Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Жазылгандын баары - Жанызактын менчиги.
Макул десең гана - маалымат кош

Атың:   Шаарың:


B RB
▼Эми Чыр деп жаз▼▼

 
Страницы:  1  2  3  ... 14
1-бөлүм (04.01.2020 : 17:46:17)
    Шайлообек Дүйшеев
    Агындылар
    1-бөлүм


    2 бит, бир сирке
    Мектепте «тазалык» дегендердин баары таптаза кийинген, колунда сызгычы бар, тыкылдаган, аксаргыл же кара тору сулуу кыздардан болор эле. Кокус колуң сыя болуп же тырмагың алынбай келди дегиче сызгыч менен колго чаап, класска киргизбей акмагыңды кетирчү. Айына эки жолу бит текшерчү. Анда коррупция деген сөздүн атын укмак тургай түшүбүзгө да кирчү эмес, бирок ошого окшогон бирдемкеси бар болучу. Анткени тазалык кыз бит карап баратып деректирдин баласын, завучтун баласын, сельсоветтин баласын, парторгдун баласын текшербей аттап өтүп кетчү. Эң жаманы, текшерүү бүткөндөн кийин ким
    ден канча бит чыкканын бүт класска жарыя кылып угузгандагысы эле.
    – Сарыбаев 1 бит!
    – Абдыралиев 2 бит!
    – Дүйшеев 2 бит, 3 сирке!. .
    5класс боюнча бардыгы беш бит, үч сирке. Өткөндөгүдөн 1 бит, 2 сиркеге көп…
    Ошондо менден алдыңкы партага олтурган, бүгүн эртең менен эле портфелин башка балага көтөртпөй мага көтөртүп келген, мен жаңыдан эле жакшы көрө баштаган кызга болгон сүйүүмдүн ойрону чыгып, бар дүйнөм астынүстүн болуп талкаланып, балалык махабатым кыйрап түшөр эле.
    Ошол кыз ошол менден чыккандан кийин такыр карабай, жанына бара калсам:
    – Бар ары, «эки бит, үч сирке!» , «Эки бит, үч сирке!» деп жакын жолотпой калчу.
    * * *
    Эне менден бит чыкты.
    – Канча?
    – Эки бит, үч сирке.
    – Дагыбы?
    – Дагы.
    – Э балам, ит менен биттин жүрбөгөн жери жок эмеспи.
    * * *
    Энем
    Бүгүн дем алыш. Энем от калап коюп, тышка чыгып кетти. Сабоонун үнү угулду. Тигине, ал менин түнү бою аяз «кактап», аппак болуп кыроо басып калган көйнөгүм менен турсамды сабап жатат. Сабап бүткөндөн кийин алып кирип отко кактайт. Ошондо өлбөй калган биттер ысык мешке кулап түшүп куйкаланып аткан биттерди санап: «Сооп болот! Тазалыкка гана көрүнөсүңөр, э? Ушуну көрмөксүңөр!» деп табам канып жыргайм. Энем өткөндө ушинтип турсамды мешке кактаган. Бит чыккан сайын ушинтет. Бирок бити өлгөнү менен сирке деген такыр өлбөгөн неме болот экен.
    * * *
    Бүгүн мен шашпай турам. Анткени бир эле турсам бар.
    * * *
    Энем 13 рубль пенсия алат. Ошол акча жетим кемпир менен жетим баланын жашоосуна жетет. Байлардын балдарыныкындай эле менин чанам да, коньким да, лыжам да бар. Конькини жагалмайдай кайкыпучуп, көчөдөн көчөгө зуулдап, укмуш тебем.
    * * *
    Экөөбүздүн турмушубузду кийин энем Канымгүлдүн элесине арналган «Кара
    гайчы кемпир» деген автобиографиялык поэмамда жаздым.
    * * *
    Курган энем ийигин тизесине жанып коюп, жибин ийрип, эртеликеч кудайга, анан ага жалынып олтурар эле.
    – О, Кудай, ушул жамандын башын таштан жарата көр! дечү.
    Чырагыбыз өчпөй көпкө күйдү. Ошол чырактын жарыгы электр жарыгы менен алмашкан жылы энемден ажырадым.
    * * *
    Жай чилдеси. Жездем мени учкаштырып алып райондун борборунда бир айдан бери ооруканада жаткан энемди көрүп келгени учкаштырып жөнөдү. Анда АтБашыдан АчаКайыңдыга көпүрө салыналек. Ошондо тоо чокуларындагы аппак мөңгүлөрдүн өңү боз киргил тартып, АтБашынын көк кашка дайрасы адам тааныгыстай кылкылдап, кайда урунарын билбей, жээкке батпай токойду жайпап, кызылжаян болуп кирип турган чагы болчу. Көрөрүм менен «кантип кечебиз?» деп жүрөгүм шуу дей түштү.
    – Жарыктык, кирип аткан турбайбы. Белимден бекем карма. Коркпо кудайым бар, өтүп кетебиз, деп жездем мени жоошутуп алып чамынып жаткан сууга кирди. Биз кирген жерден отуз метрдей арыда кабинасынан башкасы көмүлүп
    көмүлүп эч нерсеси көрүнбөй чокусу гана калган «Беларусь» трактору турат, андан да араакта биринсерин атчан кишилердин карааны көрүнөт. Ат суунун терең жерине кирип кетти окшойт, көчүгүм муздай түшүп, акырын көөлбүп, өзүмөн өзүм эле көтөрүлө баштадым. Сууну тиктей калдым эле башым айлангөчөк атып, кулап баратам.
    – Коркпо айланайын, бекем карма, сууну караба, карасаң жаман болосуң, чү жаныбарым чү! деп жездем атын минбей эле, чылбырын тартып сүйрөп бараткансып обдулуп, ичинен бирдемелерди күбүрөнүп жанталашып баратты. Ат жээкке мүргүй түшүп, оңолуп чыгып кетти. Аттан да, өзүбүздөн да суу шорголоп куюлуп жатты. АтБашынын дайрасы ошондо оңбогондой эле кириптир, көрпөчөдөн бери чоло калбай, сыгып алма суу болдук.
    * * *
    Жездем кайненеси менен учурашып, алжай сурашкандан кийин сыртка чыгып кетти.
    * * *
    Энем мени бооруна кысты. Маңдайымдан, мойнумдан, көкүрөгүмдөн жыттады. Мен да сагынып калыпмын, дары жыттанган көкүрөгүнө башымды жөлөдүм. Мурдагыга караганда арыктай түш
    көнү болбосо аябай эле оңолуп калыптыр. «Сойгон жери такыр эле бүтпөй койду» деп эжемдин айтканына такыр эле ишенбей турдум. Сүйлөгөнү тың. «Өлбөйт экен» деп ичимден сүйүндүм. Ал менин оюмду билгенсип.
    – Мен эми өлбөй калдым, алдыңа кетейин. Сени бөлөк бирөөгө таштап салып кантип өлөйүн. Эртеңден баштап, койэчкилериңди жездеңкине айдап барып ал. Үйдү кулптап, өзүң да жездеңкине көчүп барып жашап тур. Бир жумадан кийин чыгып барам. Быйылча жездеңкинде болуп, биротоло тыңыгандан кийин үйүбүзгө көчүп кетебиз. Кел эми, бир жыттап алайын, мээнетиңди алайын, Шакенбайым, жакшы оку, жакшы жүр? деп кайтакайта жыттап, кайтакайта бетимден өпкүлөп жатып койо берди. Мен чыгып кеткенче күлүмсүрөп карап турду.
    – Энем айыгыптыр, «бир жумадан кийин чыгам деди», деп толупташып, жерсууга батпай дардаңдап, сүйүнүп бардым айылга.
    * * *
    Көрсө энем экөөбүздүн эң акыркы көрүшкөн күнүбүз ошол болуптур. Курган энем ошондо өлүп бараткан жеринен мен үчүн тирилип, мен үчүн боюн түзөп, мени Кудайга тапшырып коюп ажалынан атайылап «суранып» келген экен. «Мен
    эми киши болбой калдым, Шакенди чочутуп албай апкелип, көзүмө көрсөтүп кеткиле, коштошуп калайын» дегенин мага көп жылдар өткөндөн кийин айтышты.
    * * *
    Ошондон эки күндөн кийин мен уктап жаткан бөлмөгө Бакас акемдин келинчеги Бейшек жеңем кирип келип эле, анда жаңыдан келин болуп келген кези болчу:
    – Ай бала, тур, энең өлүп калыптыр! деди.
    Жээним Ажар ойгонуп кетип:
    – Кимдин энеси? Менин энемби же таякемдин энесиби? деп сурап жиберди.
    Мен тура калып, сыртка чыксам бир топ киши боз үй тигип жаткан экен.
    Мурдагүнү эле «мен өлбөй калдым» дебеди беле? деп жерсууну бузуп, өңгүрөп ыйлап жибердим.
    Бирөө сооротоюн деди эле, Касый аке:
    – Жөн койгула, өпкөсү соолуккуча ыйлап алсын, болбосо ыза муңу ичине түшүп кетип оорукчан болуп калат, деп токтотту.
    Мен бурчка олтуруп алып көпкө ыйладым.
    * * *
    Энелүү жетим болуп 10 жыл гана жашапмын. Кудай мага өзүмдүн апам менен чогуу жашоо бактысын ыраа көрбөгөнү аз келгенсип, эми чоң энем менен чогуу жашоо бактысын да ыраа көргөн жок.
    * * *
    Топурак салып кайта берерде ким экенин билбейм, бир киши атка миңгизип: «катуу чап, өкүрүп ыйлап түш!» деп тизгин карматканы, аттын оозун койо берип ыйлап келатканымда:
    – Эй, алдыга баласын койо бергиле? Баласы биринчи өкүрүп түшсүн. Силер артынан өкүрүп баргыла? дегени, анан менден озуп чаап бараткандар тизгин кагып кала берип, мен биринчи өкүрүп түшкөнүм эсимде. Көрсө өлүккө өкүрүүнүн да өзүнчө салты болгон экен. Кийин бул эреже да бузулду.
    * * *
    Ошентип күтпөгөн жерден эки эчки, эки кой, анан 13 жаштагы жетим бала — мен томолонгон бойдон жалгыз калдык. Жетилигинен кийин мени «койэчкилерим» менен бир көчө ары жашаган жездем келип көчүрүп кетти.
    * * *
    Куласам энем таяр эле. Жыгылсам энем жөлөр эле. Кулагандан да, жыгылгандан да коркчу эмес элем. Энем барда
    деги эле эч кимден, коркчу эмесмин. Эми куласам ким таяйт? Жыгылсам ким жөлөйт? Атасы барлардын атасы кечирет. Энеси барлардын энеси кечирет. Мени эми кудайдан башка ким кечирет?
    * * *
    Энем өлүп, жездемкине келгенден кийинки жылдарым ушул үч бир тууган Өмүрзаковдордун мага кылган мамилелеринде, Гүлнар кудачанын, Салкын эжем менен Бейшек жеңемдин мээриминде, бириникине барганда бири талашып, сүрөт тартып бер деп, кагаздары менен карандашын ала чуркап, чөмөлөнүн үстүнө чыгып алып тоголонуп ойногондой, үстүмө чыгып алып, чачымды тарап, өрүп, кагаздан «бантик байлап, томолонуп ойногон жээндеримдин күлкүсүндө, ушул үч үйбүлөнүн мен кирип барганда кабагымкашым дебей, жадырапжайнап тосуп алган мээриминде калды.
    * * *
    Бирок кайда жүрбөйүн мага баары бир энем жетпей турду. Эң жаман күндөрүм энесиз жашаган күндөр болду. Бирок ага да көндүм. Бир кездеги карегим менен тең айланган энемдин ордун эми Тукан эжем басты. Жездем дегеле кымындай чунак кыялы жок, кой оозунан чөп албаган, дүйнөдө жок момун киши эле. Энеси
    Батма кудагыйым андан бетер. Жээндеримдин баары менден кичүү. Үйдүн эң улуусу да, «кол тийгис» кадырлуусу да баягы эле мен болдум.
    * * *
    Жездем чарбанын жумушунда өмүрү өткөнчө кажынып иштеди. Жумуштан келгенден кийин да жөн олтурбай, көр оокат менен алек болуп, малдын чөпчарын тейлеп, алдын тазалап, жүгөндүн сөгүлүп кеткен жерин көктөп, кылаарга иши жок калса жаман тамдагы эч ким кийбеген эски өтүктөрдү жамапжаскап олтура берчү.
    – Атаңарды чай ич десеңер боло, муздап калмай болду. Чөп корукта жок болсо, эски тамдан кара, дагы баягы эч кимге кереги жок жаман өтүгүн жамап олтургандыр, деп жездемдин энеси Батма кудагый күндө бир небересин жумшап коюп олтурчу.
    * * *
    Бирдемке болсо эле бригадири деле учетчиги деле чапкылап жездеме келчү.
    – Касым аке, бүгүн сугатка барыңыз? Касым аке, бүгүн чөпкө барыңыз? деп.
    Жездем бирине да каш кагып каяша кылбайт, чоңдор кайда жумшаса ошол жакка башмалдак атып жөнөп берет.
    Эсимде…
    Бир жолу демейдеги элдин баары эс алып жаткан жекшемби күндөрдүн биринде үйдүн тушуна кара түтүнүн бурулдатып, күркүрөп келип, селитра жүктөгөн эки «МАЗ» токтоп, артынан жаман атын чапкылап Сукан аке жетип:
    – Касым аке, айылда өзүңдөн бөлөк жан калбай калыптыр. Бул машинелер көчүгүн өзү көтөрүп төгө албайт экен. Чоң короого барып түшүрүп келиңиз, кайда түшүрөөрдө кампанын кароолчусу айтып берет, — деп бакылдап турганы, жездем ошол бойдон кетип, көчүгү көтөрүлбөгөн эки «МАЗды» өзү жалгыз түшүрүп, кара күүгүмдө селитра жыттанып үйгө келгени.
    – Эмгек күнүңдү жаздырдыңбы анан? деген эжемдин суроосуна.
    – Аны эми чоңдор өздөрү билет да, деп тим болгонун эстейм.
    * * *
    Кудай акы, жездемдин айлык алам деп контордун, буюмтайым алам деп дүкөндүн босогосун аттаганын бир да жолу көргөн жокмун. Алтургай чабарманын жибере берип тажаганда совхоздун парторгу Наркеев Имангазы аке өзү келип:
    – Касым аке, көп эле кежирлене бербей эртең келип сүрөткө түшүп кетиңиз? дегенин укпай, совхоздун «Ардак так
    тасына» илингенди каалабай, таң ата электе туруп, эшегин минип алып талаага «качып» кеткенин билем.
    – Атам жадагалса дүкөн кай жакта экенин эмдигиче билбейт, деп жээним Жаныбек каткырчу.
    * * *
    Телевизордон согуш кинолорду көрүп калган кездери:
    – Согуш мындай болгон эмес, деп сыртка чыгып кетчү. Кокус кино болуп Сталин менен Жуковду көргөзүп калса дым чыгарбай, көзүн албай олтуруп алып көрөөр эле.
    Мойнубашына суу куюп берип атып далысындагы ок тийген үч тырыктардын тарыхы жөнүндө кеп кылганын бир да жолу уккан жокмун, сураган да жокмун.
    * * *
    Тукан эжем эне ордуна эне болгон менен жездем өмүрү өткөнчө мага үнүн жогору көтөрбөгөн боюнча өттү. Мен энем өлгөнгө чейин же он эки жашыма чейин энемдин ээлигиндеги бала болсом, эжем менен жездемкине келгенден кийин ого бетер түлкүсү түштө улуган «кудай аткырга» айландым.
    * * *
    Эгемендиктин алгачкы жылдарынын биринде КМШнын үч президенти «мамлекетибиз качан оңолот?» — деп сурап
    келиш үчүн Кудайга барышат. Биринчи Путин кирип «510 жылда оңолот» деди деп чыгат. Андан кийин Назарбаев кирип, «1015 жылда оңолосуңар» деди деп чыгат. Анан Акаев кирип кетип «ана чыгат» жок, «мына чыгат» жок. Жарым саат өтөт, эки саат өтөт. Күтүп атып чыдабай кеткен Путин менен Назарбаев акырын шыкааласа Кудай Акаевдин жылтыраган башын кучактап алып:
    – Айланайын кыргыздар, силер оңолгуча мен өлүп калам го, деп буркурап ыйлап аткан экен дейт.
    * * *
    Бир аз күлүп алып жеңилдей түштүк. Эми кайра жолго чыгалы.
    * * *
    Баарынан да «Аликсай» деген аңгеме жазамын деп чамынганымды сураба. Башкы каарманым кан күйгөн согушка кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, согуш бүткөндөн бир топ жылдан кийин тирүү кайтып келген киши болуш керек эле. Таптакыр соо кайтса ишенимсиз болуп калышы мүмкүн деп, бир бутунан аксатып, бетибашын шрам кылып, таяк таянтып койгонумду кантесиң.
    * * *
    Жаз келип күн жылый баштады. Бастырманын үстүндөгү чөптө жатам. Колумда «Аликсай» деп бойолуп жазылган
    жазуусу бар дептер, жанымда Айтматовдун «Саманчынын жолу» китеби.
    – Шакең дагы каякка жоксон алып жоголду, чай ичип алса болбойбу, деген Тукан эжемдин үнү таттуу оюмду бузуп жиберди.
    – Бирдеме жазып атат окшойт, мышайт этпесеңчи, чайын каалаганда ичер, деген үн угулду.
    Жездемдин ушул сөзүнө муюп кеттим. Жазуучулук түйшүгүмдү анын түшүнүп турганы мага аябай жакты Айтматов менен «Аликсайды» бастырмадагы чөптүн үстүнө калтырып, түшүп келаттым.
    – Жаңыдан жаза баштадым эле, чайга чакырганда ойлорумдун баары башымдан учуп кетпедиби, дедим.
    – Айтпадым беле, жазып атканда Шакеңдин тынчын албай жүргүн деп.
    Жездем чындап кейиди. Мен ансайын ыргыштап, чоң жазуучудан бетер эжем сунган чайды баадыланып, араң дегенде колума алдым.
    * * *
    …Согуштун бүткөнүнө беш жылга аяк баскан жаздын көз байланып калган күндөрүнүн биринде аябай эле чарчап чаалыккан, жүдөп какаган, канчадан бери бутунан түшпөй, өзү менен кошо келаткан өтүгү да оңалеттен кетип, эмне
    кийип келатканы таанылбай калган, сол ыптасын таягына таштап аксаңдап, оң жак чыкыйынан сол жак ээгине чейин түшкөн тырыгы ушунчалык орой тигилип айыккан, оң кашынын жарымынын шылынып барып томолоктошкон эти көзүнүн кычыгында салаңдап калган, КөкЖондун астындагы калмак арыкка окшогон ошол тырык мурдунун дал ортосунан өтүп, ээгине жетип моюнунан жоголгон, бир көргөн киши жөн карай албай бакырып жибере жаздап араң токтогон орто бойлуу киши келип айылга кирди. Чырагы бар үйлөр чырак жагып, чырагы жок үйлөр жиптен эшип жасаган май шам жандырып, такыр эле эч нерсеси жоктор очоктогу оттун жарыгын тегеректеп, ошону амал кылып, кечки оокаттын камын көрүп жаткандыктан бул адамдын ким экенин, кайдан келип, кайда баратканын деле элес албады.
    * * *
    Анын ким экени айылга эртеси дүң болду.
    – Итибайдын уулу согуштан келиптир, деген сөз шибеңдеп айыл ичин аралап чыккан соң тез эле желдей тарап, ар бир үйдүн эшигинен кирипчыгып жүрдү.
    – Акем келди! Акем келди! – деп кичинекей Табылдыны жетелеген Шоңур айыл аралап сүйүнчүлөп кетти.
    Аскерден кайткандардын аягы эбак сууп, дайынсыз жоголгондордун эсебинде жүргөн жоокердин ойдо жок жерден келип калганы жакшылыктын белгисине ыроолонуп, тилеги соолуп калган далайдын үмүтүн тутантып, өзгөчө Ормо деген уулун күтүп жүргөн Канымгүл кемпирдин өчкөн отун кайрадан тамызып койду.
    Осмон чал айылга түлөө берди. Дасторкон жыйналып колго суу куюлган соң, мындан бир жума мурда ушул айылга кандай кийим менен келип кирсе так эле ошондой шинелчен, жылаңбаш, чачы өскүлөң, жакшы ултарылган аскер өтүкчөн киши элдин алдында турду. Анын бетиндеги тырыгы эми даана байкалды. Бул тырык бир караган кишиге эки башка кишинин башын бир баш кылып бириктирип салгансыган, бир жак көзүнүн эти кыпкызыл болуп сыртын карай аңтарылып, ачылыпжумулуп акшыңдап турган, бир жак таноосу ордунда турса, бир жак таноосу шылый чабылган, оңой менен адам баласы дит багып карай албай турган адам эле. Кудай согуштун өңү ушундай адам баласы карай алгыс суук болорун көргөзгөнү атайылап ушул биздин айылга таштап кеткенсиген бул адамды араң тааныган кемпир:
    – Олда согушуң менен соолуп кал айэ, ботом, ченебеген сулуу бала болсочу, карачы эмне кылып салганын! деп шыпшынып атты.
    Жоокер сүйлөдү.
    – Туугандар! Силерди бул жерге чакырганымдын себеби мындай. Мен эми баарын айтып олтурбайын. Баарын айтып олтурсам сөз көп. Аны шашпай айтармын. Силерди азан чакыртып койгон атымды өзгөртүп бергиле деп чогултуп олтурам. Койо тургула, туугандар, койо тургула? Чуулдабай уккула? Орустун бир баласы мени ажалдан алып калбаганда алдыңарда минтип сүйлөп турат белем, турбайт белем, аны бир кудай билет эле. Мени сактап калам деп өзү өлүп кете берди, бейиши болгур. Аты Алексей болчу. Менин силерден жалгыз өтүнөрүм, мындан ары мени Алексей деп жүргүлө дейин деп атам. Күлбөгүлө, күлө турган иш эмес бул. Мен чындап эле атымды Алексей деп өзгөртөйүн деп атам. Мына согушту бүткөнүбүзгө беш жыл болду. Беш жылдан бери мен Алексейдин Россиядагы туулуп өскөн «Лесное» деген айылында жашаган атаэнесинин кашында жүрдүм. Мени сактап калам деп өлгөн уулун угуздум. «Эгер уруксат берсеңер мындан ары мен Алексей болоюн, досумдун атын өчүрбөй, өл
    гөнгө дейре өзүм менен ала жүрөйүн» деп Алексейдин атаэнесинин да ыраазылыгын алып кайттым, деди.
    – Беш жыл орустун үйүндө жүрсөң, чочконун этин жедиң да, деди бирөө.
    – Чочконун эмес согушта биринин этин бири жегендер болгон! деди Аликсай кыжыры келип.
    Эл бир топко дымыды. Анан Бозгун карыя топ жарды.
    – Жок жосунду баштаба Мааметөмүр! Сенин атыңдын жарымы Мухаммед пайгамбардын атына коюлган. Азан чакырып ат бергенде эл чогулуп Кудай алдында сага батасын берген. Ошол батада мен да болгом. Батанын аркасы менен, Мааметөмүр деген атыңдын аркасы менен ажалдын оозунан кудай колдоп, минтип согуштан алты саның аман соо кайтып олтурасың. Болбойт балам, атабабаңда жок жорукту баштабагының! Атыңды өзгөртпөгүнүң! деди.
    _____


    14
 
Страницы:  1  2  3  ... 14

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2