Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1 ... 42  43  44  
44-бөлүм (05.01.2020 : 14:23:36)
    44-бөлүм
    —Бий, баатыр өлүптүр..—деди кароол аптыгып, Каракаш айым кокуйлап жиберди. Абил иреңи бир кубарып, бир кызарып, бирдеме дей тургандай болуп, кайра токтолуп, купкуу жука эрини акырын кыбырап, кароолду мелтейип тиктеди:
    —Эмне деп өлүптүр? Ыя, бирдеме деп керез айтыптырбы..?
    —Билбейм, бий. Көл Мазарга көр казганы келгендерди көрдүм...
    Абил бий жеңилдене түштү. «Кудай ыракматы кылсын..» деп ачык күбүрөп, эки алаканы менен жүзүн сыйпап койду. «Э? Гөр казганы гөрүстөндө жүрүшсө... мага атайылап кабар жиберишпей койгон экен. Бу шек саноо, ичтин кеткени эмес бекен а?...» деп, азазил көкүрөгү нечен толгонуп кетти.
    —Кайраным... —деди Абил, ошол жерде кароол жигиттин көз алдында, өз байбичесинин көз алдында кадыресе, же кубанычы же күйүтүбү жашып жиберди. — Кудай ыракматы кылсын! Жан бар жерде өлүм бар. Баарыбыз бир күнү ошобуз...

    Каракаш айым астейдил көз жашын төктү.

    * * *

    Полковник Машин Намангендеги аскер туругунан «марш» менен чыкты. Отряд Сефит-Буландан оңго бурулуп, күн чыгышты карай жүрүп, Болгон тоо Бозбуну имерилип, түштүк багытына карай, андан нары Нарын боюна чыгып кетүү.
    Капчыгай бойлоп, көк жашыл тоо этектеп, ар мерчемдүү жерге токтоп, эки жакты арытып дүрбү салып, өтө сак, өтө аяр келатты. Чөп басып калган эгин жай, суу жүрбөй калган арык, кээ жерде кароосуз калган кыштоо кезигет. «Кара кыргыз көчмөн журт, — деп түшүндүрүп келет тилмеч, — эгинге анча табити болбойт, карабайсызбы кандай сонун суулуу жерлер (!) бош жатат. Өзүлөрү те ак карлуу бийиктин нары жагына көчүп кетишкен. Жай аягында ылдыйлашат. Кеч күздө ушул жерлерге айыл батпай кетет.
    Баарында боз үй...». Полковник унчукпайт. Эки жакты шектүү тиктеп келет. «Качып кетишкен» деген ойдо. «Буйга тосуп турушсачы?..» деп, өзүнөн өзү жини кычайт, алдындагы чоң тору кашка атты килеңдете желдирип, опоң-опоң эте келет.
    Эки суунун кошулган чатына келишти. Тору кашка аттын башын тартып, полковник токтоло калды. Суунун бири караалжын көк, бири түбүнөн ташы көрүнгөн аппак экен. Жээги кыздын чачындай төгүлгөн самби тал. Көк теректер желге шаулдап, туш-туш жактан гүлдүн, балдын жыты буруксуп келип жатты. Жакын эле жерде жапайы өрүктөр сарала шайы болуп шагын ийип турат. Эч жан жок. Те бийикте төбөдө боз торгой сайрап жүрөт. Нары-бери кандайдыр бир кичинекей сарала чымчык учуп конуп, акбаш кулунчакка ийе конуп, сайрады. Эч ким жок. «Бейиш!..» деп өзүнчө күбүрөдү полковник. Теминип келген сотник ширин оюн бузду:
    —Түземчилер...
    Полковник кабагын бүркөй карады. Те күдүрөйгөн калың жаңгактан бери чыгып турган он чакты кишини көрдү. Колун серелеп тиктеди:
    —Камдуу болгула...
    Заматта үч жүз козак-орус отряды каркыра болуп тизилип, канат жайып, күдүрөйгөн топ жаңгакты курчоого бет алды. Полковник тилмеч экөбү жай бастырышып жөнөштү. Согуша турган эчтеме жок эле.
    Айлана тыптынч. Эки суунун бир кунунда бейпил шаулдаганы гана бал жыттанган абаны термелтип турду.
    Үрөйү учкан он кишинин ичинен башында аппак селдеси бар, жалаң кымкап тон кийген адам алдыга басып тосуп чыкты. Артынан калгандары басты. Жаш жигиттер. Белдеринде ак жоолук. Колдору боорунда. Кымкап тондуу аркан бою келип, бүк түшүп таазим кылды:
    —Ассалому алейкум, Адам атанын ыкыбалдуу балдары!..
    Тилмеч которду. Полковник мурутун былк эттирип, көзү күлүп, башын ийкеди.
    Андан нары эмне болор экен дегендей кызыккандай.
    Кебетеси ордонун колго түшкөн билерманы сыяктанган адам калтыраган үн менен, кандайдыр көмөкөйдөн күңгүрөнгөн, арбагандай жумшак үн менен, полковникке ушундай туюлду, көпкө бирдеме деди.

    —Эмне? Ушулар менен сый-сыпатташып отурабызбы?! Улугум, сарала өрүктүн башына салаңдатып таштап, жөнөй бербейбизби? — деди кутурган сотник атын тыбыратып.
    —Үлгүрөбүз...—деп койду полковник. Тилмеч которду:
    —Бул багыттагы кара кыргыздын бир бийи, орус үчүн берилген ак ниет адаммын дейт. Урматтуу төрөлөрдүн келерин угуп, көп тартуу менен, ак даам менен, ак көңүлүн алаканына салып, тосуп турган адаммын дейт. Ибн-Караш Абил бий экен...
    —Э, ошондой бекен! деп койду полковник Машин.
    Абилдин көзү тилмечке түштү. Тилмечтин жүзү кандайдыр ага жылуу учурады. Жан тартты. Андан себеп, арга, ушул төрөлөр менен кепке гана келиштирип коё алар бекен деген ой бийлеп, жалооруп тиктеди. Тилмечтин жүзү суз болучу. Ага алдында калчылдап турган кыргыздын тагдыры кайдыгер, аларды козак-орус тиги сарала өрүктүн башына ылдый баш кылып асып кетсе да, же кубаттап, же каршы туруп, селт этер жүрөгү жок, ушул кымкуут өрттүн ичинен өзүнө дүйнө жыйнап жүргөн бир пенде болучу.
    —Келгиле... Төрүбүзгө өткүлө... о, адам атанын ыкыбалдуу балдары... —деп, жер мөгдөп келип, Абил полковник Машиндин үзөнгүсүнө жетип тооп кылды. — Келгиле...
    Полковник «бул эмнеси?» дегендей тилмечке кыя карай берди. Тилмеч мелтейген калыбынан өзгөрбөй башын ийкеди: «Знак покорности...» деди акырын.
    —Улук төрөлөр, адам атанын ыкыбалдуу балдары, кызыр жылоологон пенделер...—деп муңкана үн салды Абил, — менде, менин элимде азирети акпашага, урматы улук жарымпашага, бир кудайым жолун ачып бизге келип турган төрөгө жаман ниет, арам ой жок... Келгиле, аттан конгула... кадырлуу, сыйлуу мейман болгула...
    Тилмеч которду. Полковник атын темине берди:
    —Эмне экен, сүйлөшпөскө, мейман болбоско эмне?! Кызык да бу...
    Абил алдыга түшүп, дикилдеп чуркап, ар жерде талма коңуздай башы менен жер сайып таазим кылып калган өз жигиттерине «Ой, болгула!», «Ой, жайгыла дасторконду!» деп, бурк этип өтүп баратты. Жигиттер дароо жан кирген сыяктуу тең жөрмөлөп чуркап ишке киришип кетип жатты.
    Топ жаңгактын четине жетип, Абил ийилип токтой калды:
    —Келгиле, азиз меймандар, ыкыбалдуу меймандар... Жол азабы белгилүү, атка урунуп, чаалыгып, чаңкап калгандырсыңар, аттан конгула, мына майдан, мына саябан, эс алгыла, азиз меймандар...—деп кош колдоп көйкөлгөн шиберди, көлөкөнү көрсөтө берди.
    Тилмеч которду. Полковник аттан түштү. Адъютанттан мурда жетип Абил өзү атын алды.
    —Билгиликтүү неме го... —деп полковник Машин башын чайкады. Анткени менен анын кебетесинде ыраазы болуу көрүнүп турду. Муну Абилдин кыйды көзү чалбай койдубу! «И, пенде окшойт бу дагы. Сый урматтан качан качты эле бу кудайдын көр пендеси?» деп ичи жылыды.
    Жигиттер буттары чөпкө илешпей заматта узун- узун дасторкон жайып, тик турган аюудай чоң чаначтарды муздак көлөкөдөн сүйрөп чыгып, дасторконго бышкан этти жайнатып жиберишти. Нары жакта үч
    жүз отряд күрү-күү болуп, көлөкө кууп, суу бойлоп түшүп жатты.

    Полковник эч кандай коопко негиз жоктугуна көзү жеткен соң, эки жакты бир аз кыдырып басып, туптунук кара сууга колун салып көрүп, жуунуп салкындап келди да, даяр болуп турган дасторконду көрүп аны сайын ыраазы болуп кыдырата басты.
    Абил бөжөңдөп, бир колун бооруна алып, бир колу менен дасторконду жаңсап, алдында жикилдеп кетенчиктеп келди:
    —Кана, улук төрөлөр... дасторконго... даамга...
    Полковник отура бербеди. Абилди шектүү тиктеп, көңүлүнө бирдеме келип, ошол аны токтотуп турган өңдүү болду. Абил муну тилмечисиз түшүндү:
    —А...—деп, леп этип эңилип, эттен бир үзүп оозуна салды,—мына... мына...—деп, дасторконду кыдырып ар даамдан ооз тийип, ар чаначтан пиялага куйдуруп, бирден ууртап чыкты.
    Карап турган аскерлер бапырап күлүп, дасторконго жутунуп калышты. Тилмечке бир сыр айтмакчы болуп, акырын:
    —Эми... Өз окшойсуң... Үрөйүң буларча, тилиң биз чалыш... Эми...—деп калды Абил.
    —Мени коюп,—деди тилмеч мелтейип, — өз башыңды арачалап алсаңчы?!
    Ал качан, кимден укту эле ушундай сенсиреген, аар жүзүнө карабаган, итче ырылдаган сөздү? Качан көрдү эле мынчалык жек көргөн орою суук кебетени? Эстей албады бий. Өлүмгө качан эле моюн сунуп, «... болсо даңазалуу өлүм болмокчу болуп» келбеди беле, а жагынан камтама эмес, шайтан шаштырып, тигиге, ылымсып сүйлөп алып, андан муздай суук кеп угуп, итче ырылдаган кебете көрүп, дили маскара болуп отуруп калды. «... аттырса ушу аттырат...» деди дили.
    Бу экөбүнүн үрөйүнөн сезип, полковник тилмечи менен акырын күбүрөшүп калды.
    «А-а, — деп койду тилмеч, — менин ким экениме кызыгат...» «...дагы, — деп мыңкылдап өзүнөн кошумчалады, — бу аскер кайдан, кай жакка деп чукулайт...» Күдүк кире түштү көңүлүнө полковниктин. «көрөлү, кетерде көрөлү...» деди өзүнчө.
    Тиги экөбүнүн күбүрөшкөнүнөн шек алып, бирок, «...бизден өтпөсүн, өз өлүмүбүзгө өзүбүз себеп болуп калбайлы...» деп, кирдеген кабак көрсөтпөй, атайы жадырап, төрөнү сыйлуу деген дасторконго чакырып, өзү кызмат кыла баштады Абил бий.
    Түш оогонго чейин отурушту. Наркы сөз, берки сөз айтылды. Эки жак үйралышып кетишти. Суусунга келгенде полковник өз жан баштыгынан арак алдырып жүзчөдөн куйдурду.
    —Ну-с, кадырлуу бий,—деди полковник Машин сынай тиктеп, аракты көтөрө, —
    эми сиз биз менен ичиңиз...
    Тилмеч күлүп которду. Абил көздүн жашындай мөлтүрөгөн немени тиктеп, анан тилмечти карады.
    —Силер арак дейсиңер...—деп койду тилмеч. Келме келтирип, «Э, куда-ай, эми эмне дедим?.. — деп, чекирейип туруп калды Абил: — Улук төрөм, — деп апкаарып, араң үн катты, — биздин кудайыбыз арак ичүүгө уруксат кылбайт... Кечиргейсиз, улук төрөм...
    Тилмеч которду. Полковник бир мурутун былк эттире жылмайып, көк шурудай тунук көзү күлүңдөп:
    —А биздин кудай силер менен деги бирге отурууга уруксат кылган эмес. Биз мына отурабыз го?!—деп такады. Тилмеч которду. Абил эмне кыларын билбей, аргасыз жылмайып, иреңи кызарып отуруп калды. «Э, бир кудай, өзүң кечиргейсиң!». «Пашаң

    капыр болсо да, амирин тут, аксактын акырын күт» дейт уламаларың, э кудай...» деп, пияланы колуна алып, тамшанып, анан тартып таштады. Сотниктер каткырып күлүп жиберишти.
    —Мына бул башка иш! — деп полковник да күлдү. Өзү аракты ачырканбай жыргап ичти.
    Суусунга келгенде караламан аскерлер эч тартын- бай кымызга киришти. «Во! Эң сонун кумыс!» дешип, тамшанып ичип жатышты.
    Нары жакта солдаттар бака-шака болушуп, кыргыз жигиттер менен жаңдашып, ар кимиси өзүлөрүнчө түшүнүп, күлүшүп жатты. Абил мунун баарын угуп, баарын көрүп отурду. Аракка биртке кызыган соң, улук төрөнүн өзү да чечилип, улуктугун, орустугун унуткансып, жанындагылардын баарын тең санап, сөзү көбөйүп, бирөөнүн сөзүнүн төркүнүнө анча көңүл бөлбөй, мүнөзү бейпил тартты. «Э-э... ымга бат келген, тузга кара санабаган, ичи кең, бир карасаң дардаңкүү, бир карасаң теңиз, тегиз эл экен го...» деп Абил кыйды ийикти.
    Мына ушул учурда наркы жашыл адырдан Көл Мазар тарапка карай чубап, көп эл көрүндү. Полковник элтейип тиктеди. Тилмеч да колун серелеп карай берди.
    Абилдин жүрөгү солк этти. Алмамбеттин акылын уурдап, Бекназардын өлүмүн карактап келип отурганы кылт этип эсине түштү.
    —Э...—деди иреңи карайып, ойго батып,—бу эл... Өлүк көтөрүп баратышат көрүстөнгө... — деп түшүндүрдү. — Улук төрөнүн ыкыбалы белем, бир катуу жаак душманыңар бар эле, ошол күнү кече силердин келер алдыңарда өзүнөн өзү кан кусуп өлүптүр, ошону жерге жашырууга көтөрүп баратышкан го...
    Тилмеч түшүндүргөн соң полковник көңүлү жайланып, кайра кызыгып дүрбү салып карай баштады.
    Эң алдында төрт балбан жигит ийиндеп табыт көтөргөн. Туягына түшүрө кара тул жабылган баатырдын аргымагы наркескен кылыч кынсыз ээрдин кашына илинген. Улам бири алмашып, улам бири талашып, табытты көптөп көтөрүшүп, баатырга эң акыркы кызматын кылышып, эң акыркы пенделик карызын өтөшүп, кары, жаш мөгдөп, бири биринин этегин кармаган сыяктуу, уюктуу кумурсканын көчү сыяктуу сенделип, эл мөгдөп, жай чубап көк жашыл тоо этектеп өтүп баратты.
    Көрүстөнгө жакындаганда көр казгандар утурлай басып, эл дуу туруп өкүрүп жиберишти, шаша чуркаган көр казгандар табытты колдон алып, жүрүп беришти. Элдин чуусунан тоолор каңгырап, кошо өкүргөндөй кош жаңырыктап, бардык жандуу дем тартпай аваз кылгандай, чөп башы ыргалбай, булак токтоп, чымчык үркүп, жер менен асманга ый толуп кетти.
    Полковник дагы бирпас тиктеп, анан ордунан козголду:
    —Ну-с, ыракмат, кадырлуу бий...
    Меймандын аттанууга ниет кылганын тилмечсиз түшүнүп:
    —А...—деп, Абил нары жакка карай үн салды. —Йе, Карачал...
    Карачал ушул гана белгини күтүп отургансып, колжое басып келип, күмүш табакка бүтүн бышырылган казды салып, кош колдоп көтөрүп келип калды.. Полковник каздан мурун пил сыяктанган жапайы балбандын өзүнө таңыркап тиктей берди,
    —Эң акыркы даамды татып аттангыла, төрөлөр куш этин жакшы көрөт дегенинен деп калды Абил. Тилмеч которду. Полковник:
    —Э, бул эмнеңер, достор?! — деп, эми каягыбызга жейбиз дегендей түр кылды.

    Абил:
    —Жо...алыңыз, улук төрө, алыңыз...—деп, полковниктин табити тартпай турганын көрүп, күйкөлөктөп кетти. —Тууганым, айтчы, жок дегенде, санын айрып көрсүн, ооз тийсин...
    Полковник меймандын сылыктыгын гана кыя албай, күмүш табакты алдына тартып, каздын ичи шооно менен тигилип турганын көрүп, кайра көңүлү жипкирип, башын чайкап, ошентсе да, каздын санын тарта бергенде, эзиле бышкан эт тез айрылып, ичинен майга аралашып, бир нече алтын теңге куюлуп түшө калды. Полковник бир кур нестее калып, Абилди кыя карай берди. Абилдин тирмейип турган көзүнө көзү кездешти. Абил жумшак жымыйып, башын акырын ийкеди. Тилмеч нары карап көрмөксөн болду. Полковник андан нары эмне кыларын билбей, же колун тартып ала албай, же ичине алтын шыкалган килейген казды нары түртө албай, отуруп калды.
    —Якши киргиз...—деди ал «кетерде көрөлү» деген сөзү эми эсине келбей. Абил леп сыңар тизелей калып:
    —Тийсе курсак бөксөргөндө тиер кереги... —деп, казды күмүш табагы менен дароо дасторконго ороп, полковниктин кайыш жан баштыгына салып, тору кашка аттын канжыгасына өзү бөктөрдү.
    Полковник Абилди тиктеп туруп:
    —Якши киргиз... —деди, билген сөзүн дагы кайталады.
    Жөнөп калышты. Полковник Абил менен кол алышып көңүлү ачылып коштошту.
    Абил анын колун коё бербей туруп:
    —Тууганым абзий,—деп тилмечке карады,— айтчы, айланайын, төрөгө, бирдеме деп күбөнама жазып таштап кетсин, антпесе биздин эл, өзүңдүн кабарың бардыр, тентек эл, ар кандай сөз чыгышы ыктымал, мен аларга көрсөтө турган болоюн, нары да артыңардан дагы башка төрөлөр келип калышы мүмкүн, жаман айтпай жакшы жок, алар кандай кабак менен келишет, аларга көрсөткөндөй болоюн!
    Ишинен кам калтырбаган бу кишиге ичинен таң калып, тилмеч суроосун которду. Полковник Машин токтолуп турган жок, кагаз алып, каламын тез-тез шилтеп: «Биз тоо аралап келатып, кара кыргызга кездештик. Бийи ибн-Караш Абил бизди кубаныч менен тосуп, жакшы мамиле көрсөттү. Ошон үчүн, бул элдин, анын бийинин орус бийлигине жаман ою жоктугуна күбө болуу менен бирге, бизден кийин кокус келип калчу «марш» кылган отрядына буларга ырайымдуу мамиле кылуусу керектигин эскертебиз.» деп, кол койду да, Абилге сунду. Дастан болор өлүм эсинен чыгып, Абил кочушун сууга тоскондой эңиле калып, кош колдоп алды.
    Отряд андан нары жүрүп кетти. Абил кийин орус акимчилиги келгенге дейре падышадан алган өзгөчө жарлык катары өз аймагына көп жылы чарк имерип «тоң бийлик» кылышына укук болуп берген ошол кагазды көзүнө сүртүп, тооп кылып, көлөкөсү узарып, үңкүйүп калып калды...
    1960—1997
    _________


    1
 
Страницы:  1 ... 42  43  44  

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2