Жаныбек ЖАНЫЗАКтын
5 китептен турган
"Ырдын чыры"
сериалынын
электрон вариантын
бир китептен алсаң
50 бирдиктен сатам!
5 китебин толук алсаң
150 бирдикке берем!


Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
50 бирдик төлөп,

квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Китеп ватсапка берилет.

Алды менен окуп көр.
Эгер жакса, сүрөттү бас,
тийиштүү төлөгүч менен төлө,
квитанцияны ватсапка жибер,
китепти ошол саат аласың, буйруса.

Ийгиликтер!



Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ырдын чыры_3

3-китеп
Бул кезде Чолпон тойдо жүргөн. Баягы таяк жегенден бери ден соолугу деле жакшы эмес. Эптеп-септеп илкип иштемиш болуп жүрөт. Анан кантип, бир үй-бүлөнүн бүтүндөй түйшүгү жалгыз өзүнүн мойунуна артылат. Балдары бой тиреген сайын аларды тойгузуу, кийинтүү-ичинтүү да кыйындады. Күндүз кечке ооруп жатканына карабастан, кечинде минтип тойлорго келип, тойдо бактылуу болуп, шатыра-шатман отурган коноктордун алдында жайдары жылмайып ырдамыш болот. А ичи ырдабай эле, ыйлап атканын өзүнөн башка эч ким билбейт!
– Ай-ий, Чолпон бул сенсиңби? – деп сахналашы Айтурган жанына келип, кучактап, бетинен чоп дегизе өптү.
– Кандайсың? – деп күлө баккан Чолпонго таңыркай карады.
– Ай, сен эмне болуп калгансың. Түрүң кантет? Кемпир болойун деп калгансың го, деги эмне болду? – деп шыңкылдады.
Бул Чолпондун талуу жерине тийди.
– Ооруп жүрөм… – негедир катуу сөз айтып, оозун жаап койуунун ордуна, актанды.
– Абалың жакшы эмес турбайбы… А тиги сенин шуркуяң, эч нерсе болбогондой жыргап жүрөт го, – деп башкалар укпасын дегенчелик кылып, акырын жанына келип, шыбырады.
– Жүрсө жүрөт да… – Чолпондун кабагы түйүлдү. Ал Диананын атын уккусу келчү эмес.
– Кечээ бир тойдон көрдүм, Чолпонго жолугуп турасыңбы десем, “Ал алчусун алды, болду, аны менен чатагым жок. Анын доору эчак бүткөн, менин доорум башталды” деди, – деп Чолпондон кандай реакция болоор дегенсип, жүзүнө кунт койо карады.
А негизинен окуя такыр башкача болгон. Кечээ тойдон Дианага жолуккан Айтурган жарым саатча жанынан чыгарбай, сөзгө алган.
– Чолпон сага дагы деле эрегишип жүрөбү? – деп күйгөн адамдай, боор толгой сурап, кийиминде жармашып калган жипти алып ары ыргыткан.
– Ооба, эмне кылаарымды да билбей калдым. Кечирим сурай берип, оозум кургады, – Диана да куу неме да, акыбалды дароо өз пайдасына оодарып, байкуш боло калган.
– Ай, ал ошенте берет, карыганын билбей калжаңдады. Анын доору эбак бүткөн, азыр сенин дооруң – сулуу десе сулуусуң, таланттуу десе таланттуусуң, эл сени жакшы көрөт. Чөкпөй, алдыга кадам таштап иштей бер. А Чолпонду… “бар ары” де. Сенден алысыраак барып ойносун. Кечирим сураганыңдай атасын өлтүрдүң беле, жөн кой. Көралбай ичин ит тырмап атат да.
– Мени сахнага чыгарганын милдет кылып…
– Башка шылтоосу болбосо не кылсын, – деп Диананын оозунан сөзүн жула качкан, – Сен сулуусуң, бийиксиң, бир аз эле аракет кылсаң аны тебелеп кетесиң. Тебелеп сал, нары жатсын дымын чыгарбай!
Айтургандын өзүн колдогон мындай сөзүн уккан Диана терисине батпай, бир семирип алган. Эми болсо Айтурган анын артынан суу куюп, Чолпонго жан тартымыш болуп турат.
– Дегеле эч кимди теңине албаган кыз болгон турбайбы? Кайсы алына десең… “Чолпон менен чатагым да жок, кааласам тебелеп кетем” дейт ой.
Бул сөздөрдүн баары Чолпондун жүрөгүндөгү жараатына тийип атты. Ачуусу шакардай кайнап, өзүн күч менен басты.
– Ошол жалапты тузум, наным урсун! Ар кимге талпак болгонуна кыйынсынат бекен?! – деп жаңы эле дагы көп сөздөрдү айтууга кам урду эле, тамада Чолпондун атын атап, ортого чакырып калды. Азыркы абалын арыга таштаган ырчы колуна микрофонун алып, дүйнөдө андан өткөн бактылуу адам жоктой, кош этегин барпыратып, бийлеп ырдап баштады:
«… Жылдыздуу кечте,
Сүйөм дегениң эсте…»
Ырдап бүтөөрү менен той ээси менен эсептешип, алчусун алып, эч кимге көрүнбөй чыгып кетти. Күйөөсү сыртта машинеде күтүп отурган. Үйгө келип эле керебетине күп кулады.
Кызыктын баары эртеси башталды. Чолпон уйку-соонун ортосунда эшиктин коңгуроосу чырылдап атканын укту. Туруп барып ачайын десе, көзү ачылбайт, денеси таш менен жанчылгандай оор. Анан кулагына жаздыкты басып, үйдөгүлөрдүн бири ачаар деп жата берди. Бир топтон кийин кимдир-бирөөнүн тарпылдаган кадамы эшикке жетти. Бул Бакыт болчу.
– Келиңиз, – деди Бакыт эшикти ачып. Эшик алдында милиция формасын кийген эки жигит турган.
– Чолпон Алымбекованын үйүбү? – деп сурашты алар.
– Ооба, – ойунда эч жамандык жок Бакыт тойго чакырып келгендер го деп ойлоду. Милиция деле адамдар да, аларда той болбой койчу беле.
– Кадырбек Алымбековго келдик, – деп милиционерлердин бири бир кагаздарды Бакыттын көзүнө такай койду, – Ага арыз түшкөн, суракка чакырышыбыз керек.
– Арыз? Кандайча? Эмне болуптур? – Бакыт үстөккө-босток суроо берип, кагаздардагы жазууга үңүлдү.
– Диана Бешбаеваны сабаптыр.
– Диананы? – ээси оогон Бакыт эшикти жаппастан, уктоочу бөлмөгө чуркады.
– Чолпон, ойгончу, милициядан келишиптир, Кадырбекти сурап атат.
Чолпондун мээсине биринчи эле «Дагы эмнени жасап жиберди?» – деген, уулуна болгон нааразычылык келди. Онтолоп туруп, кийимин кийип, коридорго чыкты. Милиционерлер кетишелек эле. алардын иштин чоо-жайын уккан Чолпон башын мыжыгып отуруп калды.
– Экспертизадан жабырлануучунун акыбалы оор экени белгилүү болду. Баш мээси чайкалыптыр… – Чолпон андан аркы сөздөрдү укпады, башы тегеренди.
– Жабырлануучу ким? – деп гана сураганга жарады.
Милиционерден уккан сөз акыбалын ансайын начарлатты.
– Диана Бешбаева.
Ушул күндөн баштап Чолпондун түйшүгүнө дагы түйшүк кошулду. Милиция башкармалыгына барып, баарынын кебетеси суз, сөздөрү орой болуп атканынан, Кадырбектин иши чатак экенин баамдады. Бир ыйлап, бир сооронуп, ар бирине кирип чыкты. Баары эле «Жабырлануучудан тосмо арыз алып келсеңиз, иш жабылат, болбосо балаңыз жазасын жетиштүү түрдө алат. Бул ачуудан эмес, алдын ала ойлонуп, жасалган иш», – дегенди кайталап туруп алышты. “Өзү үйгө келсе, анан кайдан алдын ала ойлонулган иш, үйгө келээрин кайдан билиптир?” дегенин эч ким угуп да койбоду. Айласы кетип, Диананын күйөөсүнө телефон чалды.
– Кайрат, бул эмне кылганыңар? Милицияны аралаштырбай, ич ара сүйлөшсөк болбойт беле, – деди токтоо. Ал абалды ансайын оордотуп албаганга сылык сүйлөп, уруш-жаңжалга барбай турууга зордоп көндүрдү.
– Диана азыр ооруканада, акыбалы оор, – деди Кайрат кулпунай салынган тарелканы бутуна койуп, жеп, телевизор тиктеп отурган аялынын чачын сылап. Анын айтканын угуп, Диана кымың этип күлүп койду.
– Кадырбек болгону бир жолу көкүрөгүнөн түртүп, каалганы жаап койгом деп атпайбы, – деди жаны кашайган Чолпон.
– Бала өзүн акташ үчүн эмнелерди гана айтпайт. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөтпөдүбү, кантип түрткөнүн, – Кайрат камырабады.
Сөз уланбай турганын билип, Чолпон телефонду өчүрүп койду. Ошол күнү кечинде милиционерлер келип, Кадырбекти алып барып камап койушту. “Тергөө аяктаганча убактылуу кармоочу жайда болот” дешти. Ары-бери чуркап, мыйзам андай эмес, мындай деген ырчынын аракетинен майнап чыкпады. Ушул жашка келип, байкап көрсө, бир да тааныш арттырбаптыр. Кумурскадай болуп эле үйүнө ташынып жүрө берген экен. Эми минтип баласы темир тордун артына барып калган мезгилде кимге кайрылууну билбей эси кетип отуруп калды.
Улуу курактагы сахналаштарын Дианага салды. Алар барып, акыл-кеңешин айтышып, «бир жерде жүрүп, ушинткенибиз туура болбойт, арызыңды алып кой», – дешти эле, Диана «бутума жыгылып кечирим сурасын, анан ушул кезге чейин менден алгандарынын баарын кайтарып берсин», – деп мисирейди. Баласы үчүн кантип кайтарбай койот эле, Чолпон ар кимден сураштырып, сураган акчасын колуна карматты.
– Диана, үйүмдө жашап нанымды жедиң эле, – деп баштаганда, мурду менен бир тийди:
– Берсеңиз өткөндү козгобой жөн бериңиз, болбосо, акчаңызды алып кетиңиз. Мен арызымды албайм!
Тилин тишине баскан Чолпон оозун ачпай туруп, тиги тосмо арыз жазып бергиче чыдап, аны алаары менен каалганы тарс жаап чыгып кетти. Күчүн каалгадан гана чыгара алды.
Чолпон карызга белчесинен батты.

●●●
Бир күнү Чолпонго Айдай телефон чалды. Борбордон кеткенден бери дайыны чыкпай, кайда экени белгисиз жүргөн кыздын капысынан телефон чалганы таңдантты.
– Эжеке, мен турмушка чыкканы атам, – деди кыз.
Чолпон өзүнүн сиңдиси турмушка чыкчудай кубанды.
– О, болсун, кимге? Качан?
– Азимге, – деди.
Аны угуп Чолпон эмоциясын жашыра албай:
– Апей, андан башка таппадыңбы? – деп жиберди.
– Баары эле ошентип айтып атышат да, эмнеге ал силерге жакпайт? – деген Айдай таарынып алгансыды.
Чолпон кайра сөзүн оңдоду:
– Сага ылайык келбейби дейм да, мейли эми, сенин тандооң сенин жашооң, бактылуу болсоң болду да.
– Үйлөнүү үлпөттү сахнадан өткөргөнү атабыз. Сизди концерт-тойго чакырайын дегем. Келесизби?
– Албетте, барам.
Той өтө чоң болду. Аппак көйнөк кийген колукту менен күйөө элдин курчоосунда жетелешип келип, Спорт сарайына киришти. Залда эл батпай топурайт. Баары ак батасын берип, арык, сүйкүмдүү кызды турмуштун чоң жолуна аттандырып койушту.
Атагы жалпы өлкөгө чыгып, таланты ташкындап турган ырчы тагдырын Азимге байлаганынын да себеби бар. Ал – курсактагы үч ай болойун деп калган түйүлдүгү. Гастролдоп жүрүп, шайтан азгырып, койнуна киргизип алган экен, жыйынтыгы минтип көп өтпөй эле билинди. Бул кезде Азимдин үй-бүлөсү, эки баласы бар эле.
– Мен кош бойлуумун, – деп айткан ырчы кыз Азимди чоочутпады. Ал тескерисинче, эртерээк ушундай болуп, кыз ага байланып калуусун каалаган. Ырдап чыкканына көп болсо да, сахнадан ордун таба албай кайсалактаган ырчы жигит бир болсо Айдайдын өмүрлүк түгөйүнө айланып, анан атактуулукка жетишээрин билген. Ал атак үчүн бойтойгон эки баласын да курмандыкка чалды.
– Кош бойлуу болсоң үйлөнөм да, – деди абдан эле түз жүргөн эркектин кейпин көрсөтүп.
– Кантип? Сиздин үй-бүлөңүз бар эмеспи? – кыз ушинтип баео суроо узатты.
Негизи эле Айдай абдан ишенчээк жан. Аны оңой эле алдап койууга болот. Азыр да Азимдин оозун тиктеп, аны абдан мыкты эркек катары көрүп турган учуру.
– Эми… турмушта ар кандай нерсе болот экен да… Сени эл билет, жалпы эл тааныйт. Анан кантип сени кепке-сөзгө калтырып, үй-бүлөм бар эле туруп алмакмын. Мен эле ажырашып атыптырмынбы, элдин баары ажырашкан. Керек болсо, азыр Кыргызстанда үйлөнгөндөргө караганда, ажырашкан жуптар көп.
Акылы кыскалык кылдыбы, же өз жанын гана ойлодубу, Айдай сөздү тереңдетпеди. Иши кылса, өзүнүн абийир жабылып, баласын жарык дүйнөгө алып келээрине гана кубанды.
Эки күндөн кийин ак жоолук салып, Азимдин ата-энесинин үйүнө барды. Азимдин атын угаары менен Айдайдын ата-энеси, бир туугандары ызылдашты. Караманча каршы болуп турган эне кызынын кандай кылыкка барганын билбейт да. Демейде, айтканга оңой көнүп, өзүнүн жеке пикири жок кызы бул сапар көгөрүп, эң бир өжөр кызга айланып кеткенине түшүнө албай башы маң. Айласы кеткенде, кызынын көңүлүн кыя албай: «Мейли эми, бактылуу болсоң болду. Батамды берем», – деди.
Үйлөнүү той өтөөрү менен кайын журту топурап жаш жубайлардын үйүнө келишти.
– Эми иштегиле, – деди кайын эне. Бул аял өтө күчтүү анан өтө ажаан болчу. Жакындан билгендер жанына жакындоодон айбыгышып, «кой, ушундан алыс эле жүрөйүнчү», – деп качышчу. – Жаш кезде иштеп алыш керек. Ушул концертиңер менен өлкөнү түрө кыдыргыла.
Айдай чыгармачылыктан алыс турган аялдын булардын ишине кийлигишип, гастролго чыгууга схема түзүп берип койгонуна таң калды. Бирок дээринен каяша айтып көрбөгөн жаны унчукпады.
– Макул, апа, – деген Азим шып эле макул болду.
– Акча топтоп келип үй алгыла. Адамдарга окшоп жашагыла, ар кимдин үйүн ижарага алып, ар кайсы даараткананы жууп-тазалай бербей, – деген аял өктөм үн катып, чечилди дегенчелик чекит койду.
Ошентип, жаш жубайлар дароо эле гастролго чыгышты. Айдай катуу кыйналды, талгагы күчөп жүргөнгө, автобустун жытынан көңүлү айланып, түшө качкысы келет. Орундукка отура бергендиктен белдери талып, бутун сунуп уктагысы келет. Азим бул жаатта таш боор болуп чыкты.
– Эмне эле болуп атасың? Өзүңө келчи? – деп оозун басып, ары жакка чуркаган аялын жактырбай карайт.
– Кыйналып атам, автобустун жыты жакпай атат, – десе акырая карап:
– Анан эмне сени колума көтөрүп алайынбы? – дейт.
Дөңгөлөктүн үстүндө урунуп-беринип, бул кош бойлуу эле деп эч кимдин камкордугун көрбөй жүрүп, жарым жылга жакын убакыт өттү. Бул арада табышкан акчаларын тапкандай Азим банкка барып, апасына которуп келет. Айдайга каалаган тамагын сатып бермек тургай, «акыркы убакта көп жей баштадың да, минтип жүрсөң мени кедей кыласың го», – деп опурулат. Сен эчак эле кедей эмес белең деп ичинен ойлогон Айдай ызасына муунат. Күйөөсүнөн жалтайлап тамакты тартып жей баштады. Антсе ашказаны үзүлө тартып, оозуна кара суу келип, түнү бойу уктай албай түйшөлөт. А Азим анын бөйрөк тушун нукуп:
– О, Кудай ай, же күндүзү, же түнкүсүн тынчтык бербейсиң. Уктачы, айланайын, – деп зекийт.
Байкуш кош бойлуу келин күчүн ыйдан чыгарат. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде Айдайдын бойунан козголуп калды. Кечке жуук, кезектеги айылга концерт койууга даярданып атышканда, бели ылдый тартышып ооруду. Дааратканага барса, ич кийими азыраак канга булганып калыптыр. Келип Азимге айтты.
– Концерт башталардын алдында эмнени ойлоп таба калдың?! Деги жөн жүрбөйт экенсиң да! – деп кагып койду. Булар менен Азимдин эжеси да чогуу жүргөн, ал да кепти чала-чарпыт угуп калып, Айдайды беттен алды.
– Манас тууй тургансып ушунуку өттү. Биз деле төрөгөнбүз, күндүз кечке иштеп, үйдөгү тириликтерди кылып эле жүрчүбүз. Өлбөй эле төрөдүк го, – деди. – Биздикине караганда, сенин абалың дурус. Тиричилик кылам дебейсиң, колуңду муздак сууга салып кир жуубайсың, колуңдан келгени эле микрофон кармап, сахнада ары-бери кыйшалактап койуу экен. Ошого да чыдабай баратасың, – деп көзүнүн төбөсү менен карады.
Айласы жок Айдай тилин тишине басып, унчукпады. Концерт башталып, дүркүрөгөн кол чабуулар менен Айдай сахнага чыкты. Биринчи куплет менен кайырмасын ырдап, экинчиге жеткенде залда отурган эл тунарып көрүнө баштады. Көз алдынан жер учуп, бир ойу уят боло электе сахнанын артына жетейин деди. Фонограмма ырдап баштады, а бул микрофонун ылдый түшүргөн бойдон теңселе басып, бери келатты. Бери жактан карап турган Азимдин жаны чыкты. Азыр эки муштап жалпайта койгусу келди. Бирок ал жалпайтканга жетпей эле, Айдай өзү жалпайды. Сахнадан чыга электе күп кулады. Колундагы микрофону учуп кетти. Эл эмне болуп кеткенин түшүнбөй, дуулдап ордуларынан тура калышты. Ямахада калп эле ойномуш болуп, бийлеп турган жигит чуркап келип, Айдайды көтөрүп, көшөгөнүн ары жагына жеткирди.
Айдайдын өңү купкуу эле. Эриндери кеберсип, чарт-чарт жарылып кетиптир. Тезжардам чакырышты. Аялынын кебетесин көрүп туруп да Азимдин боору оорубады. Кайра, концертти бүлгүнгө учуратканына кыжыры кайнап, «бир саат чыдап турса, концерт бүтөт эле го, анан деле жыгыла бербейт беле», – деп ичинен ойлоп, кыжынат. Эси-дарты эми келген эле акчаларын кайтарып алууну талап кылышпаса экен деп кыпылдап атты.
Дарыгерлер канчалык аракет кылганы менен болбоду. Курсактагы беш айлык түйүлдүк түшүп калды. Кан суудай болуп акты. Айдайдын өмүрү да кыл учунда илинип калды. «Тезирээк борборго алып жөнөгүлө, биздин колдон келбей калышы мүмкүн», – деп дарыгерлер айтканы менен кансырап аткан келинди кайда алып барышмак. Өздөрү да эң алыскы райондордун биринде жүрүшкөн. Тобокелчиликке салып, күтүп калышты. Кудай жалгап, үч-төрт күндөн кийин Айдайдын акыбалы турукташып, өңүнө бир аз кан жүгүрүп калды.
Ошентип, алар гастролун аягына жеткирбей токтотуп, борборго кайтышты. Бул убакта Айдайдын көңүлү күйөөсүнөн сууп бараткан. Шаарга жетсем эле түйүнчөгүмдү түйүп алып, төркүнүмө кетем деп келаткан неменин ойун байкагансып, жолду ката Азим камкор күйөө болуп чыга келди. Көзүнө карап, айтканын аткарып, тим эле элпек. Аялдардын эсебин бир ооз сөз менен деле таап койууга болот эмеспи, жылуу сөздү угуп «жылуу сөз жыланды ийининен чыгарат» болду да калды.
Айдайдын бойунан түшүп калганын Чолпон укту. Майда-чүйдөсүн көтөрүп алып, көрүп койойун деп үйүнө барды.
– Кош бойлуу кезиңде абайласаң болмок. Ким андай учурда жер-жерлерди кыдырып, гастролго чыгат экен. Деги кызыксыңар? – деди иштин жайын билбеген Чолпон.
Үйүндө кайненеси да бар болгондуктан, Айдай эжесинин суроосуна жооп бере албай ылдый карады. А кайнене чакчырылып, Чолпонду көзүнүн төбөсү менен карады.
– Чыккан кыз чийинден тышкары. Чыккан кызга эч ким көрсөтмө бере албайт. Менин балама тийдиби, сөөгү биздики. Эмне кылсак өзүбүз билебиз. Же эмне, ажыраштырып алып, Диананы чоң кишилер менен тааныштырып эрмектегендей муну да эрмектейин деп атасыңбы?! – деди.
Бул сөз Чолпондун дал эле талуу жерине тийди.
– Кем акыл неме окшойсуз, билип сүйлөп жүрүңүз, – деди да алып келгендерин Айдайга карматып, чайга да күтпөй жолго түштү.

●●●
Диана тойго келгенде той эчак башталган экен. Кечигип келүүнү каададай сезген ал башын бийик көтөрүп, ырчылар турган тарапка өттү. Өзү теңдүү жаш ырчылардын эки-үчөөсү турган. Алар менен учурашып, сүйлөшүп, каткырышып атса, бирөө чакырып калды. Караса тамада.
– Диана, сени тээтигил жакта бир байке чакырып атат, – деди.
– Кайсы байке?
– Мен тааныйм, Диана, бирок ал ким экенин өзүң көргүчө айтпай турууну өтүндү. Бул сага сюрприз болот дейт. Барып көрсөң.
Тойкананын тепкичинин жөлөнгүчүнө жөлөнүп, бир киши туруптур. Ары бурулуп турганга жеткиче тааныбады. Анын үстүнө жарык да күңүрт болчу. Жакындаганда бери бурулду эле… Алтынбек экен.
– О байке, кандайсыз? – деп күлүп жиберди. А тиги жыты сиңишип калган, эски таанышын көргөндөй, кучагын жайды.
– Сагынычым менин! Сагынттың го жаман байкеңди, – деп эле бек кучактады.
Бирөө-жарым көрүп койобу деген ой менен Диана бошонууга аракеттенди, бирок эркектин карылуу кучагы койо бербеди. Ал ырчынын бети-башынан өпкүлөдү.
– Ий, байке, бирөө-жарым көрүп калып, бир мүшөк ушакты чыгарбасын, – деди Диана анан.
– Чыгарышса, чыгара беришсин. Айтылбаган эмнебиз калды деги. Сенин артыңдан жүз мүшөк ушак ээрчип жүрөт окшойт го, – деп күлдү.
– Атагың чыккан сайын душмандар көбөйө берет тура, – деди жылмайган ырчы.
– Диана, мен сени менен жолугушууга ыңгайлуу учурду көптөн бери күтүп жүргөм. Баягыда да сен ырдаган эки тойдо конок болуп отургам. Бирок жаныңа бара албадым, байкасам күйөөң ээрчип жүрүптүр, кой деп өзүмдү тарттым, бактылуу турмушун бузуп албайын дедим.
– Кайдагы бактылуу турмуш, байке, – Диана муңайым күлүмсүрөдү, – Сыртыңан бактылуу, ичиңди ит жеген жашоо.
– Анда мындай кылалы, ырдап бүтөөрүң менен сыртка чыгып, менин машинеме бар, – деп машинесинин үлгүсү менен номерин, кайсы жерде токтоп турганын айтты, – Мен азыр эле машинеге бара берем, же сенин ырдаганыңды көрсөмбү?
– Албетте, көрүңүз да. Сизге арнап ырдасам, көрбөй койосузбу? – деп кылыктуу жылмайды ырчы.
Алтынбек аны таң кала карады. Баягы кичинекей, жаш кыз жок. Турмушка чыгып, эне болгон жакканбы, кызылы кызыл, агы ак болуп, тим эле шилекейди куюлта турган, эмчек-соорусу былкылдаган аял болуптур. Кучагына алып, кармалап атканын элестетип, дүүлүгүп алды.
– Макул, анда мен да кирейин.
Диананын кезеги келгенде, ал мурда ушул тойдо ырдайм деп камдап келген ырын эмес, такыр башка ырын аткарды. Музыка койуп отурган жигитке ушул ырынын минусовкасын берген да. «Сен деп келдим, ашыгым» деген ыр болчу.
«…Сагынычым батпай жүрөккө,
Сен деп келдим, сен деп, ашыгым…» – деген ыр саптарын аткарып атканда көзү менен Алтынбек отурган тарапты таап, аны тиктеп ырдады. Эркек да муюп угуп, дене-бойунда кумурска басып бараткандай дүүлүгүп, жанын койорго жер таппады. Ыр соңуна чыгаары менен ордунан акырын туруп, эч ким менен коштошпостон, сыртка жөнөдү. Диана да микрофонду тамадага берээри менен эшикке басты.
– Сен кайда, Диана? Отуруп, бир аз эс алмакпыз да, – деп ырчылардын бири айтып калды.
– Кайда болмок эле? Үйгө да. Мен силердей бойдок эмес, бир үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөргөн келинмин го, – деп күлдү.
– Ошентсе да, мурда дайым эле чогуу отуруп, шашпай кетчү элең.
– А бүгүн балама эрте келем деп убада берген болчумун. Макул, жакшы калгыла. Көрүшкөнчө, – деп ар бири менен чопулдашып өөп коштошуп, эшикке чыкты.
Алтынбек айткан жерге барса, ал килейген, күмүш түстүү Жиптин ичинде отуруптур. Бул арткы орундугуна кирип, отурду.
– Кечирип кой, жаркыным, сыртка чыгып, машиненин эшигин ачып тосуп албаганымды. Чоочун көздөргө урунуп албайлы дедим, – деди артына бурулуп, келиндин эки бетинен өөп, учурашкандан кийин.
– Сөздөн аябай коркосузбу э? «Чегирткеден корккон эгин экпейт» дечү эле, – деп кыткылыктады Диана.
– Мага го баары бир. Мени эркек деп койот. Мына сени… – мурдунан чымчыды, – аяп атам. Күйөөлүү аял, балалуу аял, репутациясы бузулбасын деп атам.
– Аныңызга рахмат.
Эркек машинесин от алдырды. Келин кайда барабыз деп сурабады. Ал жүрөгүнө жаккан эркекке кайра жолукканына кубанып, кайда барса да ыраазы эле.
– Чолпон эжекең тынчыдыбы? – деп сурады бир убакта Алтынбек.
– Ал качан тынчыйт, билесизби? – суроого суроо менен жооп берди.
– Билбейм. Айтчы.
– Мен байкуш болуп, көрүнгөндөн тилемчиленип, жашоом артка кеткенде гана.
– Кой, андай дебе. Эч убакта жашооң артка кетпесин.
– Албетте, кетпесин, жашоом жакшырган сайын эжекемдин мага болгон жек көрүүсү да күчөп баратат. Бирок мага баары бир, мен алдыга гана умтула берем.
– Ой, азамат, ошондой оптимист болуу керек.
Алтынбек машинени шаар сыртына айдады.
– Диана, мага канча убакыт бөлө аласың? – деди анан.
– Саат канча болду? Онбу? Эки саатта келип калсам болду, саат он экиге чейин.
– Сүйлөшүк. Жетишебиз.
Шаар сыртында Алтынбектин особнягы бар эле. Аны эч ким билбейт. Өзгөчө аялдары билбейт. Мунун эки аялы бар, экөөнөн эки уулу бар. Биринчи аялынын төрөтү токтоп калып, бир уулга гана ээ болушкан. Канча жылдан кийин суйкайган Айсулуу сулууну көрүп, эт-бетинен кетип сүйүп калган. Биринчи аялы муну тукуму аз кылып койгонуна өзүн күнөөлүү сезип жүрчү. Ошондуктанбы, экинчи аял дегенине анчалык деле каршы чыкпады. Жөн гана тууган-туушкан күйөөсүн башка аялга унчукпай кармата бердиң дебесин деп, «каадасын» кылып, бир аз уруш чыгарымыш болуп, бырылдап ыйлап, анан сооронуп кала берген. Бирок жеңил эркек болгону менен аялдарга мамиле кыла келгенде андан өткөн мыкты адам жок. Эки аялынын тең чекесин чертпей, эч нерсеге муктаж кылбай, жыргатып багып атат. Экөөнө эки хансарай куруп берген. Экөөнүн тең тепкени машине. Эс алгандары чет өлкө. Баргандары салон. Кыскасы, жашоо Алтынбектин аялдарыныкы. Бирок эмнеден экенин ким билсин, экинчи аялы да бир эркек төрөгөн бойдон токтоп калды. Айсулуу жөнөкөй аял эмес, кезинде жалпы өлкөгө таанымал актриса болгон. Айжаркын жүзү көп көркөм тасмалардын жүзү болуп берди го. Бир ирет кайсы бир спектаклдин ачылышына Алтынбекти атайын драма театр чакыруу берип, чакырып калышты. Бул тууралуу сөз кийин болсун. Азыр машиненин артында бараткан Дианага Алтынбектин ойу чачыранды болду.
– Бул кимдин үйү? – деди Диана килейген кооз особняктын дарбазасы пульт менен ачылып, машине ичкериге киргенде.
– Меники, – деди Алтынбек.
Диана аны таң калып карады. Мына сага, байлыктын баары ушул кишиде басылып жаткан турбайбы. Бир канча жыл мурун ушул кишиге турмушка чыкпай калганына негедир өкүнүп алды. Ичкериге киришти. Чоң люстра, кымбат эмеректер – кыскасы жомоктогудай. Жок, жомокто да ушундай хансарай болмок беле, бул кадимки Голливуд тасмаларындагы үйлөрдөй.
– Кир кире гой, өз үйүңдөгүдөй кене сез, – деп Алтынбек өзү кирип-кире албай жатып, үстүндөгү кийимин чече салып, Дианага жабышты. Кыпкызыл болуп мөлтүрөгөн эриндеринен соруп, колу менен назик денени сыйпалагылап, акырын кыңкыстап, тим эле өзүнөн кетип баратты. Келиндин да эркектин колу тийген жерлери чоктой ысып, башына кан ыргыгансып, кыймылдуу колдорго жооп бергенсип, өзү да эркектин денесин сыйпалап атты. Сыйпалап барып, эки бутунун ортосуна жетти. Шымды жарып чыкчудай болуп, капкатуу, тик турган аспапка колу урунганда жанжеринен ысык суу аккандай, ич кийими нымдалыша түштү. Алтынбек шымынын сыдырмасын калтыраган колдору менен сыдыра салып, тешиктен булаң этип чыга калган аспабын келиндин колуна кармата койду. Кыңкыстоо, жалынып-жалбаруу… Кумар оту бул эки кабат хансарайды каптап кирди. Кумар эки адамдын жүрөктөрүнөн башталып, эки буттун ортосунан уланып, мээге чуркады. Азыр буларга о дүйнөсү, бу дүйнөсү да бир тең эле. Экинчи кабаттагы уктоочу бөлмөгө жете албай калган сүйүшкөндөр, ишти холлдогу жумшак дивандан эле бүтүрүп алышты. Буттарын бири бирине айкалыштырып соолуп жатып калышты.
– Диана, – деди Алтынбек көкүрөгүнө башын жөлөп жаткан келиндин жумшак саамайынан сылап, – Эмнеге мага турмушка чыкпай койдуң? Тандаган күйөөңдү көрдүм, менден ашып кеткен деле жери жок го, – деп тамашага чаргытты.
Диана оор улутунду.
– Жаш болгом да, апам кайсы жакка кара десе, ошол жакты карай бериптирмин. Эми анын азабын тартып жүрөм го.
– Күйөөң начарбы?
– Жок, жакшы адам. Мага, уулума мыкты жубай, мыкты ата. Бирок сүйүү, сезим деген башка нерсе экен да.
– А мага болгон сезим барбы сенде?
Диана унчукпай башын көтөрүп, Алтынбектин эрининен узакка сорду.
– Мына, менин жообум, – деди анан.
– Мен ушул күндү качантан бери күткөм. Сени сактап жүрдүм эле. Баары бир мага турмушка чыгат деп катуу ишенип алгам го, – деп күлдү, – Мен байкуш ишенип жүргүчө, бир таалайлуу адам илип кетти. Актык да ошого буйруду.
Диана да аста күлдү. Эмне деп жооп кайтараарын билбеди. Акыбалды Алтынбек өзү жайгарды.
– Башка бирөө сенден мурун өпкөн деп сулуу аялды өбүүдөн баш тартуу – акылсыздык. Сенде буга чейин канча эркек болгону, актыгыңды ким алганы мага кызык эмес, эң негизгиси мындан аркы жашооңдо бир гана мен болгум келет!
Диана чоочуду.
– Кантип? Менин жолдошум, балам бар да?
– Эмне болуптур? Мен сени алам, сен мага тиесиң. Өмүр бойу алаканыма салып багам. Эч нерсеге муктаж болбойсуң, акча десең акча, байлык десең байлык, сүйүү десең сүйүү берем.
– Хм… Бирок сиз буга чейин экинчи аялдуу болууга да үлгүрдүңүз да?
– Кайдан билесиң? – Алтынбек таң калгандай чыканактай калды.
– Кантип билбейин. Азыр кыбыр эткендин баары интернетке чыгып атса. Болгондо да эң сулуу актрисаны алыптырсыз. Ал да аздык кылып атабы? – эми мыскылдады.
– Сен мени мыскылдаба. Сүйүү деген башка нерсе.
– А актрисаңызды сүйбөйсүзбү?
– Сүйөм. Сени да сүйөм. Мен ушундай адаммын, көп адамды бир убакта сүйө алам. Биринчи аялымды да катуу сүйөм.
– Сиз Жер-Эне турбайсызбы? – Диана кыткылыктады.
– Карасаң мунун күлүп атканын. Ооба, Жер-Энемин, мунун эмнеси жаман? – деп эркек койнундагы аялды кытыгылады. Эмчегинин учунан аста эңилип өөп койду, – Мен сени эч кимге бергим келбей атат.
– Мен сизге тийсем, эртең төртүнчү аял издеп жүрбөйсүзбү?
– Сен мага көп бала төрөп берсең, эч кимди издебейм. Үчөөңөр жетесиңер, сен менин көрөр көзүм болосуң?
– Ал эмне… көрөр көз?
– Ай, кыргызым ай, – эркелете мурдунан чымчыды, – Ал деген үчүнчү аял дегендик. Илгери байлар үчтөн аял алышкан: байбиче, ортон анан токол. Токолдун уккулуктуу аталышы – көрөр көз. Бул жубайлардын ичинен эң жашы, байдын эң жакшы көргөн, көзүнө сүрткөн көрөр көзү.
– Аа? Кызык экен, – Диана муюп калды. Анын мээсинде ар түрдүү ойлор ойун салып атты. Азыр эле баарына кол шилтеп Алтынбекти ээрчип кетип калгысы келди.
– Менин балам бар да? – деди бир топко үнсүз жаткандан кийин.
– Өзүбүз тарбиялайбыз, атасына да катташтырабыз. Мен сен үчүн балаңа колумдан келген жакшы нерсенин баарын жасайм.
– Мен ойлонуп көрөм, – деди Диана, – Убакыттын тез өткөнүн кара, саат он эки болуп калыптыр, кетели.
– Ооба, убакыт тим эле зуулдап учту го, чиркин, – деп нааразыланган Алтынбек көңүлсүз кийинип баштады.
Кайрат жумушунан келсе, Диана үйүндө жок экен. Баяраакта телефон чалып тойго бараарын айткан. Бош болгондо өзү алып барып, алып келмек, маанилүү жолугушууда болуп калбадыбы. Бир аз күттү эле, келбеди. Уулу таенесиникинде болчу. Чыдамы кетип, сыртка чыкты. Кайсы тойканада да болоорун сурап албаптыр. Дайыма Диананы тойго чакырып жүргөн тамаданын номерин терди.
– Ало, кандайсыңар, бул мен Кайрат. Диана кайсы тойдо экенин сурайын дегем? – деди.
– «Дасмияда». Ал азыр ырдап атат, – деди тамада. Ары жактан Диананын музыканын коштоосундагы үнү угулуп турду. Көңүлү тынчыган Кайрат үйүнө кирип баратып, жарым жолдон токтоп, чечкиндүү машинесине бет алды.
«Караңгыда жалгыз келтирбей, өзүм барып алып келейин», – деди ойунда.
Бирок тойканага барганда, Диана жок экен. Ырчылар отурчу тарапта үч-төрт ырчы гана отурат. Четте туруп, ар кайсы жерден Диананы издеп атты. Кайратты ырчылардын бири байкап калып, бери кел дегендей колун булгалады.
– Дианага келдиңизби? – деди бири.
– Ооба, ал кайда билбейсиңерби?
Ырчылар бирин бири тиктеп алышты, Кайраттын жүрөгү кабынан чыкчудай дүкүлдөдү.
....................................................

Китеп жакса, толугу менен сатып ал.
Сүйүнчү:
"Ырдын чыры" сериалы 5 китепке созулат
жана жыргалдын жыргалы!

Китептерди бирден алсаң,
50 сомдон,
5 китепти толук алсаң
150 бирдикке берилет.

Бу китепти алам десең,
алды менен төлө:


Орусия, Казакстан
жактагылар
КИВИ кошелек менен,

Кыргызстандагылар
терминалдардан, соткаңар менен, же
Баланс кг менен
0777329784 номурга
50 бирдик төлөп,

квитанцияны төмөнкү сүрөттү басып,
мага ватсапка жибергиле:



Ийгиликтер!




Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_yrchyry3.htm on line 289

Warning: include(../../bottom.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_yrchyry3.htm on line 289

Warning: include(): Failed opening '../../bottom.htm' for inclusion (include_path='.:/usr/share/php:/usr/share/pear') in /var/www/janyz114/data/www/kitep.ru/j/j_yrchyry3.htm on line 289