Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  ... 101
1 (20.02.2020 : 08:06:04)



    Жаныбек ЖАНЫЗАК

    Ырдын чыры
    роман

    1-китеп


    1-бөлүм
    Бир концерттен бет келишкен бири жаш, бири орто курактагы эки ырчы жыландардай арбашып турушту. Алар үн чыгарып айтышпаганы менен көздөр аркылуу бири бирине болгон таарынычтарын түгөл төгүп атышты:
    «Кандай абалга алып келгениңди көрдүңбү? Колумда жүрүп, тузумду татып, чоңойдуң эле?» – деди улуу ырчынын көздөрү.
    «Мени эле күнөөлөй бербеңиз, сиздин да күнөөңүз бар. Өмүр бойу кулуңуз болбой калганыма ичиңиз күйдүбү?» – деп жооп берди жаш ырчынын көздөрү.
    «Абийирди алмаштырып алган сыйлык-наамдарыңа эрдемсип атасыңбы? Жаштык да, сулуулук да кетет, эртең карылык келет, шермендечиликтин да чеги болот».
    «Сахнага чыгарганыңызды дагы канчага милдет кыласыз. Чыгарыптырсыз, бирок анын кайтарымын, кетирген каражатыңызды бүтүн бойдон кайтарып алдыңыз го. Дагы менден эмне керек?»
    «Дароо эле акчаны айтасың, сага акчадан башка да баалуу нерсе барбы?»
    «Сизге акча керек. Сиз мени акчаны бийик орунга койууга үйрөттүңүз. Эжекелеп сыйлагандан кийин сыйды билип жүрө бербейсизби. Бардык балээни тилиңиз менен таптыңыз».
    «Койунумда жыланды катып жүргөнүмдү билбептирмин. Сага алгач жолуккан күнгө миң наалат айтам!»
    «Мени койо бериңиз. Кыйын экенмин, сиздин мыкты ырчы болуп чыга алдым. Кыйын экенмин, сиз таптап берген жолду жоготпой, улап кеттим. Булардын баары менин эмгегим, жалгыз гана меники. Бала кезде сизге бекер иштедим, ошонум менен мага жасагандарыңыздын баарын актагам».
    «Көчүгүңдү берип, жеткен жетишкендиктериңе мактанба. Көчүк берүү жагынан кыйын экениңди билем. Көрбөгөндүн көргөнү курусун».
    «Ооба, сиз эле көрүп чоңойгонсуз. Сиз деле артыңызга бир карап, ким элем, ким болдум де көрүңүзчү, эмнелер калкып чыгаар экен».
    «Тагдыр баарына күбө. Убакыт баарын ордуна койот».
    Арбашкан жыландардай үн-сөзсүз тиктешкен экөөнүн «көз диалогун» алып баруучунун:
    – Сахнада сиздер сүйгөн, биз сүйгөн, элибиздин эрке ырчысы Чолпон Алымбекова! – деген үнү бузду.
    Эки ырчынын мындай тирешүүсүнүн тамыры, чыр-чатакка малынган учугу тээ алыста жаткан…

    ●●●
    Үч курбу Жылдыз, Нургүл, Асыл өсүп чоңойгон, Садырбек кайгылуу тагдырга кабылган, Рахмандай кызматын ашыкча пайдаланып, өзүн чакан райондун падышасы сезген адамдары бар айылда чүкөдөй болгон кемпир жашачу. Рахмандын бир тууган эжеси. Күйөөсүнөн жаштайында калып, жалгыз кызын медер тутуп жашады эле. Кызы да бой жетип, турмушка узаган. Бул кемпирге тагдырдын өчөгүшүп калган жайы бар беле, кызы бир кыздуу болуп, эми турмуштан ордун тапты го деп турганда, жол кырсыгына кабылып, жүлүнүнө доо кеткендиктен, төшөккө байланып калды. Аялынын майып болуп калганы, күйөөгө катуу тийди. Төркүнүнө жеткирип, апасынын колуна салып берип, кетип бир кайрылбады. Турду кемпир, анда оокат-ашка тың аял болчу, белин бек бууп, кызын жаш баладай бапестеп карады. Небересин да чоңойтуп, бардык түйшүктү моюнуна алды. Кызын айыктырып аламбы деген үмүт менен буту жеткен жердин баарына барды. Дарыгерлерден жардам болбогондон кийин элден угуп, билген тамырчы-табып дегенди да калтырбады. Ыйык жерлер жардам берет дешкендерди угуп, олуя аталардын сөөгү жаткан көрүстөндөргө зиярат да кылды. Бирок бири да жыйынтык бербеди. Акырында, тагдырына моюн сунуп, небересинин багын тилеп отуруп калган. Небереси Чолпон 5-класска окуп калган чагында, кызы каза тапты. Эне эртең менен адаттагысындай, таң азандан туруп, жалгыз уйун саап, бадага кошуп келип, сүт ысытып, кызына бир чыныга жылуу сүт көтөрүп келсе, денеси эчак муздап калыптыр. Сыягы, түндө каза тапкан окшойт. Өкүрүктү салып, озондоп ыйлап, жанында отурду. Ыйды уккан кошуналары бирин-сериндеп келип атышып, бир заматта короо элге толду. Элден айланса болот, кемпирдин жалгыздыгын билдирбей, бири боз үй тигип, бири сойуш алып келип, маркумду акыркы сапарына узатышты. Ошентип, чакан үйдө Турду кемпир эселек небересин коюнуна кысып, отуруп калды.
    Күйөө бала сөрөй аялынын тажиясына да келбеди. Көз көрсөтүп куран окуткан да жок. «Алыс жакта жашаса да мейли эле, кадам турган айылда жашайт. Жок дегенде, канын сыйлап, кызы үчүн келип койсо деле болмок да», – деп айылдагылар шыпшынышты. Аны уккан кенедей кыздын жүрөгүнө таарыныч толуп, кекенет.
    Турду кемпир эми болгон күчүн небересине жумшады. «Бир бутум төрдө, бир бутум көрдө турат. Мен жок болгондо өз оокатына тың болсун», – деп небересине үйрүлүп түшө бербей, катуу тарбиялады. Чолпон да 15ке чыкпай атып, үй ишин мизилдете кылып, уйду саап, сүт тартып, тамакты түрлөп бышырып, ал турмак үйдө эркек жок болгондуктан, сырттагы эркекке тийиштүү иштерден бери жасайт. Аны менен катар мектептеги коомдук иштерден четте калбайт. Сабактарын да жалаң бешке окуйт. Айтор, Кудайдын бир берген белегиндей эле кыз, көз тийбесин.
    Турду жалгыз иним деп Рахманга боор толгогону менен анда такыр мээрим жок. Көчөдөн көрсө кабагын бүркөп, элден уялганы үчүн гана эптеп учурашымыш болот. Үйүнө келсе, ит келдиби, куш келдиби дегенсип, далысын салат. Аялы да күйөөсүнүн мамилесинен улам, кайнежесин сыйламак тургай, алдына дасторкон жайып, чай берүүдөн эринет. Кээде чак түштө келип калса, «Мен уктаганы аткам, чарчадым», – деп төркү үйүнө кирип кетет.
    Бүгүн да Турду кандай начар мамилени көрсө да, көңүлү калбай Рахмандыкына келди. Жайы менен небереси экөө тырмалаңдап, үйдүн артындагы жерге күн карама өстүрүшкөн. Эми күз келгенде жыйнашып алышты. Май чыгарганга данын алуулары керек. Ал үчүн темир керебет керек болуп аткан. Рахмандын үйүнүн алдында керексиз буюмдардын арасында темир керебет турганын көргөн. Ошону сураганы келди. Кудай жалгап, иниси үйүндө экен. Турдунун келатканын көрүп, кабагын бүркөдү.
    – Жакшы жатасыңарбы? – деген кемпирдин саламына ошол жерде тургандардын бири да алик алышпады.
    Рахмандын аялы отто кайнап аткан тамагын карап, «тамак бышаарда аңдып тургансып келгенин кара», – деп ойлоп, тамагын кызганды. Жуунуп аткан Мелис болсо, «Дагы бир ишимди жасашып койчу деп суранат окшойт. Мен бул жакта эс алып аткансып», – деп кыжырданды.
    Турду бул үйдөгүлөрдүн бири да өзүн киши катарында көрбөй турганын жакшы билчү. Ошентсе да айласы жок. Бөлөк-бөтөнгө сурамжылап баргыча, бул өз бир тууганы эмеспи.
    – Рахман, тээ тигил керебетиңди сурап келдим. Семичкенин данын чыгарып алгыча, алып пайдаланып турайынчы, – деди кемпир.
    Келини мурдун чүйрүп, жактырбагансып, ашканага кирип кетти. А Рахман көзүнүн төбөсү менен карап:
    – Кайырчы болгондон башка кылаарың барбы сенин?! – деп корс этти.
    Балачагынан коюнуна катып, экинчи энеси катары чоңойткон, жаш курагы өзүнөн бир топ улуу эжесин «сен» дечү.
    – Айланайын иним, айла жоктон сурап атам да. Иштетип атсаң да сурабайт элем, жөн турган бир темирди эжеңден аяба, , – деди жалынычтуу.
    – Бар! Бар, кетчи! – деген Рахман лөкүйүп, тамды айлана басты.
    Турдунун жаны кашайды.
    – Өлүкканаңды көрөйүн, эркек болгон. Мен сени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай энебиз өлгөндөн кийин чоңойттум эле. Сен деп жүрүп, турмушка да кеч аттанып, бак таппадым, – деп сүйлөнүп, артына бурулду.
    Рахмандын жаалы кармады, эки аттап кемпирге жетип, жакасынан булка кармап токтотту:
    – Эй, эмне дейсиң?! Сен менин өлүгүмдү көргүң келип калдыбы?! Күйөөңдүн башын жуттуң, жалгыз кызыңды жуттуң, эми жутпаганың мен калдымбы?!
    Ачуусунан кармана албаган ал кемпирди ары-бери булкуй баштады. Ушул убакта кемпирдин артынан келаткан Чолпон чуркап келип, арачыга түштү.
    – Тийбе апама, тийбе дейм, – кичинекей кыздын көзүнөн учкан чаар бүтүн дүйнөнү куйкалап салууга жетээр эле.
    Ары жакта карап турган Рахмандын аялы менен баласы эч нерсе көрүшпөгөнсүп, бурулуп басып кетишти. «Бириң өлүп, бириң кал» дегендей кебетелери бар.
    Рахман чыркырап ортого түшкөн кызды бир колу менен эле түртүп, жыгыта койду. Кемпир эми небересин калкалоого умтулду.
    – Кокуй, өлтүрдүң, тийбе кызыма!
    Эне-бала ыйлаган тейде, Рахмандын колунан бошонуп, короодон чыгышты. Чолпондун жүрөгүндө кек, ыза кайнап буркурап ыйлап келатты.
    – Апа, экинчи келбеңизчи ушунукуна, бул адам эмес, – деп ыйласа жанына адам туралбайт.
    Ал Турдуну апа дечү, өзүнүн каза болгон энесин эже деп жүрдү. Энеси төшөккө жатып калганда бир жаштан эми ашкан наристе болгондуктан, калган өмүрүндө багып-кагып, жуунтуп-тарантып, ээрчитип жүргөн таенесин өз энеси катары кабыл алып калган. Турду да анын оюна өзгөртүү киргизгиси келбей тек койгон. Энесинин майып экенин билген баланын көңүлү чөкпөсүн, андан көрө кемпир болсом да мени энем деп, Салкынды эжем деп кала берсин деген. Айылдагылар да чындыкты кызга айта беришпей, жөн гана «Кемпирдин кызы» деп коюшчу.


    101
 
Страницы:  1  2  3  ... 101

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2