Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
5 китептен турган
"Ырдын чыры"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
5 китебин толук алсаң
150 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
50 бирдик төлөп,

квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ырдын чыры

2-китеп
Арадан зуулдап айлар-жылдар өтө берди. Таенесинин ордун жоктогон деле жок. Анткени, жашоосундагы улам жаңы ачылыштар көңүлүн буруп, ар күнү күлкү менен кубанычка карк болуп турган эле. Бир күнү телевизор көрүп отуруп, бир ой кылт дей түштү.
– Ай, Бакыт, бери келчи, – деди Чолпон.
Телевизордо кичинекей кыз тыкылдап, укмуш ырдап аткан.
– Карачы мобул кызды, кипкичинекей болуп туруп, бараандуу ырчылардай күйөрман топтоп алды.
– Бул Аяра деген ырчы кыз да, – деди Бакыт телевизорго тигилип.
– Билем, эгер муну жакшылап таптаган бирөө табылса, мыкты ырчы чыгат. Үнүнүн тунуктугун байкачы, – деп Чолпон суктанганын койбоду.
– И, эмне, өзүбүзгө алалыбы?
– Жок, мага кичинекей кыз керек, бирок бул эмес, башка кыз, – деп табышмактантты Чолпон, – Муну эл таанып калды, эми канча таптаганың менен сага эч нерсе калбайт, баары өзүнө кетет. Мага эч ким тааный эле таланттуу кыз керек болуп атат.
Топтогулар менен ийри отуруп, түз кеңешкен Чолпон туулуп-өскөн жерине сапар алышты.
“Чолпон Алымбекова
кичинекей таланттуу кыздарга
сынак жарыялайт”
деген көрнөктөр облустун ар бир айылына илинди. Сынак облус борборундагы маданият үйүндө өтө турган болду. “Чолпон Алымбекова келди!” деп жарданган эл чогулуп келишти. Ырга шыктуу кыздары барлар барпыраган көйнөктөрдү кийгизишип, чачтарына банттарды байлашып, жетелеп алышкан. Ар биринин көңүлүндө “менин кызым ырчынын тандоосуна арзып, чоң сахнада жаркырап ырдап калса экен” деген тилек турган.
Асылдын апасынын бир тууган сиңдиси да сегиз жаштагы кызын алып келди. Барчын күйөөсү менен ушул кызы боюнда барда эле ажырашып кеткен. Анысы да өзүнчө бир узун жомок. Союз убагында Россиянын Екатеринбург шаарында эсеп-кысап боюнча билим алган Барчын казак жигити менен таанышып калат. Бир көргөндө жаралган сүйүү жаштардын башын тегеретип, бири казак, бири кыргыз экенине да карашпады. Казакстанга келишип, нике тойун өткөрүшүп, таттуу жашоону башташкан. Бирок качан гана окууну соңуна жетишип, диплом колго тийгенде, «кайда барып жашайбыз?» деген суроодон талаш-тартыш башталды. Кыз келин болуп барган жерин бир көргөндө эле жашай албашын түшүнгөн. Жайында мээ кайнаган ысык, кышында тишти тишке шакылдаткан суук, анан да бир да дарак жок, какыраган чөл. Төөнү көрүп эси чыкканычы. Ошого «Жашасак же Россияда, же Кыргызстанда жашайбыз», – деп катуу турду. А күйөөсү бир үйдүн жалгыз баласы болчу. Карыган ата-энесин таштап, бир аялды ээрчип башка өлкөгө кете алмак эмес. Талаш чоң ызы-чууга айланып, эки жааттын тең тууган-туушкандары кошула баштаганда, «Курсактагы баланы аман-эсен төрөп чоңойтсоң чоңойтуп ал. Бала белде, аял жолдо. Силер деп ата-энемди жалгыз калтырбайм», – деп басып кетти. Ыйлап-сыктаган Барчын Кыргызстанга, ата-энесинин жанына келип, кызын жарык дүйнөгө алып келген. Ошондон бери, кичинекей кызын караан туруп, бар бакытын ага арнап жашап келет. Кызы Диана кенедей кезинен эле таланттуу болду. Колуна тарак, же башка нерселерди кармап алып, күзгүнүн алдынан жылбайт. Оозун кыбыратып ырдаган болот же бутунун учу менен туруп, балериналарды туурайт. Көчөдө электр түркүгүнө жабышып турган жарыяны окууру менен кызын ойлоду. Концерттин башталышына саналуу сааттар калган экен, шашылып үйүнө келип, кызына жаңы сатып алынган этеги кош кабат көйнөктү кийгизип, чачын өрүп, жетелеп, облус борборуна каттачу автобуска отурду. Ушул күн кызы экөөнүн жашоосун жакшы, жаңы нукка бурчудай эрөөпкүйт. Маданият үйүнө келишкенде, убак эрте болгондуктан, бирин-серин Барчындай ашыккан адамдар гана болбосо, тынч экен. Ырчылар келе элек окшойт. Сурамжылап, ырчылар жакынкы мейманканага токтошконун укту. Ошол жакты көздөй басты. Алдынан узун бойлуу, ак жуумал жигиттин келатканын көрүп, болду-болбоду, ырчылардын тобунан окшойт деп боолголоду. Анткени, бул аймактын жашоочулары адатка айлангандай, кыпкызыл болуп күнгө күйүп калышчу. Дайыма ак ичишкендиктенби, беттери борсойуп турат. А бул жигиттин өңү кубакай экен. Жакындаганда:
– Сиз Чолпон Алымбекованын тобунан эмессизби? – деп сурады. Жигит бет алдында турган келинди үстү-башын сыдыра тиктеди. Барчындан чынында, Кудай өң-келбет дегенди аянбаган. Бели бир тутам, бойу узун, сөөгү ичке, көздөрү бакырайып, кашы чийилип, деги койчу, кол менен жасалган куурчактай болгон неме. Жигиттин көңүлү өзүнө тартканын байкаган келин наздуу жылмайды:
– Мен бул кызымды сынакка алып келдим эле.
– Аа… сынаккабы?. . Чолпон Алымбекова азыр эс алып атты эле, сынак баары бир кечинде, концертте болот эмеспи. Эрте келип алыпсыздар?
– Атайын эрте келдим. Силер менен таанышып, жай сурашып турайын дегем.
– Андай болсо абдан жакшы. Мен маданият үйүнө бараткам, аппаратураларды орноштурушум керек. Оор болбосо, мени менен чогуу барбайсызбы? Кызыңыз тууралуу сүйлөшөбүз.
Бул ямахада ойногон жигит Нургазы болчу. Барчынды көрүп эле, колуна кооз куш конууга аз калганын баамдап, кымыңдады. Жай сөзгө салып, тамырын тартып көрүүнү чечти. А Барчын кызынын келечеги үчүн азыр эч нерседен кайра тартмак эмес. Табиятынан жанда жок баласаак эне турмуштан кагылып-согулуп, жетишпестик жашоодо күн кечирип, өзү көргөн бир да кыйынчылыкты кызына ыраа көрчү эмес. Кандай жол менен болбосун, Алымбекованын тобуна кошуп, эл алдына атактуу кылып чыгарууну ойлоп турат.
Жигит жана кызын ээрчиткен келин маданият үйүнө келишти. Ал жерде дагы эки-үч жигит жүрүптүр. «Бул биздин үнгө, а бул музыкага, бул болсо билеттерге жооп берчү жигитибиз», – деп баары менен тааныштырды. Тигилер Нургазыны сырдуу карашып, көздөрүн кысышып, бармактарын соройтушту. Бул «жарайсың, сулуусунан кармаптырсың», – деген белги эле.
Барчын тез эле Нургазы аркылуу максатына жетээрин түшүндү. Кези келгенде кылыктуу жылмайып, колун колуна капысынан тийгизимиш болуп, миң кырлуу өнөрүн көргөздү. Чыдамы кетип, эркектик делебеси козголгон Нургазы буйтка жерден келинди кабыштыра катуу кучактады.
– Сени көрүп эсимден тана жаздадым го. Кантем эми, айтчы? – деди жалындуу шыбырап.
– Кантмек элең, сендей жигиттин тартынчаак болгону жарабайт да, – деп ойкуштаган Барчын колунан суурулуп чыкты.
– Чолпон Алымбекова эс алып атат. Концертке жарым саат калганда ойгонот. Калган балдар бул жакта. Жүрү, мейманканага барып келебиз, – деп маселени кабыргасынан койду.
– Макул, бирок бир шарт менен, – деп Барчын да тартынбады. Ал денесин соодага койгонун деле ойлонбоду. Башта айтылгандай, анын эси-дарты кызынын келечегинде турган.
– Акбар, мобул кичинекей кызды карай турчу, – деп ошол жерде жүргөн балдардын бирине табыштай салган Нургазы Барчынды колунан кармады.
– Бул жер сага бейтааныш болгону менен менин кичи мекеним. Кадам сайын тааныштар чыгат. Ошого, жетелешип барганыбыз болбойт. Сен биринчи бара бер, мага бөлмөңдүн номерин айт, артыңдан барам, – деди Барчын.
Нургазы мейманканага шашып-бушуп келип, ток чайнекке суу ысыта салып, чала-була болсо да шапшынып жуунду. Ал куурчактай келинге жагымсыз көрүнгүсү келбеди. Чачын тарап, таза кийимин кийип, кудум бала кезде конокко барчуда жасангандай жасанды. Анан колун тизесине коюп, керебетке отуруп күтүп калды. Ага саат жылбай, кылым карып кеткенсиди.
Бир кезде каалга угулаар-угулмаксан такылдады. Ордунан тура чуркаган эркек эшикти ачты. Жылмайган Барчын бөлмөгө тартынбай кирди. Дароо эле Нургазыны мойнунан кучактап, эрдинен сорду.
– Убакыт аз, тезирээк бүткөрөлү, – деп шыбырап, колунан кармап, керебетке жетеледи.
Нургазы болсо ушуну эле күтүп аткан да. Байлоодон бошонгон арстандай жулунуп, келиндин мойнунан, алкымынан, жүзүнөн чоло жерин койбой өптү. Аспабы тирелип, береги сулуу келиндин жанжерине жакындаса эле уруктугун аттырып салчудай какайат. Өбүшүп, жуурулушуп аткан экөө ошол эле мезгилде кийимдерин да чечинип жетишип, энеден туума болушуп, керебетке чалкалашты. Нургазыны чалкалатып жаткырып, келин үстүнө чыкты. Эки бутун тизесинен бүгүп, артка кетирип, жанжерин эркектин аспабына тууралап, атка мингендей отурду. Эркектин тула-бойун өрт каптап, «Ах-х» деди онтоп. Келин акырын өйдө-ылдый желип баштады. Желген сайын клитору эркектин аспабынын жогору жагына өйкөлүп, жандүйнөсү кумар көлүнө чумкуп баратты.
– Абайла, койо тур, түшкөнү калды. Дагы бир аз ойнойлучу? – деген эркектин алсыз жалынганына карабады, жагымдуулуктун артынан кубалап, ат чапкандай желип атты.
– Охх… Ахх! – деген эркек уруктугун кармай албады, денеси коргошундай ээрип, өзүн тээ асманда учуп жүргөндөй элестетти.
Барчын ырахаттанып көзүн жумуп жатып калган эркекти эңилип, бетинен сүйдү да, шап туруп, ары жактагы жуунчу жайга кирди. Муздак сууга ичиркенсе да карабай, денесин таза жууду. Бөлмөгө чыкканда Нургазы дагы деле ордунан кыймылдай элек экен.
– Мен убадамды аткардым, эми сен аткар. Сендей жигиттер сөзүн күтөөрүнө ишенем, – деп, кийинип баштады. Бир көзүн ачкан эркек:
– Сөзсүз аткарам. Кызың Алымбекованын тобуна кабыл алынды деп эсептей бер, – деп жылмайды.
– Мен кеттим. Сен артымдан көптөн кийин чык. Бирөө-жарым байкап калбасын.
– Дагы жолугушабызбы? Барчын, айтчы, дагы жолугушабызбы? – деп жаздыктан башын көтөргөн эркектин көздөрүнөн от күйдү.
– Албетте, кызым сени менен чогуу иштешип калса, күн сайын жолугушабыз го, – деп шыңк күлгөн Барчын колун булгалап, эшикти жапты.
Нургазы жуунуп, кийинип, өзүнө келгенден кийин Чолпон жайгашкан бөлмөгө барды. Концерттин башталаарына аз убакыт калгандыктан ал да туруп, кийинип аткан экен. Жанында көлөкөсүндөй айланып Бакыт жүрөт.
– Кел, Нургазы, бир нерсе болдубу? – деген Чолпон көздөрүн алайтты. Топтогу балдар Алымбекованын тынчын жөнжай ала беришчү эмес. Абдан зарыл иш чыкканда гана ал жашаган бөлмөгө баш багышпаса, калган учурда анын чыгышын күтүшөт.
– Жок, мен бир нерсени айтканы эле келдим, – кантип айтсам деп ойлонгуча Нургазы башын кашыды.
– Көрүнүшүң башкача го, көзүң күлмүңдөп, жүзүң жаркырап калыптыр. Мончого барып, абдан жышынып жуунгансың го, э? – деди ырчы каткырып. Аны Бакыт да коштоп, каткырды.
– Сынакка кыздарын алып келип атышат, – деп Нургазы кылыгы билинип калганына бушайман боло түштү, – Азыр эле бир кичинекей кызды көрдүм.
– Ошол элеби? Алардын баарын ырдатып көрөбүз да, ким мыкты ырдаса ошону алабыз.
– Мен көргөн кичинекей кыздын кандай ырдаганын билбейм, бирок өңү сахна үчүн эле жаралган окшойт. Абдан жылдыздуу кыз экен.
– Сага жакса болду, Нургазы. Мени билесиң, топтогу ар бириңердин пикириңер маанилүү орунда турат. Силер кеңешип, кайсы кызды жактырсаңар, ошону алабыз, – деп Чолпон олуттуу тартты.
– Аа… Макул, – деген Нургазы шак эле сыртка чыкты. Чымын-куйун болуп чуркап, маданият үйүнө келди. Балдардын баарын кыйкырып, чогултту да:
– Мен десеңер, азыр мени менен кеткен келин ээрчиткен кызды Чолпон эжеге мактагыла. Ошол кызды алышыбыз керек, – деп суранды.
Алар абдан ынтымактуу болушчу. Биринин сөзүн экинчиси эгерим жерге калтырган эмес. Макул болушканы менен алда-ненин жытын сезип калышкандыктан, каткырышты.
– И, сени абдан ыраазы кылса керек э? – дейт бири.
– Параны сен алсаң, биз эмнеге Алымбекованы макулдатышыбыз керек? – деп экинчиси тамашалады.
– Андай болсо, барып, кыздын апасына айт, бизди да ыраазы кылсын, – деген үчүнчү жигиттин сөзү баарын кыйратты. Ичин кармап, жерге жата калып каткыргандардын үнү Чолпон Алымбекова киргенде тып токтоду.
– Эмне мынча бака-шака? Эрте эле концерт баштап алгансыңарбы? – деди ырчы, -Кана, баары даярбы? Сыртта эл үймөлөктөшүп турушат. Билеттерин текшерип, киргизе бергиле, анча эл залдан орун алгыча эле бери дегенде жарым саат өтөт.
Чолпон артисттердин бөлмөсүнө кирип, жаңы эле күзгүнүн маңдайына отурган. Чачын тарап атканда, сырттан балдардын бири кирди:
– Чолпон эже, сизди сыртта бирөө чакырып атат.
– Ким экен? – таң калган Чолпон чачын тараганын токтотту.
– Билбейм, бир улгайган киши. Айтымында, сиздин атаңыз экен.
– Эмне? – колунан тарак жерге түштү. Эсине мындан бир канча жыл мурунку элестер чууруп өттү. Мына, таенеси колунан жетелеп, бир үйгө алып барды. Сакал-муруту үксөйүп өскөн киши корсулдап: «Кызыңды тааныштырам деп алып келгениң акча сурайын дегениң да. Мен өз балдарымды араң багып атам», – дегени…
Столго өбөктөдү, көзү тунарып, башы айлангансыды.
– Сизге эмне болду, Чолпон эже? Бакыт байке, мында келиңиз! – деп корккон жигит кыйкырды. Бир заматта Бакыт чуркап келди.
– Чопа, башыңды көтөрчү, эмне болгонун айтчы? Кайсы жериң ооруп атат? – деп чебелектенди.
Анын жандүйнөсү ооруп аткан. Эркин жыйып, башын көтөрдү.
– Барып айт, клубдун арт жагына келсин. Мен арткы эшиктен чыгам.
– Ким менен жолугасың?
Караса, Бакыт кызгангандай үтүрөңдөп алыптыр.
– Улгайган киши менен… Анан баарын айтып берем, ага чейин эч нерсе сураба.
Бакыт Чолпондун бир айтканына көнүп, кадимки эле үйрөтүлгөн күчүктөй болгондуктан, бул жолу да лам дебей, жол бошотту.
Чолпон эшикке чыкканда, асман бүркөлүп, азыр-азыр жаан жаачудай кебетеленип туруптур. Баягыдай эле сакал-муруту алынбаган, бетине капкара болуп түк өскөн киши турат. Үстүндө эски купайке, бутунда керзо өтүк. Чолпонду көрүп, кучактачудай кучагын жайды эле, ырчы өзүн обочо кармап, колун сунду.
– Айланайын кызым, кабарыңды эле угам, атагыңды эле угам, карааныңды бир көргөнгө зар кылдың го, – деп киши бышактап алды.
– Кызыңыз барын аты чыкканда гана эстедиңизби? – деди Чолпон мисирейип.
Ал «сен» деп айткысы келген, улуу кишилерге сен деп кайрылттырбаган тарбиясы гана токтотту.
– Мурда эле эстегем. Эстеген сайын ыйлап алчумун, – деп дагы киши мурдун шыр тартты. Мунусу ыйлап аткандагысы окшойт.
– Болуптур, эмне келдиңиз?
– Кызым, сага Кудай берип, оокаттуу жашоого жетиштиң. А мен жашоодон ордумду таба албай кыйналып жүрөм. Ини-сиңдилериң жаш, ошолорго бир аз жардам берип, бутунан тургузганга көмөктөшсөң болоор эле. Тобуң менен үйгө конокко чакырам, менин аялым, сенин экинчи энең да күтүп атат.
Чолпондун чыдамы кетип, кыйкырып жиберди:
– Экинчи энең дебеңиз, менин экинчи энем жок! Менин жалгыз энем, таенем бар болчу, алар жер алдында жатышат! Куру дегенде таенеңдин арты кайырлуу болсун дебедиңиз. Мен эмнени айтып атам, таенем турмак, энем өлгөндө бир басып келбедиңиз го.
Ушинтти да, дагы бир ооз сөз сүйлөсө эле көз жашы тыпылдап тамып кетишинен коркуп, артына бурулду.
– Таш боор болбо, кызым. Бир тууган, ата ар дайым керек! – деп кыйкырды киши.
– Менин сендей атам жок! Сенден туулган балдар мага бир тууган болбой эле коюшсун!
Бакыт каалганын артына бекинип, мунун баарын угуп турду. Ал Чолпондун артынан акмалап, окуучу кезиндеги сүйүүсүнө жолугат окшойт деп жаман ойунда кызганычка өрттөнүп, кошо чыккан. Өзү күтпөгөндөй маекти угуп, эси ооп турду. Чолпондун келатканын көрүп чуркап кирип, аппаратураларды кармалап, билмексен болуп калды. Ырчы абдан капалуу кирди. Чачын баштагыдай көңүл коюп жасабай, эптеп бирдеме кылымыш болду. Жанына шынаарлап келген Кадырбекти да «бар, ойночу», – деп кагып койду. Ошол абалында сахнага чыгып, маанайын күндөй жаркытып, ырдап келди. Терезени караса, жамгырдын куйуп атканына карабай, купайке кийген киши дагы деле баягы ордунда туруптур…
Концерттин аягында сынак башталды. Жандүйнөсү ооруп турган Чолпон кичинекей кыздардын ырдаганына маани бере албады. Өз ойу менен алек болуп, кимиси кандай ырдаганын да байкабады.
– Чолпон, сынактын жыйынтыгын чыгаралы, – деп алып баруучу келгенде гана ойунан ойгонду.
– Баары ырдап бүтүштүбү? – деди.
– Ооба, сен деле көрүп турбадыңбы? Жыйырма беш кыз ырдабадыбы, ар бири сенин көз алдыңда ырдашты.
– Ошондойбу? Анда, жыйынтыгын чыгарса чыгаралы.
– Сен эмне болуп турасың, Чолпон, мындай эмес элең… Ооругандан соосуңбу? – алып баруучу кабатырланды.
– Баары жакшы, ашыкча суроо бербесең эле баары жакшы болот.
– Кимди жеңүүчү кылабыз? Кайсы кызды алып кетебиз?
– Силер кимди дейсиңер? – деп Чолпон топтогуларга кайрылды. Ал канчалык эстөөгө тырышса да, бир да кыздын ырдаганы эсинде калбаптыр.
– Диана деген кыз укмуш экен. Өзү да сүйкүмдүү, – деп ары жактан ушул суроону эле күтүп турган Нургазы чыкты.
Анын айтканын угуп, калгандары бышкырып жиберишти. Чолпон балдардын эмнеге күлүп атканына да баам салбады. Чарчаңкы баш ийкеди:
– Диана болсо, Диана… Ата-энеси менен сүйлөшкүлөчү.
Бакыт чочулады:
– Чопа, бул абдан олуттуу чечим. Сен азыр өзүңдү жакшы сезбей турасың. Эртеңкиге калтырбайлыбы. Бүгүнкү тандообуздан кичинекей кыздын гана эмес, сенин да тагдырың өзгөрүшү мүмкүн. Мындайда шашылуу, же алагды болуу жарабайт.
Ооба, Бакыт бул сөзү менен кудуктагы сууну карагандай эле айткан экен. Бирок анда алдыда эмнелер күтүп атканын Чолпон билбейт болчу да. Ашыкча эле саксына берген Бакытка ачуусу келе түшкөн:
– Жаанга карабай, сынакка келген кыздардын үмүтүн ары же бери кылалы да. Эртең да келгиле деп отурабызбы.
– Ошондо, азыр жеңүүчү Диана деп жарыялайынбы? – алып баруучу тактап сурады.
– Ооба.
Чолпондун ушул сөзү менен ырчы болот элем деп чоң үмүт артынып келген жыйырма беш кыздын үмүтүнө чекит коюлду. Арасынан бири, кош этек көйнөгү сүйкүмдүү жүзүнө жарашып, балапан ажарын ансайын ачкан Диана алаканын чаап кубанды.
Чолпон кыздын апасын сүйлөшүүгө чакырды эле, суйкайып Барчын кирди. Жаш курагы отуздан ооп калса да, денесинде бир да ашыкча эти жок аялды карап Чолпон ичинен: «Энесин тартса, Диана да келишимдүү кыз болот», – деп жооруду.
– Кызыңыз бизге жакты. Берсеңиз, эл алдына чыгарып, атактуу ырчы кылууга күч-аракетимди жумшайын, – деди.
Барчын каадаланды:
– Кызым кичинекей, менден алыс кетсе кандай болоор экен? – деп абдан ойлонуп аткан немече ыңгыранды.
– Мындан башка балаңыз жокпу?
– Жок, карманганым ушул кыз.
– Эч нерсе эмес, сизди да күйөөгө беребиз, – деп Чолпон каткырды.
Ошондо, оозуна сала бергендей айтканын жылдар өткөндө кийин билип атпайбы.
Көпкө сүйлөшүшкөндөн кийин Барчын кызын бергенге макул болду. Чолпон аны шаардагы мектепке жайгаштырып, бардык чыгымын, жоопкерчилигин өз мойнуна алды. Эртеси кызынын кийимдерин бир баштыкка иреттеп салган Барчын Диананы жетелеп келип, ырчынын колуна тапшырды. Кызын алыска кетирүү ага оңой болбоду, бирок айылда жүрсө кайдагы келечек, андан көрө эрте жашында эртеңкисине кам көрө берсин деп сооронду.
Автобустун карааны көрүнбөй калгыча телмирип карап, кол булгалап эне калды.

●●●
Ал жайды Диана дөңгөлөк үстүндө өткөрдү. Бир бул айылга, бир тигил айылга барган топ, айылдан айыл түрө кыдырып, жайкы үч айдын кантип өткөнүн сезишпеди. Баягыдай кучагына катып, курсагы ачып-ача электе оозуна тамак кармаган энеси жок кыз абдан жүдөдү. Кээ күндөрү жай болсо да күн жаап, салкын тартат. Кээде тээ алыскы тоолуу айылдарга барганда эртели-кеч күздөгүдөй күн суук болот. Андайда жылуу кийимин белендеп кийгизе салган адам жок, какшап-тоңуп, түйүнчөктөй бүрүшүп, автобустун бир бурчунда отурат. Бирок ырдайм деген максаты бийик болгондуктан, же балалыгы үчүнбү, бул кыйынчылыктарды кабагым-кашым дебей жеңди. Ал кичинекей болсо да алдына бийик максат коюп, ага умтулуунун жолун эң сонун билчү.
– Болду, гастроль бүттү, эртең шаарга кайтабыз, – деди Чолпон кезектеги айылга коюлган концерт жыйынтыкталгандан кийин. Топтогулар «ураалап» кыйкырып жиберишти. Алардын да автобустун ичинде өткөн күндөр көкөйлөрүнө көк таштай тийген болчу. Чолпон абдан үнөмчүл болгондуктан, топтогуларга жарытылуу тамак деле алып бербейт. Арзан печеньеден көп кылып алып койот. Ошону менен чай ичип жүрө беришет. Кээ бир айыл, же шаарларга барганда, айылдыктар үйлөрүнө алып барып, кой союп, ырчыларды сыйлашат. Же шаардын чоңдору Чолпондун талантына ыраазы болуп, топтогуларды коноктойт. Андайда «күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичип» топтогу балдар ысык тамакка жетишип, курсактары жарылгыча жешип, жыргашат. А айрым жерлерде заман бул болуп атса деп, келген ырчыларды жактырбай кабыл алышат. Коноктомок тургай, үйлөрүнө жаткырууга деле көңүлдөнүшпөйт. Андайда, алар печенье менен ысык чай ичип өзөк жалгап, мейманканалардын суук бөлмөлөрүнө түйүлүп жатып укташат. Айтор, булардын бир көргөнүн хан, бир көргөнүн кул көрбөйт.
Автобус борборго сапар алды. Ушунун ичине түшүүнү артисттер каалабай, араң эле отурушту. Бүктөлгөн буттары менен талыган жамбаштары ушунча күн чыдап, акыркы күнгө чыдабай, безилдетет. Төө-Ашуудан түшкөндө Чүйдүн абасынан толтура дем алышып, жеңилденишти. Эми алардын жүрөгүндө дагы бир маселе өйүп турган. Ал – үч айлык эмгектери, мээнеттери кантип бааланары эле.
Борборго түн ичинде келишкендиктен, баары Чолпондукуна келишти. Үч айдан бери каралбай калган үйү чаңга толуп, кунары кете түшүптүр.
– Кантер экем, бир ишенимдүү адам болсо жакшы болмок. Оокатымды кылып, мен гастролго кеткенде үйдү чаңга бастырбай карап турса, – деп Чолпон сүйлөнүп алды.
Топтогу кассир аялдын үйү жол боюнда болгондуктан, келатып түшүп калган. Кагыраган эркектердин арасында аял киши жалгыз өзү болгондуктан, ашканага барып чай койду. Автобуста желбей калган печеньени ала түшкөн эле. Аны столго коюп, чай демдеди дагы, балдарды чакырды.
– Ой, дагы печеньеби? – деп Жапар мурдун чүйрүдү. Чуркап келген Диана дагы стол үстүнөн башка даам көрөм дегенби, печеньени көрүп, тып токтоду.
– Жети түндө сага эмне жасап берейин? Кесир сүйлөбөсөң, печеньеге жетпей жүргөндөр да бар! Мен уктайм, тынчымды албагыла! – деп Чолпон бир чайнек чай, төрт чыны алып, уктоочу бөлмөсүнө кирди.
Топураган эркектер ашканада жалгыз калышып, курсактары үзө тартып тургандыктан, айласыз ысык чайдан шоркурата ичишип, печеньеге кол сунушту.
А Чолпон жолдо келатып, дүкөнгө кирген болчу. Колбаса, сыр, дагы аны-мунуларды сатып алган. Чоң кол баштыгына батыра салгандыктан, балдар эч нерседен шектенишпеген. Азыр уктоочу бөлмөдөгү жапыз столду ортого жылдырып, баштыгындагыларды алып чыкты. Ары жактан бычакты алган Бакыт колбаса-сырларды кесип, тарелкага салып ортого койду. Булардын уктоочу бөлмөсүндө бычак, тарелка баары боло турган. Үйүндө адам үзүлбөй, топураган балдар дээрлик ар убакта болгондуктан, уктоочу бөлмөнү да үй-бүлөлүк ашканага айлантып алышкан болчу.
– Бар, Диананы чакырып кел. Чай ичебиз деп айтпа, жөн гана чакыр, – деди Чолпон баласына.
Кадырбек бир заматта Диананы колунан жетелеп келе калды.
Столдогу колбаса-сыр, таттууларды көргөн кыздын көзү жайнады. Бакыттын бергенин ала коюп, бурдап сугунду. Алар курсактарын жакшылап кампайтышкандан кийин, жигин билгизбей жашырып салышты. Анан барып жуунуп келишип, уктоого кам урушту. Чолпон Диана менен Кадырбекти бир бөлмөгө жаткырды. Балдардын баарына бир бөлмөгө кыдыракей төшөк салды. Ошентип, ал күн да соңуна чыкты.
Түшкө жуук ойгонгон балдар Чолпондун ойгонушун күтүп отурушту. Ар биринин көзүнөн бууга бышкан, майлуу манты, табак толтура бешбармак учуп аткан. Аны жеш үчүн акча керек эмеспи. Ырчы ойгонсо эмгек акыларын алып, тамактануучу жайга барып, ашказанга бир майрам кылып берүүнү сүйлөшүп отурушту. Түш ооп калганда гана Чолпон көзүн араң ачты. Дааратканага баратып, залда телевизор көрүп, ар кайсы жерде жаткан балдарды карады.
– Силер эмне, түшкө чейин жатасыңар. Барып, тирилигиңерди жасай бербейсиңерби?! – деп жактырбады.
– Сизди күтүп атабыз, эже.
– Эмнеге мени күтөсүңөр?
– Акча алалы деп…
Чолпондун кабагы бүркөлдү. Эч нерсе дебестен ваннага кирип, көпкө жоголду. Анан гана балдардын жанына келди.
– Бакыт, менин кол баштыгымды алып келчи, – деп адаттагысындай кыйкыра буйрук берди. Бакыт алып келген кол баштыгын ачып, ичиндеги акчаларды сыртка төктү. Ар кайсы сандар жазылган кагаз акчалар керебеттин бетин бербей жайнады.
– Мына биздин үч айлык табылгабыз, – деди Чолпон, – Бул жол киреге, бензинге, бул мейманканага, – деп «баланча айылда мейманканага түнөшкөндөрүн» эске салып, акчаларды бөлүп койо баштады. Акырында, бөлүнгөндөн калган бир ууч акчаны кармап:
– А бул болсо силердин акыңар, – деди.
Балдардын шаабайы сууду. Ичтеринен кыжырданышса да, негедир Чолпонго бири да каяша айтыша алчу эмес. Үч ай дөңгөлөк үстүндө термелип, ысык-суукка калып, кыйналышканын аз сумма менен баалап койгонуна ичтери ачышты. Бирок унчукпастан бергенин алышып, жолго түшүштү.
Чолпон чым да дебеди. Ал бардык акчаны алып чыкпаган болчу. Ары жакта топтолгон дагы бир далай сумма бар эле. Балдар кетишкенден кийин аларды Бакытка көрсөтүп:
– Үйдү чоңойтконго аракет кылышыбыз керек. Өзүбүзгө өзүбүз кылбасак, ким бизге жардам берет, – деп кобуранды.
Мунун баарын Диана угуп, көрүп турду. Аны кичинекей кыз, эмнени түшүнмөк эле деп элес алышпады. Бирок анын өз курагынан өйдө ой жүгүртүүсүн, бардык нерсени кыттай кылып кулагына куйуп, анан анын баарын апасына төкпөй-чачпай айтып берээрин билишпеди.
– Чолпон эже, сиз үй оокатына жардам берчү кыз керек деп атпадыңыз беле? – деп калды Нургазы телефон чалып.
Чолпон кубанып кетти:
– Ким ал? Ишенимдүү кызбы? Ичтеги сырды сыртка ташыбайбы? – деп такыды.
– Ооба, менин туугандарымдан болуп кетет. Абдан жакшы кыз, жаш, татынакай. Үй ишине тың экен. Быйыл окууга өтпөй калып, айылга кетпей, жумуш издеп атыптыр.
– Анда алып кел. Сен жакшы десең, демек жакшы да, – деп Чолпон күлдү.
Нургазы бир саатка жетпей жаш кызды ээрчитип келди. Узун чачын желкесине байлаган, жупуну кийинген, башын жерден көтөрбөгөн уялчаак кыз Чолпондун да көңүлүнө жакты.
– Жашаган жериң, тамак-ашың бекер. Канча айлык алаарыңды бир ай иште, ошого жараша айтам, – деди.
Кыз макул болду.
Чолпон Бишкекке келгенден кийин таң эрте чыгып кетип, түн жарымда келип, үй бетин көрбөдү. Ыр жаздыруу, клип тарттыруу, жакында борбордо болчу концертине камылга көрүп, форма тиктирүү сыяктуу иштер топтолгон болчу. Ага кошумча Кадырбек менен Диананы мектепте даярдап, кем-карчын алып бериши керек. Диананы борбордо койчу концертинде чоң сахнага биринчи жолу алып чыкмак. Ага ыр жаздырып, форма тиктириши керек. Гастролдо кызга бир ырды ырдата салышып, жаздырып, ала жүргөн кездемесинен Чолпон өзү арыдан-бери көйнөк тиге салган болчу. А чоң сахнага антип эптемей кылып, алып чыгууга болбойт.
Антип-минткиче арадан эки айдай убакыт өтүп кетти. Айылда калган Барчын кызын сагынып, куса болду. Тез-тезден Чолпондун үйүнө телефон чалып, байланышып турат. Кызынын үнүн угуп, санаасын тындырганы менен кандай күндү көрүп атканын ойлоп, кабатыр болот. Чолпондун айтымында, аны борбордогу музыкалык мектепке киргизишиптир. Ыр жаздырып, кооз көйнөк тиктиришиптир. Ноябрда болчу концертте биринчи жолу чоң сахнага чыгат экен.
Ушунун баарын ойлоп, жол жээгинде келаткан Барчынды айылдашы токтотту. Бул ушакка жакындыгы менен айылга таанымал баягы Гүкү деген аял болчу.
– Ай, Барчын, – деди ал, – Кенедей кызыңды бирөөнүн колуна берип коюп, кантип тамагыңдан суу өтүп жүрөт?!
Барчын эмне дээрин билбей, жалдырап карап калды.
– Тиги Чолпон Алымбекова деген неме эртең бербейм деп чыкса кантесиң? Даяр оокатка ким болбосун ээ болгусу келет. Аның да тийген эри баласы менен тең болгон уяты жок аял көрүнөт. Өзүнүн бир эле баласы бар экен, бир бала менен ушул убакка чейин мандеми бар адам эле жүрөт да.
Бежиреген аялдын ар бир сөзү Барчындын жүрөгүнө ок болуп кадалып атты. Үйүнө чейин ыйлап келди. Апасы үй алдында отуруптур. Кызынын көзүндөгү жашты көрүп, чочулай карады.
– Апа, мен Бишкекке кетем, -деди.
– Ии, ким чакырып атыптыр? – апасы жактырбады.
– Чакырбаса да барам. Диана жакында чоң концертке катышат экен. Жанында болойун.
– Ошону шаарга кетирип бекер кылдың. Жаныңда жүрөт эле го, араң тапкан кызыңды бирөөнүн колуна карматып сен да кызыксың. Айылдан чыгарбай эле чоңойтуш керек болчу, – деп апасы да сүйлөндү.
Акыркы сөзүн укпай, бөлмөсүнө кирип, шкафтан кийимдерин алып, баштыкка салды.
– О кокуй, бул чын эле камынып алган тура. Кеч киргенде кайдагы шаарга кетесиң. Ой кой, жок дегенде таң менен кет, – деп апасынын жаалаганына болбой көгөрүп, жолго чыкты. Жолу бирге болуп калган машине менен облустун борборуна келип, андан Бишкекке түнкү автобуска отурду. Борборго таңга маал жетишти. Жолдо уйпаланган кийими, чаң болгон чачы менен Чолпондун үйүнө баргысы келбеди. Жаңы конуштардын бириндеги сиңдиси Саадаттын үйүнө бет алды. Саадат бул учурда Россияда болчу, үйдө анын балдарын караган Асыл эле бар экен. Жуунуп-таранып, кийимин алмаштырып алып анан кийин гана кызына жөнөдү.
Колундагы баракка жазылган даректи сурамжылап отуруп таап, үйгө жакын калганда жүрөгү дүкүлдөп, тизелери калтырады. Азыр сексейген кызымды көрөм деген кубаныч дене-бойун титиретти. Анда энелик сезим абдан күчтүү эле.
Айтпай-дебей келип калган Барчынды Чолпон жакшы кабыл алды. «Кызымсыз жашай албайт экем», – дегенин угуп, «Шаарда кал, жашаганга үй да, иштегенге иш да табабыз», – деп көңүлүн жубатты. Чын эле, тааныштарын ортого салып атып, аз убакытта жумушка киргизди. Шаардагы үй-бүлөлүү адамдар жашай турган жатаканалардын биринен бир бөлмөнү ижарага алып, бир жылдык акысын алдын ала төлөп, киргизди. Эми Диана мурдагыдай Чолпондукунда жашабай, энеси менен чогуу болуп, концерттерде, же гастролдорго гана келип турду.
Чолпондун дегеле жаны тынбайт. Сентябрда бир ай эс алдырып, кайра эле гастролго чыгышмай болду. Ал тыйынын тыйынга кошуп, үйүн чоңойтуунун аргасыз издеп атты. Бул сапар гастролго көңүлү ток кетти. Анткени, үйүн карап, окуусу башталып калган Кадырбекти көзөмөлдөгөн кыз бар эле. Зуура тыпылдап тириликке тың экен. Айттырбай эле үйдү зымпыйтып жыйнап, тазалап, тамактан бери жасап койот. Жасаган тамагы да даамдуу.
Бакыт башында «колхоз» деп Зуураны жактырбай жүрдү. Кээде жасаган тамагы даамдуу болуп турса да, анын колунан ичкиси келбей «ушинтип да жасайбы, мунуң сорпо эмей эле суу го», – деп барып, раковинага төгүп салган учурлары болду. Бала кезинен өгөй энеси менен өсүп, мындай кордуктарды чымын чакканчалык көрбөй калган кыз эгерим каяша айтпайт.
Бир күнү Бакыт Чолпонду тойго жеткирип барды. Той ортолоп калган кезде башы чыдатпай ооруп чыкты. Өңү кубарып, дене табы көтөрүлдү. Аны көрүп, Чолпон чочуп кетти.
– Сен үйгө барып жатчы. Көрүнүшүң жаман. Катуу кыйналсаң, тез жардам чакыр. Сени менен барсам болот эле, бирок тойдо ырдабасам ким бизди багат? – деди.
Ал ар бир сөзүндө үй-бүлөнү эркек катары Бакыт эмес, аял башы менен өзү камсыздаарын кыстара кетчү.
Бакыт анын тилин алып, үйүнө келди. Чуркап чыккан Зуура анын көрүнүшүнөн эле ооруп атканын айттырбай билди. Уктоочу бөлмөгө кирип, жаңы эле жаткан. Эшик такылдап, Зуура кайнак сууга лимон кошуп, алып кирди.
– Сиз дембе-дем суу ичишиңиз керек. Ошондо, тердеп дене табыңыз түшөт. Биринчи бул дарыны ичиңиз, – деп чебелектеди.
Энесинин үйүнөн кетип, Чолпондун үйүнө кирип алгандан бери аялзатынын камкордугун мейли, ооруп атканда болобу, же дени сак жүргөндөбү, көрбөгөн Бакыттын алкымына катуу нерсе кептелип, эрээркеди.
– Ий, көзүңүздөн жаш чыгып кетти го, сасык тумоо болуп калган окшойсуз, – деп Зуура анын көзү жашылданганын башкага жооруду. Кызга ичи жылып, Бакыт жакшы көрүп калды. Жакшы көргөндө да жүрөгүндөгү пайда болгон сезим аганын карындашына жасаган мамилесиндей эмес, эркектин аялга карата болчу назик сезими эле. Бакыттын өзүнө мамилеси жумшарып калганын байкаган Зуура кубанып, ал кээде Чолпондун жоктугунан пайдаланып кучактай калганына, бетинен өпкөнүнө каршылык көрсөтпөдү.
Ошентип жүрүп булардын байланышы тереңдеди. Күндөрдүн биринде Чолпон Ошко жалгыз учуп барып келмей болду. Бир чоң той болуп, көп суммадагы акчага чакырышыптыр.
– Сен кала бер, экөөбүзгө тең учакка акча көп кетет. Өзүм эле барам, – деди Чолпон.
Муну угуп Бакыт кымылдады, бирок шек алдырбаска калп эле:
– Ар кандай эркектер болот… Сен эмне, алар менен жалгыз жолугушкуң келип атабы? – деп таарынгансыды.
– Койчу эй, жарашкан нерсени жасачы. Өлө албай атып, сен да кызганасыңбы? – деп Чолпон терс бурулду. Ал бул сөзү менен өзү чыгарган чечими өзгөрбөй турганын билдиргенсиди.
Бул үй-бүлөдө Бакыт бош орун болчу, ал чечим чыгарып, кабыл алууга турмак, бир ишке өз оюн билдирмек тургай, аялын кызганууга да укуксуз эле.
Чолпон кеткен күнү Кадырбекти эрте эле тамактандырып, уктатып коюшту. Түн жарымда Бакыт жыла басып, Зуура жаткан бөлмөгө кирди. Ал да ушуну күтүп, уктабай жаткан. Майка-трусачан эле келген Бакыт жуурканды ачып:
– Ары жылчы? – деди.
Зуура «эмнеге келдиң», «эмнеге жылам?» деген да жок. Жарым түндө жарым жылаңач эркектин келгенинен да чочулабады. 20 жашка чыккыча өмүрүндө бир эркекти карабаган эле. Зуурадагы терең сезим биринчи жолу Бакытка карай ойгонду. Тун сүйүүсүнө башын жоготкон кыз анын кучагында жатууну гана ойлоп, а калганын акылынын сыртында калтырды.
Жапжаш, тумсак денеге денеси тийгенде Бакыттын көзү тумандады.

....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ырдын чыры" сериалы 5 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
5 китепти толук алсаң
150 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
50 бирдик төлөп,

квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Ийгиликтер!




Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_yrchyry2.htm on line 287

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_yrchyry2.htm on line 287

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_yrchyry2.htm on line 287