Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханумдун Асылбегинин күндөлүгү

3-томдун 3-китеби

Адамзаты ушундай болот экенбиз да, моюнубуз асманга кейкейип, эч кимди тааныбай калганда, бир окуя болот экен да, быш эттирип жели чыккан балонго окшоп эле жатып калат экенсиң. Менде да ошондой болду. Желим чыкканда да катуу чыкты. Бир-эки жылдай өзүм менен өзүм болуп гана, болпойуп жашап калдым го, чиркин. Кызматыма барам, кызматкерлеримди “кууруп” эки жакка жумшайм, өзүмдөн “чоңдорго” барып “отчет” берем. Отчет дегениң эми түшүнүктүү да тапканымды тең бөлүшөм. Мен өзүмдү жакшы билем, билим деген нөль, өзүм башкарып жаткан тармактын он пайызын гана араң түшүнөм. Аны да ушунча убакыттын ичинде аралашып жүрүп гана араң түшүнгөнсүп калдым. Ошондуктан, чоңдорго жагалданып, айткандарын аткаруудан башка аргам жок. Мени менен катар министр болуп жүргөн айрымдарды билем, жетимиш, сексен пайызын өздөрү алып калып, калганын гана жогорку жактагыларга жеткиришет. Эми алар өздөрүнө ишенишет, баштын ичинде бирдеме бар дегендей. Андайларга да чоңдор өтө эле короңдоп, келе бер дей беришпейт экен. А менин башымдын ичинде эмне барын баары көрүп эле турушат да, мен омуроолоп кекиртектектен алсак деле жарай берет деп ойлошот. Ал чындык. Кантип каршылык кылмак эле. Иши кылса дос-душмандын көзүнө ээрден шыпырылып калбай жүрө турсам экен деген тилек да.
Бакыттан кийин бир айдоочу албадым беле. Аным да карып калган киши болчу, жакында эле “Чарчадым, пенсияга чыктым, эми неберелеримди карап эле үйдө отурам. Короо-тегеректи тазалап, көчөт отургузам. Ал көчөттөр бой тартканда биринчи жемишинен сага алып келип ооз тийгизем”, – деп арызын жазып алып келиптир. Эми гана айдоочуга жарыдым деп кубанып жаттым эле да. Анткени, кексе киши экен, мага эмне жагат, эмне жакпайт кирпигимдин ирмелишинен байкап, бир ашыкча сөзү жок. Ардемени казып сурай бербейт, алып бар деген жерге алып барып, күтүп тур десең канча болсо да күтүп, келгенимден кийин “Эмнеге көпкө жоголдуңуз?” – деген келесоо суроону да берчү эмес. Аны кыйылып жатып кетирдим. Кал дегениме көнбөдү. Алтымыштан ашып калган киши чындап эле эс алгысы келип калыптыр деп узатып кала бердим. Ошондон бери машинемдин рулу кайра өзүмө тийген. Азырынча өзүм айдай турайын, ылайыктуу адам чыккыча деп ойлонуп койдум.
Күндөгүдөй саат кечки жетиден өткөндөн кийин жумуштан чыктым. Үйгө кеч барганымдын да себеби бар, баягы көп кабаттан алган үйдү сатып, шаардын кичирайондорго кеткен жолундагы тоо беткей тарабынан жер алып, эки кабат особняк салып, көчүп барып алганбыз. Акча көп болсо ушул экен да, килейген особнякты бир жарым жылда эле бүткөрүп алдык. Толугу менен. Подвалында бассейн, сауна бар, биринчи кабаты менен экинчи кабаты жашай турган бөлмөлөр, а үчүнчү кабат кышкы бакча. Айтор, керемет. Бирок, кымбат баалуу эмеректер турган үйдө күлкү жок. Ишенесиңерби, жай, шаңга толгон турмуш жок. Баарыбыздын кабагыбыз бүркөлүп эле, сиркебиз суу көтөрбөй турганы турган. Бири бирибизди көрөөргө көзүбүз калбай калган десем да болот. Балдар чоңойду, өткөөл курактан өтүп жатканы да, өтүп кеткени да бар. Бирок чарт-чурт кыялдары калды өзгөрүлбөй. Бирдеме дей электе эле толтура кеп-сөзү менен оозуңду жаба калышат. Анысы аз келгенсип, эшик-терезелерди койгулап, “өнөрлөрүн” көргөзүп жиберишет. А Асылбек экөөбүз конок элебиз. Жатаарга гана келип, жамбашыбызды аяр гана төшөккө тийгизимиш болобуз да, таң атаары менен жылан жутуп алчудай үйдөн качабыз. Анда андай үйдү эмнеге кыйналып курдук эле деп ойлоп коем кээде. Кичүү балам Азат күндүз бала бакчада, кечинде бала багуучунун көзөмөлүндө. Ошентип, жашоо улап келатабыз.
Ушуларды ойлонуп баратканымда машинемдин арткы дөңгөлөгүнөн тарс эткен үн чыккансыды. Дароо токтото коюп, сыртка чыгып карасам, арткы дөңгөлөгүнүн биринин жели чыгып, шалпайып калыптыр. Эки жыл мурунку мага окшоп. Ооба, эки жыл. Азыр аз-аздан мага да жел кире баштаган убак. Эки жакты карасам, машинелердин зыңылдаган үнүнөн кулак тунат. Элдин баары иштен үйүнө кайтып жаткан учур, пипилдеген, бирин бири сөккөн айдоочулар. Кадам жылып барып эле токтогон автоунаалар. Үйгө алыс деле эмес болчумун, эгер мобул көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып өйдө көздөй жөө чыга турган болсом, ашып кетсе он беш мүнөттө жетем. А эгер жөө чыккандан эринип, такси кармасам бир саат болмойунча үй бетин көрөм деп үмүттөнүүнүн кереги жок. Телефондон машинени оңдоочуларга чалып, даректи айттым да кете бердим. Мен дайыма бир гана адамга машинемди оңдотом. Ал машинемди кантип ачышты билет.
Жөө баспаганыма көп болуптур. Аны да азыр ойлонуп жатам. Беш-алты кадам басып бышылдагансып калдым, ага карабай, кадамымды уланта бердим. Алаксыганча деп көп кабаттуу үйдүн терезелерин карап коем, башымды чалкалатып. Үйлөрдүн алды жапжарык экен. Аңгыча көзүмө экинчи кабаттын балконуна жайылган бир кийим урунду да, тык токтодум. Тим эле тула боюмду муздак аба каптагансып, колумдун учунан бери зырылдады. Ал жерде тээ бир убакта Асылбекке турсий белекке бердим эле, ошол илинип туруптур. Турсий деген иттин кара капталынан, сенин эриңден башка эркек турсий кийбес болуптурбу деп жемелеп баштабагыла. Мен мындай турсийден экөөнү гана сатып алып, ал да Асылбекке жагып калганынан, кийин барып эле таппай калгам. Сатуучу аз сандагы гана турсий алынып келгендиктен, бүт сатылып түгөнгөнүн, анан калса ошондой товарды заказ кылса Германиядан алып келүүгө болбой калганын айткан болчу. Асылбек аны ушул күнгө чейин кийип жүрөт. Кызгылт-саргыч түстүүсү азыр да үйдө бар, кээде кир жуучу машинкага салып жатып көрүп калам, а бирок так тиги илинип тургандай малакай-көгү жок. Өгүнү эстеп кетип, Асылбек сурасам, “билбейм, жүргөндүр да бир жерде”, – деп күңкүлдөп койду эле. Эми болсо менин башымдын үстүндө салаңдап илинип турат ал турсий. Баарынан да арт жагында алакандай жери башка түстөгү кийимдерге кошуп салып жибергендиктен, ал түстөрдү өзүнө сиңирип алганбы, бир башкача түскө келип кубулуп калган болчу. Ошол белгини да көрдүм. Күйөөнү кызганган катуу болот экен, өзүмдүн эмне кылганымды унута калып, муунум калчылдап, ошол подьезддин алдындагы отургучка отура кеттим. Үйдүн ашканасы менен залынын терезеси мен отурган жакты карайт экен, экөө тең күйүп турат. Ким бирөө терезеден башын артып калаар бекен деп ойлоп, көз ирмебей карап отуруп ойлондум. Мен келесоо, эмнеге аңдып жатам? Асылбекке кармалып калып, “Ооба, сага айта албай жүргөм, менин башка сүйгөнүм бар. Сага болсо, үч талак”, – дегенин угуш үчүнбү? Дымымды билдирбей аңдып, кокус бир шегин байкачу болсом, астырдан аракетимди көрбөйүнбү э? Куру кызганыч эч кимге абийир алып келе элек го, акыры? Асылбек бизди кармап алган аялы менен дароо ажырашып кеткенин унуттумбу? Кокуй, ой, акылым барда этегимди жабайын, чын эле, мен азыр мөөрөй алгансып муну кармап алсам, бул мени менен деле ажырашып тигинисин колтуктаган бойдон кете берет. Төрт бала төрөгөн аялын аяптыр да, мен калыптырмынбы?
Ордумдан жыла туруп, арыдагы бакка барып жашындым. Тим эле тыңчы болуп, душманды аңдыгансып, карап коем башымды созуп. Ошол абалымды канча турдум билбейм, кызыгып кеткенге убакыттын өткөнүн да байкабаптырмын. Оо, бир топтон кийин гана подьезддин эшигинен Асылбегим көрүндү. Ага удаа өйдө тараптан үн чыкты. Асылбек менен кошо мен да башымды көтөрдүм, терезеде кара чачын жайып алган, бет түспөлүнөн арыкчырай экени билинген, ак жуумал жакшынакай, жаш кыз туруптур. Асылбекке тим эле төгүлүп кетчүдөй жылмая карап, кол булгалады. Асылбек да колун өөп, ага көздөй үйлөп койду. Жоругуң жолдо калгыр эй, жаш жигиттей болуп ушундай өнөр таап алганын кантесиң, дедим ичим өрт менен жалын болуп өрттөнүп. Бирок, канчалык өрттөнүп-күйгөнүм менен ордумдан кадам жылбай карап турдум. Баарынан да балкондон баш чыгарган кызды жаттап алууга аракеттендим. Капкара эле неме окшойт. Алыстан эле билинип жатат кара тору экенин. Жука чачын желкесине жеткире жайып алыптыр. Бир кемчентой окшойт да. Ой, мен күнүлөштүк кыла баштадым окшойт, кой, ушунчамда токтотуп, депутат күйөөмдү кармап калуунун гана аракетин кылайын.
Асылбектин машинеси жүрүп кетээри менен мен да жыла басып жолума түштүм. Мен келгенде күйөөмдүн машинеси короодо токтоп калган экен. Жаңы түшүп жатыптыр.
– Эми келатасыңбы? Сенин машинең эмнеге жол четинде токтоп турат? – деди мени көрүп. Мен билмексен болуп койдум.
– Кашайып үйгө жакын калганда дөңгөлөгү жарылып калбадыбы. Анан бери көздөй жөө басып келдим.
– Ушу сен да жөө басат бекенсиң? – деди мыйыгынан шылдыңдай жылмайып,-Жөө басканды унутуп калбаптырсыңбы иши кылып? Жолдон сени көрбөдүм го, көрсөм, бул менин жаздыкташ кошунам эле деп машинеме салып алмакмын да.
– А мен тиги жактагы көп кабаттуу үйлөдү кыдырып келдим. Жолду кыскартайын деп.
Асылбектин өңү башкача боло түштү. Мени кымыңдай карады, уурулугу кармалып калган мышыкка окшошуп.
– Кайсы жактан? Кайсы жак, так айтсаң?
– Ой, тиги жактагы эле үйлөрдөн. Так айтканда номерлерин карап келди дейсиңби?
Үйгө кирип эле, чай койдум. Шыпылдап, жолдо дүкөнгө кайрылып ала келген жарым-жартылай бышырылган тамак-аштарды чыгарып, микроволновкага сала салып, ысытып, заматта салат жасай койдум капуста менен бадыраңдан. Анан столдун үстүн жайнатып, баарын чайга чакырдым. Ыкшоо басып Дастан келди.
– Сайкал кайда? Аны да чакыр? – десем, угулар-угулбас күңк этти.
– Кызыңды мага кайтартып койдуң беле? Жүргөндүр да бир жерде. Аның түнкү саат он – он бирден эрте келбейт!
– Кандайча? – деп эсим ооп эле аны карап калыптырмын. Мен өзүм деле түнкү он экиден эрте үйгө келчү эмесмин да. Жумушка кеч барып, кечке отура берем кылаарга ишим болбосо деле компьютерди чукулап, жаш кыздын атынан агенттен аккаунт ачып алгам, ар жигит менен эзилише жазышып. Башка жактан болбосо да куру кетип жаткан жашоомду ушул жактан толтуруп алайын деп. Ошондон улам кызымдын үйгө кеч келээрин ушул убакка чейин байкабаптырмын.
– Ушундайча эле! Силер өз күнүңөрдү көрүп жүрсөңөр биз да көрөбүз да! Кызыңдын эмне кылык кылып жүргөнүн сен кайдан билмек элең?! – деп Дастан бурк этип, орундукка отура калып, улууларды күтпөй эле тамакка кол салды. Ошол убакта Асылбек келип калды эле, ага жагымпоздоно күлүп, Дастанга айтчу кебим оозумда калды. Акыркы учурларда мунун мага кежирленгени кежирленген. Тарбия көрбөй өсүп калгангабы, сенсирегенди адатка айлантты. Энеси жыргап жүрүп, балдарына тарбия бериши кайдан эле. Сары санаа менен тамак желип бүттү. Идиш-аякты жууп, Сайкалдын келишин күтүп, холлдо телевизор тиктеп отурдум. Бир убакта келди. Кыпкыска юбка кийген, оозун кызарта боегон. Андан ачымык жыт да жыттанып жатты.
– Кайда жүрдүң? – деп сурдандым. Ал болсо оолжуй карап, шыңк күлүп койду.
– Ишиң эмне?!
– Ишиң эмне дегениң кандай? Мен сенин энеңмин!
– Хы! – деди мыскылдай тиктеп. Мунусу менин жаныма батты.
– Бул эмне дегениң?! Сени ким өстүрдү?! Ким чоңойтту?! Акыры кылаарың ушул беле?! – дедим зээним кейий. Бирок, үнүмдү катуу чыгара алган жокмун. Асылбек укпасын дедим. Ансыз деле акыркы күндөрү сенин кызың андай, сенин кызың мындай, жашабай жатып чаптанып боенот, телефон менен төрт-беш сааттап сүйлөшөт, энедей болуп бир теске чакырбайсың деп мээмди жеп келет. Менин да чыдамым түгөнүп, өгүнү кыйкырып оозун жап кылып таштагам, менин кызым менен иш алба, бир сонун кыз болуп эле чоңойуп келатат деп. Мунун минтип жүрөөрүн мен байкуш кайдан билмек элем.
– Мен он алтыга чыгып калдым! – деди бир чоң нерсени ачып таштагансып Сайкал оозун чоюп,-Мени эми тескебе! Дагы эки жыл чыдасам паспорт алам да, сенден кетем!
– Кайда кетесиң? – деп эле аны тиктеп калыптырмын.
– Өзүм билем! Иши кылса, сен жок жакка! Турчу бул жакка, жадаттың мени! – деп түртүп туруп өтүп кетти. Ыйлагым келип эле кала бердим.
Дастан да бир башкача бала болуп калганын байкагандырсыз. Мектепти аяктады, калп айтпасам он окууга киргиздим. Бирин да улантып кетпеди. Шарактап жаман балдардын чөйрөсүнө кошулуп кетип, ар кандай кылыктарды кылган жеринен милицияга түшүп, далай жолу чыгарып келдик. Акыркы жылдары пара алып тапкан акчаларымдын баары ушул баланын кылыгын жаап-жашыргандан ашпай келатат. А Азат азырынча кичинекей. Ал кийин кандай болот, ойлосом коркуп кетем. Бала дегениң кичинекей чагында периште боло берет турбайбы, өнөрүнүн баары кийин чыгат экен го. Кээде, балким тиги эки бала да курсагымды жарып чыкканда мындай болушпас беле деп ойлоп коем.
Телефонум шыңгырап калды. алсам машинемди оңдогон киши экен.
– Дөңгөлөктү желдеп, корооңуздун жанына айдап келдим. Киргизип алыңыз, – дегенинен сыртка чыгып, дарбазаны ачып, машинени киргиздирип келдим.
Мен уктоочу бөлмөгө киргенде Асылбек уктап калыптыр. Жагымдуу атырымдан билинер-билинбес кылып себип, шуудураган атлас ич көйнөгүмдү кийип, жанына жаттым да далысынан кучактадым.
– Асыке, Асыке, мени карачы? – деп эле далысынан сылагылап, кулагынан тиштегилеп, моюнунан өпкүөп баштадым. Аялдык кумарым денеме батпай, ашып – төгүлчүдөй болот. Анан оңойбу, кырктан ашканда аялдын күчү кирет деп коет. Энергиясы тула боюуна батпай жаткан аял бир жумадай төшөк көрбөй калса кандай жаман болот. Асылбек акыркы убактарда мени каалабай деле калды. Кучактап баштасам эле чарчаганын айтып, ары оодарылып алат. Азыр да колумду силкти.
– Мен чарчап келдим! Сен эртеден кечке кабинетиңде отуруп алып, сексти ойлонсуң да. А мен элдин камын ойлоп тынчыбай күнү бою чуркайм! Экөөбүздүн ишибиздин айырмабыз бар! – деп башын жуурканга катты. Осол боло түштүм. Оюнчугун колдон жулдурган баладай томсоруп, эрдимди эмшийтип ыйлап жибергим келди.
– Аа.. Ошондой дечи. Күнү бою чуркайсың, анан кечинде бирөөлөргө барып кумарыңды жазасың да э? Анан келип алып секске тойгон бойдон өлгөн немедей уктайсың?! – дедим кыжырлуу. Ал аткан октой ордунан тура калды.
– Эмне деп жатасың?! Кимге барыптырмын?! Кайдан көрдүң?!
Мен тилимди тишиме баскан бойдон тетири карап жатып алдым. Дагы бир аз оозумду бош кое берсем бүгүнкү көргөнүмдүн баарын айтып таштап, ойрон болмокмун. Мен айтпай туруп жайлайм муну. Муну анан тиги шуркуясын кошуп туруп. Шашпа.
Эртең менен Асылбек жумушуна кетти. Азатты жолдон бала бакчага таштай кетет. Сайкал болсо, тогузда араң туруп, ваннаны бир саат ээлеп жуунду да, жасанып кийинген бойдон ал да кетти. Сабагынабы, же башка жаккабы, билбейм, сурабадым дагы. А Дастан күпчүйүп уктап жатат. Буга о дүйнө, бул дүйнө баары бир. Уйкучулугунда чек жок. Уктайт, турат компьютерге отурат, чарчаганда кайра уктайт. Отура берип жадаганда оюн-күлкү уулап кетет. Корсулдап акча сурайт. Бербесең балээсине каласың. Кайда акча катсам да таап алып көтөрүп кете берет. Акча таппаса алтын-күмүштөрүмдү, аларды таппаса, идиш-аяктардан бери алып барып сатат да, түн оокумда ичимдик жыттанып келип калат. Андайда Асылбек аны сабайт. өйдөңкү кабаттагы бөлмөсүнө камап алып сабайт. Асылбекке алы келбейт да, өкүрүп-бакырып туруп берет. А мен каалганы айланчыктап, жанымды коерго жер таппай жүрө берем. А бирок, ошол сабоонун пайдасы тийсе кана. Токмок жегенден кийин эки-үч күн ушинтип үйдөн чыкпай, компьютер менен уйкунун жазайын берет да, анан кайра эле баштайт баштачусун.
Баары кетип, үй бош калганда акырын Асылбектин кабинетине баш бактым. Ал дайыма кабинетин кулптап коет. Ачкычын өзү менен ала жүрөт, а бирок, мен бүгүн бир айла таап алдым. Интернетти чукулап отуруп, ар кандай кулптарды ачам деген жарнамага таң атпай, ваннага жашынып кирип алып, телефон чалгам. Асылбектин жумушка кеткен убактысына туштап чакыртып койдум эле, келди.
– Ачкычын жоготуп алып кире албай отурам, – деп каалганы көрсөтсөм, мындай иштерди жасай берип көнүмүш болуп калганбы, капкара болгон үңүрөйгөн киши, бир кыймыл менен ачып берди да чемоданын көтөргөн бойдон, акчаны алып кетип калды. Ашыкча бир да суроосу жок экен, жакшы дагы. Дастандан чоочулаган жокмун, ал бир уктаса түшкү үч-төрткө чейин кыймылдабай уктайт. Кабинетине кирдим күйөөмдүн. Бир жак тарабын жалаң китеп текче каптаган, терезеси чоң, болгондо да короонун жашыл арчалар тигилген жагына караган, укмуштуудай кенен бөлмө. Мен бул жерге бөлмөнү даярдап жатканыбызда гана бир киргем. Ошондон бери мага кирүүгө мүмкүн эмес. Бул жакка Асылбек кирсе сөзсүз ичинен бекитип алат. Бир ишиң чыгып келип калсаң, каалгасын ачып, шып этип чыгат да, айтчуңду уккандан кийин кайра кирип кетет. Кызык эле, ушул убакка чейин күйөөмдүн бул кылыгы мени кызыктырбаптыр. Кечээгиден кийин гана түнү менен ойлонуп жатып ушуну таппадымбы, кабинетин көргүм келип таңды араң атырдым го. төрдө кара териден тигилген кресло. Өзү эле бир нече миң доллардын башын жейт. Узун күңөң стол, чекесинде төрт орундук. Анысы да кымбат баалуу. Каалганы дабыш чыгарбай жаап, ичинен бекитип алдым да, столуна жеттим. Үстүндөгү кагаздарды ары-бери оодарыштырып жатып, көк түстөгү чоң блокнот таап алдым. Көп жашка чыгып калганы дароо эле байкалды. Көөнөрүп, чекелери тытылып кетиптир. Алгач кызыкпай эле, ары жылдырып койгом, анан бул эмне болду экен бир ачып көрөйүн дедим да, ичин ачып, беш-алты сабын окуп эле, ошону менен сүйңгүдүм...
Асылбектин күндөлүгү
Атам кичинемден эле оюңду бир нукка тизиш үчүн, тартипке келтириш үчүн күндөлүк жаз деп көп айтчу. Чын эле, ойлогонуңду тизип жазып жатып эле эмнени каалап, эмнени жасай алаарыңды, эмнени кандай кылсаң туура болооруна көзүң каныгып калат экен. Мен да минтип күндөлүк баштадым.
Мен азыр жыйырма жаштамын. Мектепти аяктагандан кийин аскерге барып, андан кийин гана окууга тапшырдым. Азыр 1-курсмун. Шаарда студенттик күндөрдүн татту даамын татып жүргөн кез. Айылдан шаарга жаңы эле келгем, окуу-үй, андан башка көргөнүм деле жок, ашып кетсе, өтө эс алдым дегенде шаардын борборундагы аянтка барып, фонтандын жанында отуруп балмуздак жеп алып келе бермей. Мезгил учуп сызып атты, 1 – курсту аяктап 2- курска багыт алдык. Ошондо барып гана шаардын жашоосуна араңдан араң көнүп баштадым. Биринчи кездегидей кыска юбка кийген кызды корсон эле шилекейин куюлуп,артына жабыша калсам деген эле ой... Кайдан айылда андай көрүнүш жок болсо... Эркектин алигиси турганда башы иштевей калат деген сөз бар эмеспи, ошол сыяктуу дароо эле жаман кыял пайда болуп, ал кыздарды бир бурчка алып кирип кеткиң келет... Убак өтүп чогуу окуган группалаш дос бала үйлөнүп, тойуна чакырды. ЗАГСка барып, айланып ичип чегип дегендей кафеге карай жол тарттык. Аяштын бир татынакай аты Рахат атту досу менен бир столго жайгашып, тааныша кеттик. Өзү айылдан келиптир, шаарда эжесинин үйүндө турат экен. Ич кызып калган, анысы аз келгенсип ичпеген Рахатты да кыйнап кыстап болбой отуруп, эки жаш үчүн деп ичире койдум. Ичимдик деген балээ, кызыганда башка да, башка жакка да тээп берет эмеспи. Рахат менен бийлеп жаттык, кызып калганга кучагыма кире кетти. “Эшикке чыгалычы”, – деген сунуш киргизди, ойлонбостон эле колунан кармап тартып жөнөдүм. Шаардын бир жеринде бир кемпир үйүнүн бир бөлмөсүн биз сыяктууларга саатына ижарага берээрин балдардан угуп калган элем, ошол жакка алып барайын деп ойлодум. А Рахат сыртка чыгып:
– Кетеличи, – деди.
– Кайда? Той бүтө элек го.
– Ызы -чуудан алысыраак кетеличи.
– Кайда барабыз?
– Үйгө эмес, бирок.
– Анда чогуу түнөйлү.
– Мм...
Ошентип, сырткы кийимдерибизди кийип чыгып баягы кемпирдин үйүнө бардык... Комнатага кирип кирбей эле өбүшө кеттик. Шаша- буша чечинип кроватка араң жеттик. Рахаттын ичке бели, мамагы тим эле шумдук, аны көргөндө эле каалом дароо пайда болду. Сорушуп, акыры убакыт анан аркы ишке келди. Колу менен кармалап, арматурдай катып калган “иничегимди” өзүнүн “сиңдисине” киргизип жиберди. Андан сон Рахат мени басты, анан мен аны бастым, иши кылса кызык иш болду. Ошентип, ичип алганга меники эч эле түшпөйт. Рахат бүткөн, мени күтүп болдубу деп сурап коет. Бир топтон кийин кыйналып жатып араң эле түшүрдүм. Душка чогуу кирип жууналы деген ой, ошол жерден да бирди коруш керек да кинодогудай. Акырындан уруп баштадым, аңкыштаган үндөр чыга баштады, “катуу, катуу”, – деп. Чалпылдап уруп, үнү ыйга айланды, ыйласа деле кайдан, эркексиң да, кантип токтой аласың, “азыр, жаным, мына- мына”, – деп гана коем. Бир кезде экөөбүз тең чогуу бүттүк, жуунуп чыгып төшөккө ороло жатып уктай кетипмин. Эртең менен батирден чыгып кеттик.
Ххх
Беш бала бир бөлмөдө жашайбыз. Жалаң эркек балдар жашаган жер да болбойт экен, төртөөнүн тең буту буруксуп жыттанат. Бир гана мен өзүн карап, таза жүрөт окшойм. Бул да мага бала чактан адат болуп калган. Атам темирдей катуу тартип менен тарбиялады да. Сырттан келип, бут кийимди чечкенде бутту жууп, байпакты алмаштырмайын үйгө киргизчү эмес эле. Босогого орундук коюп отуруп алып, колуна таяк кармап тескеп карап отурчу. Ошенте берсе, бала да бара-бара тазаланмайын жүрө албайт турган болуп калат экен. Каңылжаарды өрдөгөн жыттан араң гана өзүмдү кармайм. Кээде окшуп-кускум келип, айрыкча, төртөө бир убакта келип, крассовкаларын чечкенде оозумду жаап сыртка жөнөйм.
– Асылбек кош бойлуу болуп калыптыр. Ай, Асыке, айт, сени ким боозутту? Отүн жаралы ошол кыздын? – деп каткырышкан бойдон калышат. Аларга таза жүргөлө деп айта берип жададым.
– Силер менен жаткан кыздар бутуңардын жытына мас болуп эле ээрип калат го, э? – дейм кээде чыдабай кеткенимде.
– Буттун ушундай касиети бар. Эркек деген тер жыттанып турушу керек. А сенде кандай жыт бар? Кышында таза чайкалып, сыртка жайылган шейшепке окшоп турасың бир да жыт жок. Анан кайсы кыз сага ээрисин? – деп кыжырыма тийишет. Айткандарынын да жөнү бар, экинчи курс болуп калдым, кыз жандай албай колоктоп бош жүрөм. Баягы Рахатым да бир жаткандан кийин эле менден качып кеткен. Эмне кылып көңүлүн калтырып койдум билбейм. Качканда да тээтиги төрдө азыр бутунун жытын мурунду жарчудай кылып өрдөтүп, анысына маашырланып бутун сунуп жаткан Алчынга. Бир күнү мага балдардын көзүнчө айтты:
– Асылбек, тиги Рахатың мага көзүн сүзө баштаптыр. “Эмете” берейинби, каршы эмессиңби? – деп. Мен жаман болуп кеттим. Меники болбосо да, кантсе да денесин көрүп калган эркегимин да, кызганычпы, же эркектик намысыма доо кеткендей болдубу, иши кылса ичим уйгу-туйгу боло калды. Бирок, сыр билдирбей корсулдадым:
– “Эметмек” түгүл “неметип” сал! Мага эмне?! Мен алчумду алдым!
– Ой-ат-та, даана эркек да ушул жигит! – деп жообум Алчынга жага бербей калды, далымды чапкылап. Ошону менен Рахат менен көңүл ачып жүрдү. Стипендия алганда эле көзү жылтырай:
– Мен Рошкага кеттим, ал эми мени бир жыргатат. Биринчи ашканага киргизип, тамактанабыз да, анан кетебиз оу, жыргалга! – деп кымыңдап чыгып кетет. Анын артынан берки үчөө да кетет. Булардын кыздары да көп, бири кетсе, бири келип. “Бүгүн муну менен жолугушам, эртең тиги менен” деп тизме да түзүп алышкан. Мен гана умсунуп кала берем. Кыздарга тийишкенди деле билем, бирок бири да жанына жуута элек. Мына, өгүнү эле жатаканада жашаган Жибекке көзүм түштү. Бир айдай ары басса ары, бери басса бери көлөкдөй ээрчип, балмуздак да алып бердим, киного да киргиздим. Бирок, өптүрмөк түгүл, кучактатпай да койду. А тиги Эрмекке болсо бир жабышканда эле ийиптир, туура, жатышпайт экен, ал кыз тура, бирок өбүшүп, кармалашып, жатпасак да жаткандай ырахат алабыз деп мактанып калат. Кыскасы, экөө үйлөнөт окшойт окууну аякташкандан кийин. А мени болсо эмнем бар, билбейм, кыздар анча карай бербейт. Намысыма келип, балдарга шылдың боло бербей, бирөөнү таап алсам дегенде эки көзүм төрт. Бирок, айла гана жок да.
Ххх
Кыз жандаган досторумду көргөн сайын өткөн күндөр эске түшөт да. Биринчи жолу аял көргөн күнүмдү ар түнү эстеп жатууну адатка айландырдым.
Ал кезде мен 8- класс болсом керек. Жыл сайын бир айга чукул жайлоого бармай. Жайлоодо аталаш тууган бир байке бар эле, биздин малды дагы ошол байке бакчу. Жардам берем демиш болуп барып, жыргап эс алып келчү элем. Ал кезде ал байкем улуу көрүнчү эле, азыр ойлосом
35 тердеги эле жигит экен. Жеңеша жаркылдаган, жароокер, ачык-айрым аял эле. Кичине толугураак келген, жамбашы кең, төшү 7-8 размер болсо керек. Өзүңөр билесиңер 8-9 -класста эркек кандай болоорун, ойдун баары эле аял. Ал жеңем менин секс-символум болду да калды. Күндө ойлоп жатам, кан басым көтөрүлгөндө элестетип алып, өз кумарымды колум менен кандырганга аракет жасап баштайм. Баламын да, тийишип, алдап, көндүрүп деген түшүнүк жок да. Ал жөнүндө деле кыялданбайм. Эңкейип оокат кылып атса шымаланып тиктейм, кыскасы эси-дартым эле жеңешам. Түн ичинде атайын уктабай жатам, уктамыш болуп, тигилердин сексин көргүм келип. Же байке баштабайт, мүмкүн мен уктап калганда, таң атпай кылышабы? Деги эле көрө албай койдум экөөнүн кошулганын. Бир көрүп алсам, мага ошол эле жетмекд а негизи. Жайлоонун жыргалын билесиңер да, күндүз жыргап тоо -ташка чыкмай, кечкисин акчөлмөк, жашынмак ойномой. Же ал ойногондордун арасында мага ылайыктуу кыздар жок десең, кичине
болсо да сүйлөшүп, өзүмдү алаксытайын десем. Эси-дартым эле баягы жеңем.
Биз турган боз үйдөн бир 300-400 метр алысыраакта эле кокту болуп, карагай токой
болуп кетет эле. Ошол жерде жалгыз жүрөм, жаратылышка суктанып, ар кайсыны ойлонуп.
Түш маал болуп калган, эс алып отурам ылдыйдагы малга, үйгө дүрбү салып. Жеңешамды
көрүп каламбы деген ой менен. Бир убакта эле байке бозүйдөн чыгып, атына минип алып
эле бозүйдү карап туруп калды. Көп өтпөй эле жеңешам чыкты чоң көлдөлөң көтөрүп алып.
Аркасынан балдары чыкты, бирдеме деп сүйлөп жатты, балдары кайра кирип кетишти боз үйгө.
Жеңешам көлдөлөңдү атка салып, шап этип эле байкеме учкашып калды. Жайлоодо жүргөн
аялдар тың негизи, анча-мынча эркектер антип мине албайт. Дагы бир шеринеге кетип
атышат го деп койдум. Жайлоодо билесиңер да, дээрлик жума сайын эле шерине деп, кой жемей.
Атты жайдан басытырып эле так эле мен жакка келатышат. Мени баары бир көрүшмөк эмес,
карагайлардын арасында отурам да. Барган сайын эле жакындап келатышат, бир маалда
карагайды аралап кирип кетишти. Мен сразу эле сездим, булар жашыруун жер издеп жүрүшөт окшойт деп. Алар кирген жакка дабыш чыгарбай жакындай баштадым.Бир маалда эле аттын дабышы, жеңешанын каткырганы угулуп баштады. Дароо бир бадалга жашынып калсам, жанымдан эле өтүп кетишти. Билгизбей артынан баратам, коендун жытын алган тайгандай болуп.Бир топ барып, аябай жыш өскөн бадалдардын арасында аттан түшүштү. Чынында кооз жер экен. Эч ким көрбөй тургандай ыңгайлуулугун айт. Чытырман жер экен, жашыл чөп тизеден келет тимеле. Экөө бирдемлерди эле сүйлөшүп атышат, жеңеша шаңкылдап күлүп коет. Мен болсо бир жакшы жер таап алып, былк этпей отурам, азыр кино көрөм деп. Жеңешам алдына салып келген килейген көлдөлөңүн жерге салып, төшөк даярдап атат. Байке болсо атты арыраак алып барып, ээрин алып, аркандап келди. Жеңешанын жанына отуруп,чечине баштады. Көрсө, байкем анча романтик эмес экенда. Жеңешаны басып эле жыгылды го чиркин. Мен ашып кетсе 10-12 метрче жерде турам, баары көрүнүп атат мага. Мойнунан өпкүлөп, колдору менен төшүн ушалап атат. Мен дагы бир жеримди ушалай баштадым. Бир маалда жеңеша
отура калып, кийимин ары-бери бат эле чечип ыргытып, трусачан эле калып, кайра күйөөсүнүн алдына жатып берди го, чиркин. Байкем болсо колу менен жеңемдин жан жерин ушалап жатат. Бир маалда эле жеңемди эки бутун керип, талтайтып туруп эле кирип кетти. Мен болсо ылдыйраак жагында аңдып жатам, жаным чыгып. Экөөнүн тең мүчөлөрүн көрүп.
Байкемдин кайбарынын кирип чыкканын даана эле көрүп жатам, үндөрүнөн бери угуп. Алардан мурун мен буттум. Кайбарымды шымдан чыгарбай эле, колумду салып ушалап аттым эле, өзүмдү кармай албай эле аттырып салдым ыштаныма. Бүткөндөн кийин тигилердин иши кичине кызыксызыраак боло түштү, бирок болбой эле тиктеп отурам. Бир маалда байкем маарага жакындады окшойт, жеңемдин эки бутун колуна илип, жерге тайанып алып катуу-
катуу ура баштады. Ошондогу жеңешанын онтогонучу, чиркин.А кыры ошонтип ургулап атып бүтүрдү, экөө чапташып эле жатып калышты. 10-15 минуттан кийин жеңешам братка движение кыла баштады. Братым чалкасынан жатат, жеңешам түз эле аспабын кармап алып, сылагылап баштады. Бирдемелерди сүйлөп каткырып коет. Эми байке дагы жеңешанын эмчектерин ушалап, ылдыйлап алаасына колун салып, эзгилей баштады. Байке жеңешамды минетке
“сындыра” албай атты окшойт, бирдемени эле сүйлөп атты. Жеңеша макул болбой аткансыйт, байкемдин аспабын сылап-сыйпалаган боюнча унчукпайт. Бир убакта байкем тура калып жеңешаны тоңкойтуп туруп “ура” баштады. Байкем кыйын экен, жеңешамды тимеле акыштатты го. Бери жакта туруп алып, мен болбой калдым. Шалкылдатып колумду иштетип жатам, жакындаган сайын токтотуп коюп.Бир убакта байкем жерге жатып, жеңешам үстүнө
чыгып ат чаап баштады. Аркасынан мага чарадай болгон майкуругу, байкемдин аспабы кирип чыкканы даана көрүнүп турду. Биринчи жеңем бүттү, бакырып эле үстүнө жатып калды, байке аны оодара салып, бир бутун көтөрүп алып ургулап атып, ал да бүттү. Байкемдин аркасынан эле мен бүттүм. Бир топ жатышты, бир маалда байке атын алып келип токуй баштаганда, мен үйдү көздөй чуркадым. Тыткан боюнча үйгө келип, балдарын ойнотумуш болуп калдым. Дагы бирди кылып ийиштиби билбейм, артымдан бир сааттан кийин келишти. Ошол күндөн баштап жылдын соңуна чейин ал жеңешамды унута албай жүрдүм.
Ххх
Вахтерша Соня деген эже бар. Кырктын аркы-теркисине барып калган го, чагым. Капкара кундуздай чачы бар, тизесине жете төгүлгөн. Аны түйүп алат, же бир өрүп артына таштап коет. Жоон-жолпусунан келген, басканда жамбаштары болтоң-толтоң деп эки жакка чайпалып, шилекейди чубурткан аппетиттүү эже. Ошол мага бир башкача кылгырып карап калганын байкадым. Улуу болсо эмне экен, иши кылса балдар көрүп жаткан жыргалды мен да көрүшүм керек да. Ал караса мен да кылгыра карап, тамашалай кеп айтып, кайдыгер эместигимди болушунча билдирдим окшойт.
Окууга барууга жатаканадан чыгып баратсам, босогодон карп-курп боло түштүк. Мен колумду эшикти ачууга сунганда, ал кирип келген экен, колум анын мамагына тийбеспи. Болк эле дей түштү мамыктай жумшак, килеңдеген мамагы. Менин колума чок тийгендей ысыды. Анын болсо бети тамылжыды.
– Ой, чечек, жүрөктү түшүрбөй этияттап ачаң боло? – деп шыңкылдады. Жан-жакабызда эч ким жок болчу, мен да кенен:
– Этияттап ачкандын ырахаты болбойт, эжекебай, шарт ачып, шарт эле киргизиш керек, – деп күлдүм. Көзүм анын кош мамагына кадалды.
– Ой, чечек. Чоңойуп калгансыңбы?
– Чоңойгонумду көрсөтөйүнбү? – кантээр экен дегенсип тамашалаарын тамашалап алып, азыр урушуп салса эмне кылам деп кооптоно да түштүм. А көзү күйгөн эженин уруша турган кебетеси да жок, ансайын сырдуу кымыңдады.
– Бүгүн түн жарымда кел, – деп шыбырай айтты да, кирип кетти ичкериге. Мен кубанганымдан жүрөгүм элеп-желеп боло университетке кантип жеткенимди билбейм. Жер менен баспай учуп эле келдим окшойт. Бир канча жылдан кийин өзүмдөн бир нече жаш улуу эжени макул кылганыма эле ушунча кубанганымды эстесем күлкүм келсе керек. А азыр мага ушул да чоң нерсе. Бирок, балдарга айтпайм. Бир жаш кыз таптым дейм да, ким экенин сыр кылам.
Түндүн киришин өмүрүмдө мынчалык күтпөсөм керек эле. Балдардын дем алуусу бир калыпта чыга баштаган кезде бутумдун учу менен жыла басып сыртка бет алдым. Майка-трусачан эле шымым менен футболкамды кучактаган тейде коридорго чыгып, кийиндим. Анан биринчи кабатка түшүп, вахтерша жашаган бөлмөнүн жанына жетип, элеп-желеп болуп туруп, демимди бир аз бастым да, тыкылдатайын деп колумду сунуп баратып, кыңайып ачык турганын байкадым. Мени келсе кире берсин деп ачып койгон окшойт. Кирдим. Бөлмө караңгы. Терезеден кирген ичке шоола гана бир аз жарыктандыргансып турду. Көзүмдү үйрөткүчө босогодо аярладым. Төр жакта бир кишилик керебетте эже жатат. Дем алуусу бир калыпта. Узун чачы керебеттен жерге чубалып калыптыр. Кийимимди чече калдым да, шып этип коюнуна кирдим. Ал калп эле ыңгыранып, ким бул демиш болду. А мен жооп берип убакытты короткум келбей, дароо эле көзүмдү күйгүзгөн мамагына жабыштым...br>
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_3.htm on line 202

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_3.htm on line 202

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_3.htm on line 202