Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум уул төрөдү

3-томдун 2-китеби

Ичим чоңойгон сайын Бакыттын суроосу көбөйө берди.
– Бул чын эле күйөөмдөн деп ишенесиңби? – деди бир жолу курсагымды көзү менен көрсөтө берип.
– Анан кимден? – деп койдум мен дагы сыр алдырбай.
– Мен менден деп ойлоп жатам. Күйөөңө караганда мени менен көп жатчусуң.
– Башымды оорутпачы, кимден экенин мен билем. Күйөөмдөн эле!
Ушундай суроолор көбөйгөн сайын Бакытка мурдагыдай болбой, салкындай баштадым. Аны иштен айда салуунун гана шылтоосун издегенсийм өзүмчө. Ал шылтоо да көп күттүрбөдү. Бир күнү жумушка чыкпай калды. Эртең менен жумушка барайын деп короого чыксам, машинем турат, түнү менен кар жааган эле, үстүн аппак болуп кар басып калыптыр. Бирөө – жарым жанынан жакындаганы билинбейт. Бакытка телефон чалдым.
– Мен сени күтүп турам! Бул эмне кылганың! Мен жумушка кечигип жатам! – деп кыйкырдым.
– Кечигип жатсаң такси кармап бара берчи. Мен ооруп калыптырмын, ордумдан тура албай жатам, – десе болобу.
– Ошону менен жата бер. Сен иштен айдалдың! – дедим да, машинемди от алдырып, кудуңдаган бойдон ишке жөнөдүм. Кудуңдаганымдын себеби, Бакыттан бүгүн кутулаарымды ойлодум да. Ишке барып эле катчыма айттым:
– Мага жаңы айдоочу керек.
– Бакыт байкечи?
– Ал жумушка салкын мамиле жасап жатат. Бир күнү чыгат, эки күн жок. Жумуш энесинин оюну эмес да. Тез аранын ичинде айдоочу тап! – дедим да кабинетиме кирдим. Эки сааттан кийин эле айдоочу болом дегендерди кабыл алып түгөтө албай калдым. Арасынан тандап туруп, мурдагы катачылыгымды кайталабайын дедим да, орто курактан ашып калган, өтө токтоо, карапайым киши алдым. Аты затына жарашып Токтобек экен.
– Бакыт келсе мага киргизбе, кайсы убакта келсе да мага акырын кабар берип коюп, а өзүң мени чогулушка, же дагы бир жакка кеткен деп кой. Келсе жалдырап, дагы маземди кетирет. Жалдыраганына боорум ачып эле канча кылыгын кечирдим. Бул сапар жолукпай эле коеюн, – дедим катчы кызга. Ал макул болуп башын ийкеди.
Ошону менен Бакытка такыр качып жолукпай койдум. Жумушка келсе, катчы кыздан кабар алаарым менен кабинеттен чыкпай, кетти демейинче отуруп турам. А бул үй жакты бир топ кыйын болду. Ал мени эшиктин алдынан акмалап турабы, деп ойлоп үйгө ээн-эркин кире албай калдым. Дайыма Асылбектин жетегинде келем. Ал үйгө жөнөп баратам демейинче, мен да жумуштан чыкпайм. Бир күнү ачууланды.
– Сен эмне эле бала бакчага бара турган баладай болуп жатасың? Өзүң келип, кете бер да. Кү сайын кеч кирээри менен үйгө качан барасың, мен да чыгайын деп телефон чаласың. Кесиптештерден уялып өлмөй болдум, мунун аялы өзү жалгыз кадам баса албайт окшойт деп айтышпасын деп. Айланайын, болдучу, мени нянка кылышты токтотчу! – деди. Мен баарын кош бойлуулугума төңкөрүүгө аракеттендим.
– Кош бойлуу аял ушундай болот да... – деп келатсам,
– Сени ким кош бойлуу бол деп суранды? Өзүң каалап ушундай кылдыңбы, эми эркелеп, кыялыңды көрсөтө бербей, түйшүгүн өзүң көтөр, – деди эле үстүмдөн шыргалаң суу куюлгансып ичиркене түштүм. Анан жаман оюм кокус Бакыт буга жолугуп, ортобузда эмне болгонун ызасы менен айтып салбасын дедим. Алдын ала өзүм тийиштүү чара көрүп коеюн деп, калптан күлүп жойпуландым.
– Ой, жаным ий, кантер экен деп койсом жоопкерчиликти жалгыз өзүмө үйүп таштадыңбы? Мен тиги... кошунабыздан коркуп жатам. Эки жыл мурда жалдырап суранганынан мейли деп айдоочулукка жумушка алдым эле. Эми жумушка жоопкерчиликсиз мамиле жасаганынан иштен алып койсом, өчөшүп калыптыр. Ачуусу менен бирдеме кылып коебу деп, сени күтүп жатам да.
– Хе, – Асылбек мени шылдыңдуу карады, – Ушу сени ким эмне кылат? Сен өзүң кылаарсың элдин баарын эмне кааласаң ошондой кылып.
Албетте, күйөөмдүн бул сөзү да катуу тийди. Бирок, тилимди тишиме катып унчукпадым. Адамзаты өзгөрөт экен. Кимдин арты менен депутат болуп калганы менен иши жок, чамгарактагандан чамгарактап баратат да бул. Мен да жиндимин, убагында эле ким аркылуу ага жардам кылганымды башка өңүттө болсо да учун чыгарып айтып койбойт белем. Эми бул ойлоп жатат, өзү асманды карап жатса эле, көктөн мандат төп этип түшүп калды деп. Азыркы заманда эч нерсе эч кимге төп этип түшпөсүн билбейт көрүнөт.
Биздин жашоо ушинтип оор түрдө өтүп жатты. Жумушта министр болду, буга жыргал деп ойлоп жатасыңарбы. Жок, мен министр болгонум менен менин өйдөмдө да адамдар бар. Болгондо да аябай көп. Алардын баарына жагыныш, тилин табуу, эпилдеп-жепилдөө да күчтү алат экен. Кол алдымдагыларды кээде кууруп, оозумдан ак ит киргизип, кара ит чыгарып алганым менен мен дагы башка бирөөнүн алдында ошолордой коркуп, чоочулап турам. Ал эми үйдө Асылбектин мурду асманды карап калган. Мени менен иши да жок. Эртең менен кетет, кетириш азап. Артынан чуркап жүрмөй, ич кийим, байпагынан бери даярдап, кийгизип, курсагын тойгузуп. Анан калса, кызматка отура калган эркектер өздөрүн башкача карап башташабы, эртең менен кечээгиден калган тамакты жеп кете берүү деген жок анда. Эртең менен таң атпай туруп өзүнө тамак жасаш керек. Куру дегенде сүт ботко жасап берсем гана бир аз ыраазы болгонсуйт. Дастан менен Сайкал күн өткөн сайын мага да билинбей чоңойуп баратышат. Балдарым менин кош бойлуу болгонумду жактырбай кабыл алышканын айта кетейин. Экөө эки жагыма туруп алышып, аларга айткан эмесмин, алар да башкалар сыяктуу эле ичим билингенде билишти да:
– Карыганда ушуну жөн эле койбоптурсуз да, – дешет.
– Карыганда деп. Ким карыптыр? Кырк жаштан жашоо эми гана башталат, – дедим эмне дээримди билбей какалып, бир белгилүү тасмадагы кулакта калган сөздү эстеп.
– Кыйраттыңыз, – деди Сайкал, – Карыбай анан жаш белеңиз. Отуруп-турушуңуз оордоп, жерде жаткан нерсени онтомойунча ала албай калдыңыз го?
– Жапжаш келиндер деле бала көтөргөндө ошентип кыймылы оордоп калат.
Балдарым ушундай кылыштыбы, апам деле кубанып кетпеди.
– Эки балаң өмүрүн берсе жетет эле го. Дагы бирди төрөп кыйналып эмне кыласың? Көп бала төрөгөн мен жыргап жатамбы? Көп бала да бир бала да Кудай ыйман бербесе бир катарда эле. Мен уулума шерик уул болсун, кызыма шерик кыз болсун деп жатып, өзүмө төрт душман төрөп алыптырмын!
Апам сөздү баса, баса, тим эле чучугуңа жеткире сүйлөйт да. Биз сизге душман болгудай эмне кылып жатыртырбыз деп сурасам деле болмок. Бирок, сурабадым. Анткени оюндагысын жакшы билем. Ошону менен менин жарыкка жарала элек тунум айланамдагы жакындарымдын биринин да кубанычын жаратпады.
Бир күнү жумушта отурсам баягы, баары колунан келген кудуреттүү “чоң” телефон чалып калды.
– Ханум, бүгүн мага келе аласыңбы? Жолугалы? – деди. Курсагым чоңойуп, басканым мамалакка окшоп калган кезим болчу да. Ушул кебетем менен ага кантип бармак элем. Эмне дээримди билбей мукактанып:
– Саламатсызбы? Мен... эме... бара албайм го... – дедим.
– Эмнеге? Баш тартуу кабыл кылынбайт. Кел! – деди да телефонду өчүрүп таштады.
Айла жок, бардык. Коңгуроону бассам эшигин ачты эле, чандайган бойдон кирип бардым. Анын кебетесин көрсөңөр күлкүдөн ичиңер эзилмек. Мени бир тиктеп, курсагымды бир тиктеп, оозу жарым-жартылай ачылган бойдон катып калды.
– Ушундай болуп калды, – дедим күнөөлүүдөй башымды ылдый салып, – Келбейин дедим эле... сиз мажбурлап туруп албадыңызбы?
– Ой, барганга болбой турган акыбалдамын. Курсагым өзүмдөн да чоңойуп кетти деп койбойт белең, – деди таңыркай карап.
– Айтып отурганга караганда көрсөткөн таасирдүү болобу деп келдим да. Эми эмне кылалы? – дедим кантээр экен деп аны жалдырай карап. Ал шашкалактап кетти.
– Сен минтип жатсаң... Кантмек элек... Башка жолу э? Азыр бара бер, чарчагандырсың, үйүңө барып эс ала гой, – деп тим эле камкор болуп, бут кийимимди аз жерден кийгизишип жибере жаздады. Коштошуп, жаңы эле босогодон бутумду таштаганда:
– Ханум, – дейт.
– Угуп жатам, – дедим бурула карап.
– Тиги... – курсагымды көрсөттү, – Менден эмеспи?
Менде аны алдоо тууралуу ой да жок эле. Ал өзү ошентип сурап калгандан кийин моменти келди деп ойлодум да, босогодон артылып турган бутумду кайра ичкери тарттым. Эшикти жаап, кийим илгичтин жанындагы орундукка отуруп, аны тиктедим. Ал болсо, менден кандай сөз угаар экем дегенсип, сары санаа болуп жатканы билинди.
– Мен күйөөм менен көп жыл жашадым, – деп кепти алыстан баштадым, – Бирок, балалуу боло алган жокпуз. Мен бир гана сөздү айтам, сиз менин бактыма жолугуптурсуз.
– Кое турчу, эки балам бар деп жүрбөдүң беле?
– Алар биринчи күйөөмдөн болчу. Азыркы күйөөм менен балалуу боло албай келгем.
– Ошондо... – деп эле какалып туруп калды. Мен башымды ийкедим.
– Өзүңүз түшүнгөндөй... Мейли, анда жакшы туруңуз. Жолдорубуз бириксе көрүшүп калаарбыз.
Тиги аңкайган бойдон эле калып калды. Жолдо келатып күлкүм келди, ойлонбогон жерден тиги байкушту инсульт кылып салбадым бекен?
Ай-күнүмө жетип уул төрөдүм. Кызматтан кол жууп кала тургансып, төрөөр-төрөгүчө иштедим. Дарыгерим стресс алышың мүмкүн, декретке чык деп какшап жатып чарчады. Араң жеткен кресломду бир күн да таштагым келген жок. Белимди бек бууп алып иштеп жүрө бердим. Төрөтканага да так эле кызмат ордумдан кеттим. Тез жардам чакырышып, кол алдымда иштеген кызматкерлерим жөнөтүп жиберишти. Жолдо келатып телефон чалып, Асылбекке кабарладым. Ал менден биринчи төрөтканага барып туруптур. Толгоо тартып, токсон тамырымды зыркыратып жатып уулумду жарык дүйнөгө алып келдим. Бул менин тунум. Бирок, муну менден башка эч ким билбейт. Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт дегендей, өзүмдүн канымдан бир уулду жаратканыма чексиз бактылуу болуп турдум. Үч күн жатып эле ооруканадан уулум экөөбүз чыктык. Апам келип мага каралашып бир топ күн жүрдү. А мен бир жумадан кийин эле үйдө отура албай, тыбырчылап, жумушумду сагынып баштадым.
– Төрөй албай жатып жумушка да чыкчу беле? Эмчек сүтүңдү эмизип жанында отур. Ансыз деле тиги эки балаңдын кантип чоңойгонун да билбей калды. Бирде буга, бирде тигиге бактырып, – деп апам менин жумушка чыксамбы дегенимди жактырбады. А бирок, мен билип турам да, декреттик эргүүгө кетсем, кайра министрлик кызматыма кайтып бара аламбы, же барбай каламбы, арсар экенин. Ким эле мага килейген кызмат орунун баласын чоңойтуп алсын деп кармап турсун. Кызмат деген топтой, кимден ыргыса каршысындагы адамды көздөй томолонуп кете берет. Жо-ок, араң жеткен жеримден эми артка кайрылбастырмын. Апамдын айтканына көнбөй, бала багуучу жалдадым да, бир жумадан кийин жумушка чыктым. Мени мынчалык эрте чыгаарымды күтүшпөгөндөрдүн ооздору ачылып эле калды.
Убакыт сызып өтүп жатты. Азат экөөбүздүн мамилебиз токтомок турсун күч алды. Аны мен өзүмө орун басар кылып министрликке алып келип алгам. Үйлөнгөнүнөн туура тогуз ай өткөндөн кийин аялы уул төрөп берген. Мен да уулумдун атын Азат коюп алган болчумун, кичинекей Азат чоң Азатка куюп койгондой окшошуп баратат чоңойгон сайын. Атын окшоштуруп коюп алганыма кыжаалат болгонумду сурабагыла. Бирок, Азат уулумду көрө элек, жада калса сүрөтүн да көрсөтпөйм. Өзүмчө эле корунуп десем болобу, же чоочулаппы, уулумдун аны уулу экенин билдиргим келбейт. Ошентип, сүйүүнүн күчү менен арадан билинбей эки жыл өтүп кетти. Азатка үйрөнүп калдымбы, же чыныгы сүйүүбү, айтор ансыз жашоомду элестете албачудай чекке жеттим. Жумуштагыларга сыр алдырбаганыбыз менен күн өтүп эптеп бир ыгын таап жолугуунун камын көрөбүз. Баса, баягы бир бөлмө батирим азыр биздин жолугушчу жайыбыз. Асылбекке айтпай, ремонт жасатып, жаңы эмеректерди алып, укмуш кылып койгом. Жумуштан, үйдөгү көйгөйдөн чарчаганда ошол батирге учуп жөнөйм. Азатка кабар берип коем, ал да кеч калбай жетип барат. Анан шумдуктуудай сааттарды өткөрөбүз. Ал да мени сүйөбү, же мен сыяктуу көнүп калдыбы, же өз кызыкчылыгын ойлойбу, аны да билбейм. Айтор, айланып – кагылып, жалынып – жалбарып өз милдетин жакшы эле аткарат. Кээде, Азатты бир кездеги өзүмө, а өзүмдү бир кездеги чоң кызматты ээлеген ойношторума окшоштуруп жиберем.
Адаттагыдай жумуштан келаткам. Жолдо машинем бузулуп калды. машине оңдоочуларга телефон чалып, алар келгиче жан-жаканы карасам чакан кафе бар экен, ичине кофе ичүүгө кирдим. Жылынып отурбасам, суук жандан өтчүдөй болуп турат. Ичинде адам көп экен. Такыр орун жок. Кайсы жакка отурсам экен деп карап туруп калсам, терезе тарапта жалгыз отурган киши колун булгалады. Ишенимдүү булгалап жатканынан таанышым окшойт деп жанына басып бардым.
– Отураарга орун таппай жатасызбы? Менин жаныма отура бериңиз, мен азыр кетем, – деди жылмайып. Мен курактуу, а балким менден эки -үч жашка кичүү, күлсө тиштери кашкайган, көздөрү бадырайып, жылуу караган, мурду кырдач, боюу узун, денеси чымыр, сулуучумак киши экен. Лып этип жанына отура калдым. Качантан бери үйдүн түйшүгүндө жүрө берип жаңы сезимдерди эңсеп калгам да.
Официант жетип келди, кофе менен булочка заказ кылдым да, бет алдымда отурган кишиге астыртан тигилдим. Кийингени кымбат, жөн киши эместиги билинип турат. А бирок, эмнеге анда ушул кафеге кирет болду экен? Кечирип койгула, кээде адамдын даражасын анын тамактанган жери да билдирип коет эмеспи. Оюмду окуп алгансып:
– Машинем тиги тушка келгенде бузулуп калбадыбы? Анан машине оңдоочулар келгиче жылына турайын деп мында киргем, -деди. Мен күлүп жибердим.
– Эмнеге күлөсүз?
– Акыбалыбыз окшош чыкканына. Мен дагы машинем бузулгандыктан мында киргем.
Ошону менен кеп машине тууралуу болду. Аябай автоунааларга ышкыбоз адам окшойт, деги эле эркектердин токсон пайызы ушундай эмеспи, жан алы калбай жаңы чыккан машинелер тууралуу сүйлөп жатты. А мага ал кызыксыз. Айдап жүргөнүм менен кайсы үлгү, качан чыккан, кандай артыкчылыктары бар башым да оорубайт. Иши кылса кымбат, анан дароо көзгө көрүнө тургандай болсо болду.
Таанышып алдык, аты Кубат экен. Ал дароо эле жүз граммдан ичпейлиби деп сунуштап калды. “Суук бул болуп жатса, машинебиз да бузулуп калды экөөбүздүкү тең. Жылынып отургуча ичип алалы”, – деп коет. Мен да баш тартпадым. Бир аз коньяк алдырып, бөлүп алдык. Жүз граммдан кийин ичтейим ачылып кетти. Бир порция ысык тамак заказ кылдым. Бет алдымдагы кишини карасам, камырабайт, эркек болбой кал, бирдеме жейсиңби деп да сурап койбойт деп ичимден нааразы да болуп алдым. Бизди жаш официант жигит тейлеп жатты. Жаш болгону менен спорт менен машыгабы, айтор булчуңдары чыккан, келбети абдан эле келишимдүү экен. Мен ичиме жүз грамм кирсе эле эркектердин денесин текшере бермей адатым бар да. Азыр да текшерип отурдум. Тамак алып келген жигит алдыма коеюн деп жатып, төгүп алды. Ысык сорпо кийимимден өтүп заматта денеме жетип барды. Ток ургандай атып турдум.
– Ай, абайлабайсыңбы?! Эмне, стражировңиксиңби, шайтан алгыр! – деп кыйкырдым. Бетим кызарып, көзүмө заар толуп калганын байкадым. Кубат да селт эитп ордунан тура калып, жигитке атырылды:
– Колуңа шал тийдиби? Абайлап кармасаң болбойт беле?!
Биздин кыйкырыгыбызды угуп, кафенин администратору ары жактан басып келди. Кайра-кайра кечирим сурап, биздин заказдарыбыз кафенин эсебинен болоорун айтып жатып бизди араң токтотту. Мен дагы деле өзүмө келе албай, орундукка шалак отурдум.
– Мына ушинтишет да. Көчөдөн кайдагы колу жокторду алып алышат, – деп нааразылана күңгүрөндүм.
– Ай, өзүң амансыңбы? – деди киши кабатырлана карап, – Ысык сорпо эң эле керектүү жагыңа төгүлдү да. Ал жакта эмне гана бар эмес.
Мен күлүп жибердим. Чын эле, так эки бутумдун ортосуна төгүлгөн болчу.
– Кимдин ою кайда. Ким эмне үчүн күйүп жатканы белгисиз, – деп койдум сырдуу жылмайып. Кишинин жаны кире түштү. Мен анын себинген атырынан эле жөнөкөй киши эместигин билип отурам. Же чиновник, болбоду дегенде ири ишкер болсо керек. Мындайларды колдон чыгарып жибергидей Ханумду келесоо болуп калган деп жатасыңарбы.
Тамактанып болгондо машине оңдоочулар да келип калышты. Биринчи тиги кишиники келди.
– Мен чыгайын. Сенин машинеңди алып кетчүлөр келгиче мында эле отура бер. Жылуурак, – деди кетип баратып. Мен башымды ийкедим.
– Телефон алмашсак болбойбу? Дагы жолугушууга каршы эмессиңби? Куру дегенде чалышып аба ырайын сурашып туралы, – деп жылмайды. Мен болсо аны саамга тиктеп, берсемби – же бербесемби дегенсип арсарсынган кебетемди көрсөтүп, анан кол баштыгымдан алакандай кагаз алып чыгып, телефон номеримди жазып колуна карматтым.
– Бирок, эсиңизде болсун, менин күйөөм бар, кечки саат алтыдан кийин чалуу мүмкүн эмес, – дедим.
– Ооба, күйөөңүз бар экенин, аты жогуңуздагы шакегиңизден эле байкагам. Кабатыр болбоңуз, мен күнү-түнү чала берчү курактан өтүп калгам, – деп койду. Анан колумдан өөп коштошуп, чыгып кетти. Анын артында калган жагымдуу атырынан жыттап, түркүн ойго чөмүлүп отургам...
– Кечиресиз, – деген үндөн жалт карадым. Баягы официант жигит турат.
– Эмне болду?! – дедим орой.
– Кечирип коюңуз, – деп кайталады, – Мен шашкалактап... сизден сүрдөп төгүп алдым...
– Кыйраттың. Эми кете бер! – терезеге бурулдум. Кубат машинесинин жанына барып, ал жердеги эки эркек менен бирдемелерди колун шилтегилеп эле сүйлөшүп жатыптыр.
– Капа болбосоңуз болду, мен өзүмдү ыңгайсыз сезип жатам.
– Эй, бала, сөздү укчу! Капа болгудай сен менин күйөөм белең?! Барчы ары, айланайын! – дедим катуу. Жигит башын жерге салган калыбында бурулуп кетип калды. артынан шүмүрөйө түшкөн кебетесин карап кайра боорум ооруп кетти.
Аңгыча менин да машинемди оңдоочулар келишти. Алар машинени жүктөп, машине оңдоочу жайга алып кетишмек. Макулдашып, акчасынын жарымын төлөдүм да, машинени салып бердим. Булар ишенимдүү адамдар, көп жылдан бери бир гана ушуларга машинемди оңдотом.
Жумушка такси менен келдим. Калтырап-шишип, үшүп келсем, кабылдамада адамдар көп экен. Аларды көрүп маанайым бузулуп кетти. Мен кирип бараарым менен бардыгы ордуларынан жабалакташа тура калышып:
– Саламатсызбы, Ханум Садыковна, – деп учурашышты. Кээ бирлери колун да сунушту.
– Саламатчылык, – деп ооз учумдан күбүрөнө, кабинетиме кирүүгө шашылдым. Көзүм менен катчы кызга белги бердим, артымдан кир дегенсип. Ал артымдан кирди.
– Бул адамдар кимдер?! Бир айылдын элин жыйнап алгансыңбы?! – дедим ачуулуу.
– Келишти... сизди жок десем күтөбүз дешти... Абдан маанилүү маселелер менен келишиптир баары тең... – деди күнөөлүдөй жалтактап.
– Айт, ашып кетсе эки адамды гана кабыл ала алам. Калгандары башка күнгө жазылышсын. Бир күнгө экиден ашык адамды жазба. Экиден ашык адам менен сүйлөшсөм эле башым ооруп чыгат. А калгандары убара болуп отура беришпей, кетишсин. Бир сааттан кийин өкмөткө чогулушка барат де!
Катчым кетти, мен сырткы кийимимди чечип, күзгүгө каранып, чачы-башымды оңдоп, кирчү адамды күтүп калдым...
Кечке жуук телефонум шыңгырады. Мен дагы деле жумуш ордумда отургам. Компьютерден бир оюнду таап алгам, кызыгына да кирип кеттим, дайыма ошону ойнойм. Кээде жети-сегизге чейин ойноп, анан үйгө кетем. Көргөндөр мени кеч калып, жаны тынбай иштейт деп ойлошсо керек. Азыр да оюнду ойноп отургам. Телефонумду карасам бейтааныш номер. Ким экен деп алдым.
– Салам, сулуу айым. Саат алты боло элек. Жарым саат мурда чалып үлгүрдүм, – деди жагымдуу добуш сылык-сыпаа. Ким экенин дароо билдим.
– Үлгүрүп калганыңыз жакшы болду, – демиш болдум.
– Бүгүн жолгугушпайлыбы? Сиз абдан жагымдуу аял экенсиз, сиз менен бүгүнкү кечти өткөргүм келип жатат, – деди сизге өтө. Мен саатты карадым. Чын эле беш жарым болуптур. Бүгүн үйдө баары бар. Асылбек баш болуп, апам да, балдар да, бала багуучу да. Бала багуучу шаардын сыртынан каттап иштечү. Жаш кыз. Суук түшкөндөн бери үйүнө бара элек, жатып иштеп жатат. Бул мага жакшы болду, каалаган учурда жумуштан кетем. Эртерээк бара калыш керек эле деп шашылбайм. Чынын айтсам, акыркы учурда үйгө да баргым келбей калды. Асылбек ары жактан кабагын чытыса, апам берки жактан мээмди жейт. Балдар да чоңойушуп менин бары – жогум аларга баары бир болуп калгансыйт. Акча керек кезде гана апалары бардыгын эстешпесе, калган учурда кеч барсам деле сизди күттүк деген бир да сөз жок. Ошону ойлоп кетип, көңүлүмдү өзүм ачпасам меникин эч ким ачып бербейт экен деп ойлодум да, макул болдум. Дайыма күйөөм, Азатты эле көрө бергенге бир адамда көпкө аярлабаган Ханум кыйналып да жүргөн. Жаңы сезимдер да керек дедим да ичимден. Анын үстүнө, машинемди да түштөн кийин эле оңдоп бүтүшүп, жеткирип беришкен.
– Эгер сизге жагымдуу болуп жатсам жолугушсак жолугалы.
– Жакшы. Мен айткан дарекке келе аласызбы?
– Келиңиз, мен сизге дарек айтайын, сиз ошол жакка келиңиз.
– Жарайт. Биринчи жолу айым сунуштаган дарекке кетип баратам.
– Андай болсо каалооңузду ичиңизден тилек кылып коюңуз.
– Менде азыр бир гана каалоо бар... – деп табышмактантып койду. Анын табышмагын түшүнбөгүдөй жаш кыз белем, бирок билмексенге салдым.
Мен жакындан бери бир саунаны көңүлгө түйүп жүргөм. Он адам кирсе да бири бирине эзели бет келбегидей кылып курулуптур. Эми ичи өзүнчө эле бейиш. Бул жакка министр айымдардын шеринесинде кээде келип калабыз. Мындан башка да бир топ жерлерибиз бар, кезектешип отуруп, мында да калп айтпасам эки курдай болдук го. Мен барган кезде Кубаттын машинеси токтоп туруптур. Алдын ала телефон чалып койгон болчумун да, машинем дарбазага жакындаганда каалгасы акырын ачыла баштады. Терезеден башымды чыгарып, “мени ээрчиңиз”, – деп кыйкырып койдум.
– Ой, бай, укмуш жерди тааптырсың го, – деди кенен бөлмөгө киргенибизде оозун ачып, таңыркай карап.
– Мындай жерлерде болгон эмессизби? Таң калыштуу, сыртыңыздан колунда бардай эле көрүнүп турасыз, – дедим шыңкылдай күлүп.
– Болгом, бирок так ушул жерде болбогон экенмин. Сиз муну кайдан билесиз, билсем болобу, – деп карады. Көзүнөн кандайдыр бир шектенүүнүн учкундары жалтырай түштү. Мен бут кийимимди чечип, аппак, жапжаңы, бир кийгенге гана ылайыкталган тапичкени алып, кийдим.
– Кесиптеш курбуларым менен маал-маалы менен шерине ойноп турабыз. Андыктан, шаардагы кафе- ресторан, сауна дегендердин дээрлик баарын билем, – деп койдум.
– Кайсы жерде иштейсиз? Мен сизди бир жерден көргөнсүп жатам, бирок такыр эстей албай койдум, – деди ал бүшүркөй. Мен ага чындыкты айтпай эле коюуну эп көрдүм.
– Катардагы эле мамлекеттик кызматкермин. Жумуш тууралуу айтуунун деле кереги жок. Андан көрө көңүлдүү окуялардан айтышалы, – деп, аны карадым. Сомодой болуп, кирген жеринде эле турат.
– Коркпой эле бутуңузду чечип, тиги тапичкени кийип эркин боло бериңиз. Мен сизди зордуктабайм, – дедим тамашалап. Ошондо гана эстей салгансып, карбаластай бутун чечип баштады. Менин сөзүмө күлүп да алды.
– Менин ушундай адатым бар, туруп-туруп эле мандырашым кармап калат, көңүл бурба, – деп каткырды. Мен да аны коштой каткырдым. Бир заматта бири бирибизге аз да болсо көнө түшкөнсүдүк.
– Сиз дешпей эле, сенге өтөлүчү, – дедим мен жүдөп кетип. Ал башын ийкеңдетти:
– Ушуну жакшы кылдың. Айымга сен деп кайрылсам орой болуп калабы деп сиз деп жатпаймынбы. А өзүң уруксат берсең сен деп айтуудан өтөөрү жок го.
Заматта столдун үстү толду. Тамак – аштын түрүн заказ бердик. Менин курсагым ач болчу, сөзгө да алаксыбай шашкалактап тамактанып баштадым.
– Солдаттай тамактанат турбайсыңбы, – деп айтканда гана өзүм жалгыз эмес экенимди эстей салып, бир аз созолонумуш болдум.
Бир аз ичип отуруп эле, кантип жакындашып, бири бирибиздин колдорубузду кармаша баштаганыбызды билбей калыптырбыз. Ал дароо эле моюнумдан, көкөрүгөмдөн аймалап өөп баштады. Мен дагы жөн турбай, кулагын тиштегилей, анан акырын эринине эринимди жакындаттым. Ал шап этип тилин оозума салып жиберди. Ошентип, сорушууну баштадык. Аркы жактагы керебет коюлган бөлмөгө да жетүүгө чамабыз келбей, ошол жерден эле баштачубузду баштадык. Кийимдерибиз ар кайсы жерде калды, дырдай жылаңач болгон калыбыбызда мен диванга сүйөнүп, эңкейип туруп бердим. Ал арт жагымдан келип, эки эмчегимди колун артылта бурдай кармап, кайбарын жанжериме сүргүлөй баштады. А менин тула-боюм бир ысып, бир күйүп, жамбашымды буйтактатып, кыңкыстап болбой калдым. Бир кезде гана эмчегимди кое берип, кайбарын кармады да, жанжериме туштап туруп, катуу итеринди. Бирок, мен күткөндөй болбоду, кичинекей бир нерсе эле кыбырап киргенсип, кумарым канбай:
– Катуу, катуу, катуурак жасачы, – деп сурана бердим. Ал бар аракетин кылгансыйт, бирок кумар көксөгөн тээ төр тарабыма эч нерсе жетпей, сууга барып суугарылбай калгандай эле акыбалда калдым. Анан калса тез бүтүрдү, шалдайып, жамбашымды чеңгелдеген бойдон кыймылсыз катып калганда, менин тоңгон денем эми гана жибип баштаган болчу. Кайра уланткым келбеди, тээтиги сөөмөйдөй болгон немеси менен он жолу артылса да, кумардын туу чокусуна чыга албашымды түшүндүм. Бир аз болсо да акыл кирип калганбы мага, баштагыдай дароо эле тултуңдаганымды калтырып, калп эле күлүмүш болуп, алдынан суурулуп чыгып кеттим. Парга кирип, башымды чалкалатып отурдум. Ал артымдан кирди.
– Кел, шыпыргы менен чаап берем. Аябай чарчагандырсың. Күнү бою кадалып столго өбөктөп отурасың да, – деди жылмайып. Ал да өз күнөөсүн билгенсип жатканын баамдадым. Ансайын маанайын түшүрө бербейинчи, кайбары кичинекей болуп калганына бул күнөөлүү беле, табияттын кылганы да деп ойлой, анын үстүнө бир жагынан ырахат тартуулай албаса да, куру дегенде шыпыргы менен чаптыртып алайын дедим да узунумдан жата кеттим.
Ал чапкылап жатты. Бирок, укмуш жакшы чапкылайт экен. Токсон тамырыма кан жүгүрүп, чапкан сайын көзүмдү ырахаттана жумам. Арада сүйлөшүп жаттык.
– Кайда иштейсиң? – деп сурадым.
– Өзүмө өзүм ханмын, – деди күлүп.
– Кандайча?
– Өзүмдүн бир нече ишканам бар. Заводдорум да бар. Көбү бул жакта эмес, чет мамлекеттерде. А мен баарын көзөмөлдөп, каалагандай иштеп, каалагандай эс алып... ушундан өтөөрү барбы?
– Бизнесмендердин баары депутат болушчу эле. А сен качан? – дедим мен жөн калбай.
– А мага анын кереги жок. Мен ким бирөөгө баш ийип, бир жерде отура албайм. Мен эркин чымчыкмын. Каалаган учурумда каалаган жагыма учуп кетип турушум керек. Кааласаң, сени да ала учам. Жаңы жылга карата Дубайга бармакмын. Жалгыз кетип бараткам, эми сен жолуктуң. Макул көрсөң бөктөрө кетем, – деди тамаша-чыны аралаш. Менин жүрөгүм туйлай түштү. Ким эле чет мамлекетке, болгондо да башка бирөөнүн эсебинен барып эс алууну каалабасын. Ушуну укканда кайбарынын кичинелигине да кайыл болуп кеттим го, чиркин.
– Тамашалап жатасыңбы? Ким эле бир таанышкан адамын чет мамлекетке алып барсын? – демиш болдум мүмкүн болушунча токтоо сүйлөөгө аракеттенип.
– Мен тамалашканды жакшы биле бербейм. Болгонун гана айтам, – деди ал. Анан шыпыргы менен жонума шап этип чапты эле, тыз эте түштү.
– Апей, абайлабайсыңбы? – дедим ордумдан секирип кетип, – Алдыңда тирүү жан жатат го, робот эмес.
– Жамбашың бөлтөйгөн сонун экен, дүүлүгүп кеттим, – дейт. Карасам сөөмөйдөй немеси тикчийип туруп алыптыр. Кой эми, дедим. Чет мамлекетке алып барам деп жатканды бек кармай берейин. Пар ысып, дем алууга мүмкүн болбой калды. Колунан жетелеп, салкыныраак жерге чыгардым да, тизелеп отура калып, кайбарын оозума салдым. Менин жалжайган оозума толугу менен эле кирип кеткенсиди. Жан жагын тилим менен жалап келип, учуна тилимди тийгизсем, онтоп жиберип, чачымды уучтай кармады. Башын калкалатып, белин какайтып алган. Анын кебетесин, ырахатка батканын көргөн сайын менде да дүүлүгүү пайда болуп, кайбарын жанталашып соруп жаттым. Тилимдин ар бир жолку кыймылы анын:
– Жаным ий, алтыным ий, мынча ширинсиң. Мынча сонунсуң, – деген сөздөрү менен коштолуп жатты. Ансайын мен дагы өчүм барбай кайбарын бирде оозума салып, тилим менен жалагылап, кайра оозумдан чыгарып, эринимди аяр тийгизип, ырахатты болушунча тартуулоого кам урдум. Бир кезде денеси бир башкача титиреп кетти.
– Ханум... – дегенге гана үлгүрдү. Мен түшүнгөнчө оозумдун ичине былжыраган неме толуп калды. Кайбарын оозумдан чыгардым да, душка чуркадым.
...Мен ырахатка батпасам да, аны батырып, жуунуп, тамактанып, бири бирибизди эзилише эркелетип алып, сыртка чыктык. Баарын өзү төлөдү. Мен ал тууралуу көп нерсени билдим. Үй-бүлөсү, эки баласы бардыгын, экөө тең чет мамлекетке окуп, бири турмушка чыгып, бири үйлөнүп, ошону менен Кыргызстанга кайтпай коюшуптур. Мында кайненеси, аялы менен турат экен. Байлыгы ашып-ташканы менен жөнөкөйлүктү жактырат экен.
– Кандай кийим болсо кийип кете берем. Аялым гана кийимдеримди карап, жакшыларын сатып алып келбегенде, колума тийгенди эле кийип алмакмын. Кээде өтө кымбат кийингенимде өзүмдү ыңгайсыз сезем. Анан да костюм-шым, галстук дегенди жинимдей жаман көрөм. Ошондуктан да сен айткандай депутат боло албайм, – деп карсылдай күлдү.
– Аялыңыз аздектеп турса бактылуу экенсиз, – деп койдум калп эле. А чынында анын аялы менен эмне ишим бар. Аялы тууралуу айтып жатканда тим эле үнү башкача жагымдуу болуп кеткенин байкап, мунун жүрөгүнө жол аялы аркылуу экенин билдим да. Мындай эркектерге аялы тууралуу жакшы гана сөз айта берсең жагасың. Акчасы, байлыгы көп экенин билгенден кийин Ханум бирдеме өндүрүп алмайынча кууса да кетпешин жакшы билесиңер да.
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_2.htm on line 237

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_2.htm on line 237

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_2.htm on line 237