Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1 ... 52  53  54  
54-бөлүм (02.01.2020 : 11:45:29)
    Дүйшөн-саптар
    Дүйшөн өзү Жапаров, акын. Экөөбүз тээ "Ленинчил жаш"тан бери тааныш болчубуз. Анан ал менин "Каттамадан" сатып алган жаман үйүмдө эки жылдай жатты, шаардын чок ортосунда. Качан барсаң эле үйү (менин үйүм) мандемдүү мастарга толтура болчу. Анан былтыр "Арча-Бешиктен" там салды. Аялы, кичинекей баласы үчөөлөп түндүк көтөрүп жатып калды. Аерде менин да жерим бар эле, алдырып жибербедимби кашайып. Соксойгон туалет будканы орнотуп койгом, ага да карабай бир ойронго сатып жиберишсе керек "жержегич" билермандар. Анан жанагы будкага Дүйшөндүн көзү түшүп калат: "Душ кылат элем", – деп. "Сатам", – дедим. "Акчам жок", – деди. "Ырларың бар", – дедим. "Сиздикине жарабайт", – деди. "Жаратып жаз", – дедим. Айткандай эле татынакай сап-тарды жаратып салыптыр Дүйшөн акеси. Ылайым алган будкаң ванна болуп берсин!


    Курсташ элек, эми болдук базарлаш,
    Кумарыңды эч ким мендей жазалбас!. ..

    Карамыш болуп самынды,
    Карашат баары саныңды...

    Айрыпсың менин катымды,
    Айрыйм го бир күн чатыңды...

    Адегенде үйрөнгүн!
    Андан кийин үйлөнгүн...

    Толду эле сиздин шишиңиз,.
    Тооруптур эми сифилис...
    Ысык-Көл, сенин кылааңда,
    Ыр издеп жүрүп чактыргам
    Ышкырган мобу жылаанга...

    Көрүнөт экен күзгүңдөн!
    Көөнүм жок түшөөр үстүңдөн

    Өзүчү, түшүрөөрдө ыйлап ийет,
    Өнөгү түшүрөөрдө туйлап ийет!

    Миң мекиян ичинде,
    Короз болуп калсамчы!
    Миллиондоп пул чачкан,
    Сорос болуп калсамчы!. ..

    Айылынын аты Шамалды-Сай,
    Аркырап аккан там алды Сай.
    Аксыга барсаң айланып өтпөй,
    Армандуу сулуу Жамалды сай!

    Эртеңки күнүңдү да ойлош керек -
    Эри бар катын менен ойнош керек...

    Жуубаган неме чынысын,
    Жуумак беле жынысын...

    Баштадың болбой кайыкта -
    Баш жагын эми тайытпа!

    "Бал кызсың" десем балдызды,
    Балына кашык малгызды...

    Ашыгыңдын жарпын жаз -
    Алдын да каз, артын каз!

    Сабыңа сабың уйкашып,
    Санаасыз жатсын ыйкашып...

    Төшөктө таза болгула,
    Төшөктөн каза болгула!

    Санаамдан кетпей ак келин,
    Сагындым сени, Баткеним.

    Кирипмин бекер алааңа -
    Кириптер болдум жалааңа...
    __________


    1
 
Страницы:  1 ... 52  53  54  

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2