Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  ... 104
1 (01.02.2020 : 09:50:49)
    Зуура Сооронбаева

    Чоочун киши
    Биринчи бап


    1-бөлүм
    Көтөрүнгөн жүктөрү, көтөргөн балдары, ээрчиткен кызы бар жаш келин менен орто жашап калган аял самолёттон түшүп, эки жагын элеңдей карашып, аэропорттун трассасынан чыгышты.
    – Такси менен жетип аласыздарбы? – дешти, аялдарга жардамдашып, жүктөрүн көтөрүшүп келген жигиттер, токтоп турган машиналарды көрүп.
    – Жок, ушул жерде кичине күтө туралы. Күйөөм келиш керек, – деди келин скамейкага олтура берип, баласынын оозуна упчу салып жатып. – Ракмат силерге. Убара кылып койдук окшойт.
    – Бактылуу болгула кагылып кетейиндер. Ыймандуу балдар экенсиңер. Менин да силерге окшогон
    балам бар. Ушул шаарда үй кургандын инженери болуп иштейт. Үй-бүлөсүнүн келатканын билет, ал...
    Эне менен келин бири келип, бири кетип жаткан адамдардын арасын аңтара карап, издегендери Толкунбек.
    – Эне, абам качан келет? – Жанат дагы сурады.
    – Билбейм, каралдым, мен сенин жаныңда турбаймынбы, – деди Кына ысыган бетин бетаарчысы менен желпиген болуп.
    – Энең кайдан билмек эле, келет да келгенде, – Жайнагүл кызын алая карап койду. Аптаптан маңдайынан тер чыпылдап, эки бети албырып турган Асандын чекесин үйлөп жатып кейиштүү үн катты: – Толкунбек телеграмманы албай калганбы дейм?
    – Жаткан жерине урдуң беле?
    – Ооба, жатаканага жибергем. Ал ошол жерде жашайт да.
    – Эми, абам качан келет, ыя? – деди Жанат кайталап сурап.
    – Азыр келет.
    – Кечке эле азыр, азыр дейсиң, кана келгени?
    – Азыр дебегенде эмне дейин. Бөбөктөрүңдү карачы, бирөө энесинин астында, бирөө менин астымда чатагы жок эле уктап жатышат. Тил-оозу чыккан сенин азабың өтөт окшойт. Атамдын жанына таштап келсек болмок экен.
    – Суу ичем.
    – Алдымда уктап жаткан баланы эмне кылайын. Эптеп чыдап тур. Абаң келсе баарын алып берет.
    – Анда үйгө кетем.
    – Бар, кете бер. – Келин ачуулуу бурк этти.
    Алдындагы баланын чукуранып, ойгоно баштаганына алаксый түшкөн Жайнагүл Жанатты байкабай калды. А Кына болсо бөтөн эл, бөтөн жерди сонуркай карап, издегени өз уулу. Эми эле жанында турган Жанаттын жоктугун көргөн Жайнагүлдүн жүрөгү атып кетти.

    – Эне, баланы ала туруңузчу, Жанатты карайын. Ал кайда чуркап кетти? – Асанды Үсөндүн үстүнө коё коюп, самолёт токтогон трассаны көздөй жүгүрдү. Жайнагүл артын кылчак-кылчак карап, трассада көпөлөктөй учуп бараткан кызын көрүп, буту үзүлгөнчө жүгүрүп баратты. Аңгыча болбой ары жактан, жаңы конгон самолёттон чыгып келаткан лётчик кыздын алдын торой басып, кучагын жайып токтотту. Экөө бир демге тиктеше түшүп, анан жигит баланы жерден көтөрүп алды.
    – Кайда барасың? – Үйүмө.
    – Үйүң кайда?
    Кыз эки жагын айланта карап туруп, анан асманды көрсөттү. Жигит күлүп жиберди.
    – Атың ким? – Жанат.
    Учкуч Жайнагүлдүн жүгүрүп келатканын көрүп, кызды көтөргөн бойдон алдынан утурлай басты.
    – Бул сиздин кызбы?
    – Ооба, менин кызым. Атасы келгенче, беймаза кылып качып жатпайбы бул эси жок.
    – Бекер коё бересиз. Кырсыкты кайдан деп болбойт.
    Булар ушунтип жатканда ар жактан эркек кишинин үнү чыкты. Жигит жалт карады.
    – Эмир! Зыйнат эже менен сүйлөштүм, үйдө болбойм дейт.
    – А болуптур болбосо. Эмне, бир жакка кетип жатыптырбы?
    – Анысын сурабадым. Жүрбөйсүңбү, тамак ичели.
    – Азыр. – Жигит Жайнагүлгө карады. – Татынакай кызыңыз бар экен, өзүңүзгө окшогон. Мен сулуу, ачык балдарды жакшы көрөм. Таанышып алдык. Атым Жанат дейт. – Бетинен жыттап, кызды жерге түшүрүп, сөөмөйүн кезеди. – Экинчи апаңды укпай каччу болсоң мен сени алып кетип калам.
    – Кайда?
    – Үйүмө.
    Кыз Жайнагүлгө ыктап, көзүн жашылдантты:
    – Жеңе, мен суусап жатам.
    – Эми буга сууну кайдан табам. Тыякта да эмчекте эки уулум бар. Аларды... – Келин шыпшына сүйлөдү.
    – Бул кыз кайын сиңдиңизби? – И, чоң энеси бар.
    – Оо, кут болсун, жапжаш туруп үч баланын энеси турбайсызбы.
    – Жүрү, каралдым, бөбөктөрүң ыйлап, энеңди беймаза кылып жатпасын. Жакшы калыңыз. – Жайнагүл кызын жетелеп бурула берди.
    – Жеңе, суу ичем, – деди кайталап, кыз.
    Учкуч токтой калды.
    – Сиз коё туруңуз, – деди жигит, Жайнагүлдү токтотуп. – Жүрү, Жанатка, мен сага суу ичирип келейин. – Кызды колдон алып жетеледи. – Сиз балдарыңызга бара

    бериңиз, камтама болбой. Өзүм жеткирип коём.
    – Биз тээтигил жердебиз. – Колу менен олтурган жактарын жаңсап көрсөттү.
    – Табабыз ээ! – Жанатты жетелеген жигит ары басты.
    «Аты Эмир экен» – деди, Жайнагүл көңүлүндө бул атты кайдан укканын эстей албай. Төбөдөн түшкөн күн
    жер-сууну каарып куйкалап турду. Саат он бирде келген жүргүнчүлөр экиге чейин Толкунбекти күтө беришип, жедеп чарчап бүтүштү. Балдарынын күнгө беришип, чыдабай баратканын көрүп жаны кейиген эне келинине минтти:
    – Э, ботом, Толкунбек эртеңке чейин келбесе деле, ушинтип олтура беребизби. Мына бул чымын-куюн болуп, бири келип, бири кетип жаткан машиналарга сүйлөшсөң, жеткирип коёр акысына. Кой, каралдым, минтип олтурбайлы. Мындай катуу ысыкты

    көрбөгөн араң жан немелерге күн өтүп кетсе, куурабадыбы.
    Жайнагүл кайненесинин тилин алып, ошол эле замат бир таксини кармап келип, жүктөрүн салып, СМУнун жатаканасына жөнөп кетишти. Анткени бул жерге келгенден бери Толкунбек ушул жерде жашоочу. Машина жайлап токтоду. Имараттын алдында үйүлүп жаткан топурак, кумдар менен курулуш материалдарын, дубалдарынын шыбактары чамбылала болуп сыйрылган көңүлсүздүктү көрүп, Жайнагүлдүн көзү алая түштү.
    – Биз адашып кеткен жокпузбу? – деди шофёрго бурула карап келип.
    – Адашкан жокпуз. Сиз айткан адрестеги СМУнун жатаканасы ушул. Сыягы ремонт болуп жаткан го. Олтуруп туруңуздар, мен барып билип келейин. – Шофёр кабинадан түштү.
    – Сиз менен мен деле барайын! – Жайнагүл баласын кайненесинин сол
    ыптасына жөлөй жаткырып, машинадан чыкты.
    Ырас эле, шофёр айткандай бул жерде ремонт экен. Кээ бир ремонту али баштала элек бөлмөлөрдө жашап жаткан жумушчулар бар окшойт. Жайнагүл жатаканадан ээрчише чыккан эки жигитти токтотуп сурады:
    – Кечиресиздер, Мансуровду тааныбайсыздарбы? Ал ушул жерде жашайбы?
    Балдар буйдала түшүп жооп беришти:
    – Ооба, ооба, ал киши ушул жерде жашоочу. Ремонтко байланыштуу убактылуу мейманканага чыкканына бир жумача болуп калды.
    Толкунбек экинчи кабатта, бир кишиге ылайыкталып салынган чакан эки бөлмөдөн турган люкстан орун алыптыр. Биринчи кабатта олтурган башкы администратор келгендердин жай-маанисин уккандан кийин, экинчи кабатка телефон чалды.

    – ...Ооба, ооба. Мейли Мансуров жок болсо. Ысык-Көлдөн энеси, аялы, бала-чакасы келиптир. Ошол номерге жайгаштыргыла... Ой, кызык, батышпаса Мансуров келгенде көрөбүз да...
    Экинчи кабаттын администратору да токтолуп калган эстүү киши экен. Шашып-бушуп номерди ачып, тигилерди киргизди да:
    – Ысыкта, абдан чаалыккан окшойсуздар. Чай ичкиңиздер келсе, чай алып келип берели. Эгерде, тамак ичкиңер келсе, алдында да, үстүңкү кабатта да буфет бар.
    – Жок, биз чай эле ичебиз. Өзүбүз да суусап келдик.
    – Жарайт, азыр. Күйөөң менен жооптошуп туруп келсең болмок экен. Командировкага кеткенби, ким билсин. Мен сменди эртең менен алдым. Түндө конууга келген жок дешти. А-а, баса, – деди аял, – ага телеграмма бар экен. Албаптыр, менде турат.
    – Алган эмес экен да, – деди өкүнүчтүү үн менен Жайнагүл. – Биз анын жок экенин билбей, аэропортко тосууга келет деп күтүп жүрбөйбүзбү. – Толкунбектин күнөөсүз экенин угуп, Кына да, Жайнагүл да мурдагыдай ага таарынбай калышты.
    Чарчаган балдарын бир сыйра душка түшүрүп, чай ичишип, тамактангандан кийин, үч бала тырп этпей уйкуга киришти. Чарчаган Кына да бут серппей жыгылды. Жалгыз Жайнагүл кирип-чыгып Толкунбектин келишин чыдамсыздык менен күтүп жатты. Чарчаганын сезбей алда-кандай болду деп санаасы санга бөлүнөт. Кеч кирди. Убакыт өтүп жатты. Сааттын жебеси он бирге, анан он экиге, андан кийин бирге жетти. Жаны жер тартып, денеси көшүй баштады. Бирок уктай албады. Коридордон адамдардын дабышы, сүйлөшкөн сөздөрү чыкты дегенче, илинип бараткан көздөрү ачыла түшөт. Ошентип жатып саат үчкө


    104
 
Страницы:  1  2  3  ... 104

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2