Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  4  5  ... 14
3-бөлүм (04.01.2020 : 17:53:41)
    3-бөлүм
    * * *
    Жамандыкты көп көргөн эл деле барабара анысын унутуп, пендечилиги кармап, жакшылыкка жетери менен ачкөздүгү тирилип, ар кимиси андан көбүрөөк пайда таап алгысы келип, ар ким өзүн гана ойлоп, өз жакындарын гана ойлоп жашап калат экен. Жакшылыгың түгөнгүр адегенде адамды ошол эңсеген жакшылыгына карк кылып, бүлүнгөнүн бүтөп, жыртылганын жамап, ичинтип, кийинтип, кардын тойгузуп, телегейин тегиздеп туруп, анан кайрадан пейилин карартып, алкын агытып, өзүмчүл кылып, арамдык менен көралбастыктын сазына тыгып, көр дүйнөдөн бөлөктү көзүнө көргөзбөй, жалтылдаган жарга, көлкүлдөгөн көргө сүйрөп кетет экен.
    * * *
    Айылдын жолдорун асфальтташ керек дегендерин көп угам. Асфальттын эмне кереги бар? Жамгырда ылайынан, күн ысыкта чаңынан арылыш үчүнбү? Сыланып, сыйпанып, колубуттарынын тырмагына чейин бойоп алган шаардык кыздарга окшогон айыл да айылбы? Мен
    айылды көкүлү желге уйпаланып, чамбылала болуп ойноп жүргөн балага окшотуп, жетерим менен боорума кысыпкысып, күн жыттанган бетибашынан өпкүлөп жиберип сагынычымды жазгым келет.
    * * *
    Жайдын толуп турган маалында этекжеңи жапжашыл бакдарактарга чулганып, чоочун көздөргө токой болуп көрүнгөн тоонун этегиндеги биздин айыл күз келип кеткенден кийин жаманын да, жакшысын да жаапжашыралбай калган кедейдин кейпине келе түшөт. Ошондо жалбырагы тонолгон бакатеректери арбайыптарбайып, чөптөн бөлөк эчтеке эгилбей куурай басып жаткан агороттору, туш келди кыйрайып жыгылып жаткан зым жыгачтары, атчан, жөөчөн адамдары, чатырлуу да, чатырсыз да тамдары, куйругун каалгасына такап алып үрүп турган иттери, “балдакчан зымкарагайлары менен жыртык бастырмалары, өңү каракүрөң тартып эскирип, былтыркы кыштан артып калган үймөк чөптөрү, машина өтсө эле Батма энемдин эски талпагындай болуп чаңы асманга сапырылып тура калган көчөлөрү, эки фляг суу артынып кыбыңдап келаткан балакайы, кыдыңдап келаткан эшеги, курткумурска кубалап бараткан тоо
    гу, тоогун кубалап бараткан корозу, ысыктан качып барып бактын түбүнө жата калган көлөкөсү, ошол көлөкөдө бирдемкесин жамапжаскап олтурган кемпири, эчтемке менен иши жок, киндигине жетпеген көйнөк кийип, кара шалтак болуп, көтөнү көлчүктө, өзү баткакта ойноп олтурган наристелери көзүмө тартыла берет.
    Айылдын ак чаңгыл жолдорун тыным алдырбай тыткылап араба, чийне дегендер аркытерки дем албай каттап турар эле анда. Жездем мени чөпкө көп ээрчитти. Таңдан кечке дейре совхоздун жумушун иштеп, өз агоротун караганга такыр эле чолосу тийбей, тийе калса совхоз уруксат бербей, колундагы биринэкин майда жандыгы үчүн чоңдордон суранып жүрүп чаап алган чөбүн тартып алалбай, “Кудай жамгырды кечинен бергей эле? ” деп күнүгө асманды тиктеп, айласы куруганда жанына мени огожо кылып, чөбүн ташып келүүгө түнү менен аттанчу. Ал атына минип, мен чийнеге олтурар элем.
    * * *
    – Түн бакырдыкы дейт эмеспи. Ай да сонун тийип бербедиби, кудай жалгап. Түнкүсүн иштеген жумуш жакшы болот, өзү бүткөнсүп. Кантип бүткөнү билинбей
    калат, деп кобуранып, көп сүйлөбөгөн жездем көп сүйлөп койгонсуп, андан кийин такыр эле унчукпай, дымып, атын айдын жарыгына салып жүрүп олтурчу. Төртбеш чакырым жерге экиден, кээде үчтөн каттайбыз. Тартып келген чөптөрдү чөп корукка Тукан эжем жыят, жээндерим агезде кичик.
    * * *
    Түнкү талаа салкын. Тээ арыда чардаган бакалар, шыраалжын, жалбыз жыттуу арыктар. Ай мунарын жетелеп аккан суулар, сууну кечип баратсаң айды кечип бараткансып, туштушка суу чачырбайле ай чачырап, адашкан чымчыктардын анданмындан “пырр” дей түшүп, уча качып конгону, чегирткелердин бирде алдыңан, бирде артыңан безенип сайраганы, солидол менен жаңы эле майланганына болбой жолду ката жинди кыздын башындай шылкылдап, ойкупкайкып келаткан эски чийненин темир дөңгөлөктөрү, аттын тарпылдаган туягынан ойгонуп кетип, боорун өөдө көтөрүп, басарбасмаксан, жыларжылмаксан болуп, сени боз ала болуп карап туруп анан аңыз аралай жөөлүп жыгылган уйкулуу чаң, сүйлөбөгөн бойдон ат үстүндө үңкүйүп, далысын түнгө салып, ары карап кетип бараткан жездем, сүйлөбөгөн бойдон чийненин үстүндө бери карап
    бараткан мен, биз менен кошо жарышкан Ай, асман толо сызыктай кайнаган жылдыздар, ЖелТегирмендин мөңгү баскан агылжым күүгүм чокусу, тоонун белинен түшө калгансыган КөкЖон, андан берээктеги ЭкиЧаттын карарган койну, Кайыңдынын адыржондору, калдаңдаган караганчийлер, бирнэкин мал, үстү түшүп калган Ысабектин күмбөзү, айланатегерегибиздин баары жездеме окшоп үн катпастан ээрчип жүрүп олтурар эле…
    * * *
    Жездемдей момун кишини чыгармалардан да, турмуштан да издеп таппадым. Маркум жездем тун кызы Ажар күйөөгө чыкканда кан кудасы болгон, атагы союзга чейин кеткен биздин совхоздун күркүрөп турган парторгу Боогачы акенин кыстоосу менен жарты ууртам коньякты араң дегенде жутуп, ошол бойдон ичкилик менен чылымды оозуна алган жан эмес эле. Анан калса өмүрү ырдабаган, өмүрү сүйлөбөгөн кишинин ырдаганын, сүйлөгөнүн уккуң эле келе берет экен. Унчукпагандан, сүйлөбөгөндөн тажабаган да киши болот турбайбы деп таңкалганымды айтпа. Деги эле бул турмушта баарын сүйлөп бүтүп, баарын ырдап бүтүпкойгонсуп, жездемдин ыры да, сөзү да, өмүргө болгон өксүгү да жок
    болчу. Көрсө мына ушул тирүү дүйнөнүн асылдыгын, кымбаттыгын, ошол эле маалда бирөөнүн опуртал колу тийип кетсе бычырап сынып кетчү морттугун согушта кан кечип келген гана киши түшүнүп, кан кечип келген киши гана аяп, эптеп сактап калган ушул жашоону сүйлөп жатып бузуп албайын деп жашап калат окшобойбу деп ойлодум.
    * * *
    Айылдын келиндери жездемди “момун аке” деп тергешчү.
    * * *
    Менин жеңелерим:
    – Турнабай аке, деп тергечү айылдагы көзү алысты көралбай көзүнө такай томпок көз айнек тагынып жүргөн кишини.
    – Чоң мурун аке, деп тергешчү бетинде чымчып алар мурду жок акебизди. Тескерисинче мурду чоң акебизди: – Бучук аке, дешчү.
    – Кийин заманына жараша орусчадан которулуп тергеген аттар пайда болду.
    – Спасиба аке, деп тергеп жүрдү Ырахмат деген акебизди.
    – Контромарка аке, дешчү дайыма кара шабра тон кийген, сельсовет, ферма башчы болуп жүргөн кишини.
    – Гестапо аке, дешет бүгүн ачаКайыңдынын келиндери Абдылда аке
    син. Абдылда немистей так, чынчыл, айткандегенине тарамыштай тырышып, бекем турганы үчүн ушинтип атап алган.
    Адам аттарын тергеген боюнча АтБашынын келиндерине теңдеш табалбай келем.
    – Базарбайдыкына дагы кимдер келиптир, балам? деп кайненеси сурады эле, келини келген кишилерди санап келатып:
    – Марадона аке да жүрөт, деп калды.
    – О, кудай албагыр, ага эмне жок, деди кемпир.
    – Марадонаңар ким? деп сурадым.
    Көрсө ошол көчөдө бирдемке болсо эле катынын баса калып, топтой тепкилеп жатып калган бирөө бар экен, ошону ошентип тергейт экен.
    Сүйүү көп балдарды адам кылды. Мени да сүйүү адам кылган. Сүйүү мени кат жаздырган, сүрөт тарттырган, мектептин дубал гезитин чыгарткан, «Манас» айттырган, ыр жаздырган, сүйүү мени уктатпай, ысылатып, чабалактатып чыккан. Сүйүү болбогондо мен эбак жок болуп кетмекмин. Мени сүйүү сактап калган. Мен жакшы көргөн кыз жакшы ырдагандыктан аны коштоп туруу үчүн мандалин черткенди үйрөнгөм. Мен жакшы көргөн кыз сүрөт тарткан баланы жакшы көр
    гөндүктөн анын көзүнө түшүш үчүн мен да сүрөт тарткам. Мен жакшы көргөн кыздын атасы чабан болгондуктан мен кийинки жылы суранып жатып, ошол короого сакманчы болуп баргам.
    ***
    Мен эң жакшы тилегимди, эң таза каалоолорумду бала кездеги жазган каттарымда билдиргем. Тилекке каршы чын пейилден чыккан сөздөрүмдүн кудуреткүчү, касиети ал кыздарга жетпей калды. Анткени, алардын бири да менин жазган каттарымды окуган жок, окубай туруп эле тытып салып жатты. Ошол жазган каттарымдын четин эле окуганга мен аларды сүйгөндөй балким алар да мени сүйүп калат беле деп азыр да ойлой берем.
    ***
    Атырга аябай өч элем. Студент кезде бирөөлөрдүн бөлмөсүнөн атыр көрсөм чап жабышып, алаканыма «төгүп» жиберип, ээси кирип келгиче мойнубашыма шыбап жиберип демимди басчумун. Айрыкча «Лаванда» менен «Шипр» көрсөм баса калчумун. Атыр себингенден кийин топтошуп турган кыздарды көздөй түз «качырып» барып, жандап өтүп, истребитель артына из калтырып учкандай, артыма атырдын жагымдуу «жытын» калтырып узап кетер элем.
    ***
    Мен муну, мага кыздар көңүл бура тургандай эч нерсем жоктугунан эмес, жөн эле адам болгон соң өтүп кеткенден кийин артында бир жакшы нерсе кылыш керек да деген ой менен жасачумун.
    ***
    Атырды «жакшы» себингеним менен атыр тандаганды да, өзүмө чак кийим тандаганды да өмүр бою үйрөнө албай койдум. Муну досум Нуралы жакшы айтып берет.
    ***
    Азыр да «Дордой» базарына бара калганда базар аралап убара болгум келбеген жаным биринчи эле жолукканын барып «баса» калсам «кытайдыкы эле, кытайдыкы!» деп Зейне бакырып жиберет. Бакырып жүрүп эле барабара кытайдыкынан башканы кийбей калдык.
    ***
    Бүгүн айыл менен мени туташтырган «жипшуулардын» көбү үзүлүп, көбү эскирип бүттү. Атаэнемди көргөн адамдар улам азайган сайын айыл да менден улам алыстап барат.
    ***
    Айылдын жаңы төрөгөн аялдай шапайып, аксаргыл тартып, өзүндөгү болгон жашылынын баарын үймөк чөптөрүнүн үстүнө жаап салып, өзү самандай сарга
    рып, аңыз аралап кетип бараткан күзгү талааларын же кылайган ала калтырбай, аязы акактап, бороону боройлоп, асманжердин чегин көрсөтпөй, ак кар, көк муз басып, тунуп жаткан кышкы талааларын эстегенде жол бойлоп «ырдап» бараткан ошол эки үндү эстейм. Ошол эки үн өмүр бою кулагымдан кетпей калды.
    Бири – зымкарагайлардын үнү.
    Бири – Торугарт жолундагы «SUнун” машиналарынын” үнү.
    ***
    АтБашынын «кызыл көпүрөсү» аркылуу БишкекТоругарт жолунан Кытайды көздөй жүк тарткан машиналардын уңулдаган үнү аркы өйүз менен берки өйүздөгү атбашылыктарга тынбай угулуп турчу. Айнегинде «SU» деген жазуусу бардан уламбы, биздин эл аларды «SUнун» машиналары деп койчу. АкСай мен Арпага каттагандар да «SUнун» машинасы менен бардык», «SUнун» машинасы менен келдик» дешчү.
    ***
    КараСуунун жолунда баратып ОйТерскенге чейин шашпай угулуп турган ушул машиналардын үнү өзү менен кошо менин кыялоюмду да алда кайда алыпучуп, жетелеп кетер эле. Машинаны айдап бараткан шоопур болобу, ичинде бараткан жүргүнчүсү болобу, ки
    миси болбосун ушул машинеге түшүп алып жомоктогу керемет жакты көздөй кетип бараткансып, ошол кабинанын ичинде мен болуп калбаганыма ичим бышып, өзүм түшүнбөгөн, өзүмө белгисиз, бирок дайыма ээликтирип, дайыма бир жактарды көздөй азгырып турган нерселерге кусаланып берер элем. Мага өзүм жашап жүргөн айыл эмес, башка айылдар, башка жерлер кызык сезиле баштаган эле.
    ***
    Ошол БишкекТоругарт жолу менен тынбай каттап турган «SUнун» машиналары менин балалыгымдын бир барагы калган Казыбек айылынын тушуна жакындап барып, андан ары АкСай, Арпага андан ары Кытайга кетчү, ким билет, мени сагынткан, мени кусаланткан, мени сырдуу жактарга жетелеген нерселер мүмкүн ошол жакта калган балалыгым беле, айталбайм.
    ***
    Ал убакта АтБашы району Кытай менен чектешкен чегара район катары совет өлкөсүнүн өзгөчө көзөмөлүндө тургандыктан атбашылыктардын паспортунда «ПЗ» — пограничная зона деген атайын белги болгон. Нарындан АтБашыга өтө турган кууш капчыгайдын оозун күндүртүндүр жашыл фуражкачан
    орус чегарачылар күзөтүп турчу. Ошол жылдары мен жаш жазуучулардын Бүткүлсоюздук фестивалына катышу үчүн барганда да орустардын чек ара шаары болгон. Владивостокко «П3» деген белгиси бар «атбашылык» паспортум менен оңой өткөм.
    ***
    Комсомолдун Нарында өткөн облустук конференциясына жумгалдык делегатция менен келип катышып жаткан жеринен Зейнени АтБашыга «ала качып» кеткендеги окуясы эсимде. Биз классташым Жусуптукуна келип, Рыскүлдүн даярдай салган тамагын ичип, Жусуп жигулисин айдап, КГБда иштеген теңтушубуз Тимурдун жардамы менен чек арадан тоскоолсуз өттүк да АтБашыга зуу койдук. Тимур документтерибизди текшерткен жок. Анткени чегарачылар КГБга баш ийчү.
    ***
    Кийин уксак, Зейненин «жоголгонуна» чуу түшкөн бир автобус жумгалдык «кайынжуртум» кууп барабыз деп эртеси АтБашыга жөнөп, бирок чек арадан өталбай, супсундары сууп кайткан экен.
    ТЕНТИГЕН
    АтБашынын Күн чыгышы аркылуу АкСайга барчу жол боюнда менин дагы бир Өзгөрүш деген керемет айылым бар. 72жылдары ошол айылдагы Тентиген деген кишинин «шпион» кармаган «эрдиги» элдин күбүршыбырынан түшпөй турган кези.
    ***
    Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов бир жолу «эрдик» жөнүндө:
    – Согушта кантип эрдик кылсам деп ойлодуңуз беле? деген суроого:
    – «Кантип эрдик кылам?» деп акмак эле ойлонбосо, антип эч ким ойлонбойт. Согушта «аман калсам экен» деп гана ойлонот, деген эле.
    ***
    Агезде темирдей тартип, чегара катуу кайтарыкта. Нарындан ат тезегин кургатпай «атайын» кишилер келип, жержерлерде чогулуш жасап, арабызда совет өлкөсүнө жакшылык каалабаган карасанатай күчтөр көп экенин, андыктан АтБашынын ар бир айылы, ар бир кишиси өзгөчө кыраакы, сак болушун, кандайдыр бир шектүү адамдар байкалары менен дароо чегара заставасына билдирүү керектигин кулакка куюп кетип турар эле.
    ***
    Айрыкча 69жылкы Даманск заставасындагы окуядан кийин КытайСССР алакасы мурдагыдан да бузулуп, ана согуш чыгат, мына согуш чыгат болуп, эки өлкөнүн мамилеси устаранын мизинде турган кези. Армия мылтык менен жатып, мылтык менен туруп калган.
    ***
    Ошондой күндөрдүн биринде «Тентиген АкСайдан «шпион» кармаптыр, шпион Кытайга барчу жолду таппай адашып калып, аябай курсагы ачып, таштын үстүндө олтурса өзгөрүштүк Тентиген көрүп калып: «жүрү, Кытайга барчу жолду мен көрсөтүп берем» деп алдап үйүнө алып барып, тамак жеп олтурганда аялы экөө баса калып, бутуколун байлап жиберип, солдаттарга кабар бериптир» деген сөз биринчи жаңылыкка айланды.
    ***
    Ал окуя мындай болгон дешет.
    1972жыл. Жука кардын сөөгү жаткан февраль айынын каткалаң карын тепсеп, сарайын айланган Анапиянын алдын бейтааныш, өмүрүндө көрбөгөн орою суук орус тосту. Жанында шишимик көз, кыргыз кебетеленбеген дулдук кара бала. Кайыш куртка, шырымал шым, бутунда жүнү тышына аңтарылган тирук
    муш өтүк, башында көчүгү желкесин жапкан башкача түлкү тумак, эңгезер бойлуу, эжигейдей эме экен.
    ***
    Орусча бир ооз сөз билбеген, кокус орус жанына туруп калса «бирдеме деп орусча сүйлөп ийсе сүйлөй албай калып уят болом» деп «качып» барып башкалардын ийининен башын чыгарып карап турганда гана жаны жай алган Анапиянын жүрөгү кабынан мынамына ыргыганы турду. Бул орус АкСайдын заставаларынан күндө болбосо да күн алыс көрө калып жүрчү ак тончон, мылтыкчан, беш жылдыз куру, беш жылдыз тумагы бар, чегарачы орустарга такыр окшош эмес эле.
    – Мен геолог. Ушу мага ат керек, — деди ал.
    – Ат бар, ат бар, азыр, — деп шашып сүйлөп, ичинен титиреген Анапия атын басып баратып минген бойдон КүйгөнӨтөктөгү Тентигенди көздөй чү койду. Шекшиди, кыштын күнү кайдагы геолог? Артын караса тигил экөө ээрчип алыптыр.
    Анапия ансайын ылдамдады. «Дагы баягыдай болбосо экен» деп, анан баягы Жакен экөөнүн «шпион» кармаганын эстеп баратты.
    ***
    Анда жай болчу. Анапия көңдүн тоборсуй түшкөндөрүн оодарып болуп, короодон жаңы эле сыртка чыкса:
    Апсаям, сапсаям,
    АкСаян! АкСаян!
    Таратам! Таратам,
    Ташты минип баратам!
    деп, олбуйсолбуй жулкунуп, оңтетири теминип, ой келгендей кыйкырып, таштын үстүндө бийлеп аткан бирөөнү көрдү. Бети көрүнбөйт, башы жалаң чач. Өмүрү мындай балээни көрөлек эле. «Сөзсүз шпион» деди ичинен. Кудай жалгап «кульцентрдин» башчысы Жакен аке эки саат мурда келип, эс алып алайын деп үйдө жаткан. Чуркаган бойдон кирди.
    – Жакен аке? Тур, айланайын! Шпион жүрөт! Болгондо да тирукмуш шпион! Таштын үстүндө туруп алып Кытай менен сүйлөшүп атат! Тезинен заставага кабар кылбасак болбойт.
    Жакен табиятынан атка жеңил, тайга чак, чыканактай болгон кара киши эле.
    – Ыя! Эмне дейсиң? Сүйлөшүп атат дейсиңби? — деп угуп бүтпөй эле уйкусу умачтай ачылып, жаткан жеринен секирип туруп өтүгүн кийди. Жарыша чыгып «шпионду» карашса, күрмөсүн чечип салып, жалаяктай ташка жайылып олтуруп, бирдемелерди чиймелеп аткан экен.
    – Азыр эле бакылдап кытайча сүйлөп аткан, эми карачы күспүрүштүн, АкСайды картага түшүрүп атканын, деп шыбырады Анапия.
    – Бул жакында кете койчу түрдөнбөйт. Атка мин да малчыларга чап. Мен алаксытып турайын, деди Жакен.
    Анапия атына минип чапкан бойдон кетти. Жакен «шпион багып» сарайда калды.
    ***
    Чабандар тез эле жыйналды. Дагы кандай күн болуп кетет дегенби, кээ бири мылтык асынып, кээ бири такымына союл кысып алган экен. Баарын Жакен башкарып жатты.
    – Ашыкча чуу кылбайлы. Кол кайтарбаса жөндөн жөн эле урупсогуп ийбей кармайлы? деди ал.
    Чачы чакчелекей түшкөн эме экен. Чабандар ороп кирип барганда эле жайтаңдап тура калып:
    – Атсаломалекумдар! деп учурашты.
    – Сен кимсиң? деди Жакен.
    – Акынмын.
    – Текшергиле! — деди Жакен.
    Куралы жок экен. Карандаш менен кагаздан бөлөк эчтекеси жок экен. «Шпиондордун карандашка окшогон мылтыктары болот, кнопкасын басаары менен ок атылып мээге тийет» дегенди
    угушкан атбашылык малчылар тигинин акындыгына да, карандашына да, кагазына да ишенген жок. Карылуу немелер «кытай шпионунун» колубутун капшыра кармап, «чек ара кайтаргычтардын» жазылбаган мыйзамына ылайык заставага тапшырып, кыраакылыктары үчүн «ыракмат» угуп кайтып кетишти.
    ***
    Комсомолдун Борбордук Комитетинин жанын койбой, АкСай жөнүндө ыр жазчумун деп суранып барып, «шпион» деп кармалган ошол киши азыркы Кыргыз эл акыны Рамис Рыскулов экенин бүгүн саналуу эле кишилер билбесе эч ким билбейт.
    ______

    12
 
Страницы:  1  2  3  4  5  ... 14

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2