Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
15 китептен турган
"Ханум"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
15 китебин толук алсаң
500 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум тилегине жетти

“Ханум” үчилтигинин 3-томунун 5-китеби
Ашып кетсе эки күн ыйладым окшойт. Эки күндөн кийин өзүмдү колго алдым. Ыйлап жатып алгандан маселе чечилбейт экен да. Өткөн ишке мындан ары өкүнбөйүн деп чечтим. Жашоо үчүн кармашууну баштадым.
Менде ушул саам эч нерсе жок калган эле. Бийлик, кызмат өткөн жашоомдо калды, ал турмак балам да жок. Азатты ойлосом сагынып, кыйналып кеткендиктен, биринчи жашоомду оңдоп алмайынча аны да ойлобой турайын дедим. Баарын таразага салып көрүп, уулумду кайра өзүмө алыштын жолун издеп табам.
Аңгыраган, ремонту жок үй көзүмө комсоо көрүнүп, же тамактана, же уктай алсамчы. Мындай кембагал жашоодон алыстап кеткениме көп болгон эле. Ушул сыяктуу үйдө эгерим жашап көрбөгөндөй, денем жыйрылганын айт. Адам баласы жакшы нерсеге бат көнөт деген туура окшобойбу, төрөлгөндөн эле осоябнякта жашап баштагансып, үй кызматчылары бар, жаркыраган чоң үй уктасам түшүмө да кирчү болду.
Таң эрте ойгонсом короодон бир дабыш чыгып жатыптыр. Тарс-тарс, турс-турс... Жүрөгүм ооруза кептелип калды. Шашыла халатымды кийип сыртка чыга калдым. Үстүнө жаман купайке кийген бир абышка жыгылып калган эргенчегимди түздөп жатыптыр. Жанына жете келгенимде мага бурулду эле ичимдиктин ачымык жыты бур этти. Кебетесинен эле алкаш экенин таанууга болот деп ойлодум да, жүзүмдү бурдум.
– Сиз кимсиз? Бул жерде эмне кылып жатасыз? – дедим орой. Ал мени ыржайып карады. Бети ичимдикке күйгөнбү, же бул тоо түбүндө жайгашкан айылдын муздак шамалы туурултуп салганбы, капкара. Бирок, тиштери ак анан бүтүн экен. Колу туурулуп кетиптир.
– А кошуна, кутман күнүң менен! Ойгондуңбу? А мен минтип эргенчекти оңдоп жатам.
– Сизден оңдо деп ким суранды?! – дедим ачууланып, -Таң атпай уйкуну буздуңуз. Тезирээк кетиңиз! Мен сизди тааныбайм.
Кишиге сөз деле жетпейт экен. Балкасын акырын жерге коюп, эч нерсе болбогондой кебин улантты.
– Таң агаргандан кийин укташ ден соолукка зыян. Быкшып уктап жата бербей тээтиги жердеги өзөнгө барып, муздак сууга түшүп, зарядка жаса. Ансыз да карып баратыптырсың, дагы да уктап жата берсең бул эшикке батпай каласың жакында.
Ачуума муунуп айтар кебимди таппай калдым. Мени жакшы билгендер карылык деген кептеп аллергия бардыгын унутушпаса керек. Мен өзүмдүн карып баратканымды моюнума алгым келбейт. Дагы да он сегиз жаштагыдай көрүнүүгө аракеттенип жүргөнүм жалганбы. Өзүмдү он сегиз жаштай сезээрим анык. Анан минтип, кайдагы бир алкаш келип алып таң атпай карыдың деп маанайымды бузуп жатса...
– Өзүңдү күзгүдөн карап алчы! Мен эмес, сен карып калыптырсың го! – дедим айтаар ачуу кеп таба албай, анан жаш баланын урушундай жооп кайтарып. Киши дагы ыржаң этти.
– Мен карый элекмин дебейм, карыдым. Бирок, бир койлук алым бар. Карышкыр карыса бир койлук алы бар дешет го. ошол сыңары менин да бир койлук алым бар.
Билип турам кандай “карышкыр” экениңди. Ичимден ушинтип ойлодум кишини мазактай карап. Киши кайра балкасын алып, эргенчектеги мыкты кага баштады. Үчүнчү жолу урганда жаза тайып колуна тийде эле, балкасын ыргыта салып, бети-башын бырыштырып, колун бооруна алып, отура калды.
– Алың ушул экен го, – дедим мен мөөрөйүм колума тийгенсип, – Кана, балкаңды ал дагы, жогол. Экинчи мен тарапка басып келчү болбо! – дедим.
– Сен абдан каардуу экенсиң. Же заардуу. Аялдарды каардуу дейби, же заардуу дейби? – дедим колун үйлөп отурган калыбында башын көтөрүп.
– Эмне дешин билбейм. Бирок, азыр кетесиң. Анан бул жакка жолду унутасың.
– Кантип унутам? – жаш баладай байо элейди, – Мен тиги үйдө жашайм да, – менин үйүмдүн артында турган үйдү көрсөттү, – Булакка сенин үйүңдүн жанынан өтүп барам. Бул жолду унутуп калсам, сууну кантип ташыйм, ыя?
Келесоодой көрүнгөн киши менен акыйлашып отургандан жададым. Балкасын жерден алдым да колуна карматтым. Анан кир купайкесинен жийиркенсем да колтугунан алып ордунан тургузуп, эргенчектен чыгарып койдум.
– Бай-бай... – дедим колумду булгалап. Ал көзүн чоң ачты.
– Вау! Англисче да билесиңби?
Ачуум башыма чыгып, жооп кайтарбай, артыма бурулуп жөнөдүм. Мына сага айыл. Эми ушундай келесоолор менен күн сайын кездешем да э?
– Эй, кошуна. Канча күндөн бери көз салып жатам, эркегиң жок экен. Өзүң жалгыз эле жашап жатасың. Мен да жалгызмын. Эки бакыр, бир тукур болуп алсак кандай дейсиң? Мен сага жүрөгүмө кошуп, колу-бутумду да тартуу кылам. Сага деле эркек керек да, – деп артымдан кыйкырып калды.
Эркектин кереги го керек, а бирок сендей эмес. Мен кандай эркектер менен жүргөнүмдү билгениңдечи, азыр берегидей ыржаңдап турбайт элең.
Уйкум качып кетти. Ордума кайра уктайын деп жатсам болчудай эмес. Анан ордумдан туруп, кишинин айтканын эстеп чын эле дедим да өзөнгө бардым. Суунун жээгинде бир топ отуруп, анан үйгө келдим. Эки жакты жыйнагым келген жок. Бир айдан бери кандай көчүп келсем ошол бойдон турат буюмдарым. Кийим салынган баштык, чемодандарымдан жарымы ашып, жарымы бырышып жатат. Көңүл жок эч нерсеге.
Телефонум шыңгырап калды. Акыркы күндөрү дээрлик шыңгырабайт. Бул жарык дүйнөдө мени эстеген адам жок. Ошондуктан, азыр чырылдаган үн чыкканда эки аттап жетип барып басып жыгылдым. Бейтааныш номер. Бир эсептен коркуп да кеттим. Абайлап алдым.
– Ало.
– Ханум, сенби? Кандайсың, ден соолугуң жакшыбы? – деди жагымдуу үн. Тааныш да, бейтааныш да. Ким экенин тааный албай саамга каттым.
– Жакшы. Баары жакшы. Ким экен бул?
– Мен Залкар.
– Кайсы Залкар.
– Унутуп калдыңбы? Акмаралдын тоюнда тааныштык эле го.
Ошондо гана баягы үйдө керемет мүнөттөрдүн далайын багыткан жаш, чырайлуу жигитти эстедим. Кубанып кеттим.
– Аа эстедим. Кандайсың? Кабарсыз кеттиң го.
– Ооба, баягыда сенин үйүңдөн кеткенден кийин достордун машинеси менен баратып, жол кырсыгына учураганбыз. Бир аз жараат алып, ооруканага жатып дарыланып чыктым. Эми гана өзүмө келип сага чалып жатам.
Сөзүбүз уланып баштады. Менин телефондон болсо да эрмек табылганына кубанычымда чек жок.
Жолугалыбы дегендей кылып калды эле жооп бере албай какала түштүм. Ал менин жашоомдо кандай окуялар болуп кеткенин билбейт да. Ачык айтыштан да корктум. Бул жаш жигит менин көркүмө кызыгып, же сүйүп калганы үчүн жолугалы деп жаткан жок. Аны жакшы билем. Баягыдай эле байлыкка көпкөн, көзүн туман баскан аялдай ойлоп жатат да. Улам эле маселелерин айтып, ден соолугу жабыркаганын айтып, жыландын башын чыгарып жатпайбы. Демек, бул менден акча сурайт. Же дагы бир башка жардам керек. Азыр кандай абалда экенимди айтаарым менен бир шылтоону айта калып телефонду коюп, ошону менен жоголуп кетчүдөй сезип корктум.
– Жолугалы, бирок мен азыр шаарда эмесмин, – дедим күлүп. –Шаардын ызы-чуусунан жададым. Романтика кылып тоо боорундагы айылдан үй ала калып, келе бергем. Атайын эч бир артыкчылыгы жок, кадимки эски, илгерки заманды элестетип турган үйдү алгам. Бир айдан бери кулак-мурдум тынч, жаратылыш менен сырдашып жашап жатам.
– Укмуш го! анда мен сага конокко барсам болобу? – деп Залкар кубанып кетти. Ал менин айтканыма ишенди.
– Келсең болот. Бирок, эч нерсеге таң калба. Баары сен ойлогондой болбой калышы мүмкүн, – дедим. Ал келмей болду. Кайсы жерден, кантип келээрин түшүндүрүп берип, телефонду койдум да, аары чаккан адамдай эле пытырап эки жакка чуркап калдым. Сүйүүнүн күчү керемет, качантан берки олку-солкулугум жоголуп, заматта үйдү тазаладым. Кийимдеримди чыкчыйтып жыйнап, баштык, чемодандарды экинчи бөлмөгө ташыдым. Эски жашоомдон артына келген чоң, кооз жалгыз килемимди бир бөлмөгө салдым. Терезелерден бери жууп чыктым. Айтор, түшкө чейин эле үйүм бир татына болуп калды. Куру дегенде кечээгидей кир, желе жамынган эмес да. Эми тамак жасашым керек. Акча, баштык көтөрүп алып, сыртка чыктым. Бул айылдын дүкөнү кайда экенин да билбейм. Бир ай бою диета кармадым десем да болот. Акыркы жолу шаарга барып келгенимде бир аз азык көтөрө келдим эле, ошону тоокчосунан чокуп ушунча күн жашадым. Эми жаш жигитимди дүр-дүйүм дасторкон менен тосуп албасам болбойт да. Акчасы жок турбайбы деп качып кетпесин. Эки жакты карасам эч ким көрүнбөйт. Анысы да түшүнүктүү, бул айыл эмей эле, дача шаарчасы деп аталат экен. Аны да жакында билдим. Ар кайсы жерде бош үйлөр толтура. Кайсы бир убакта гана келип бирин-экин күн эс алышып кайтышат экен ээлери. Бирөө-жарымдан сурайын десем, эч ким жок. Башымды буруп, эки жакты карап жатып, үйүнүн эшигинин алдындагы тепкичте отурган баягы кошунамды көрүп калдым. Ал да мени төрт көздөп карап жаткан экен.
– Эй! – деп кыйкырдым, -Бул жерде дүкөн кайда?
– Эмне-е? – эки колун кулагына тосуп, мага каратты. Мунун кулагы да оор окшойт. Акчам менен баштыкты булгалап көрсөттүм.
– Дүкөн! Дүкөн кайда дейм?!
– Аа. Өзөндүн аркы бетинде бар. Ал да маал-маалы менен иштейт. Бир келин иштетет. Каалаган күнү чыгат, каалабаса жабат да үйүнө кетип калат. Акча кереги жок неме окшойт. Бирок, соода деле болбойт да. Бул жерде экөөбүздөй болуп туруктуу жашагандар ашып кетсе беш-алты чакты үй гана. Калгандары убак-убагы менен шаардан келет, азык-түлүгүн мол камдап келип, ошону түгөтүшкөнчө жашашат да, анан кетип калышат.
Бул узун сөзгө кирип кетти. Мен өзөндү карадым. Мелтиреген, жай аккан өзөн. Өтө деле жазы эмес. Бирок кечип өтүш мүмкүн болбосо керек. Агызып кетет го. Же сүзгөндү билбесем. Жээгинде эки кайык турат, ушуну менен өтөт го дейм тиги шумдук. А мен өтө албайм. Айдай албайм. Айдаштан корком. Айлам кеткенин тиги түшүндү окшойт, бутуна эки-үч размер чоңдой болуп талпылдаган керзовый өтүгүн сүйрөп жаныма келди. Ичимдиктин ачымын жыты дагы бур этти.
– Сага эмне керек эле? –деди олуттуу. Биринчи түшүнбөй аны тиктеп калдым, андан кийин гана дүкөндөн эмне алаарымды билгиси келгени мээме жетти.
– Мага иним келмек азыр, – деп калп айттым, эмнеге экенин деле билбейм. Ойношум келет деп айтсам деле болмок да туурабы, бул кишини мага такыр байланышы жок болсо, анын алдында эмнеге актанып жатам. –Нан-пан, тамак жасаганга керектүү азыктар, дагы... –ичимдик деп айтайын деп баратып токтоп калдым. Шаардан өгүнү кымбат винодон беш бөтөлкө ала келгем. Бирок, өзүм менен өзүм сырдашып отурганда бөксөртө берип түгөтүп койдум эле да. Залкардын келээрин билгенимде барбы, өзүм ичпей ошого сактайт болчумун.
Киши колумдан бек кармады. Маньякпы деп ойлоп, жүрөгүм түшүп, колумду сууруп алганга шашылдым. Чап кенедей эле кармаптыр, канча жанталашсам да, колумду кыбырата да албадым. Ал болсо үйүн көздөй мени сүйрөдү.
– Кандай адамсың? Кое бер дейм колумду! Азыр милиция чакыртам! Кое бер! – деп безеленип, бирок тигинин күчүнө туруштук бере албай чалынып-чулунуп ээрчип бараттым.
– Кайдагы милиция экен, – деди кошуна беймарал үн катып, – Бул жерде милиция турмак, анын сүрөтү да жок.
Даана жүрөгүм түштү. Бул ээн айылда чыңырып-чыркыраганымдан пайда жок окшойт. Жардам бере турган бир жан көрүнбөйт. Азыр үйүнө алып кирет да. О, Кудай ай, өлтүрүп койбосо экен. Өлтүрсө менин өлүгүмдү бул жактан ким табат? Ээн калган айылда жашап жатканымды Асылбектен башка эч ким билбейт. Ал мени издебейт дагы, издегендерге да айтышы күмөн. анан Залкар билет. Ал келет да, менин жоктугумду көрүп, ачууланган бойдон кайта кетет. Буга эмне болду, кырсыктап калдыбы, деген ой капарына да келбесе керек.
Тепкичинен эки аттап чыкты.
– Ой, мынча тырышасың? Тез-тез эле бассаң, – деген киши колумдан катуу булкту эле, үйүнүн кире беришинде болуп калдым. Эшигин бек жаап, ачкыч менен бекитип анысын чөнтөгүнө салып алды. Өлдүм дедим ичимден. Качаар жайым болбогондуктан титиреген бойдон анын кыймылына көз салуудан башка аргам калбады. Алаканына түкүрүп, анан ыкшап койду да, менин бутумдун жанындагы подвалынын оозун ача баштады. Мына, подвалга түшүрөт турбайбы. Караңгы жерде каалаганын жасайт да, анан өлтүрөт. Каалагандай кыйнап анан өлтүрсө керек. Денеме безгек тийгенсип токтоно албай калчылдайт. Жүрөгүмдүн катуулай соккону үйдү титиретип жиберчүдөй сезилет.
– Түш! – деди мени карап. Бирок, жүзүндө каар билинбейт. Маньяктар ушундай болот да, сыртынан бир сонун адам, ал турмак кээде мээримдүү да көрүнүшөт. Анан курмандыгы менен бетме бет, жекеме жеке калганда чыныгы жүзү билинет. Бул да подвалына түшүргүчө ушинтип турат окшойт. Бул подвалга менден башка да далайын түшүргөндүр. Менде башка айла жок болчу. Тирелген шатыга акырын бутумду койдум. Эки тепкич ылдый түшүп, башым подвалга кире элек кезде дагы бир жолу акыркы үмүтүмдү карманып,
– Жардаам! Жардаамга-а! – деп кыйкырдым. Киши менин башымды колу менен ылдый басты.
– Үнүң эле ачуу экен да! Кулагымдын тарсылдагы жарылып калайын деди! Бол, кирчи, батыраак! Миң кыйкыр, үнүңдү эч ким укпайт! Күчүңдү куру бекер кетирбе, азыр сага күч керек болот.
Бүттү, акыркы үмүтүм да жалп өчтү. Подвалдын жерине бутум коюлду. Артымдан киши да заматта шаптай болуп түшүп келди. Чекесиндеги терин купайкесинин жеңи менен шыпырып, мени карап ыржаң этип күлүп койду.
– Уфф, тим эле чарчатып жибербедиңби? Көтөрмөк турсун, сени сүйрөш да оор экен. Кой, көтөргүлүк кылбасын, бул кебетеңде белимди сындырасың го көтөрсөм.
Эртең менен эле ага чакчарылып жаткан Ханум жок. Каяша эмес, алдап-соолаган, же жан соолаган кеп айта албай, катып калгансып турдум ордумда. Подвалында жарык бар экен, чык эттирди эле, айлана жапжарык боло калды. Оозум өзүнөн өзү ачылып кетти. Подвалдын төрт тарабына тең жыгач текчелер орнотулуп, ал банкаларга жык экен. Каз-катар тизилген банкаларда эмнелер гана жок. Ар түркүн жемиштердин кыямы, туздалган жашылчалар, бир жак четинде төшөккө оролгон бирдемелер да турат.
– Кандай экен? Ушулар болобу? Каалаганыңды ал. Менимче, иниңди тосконго керектелсе керек.
Мени булкуп-сулкуп подвалына эмнеге алып келгенин эми түшүнбөдүмдү. Жүрөгүмдүн кагышынын дабышы жайлап, коркконумдун эсесин кайтаргым келип жанымда турган кишинин далысына бир чаптым.
– Эмне мени коркутасың?!
Маньяк эместигин билгенимден кийин баштагы баатырдыгым кайтып келди да. Киши селт этип, мени жаш баланыкындай таза көздөрү менен тиктеди.
– Эмне чабасың? Эмне коркосуң? Мен эмне маньякка окшош бекем?
– Окшошуп эле турасың. Азык-түлүк берем деп койсоң болбойбу куру дегенде. Айтпай-дебей эле жулкулдатып сүйрөп жөнөбөй.
– А сен айтканга көнөсүң да э? Азоо тайдай болуп турасың го, бери жыгыл десе ары, ары жыгыл десе бери жылгылчудай болуп. Күйөөңө тийбесең да керек ушул жашыңа чейин.
– Кайдан билдиң менин күйөөгө тийбегенимди? –ачуум тарап, жай сурадым. Эмнеге минтип ойлогону мага кызык боло түштү да.
– Ой, ушул кыялыңа кайсы эркек чыдасын? Бир-эки сүйлөшүп көрүп эле, буга үйлөнгүчө анаконда кучактап жатканым жакшы деп качышаттыр.
– Аа, жо-ок, – дедим мөөрөйүм колума тийгенсип кудуңдап, – Бир эмес, эки ирет эрге тийгем. Бири менен он жылдай, экинчиси менен да он жылдай жашадым. Жалпысынан жыйырма жылым күйөөлөргө кетти.
– Ээ? -деп киши чын дилинен таң калды, – Анда аларга медаль бериш керек.
– Медалды мына, мага бересиң. Аларга чыдап жашаганым үчүн. Кана, эмнени алайын? – дедим баштыгымдын оозун ачып, текчелердеги кыдырата тизилген банкаларды бирден карап.
– Каалаганыңды. Мен жай-күздө ушинтип жасай берем. Бош отургум келбегени үчүн эле. А бирок, өзүм жалгыз түгөтө албайм. Булардын жарымы өткөн жылдан калгандар. Азыр да жасап жатам.
Туздалгандардын арасында козу карындар да бар экен. Көзүмө жакшы көрүнгөндөрдүн баарын салдым. Подвалын деле көтөрүп кетмекмин эгер күчүм жетсе. Ачкөз жаным ачкөздүгүн дагы карматты. Баштыгым толуп, оозу жабылбай калгыча салдым. Шатыга чыгайын деп жакындаганымда, киши алкымын көрсөттү.
– А мындайчы? Кыласыңарбы?
– Ал да барбы? Бар болсо, бер?! – дедим тим эле өткөрүп койгон адамга окшоп. Ал ары жакта төшөнчүгө оролгон нерсени ачты. Килейген айнек бөтөлкөлөргө самогон ачытып коюптур. Андан келип жаткан ачымык жыттын себебин эми билдим. Кайран эркек самогондон сеп этип алып жүрө берет экен да, кеп-сөздү урган жери жок болуп, ким эмнени айтса да ыржайып коюп. Баштыгымды ордунан жылдыра албай калдым. Купайкечен кошунам эргенчекке чейин жеткирип келди.
– Болду эми, сен бара бер, – деди жыгылып калган тосмомдон өтөөрүм менен, анын көкүрөгүнөн түртүп токтотуп, – Үйгө өзүм ташып алам.
– Көтөрө албайсың, оор, – деп каршы болгусу келди. Мен да айтканымдан кайтпай, артына кайтардым. Андан ары баштыкты көтөрө албай, банкалар сынып калбасын деп абайлап сүйрөп баратсам, артымдан кыйкырдым.
– Жумурткачы? Жумуртка керекпи?
Көзүм эки бутунун ортосуна түшүптүр. Сенде да жумуртка барбы, бар-жогу билинбейт го деп айткым келип, күлкүмдү араң тыйдым. Короосунда кукулдап толуп жүргөн тоокторуна көзүм түшүп гана өзүмдү токтотуп, башымды ийкедим. Азыр деди да заматта үйүнө чуркап барып, бир чоң аякка толтуруп жумуртка көтөрүп келди. Мен аны тосмонун оозунан күтүп тургам. Жумуртканы алдым да, өзүн артына бурдум. Мен жакты кылчактап караган бойдон кетти.
Залкар келгенде дасторкон дүйүм тамакка толуп калган болчу. Такси менен келген экен, короонун жанына таксини токтотуп, мага кыйкырды.
– Ханума, мен келдим, – деп бир башкача жапакечтенип.
Мен үйдөн чыгып, аны утурлай бастым.
– Келсең, кир үйгө, – дедим күлүп. Ал болсо желкесин кашыды.
– Дарыланганга оңор эмес акча кетти. Жарты тыйыным жок калды. Таксини барганда берем деп жалдап келдим эле...
Ичимден сеники түшүнүктүү дедим дагы, үйгө кирип акча алып чыгып, таксини жөнөттүм. Ошол жерден эле мени так көтөрүп, алкымымдан жыттады.
– Кандай гана сагындым сени! Жакшы болсом эле учуп жетейин деп абдан зарыкпадымбы!
– Түшүр дейм, бирөө-жарым көрөт. Түшүр! – деп колуна чапкылап, башымды качырып жатып эптеп түштүм.
– Ким көрмөк эле? Көрсө да бул жерде бизди ким тааныйт? Сен убактылуу эле жашайсың да, туурабы? Суук түшөөрү менен шаарга кетесиң. Буйруса, ага чейин Кудай унуткан жерге эс алмай кызыгың тарайт. Келерки жылга жеткирбей эле бул үйдү кайра сатып жибересиң.
Ох, ошондой мүмкүнчүлүгүм болсо кана. Өмүр бою ушул жерде отуруп каламбы деп корком да деп ойлонууга жетиштим. Үйгө кирип келатып, башым кошунанын үйү тарапка бурулду. Ал адаттагысында эшигинин алдындагы тепкичине отуруп алып мени төрт көздөп тиктеп жатыптыр.
Залкар үйгө кирип эле каткырып баштады.
– Ну, ты даешь, Ханушка, ушул нерсе оюңа келгенин айтсаң. Бул он тогузунчу кылым го э? Мындай жыртылган үйдү кайдан таап алдың? Музейге койчудай болгон антиквариатты табыш кыйын турса керек. Ха-ха-ха...
Мен анын сөзүнө сөз кошпой, унчукпай гана туруп бердим. А жүрөгүмдөгү коркунуч калыңдагандан калыңдап баштады. Бул мени таштап кетет! Бул таштап кетсе анда мен өзүмдү чындап жоготом! Анда менин такыр үмүтүм калбайт!
– Эмне унчукпайсың? Кандай романтикаларды башыңдан өткөрүп жатасың? Силер, байлар, бир уникалдуу калк болосуңар да, мэээңерге эмне келсе, ошону аткарасыңар. Мындан көрө Малайзия, Дубай, Египетке барып эс алып келсең болбойт беле. Мени да жаныңа алып алсаң эс алууңду он эсе жандантып берет элем го!
– Хи-хи... – күлүмүш болдум, – Кел эми ар нерсени айта бербей, тамакка кара. Сени келет деп карачы, жалаң нукура азыктар кошулган даамдарды даярдадым.
– Сен ушундай алтын айымсың да, – деп эле дасторкон четине отура калып, сугунуп кирди. Курсагы катуу ачканбы, тим эле бурдай сугунат. Мен анын жегенин карап эле отуруп бердим. Аны көрүп эле курсагым тоюп калгансыды. Өткөн жашоомдон мени издеп бир адамдын келгени мени ушунчалык кубантты.
Курсагын тойгузгандан кийин мени басып жыгылды. Сагындым деген сөзү оозунан түшпөй, кучактап, көйнөгүмдү чечип баштады.
– Эшикти бекитейин, – десем болбойт,
– Жанымданжарым карыш жылба! Мен сени сагынып араң жеттим. Эми жарым секундга да ажырагым келбей жатат, – деп. Мен болсо коргошундай ээрип жатып бердим.
Оозумдан сорду эле, денем балкып, чачынан сылагылап, мен да жалынып-жалбарып баштадым. Заматта дырдай жылаңач болуп, дасторкондун четинде эле, ишибизди баштадык. Капкатуу болуп какайган кайбары жанжериме тийгенде катуу онтоп алдым. Ал болсо кайбарын жанжериме бир тийгизип, бир алыстатып ойноп, эмчегимден мыжыга кармап, оозумдан соро берди. А мен жакындап келаткан кумардын жытын алганга дене-боюм чымырап, мээм бир гана нерсеге байланып калгансып, качан каккан казыктай катуу нерсеси жанжеримди өрдөйт деп гана күтүп жаттым.
– Салчы? Чыдабай баратам! – деп сурандым. Жалдырадым. Ал болсо кебелбейт.
– Мен сени сагынгандай сен да мени сагынчы, – дейт ансайын чыдамымды кетирип. Чачымдан кармап, башымды эңкейтип кайбарына туш келтирип койду. Мен аны хрусталдай эле абайлап кармап, оозума салдым.
– Ох! Жашоо деп ушуну айт! – деп кумарлуу шыбырады да, чалкасынан жата калып, көзүн жумду. Мен кайбарын тегерете жалап, оозума киргизип-чыгарып, аны менен кошо өзүм да ырахат ала баштадым. Бир убакта денеси бир башкача титиреп кетти да,
– Ханум! – дегенге жарады. Мен аны түшүнө коюп, алигисин оозумдан чыгардым эле, уруктугу атып кетти. Коргошундай ээриген денемди кеч калтырбай кумарга батыргым келип уруктугун ары жактан кагаз сүлгү ала коюп, заматта тазаладым да, кайра оозума салдым. Акырындан ага жан кире баштады. Какайып чыкканда, үстүнө чыга калып, жанжериме туштап киргизип жибердим да, көзүмдү жумдум. Ырахатым чекитине жетип калган экен, бир-эки желгенимде эле жанжеримден атырылып чыккан ысык кан мээме чуркап келгенсип, катуу акыштап жиберип, сулк жатып калдым.
Ал күнү караңгы киргиче ордубуздан жылган жокпуз. Залкар жаш жигит да, өзү айткандай канча күндөн бери ооруканада жатса, аял көрбөй катуу ач болгонбу, деги тыным бербеди. Мунун кайбары деги уктабайт окшойт. Кумардын туу чокусуна жетебиз да, демибизди жыйып, ырахаттын даамын сезип алгыча, жарым сааттай соолуп жатып, кайра эле баштайбыз. Мен дагы ушул убакка чейин болгон окуяларга тырышып калган нервим жумшара турган учуру келгенби, өзүмдү токтото албадым.
Күүгүм кирген кезде гана экөөбүз өзөн жээгине бардык.
– Кайык бар турбайбы, жүр ортосуна чейин барып келебиз, – деп жээктеги эки кайыкты көрүп Залкар кубанып кетти. Мен аны ишеңкиребей карадым.
– Сен айдай аласыңбы?
– Ой, ушунун кандай оорчулугу бар эле? Калакты ары –бери кыймылдата бересиң, болду да. Жүрчү, өмүрүмдө кайыкка түшө элекмин. Сен мени чет мамлекетке эс алууга алып барып келбейсиңби? Сенден эмне кетип жатыптыр, баары белен, кааласаң эртең эле билет ала саласың. Ушул жаман айылда жүргөнчө чет мамлекетке деңизге барып бир эс алат элек да.
Мен эмне айтаарымды билбей калдым. Жок, андай эмес, мындай деп кантип айтат элем. Жылмайымыш болдум.
– Буйруса, баары болот.
– Баягыда силер менен жүрдү го бир эже. Сенин жаныңда отурду. Балатыга окшоп кулак, моюн, колунун эч жагын калтырбай алтын жасалгага чүмкөнүп алган эжечи?
– Ии. Эстедим. Айта бер.
– Ошол мага аябай жабышпадыбы. Мен сени жыргатам дейт. Кой десем да болбойт. Менин сүйгөнүм бар десем да, экөөбүздү тең сүйүктүү кыла бер, менин каршылыгым жок. Сени көрүп турсам эле болду дейт да. Путевка алып алыптыр Малайзияга он төрт күнгө, эки адамга. Жүрү барып келебиз дейт. Жок, мага Малайзия жакпайт, мен Израилге баргым келет деп койгом калп эле. Бир саат өтпөй Израилге жыйырма күнгө путевка алып келип калыптыр. Паспорттуңду бер, билет ала калайын учакка деп абдан жанымды койбой койбодубу.
– А сен эмне кылдың? Бардыңбы? – ичим тыз дей түштү. Келишимдүү жигитти ким болбосун менден тартып кетээри бышык.
– Эмнеге бармак элем? Бул жакта сен турсаң. Мен экөөбүз барабыз деп ойлогом. Ал эженикинен сенин деле мүмкүнчүлүгүң кем калбайт да, туурабы? – деп бакырайган көздөрүн мага кадады. Кайдан өзүмө ишеним пайда боло кетти билбейм,
– Туура! Эки күн убакыт бер, барабыз! – дей салыптырмын. Ал кубанып кетти. Мени жерден так көтөрүп, айлантып жиберди.
– Сүйөм да сени, сүйөм! – деп кыйкырды.
– Акырын, бирөө угат.
– Укса уга берсин. Мен эмне сүйүүмдү жашырышым керекпи? Мен сүйүүмдү керек болсо адамдардын баарына, ал турмак курт-кумурскага чейин жарыялайм.
Мен чындап эле сүйөт турбайбы деп менин кубанычымда чек жок эле. Кайыкта эптеп сүйрөп жатып сууга киргиздик. Жанында калагы туруптур. Аны да алдык. Экөөбүз бет маңдай отуруп, өзөнгө кирдик. Жээктен азыраак алыстагандан кийин кайыкка суу кирип баштаганын байкадым. А Залкар асманды карап кыйкырып жатты.
– Эхе-хе-гей, биз кайыкта баратабыз!
– Залкар, кайыкка суу кирип жатат, тез артка айда, – дедим шашкалактап. Анын уга турган түрү жок.
– Коркок боло бербечи, карыган адамдар коркок болот. А сен жапжашсың го, эмнеге мынча коркоксуң, – деди эле оозум жап болду. Бирок, көзүм кайыктын түбүндө, улам көбөйүп бараткан сууну тиктеп, эсим чыкса да жаш жигитке коркок болуп көрүнгүм келбей, тынч бараттым. Ошол убакта жээктен бир топ эле алыстап кеткенге жетиштик. Суу кызым такымыбыздан ашып калды. Ошондо гана Залкар эсине келгенсип, көзү алайды.
– Кантебиз? Кантебиз, ия? – деп ордунан тура калды эле кайык оодарылып кетчүдөй кыймылдады.
– Тынч! Тынч отур! – деп кыйкырдым ага, – Азыр кайык оодарылып кетет. Ордуңдан жылба!
– Ордумдан жылбай отуруп өлүп калмак белем? Жок, менин өлгүм келбейт, – деп дагы обдулду.
– Сүзгөндү билесиңби? – десем, ооба дегенсип башын ийкеди да, менин сөзүмдү уланттырбай эле сууга секирип кетти.
– Менчи? Мен калдым! – деп кыйкырдым. Мен жакка башын буруп да койгон да чабак уруп, жээкке бет алды. А мен өзөндүн ортосунда жыртык кайык менен калдым. Сууда сүзгөндү үйрөнүп албаганымды айтсаң. Көзүм алайып, кыймылдагандан коркуп, улам менден алыстап бараткан Залкарды тиктеп тура бердим. Ошол убакта жээкте бир караан көрүндү. Мен колумду булгалап, ордумдан туруп кыйкыра баштадым.
– Жардамга! Жардамга! Чөгүп баратам!
Кыймылдатып жибергенге кайык оодарылып, мен суу түбүндө калдым. Оозу-мурдума суу кирип, какап-чакап, чөгүп кетпөөнүн амалын кылып колумду тынымсыз кыймылдатам. Бирок, сууда сүзгөндүн эрежесин билбесең бакага окшоп тырмышкан жардам бербейт экен. Акырындык менен сууга чөгүп бараттым. Көз алдыма эч нерсе келген жок. Ушинтип өлүп каламбы деген гана ой турду мээмде. Ошол учурда бирөөнүн карылуу колу чачымдан кармаганын билем. Андан аркысы эсимде жок. Көзүмдү ачсам жээкте жатыптырмын. Жанымда эки адам турат. Мага эңилип карап күйпөлөктөп жатышкан экен.
– Мен кайдамын? – деп башымды көтөрүүгө аракет жасап. Аркы дүйнөдөокшойм деген ой келип кетти да. Башымды кыймылдатаарым менен оозумдан суу куюлду.
– Мына, жакшы, кусуп баштады. сууну оңбогудай эле жуткан экен, – деди үн. Тааныш үн. Бирок, кимге таандык экенин такыр эстей албадым.
– Тирүү калды. Жакшы болбодубу, – экинчи үн чыкты. Муну дароо тааныдым. Залкар сүйлөп жатат. Бир топтон кийин гана өзүмө келдим. Баягы самтыраган кошунам мени куткарып калыптыр.
– Кайык тешик экенин эмне байкабадыңарбы? Ар ким айдап кете бергендиктен, атайын бир жерин оюп, ага пробка тыгып койгом. Пробканы өзүм колдоноордо тагып коем, анан кайра алып кетем, – деди жанымда отуруп. Ачымык жыт дагы жыттанып турду. Жийиркенип башымды бурдум.
– Биз үйгө кеттик. Жардамыңызга рахмат. Залкар, мени сүйөчү, – дедим колумду сунуп. Ал элпек колумдан кармады.
Селпейген кошунам а дээрге алы келбей эле артыбыздан узатып кала берди. Биз араңжан басып үйгө жеттик. Келип эле төшөккө күп куладым. Ошону менен таң атканда гана Залкардын денемди сыйпалап жатканынан ойгондум. Капкатуу кайбары жанжеримди тиреп турган экен...
Эртеси жасанып кийинип алып, машинемди айдап шаарга жөнөдүм. Залкар үйдө калды. Мен анын кыялын орундатып чет өлкөгө алып барып келишим керек эле. Таң атканда ойгонуп, кумарга баткандан кийин ал уктап калган, а мен кандай айла кылсам экен деп кирпик көзүмдү какпай ойлондум. Анан минтип жолго чыктым. Банкка келдим. Үйдүн документин коюп кредит албасам болбойт. Андан башка менде жол жок. Дайыма бир банктан кредит алып анан убагында төлөп койчу элем. Ишенимдүү кардары болуп калгам. Азыр да туура эле ошол банкка келдим. Документтерди толтуруп, дагы бир катар тийиштүү чаралар көрүлгүчө жарым күн өттү.
– Эртең жообун беребиз, азыр бара бериңиз, – деди илбериңки жаш кыз. Мен рахматымды айтып сыртка чыктым. Кредит берилээрин сезип эле турам, далай жолу алгам да, ошого көңүлүм ток болду. Банктын алдынан Бакытка адвокат болгон киши менен карп-курп чыгып калсам болобу.
– Саламатсызбы, Ханум, – деп учурашып калбаганда мен тааныбай өтө бермек окшойм.
– А, жакшы, өзүңүз кандайсыз? – деп эле учурашып калдым.
Ал-жай сураштык. Мен кыпылдап эле кетүүгө шаша баштадым. Бакыт абактан эчак эле чыкса керек, мөөнөтү да бүтүп калган. Азыр бул менин дарегимди сураса, кайсы жакты айтсам экен деп эле, оюм ар кайсы жакка кетип жатты. Бакыт менен жолугушууну каалабай тургам.
– Бакыт дагы деле чыга элек, – деди оюмду окуп койгонсуп.
– Эмнеге? – дей салдым. Кубанып кеттимби билбейм.
– Түрмөдө бирөөнү сабап, анысы оор жараат алып калган экен, дагы эки жыл кошуп коюшкан. Кийинки жылдын жаз айында чыгып калат, – деди мени бир башкача сырдуу тиктеп.
– Аман-эсен чыкса болду да, - демиш болдум кайдыгер көрсөтүүгө аракеттенип. Ал мени башкача карай берди. Ошол көз карашынан кутулгум келип, шашкалактадым.
– Анда мен барайын, шашып жаттым эле.
– Кызматыңыздан түшүп калганыңызды уктум. Байлык, бийлик колун кири, капа болбоңуз, – деди колумду кысып. Какшыктап айттыбы, же чынды биле албадым. Бирок, абдан жаман болуп кеттим. Колумду сууруп алып, артыма бурулдум да келе бердим. Машинеге отурганымдан кийин гана демимди жыйдым. Бул кишинин карашы башкача. Бакыт бирдемелерди айтты бекен. Деги соо көз минтип карабайт. Бир нерсени билген көз гана ушинтип сырдуу, табышмактуу тиктейт да. Койчу, Ханум, акыркы убакта өтө эле шекчил болуп кеттиң деп өзүмдү жемелеп, анан машинени от алдырдым. Бакыт чыккыча бул жактагы калган-каткан байлыктарымды сатып, акча-тыйынымды жыйнап туруп чет мамлекетке биротоло кетип калсам эмне экен. Жаныма Залкарды алып алам. Ал чет жак дегенде эки көзү төрт, аный дебей артымдан ээрчисе керек. Эмне экен, эң сонун идея. Ушуну ишке ашырбасам, карап тур. Сарт санаасы менен байыйт болуп келе бердим.
Залкар мени күтүп отуруптур. Жолдон дүкөнгө кирип толтура азык-түлүк көтөрүп келдим эле. Пакеттерди машинеден түшүрүп жатсам, арыдан көз салып турду.
– Кел, көтөрүшүп койчу, – десем, башын чайкады.
– Эртеден бери эч нерсе жебей ашказаным кабырылып калды. Бирдеме көтөрмөк тургай, ордумдан турууга акыбалым жок. Ооруканадан чыгарып жатышканда дарыгерлер күчтүү тамак же дешкен да, а сенин үйүңдө бир гана туздалган жашылчалар менен кыямдар гана бар экен. Жумуртка да калбаптыр, – деди таарынычтуу. Капа болгон жокмун. Чын эле ооруканадан жаңы чыккан жигитти кыйнап, түнү менен иштетип, жакшылап тамактандырбаган өзүмө уялып да кеттим. Пакеттерди эптеп үйгө киргизип эле тамак жасоого кам урдум.
Эртеси банктан чалып, менин маселем оң жагына чечилгенин айтышты. Учуп жетип барып акчаны алдым да, Түркиянын эң мыкты пансионаттарынын бирине эки путевка алып жетип келдим. Залкардын кубанганын айтпагыла. Жаш баладай так секиргенин көрүп, өзүм кошо кубандым. Эки күндөн кийин учак менен учуп кеттик.
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ханум" сериалы 15 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
15 китепти толук алсаң
500 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
бу китепти ГАНА алам десең
50 бирдик төлөп,
Сериалдын 15 китебин толук алсаң
500 бирдик төлөп,
квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:







Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_5.htm on line 260

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_5.htm on line 260

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_hanum3_5.htm on line 260