Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  4  ... 54
2-бөлүм (01.01.2020 : 11:27:50)
    ЭПИКАЛЫК ТӨШӨКСАПТАР
    Манасчы Сагынбай Орозбак уулунун
    125 жылдыгына карата
    МАНАСТЫН КАРАБӨРККӨ ҮЙЛӨНҮШҮ
    ("Аалам" гезити, тогуздун айы, 1992-жыл) Улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунан "Манас" эпо-' сунун биринчи бөлүгү толук жазылып алынганы белгилүү. Бирок мындагы бир кенемте: ошол 185000 сапка жакын турган тексттен иргелип алынуу менен төрт китеп гана жарык көрүп, анын калган көптөгөн окуялары менен сюжеттери калың окурмандарга али жете элек. Буга, би-ринчи кезекте адамдын эркин ойлоосуна бекем чек коюп, бүтүндөй үстөмдүк кылып келген коммунисттик идеоло-гия күнөөлүү. Маселен, эпоско таңууланган улутчулдук, пантүрктүк, панисламдык жана башка жалаалар анын жарыяланышы түгүл, жалпы эле тагдырын да кыйын абалга туш кылган. Ал кез өттү. Эми минтип жумурия-тыбыз чыныгы эркиндикке ээ болуп, ар кандай зордук, тоскоолдуктар алыс ыргытылып ташталган кезде, эпос¬тун мына ошол жабыкта калып, жарык көрө албай кел¬ген жерлерин калың журтка тартуулоого ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр түзүлүп олтурат.
    Бул сунуш кылынган материал - ушундай далалаттар-дын бири. Келтирилген үзүндүдө Манастын кичи казатта жүргөн мезгилинде калмак-кытайлар менен болгон акыр-кы уруштарда туткунга түшкөн Карабөрк деген кызга үйлөнүү окуясы камтылган. Мында асыресе Карабөрктүн ашкан сулуулугу, баатырлыгы, намыстуулугу менен, Манастын алгачкы сүйүүсүнө арзуусу жана ошого татык-туулугу, ошондой эле эротикалык астейдил сүрөттөө чоң искусствонун белгиси катары кабылданарында шек жок. Сюжет көлөмдүү болгондуктан, андан темага тийиштүү жерлерин гана алып, көпчүлүгүн кара сөз түрүндө баян¬дап айтууга туура келди.
    Ооганбек Исмаилов,
    КИАнын улуу илимий кызматкери. 
    Даңгуу шаары үчүн согуш учурунда Кайып даң баатыр Манаска жекеге чыгып, ага кыйкырып найза салганы ке-латканда Манас күрүлдөгөн Кайыптын найзасын колунан сууруп алат. Ушул кезде капталдан Бакай жетип барып Кайып даңды жалп эттире аттан кулата саят. Аны ошол замат Күлдүрдүн уулу Чалыбай, күлдүргүчү Абдылда оң колунан бир алып, сол колунан бир алып, көкбөрү тарткан эмедей көтөрүп кетишет.
    Манас жүз элүү миң кол менен Саңыроо жолго салып, Ак-Даңгыл деген колотту өрдөп баратса, алдында качып бараткан арбын көч учурайт. Алиги көчтүн соңунда айба-ты катуу көрүнгөн:
    Сур жорго минип теңселген,
    Супту кийип белсенген,
    Кундуздай чачы куюлган,
    Куурдай бели буулган,
    Кийген тону карк алтын,
    Чарайна, зоот кыялы,
    Чабуул барган көп аскер
    Чак келбестей сыягы.
    Астындагы сур жорго
    Алтындуу тала, күмүш мык,
    Жарк-журк этет туягы.
    Аленгир жаа колунда,
    Көп үркүндүн соңунда,
    Атса жаасы кыркырап
    Алда кайда жетиптир.
    Баары саадак атчудай,
    Үч жүз жолдон алыптыр.
    Үркүндүн арка жагынан
    Минтип түшүп калыптыр.
    Кашындагы жолдошу
    Отузу кыз, өңгөсү эр
    Аңгемесин тыңдай бер.
    Отуз кызы ок атат,
    Найза, кылыч жеткирбей
    Оолактан атып жоготот,
    Эки жүз жетимиши бар,
    Баары мылтык теп атат.
    Эркектен артык кайраты.
    Энди көрсөк ошо кыз
    Үркүнүнөн түк бербей,
    Элдин шорун кайнатты.
    Сулуулугу, сымбатын,
    Арзан менен кымбатын,
    Адам өлчөп билбеген
    Жарагынын баары алтын.
    Жаман кийим кийбеген.
    Бей жообуна калмактан
    Бенде үстүнө кирбеген.
    Калктан ашык мында көрк
    Кайып даңдын кызы экен,
    Атын уксаң Карабөрк.
    (С. Орозбаков "Манас" – II том. Кыргыз Республи-касынын Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусу инв. 572, 521-бет).
    Карабөрк ашкере баатырдыгы менен үрккөн көчтү ар-тынан коргоп, куугунчуларга эч алдырбайт. Тике барган-дарды мерт кылат, жарадар кылат. Ушуну көргөн Манас "азаматтар не болдуң! " деп, Аккула атка аябай камчы са-лып, найзаны колго алып, жараланган Бакайдын "Майып болуп калба Манас" деп коргологонуна карабай, желегин желге жапырып, үркүнгө жетип, качырып киргенде, чаң артында буркурап, кеч артында коргоочулар тоого качты быркырап. Жаалына тура албай, жалпы калмак кол качты, жагалалап эркек качты, кыз калды, бир кыйын уз калды. Кайыптын кызы Карабөрк кыздарын таштап кете албай, кыйылып карап бул калды. Ачуусуна чыдабай ал Манаска жетип барып, аны кылычтайын дегенде Манас үлгүртпөй, кылыч туткан колун чап кармап калат, кылыч жоо жарак-тарын тартып алат. Дегеле анын эч багынбастай түрү бар.
    Колго түшкөн бул кыздын
    Салтанатын көрүп ал:
    Каухардай жарык көзү бар,
    Бал, шекердей сөзү бар,
    Кирпиктери сайылган
    Киши карап тургандай,
    Анык жүзүн көргөндөр
    Ашык болуп кургандай,
    Кууш мурун, калам каш,
    Короз моюн, түймө баш
    Өтүгүнүн өкчөсү
    Жаркыраган жакут таш.
    Тиши тунук акактай,
    Кыз да болсо айбаты
    Арыстандай болгон жан экен.
    Бети жайык нурданган,
    Бели назик буралган,
    Бендеден тууган неме эмес.
    Бет ажары жылдыздуу,
    Перизаттан кем эмес.
    Кийген тону сары алтын,
    Ким көрүптүр чын, калпын,
    Кулак ташы зумурат
    Жаркыны жаанга куюлат,
    Чачы кара жибектей
    Жубарланып буралат,
    Колго кармап алганы.
    Кармаган кезде канкоруң
    Ашык болуп калганы.
    (көрсөтүлгөн том, 525-52-беттер)
    Ушул кезге чейин Манас бир да жолу сулууга көзүн салбаган, жыйырма экиге жеткенче суктанып карап алба-ган, кызга көзүн салбаган, баланча кыз дегенде, кызыгып карап калбаган, эркекмин деп ойлонуп, эч аялга барбаган. Минтип жыйырма эки жарым жашында гана Карабөрк кызды кармаган. Адегенде булар тек жайларын теришти-ришет. Манас өзү жөнүндө:
    Атам Жакып, Манасмын,
    Аркы уругум алачмын.
    Түбүм түрктүн уулумун,
    Жалганы жок мунумун
    Жасагандын кулумун,
    десе, анда кыздын айтканы:
    Көнүн шаа деди элибиз,
    Өзүбүздөн жай алган
    Саңыроо дейт жерибиз
    Атамдын аты Кайып даң
    Алтымыш миңден дагы артык,
    Калмак-кытай элибиз.
    Ал эми Манастын ага үйлөнүү ниетине келгенде:
    Атамды жуткан Манассың,
    Катылбагын мага деп,
    Карк алтынга көмсөң да,
    Катын болбойм сага деп
    кармашка каршы турат. Ал түгүл тирүүлүктөн биротоло кечерин, тим жүрбөй түбүнө жетерин, капилеттен бир кү-нү кардын жарып кетерин, же ичкен ашына уу салып түгө-төрүн кашкайта айтып салат. Кыз сүйлөдү кыйылды, кы-раан Манас баатырдын "бул эмне жорук деп", кыздан бою жыйылды. Ачуусу келип, аны чаап салайын дегенде Бакай ортого түшүп: казатта жүргөндүктү, мындай нерсе ша-риятка туура келбей тургандыкты эскертет. Манас кызга дагы байкоо салат. Карабөрк баягысынан тайбайт, "катын кылып алам деп кызыкпа, сен мени алар болсоң, аяк жагын ойлонуп, атамды аяйт элең, сенин акылын жок, канзададан эмессиң, түбүң жаман журт, – деп намысын козгойт, өзү-нүн тектүү жерден ("ак сөөк төрөдөн") экендигин, алдан-ганга болбой тургандыгын, биротоло үмүт үзүүсүн баса белгилейт.
    Андан кийин алар колго түшкөн кызды апасына алып келишти. "Олжо болбойм, андан көрө өлдү деп билгин" деп, мында да макул болбойт. "Андай дебе балам деп, кыз баланын баарысы, жарабайт кылган намысы, эркек кармап, кызды алган мурунтан өрнөк деп апасы ортого түштү Ка-рабөрк апасынын айткан насаатына да көнбөйт, ага тик карап "атамды өлтүргөн, айылымды бүлдүргөн, бу Манас башынан жаман киши" деп кекенет. Ушул кезде кыйкыры-гы баш жарып, кыраан баатыр Чалыбай келип калат. "Кай-да, кайда, кайда" деп энтигип барып, Карабөрктү көргөндө көркүнө тем берет. Сөз арада Бакай: "өлүп калган Кайып даңдын кызы экен" дейт. Ошондо:
    Качан өлдү Кайып даң?
    Колго түшкөн бендеден,
    Өлгөн эмес жалгыз жан
    Багылуу биздин колдо деп
    Байлануу эмес, бошто деп
    Чаалыбай айта салганы.
    Атасынын тирүү экендигин укканда Карабөрк ап-каарый түшөт. Көз жашы буурчактап, Манастын аягынан кучактап, кечирим сурайт, "атамды көрсөт" деп өтүнөт.
    Бердим сизге дилимди,
    Мен тутайын диниңди,
    Түрк уулу деп билемин
    Түбү жайы зилиңди, -
    деп Манаска астейдил моюн сунат. Эми кырдаал такыр башкага өзгөрдү. Манас Кайып данды алып кел деп Ча-лынбайды чаптырды. Бакай баатыр бакырып, атайылап жар чакырды:
    Союштан артык сойбоңор,
    Бүгүн душман эртең эл
    Бүлүндүрүп койбоңор.
    Кылыктуу киши кыз алат
    Кызматы жеткен эл алат,
    Кылык-жорук билбеген
    Кызталактар нени алат!
    Ургаачы карап албаңар,
    Улуу доого калбаңар,
    Кыз-келин кармап албаңар,
    Кеткен алып шондо деп,
    Кектүү болуп калбаңар.
    Киши өлтүрбө, мал алба,
    Эр өлтүрүп, мал алып,
    Эсепсиз калба залалга.
    Жан кыйганың жаман деп,
    Жанын койгун аман деп,
    Өлүп бара жатсаңар да өз колу менен бергенин алгыла деп жоокерлерди тартипке, нысапка, акылга чакырат Ба-кай. Жалпы эл буга муюду. Өз ара душмандык жок, арала-шып калышты. Кең өзөнгө конушуп, каалаган малын союшуп, калмактардын өзүнөн казанчы кылып коюшуп, катар айыл болушуп, бири-бирин сыйлашты, коноктошту. Манас өз ордуна олтурган. Аңгыча кан сөөлөтүнөн жазба-ган Кайып даң кирип келип, калмакча салам айтып салга-ны. Кубангандан эр Манас "Байна" деп тура калганы. Ошондо Кайып даңдын "Отур, отур балам деп, оозунан чыкты жакшы кеп". Муну байкап турган:
    Бакай абаң бакылдап,
    Кашындагы Меңдибай,
    Катуу күлдү шакылдап
    Кантсең да кызды алдың деп.
    Кайып даң мындай дегенде,
    Ашыкканың курусун,
    Байнаны айтып салдың деп,
    Кара жанга күч келип,
    Кабылан Манас баатырым,
    Калмак боло калдың деп, -
    баатырлар кылды тамаша. (545-бет).
    Кайып даң үй көтөрүп, кызматкерлерин жумшап, ката-ры менен тай сойду, кыдырата чай койду. Кызы Карабөрк жүгүрө басып, айткандан чыкпай, ал түгүл жүгүнүп ка-лыптыр. Манаска тартуу барасың дегенде "кыз ысынып, бою ийип, кабыл алдым ата деп, Кабылан Манас баатырга, кылбагын кыйла ката деп" өзүнүн ыймандай сырын ачык-ка, чыгарды. Кайып даң элине кайра ээ болуп, мусулман динине кирип, келме шаадай келтирип, кудай бирөө деп тааныды. Алты күн өткөн соң, аябастан дүйнөсүн кыз бе-рүүгө камынды.
    Уугун күмүш сырдатып
    Керегенин борумун
    Кандай уста кылган деп
    Көргөн жанга суратып,
    Ак манат менен жаптырып
    Керегенин кобулун
    Алтындан накыш чаптырып,
    Ичин кызыл сырдаган,
    Чийин жибек менен чырмаган,
    Салтанатын көргөндө
    Жайсаң ырчы дегени
    Жалаң үйдүн борумун
    Жарым күнгө ырдаган.
    (548-бет)
    Ак ордо үйүн көтөрүп, аны атайын Манастын үйлөнүү үлпөтүнө арнап, ичи тышын кооздоп, эң башкы жөрөлгөнү ушул жерде өткөрмөк болушту.
    Атлас төшөк, ак шейшеп,
    Алдарына салдырып,
    Адам бою ак мамык
    Башка ылайык алдырып,
    Салган орун мамыктан
    Жаткан адам камыккан.
    Дамбылданы чакыртып,
    Күбө далил жыйдырды
    Окуп кутпа дубаны
    Кызга нике кыйдырды.
    Кызга нике байлады.
    Төшөк көтөр жеткенче
    Кыргыйдай көзү жайнады.
    Коржоңдоду кокую,
    Баатырдын шору кайнады.
    Төшөк көтөр жеткенде
    Кыз койнуна жеткен соң
    Кыраан эр кыймыл эткени.
    Ачасын белге алыптыр,
    Алиги кызды караса,
    Акылынан таныптыр.
    Аялуу жерге баатырың,
    Аябай аспап салыптыр!
    Бүгүштүн баары жазылды
    Бүктөөдөгү кара кан,
    Бүркүрөй түшүп басылды.
    Баатырдан себил берилди,
    Бүрбүйүп жаткан баягы
    Кириши чыгып керилди...
    (550-бет)

    Каттаманын-кыстырма:
    деп Манас бабабыз бу жолкусунда "төшөк-жеңишине" жетишкен экен...


    53
 
Страницы:  1  2  3  4  ... 54

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2