Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум асылынан ажырады

3-томдун 4-китеби
Жашоодо жомоктогудай нерселер жок, бирок бар деп ишенгиң келет экен да. Ушул курагымда да денем, түсүм карыса да жүрөк карыбай, кээде кыялданып, анан ал кыялдарыма ишенип да кетем. Жумушка бүгүн эрте келдим. Анткени, депутаттардын алдына барып отчет берет имишпиз. Мындай жок эле, жакында эле киргизип коюшуптур, бардык министр, жетекчилер самтырап барышып, маңдайларына катарлана тизилип отуруп алышып, кылган-эткен иштерин айтып беришет экен. Суроо да беришет, жакшылап даярдангыла деген команда келди жогору жактан. Мен эмнени даярданаарымды деле билбедим. Орун басарыма документтерди алып кел дедим. Ал болсо алып келип, каршыма отуруп алып ар бир цифраны колу менен сайып көрсөтүп, бул бул иштин жыйынтыгы, бул тиги иштин натыйжасы дегендей абдан саймедиреди. А менин мээме анын бири кирсе эмне. Башымды ийкегилемиш болгонум менен ичимден жүрөгүм түштү. Ушунча көп нерсени жаттаганга туура келээрин кайдан билдим. Ашып кетсе 2-3-классыма чейин эле анча-мынча ырларды жаттасам жаттаган чыгаармын. Андан кийин балээсинеби, бир аз чоңойгонум өзүмө байкалаары менен окууга көңүл кош болуп, силкилдеп басып эле чыга келбедимби. Бир сааттай угуп, даярданымыш болдум да, анан жөнөп калдым.
Мына, депутаттардын алдында отурам. Эки тизем билинер-билинбес титирейт. Бирөө акшырая карап койсо эле эсимден танып жыгылчудай денемди ушундай кабыштырып алгам дейсиң. Мага суро беришпесе экен деп, мектепте сабак билбеген окуучудай ичимден тиленем. Кайдан? Беришти мага да. Калтырап жатып жооп беримиш болдум. Мага чейинкилердин билбеген суроосуна берген жообун жаттап алгам да. “Кат жүзүндө жооп берейин, тактап туруп”, – дешет экен баары. Мен да мына сага дедим да ошентип таштадым. Бир эмес, бир нече жолу. Акырында баары мени жабыла тилдеп жатып калышты. Айтор, эки сааттан кийин ширеси сыгылып алынган лимондой болуп эле чыктым го. Коридордон биринчи бет келишкен адамым Асылбек болду. Ал мени көрөөрү менен эки жагын карап алды. Эч ким жок болчу. Анан жаныма басып келди.
– Мени уят кылдың. Даярданып албайт белең! – деп мурду менен бир тийди. Мен да өзүнө жараша жооп берейин деп камынганда, ары жактан адамдар чыга калышты. Күлүмүш болуп эле басып кеттим. Ичимде ызам калды да. Шашпай тур сени деп кекенип алдым.
Ошол эле күнү кечинде шеф чакырды. Депутаттар урушкандай бул да мени урушат го деп маанайым жок бардым.
– Эмне мурдуңду төмөн түшүрүп алгансың? – деди күлүп. Анан себебин өзү деле боолголоп билди окшойт, жубатууга шашылды.
– Бир жолу урушуп коюшса эле ушинтип калганың болбойт. Алар айта беришет, дей беришет, күчтөрү тилдерине чыккан. А биз арабабызды жылдыра беребиз.
Аны угуп бир аз өзүмө келдим. Минтип мени жубатып жатса демек, кызматтан кетирбейт экен. Бул деле депутаттарды жаман көрөт окшобойбу.
– Сенде бир иш бар. Кел, мобул жерге жайгашып отур. Чай ичесиңби, же кофеби?
– Кофе. Сүт кошулбаган, коюу кайнатылганынан. Башым ооруп турат.
– Башыңды оорутпа, азыр экөөбүз бир маанилүү ишти чечебиз, – деп эле катчысына кофе алып келүүнү буйруду. Тыпылдаган кыз заматта кофе алып келип алдыма койду. Мен бир уурттап тигинин оозун карадым. Эмнени айткысы келип жатат бул мага?
– Бир чоң иш бүтүрөлү. Баягылар бар эмеспи, – деди мени сырдуу тиктеп. Баягыларын жакшы билем, көп жолу чет өлкөлүк кен иштетүүчүлөргө уруксат кагазын алып бергенбиз. Ылайыгы жок, бул тармактын жытын билбегендерге да жакшы сыйлыгы үчүн жашыл жарык жандырып салганбыз да. Дагы ошолордун бир иши чыкты окшойт. Аны угуп эмелеки басыңкы кебетем жана түшкөндөй болду. Акча болот экен. Акча канчалык көп болсо, ошончолук жакшы эмеспи, буга чейинки болгон окуяларга каткан акчаларымдын көбү кетип, аны ойлогон сайын жүрөгүм сыгыла баштаган болчу да.
– Ии? Анан? Бул сапар канчадан? – дедим кружканы столго кое салып.
– Жага түштү э? Розадай кулпуруп кеттиң, – деп санын чаап каткырды шеф.
– Жакпаганда? Мындай сөз кимге гана жакпайт экен, – дедим мен да аны коштой каткырымыш болуп, жойпуланып.
– Бул сапар өтө көп. Чет өлкөдөн үй алып койсоң да болот.
– Омей, чет өлкөнү эмне кылам? Ысык-Көлдөн эле коттедж алып коеюн деп жаткам. Жыргал да, жылдын каалаган убагында өз үйүңө барып, көл жээктей басып эс алган.
– Ал деле жакшы дечи, бирок чет өлкөнүн биринен деле үй кылып кое бер. Абдан коркунучтуу иштер менен алектенип жатканыбызды унутпа. Эртең кокус жылчыгы чыгып, кылыгыбыз билинип калчу болсо, билинген күндүн эртеси зып этип учуп кеткенге. Барасың да, топтогон акчаларыңды маашырлана иштетип, чыйт түкүрүп шыпты тиктеп жата бересиң.
Ойлонуп калдым. Чын эле, бул менин башыма эч эле келбептир да. Ой, булар алып коюшкандыр эчак. Эртең эле абийирибиз ачылып, чогуу иш кылып жаткандардын бири калбай чет өлкөгө чыгып кетип, бир гана мен бараар жерим жок калып, баарынын күнөөсүн өзүмө үйгөн бойдон абакта отурганымды элестетип кетип, шаштым кете түштү.
– Туура айтасыз. Ишти эртерээк бүткөрөлү анда. Мен да башка жактан үй алып кое берейин.
–Ха-ха, шашпай тур, жетишесиң. Эртең эле кетип жаткан жокпуз го. Тфу-тфу, дегеле андай болбосун, кетпей эле калалы. Шегин билдирбей ушундай иштердин далайын жасап, капчыгыбызды кампайтып гана жүрө берели. Во, эң сонун тост болду. Эми ушул тосттун урматына бирден ичели, – деди да ордунан туруп барып, шкафын ачып, виски алып чыкты. Кичинекей рюмкаларга куюп, бирин көтөрүп келип колума карматты.
– Анда эмесе, ийгиликтүү аткарган жана аткарылчу иштерибиз үчүн!
Алып жибердик. Ичим ысып, көңүлүм айттагыдай болуп отуруп калдым. Биз ишти кенен сүйлөштүк. Акчасын менин колума алып келип берише турган болушуптур. Мен алып анан жарымынан көбүн бул кишиге алып келип беришим керек эле. Бир аз таң калдым. Анткени, ушул убакка чейин мени каражат маселесине кийлигиштирген эмес эле. Кайсы ишке канча акча алганын так билчү да эмесмин. Өзү алып анан көңүлүнөн чыккан сумманы мага карматып койчу. Ага деле ыраазы болчумун, анткени, ал деле оңой сумма эмес эле да. А азыр акчаны мага алып келип беришет экен. Кызык, эмнеге бул киши акчага да мени аралаштыра баштады? Же ишенимге кирип калдымбы? Ушинтип ойлоп, кубанып да кеттим. Анын кабинетинен чыкканда күн кечтеп калган экен, жумушка барып отурбай, туура эле үйгө кете берейин дедим. Бүгүн оор күн болду, тезирээк үйгө жетип керебетиме сулк кулабасам болбойт.
Үйгө келсем, Асылбек келип калыптыр. Залда телевизордун үнүн жаңыртып алып, футбол көрүп жатыптыр.
– Өгүнү Италиядан алып келген кара шымымды жууп койчу, эртең ошону кием, – деди менин келгенимди билээри менен жаткан жеринде кыйкырып.
– Башка деле шымдарың бар эмеспи, ошолорду кие бер да. Мен абдан чарчадым, уктайм, – дедим кыжырданып.
– Өзүң колго жуумак белең? Машинага саласың да, – деди эч нерсе болбогондой.
– Ошону салганга да күчүм жок азыр. Бүгүн кандай күн болгонун көрдүң го, акыры? – дедим анын түшүнбөгөнүнө жаным ачып.
– Өзүң жетектеген министрликтин маселелерин, аткарган ишин билбесең оор күн болот да. Кызык, сен кантип министр болуп жүрөсүң. Жөнөкөй суроолорго да жооп бере албай какалдың го.
– Айта турчуңду үйгө келгенге чейин чыдамың кетип, бая парламентте эле айтып койгонсуң. Эми улантпай эле койчу. Баары эле акылдуу болуп чыга келишет, – деп ачуумду бүркүп алдым. Ал дагы жооп узатат эле, бирок ошол убакта гол болуп, телевизорго баш-оту менен сүңгүп кирип кетти. Мен сүйлөнгөн бойдон Асылбектин бөлмөсүнө барып, шымын издей баштадым. Муну жууп гана кутулбасам, түнү менен болсо да какшанып чыгат. Шымды таап, кир жуучу машинанын жанына келип, салайын деп жатканда үйрөнгөн адатым менен чөнтөгүн карадым. Чек колума урунду. Карасам 42 миң сомдук алтын браслет алыптыр. Бир ай мурда. Мага эч кандай белек берген эмес, бул кимге алды экен? Шымды машинага салганга да шайым келбей, дароо залга жөнөдүм. Колума чекти мыкчып кармап алгам.
– Бул эмне? –дедим чекти ага булгалап, колумду бөйрөгүмө таянып босогодо турам. Ал мени жакты бир чарпый карады да, кайра телевизорду тиктеди. Катуу-катуу басып барып телевизорду өчүрүп таштадым. Ал мени таңыркай карап калды.
– Бул эмне?! – деп кайталадым, – Кимге алдың?
– Эмнени алыптырмын? – унутуп калганбы колумдан чекти алып үңүлдү да, кайра дароо мени карады.
– Кайсы ойношуңа алдың дейм?! Тилиңди жутуп алдыңбы, айтпайсыңбы?!
Асылбек ордунан атып туруп эле маңдайыма келди.
– Алсам алыптырмын, кимге алганымды сурап эмне кыласың?! Сен деген аялсың, кайсы эркек болбосун баскысы келген жакка басат. Билмексен болуп отура бербейсиңби?
– Билмексен болуп отургандай мен буюм эмесмин! Мен адаммын.
– Ооба, сен буюм эмессиң, – мени шылдыңдагандай карады, – Сен эч нерсе эмессиң. Сен боштуксуң! Сенин мээң боштук, жүрөгүң боштук. Сага акча, акча жана байлык гана керек. Башка нерсенин кереги жок. Мен сени адам кылып жүрөм.
Ал түн уруш менен соңуна чыкты. Таң аткыча ажылдашып, улам бирибиз бөлмөбүзгө кирип кетебиз да, экинчибиз коридордо айкырып, анан биринчибиз кайра бөлмөбүздөн чыга калып, жооп кайтарып. Анда экинчибиз бөлмөгө кире качып... Күндүз чарчаганым аз келгенсип түнү да уруш менен уктабадым. Таң атып келатканда гана көзүм жумулган экен, будильник шыңгыраганда он мүнөт уктагандай эле болдум. Наалып сүйлөнгөн бойдон оозума наар албай, кийине салып жумушка келдим. Анткени, саат тогузга акчаны алып келип бермек эле, ошол убакта жумушта болуп калышым керек. Мен өтө эле эрте келиптирмин десем, орун басарым ушул жерде түнөгөнбү, эчак эле жумуш ордунда экен. Негедир эле жанымды коерго жер таппай тынчсыздана бердим. Акчаны алып жатканымды элестетсем, денемди калтырак басат. Мындай иштерге аралашчу эмес элем да. Аралашчумун, бирок акча алганга чейинкисине. Келчү адамдардын да эч кимисин тааныбайм. Мага акчаны шеф аркылуу алган ыңгайлуу болчу. Ойлонуп отуруп орун басарымды чакырттым. Орто курактагы киши.
– Келиңиз, отуруңуз, экөөбүз эле эрте келип алган окшойбуз. Калгандары шашылбайт го, – дедим тамашалай күлүп тосуп алып. Ал да жылмайып, кебимди коштоду.
– Ооба, баары биринчи бизге керек да.
– Мен сиз менен сүйлөшөйүн дегем, – деп кебетемди олуттуу кылдым. Анын дагы жүзүндөгү күлкү катып, мени тиктеди.
– Азыр мага бир адамдар келет. Акча бериши керек эле. Түшүнөсүз да. Бирок, мен аял киши болгондуктан, тааныбаган эркектер менен кантип сүйлөшүү керектигин билбей жатам. Эки киши келет деп айтышты мага. Ошолорду сизге жөнөтөйүн, сиз алыңыз. Отуз пайызы сиздики. Жалпы суммадан эмес албетте, мага тийчү үлүштүн отуз пайызы.
Акча не гана кылбайт. Орун басарымдын көзү күлмүңдөп кубанып кетти. Менин артымдан далай иштерди жасап, акчага карк болуп жүргөнүн жакшы билчүмүн. Ал турмак, эки-үч жолу экөөбүз чогуу да иш жасаганбыз. Эмне иш деп таң калбай эле койгула, сол чөнтөккө акча агыза турган, бирок мыйзамга каршы келген иштерди да.
– Макул, макул... жөнөтө бериңиз, – деп башын бир нече ирет ийкегилеп жиберди. Оор жүктөн кутулгансып жеңилденгеним менен отуз пайызды эстеп ичим туз куйгандай ачышты. Ай, шашкалак жаным ай, отуз дебей, он десем деле кубанмак экен. Ортодон дагы бирөөнү кошо калып оңор эмес суммадан куру калганы отурам. Өзүм эле кабыл ала берсемчи тыраңдабай. Эми отуз пайыз учкан бойдон кетет экен да.
Катчы кыз келип калган экен, кечигип келгенине бир каарып алып анан, башка улуттагы эки киши келээрин, аны мага эмес орун басарга жөнөтүүсү керектигин жакшылап дайындадым. Ошону менен качан жашыл акчаларды көтөргөн бойдон көзүн арамза күлмүңдөтүп орун басарым кирип келет деп эшикти төрт көздөп тиктеген бойдон отурдум. А бирок, ал кирген жок. Анын ордуна жаман кабар келди.
– Жамшитбековичти, бети-башын чүмкөнгөндөр кармап кетишти! – деп катчым чуркап киргенде, жүрөгүм түшүп калды.
– Бандиттерби? – дептирмин. Кыз башын чайкады.
– Бандит эмес... Алар дагы деле Жамшитбековичтин кабинетинде. Дагы толтура милициялар келишти. Барып көрсөңүз болот, кетише элек.
Кайдан бармак элем. Эмне болгонун дароо түшүнгөнсүдүм. Мындай учурда биринчи кезекте өз башыңды анан көчүгүңдү сакташың керек деген эрежени жакшы билем да.
– Барганда эмне. Мен керек болсом мага келишээр. Болбосом... Жамшитбекович туура эмес иш кылган болсо, өзү жооп берет да... Барганда эмне... А сен бара бер. Ордуңда отур, эч жакка жылбай... – дедим кайсалактап улам бир баракты кармап, кайра аны ордуна таштап. Катчы кыз чыгып кетти. Жүрөгүм ушуну сезген турбайбы, ушундай болоорун билген окшойм. Жакшы гана орун басарыма өткөрө салган турбаймынбы, болбосо анын ордунда азыр мен формачандардын коштоосунда отурмакмын да. Отуз пайызга ичимди ачыштырып койгонумду кантейин, отуз эмес үчүнө да ээ боло албай калаарымды билбей.
Бир убакта мага да келишти. Сүзө качырып беш-алты бетин жапкан эркектер кирип келгенде жүрөгүм алкымыма тыгыла түштү. Өзүмдү жоготпогонго аракет кылдым. Бирок, добушум калтырап кетти. Беткапчандардын артынан жарандык кийимчен орто курактагы киши кирди. Кыязы, булардын чоңу ошол окшойт, мени чачымдын учунан тырмагыма чейин карап, анан теше тиктеди. Анын тиктешине туруштук берүү кыйын экен. Көзү тим эле желкеңден чыгып кеткендей болот экен. Мен ылдый карадым.
– Орун басарыңыз эмне иш менен алектенип жатканын билет белеңиз? – деди ал мага. Мен калп эле таң калымыш болуп көзүмдү чоңойттум.
– Билем, ал орун басар болгондон кийин министрликтин көп милдети ошонун моюнунда.
– Мен кызматтык милдетин айтып жаткан жокмун. Кызматтык милдетинен тышкары мыйзамга каршы келген иш кылаарын билбегенсизби? Балким, экөөңөрдүн тилиңер бирдир? – деп көзүн кымыңдатып койду. Мен ичимен өзүмө айттым, Ханум өзүңдү карма, бул жөн гана сени сөздөн жаңылткысы келип жатат. Сени кармашкан жок, демек сенин күнөөлүү экениңди далилдей алышпайт. Орун басарың сага каршы көрсөтмө берген учурда да суудан кургак чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгүң бар.
– Жок! – дедим кесе, кебетемди мисирейттим, – Эмне болду, түшүндүрүп айта аласыңарбы? Кызматкерлерим орун басардын кабинетине формачандар кирди деп гана айтып келишти. Андан башка маалыматым жок. Деги бул жерде эмне болуп жатат?!
– Эмне болуп жатканын сизден сурайлы деп жатабыз? Сиз бизге айтып бере аласызбы? Орун басарыңыз пара менен кармалды. Бул ишке сиздин да тиешеңиз болушу мүмкүн?
– Пара?! – көзүмдү алайттым, шалдырай орундукка отуруп, чекемди кармамыш болдум. Бул кылганым менен айтылган сөз мага күтүүсүз болгонун билдиргим келди, – Мен андай нерсени билбеген экенмин. Ал андай кылчу киши эмес эле. Абдан жакшы кызматкер. Кандайча?! Болушу мүмкүн эмес! – деп өзүмчө күбүрөнө бердим. Тиги киши мени көз айырбай тиктеп турду. Бир топтон кийин гана бирдемелерди чиймелеп жазып, алакандай баракты мага карматты.
– Сиз көрсөтмө берүүгө барышыңыз керек. Качан, саат канчада, кайсы жерге – тиги жерде жазылып турат. А азыр биз орун басарыңызды алып кеткенге аргасызбыз.
Ушинтти да эшикке бет алды. Эшикке бир кадам жетпей токтоп, артына бурулду.
– Мен сиз менен коштошпойм. Биз экөөбүз али далай жолу көрүшөбүз.
Анын чыгып кеткенине кубансам, орун басарымдын кармалып калганынан калтыраган тизелерим токтобой турду. Терезеден карасам, колуна кишен салып алып баратышыптыр орун басарды. Ушинтип бир канча жыл мурда Бакытты алып баратышканын карап турдум эле. Баса, Бакыт... Анын чыгаарына бир гана жыл калды да!.. Жүрөгүм зырп этип алды. Ал кесилип кеткенден бери бир барып кабар алганым жок. Куру дегенде азык-түлүк да киргизип койбодум. Мейли эми, менин убактым жок экенин өзү деле билсе керек. Мамлекеттин иши деп жүрө берип, ушинтип башка иштерди бүткөргөнгө жетишибиз кыйын.
Мен дароо эле шефке чуркап баргым келди. Же телефон чалгым келди. Бирок, корктум. Тигилер менин артымдан аңдуу коюшкансып, алар кетери менен дароо эле бир жакка жөнөп кеткеним шектүү болуп калаарын ойлоп токтондум. Телефонумду эки-үч жолу кармалап, кайра ордуна таштадым. Азырынча эч ким менен байланышпай кое турайын. Куру дегенде бир күн чыдайын. Болбосо, бул кайырмакка менин да илинип калышым кеп эмес.
Бир убакта телефон шыңгырады. Жүрөгүм болк этип карасам Асылбек экен.
– Үйгө кел, бала ооруп жатыптыр! – деди да телефонду коюп койду. Мен кийине салып дароо жөнөдүм. Асмандан издегеним жерден табылгандай кубанып. Эптеп эле ушул жерден бутумду тартып кетүүгө эки көзүм төрт болуп турган да. Катчы кызга эскерттим.
– Балам ооруп калыптыр, мен шашылыш үйгө кеттим. Мени издегендер болсо ошентип айт!
Үйгө келсем Асылбек менен... шеф отуруптур! Ооба, дайыма мага тапшырма берип, бир документтерди тууралатып, анын акысына акча берип турган киши. Курсагын былкылдатып, эч нерсе болбогондой жайдары гана төрдө отурат. Мен Асылбек менен анын тааныш экенин билчү эмесмин. Оозумду ачып эле тиктеп калыптырмын.
– Оозуңду жап да, мына бул жерге отур! – деди Асылбек зекип. Башка учур болгондо менин оозумду жаптыра турган сенсиңби деген сөздөр куюлган бойдон кетмек да. А азыр өзүмдү ушунчалык жоготкондуктан, бут кийимимди да чечкенге акыбалым келбей ал көрсөткөн жерге барып отурдум.
– Чатак иш болуптур, Ханум. Мен аны уктум, – деди шеф башын жалтыратып. Башында бир да кыл жок жылтыраган. Кашка баш деп койчумун өзүмчө. Мындан ары аны ушинтип атай берейин.
– Ооба, сиз мага бул иштин мынчалык коркунучтуу экенин айткан эмессиз! – дедим ачууланып.
– Акча ойногон нерсенин баары коркунучтуу. Сен жаш бала эмессиң, акча үчүн кандай тобокелчиликке барып жатканыңды түшүнүшүң керек болчу, – деди кашка баш мага сырдуу карап. Мейли, бул суроону кайра кайра бериштин кереги жок. Кебетесине караганда айыбын моюнуна ала турган түрү жок. Дагы да бардык нерсеге мени күнөөлүү кылып кое турган түрү бар.
– Орун басарым эми эмне болот? – дедим шалдырай.
– Эмне болмок эле. Колу менен кылганды моюну менен тартат.
– Ал эч нерсе кылган жок да?!
– Кандайча кылбады? Акчаны алдыбы, алган жеринен кармаштыбы, болду да.
– Ал мен үчүн алганы жаткан!
– Сен үчүнбү, өзү үчүнбү айырмасы жок. Аны эми эч ким териштирип отурбайт. Алды – алды, кармалды – кармалды. Факт бар. А башканын кереги жок. Ал деле жөн эле макул болбосо керек. Акча берем деп убада кылдың да, туурабы? Демек, ал да акча үчүн тобокелчиликке барды.
Мен унчукпай калдым. Терезени тиктеп, эмне кылыш керектигин ойлоно баштадым. Асылбек терезенин тушунда алысты тиктеп ал да турат. Далысын дүңкүйтүп мен жакты карагысы да келбегенин байкадым. Кызык, бул экөөн кандай мамиле байланыштыраар экен? Эмнеге ушул убакка чейин булар бирин бири жакшы таанырын билген эмесмин? Ушул суроо тилимдин учунда турса да негедир бербедим.
– Сен кыйын экенсиң. Бирдемени сезген окшойсуң, өзүң албай, орун басарыңа түртүп коюптурсуң, – деп карсылдай каткырды кашка баш. Каткыра турган учур болуп жатабы деп кыжырым келе түштү. Аны кабагымдан байкады окшойт, жубатымыш болду.
– Трагедияга айлантпаш керек. Адамдын нерви чыдай албаган нерселерди күлкүнү аралаштырып койгон туура болот. Асыке, бирдемең барбы күчтүүрөк? Мээ деген нерсе ошону талап кылып жатат, дене-бойду бир аз жазалы? – деп Асылбекке карады. Эзелки таанышындай Асыке деп сүйлөгөнүнө таңдана калдым. Бирок, мээмде толтура ой болгондуктан, булардын тааныштыгын териштирүүнү кийинкиге калтырдым.
Асылбек ары жактан коньяк алып чыкты. Экөө жүз граммдан ичишти. Мага сунушташкан да жок. Менин бар экенимди унутушкансып, өздөрүнчө күйпөлөктөп жатышканын кыжырым кайнай карап турдум.
– Мени да суракка алышат. Повестка калтырып кетишти, – дедим мен. Экөө тең мени жалт карашты. Кашка баш рюмкасын столго койду.
– Мына ошон үчүн сени менен сүйлөшөйүн деп чакырттым да. Өзүм чалганга болбоду, кокус телефонуң тыңоодо болсо мага да чыгып калышпасын деп. Суракта менин атымды атаба. Бул оюнда мен жокмун. Сен мени, мен сени тааныбайм. Түшүндүңбү?
– Эмне деп айтышым керек? – чарчаңкы тиктедим. Башка жагынан кыйын болгонум менен ушундай маселеде бирөөнүн оозун эле тиктеп калмайым бар. Билим болбосо ушул да. Ушул азыр гана убагында жакшылап, көңүл коюп эле окуп албаганыма өкүндүм. Билимсиз болсоң минтип ар кимдин куурагына айланып, шахматтын фигураларындай эле ар жакка жылып калат турбайсыңбы.
– Мен билбейм дегенди гана кайтала. Калганын мен өзүм тууралайм, – демиш болду кашка баш. Анын айтканынан бир муздактыкты сездим. Ичиркенип да алдым.
Асылбек мени карады.
– Байкенин айтканындай кыл. Бул киши тууралуу такыр ооз ачпа. Мынча болду эми бардык күнөөнү орун басарыңа үйүп кое бер. Мен билбейм, ал билгенин кылат дегенсип, – деп мени сүзүп жиберчүдөй карады. Ошол жерден мээме бир ой кылт этти.
– А кокус мен кармалгандачы? Мен сизди айтмакмын да, туурабы? Орун басарым деле мени айтат, ал мени айтса, мен сизди айтам.
Бул сөзүм кашка баштан биринчи Асылбекке катуу таасир берди. Жаралуу жырткычтай ордунан атып турду, эки көзү кыпкызыл. Сөөмөйүн мага кезеди.
– Кандай кеп укпаган немесиң?! Бул киши тууралуу ооз ачпа! Бул кишини айтсаң мен да кетем, билесиңби ошону?!
– Кайда кетесиң? – деп келесоодой суроо бердим. Чынында, ал эмнени айткысы келип жатканын түнүшгөн эмес болчумун.
– Кайда?! Кайда?! Орун басарың кеткен тарапка сен, мен жана бул киши үчөөбүз чогуу кетебиз?! Баарыбыздын башыбызды жейин деп жатасыңбы?! – деп эле кыйкырып жиберди. Мен таң калып эле аны тиктеп калыптырмын. Кашка баш тамагын кырынып жөтөлүмүш болуп, Асылбектин колунан тартты.
– Асыке, Асыке, ачууңду токтот. Мындайда ачуу жардам кылбайт, акыл токтотуп кеңешели. Ханум акылдуу жан, биз ага түшүндүрсөк бул кырдаалдан чыгуунун жолун өзү табат.
Кыскасы, мен түшүнбөй жаткан нерсе мындай экен. Асылбек менен кашка баштын тааныштыгына көп жылдар болуптур. Асылбек ушуну менен экинчи жолу депутат болуп калды да, биринчи шайланганында эле таанышып, жакындашып кетишкен экен. Ири суммадагы акча таап берчү махинацияларга мени аралаштырууну да Асылбек ойлоп тааптыр. Мени аябай алдашты, сен акылдуусуң, даанышмансың, дүйнөдөгү бир да аял сенин акылыңа жетпейт, башка аялдар согончогуңда эле калышат жана башка толгон-толтура бал сөздөр айтылды. А бирок, азыр мен ушундай сөздөргө ээрий турган абалда эмес болчумун. Алар актанышкан сайын мен таш болуп катып, ичимден эптеп бутумду сууруп чыгышым керек деген ой мээмди тегеренип жатты. Аман-эсен кутулуп чыгышым үчүн буларга так өзүндөй мамиле жасап, ишенген адам өңдөнүп, ичимдеги ойлорумду билдирбешим керектигин чечтим. Мен да алардай күлүп, жойпуландым.
– Ошентпейт белеңер анан. Асыкемдин да бул ишке катыштыгы барын билбептирмин да. Бул киши мага абдан кымбат, уулумдун атасы. Ал үчүн бардык нерсени жасайм, баары жакшы болот, – дедим. Экөөнүн өңүнө кызыл жүгүргөнсүдү. Менин эки жагымдан чыгышып, акташып-макташып, алдашып дегендей, ийге келтиргендерине өздөрүнө ыраазы болушту. Алардын оюнча, мен кашка башты такыр унутушум керек экен.
– Орун басарыңа айттыр, баарын өзүнө ала берсин. Биз анын бул жактагы маселелерин чечип беребиз, – деди кашка баш.
– Эмне маселеси бар экен? – ушунча болуп орун басарымдын бирдемеге кейигенин деле билчү эмесмин. Дайыма жайдары жүргөн киши эле. Бул экөө дагы кайсы жыландын башын кылтыйтып атышат, ыя?
– Анын бир жаштагы небереси бар. Жалгыз кызынын тун перзенти. Тубаса жүрөк оорулуу. Тез арада операция жасабаса бала чарчап калышы мүмкүн. А операцияны бир гана Германияда жасашат. Баш-аягы жүз миң евродой каражат сарпталат, – деди Асылбек эч нерсе болбогондой кайдыгер гана.
– Аа, ошон үчүн ушул ишке барган турбайбы? Болбосо, ал мен билгенден таза иштеген киши эле да. Акыркы жарым жылда гана анча-мынча махинацияга аралаша баштаган.
– Ооба, каражатка аябай таңсык болгондо баарына барды да. Сен айт, биз операциясын камсыздап беребиз, ал болсо унчукпаган бойдон ары көздөй кете берсин. Сенин атыңды чыгарбасын, – деди кашка баш сөз бүттү дегенсип кескин.
Мен ал күнү кайрылып жумушка барбадым. Башым ооруп жатат деген шылтоо кылымыш болуп бөлмөмө кирип алып уктайын дедим. Бирок, калп айткандан кийин башым чын эле ооруп чыкса болобу. Ардемени ойлоп, көзүмдү жумганым менен мээм шакылдап иштеп турду. Акыры чыдабай кетип, ордумдан турдум. Ашканага барып бир кружка жылуу сүт ичип келбесем болбойт окшойт.
Ашканада Асылбек адаттагысындай ноутбугун кучактап отуруптур. Экранынан көз албай, кофеден уурттап коет. Алдына нандын чоң-чоң кесилген кесимдерине майлуу колбасадан калың кесип коюп, сугунуп жатат. Мен кирип барып эле бутерброд салынган тарелканы бери ала койдум. Ал мени оңурая карады.
– Бул ашказанга зыян! Эрте эле кетчү жагыңа кеткиң келип жатабы? – дедим.
– Кетсем сен кубансаң эле керек, ошону эле күтүп жүрөсүң да, – деп мени жактырбай карады.
– Ошону эле күтүп жүрсөм, күн сайын үч маал так ушундай бутерброд бермекмин. Мен сага деги эле жакпай койдум го, эмне кылсам бир аз болсо да жибийсиң айтчы? – дедим каршысына отуруп. Ал унчукпай, укпай калган адамдай ноутбугунан көз албайт.
– Кашка башты кайдан тааныйсың? Эмнеге буга дейре аны менен тааныш экениңди айтпадың? – дедим эми башка суроо берип. Ал мени жалт карады да, көзүн тартып кетти.
– Ар бир таанышым жөнүндө сага айтып жүрүшүм керек беле? Ушундай да милдетим барын билбептирмин, кечир.
– Түз суроо берсем эле юморго чаргытымыш болуп жооптон качасың да. Айтпайсыңбы, экөөңөрдүн таанышканыңарга канча убакыт болду?!
– Көп. Өтө көп. Анда сен туула элек элең. Ушул жооп жетиштүү болдубу? – деди да ноутбугун көтөргөн бойдон чыга жөнөдү. Мен бул жерде бир сыр бар экенин билдим.
Андан кийин канча сурасам да кашка баш менен мамилеси кандай деңгээлде экенин кашайып айтпай койбодубу. Ошону менен мен да өз артымды жабуу үчүн, орун басарым менен байланышуу аракетин жасап баштадым. Эки күн катары менен тийиштүү жерге барып сурак бердим. Тотукуштай эле эч нерсе билбейм деп кайталадым. Анан орун басарым менен жолугушсам болобу десем, болбойт деп коюшту. Ортого бир адамдарды салып жатып орун басарым менен жолугушууга уруксат алдым. Эки ийини шөлбүрөп, тим эле жүдөп кетиптир. Ээгин кара, коюу сакал басып кетиптир. Көзү шишиген, түнү менен уйку бетин көрбөгөнү билинип турат.
– Кандайсыз Эсен байке, – дедим абайлап сүйлөп. Азыр мага сөөмөйүн кесеп кыйкырып жибереби деп чоочуладым. Ошентсе деле болмок. Бирок, Эсен өзүн токтоо кармады.
– Өзүң көрүп тургандай... курортто эмесмин го акыры. Кандай болоорун жакшы эле билсең керек. Сенин бардык жактан маалыматың бар эмеспи, – деди. Жашы менден улуу болсо да, кызмат абалы ылдый тургандыктан мени дайыма Ханум Садыковна деп атап, сиз деп кайрылчу. А азыр эмне болсоң ошол бол дедиби, же менин аны ийге келтириш үчүн келгенимди байкабадыбы, сенге өттү. Мен анын бул кебин кулагымдын сыртынан кетирип, көңүл бурбамыш болуп койдум.
– Баары жакшы болот... – дедим эмне дээримди билбей, эки жагыма көз чаптырып карамыш болуп.
– Эмне жакшы болот? – Эсендин ачуусу эле келип жатты, аны кыпчылган таноолорунан байкадым, бирок билдирбеске аракеттенип, өзүн токтоо кармады, -Менимче, баары жаман болгону ушул го. Биздин иштерибиз кульминациясына жетти окшойт.
Мен дароо сөөмөйүмдү эриниме кадай койдум. Унчукпа дегенсип. Анан акырын шыбырадым.
– Бул жерде көп нерсени ачык айтууга болбойт. Мен сага бир жаңылык айтайын деп келдим. Жакшы жаңылык.
– Менин абалымда да жакшы жаңылык болушу мүмкүн бекен? – деди мени жаман көргөнсүп, мазактагансып карап.
– Небереңизди бир жуманын ичинде апасы, атасы менен кошуп Германияга жөнөтөбүз. Күйөө балаңыз менен кызыңыз азыр даярданып жатышат. Германиядагы клиника буларды күтүп жатат.
– Кантип эле?! – деп таң калганын ордунан козголуп алды. Көзүндө биринчи ишенбестик турган, анан барып ал тарап, кубаныч ээледи, – Ал жак абдан кымбат да? Акча-тыйынычы?
– Камтаба болбоңуз, баары төлөндү, – дедим да андан көз албай тиктедим. Ал мени жалт карады, көзүбүз бир топко чагылышты, анан барып тиги кишиге жеткендей болду. Акырын башын ийкеди.
– Рахмат, Ханум Садыковна, бул ишке айласыздан барганым эми сизге түшүнүктүү болгондур. Ошол неберем аман-эсен оорусунан сакайып кетсе эле... мен чыдап кое берем.... Эмнеге келгениңизди, небереме эмнеге жардам бергениңизди түшүндүм. Эгер сиз айткан чын болсо, анда менин да оозум жабык.
– Албетте, чын. Сөз айттырып отурбай түшүнгөнүңүзгө рахмат. Дагы келем. Баса, сизди адвокат жалдадык, менимче узакка отурбайсыз, – дедим да ордумдан туруп коштошуп кеткенге камындым. Ал менин колумдан кармай калды.
– Эки дүйнө ыраазымын. Бирок, кызым менен күйөө балам баланы алышып Германияга барышып, неберем операция болуп ийгиликтүү чыккыча ишенбейм. Азыр ар кандай адамдар болот, бир көзүң бир көзүңө жоо дегендей, баары жакшы жагына бурулгуча, ишенбейм.
– Буйруса, төрт-беш күндөн кийин далилим менен келем. Бардык документ, сүрөттөр колуңузга тиет, – деп жылмайып койдум, анан шыбырадым, – Ага дейре тергөөчүлөр менен иштешпей кое туруңуз. Сурак берүүдөн баш тартыңыз. Бүгүн кечке жуук сизге адвокат келет, ал баарын жайгаштырат.
Орун басарым башын ийкеди. Көзүн кубаныч турганы менен ийини дагы деле шөлбүрөп бош. Адамды чыгууга жолу калбай, туңгуюкка кептелгенсиген абалда калганда кайда ээрчитсең ошол жакка ээрчийт. Бул жерде да так ошондой болду. Төрт күндөн кийин орун басарымдын балдарын аэропорттон узаттык да, жакшылап сүрөткө тартып, кызына атасына кат жаздыртып алып, анан Германиядагы клиниканын чакыруу катын, тигилердин учак билеттеринин көчүрмөсүн, айтор далилдей турчу нерсенин баарын топтоп барып көрсөтүп келдим. Ошондон кийин булбулдай гана сайрап, бардык күнөөнү моюнуна алды. Коомчулук катуу ызы-чуу болду. Орун басар мынча миллион доллар пара менен кармалды дешип. Айрымдары орун басары министрсиз да пара алмак беле, орун басарды кармасаңар министрди да кошо отургузгула деген ойлорун да жазышты. Албетте, мунун баары мага жеңил болгон жок. А бирок мен акыр аягына чейин күрөшөм да. Бир да жолу ал күрөштөн жеңилип калбаганымды да окурмандарымдын эсине сала кетейин. Бирок, бул сапар жеңилгенге туура келди. Тез эле жогорку жактагылар чакырышты. Барсам, менин шефим кашка баш да, ошонун кабылдамасына чакырылгам, кабагын түйүп мени чала тааныган тааныштай эле кабыл алды.
– Ханум, сен туура түшүн. Тээ эң жогорку адам сенин кызматтан кетишиң керектигин айтты. Жок, жок, сен ойлобо кызматтан алып ыргытышат экен деп. Орун басарыңдын тергөө амалдары бүтүп, соттолуп, же акталып бир жактама болгонго чейин гана.
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_4.htm on line 234

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_4.htm on line 234

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_4.htm on line 234