Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  4  ... 14
2-бөлүм (04.01.2020 : 17:51:05)
    2-бөлүм
    – Тарайлык, дагы ойлоносуң, деп Бозгун карыя этегин күбүп ордунан турду эле, араң турган эл камыштай көтөрүлдү.
    * * *
    Рота токойдон эки жүз метрдей узап чыгары менен бомба жарылганын, жанында келаткан Алексей «ложись» деп кыйкырып, алп денеси менен алакандай
    кыргыз досун кучагына басып жыгылганын, анан эле жер астынүстүн түшүп сапырылып, көзүн ачары менен бетине кум аралаш кан чачырап, топурактоздун арасынан Алексейдин денесинен жулунуп чыгып учуп бараткан кызылжаян башы көрүнүп, кулактары тунуп, эси эңгиреп, акылэсинен танып баратканын эстеди ал. Көптөн кийин эсине келди. Көрүнгөн жакты сыйпалап баратып колдору былжыраган жумшак бирдемеге тийгенде денеси бүркүп, коркуп кетти. Алайдүлөйдүн алааматында башсыз денеси менен өзүн басып жаткан Алексейди үстүнөн оодарып сала албай далбастап жатты. Корккондонбу же өлгөндөн кийин адам оор болуп калабы, болгон күчүн үрөп атып жансыз денени ордунан козгой албай койду. Жанталашып алдындагы кумташты шиледи. Ошентип ширеп олтуруп, бир нукумдан жылып олтуруп өлүктүн алдынан араң дегенде өзүн сууруп чыкты…
    * * *
    Андан аркысы уланбаптыр. Менин кырк жылдан кийин таап алган көк дептеримдеги бүтпөй калган аңгеме сөрөйүм ушул экен.
    * * *
    «Аликсай» аттуу аңгемемди мен аны андан ары орус айылындагы досу Алек
    сейдикине алпарып, досунун өлгөнүн карыган атаэнесине угуздуруп, Алексейдин гимнастеркасынан кесип алган беш жылдыз жез топчуну энесине бергенин, энеси баласын көргөн немедей топчуну өөпжыттап, көкүрөгүнө басып ыйлапбоздогонун, анан Мааметөмүр мындан ары өз атын өзгөртүп, Алексейдин атаэнеси аябай ыраазы болуп, аны чиркөөгө алып барып атын өзгөрткөнүн, анан беш жыл бою ошол орус айылында жашап, Алексейдин сүйлөшкөн кызына үйлөнүп, Алексейдин атаэнеси дүйнөдөн кайткандан кийин гана өз айылына келгенин, анан Аликсай биздин айылга барып башкарма болуп, аялы орус тил мугалими болуп куунапжыргап жатып калганын жазгым келген эле.
    * * *
    Чынында эле биздин АчаКайыңдылык Аликсайдын азан чакырып койгон аты Мааметөмүр болчу. Ата Мекендик Улуу согушка да катышкан эмес. Армияга 1953жылы кетип 1956жылы келген. Бирок анын Мааметөмүр деген аты эмне себептен Аликсай болуп калганын сурамжыласам, айылдагылар тургай жакын туугантуушкандары да билбейт экен. Болгону бала кезде иниси Табылды бизге агасы өлөр өлгөнчө жонунан түшүрбөй кийип жүргөн шинелинин
    коюн чөнтөгүнүн үстүндө көк сыя менен жазылган «Алексей» деген жазуу бар болчу деп айтканын укканбыз. Болгону ушул.
    * * *
    Эми ойлосом ошол ойдон чыгарылып, өмүрү согушка барбаган Аликсайды согушка барды кылып, кудай алдында күнөөсүн көтөрүп, болбогонду болду кылып койгулаштырып калпты жазбаганым ырас эле болуптур деп ойлоп койом азыр.
    * * *
    Бала кезде күүгүмдөгү мүрзөлөрдөн коркчумун. Бир жолу уй издеп жүрүп күүгүм кирип кетти. Коркконум ТерекСуу менен ОйТерскендин чегиндеги калың чий каптаган бейиттер. Бастырсам атым да кошкуруп, токтой калып үркүп сала берчүдөй жүрөктү ого бетер түшүрөт. «Эптеп эле ушу жерден өтүп кетсем экен» деп чыйпыйым чыгып, калың мүрзөнүн чети көрүнөөрү менен камчы бастым. Артымды карагандан корком, ансыз да туштушумдан караңдаган чийлер бейиттерин көтөрө чуркап жабалактап «кубалап» келатат. Эбак чөбү жыйналып алынып, какшып жаткан талаанын таш жолуна чыкканда гана эсимди жыйып, тизгин кагып, ал тургай каңылдап ырдап да жибердим.
    * * *
    Айылдын босогосун аттаардан мурда эң алгач мүрзөлөргө жолугасың. Тирүү жүргөндө өлбөчүдөй болуп, кудайын тааныбай калгандар кудайын таанысын деп, эсирип кеткендер эсине келсин деп, бу дүйнөдө өлүм бар экенин эстеп турушу үчүн кыргыз көзү өткөн адамдарын ушинтип айылга жакын жерлерге жашырган турбайбы деп да ойлоп кетем. Айыл элестегенде эле адегенде анын боз шыбак баскан бейиттери, анда жаткан адамдарым эсиме түшө берет.
    * * *
    Көрсө төрөлгөндөн баштап эле ар кимибиз, өз мүрзөбүздү көздөй келатыппыз. Тирүүлүгүң да, минтип турган атың да, тийип турган Күнүң да бир тыйынга арзыбаган кезиң келет. Көрүстөнгө жакындаган сайын «Акыры ушул үчүн жашадым беле?» деп колубутуң байланган койдой тыбырап, тапкантергениң, дүйнөмүлкүң, атакдаңкың, аялың, балдарың дагы алып кала албасын билген соң, болгону бул жалган дүйнө бир кийип чечип таштай турган, көйнөккө окшош экендигин билген соң, акыры мына ушул бейиттерди жамынып жаткан атаэнеңдин, жакындарыңдын жанына барып жатаарыңды моюнга аласың.
    * * *
    “Үнү” жок сөз болбойт. Сөздөн мурда үн жаралган. Капкагына колуң тийери менен “үн” чыгарып турган жакшы комузга окшоп кара сөз менен жазылган жакшы чыгарма да эне тилдин сөйкөдөй болгон ар бир сөзүнөн куралып, ар бир сөзүнөн агып келип бүтүндөй бир “күүгө” айланат. Окуп баштаганда эле ошол “үндү”, ошол “күүнү” угуп, китеп менен “сүйлөшө” баштайсың. Кара сөзгө “жан” салып, кара сөздү “сүйлөткөн” жазуучу тегин жазуучу эмес. Бизде тултуюп сүйлөбөгөн, “кесип алса кан чыкпаган”, башынан аягына чейин барактасаң да эчтеке айтып бералбаган китептер көп. “Сүйлөбөгөн” китеп – окулбаган китеп. “Сүйлөбөгөн” китеп “дудук” китеп. Бир окурман айтып атпайбы: “Шайлообектин “Агындыларын” окуганда куйкалаган аптаптан жаныңды ала качып баратып “Супарадагы” таш үйлөргө кирип кетип эс алгандай боло түшөсүң. Жаның жыргап, сагынып жетпей жүргөн атаэнеңдин үйүндө олтургансып, жаның жай алып, кадимкидей ыракатка батасың. “Супаранын” таш үйлөрү “элитный” үйлөрчүлөп жасаныпжаланбай жупуну болгон менен көзгө ушунчалык жылуу көрүнүп, качанкы бир бала кезиңди, өсүпөнгөн айылыңды, айылыңдын адамдарын эсиңе салат, “Агындыларга” бир “кирип” алган
    дан кийин чыккың келбей калат” деп. Анда биз дагы ушул ойго кошулуп, Шайлоо агайдын окурмандар “суусап” күткөн “Агындыларынан” жаңы үзүндүлөрдү дагы бир аз улантып, элдин сурооталабы боюнча жарыялап жатабыз.
    Мени айылдагылар Шакен дешет.
    – Жеңе, Шакениңди берип тур, деп, унутса унутуп кетип, унутпаса эстеп ала кетчү буюмдан бетер Мария апам кээ бир күндөрү мени энемден сурап кетер эле.
    – Мейлиң кагылайын, сага бербегенде кимге бермек элем, алагой, деп энем мени Мария апама кошуп берчү. Бул аялдын сөзүн жетим кемпир тургай, айылдагы жергежээктүү деген, аттуубаштуу деген аксакалдар да эки кылчу эмес. Көрсө Мария апам мени жорого барганда жанына караан кылыш үчүн сурап алчу экен. Айылдагы агажеңелер согуштан кийинки оор жылдардын түйшүгүн ушинтип кечкисин ыр менен, тамаша менен басчу турбайбы.
    * * *
    50жылдардын саргайган барагында калган “жоро ырлары” булар.
    Таш түлкү качат түз менен,
    Тайгандар кууйт из менен.
    Татына келин экенсиз,
    Таанышкым келди сиз менен.
    * * *
    Секетпайлап ырдаттың,
    Секетим көөнүң кыйбасмын.
    Сени менен бир жатсам,
    Сел алса дагы турбасмын.
    * * *
    Аярлай баскан сеңселип,
    Айлымда жоктур сенчелик.
    Кер мурут жигит ойлоп кой,
    Келиндер күйбөс менчелик, деп кайгы менен кубанычтарын, арзуу менен армандарын ырдашчу.
    * * *
    Мен анда кичине кезим. Жородогулардын ыры менен тамашасын түшүнө турган куракта эмес элем. Мария апам биздин айыл тегиз уйкуга чөмүлүп, Кайыңды тоолорунун баладай кидиңдеген жели көчөкөчөнү аралап кетип, кайтып келатканда аныбызды таппай калып, алакандай асманыбызга толуп чыккан жылдызыбыз ушунчалык жакын болгондуктан кокус менден узунураак эле акелеримдин биринин төбөсү тийип кетсе “шар” этип төгүлүп келип бут алдыма түшө тургансыган түндүн бир оокумунда
    үйүмө жеткирип, устуканым менен кошо энеме тапшырчу.
    – О, балакетиңди алайын жылдызым! Келдиңби? деп энем тосуп алчу.
    * * *
    Адегенде чоң балдардын жазган каттарын кыздарга ташыган “почтальон” болуп жүрүп, кийин мен да өзүмдөн кийинки балдарды “почтальон” кыла баштадым. Менин сүйүү каттарымды башкаларга караганда Турсуналы менен Асыкбек көп ташыды. Экөө тең мен жазган каттардын жообун апкелмейин көгөрүп келишчү эмес. Сайга барып алып сүйүү жөнүндө, кыздар жөнүндө сүйлөшөр элек.
    * * *
    Агезде айылда ашып кетсе бир же эки гана каттын үлгүсү болор эле. Жакшы көргөн кыздарына кат жазгысы келгендер ошол каттардын үлгүсү кимде экенин сураштырып жүрүп, кимдердин колунда болсо ошолорго барып, астыүстүнө түшүп, “акежакелеп” атып бирэки саатка араң сурап келишчү. Ушундай каттардын бири менин эсимде али күнгө чейин сакталуу. Алтургай аталышынан бери билем. “Булбулдан Кызыл гүлгө” деп аталчу. Кат колдон колго өтүп, айылдын кыз сүйгөн куракка жеткен жигиттерин бир сыйра кыдырып жүрүп, же
    деп эскирип, бүктөөлөрү жыртылып, өчүп, бүктөөлөрүндөгү жазуулардын бири окулса, бири окулбай калган абалда колубузга тийер эле.
    * * *
    Биз анан каттын үлгүсүн маңдайыбызга жайып алып, андагы ар бир сөзүн калтырбай “өз катыбызга” көчүрүп чыкчубуз. Азыр ойлосом ошол каттагы ырлар Боогачынын эл оозундагы секетпайларынан, Алыкулдун “Жолборс терисин жамынган баатырындагы” ашыктык ырларынан алынчу экен. Кызык жери, биз дагы катка жакшы көргөн кызыбыздын атын жазбастан “Булбулдан Кызыл гүлгө” деп жазчубуз. “Булбулукаттын ээси, Кызыл гүлүкыз” болчу. Каттагы сөздөр, ырлар өзүбүздүкү болбосо дагы өзүбүздүкүндөй сезип, жообу келгиче санаага батып, сарсанаа болор элек. Каттын кайсыл кызга багышталганын каттын ээси менен кат ташыган “почтальон” гана билчү.
    * * *
    Өмүрү Көлдү, Фрунзе, Сокулук менен КараБалтаны көрбөгөн биздин каттарда төмөнкүдөй ырлар болор эле.
    КараБалта, Сокулук,
    Кат жаздым сага отуруп.
    * * *
    Фрунзенин калаасы,
    Ысык бир болот абасы.
    Окуп билим албаса,
    Оңолбойт адам баласы.
    * * *
    Телефондун кулагын,
    Оңгосолго бурадым.
    Эстелик кылып жүргөнгө
    Сүрөтүңдү сурадым.
    * * *
    АтБашы биздин калаабыз,
    Автобус менен барабыз.
    Жаш кезде ойноп күлүп ал,
    Бир күнү өлүп калабыз.
    * * *
    Рыбачы көлдүн аягы,
    Ручка колдун таягы.
    Капа болбой окуп кой
    Катымдын ушул аягы…
    * * *
    Кийин биз “көчүрүлгөн” катты эмес, өз катыбызды жаза баштадык. Бул да өзүнчө жүрөктөгү “кичинекей революция болду”. Айлыбызда биз биринчилерден болуп сүйгөн кызыбызга китептерден же эл оозунан чогулткан бирөөлөрдүн “чоочун ойсанааларын” эмес, өзүбүздүн жүрөгүбүздөн чыккан ойтилегибизди айтууга жол салганбыз.
    Мен сырттан караганда болбураган “жоош сары” бала болгон менен “жооштон жоон чыгат” болуп, жетинчи класстан тартып тири шумдуктай кат жазгыч бо
    луп кеттим. Мага алтургай сүйгөн кыздарына чоң класстын балдары да келип кат жаздырып кетчү болду. Кадырбаркымдын өскөнүн айтпа..
    * * *
    Сүйүү каттарын биз таза пейил, таза ниет менен, андан да жөн сыя эмес, кызыл сыя менен жазар элек. Мен “кызыл сыяны” энемдин жүн бойогон кызыл бойогунан “сурап алып”, пенициллиндин бөтөлкөсүнө чылап келчүмүн. Анан катты баштаганда эле жакшы көргөн кызыбызга: “Бул катты сыя эмес, жүрөгүмдүн каны деп бил!! ! ” деп, аягына үч илеп белгини коюп туруп баштар элек. Ошондо чындап эле катты сыя менен эмес, жүрөктүн каны менен жазып аткансып жазчубуз. Каттын аягына жаанын жебеси же канжар сайылган жүрөктүн сүрөтүн тартып, анын учунан шорголотуп кан тамчылатып койгонубузду кантесиң.
    Кудай Таала мага өңдөн бак айтпады. Өңдөн бак айтпаганына карабай делбектеп, болгондо да кыздардын өңчөй өңдүүтүстүүлөрүн, эң эле сулууларын сүйгөнүмдү айтпайсыңбы. Өчөшкөнсүп мен сүйгөн кыздардын баары мендей болбураган жоош сарыны эмес, өздөрүндөй өңдүүтүстүү, ичикоюнга кирип кеткен шылуун, жулунган спортсмен балдарды
    жактырчу. Ошондо өңдүүтүстүү болалбаганым менен, ичикоюнга кирип кетме шылуун болалбаганым менен спортсмен болгум келип, жеңил атлетикага катышып, жүз метрге чуркоодон айылдан алдыма адам салбай, “спортивный формам” жоктугуна карабай, жалгыз кара турсам менен райондогу чемпионатка катышып, аз жерден чемпион боло жаздап барып токтогом. Бирок мен сүйгөн кыздар менин “чемпиондугума” түкүрүп да койгон жок. Ошондон кийин спортсмендикти да таштадым.
    * * *
    Анан жетпей калган сүйүүлөрүмдүн ызасын ырдан чыгардым. Ыр деген жакшы экен. Ыр менен кайгымуңуңду, арзууарманыңды азап тартпай туруп эле, үйгө жатып алып эле каалагандай кайгымуңга батып, каалагандай жаза берет экенсиң. Баарынан да жазган ырыңды сен сүйгөн кыз окуп алып, сен кайгырсаң бүк түшүп кошо кайгырып, сен санаа тартсаң ал да саргарып кошо санаа тартып, шолоктоп ыйлап, ыза болуп жаткансып сезгениңчи. Мени сүйбөгөн кыздардан ошентип өч алып атам деп ойлогон сайын табам канып жыргаар элем.
    * * *
    Сүйүү жөнүндөгү ырларымдын көбү ошол жетпей калган сүйүүлөрдүн ызасы, мени сүйбөгөндүктөрү менин айтыпбүткүс арманым, сүйгөнүмдү билбей калганы — алардын бактысы болду.
    * * *
    Сабактан тарап кетип баратып, жакшы көргөн кызымдын артынан ээрчип алып, ага жакшы көрөрүмдү айталмак тургай жанына жакын жолой албай, кардын үстү менен жылып бараткан анын көлөкөсүнө көлөкөмдү тийиштирип басканыма төбөм көккө жетип, өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу жан катары сезер элем.
    * * *
    Биздин учурда сүйүү деген акактай таза эле. Кыздар да, балдар да таза эле. Биз кыздарды сүйсөк да жамандык ойлобой сүйчүбүз, азыркы балдар адегенде жамандык ойлоп алып анан сүйөт экен.
    * * *
    Бала кезимде өзүмдөн беш класс улуу пионер вожатый эжемди жакшы көрүп калып, наристе сүйүүмдү эч кимге айтпай, ичимде сактап жүрүп чоңойгом. Кийин кыздар менен кат жазышып жүргөн кезде аларды дайыма ошол мен жакшы көргөн эжекеме салыштырчумун.
    * * *
    Биздин учурда суу да, аба да таза эле. Көчөдө тердепкургап ойноп жүрүп чаңкаганда арыктын боюна жата калып, аккан суудан кымыз жуткандай жутуп алып кайра ойноп кетчүбүз.
    * * *
    Сүйүү деген укмуш болот экен. Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да энемден кийин эле ушул сүйүү адам кылган. Мен сүйүү келгенге дейре эчкимдин көзүнө толбогон, тартынчаак, бирдемеге эбисыны жок копол бала болчумун. Сүйүү келери менен мени “жонуптазалап”, “кагыпсилкип”, бир сыйра “күбүп” туруп бир заматта киши катарына кошуп жиберген. Кыздарга кат жаздырган сүрөт тарттырган, мектептин дубал гезитин чыгарткан. Кружокторго катыштырып “Манас” айттырган, ыр жаздырган. Сүйүү мени уктатпай, кыштын күнү ысылатып, чабалактатып чыккан. Эгер сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетет болчумун. Мени көп кырсыктардан сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз безилдеп жакшы ырдагандыктан сахнада аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көргөндүктөн анын көзүнө түшөйүн деп мен да көгөрүп сүрөт тарткам. Мен жакшы көргөн кыздын атасы чабан
    болгондуктан мен бир жылдары атайы эле суранып алып ошол короого сакманчы болуп баргам.
    * * *
    Мен дүйнөдөгү эң таза тилегимди, эң таза каалоолорумду бала кездеги жазган каттарымда билдиргем. Тилекке каршы ошондогу чын пейилимден чыккан сөздөрүмдүн кудурети, касиети ошол кыздарга жетпей калды. Анткени кыздардын бири дагы жазган каттарымды окуган жок. Окубай туруп эле тытып салып жатты. Аттиңай, ошол жазган каттардагы сөздөрдүн четин эле окуп калганда мен аларды сүйгөндөй балким алар да мени сүйүп калат беле деп азыр да ойлой берем.
    * * *
    Классташым Жумалы менин 7класста жазган “Бойдоктордун монологу” деген ырымдын бир сабын ушул кезге дейре эстеп жүрүптүр.
    – Ал ыр такыр эсимде жок, кандай эле? десем.
    – Энем жапкан боз төшөктү айра тээп, деген эле бир сабы эсимде калыптыр, деп күлдү.
    Ошондон кийин эсиме түшөр бекен деп көпкө олтурдум. Анан:
    Кайыңдынын кышы карды сайга сээп,
    … А мен үйдө өзүңдү эстеп уктай албай жатамын,
    Энем жапкан боз төшөктү айра тээп,
    Кайра жапса кайра тээп, деген саптар, ошол балалык кыштын бир жаап кеткен карына окшоп себелеп келип, кайра бат эле эрип кетти…
    * * *
    Мектепке баратып да, келатып да зымдарын бубак басып, жол боюнда “ырдап” турган зымкаргайларга кулагымды төшөп алып тыңшай берер элем. Сүйүшкөн кызжигиттердин арзуу сезимдери бирибирине ушул зымкарагайлар аркылуу жетип турат экен деп айтышчу. Буга мен аябай ишенчүмүн. Сүйүшкөн жаштардын бирибирине айткан сөздөрүн уккум келе берчү. Бул үн да кулагымдан өмүр бою кетпей калды.
    * * *
    Балким менин айтылбай калган арманкусам, СарыКоонун талаасына келерим менен эле Күнчыгыштан Күнбатышка канатын жайып, туулган жерди курчап турган ак мөңгүлүү тоолору көзгө “жарк” дей түшкөн АтБашым, ошондо бүткөн боюм коргошундай көлкүлдөп, көкүрөгүмө батпай, толупташып чыккан сагынычым, ошол сагынычтын арасынан тура калып, мага жеткирбей, чымынкуюн болуп чуркап бараткан балалыгым,
    ага эми эч качан, эч убакта жете албай турганымды түшүнгөн өксүгүм, баары, баары мени өмүр бою коштоп жүргөн ошол эки үндүн – бири зымкаргайлардын, бири КытайТоругарт жолу аркылуу күндүртүндүр тынбай каттап турган “SUнун” машиналарынын үнүндө калды…
    * * *
    Агезде биз азыркыдай башында шариги бар ручкалар менен эмес, шариги да, башы да жок беш жылдыздуу уч менен жазар элек. Ар бирибиздин сыя челегибиз болор эле. Эмнегедир кыздардын баары сыя челектерин таптаза кармап, качан көрсөң эле апакай тор баштыктарына салып жүрчү. Биз ойноп баратып, китепдептерибизге төгүп алганыбыз аз келгенсип, колубашыбызга дейре сыя болуп кетер элек. Партада такай бир кыз, бир бала болуп олтурчубуз. Сыя челегибизди унутуп келген күндөрү:
    – Бир эле малдырып койчу? деп жалдырар элек.
    * * *
    Жамандыктан баары качат. Кудай жамандыкка жолотпосо экен деп тилейт. Анткен менен жамандыктын да жакшы жактары бар. Жамандык жалпы журт башына түшкөндө андан ар ким өз
    өзүнчө кутулбасын билип, азабын да, тозогун да бүтүндөй эл менен чогуу тартып, эл менен чогуу көрүп калат экен. Жакшылыкта бирикпеген эл жамандыкта биригерин көрдүм.
    ______

    13
 
Страницы:  1  2  3  4  ... 14

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2