Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1 ... 12  13  14  
14-бөлүм (04.01.2020 : 19:46:41)
    14-бөлүм
    Мен палатага кирип Сүкөмдүн колун кармап учурашып, жанына көчүк бастым. Ошондо карасам машинканын илгерки бозомтук сары кагазына окшоп өңү өчүп бараткан экен. Атактуу актер чалкасынан жаткан калыбында сүйлөп жатты:
    –Ыракмат Жали, көрө кетейин деп келгениң үчүн! Жыйган байлыгың да, дүңгүрөгөн атакдаңкың да, алган сыйлыкнаамың да ден соолуктун алдында сокур тыйынга арзыбайт экен. Ушул оорукананын короосуна таңатпай дворниктер келет. Жыргап тамашалашат. Анан шыпыргыларын алып шыпырып
    кирет. Аларды карап туруп ушунчалык суктанам. Тим эле көзүм чачырайт. Кудай мага: “Сүймөнкул, ден соолугуңду кайрып берейин, атакдаңкыңдын, алган наамыңдын баарын таштап салып туалет тазалайсыңбы? ” дечү болсо, билесиңби, Жали, ушул оорукананын туалетин таңдан кечке дейре тазалайт элем, тазалаганда да бир жерине кыпындай кир калтырбай, жалтыратып, мелтиретип тазалайт элем! – дебатпайбы.
    * * *
    Сүкөмдүн бул айткандары жандүйнөмдү бир заматта аңтартеңтер кылып жиберди. Айтылуу Алыкул айткандай, бу адам деген “айбаның” да бир бечара болот турбайбы көрсө. Өлгөндө көргө сени менен кошо кете турган жалгыз көлөкөң экен. Ал эми сыйлык, наам дегендериң сени менен кошо кетпейт экен. Бирок ушул наамга чуркагандар, айрыкча Токтогул сыйлыгына чуркагандар чыгармасы эски экендигине карабай, сыйлыктын жолжобосуна туура келбегендигине карабай, сыйлыкты чыгармасы эмес президент алып берчүдөй атыжыты бар адамдардын атынан ага арыз ала чуркап, жанын жеп жалган сүйлөп жүргөнүнө да күбө болбодукпу. Жокту бар деп
    жалган жалаа жапкан адам “кишинин этин жеген менен барабар” деп Куранда айтылат деп укчу элем.
    * * *
    Башын таппай маң болгон коом ыпластык менен пейили бузуктарга толгон сайын өзүнүн карачечекей ден соолугу менен соода кылып, акча жасап жүргөн шумпайлар көбөйдү.
    * * *
    Кагылайын, ден соолук ай! Канткенде сенин кадырыңа жетер экенбиз?
    * * *
    Жалиден кийин Сүймөнкулду Нуралы эскерди:
    –90жылдары го, агезде “Ленинчил жаш” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Сүймөнкул байке мага көп келчү болгон. Ооруканага барып жата калып, гемодиализден туруп эле бизге жөнөчү окшойт. Эмнегедир ал ошол кездери өз катарындагы аттуубаштуу адамдар менен сүйлөшкөндөн тажаган жанга окшоп, жөнөкөй адамдар менен сүйлөшкөндү жактырып, карапайым адамдарга “качып” калганын байкадым. Ошондой күндөрдүн биринде ал мага арык, шадылуу манжаларын көргөзүп:
    –Нуралы, эртеликеч комуз чертчү элем, эми черте албай калдым. Манжаларым комуздун кылын басканда эчнерсени сезбей, жансыз болуп калчу болду. Жан өчө баштаганда баары өчө баштайт окшот, – деди.
    Бир таңкалыштуусу, Сүймөнкул байке ушул сөздөрдү кейибестен, өкүнбөстөн, жөн эле келдикетти сөздөрдү айтып аткансып айтып олтурду. Атактуу художниктин Саякбайды тарткан манжаларын, атактуу спортсмендин волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойноп, топту такай 1линияга кадай чапкан манжаларын, атактуу актердун күргүштөп кирип турган дайрада “Сүлүк кара! ” деп жашын көлдөтүп, кара ташты кучактап турган манжаларын кайрадан кунт коюп карадым. Карасам, кайран кишинин кумсарган манжалары каны качып, чапкан чөптөй соолуп бараткан экен...
    * * *
    Биз үчөөбүз Сүкөмөн келатып, Байтиктеги маркумдарга кайрылып куран окудук. Анан ошол бейиши болгурлардын бири Шербет Келдибекова менен сүйлөшкөнүм оюма түштү.
    Шербет эже да адамдын асылы эле го. Басып келатканда жердин денесин оорутуп албайын дегенсип аяп басып, сүйлөп атса да көңүлүңдү оорутуп албайын дегенсип акырын, жай, жумшак сүйлөчү эмес беле. Бир ирет күйөөсү Алым менен үйүнө бара калып, эмне үчүн ушинтип басып, ушинтип сүйлөп калганын сурай кеттим.
    –Шайлоо, анын сырын силер билбейсиңер. Анткени силердин жүрөгүңөр соо, меникиндей оорукчан эмес, мен болсо канча жолу операция болгон жүрөгүмдү күн сайын алаканымдын отуна салып алып көтөрүп жүрөм. Анан колума таш же көң эмес, жүрөк көтөрүп келаткан соң, кокустан түшүрүп албайын деп акырын басып, акырын сүйлөп атпаймбы. Жүрөгүнөн ооруган адамдардын баары ушинтип, бирөөлөрдүн көңүлүн оорутмак түгүл, кара жердин этин оорутуп албайын деп аяп басып, аяп сүйлөп калат. Менин жүрөгүм алаканымдын отунда, өзүм болсо Кудайдын колундамын, –деген эле.
    * * *
    Сүймөнкул менен Шербетке куран окугандан кийин ушуларды эстедим, Баратбай. Сен экөөбүз жамандыржакшыдыр аксакал болдук. Ден соолуктун кадырын, адамдын баркын артыбыздан келаткан жаштарга айта жүрүшүбүз керек окшойт. Айтпайдебей койсок, чындыкты дудук кылып койсок, калпка тил бүтүп, көрүнгөн кагазды гөтачы кылган гезиттен тура калып сайрап кирет турбайбы. Көрсө баарынан акылдуу болуп көрүнгүсү келген акмактан коркунучтуу акмак болбойт экен. Калпка калк чыдабаган менен кагаз байкуш чыдай берет тура. Анан кагаздагылар чогулуп олтуруп коомдук пикир дегенди түзөт экен. Ал эми коомдук пикир дегениң өзүн эчкимге зордуктаткысы келбеген албуут катындарга окшогон неме болот турбайбы. Карыган кезде кайышчыл болбой, карыган кезде арызчыл болбой, жакшы карый билүүнүн өзү да чоң искусство экен го, атаганат. Журтта калчу атакдаңктын артынан сен чуркабай, атакдаңк сенин артыңдан өзү чуркап турса, эл алдында жүзүң да жарык, өзүң да баладай таза болот эмессиңби.
    * * *
    Бир акылман: “Атакдаңк деген ылдам бузулуп кетчү этке окшош, кымбат болгон менен начар сакталат” десе, дагы бири: “Атакдаңк деген –өлгөндөрдүн Күнү” деген экен.
    * * *
    Академик Мамбет Мамакеев агабыз: “Шайлоо, оозго караганда оозурак чыккан жер таза болот” деген эле.
    * * *
    Баратбай, эми сен экөөбүз Кудайдан, биз өңдүү пайгамбар жашынан ашып кеткен адамдардын бирөөлөргө жасаган кыянаттыгын кечире көр, жаман карыгандан аларды сактай көр деп тилейли.
    (Уландысы бар)


    Жанызак-жооп:Эми бу жагын
    Шакемин өзүнөн сурап алгыла:

    0557 71 18 78
    1
 
Страницы:  1 ... 12  13  14  

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2