатып күтүп туруптур. Ал кезде комсомолдук той болчу эмес беле, тойчук өткөрө салып, эрди – катын болдук да калдык. И, баса, нике түндү айтайын. Мен ал убакка чейин эч бир кыз менен жакындыкка барган эмесмин да. Балдардан кыздыктын кандай болоорун укчумун, аны кантип алыш керектигин практикалык жактан билбесем да, теориялык жактан маалыматым бар болчу да. Жеңелер төшөк салып, жылып чыгып кетишти. Экөөбүз жалгыз калдык. Ал төшөктүн үстүндө тизесин кучактап отурду. Мен да барып жанына отура кеттим. Азыр кандай билбейм, биздин убакта кыз менен күйөө жатып, бир жактама болушмайынча жеңелер укташчу эмес. Баланын жеңелери өйдөтөн карап, ар бир нерсени сынап, күтүшсө, кыздын жеңелерине убал эле болчу, байкуштар кандай болоор экен деп санааркап, ичкериден кыздын кыйкырыгы угулгуча жандарын жакасына тиштеп турушкандай эле болушчу. Биз жарым сааттай ошол калыбыбызда ар нерсени сүйлөшүмүш болуп отурдук. Бир убакта каалга акырын такылдады. Бул болгула, тезирээк деген белги болчу. Байкуш жеңелердин акыбалын эстей калып, булар да таң атып кетелекче тук этип алганга убакыт болсун дедим да, жубайымды басып жыгылдым.
– Кое турчу, дагы он мүнөт отуралычы, – деп суранганына карабадым. Заматта жылаңачтанта коюп, бутун эки жакка керип, үстүнө чыгып, алигимди жанжерине жакындаттым. Али жете электе эле кыйкырып жиберди.
– Эмне кыйкырасың? Меники жете элек сеникине? – дедим. Ал чоочуп кетти да,
– Коркуп кеттим, – деди. Мен дагы алигимди жанжерине жакындатсам, бул сапар ойдолоп өйдө жылып кетти. Азыр кыздыгын ала албай калсам, эртең досторума күлкү болоорумду билдим да, чырылдаганына карабай бутунан тартып туруп, баштагы орунуна жаткырып, үстүнөн баса калып, уйпалап койдум. Алигим жанжерине ээн – эркин эле кирип кеткенин билем. Ал кыйкырды. “Апа” деп ачуу чаңырганы ушул азыр да кулагымда. Кыйкырыгын угуп, алигим жылуу жерде соймоңдоп жатканын байкаганымдан кийин кыла турганды кылдым дедим да, үстүнөн турдум. Канчалык кумарым ашып – ташып, дагы – дагы деген эңсөө күчөп, дене – боюмду аралай чапкан ысыктык көзүмдү тумандатса да эркимди жеткирдим. Анткени, бул түн кыналышып, кумар жаза турган түн эмес. Каалганын артында аңдыган жеңелердин көөнүн жай кылып, уйкуга жөнөтүшүбүз керек.
Менин артымдан Татына да ордунан так секирип тура калды. Колунда алакандай ак чүпүрөк бар экен. Төшөктүн алдына бекитип койгон беле, байкабаган экем. Чүпүрөк менен алаасын мага көрсөтүп аарчыды да, мага сунду:
– Мына... мына.
Карасам чүпүрөктүн ортосунда алакандын отундай болгон кандын тагы турат...
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_1.htm on line 226

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_1.htm on line 226

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_1.htm on line 226