Башы
.




Төшөк икая Суроо-жооп Таанышуу бурчу Аралаш

Страницы:  1  2  3  ... 21
1 (31.01.2020 : 21:00:24)
    Зуура СООРОНБАЕВА

    Астра гүлү


    1-бөлүм
    Жайдын толуп турган кезинде Фрунзеге барып калдым. Көздөп келген жумушум бүтүп, үйгө кайтуучу мезгилим да келди. Жолдошторумдун «эртеңки дем алышты мындан өткөрүп кет» деген өтүнүчтөрүнө карабай, жолго чыгууга камындым.
    Фрунзенин автовокзалы. Эл көп. Машина-машинага тийбейт. Ичи жүргүнчүлөргө толгон автобустар менен жеңил машиналар биринин артынан бири зымыроодо.
    – Бул такси кайда барат?
    – Өзүңүз кайда барасыз?
    – Пржевальскиге.
    – Кечигип калдыңыз, орун жок.
    – Аттиң – дедим да, дагы бир машинага бардым. Баякы эле жооп, орун жок. Убакыт өтүп жатты.
    – Эже, сиз Пржевальскиге барасызбы? – деди бирөө.
    – Ооба.
    – Жүрүңүз, тиги машинада бир орун бар.
    Сүйүнүп кеттим. Чемоданымды көтөрүп, машинанын жанына келдим. Алиги жолдошторун узатып жүргөн жигит машинанын эшигин ача берип, мага жылмайды. Ичинде отурган жүргүнчүлөргө көзүм түштү. Жүрөгүм шуу этип, кайра кетенчиктеп барып токтодум.
    – Олтуруңуз!
    – Ракмат, мен башка машина менен кетейин (калп айтууга туура келди), биз эки кишибиз, силерде болсо...
    – Ай, катын, – деди машинада олтургандардан кимдир бирөө, тили күрмөөгө келбей, – оштонбой олтурбайсыңбы?
    – Арманда каласың, биз менен кет. Жолдо катар гүлдөтөбүз сени, – экинчиси булдуруктады. Алардын сөзүн укмаксанга салып кете бердим.
    – Токто! – күрөөсүнөн бери кара-көк тартып кызарган жигит машинадан чыгып, артымдан жете келди. Жүрөгүм оозума тыгылды.
    – Сизге эмне керек?
    – Сен керексиң! Машинага кеткен чыгымыңды биз төлөп берели.
    – Эмне үчүн?
    – Сенин кадырың үчүн.
    – Койо бериңиз.
    – Акмак кыла турган кишини тапкан экенсиң. Азыр эле түшөм деп коюп, кайра айныганың эмнең, ыя?. .
    Атам тааныбаган мындай зөөкүрдөн качып кутулуудан башка айла жок эле. Акыры көпчүлүктүн ичине кирип кетүүгө туура келди.
    – Пржевальскиге бир орун бар, каалоочулар барбы? – Шофердун үнү заңк этти...
    Учу-кыйырсыз тасмадай созулуп жаткан шоссе жолдо жеңил машина сызып бара жатты. Тынчтыкты шофердун анда-санда берген сигналы бузбаса, жылуу абанын эпкини акырын шуулдап, бир калыпта артта калууда.
    Олтурган жүргүнчүлөр бири-биринен жай сурашат.
    – Мен Сизди сыртыңыздан тааныйм, жаңылбасам Закен эже эмессизби?
    – Ооба. Закенмин. Өзүңүз кайсы жерден болосуз? – Мен ага кайдыгер бурулдум.
    – «Жылдыз» колхозунан.
    – Ооба, жердеш турбайбызбы. Бул жакка качан келдиңиз эле?
    – Өткөн дем алышта.
    – Жөн-жай элеби?
    – Жолдошум Фрунзеде ооруканада, ошого келгем.
    – Мен тааныймынбы? Кимдин келинчеги болосуз?
    – Балким, таанырсыз, колхоздун башкы агроному...
    – А, тааныйм-тааныйм. Ооба, баса, жарааты катуу деп уктум эле, жакшы болуп калдыбы?
    – Ракмат, эжеке, жакшы.
    – Ошондой эле болсун. Абалын угуп чочулаганбыз. Сакайып кетсин бечара. Көгөрө турган жигит. Ал быйыл Ленин ордени менен сыйланбадыбы? Чарбада белдүү кызматкер, иштемчил. Азамат, колхозго ушундай тынчы жок кишилер керек... – деп сөзүмдү токтотуп, анын жүзүнөн бирдеме издеп жаткансып кадала тиктеп турдум.
    Ооба, мен бул келинди көптөн бери көрүүгө ынтызар элем. Бир жолу ушулардын колхозуна барып калганымды эстедим. Башкы агроном экөөбүз жүгөрү плантациясынан баштап, эгин, беде, апийим аянттарын кыдырып жүрдүк.
    Жүгөрүнү көргөндө бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, эмне дээримди билбей апкаарып калдым. Калаган камыштай бийик чыккан «талаа ханышасын» аралап, атчан киши кирип кетсе көрүнгүс.
    – Бул менин аялымдын участкасы. Начарырак жеринен чыктык. Арылап бастырсак мындан сонун. Тигил участка болсо Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамды жаңы алган Айнагүл эженики. Ал жыл сайын жүгөрүдөн мол түшүм өстүрөт. Топуракты иштетүү жагынан чабуулду катуу коюп жатабыз. Эгиндин жаздык айдоосун кескин кыскартып күздүк менен тоңдурмага көчтүк.
    Башкы агроном менен бирге баратып, анын аялы жөнүндө уккан сөздөрдү эстедим. Кантип сурасам? Балким, аны менен ажырашып кеткендир. Өтө салкын турушат дешчү эмес беле. Ушул өңдөнгөн жигитти чанып жүргөн аялды көрүп койсо жаман болбос эле. Балким, чыны менен эле укмуш аялдыр. Эгер агроном түшкү чайга үйүнө чакырса жан-дилим менен бармакмын. Бирок андай болгон жок. Талаа станына барып түштөнүүгө туура келди.
    – Эче балаңар бар, иним?
    – Бирөө, экинчиси курсакта. Келинчегим декретке жаңы чыкты. Кийин жентек жегенге келиңиз бизге...
    ... Ошондогу жигиттин жылдыздуу жүзү көз алдымдан тартылып өттү. «Эки адам көрүшөт, эки тоо көрүшпөйт» дегендей, тагдырдын марттыгын көр. Бир кезде мен көрсөм деп дегдеген ошол келиндин минтип жанымда олтурганын кара.
    Ичимден сыр билгизбей сынай тиктейм. Мен уккан аялы болду бекен? Эгер ал болсо күйөөсүнөн өтө деле ашып кеткен өзгөчөлүгү көрүнбөйт. Күнгө тотуккан кара тору жүзү сүйкүмдүү. Көзү бажырайып оттуу. Менин көңүлүмдү көбүрөөк өзүнө бурган берметтей аппак тиштери болду. Күлсө да, сүйлөсө да тептегиз болуп келинге бир башкача сулуулук берип турат.
    ... Башы булутка жетсе да адам баласынын өзүнчө түйшүгү, өзүнө туштук өкүнүчү болбой койбойт эмеспи. Келин канчалык өзүн жайдары көрсөтөйүн дегени менен, капысынан кайра-кайра улутунуп, оор дем алып коюшу менин көңүлүмдү тынчсыздандыра баштады. Кандайдыр көздөгөн максаты ордунан чыкпай, кимдендир ыза көрүп, катуу сокку жеген кебетеси бар.
    Гүлкан көзүн жашылданта бир оокумда мага бурулду:
    – Айтыңызчы эже, армансыз адам жаралат болду бекен?
    – Эмне үчүн болбосун.
    – Балким, жер жүзүндө бактысыз жаралган жалгыз мен болуп жүрбөйүн? – Мостойо түштүм.
    – Эмне үчүн антесиң? – Күйөөң теңтуш, турмушуңар жакшы.
    – Турмушу жакшы болуп, дүйнөгө түркүк болуп, миң жашаган ким бар. Же адамды бактылуу кылган дүнүйө менен дөөлөтпү? Жок, жок, такыр андай эмес. Мен буга эч качан кошула албайм. Адамды бактылуу кылган – адам, сүйүү. Же жалган айтып жатамбы?
    Келиндин өпкөсүн көптүргөн көңүлдөгү сырын ким менен бөлүшүп, ким менен сырдашарын билбей ынтызарланып келатканын байкадым. Адам кээде ичиндеги терең капасын теңтушуна же аны баалай билген кимдир бирөөгө айтып, эркин баарлашып алса, үстүндөгү жүгү жеңилдене түшкөнсүп, ичи ачылып калат эмеспи. Билгизбей сурадым.
    – Эмне үчүн мынчалык нааразысың? Силер жөнүндө башкача пикирде элем. Кокус жаңылып жатып жүрбө?
    Келин селт этти. Мостойгон калыбында сөз катты.
    – Жаңылып жатып жүрбө дейсизби? Эмне үчүн минтип сурадыңыз?
    – Бактысыз деп кандай кишини айтарын өзүң түшүнөсүңбү? (Мен Гүлканды түз эле сен деп сүйлөөгө өттүм. ) Жаман көрсөң жаман көр, бул айтканың жакшы эмес, Гүлкан.
    – Түшүнөм эжеке, кичине эмесмин да.
    Келиндин өңү адегенде бозоруп барып, кайра албыра түштү.
    – Кайын энең силер менен чогуу турабы?
    – Анан кайда барат? Кызык сурадыңыз.
    – Дегинкисин айтам да. Жашырган менен болобу, кийинки жаштардын көпчүлүгү кайын энени каалашпайт. Өздөрүнчө турууну эңсейт. Энелердин ак пейилине түшүнбөй, чуу көтөрүп жүргөн келиндер азбы? Карыны бактысыздыктын башы деп билген жеңил ойлуулардын эченин көргөм.
    Гүлкан чебелене түштү.
    – Эгер кайын энем болбогондо, балким... – бир демге унчукпай калып, кайра мындай деди: – Мен ал кишини өз энемден артык көрсөм көрөм, кем көрбөйм. Акылдуу, мээрбан аял.
    – Күйөөң ичкиликти жакшы көрөбү?
    – Эркек эмес, биз деле иче коюп жүрбөйбүзбү. Шарты келген жерде ичет.
    – Аны сурап жатканым, кээде үй-бүлөнүн ыркын кетирип, ынтымакты бузган көпчүлүк учурларда ичкиликтен да болот. Бактылуу эрди-катынды бактысыз кылган да ошол жинди суу.
    – Айттым го эже, ал андайлардан эмес, ичкичил кишилерди өлгөндөй жек көрөт.
    Гүлкан экөөбүз тең бир топко унчукпай калдык. Өзүмдөн өзүм бушайман болуп, оюм алда кайда чабыттап, жанымда олтурган ушул келиндин бүдөмүк, чоочун турмушуна улам арылап сүңгүп бара жаттым. «Ишке жөндөмдүү, эл-журтка алымдуу болгону менен аялга калганда карамүртөс неме болсо керек. А балким, кылдан кыйкым таппаган кызыл камчыдыр, ким билсин. Кокус ошондойлордон болсо, колуктусунун көкөйүнө көк талкандай тийген кара боор бул жигитти кантип жакшы деп мактоого болот...»
    – Эже! Эмне мынчалык ойго батып кеттиңиз?
    – И, сенин күйөөң жөнүндө ойлоп кеттим, Гүкен. Эстүү жигитпи дечү элем. Бирок...
    – Жолдошумдун адамгерчилиги жөнүндө кабатыр болбоңуз. Балким, бактысыз болушума өзүм же башкалар күнөөлүүдүр.


    21
 
Страницы:  1  2  3  ... 21

Издание книги за счет автора
емейл:janyzak@mail.ru
+996777329784
Алган материалга шилтеме бер!
 © J.Janyzak, Kyrgyzstan 
Ссылки на взятые статьи обязательны!




Powered by WR-Guest © 2.0.2