Төкөмүн бу китебин
толук алам дегендер
издегиле.


Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  ... 44
1-бөлүм (05.01.2020 : 12:07:30)
    БИРИНЧИ КИТЕП

    Кан ордо

    ...ордосу болбой эл болбойт, ордолуу эл кем болбойт, ордосу жок, журту жок, ортосунда ыркы жок
    эл дегенге тең болбойт...

    (эл акылы)


    БИРИНЧИ БӨЛҮМ
    1865—жыл...
    Генерал Черняев боз чаптуу дөңдө жалгыз көздүү дүрбү салып турду. Бет алдындагы түз талаа гана эмес, те алда кайда карарган чоочун Ташкен дубалы, мунарыктын алдында жаткан дарактуу кыштактар, сай бойлорундагы күдүрөйгөн камыштар, андан бери канаттуу чегирткелердей жайнап, акырын жылып келаткан көп аскер даана жатты. Кылка - кылка атчандар. Арты көрүнбөй ийрилип, чубалган жөөлөр. Боз чаң ар жерден бирткелеп түтөп, кайра жерге сүйрөлүп, суйдаң сарала тулаң чөптөргө, жалгыз аяк көк жантактарга самсып төгүлөт. Алыстан ат кишенейт. Адамдын жаң- жуңу кулакка илешет. Кокондуктар мынчалык камдуу келерин генерал күтпөгөн эле. Бирок, жүрөгүнүн өртү өчө элек курагы, аксаргыл жүзүнөн кандайдыр бир кооптонуу көрүнбөдү, жеңишинин тагдырына санаркоо болбоду. Кайта, эч капарсыз гана, каралжын саргыч мурутунун алдынан текебер жымыйып тиктеп турду. Бу ийри кылыччандарды биринчи жолу көрүп отурабы?
    Бат атар мылтык менен толук куралданган бир жарым миң солдаты, бул жер түгүл Европага жүрүш кылууга жарай турган мыкты артиллериясы бар. Эмнеден кооп санамакчы? Кандайдыр бир коркунуч түзүүчү шарт азырынча бет алдында жок сыяктуу болучу.
    Ушул учурда кокондуктардын аскербашысы да мерчемдүү өңүткө келген. Ак боз аргымактын тизгинин жыя тутуп, сары талааны туш-тарабына, боз чаптуу майда адырларга, өңүт тандап бөлүнүп кетип жатышкан кошун кыйрына назар таштады.
    Көздөрү канталап, иреңи кубарып, бырышы көбөйүп, уйкудан жүдөгөн. Анын үстүнө, эки ийнинен жеңсиз карала кымкап акбоз аргымактын дүңкүйгөн соорусуна чубалып, көлбүп басып дагы көрүмсүз кылып салган. Кушту жырткыч кылган тырмагы, кишини сүрдүү кылган мансабы. Жандап турган нөкөрлөр, удайчылар1 көзүнүн агы менен чимирилишип, ал эч ким менен сүйлөшпөй, эч ким менен макулдашпай, туштарабын


    1 Удайчы — жан жигит, кайтарып жүрөр жигит.

    колун серелеп карап, акырын ооз кыбыратуу менен керектүү буйруктарын оң канатка, сол канатка берип турду.
    Үч күндөн берки акмалашуу бүтүп, бирине-биринин сыры такыр белгисиз эки жоо үрөй учурган тымтырс бойдон, акырындап, улам жакындашып келатты. Сыпайлар1 беталдын, өңүтүн бат-бат өзгөртүп, тушкелди бастырышып, бирде дыр коюп, ат ойнотуп, бирде элтейип токтой калышып жатты. Үстөмдүктү алыш үчүнбү, күн батыш тараптан генерал Черняевдин айрым бөлүктөрү биринчи болуп кол салып, тынымсыз барабан дабырап, арт жагынан анда-санда дүңгүрөп замбирек атылып, жүрөк үшүткөн сүр менен кокон кошунунун сол канатын түрө чыкты. Бир тегиз ак кийинген солдаттар ок жете турган аралыктан анча өтүшпөй, леклектердей желе тартып эки жакка жайылып, жабыла ок чыгарышып, көгөрүп каптап киришти.
    Аскербашы2 жаак териси тырышып, канталаган жүдөө көздөрүн акырын ирмегилеп, камчылуу колун чекесине алып, ойго батып тиктеп калды. Нөкөрлөр нестейди, ар бири ичинен кармашуунун жоопкерчи- лигинен өзүн какас ойлоп, бу кантер экен дешкендей алдыртан аскербашыга көз салышып, унчукпай, кай биринин дени өлүп, кай бири табалап, тышынан жөргөмүштөй бүрүшүп оозун карап, катып турушту. Аскербашы чарчаңкы улутунду:
    -Чырнай паша кылычташууга жеткирбей, өзүнүн огу келгидей аралыктан бери өтпөй, кууп атып кырмакчыбы?
    Жакын турган Абдымомун бек эңилип:
    -Ошондой го, таксыр, бу капырдын ою! — деди акырын. Аскербашы ойлонуп унчукпай калды. Канталаган жүдөө көздөрү чекчейип, тиги кымкуут түшүрүп өткүн сыяктуу улам кысып шатырап жакындап келаткан жакты диртилдеп чаргып, тынчы кете баштады. Ал акырын ооз кыбыратып буйрук айтты:
    — Толгомо...
    Анын ою душманын замбиректеринен бөлүп, алаксытып, желиктирип ортону көздөй көп такат кылбай коё берип, анан эки капталынан шап ороп, окко карабай жабыла ат коюп кирип, бирме-бир салгылашууга тартуу. Ага жеткенде генерал Черняев темир курчоодо калмакчы. Жеткиреби ошого? Муну генерал баамдап коё тургандай же бирөө жеткирип сала тургандай жүрөгү чоочулап, ичи бир кымылдап, бир сыйрылып, башына кан дүргүп, жаны түтөп, барган сайын чыдамы бүтүп баратты. Ал сол канат жакка бастырды...
    Генерал Черняев дүрбүнү көзүнөн алды. Бир пас жөн тиктеп, жерди көзү менен чендеп алды да, буйгада бугуп турушкан атчан козак жүздөрүн эки канаттан тең ок менен алга жыла берүүгө буйрук кылды. Анын ою байкоо, эгер көптүккө салып жапырып киришсе, аткылоо менен дароо артка чегинип, аларды замбиректердин огуна капталтуу, кайра чабуулга өтүү, а даай алышпаса, кууп атып, улам жаңы өңүттөрдү колго ала берүү. Генерал чоң дүрбүнү кайра көзүнө алды. Кызыл кийинген сарбаздар3 далдакташып, шашып жүрүшкөн болуу керек, кытайча деп аталган кичинекей жез замбиректерин дөңдөргө орнотуп жатышат. Алардан бери, ар жерде үйрүлүп токтой калып турган сыпайлардын үстү жагында милтелүү мылтыктарынан улам түтүндү бурк эттире мергендери бат-бат ок чыгарууда. Кай жакты мелжеп жатышты экен? Генерал

    1Сыпай — атчан аскер.
    2Аскербашы — колбашчы, башкы командачы 3 Сарбаз – жөө аскер

    байкай албады. Өзүнүн алдыдагы аткычтар ротасынын желеленген катарын сыдырып тиктеди. Жыгылганы же катардан аксап калып калганы көзүнө чалынган жок. Андан соң чоң дүрбү кокон кошунун так ортосун генералдын алдына тартты. Боз чаптуу дөң... Бир топ атчан... Акырын сол канат жакка бастырып баратышат... Генерал алдыңкы акбоз атчанды көп имерип тиктеди...
    — Алымкул... даңазалуу аскербашысы... Ошол өзү...—деди, аксаргыч жүзү, көгүлтүр тунук көзү жайнап. —Гм... Өзү келген экен алдыңкы өңүткө...
    Акбоз аргымакчан аскербашы өз тегерегиндеги тандалган сыпайларды октон четтеп аздап кетенчиктей берүүгө буйрук кылды да, өзү бир топ удайчы менен генерал Черняевдин алдыңкы күчтөрүнүн жолунда калды. Эми ок чырылдап келип, жакын түшө баштады. Акырын селтилдеп кошкуруп, кулактарын тикчийтип, тиги улам жакындап келаткан чочун каңыртты тиктеп, ооздугун шылдырт чайнап акбоз аргымак тыбырады. Эмне үчүн? Аскербашы кылычын булгалап, тизгинди жыя тутуп теминип, акбоз аргымакты ансайын элиртип, кыйкырып ураан таштап карашалай берди. Ал душманынын көңүлүн өзүнө тартты. Кармашууга чындап киргендей түр көрсөтүп, кытайчаларынан тындырбай ок чыгарта баштады. Бирок, ал кытайчаларын бирдемеге жарайт деп үмүт кылган жок, кытайчалар орус замбиректерине караганда көсөө эле, антсе да, сарбаздар кутургандай дүңкүлдөтүштү, мелжеген жерге жетпей октору ара жолдо чаңга аралаша тоголонуп калып жатты. А аскербашы дагы эле ат ойнотуп дөңдө. Ошол учурда ага жакын турган нөкөрдүн аты чыңырып кош аяктап тура калды да, оңколоп жыгылып түштү. Ээсин баса жыгылды. Тургандардын үрөйү учту. Аскербашы гана өлүм издеген сыяктуу, өжөрлөнүп ат ойнотуп, шаңданып көзгө түшө берди...
    Генерал Черняев баарын көрүп турду. Ага аскербашы желөпкө жигиттей жеңил сезилди. Ал дүрбүнү көзүнөн алып мыйыгынан күлдү:
    -Мына, Күнчыгышта октун алдында жалаңач чапмай али бар. Ок баатырды аяйбы! Бул башы менен бу аскербашыбыз бөөдө өлүп алат...
    -Бул, менин билишимче, кыргыз кыпчактын жедигер уругунан чыккан киши, - деп эске салды генералга жакын турган аскерче кийинген ориенталист, кокон калкынын эң тынчы жок согушчан катмарынын башкы жолбашчысы, көсөмү. Бу адам өз ара кармашуудан быркыранып бузулуп калган уруулардын союзун кийинки үч жылдын ичинде өзүнүн акылы менен, айлакерлиги менен, албетте мүмкүндүгүнүн болушунча, кайра бириктирди. Согушка жарамдуулугун бир кыйла көтөрдү.
    Генерал жактырбады. Ал беталдын тиктеп турган калыбында, өзүнчө күңкүлдөп койду:
    -Баары бир кеч болуп калды. Эми кандай гана тыбырабасын натыйжасы куру бакыруу, куру жулунуу, окко жылаңач төшүн тосуп чабуу...
    —А го белгилүү иш.
    Генерал камырабай жерге түкүрүп, аппак жүзарчу менен эриндерин сүрткөн болду да, каралжын саргыл мурутун сылап туруп, тиги акбоз аттуу топту бир орудие менен аткылоого буйрук кылды.
    —Кана, баатырлыгын көрөлү...
    Ал дүрбүнү кайра көзүнө кармады. Ушул кароодо орудиесинин кубаттуу ядрасы дөбөнү ак чаңга бөлөп, кандай кымкуут түшүрөрүн, акбоз аргымак кызуу кандуу ээсин көтөрүп кандай ызылдап качып баратканын тамаша кылып тургусу келди. Жок... Акбоз аргымак дөңдө жок! Генерал Черняев көзүн парлап алып кайра кадала тиктеди. Ар

    жерде көк жантак сербейип... аттын өлүгү жалгыз карарып жатат... Ошол учурда оң жактан да, сол жактан да, көп кошун жайнап чыкты.
    -Алдагысы келген экен карыган түлкү. Курчап алгысы бар окшойт! - деди генерал Черняев. - Азырак артка! Тез!
    Байланышчы буйрукту алдыңкы аткычтар ротасына алып чапты. Генералдын иреңи биртике кубарып кетти.
    Бирок, ого бетер мүнөзү жайдары тартып, өрөпкүп чыкты:
    -Тез! Орудиелерге таянып, тегерене коргонуп туралычы. Хе, айтпадым беле, буларда жалаңачтанып октун алдына чапмай али бар деп! Мейли, алачапандарынан ок өтпөй турган болсо, мейли, келе беришсин! - деп сүйлөп, көгүлтүр тунук көздөрү жалтырап, эң алдыңкы топтун тездигин ээрчий тиктеп, тынчы кеткени билинип баратты. А канаттуу атчандар орудиелердин артына өтө чыксачы?..
    Кокон аскербашысынын жүрөгүн өйүгөн да ушул болду. А дегенде тике качырбастан, душмандын бир канатын толгой качырып, куюн сыктуу улам сыгып ороло чаап, желкеден уруу, беттеген багытынан ажыратып, аралашып, кылычташууга мажбурлоо. О, ал үчүн окко чыдоо керек! Окко чыдаса жеңиш, чыдай албаса чилдей качып кырылыш. Качып кайда барасың? Кайсы убакка чейин качып отурасың?.. Ал өрттөнүп, бир жерге тынчып карап туралбай, туталанып, ар жоокеринин алдына ыйлап бергидей болуп, жаагынын этин жеп, бүт кошунду чабуулга көтөрдү.
    -Хайт де! айт де! Карышкыр тузакка кабылды... Өзү келип кабылды. Хайт дегиле! Орогула... Тепсеп өткүлө...
    Көп кошун чубалып, кара селдин шарындай түрмөк-түрмөк болуп, эң катуу тездик менен, бороондой күүлдөп, генерал Черняевдин сол флангасын жемирип кирди. Ок мөндүр болуп тосту. Тобокелчи жандар өрттөй чатырап, ажал канатына жармашып, кылычтарын булгалап, аттан мурда алга обдулуп, ири алдыда дүрдүгүп баратышты. У-у- у! у-! у-у! Хайт! Хайттайт! Ызылдаган кыйкырыктан, дабылдын үнүнөн, ат туягынан жер дүңгүрөдү. Генерал Черняевдин бийик жерге катар орнотулган замбиректери жабыла ок бүркүп тосо баштады. Учкаяк аргымактар аралаша тийген ядрадан чакчаңдап элирип качып, өлүктөрдүн үстүнөн, жыгылган аттардын үстүнөн так түйүлүп, ок жаңылганы чыңыра кишенеп аласалып, кай бир аттар үзөнгүгө буту илинип калган чала жан кишилерди сүйрөп, кара селдин сүрдөнүндө үркүп чуркап келатты. Кандын жыты, күйгөн дарынын жыты абаны мас кылды.
    -Хайт де! Хайт де! Орогула!.. Жайпап өткүлө... Тепсеп өткүлө. Хайт де! Ата арбагы колдосун... Хайт де...
    Аскербашынын үнү бирде өкүмдөнүп буйрук болуп, бирде каар төгүлүп, бирде баш кеңгиреткен кымкуут каңыртка аралашып, төнүп, кандайдыр алсызданып, жалынып тургандай, каландердин ырындай муңдуу болуп, чаңдуу абада, кан жыттанган кызыл абада, дары жыт түтүндүү көк абада калкып жүрдү.
    Генерал Черняев тегерене коргонду. Солдаттар, атчан козак жүздөрү аттарынан түшүшүп, жерге сулап жатышып, чабуулдан ок менен калкаланышып, тиги жапан атчандардын алдына катуу бүлгүн түшүрүп, бирок, кантсе да кысылып, аздап артка чегинип турууга мажбур болуп жатышты. Кокондуктар өжөрлөнүп, кырылганына карабай, күбүлгөнүнө карабай, суудай каптап, ири алды кылычташууга үлгүрө тургандай болуп келатты. Генерал Черняевдин жүзүнөн текебер жылмаюу кете

    баштады. Ок канчага жарар экен?.. Жапан атчандар канчага чыдар экен?.. Анын жүрөгүн дүкүлдөтүп, жапан атчандар оролуп баратты..
    Жанындагы нөкөрлөрүнөн кымкуутта аскербашы ажырай түшкөн эле. Бир гана удайчысы ээрчип жүрдү. Ал эч адашпай, эч калбай, көлөкөсү сыяктуу ээрчип жүрдү. Аты да кара, өзүнүн иреңи да кара, түнөрүңкү, суз, муздак болучу. Эриндерин бек кымтып, агы көрүнбөгөн кичинекей жылтыр көздөрүн былк эттирбей, аскербашыны дайыма тиктеп жүрдү. Колунда милтелүү кара мылтык. Милтесинен такыр чок өчүрбөйт.
    Аскербашы жер түтөгөн чуунун ичинде булуттай акбоз аргымакты кылактатып, кылычын булгалап, кар көчкүдөй дүңгүрөп агып өтүп жаткан кошунду карап:
    -Хайт де! Хайт де! - деп, кыйкырып ураан таштап токтоло калды. Удайчы эки жакты бат-бат каранды. Анын агы көрүнбөгөн жылтыр көздөрү диртилдеп аскербашынын далысынан өтө баштады. Бул эмнеси? Ал атынан леп ыргып түшө калды. Ага эч ким серп салбады, жан кулактын учунда бараткан ызы-чууда эч ким байкабады. Кара атынын далдасына өзүнүн кара денесин жашыра берип, атынын кара жалынан мылтыктын учун ашыра сунду. Шашты. Жүрөгү лакылдап, аскербашынын далысын кароолго токтото албай, өзүнөн өзү чоочуп, селт деп мылтыкты кайра тартты. Акактап оозун ачкан бойдон дагы эки жакты бат-бат каранды. Дароо эңиле, кара жалдан мылтыкты дагы ашырышка батынды... Көз ирмемде мылтык үнү тап этти!... Аскербашы селт дегендей болуп түзөлө түштү да, акырын ийилип ээрдин кашына өбөктөп туруп калды. Удайчынын кичинекей жылтыр көздөрүнүн агы эми көрүнүп, колдору титиреп, бели бүкчүйүп, атын тизгинден тарта акырын артка кетенчиктеп жөнөдү. Аскербашы ат үстүндө термеле, эсин жыйды белем, араң кылчайып артын карады. Ууртуна кан чыга түшкөн эле, ал киркиреп алсыз үн салып, удайчыны атынан чакырды, аны жардамга чакырды. Удайчы үн бере албады, калтырап, мууну шалдырап, атына эмгектеп араң минди да, кулагын жапырып, атын бат-бат желдирип, качкан уурунун көлөкөсүндөй кубаңдап, караңдап жөнөп берди...
    Көңүлү азды. Жарадар болгонун билди. Көкүрөгүнүн тереңинде кандайдыр бир өжөр күч аны бек кармап, жымыратып келаткан уйкудай шалдыроодон түртүп ойготуп жатты, чымыркантты, акбоз аргымактын күмүштөй жылтыраган ак жалына колу карышты. Кылычы түшүп кетти, ал термелип ага эңкеймекчи болду, дарманы куруп ошондон нары ээрден оой баштады. Акбоз ээсинен тизгини бошобой калып, бир тегерене окуранып токтой калды. Ээси үзөңгүгө тырмышты, жандалбастап, чымырканып, калтылдап, турууга аракет кылды. Чекесинен кара тер кетти. Ууртунан жылжып аккан кан көкүрөгүнө куланып, канга чакап, колу үзөнгүдөн үзүлүп, жер кучактап жыгылды.
    Аргымак селт эте түштү да, кан жыты үркүттүбү, кошкуруп, тизгинине чалынган бойдон кергичтеп басты.
    «О, тагдырдын ойну... Ал Алымкул аталык1 эмес беле? Бүтүндөй бир уюктуу журттун туткасымын дечү эмес беле? Акылдуу тандап бурадар күтпөдү беле, белдүү тандап сүйөк күтпөдү беле? Кайда алар? Кайда
    кетти баарысы? Кан жөткүрүп жыгылганда колтугунан жөлөргө бир жан болбоду жанында?..»


    1 А т а л ы к — ордодогу эң улуу даража, хан жаш мезгилде өлкөгө башчы, хан атасы.

    Жер таянып, ал акыркы жолу башын көтөрдү, канаты сынып бийиктен түшкөн бүркүт сыяктуу алысты, жарыктыкты армандуу тиктеди. Көзүнө бүт жер бети өрт каптап келаткандай кыпкызыл болуп көрүндү, эрбейген чөптөр да, таштар да, өзүнүн кара түктүү сөөктүү колдору да кыпкызыл болуп өрттөндү, окко чаап баратышкан атчандар кыпкызыл оттун ичинде кутулуп чыгар жолу жок чыңырып туйлап, эч аргасыз жалбырттап күйүп жүрүшкөндөй көрүндү. Анын көзүн кан чырмап баратты...
    Нөкөрлөр кыйла артта ат жалына өбөктөшүп, жолбун октон корунушуп, ийрилишип турушкан эле. Үстүндө ээси жок, тизгинине чалынып улам мүдүрүлүп коюп келаткан акбоз аргымакты көрүп, четте турганынын үрөйү учуп кетти.
    — Өй...
    Баары көрүштү. Жабыла чаап акбозду кармашты. Ошол замат аларды түкшүмөл ойлор бийлеп, бирин бири алдыртан тиктешип, бири биринен коркушуп, шектенишип, томсоруп, кумсарып туруп калышты. Аталык кайда? Эмне адисе болду? Жабыла тиги акбоз келген жакты көздөй чабышты.
    Алымкул сербейген эки жантактын ортосунда жүзтөмөн түшкөн бойдон жаткан экен. Кара кан көбүктөнүп, алдынан жайылып агып, боз топуракка сиңип калыптыр. Чалкасынан оодарышты.
    Үстүнө үңүлүп турган эң күйөрман кишиси Абдымомун бек өксүп жиберди. Чуу көтөрүп кайра токтошту. Эмне кыларды билишпей баары шалкайып туруп калышты. Кай бирөөлөрдүн көзүнөн сызылып жаш чыкты. Кай бирөөлөр шыпшынды. Кай бирөөлөрдүн бул топтон канткенде суурулуп чыгып кетиштин камына түшө эриндери ортозаар кымтылып, көздөрү ойноду.
    -Киши колдуу болуптур...
    -Киши колдуу болуптур... Ок артынан тийиптир го...
    -Ок кайдан чыкты? Кимден чыкты?.. Абдымомун бек буркурап жер муштады:
    -О, бир көзүңө бир көзүң жоо болуп... кандай
    күн болуп кетти бу!.. Удайчылар кайда жүрүшкөн?.. Көзүң кашайгырларды кармагыла! Кармагыла бирин койбой!
    Жалгыз иреңи суук удайчы жок болуп чыкты. Ушул учурда ал Ташкендин жолунда чаң түтөтүп уруп бараткан эле.
    Аскербашынын киши колдуу болуп калганы кошунга жел менен кошо тарады. Чабуулга күүлөнүп баратышкан жүздөр элтейип тизгин тартып токтой башташты. Бирине бири шек санап, биринен бири абайлап, кандайдыр бир кескин сөзгө, кескин кадамга барбай миңбашылар нестейди, пансаттар нестейди. Кимге кулак тутушат?
    Кимдин буйругун угушат. Бири да, мындай кылалы деп, алдыга чыга албады. Жер жайнаган көп кошун ушундай кысталыш учурда башсыз калды.
    Кошундун алды генерал Черняевдин артына ороло баштаган болучу. Ушул учурда күтпөгөн жерден арты суюла түштү, көз ачырбай каптап келатышкан сансыз атчандар жел башка жакка айдап жөнөгөн жөө тумандай түрүлүп, салгылашка кирбей, кыя салып, четтеп кете башташты. Алды көмөксүз, демсиз калды. Таш менен урса жеткидей жакындан түз атылган окторго калбыр болуп, бири калбай жер кучактап жыгылышты.
    Үзөнгүгө буту илинип калган өлүктөрдү сүйрөп, чыңырып кишенеп, кергичтеп качып жүргөн аттар да кутулган жок, ырайымсыз коргошун ок кубалап, издеп тийди.

    Генерал Черняев оңолууга дароо мүмкүндүк алып, өңүттөрүн тез бекемдеп, экинчи чабуулду күтүп калды. Экинчи чабуул кай тараптан келер экен? Ал дүрбү салып, мерчемдүү багыттарды арытып карады. Шектүү эчтеме жок. Ар кайсы дөңдө бүлбүлдөп майда туулар көрүнүп, туу түбүнө чакырган дабылдардын үндөрү дүңкүлдөп чыга баштады. Генералдын көз алдында эмелеки суудай бирдиктүү кошун майда-майда топ болуп, бөлүнүп чаап, майданды таштап, тууларды карай самсып тарады. Буларга эмне болду? Кандай аскербашы өңүтүн таштап чыга берет ушундай саатта? Генерал ишене албады. Карыган карышкыр дагы бир шумдугун көрсөткүсү келди бекен же?..
    -Буларга эмне болду? - деди генерал Черняев
    кайрадан-кайра дүрбү салып. - Мына сага күнчыгыш. Улам бир күтүлбөгөн ишке урунасың...
    Ойноктогон акбоз ат эч жерден дүрбүнүн көзүнө илинбей койду.

    II
    Көк өзөн...
    Жээктери бири-бирине уланышкан жал камыш, майда бадал. Түркүн чөптөр, жапайы беделер мала- кызыл гүл ачып, ар жеринде ак какым үлпүлдөп, жыттуу эрмендин баштары сары тартып кылкылдап турат. Көктүн жыты аңкыйт. Чоң ак, сары көпөлөктөр бейкут учушуп, кайра жер тандап конушуп, күнөстөшүп, бирдемеден үрккөндөй кайра серпиле көтөрүлүп, серүүн абада кылактап жүрүшөт. Кошбаш жүрүшкөн чымчыктардын тилинен башка эчтеме магдыроосун ойготпой, аба тыптынч.
    Теңирберди жашыл адырдан чөп басып кеткен бир таман ийри жол менен кулундуу сарала бээсин жай бастырып өзөн боюна түшүп келди.
    Көк өзөн боюнда адам байырлаган жалгыз дарак ушул чоң түп шаатыт 1. Жерге сойлоп, чөгүп жаткан кызыл нардын мойнундай ийри ноодаларынын шагы калың, түбү жайлуу, көлөкөлүү. Жел болсо болбосо да, башына майда толкун жүрүп, балыгы үрккөн көлдүн бетиндей жыбырап, көйкөлүп, дайыма акырын шыбырлап турар эле.
    Теңирберди бээсинин белин бошотуп, ооздугун чыгарып, жапайы бедеге коё берди да, канжыгасына байлана келген кичинекей кол чаначтагы кымызды чечип алып, эч шашылбай басып, шаатыттын түбүнө кирди, аны бутакка илди. Эки сары барпы чымчык шаатыттын шактарынын арасынан кубалашып чыгып, оволоп көтөрүлүшүп, алтын түстүү кызгылт сары канаттарын күн нуруна жалтылдата кайта шаатытка имерилип, кужурап сайрашып, калкылдап жүрүшкөн. Кары ошолорду тиктеп, тилин тыңшап, канаттарынын жалтылдаганына таңыркап, бир пас турду да, анан өзү курактуу кары адамдардын адатын кылып, ичинен тирүүлүгүнө шүгүрлүк келтирип, күңгүрөнүп тиги арпа жайга карай бет алды. Качан бышат? Ал бүгүн да арпасын көрүү үчүн эле келген болуучу.
    Эрте айдалып, убагында жаан көрүп, жакшы баш алган арпалар мөлтүрөп башын көтөрө албай, бирине- бири ыгып, шыгырап, сансыз кылкандары кылкылдап жай алдынын коңур желине акырын көлбүп, сүт даны ыдырап, көңүл тойдуруп турган. Дан багар карынын жүзү күлүңдөп, көздөрүнөн тирүү учкундар жылтылдап, арпадан бир баш үзүп ушалап данын чыгарды да, алаканына тоголонуп түшкөн бадырайган көк данды тырмактап көрүп, кубанып башын ийкеди:
    —О! Бая күнү сүт эле. Бүгүн дүмбүл болуптур. Көп калса, дагы бир жумалык жашы калыптыр, бир жумадан соң тартынбай четинен кирип тесте салып, көжөлүк чыгара берсе болот экен, кудай буйруса...
    Ал данды жерге таштагысы келген жок, алаканына чогултуп туруп, насыбай аткансып оозуна кагып салып алды. Эми карынын көзү алыска кетти. Тиги коргондой айланада бир тегиз бүлбүлдөп турган ак карлуу чокуларды, сургулт булуттарды, ощол тарапка акырындап сүзүп бараткан күн чарасын чаргып өттү. Колуна жуккан арпанын көк тыпынын каккылап, дандын тузу жок ширесин мүлжүңдөп шимип ою эчтемеге аралашпай, колун артына алып, арпаны жээктеп кыдырып басты.
    Ал арык, бою узун, сөөктүү адам болучу. Сакалы, чачы көгала. Ылдый түшүп, сакалына жалганышып турган сыйда муруту кыроодой ак. Кылдары жоон тартып, суюлуп, арбайып өсүп кеткен каштары гана али капкара. Жүзү коло сыяктуу. Терең бырыштары ашык чийини жок, көзгө жылуу. Ал акылман сөөлөттүү адам эле.


    1 Шаатыт - тыт дарагынын бир түрү.

    Нарытан шаатыттын түбүнө аттуу киши келди. Бул ким болуп кетти? Кары көздөрүн парлап, кычыктарын жыртайтып кадала тиктеп, аттуунун түшүп жатканын көрүп, ашыкпай баягысындай эле илең- салаң бут шилтеп, шаатытка көптө араң келди. Эң мурда байланып турган атты карады. Тааныган жок. Аттын ээси камчысын бүктөй кармап, колдорун артына алып, суу жакты карап турган экен. Ал абышканын басып келаткан дабышын угаар замат бурулуп карап, алдын тосо басты. Кары чоочуркап тиктеп оозу бош салам айтты. Кол алышып көрүшкөн соң:
    -О, мүнүшкөр Сарыбай турбайсыңбы! Кел, кел... Отур, отур... Сарыбай күлгөн болду.
    - Келчү эмес элең... - Теңирберди капыстан келген мейманына бутакта илинип турган карала эчки талпакты салып кадырлап отургузуп, өзү как жерге чөк түштү, кыйгач тийген күндүн көзү чалып өткөн жердин табына карынын тизеси жылып жаны сүйүп кетти. —О, Сарым... келчү эмес элең, жол болсун?..
    Сарыбай сейрек сары сакалдуу, көзүнүн үстү кабарчыктаган, эти жука киши эле.
    Кебези тайыз кашкары чапанды саймалуу сары кең чалбарга шымданып койгон. Бутунда тумшугу чукчуйган көн өтүк. Колунда күмүш камчы.
    -Бекерчилик, Теңирберди аке. Кырааным түлөп отурат...
    - Бекерчи болсоң, мына жакында таруум баш алат, келип таруу корушсаңчы! - деп Теңирберди абышка тамаша сөз жиберип, кызыл ээк оозун ачып кыкылдап күлүп калды. - Бүркүтүңдү үксөйтүп тыттын башына кондуруп койсоң болду, ошондо эле чымчык атпай бу чөлкөмгө жолобой калат!
    Сарыбай күлүп, ал дагы тамашага жараша жооп кылды:
    -А бүркүтүмдүн тырмак акысы кандай болор экен, Теңирберди аке?
    -Теңшерик!
    -О! Жылда эле, Теңирберди акө, бүркүтүмдү тытыңыздын башына кондуруп берип мtйнетиңизге теңшерик боло берем го!
    -Ошент.
    -Ха-ха-ха! Анда ат тердетпей үйдө жатып жан бага берет турбаймынбы!
    Күлүп калышты. Күлкүдөн соң Теңирберди үрпөйгөн кара каштарын ылдый салып: Түзүк Сарым...- деди. - Оңой бекен жан бакмак. Арпа эми дүмбүл болду. Эки-үч тутам жулуп алпарып балдарга куйкалап берип алдап турсамбы деп келдим эле. Күндө көрүп турбасаң да болбойт, мал кыйратып кетеби деп чочуйсуң. Тиги кара адырдан нары айыл, өзүң билген таштуу башат конушта. Э, минтпесе да болор эмес, балдарга биртике азык болуп калсын деп...
    -А эми, Теңирберди аке, тирилик да. Дан багуу жанга тынч чарба экен, секиндеп бүтүрө берсе...
    Мал артында чөптүн гүлүн, суунун тунугун, абанын салкынын кууп, ээн көчүп, конуп жүргөн элетте дан багуу сейрек иш. Карыптын оокаты дешет. Бир илешсе колундагы төрт түлүгүн барымтага куудуруп же жутка кырдырып алып чарасыз күнгө калгандар илешет, бир илешсе дандын баркын түшүнгөн, даамын алып, кубатын сезген илешет. А болбосо, мындан көрөкчө ит агытып, капкан салып, куш таптап аңчылык кылышты же кылдан кыйкым чыгарып коңшу урууну барымталап талаганды оңой көрүшөт, муну ата заманынан боло жүргөн иш деп билишет. Сарыбай мүнүшкөр Теңирбердинин көңүлүн гана улап койду. Кыраан бүркүт салып, талаадан каалаганын алдырып, карды ачпай, тону тозбой, дайыма кубанч, тамаша менен өмүр сүрүп келаткан мырза аңчы минтип жакада дан багып отурган кедей жамагаттын кимисинен болсо да, өзүн өйдө сезет, мындай бакырчылыкка эч качан табаты жок. «Биздин ырыскыбызды теңирим тоого чачкан» дейт ою, бул ой анын тирилигинин жобосу. Өмүр камынан санаасы тынч мүнүшкөр курсагы ток баладай колундагы күмүш камчысынын бүлдүргөсүн эрмектеп ойноп отурду.
    —Сиздин жашыңызга жеткен бар, жетпеген бар, кайрылып салам айтып өтөйүн дедим, Теңирберди аке.
    —Кудай жалгасын, Сарым.
    —Куру кол келе албай... —деп Сарыбай саймалуу жан баштыгын аңтарып ичинен аң терисин алып карынын алдына таштады.
    —Учурашканым болсун деп, Теңирберди аке, тебетейлик бир сүлөөсүн ала келдим эле.
    Теңирберди апкаарып сүлөөсүнгө колун суна албай отуруп калды. Сарыбай сынап карап, тартуусу менен аны абдан кубантканына өзү да кубанды.
    —Бир кардан кийики соңордо алынган эле, күмүш кылкан... Жаман да болсо жакшыдай көрүп, кийип коёрсуз, Теңирберди аке.
    Теңирберди ыкчам туруп, акчыл булуттай сур сүлөөсүндү тумшугунан силкти, бою менен тең болуп куйругу жер чийип, күмүш кылкандары сеңселе түшүп, тери дагы көркүнө чыга түштү:
    —Жаман болбой калсын бу! — деди Теңирберди көзү жайнап. — Тебетейге чоңдук кылат... Ооба... мына, чоң абдан... Муну ичикке жака кылдырсам болчудай. Тебетейди да көрө жатарбыз...
    —А, мейли, Теңирберди аке, тебетейдин жарасы бир калтардыр!
    —Ошону айт а, мүнүшкерим!
    Теңирберди кол чаначындагы кымызын чечти. Оозу кайрылган чаначты улам бири көтөрүп жутуп коюшуп, мейирлешип сүйлөшүп, алар көпкө отурушту. Сөз сагынып калган Теңирберди күн ылдыйлаганга дейре Сарыбайды жанынан жылдырбады.
    Күн жуп батарда Сарыбай:
    —Эми мен кайтайын, Теңирберди аке, — деп ордунан турду, — жүз көрүштүк, тирүүлүктө бул да болсо канимет...
    Теңирберди кайсаланып калды.
    —Оп-по, Сарым, кайтасыңбы эми... Ушу көк чалап менен кете турган болдуң а. Үй да кырда...
    —Ыракмат. Жебей, ичпей жүргөн жер беле? Аманчылык болсо, али көп катташабыз, Теңирберди аке.
    Теңирберди тиши жок ээгин кызартып ууртун жыйышка чамасы келбей күлө багып:
    —Мейли эми, Сарым... — деп мейманын колтуктап атказды. — Бир кызыл көздүү абабыз бар окшоду эле деп, эстеп келгениңе ыракмат, үкөм. Теңир жалгасын. Сен мени сыйласаң, сени теңирим сыйласын. — Тизгинден кармап коё бербей: — Эми... Куру кол кайттың... Эгин быша элек... Эми, алдыңда атың бар, мына бу турган базыралар1 бышкан ченде
    бир кайрыл. Арпадан ат жеми, кышка бозолук таруу алып кетерсиң. Кайыр, Сарым!.. —
    деди.


    1 Б а з ы р а — менчиктеп эгин эгип алган биртке жер, огород.

    —Эсен бололучу... деди Сарыбай жөнөй бере. — Кайыр, Теңирберди аке!..
    Артынан Теңирберди үнүн бийик чыгарып, угузуп, берер кийитин кулакдар кылып калды:
    —Ошент, Сарым! Бир кайрылып кет, эсиңден чыгарба, Сарым!..
    Теңирберди кайра келип, тытта чубалып илинип турган булуттай көгүлтүр сур сүлөөсүндү кармалап көрө баштады. Тартуунун кайрымжысы кийит. Кийит тартуудан кем баа болушу керек эмес. Тартуу апкелүү, ага ылайык кийит кайруу элетте сыйлашуунун белгиси, бирок, тартуу зарылын тилеп бирдемеге колко салып келет, ошо жагына караганда бул түбү кишилердин ортосундагы алыш-бериш алакасы, ич-ара жүргүзгөн соодасы өңдүү, Теңирберди тартуунун кийитине бир улоо дан чактап, мүнүшкөр ошого ыраазы болор деп ичинен ойлонду.
    Күн кылкылдап тоодон нары эңкейип, көк өзөнгө жымыраган салкын кеч кирип келатты.

    III
    Кубалап тийген октордон үркүп, өтө кысталыш жерде колбашчыны мерт кылган ичтеги тымызын күч жүрөккө күдүк салып, уясына аңчы киргенин туюп калган бүркүттөрдөй шашыла, ата-эне, асылкеч жар, сүйгүнчүк бала, калган мекен конуш кайдасың деп, күнү-түнү тынбай ат зоруктуруп жол жүрүп, колго кеткен беш жүз жигит кайтып келатты. Алыстан бүлбүлдөп, ак жоолук салынып тосуп турган эне сыяктуу, тааныш тоо кыркалары көрүнө баштап, дагы катуу дегдетип сагыныч сүрөдү.
    Көйнөктөрү этке жармашып, такым тырышып, аттары сууга түшкөн торгойдой шөмтүрөп арып, Ташкенден чыкканы жетинчи таң сүргөндө адыр этектеп жаздоо конуштарга кез келишти. Эл кайда?
    Сары журт. Күлү көгөрүп жаткан жер кемеге. Калып калган куу казык. Сарала чөптөрдү шуудуратып, мал көп жатып чаңдак кылган такырларды үйлөп майда жел жортмолоп жүрөт. Те башаттуу сай жактан сагызгандын шакылыктаган үнү чыгып, анда- санда карала канаты кылак этип, бадалдын арасына кайра жоголот. Мындан башка тири жандын шарпасы жок. Айлана жымжырт.
    Бул жерлердин эли өйдөлөп малга жайлуу, оттуу жайыттарга көчүп кетишкен экен. Ушу сары журтту да болсо көрүп, көңүлдөрү тынып, чарчаганды эми сезишип, аттарды жайдактап жашанга коё беришти да, ээр жазданып сулап-сулап жатып калышты...
    Сол кулагынын үстүнө сайынган жүзбашылык1 жыгасы2 бар баатыр бир оор топ жигиттердин ортосунда көрпөчө үстүндө чыканактап, ойго батып, былк этпей жаткан. Чым көк камзолун саймалуу кең чалбарына шымданып койгон, багалегинен сары булгары өтүктүн тумшуктары чукчуюп чыгып турат. Төш жарыча кыңырак кылыч белине илинип, нары булайып жатат.
    Кыңырактын сыныгындай ийрейип жылтырап төбөдө асылып турган ай чубалган бир үзүм булутту аралап кирди. Үлбүрөп өчүп бараткан оттун алсыз жарыгы баатырдын карасур жүзүн бирде жаркытып, бирде күңгүрттөнтүп турат.
    —Бекназар аке, сизди пансат3 күтүп олтурат... — деди бир жигит отко жакын келип, Бекназардын кабагы дагы бүркөлүп, унчукпады. Чакырып келген жигит жооп күткөндөй болуп, бирпас турду да, кайрып сөз айта албай топтон акырын суурулуп чыгып кетти.
    —Аттар даярбы? — деди Бекназар өз жигиттерине.
    —Даяр, Бекназар аке...
    Бекназар ордунан турду. Эшим элирген каракашка аргымакты алдына тарта берди. Бекназар атка минген жок, нары обочо жерде бүлбүлдөп күйүп жаткан от жакты карай ыкчам басып жөнөдү. Эшим бир колуна өзүнүн атын, бир колуна каракашка аргымакты жетелеп, логлоп чуркап, Бекназардын артынан кетти. Калган жигиттер да аттуу, жөө болушуп ээрчиди.
    Бекназар келгенде топ жарыла берди. Оттун жогору жагында кымкап тонду желбегей жамынып, чарчагансып үлдүрөп отурган киши гана козголбоду. Эки көзү чекчейген арык киши, суюк буурул сакалы бар. Сеңселген ак көрпө тебетейи арт жагында чөптүн үстүндө жатты, ал жайынча кара манат топучан отурду. Кокон


    1Жүзбашы — аскерлик даража, жүз жигиттин башчысы.
    2Ж ы г а — даражаны билдире турган белги, куш канатынан болот, баш кийимге сайынып жүрүлөт. 3 П а н с а т — аскерлик даража, беш жүз аскердин башчысы.

    ордосунун бу Аксы багытындагы таасирдүү кишиси, аскер ишинде пансат атагы бар бий1 Абил болучу. Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичтерине алып, тым турушту.
    —Ассалому алейкум!
    Бекназардын келип калганын эми билгенсип, сүйүнүп кеткенсип. Абил бий алик алды:
    —Быякка!.. Кел, баатыр... — деп тизе какты.


    44
 
Страницы:  1  2  3  ... 44

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2