Айбек Мураталиевдин
"Министрдин махабаты" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
50 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Министрдин махабатын алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Айбек Мураталиев

Министрдин махабаты



I серия
-Алло?
-Да.
-Аидасыңбы?
-Ооба.
-Үнүң таанылбай калганбы?
-Эмнеге?
-Билбейм.
-А эмне мынча кеч?
-Силерде түн, бизде эртең менен. Бишкек менен Нью-Йорктун айырмасы 11 саат эмеспи?
-А-а, Америкага кетпедиңер беле.
-Унутуп калыптырсыңбы?
-Унутпай эле...
-Уктап атасыңбы?
-Жарым-жартылай.
-Кандай?
-Төшөктө жатам көзүмдү жумуп. Уйку менен ойгоонун ортосунда.
-Бессонница что ли?
-Жо-ок, андай эмес. Муну эмне дейт билесиңерби?
-Өзүң айт.
-Анда билип жүргүлө. Медитация между сном и явью дейт.
-Укмуш го?
-Укмуш.
-Аны кимден үйрөнүп жүрөсүң?
-Ауробиндодон.
-Ки-им?
-Индустардын акылманы. Сүкүт чалуунун системасы менен бүт дүйнөнү таңгалдырган.
-Йог дечи?
-Ошо сыяктуу.
-А мен аныңды көп поклонниктериңдин бири экен дебатпаймынбы?
-Здра-асьте!
-Аида?
-Ии.
-Сагындыңбы?
-Айтпайм.
-Эмне үчүн?
-Өзүңөр сагындыңарбы?
-Это словами не передать, дорогуша.
-А что делать?
-В смысле?
-Словами не передать дебатпайсыңарбы...
-А-а... Көргүм келет. Саамайыңан сылагым келет. Өпкүм келет. Сөз менен айталбайсың да. Канатым гана жок. Болсо азыр учуп барат элем.
-Абдан романтиксиңер, ээ?
-Ал эмне жаманбы?
-Жо-ок. Наоборот ушул мүнөзүңөр жагат.
-Ырахмат.
-Акчаңардын баары кетти го?
-Эмнеге?
-Узак сүйлөшкөнүбүздү айтам. 12-микрорайондон чалгансып шашпай сүйлөгөнүңөрдү айтам. Все-таки это Америка.
-Түшүндүм, кызыл жоолук делбирим менин...
-Айтматовдун делбириби?
-Жок, менин делбирим... Акчамды башкадан аясам да, сенден аябай калайын. Бир жумалап деле тынбай сүйлөшө берүүгө даярмын, менин кичинекей ханышам!
-О-о!
-Ишенбейсиңби?
-Ишенем.
-А эмнеге "о" дейсиң?
-Ханышам дегениңер жагып калды.
-Бул чындык да?
-Билем.
-Билсең эмне үчүн менин эң башкы суроомду жоопсуз калтырдың?
-Кайсы?
-Бат эле эстен чыгарганың жарабайт, менин айперим.
-Аябай эркелеттиңер го?
-Жакпайбы?
-Жагат.
-Эстеген жоксуңбу?
-Эмнени?
-Башкы суроомду?
-Айтайынбы?
-Айт.
-Таарынбайсыңарбы?
-М-м, аракеттенем.
-Сагындыңбы деп сурадыңар. А мен айтпайм дедим. Туурабы?
-Ту-ура.
-А эмне үчүн айтпайм дедим?
-Билбейм.
-Кырк бешке чыккан киши да ушундай жөнөкөй нерселерди түшүнбөйбү?
-Сурооң ширин чыкты, Аидочка. Бу дүйнөдө мен билбеген балээ жок. Ошентсе да сага келгенде эң жөнөкөй нерселерге башым жетпей калганы чоң чындык. Мен масмын да?
-В смысле масмын? Ичип алдыңар беле?
-Ах ты, моя малышка, бир туруп жарга такаган суроо бересиң да, бир туруп наивный болуп кетесиң да?
-Меню тебю не понимать.
-Ха-ха-ха, тамашаң да керемет. Мен деген сүйүүгө масмын, Аида каралдым!
-А-а... Эми жетти.
-Жетсе мен даярмын, табышмагыңыздын жандырмагын угууга.
-Табышмак деле эмес. "Айтпайм" деген сөз "ооба" дегенди билдирет...
-Ва-ай, ушуга акылым жетпептир, ээ?
-Не надо иронизировать, Нурлан Кадырбекович! Тем более кокетство деп кабыл албаңы-ыз.
-Койсоңузчу, айперим. Официальный кайрылганыңызга караганда таарынтып алган жокмунбу?
-Ой, телефонду папам сурап атат. Кийинчерек чаласыңарбы?
-Папаң келди беле?
-Билесиңер да, хозяйкасынан качканда биякка келет эмеспи.
-Анда бошогондо соткама өзүң чалып кой.
-Соткаңар Америкадан деле ала береби?
-"Роуминг" деп коет. Жердин түбүнө түшүп кетсем да шыңгырай берет.
-Кой, түшпөгүлө. Анда мен ыйлайм.
-"Ыйлайм" дегениңен сенин...
-Мейли анда. Через полчаса позвоню.
-Жарайт. Күтөм...
Нурлан сыртка чыкты. Асман тиреген аскадай үйлөрү баса калчудай болгон Нью-Йорктун көчөсү. Ызы-чуу. Аба ным жыттанат. "Манхэттенди" көздөй басты. Бүгүн жекшемби. Адамдын баары эшикте. Көчөнүн наркы башынан Мадонна, Бритни Спирс, Шакира сыяктуу шоу-жылдыздардын килейген плакат-сүрөттөрү көрүндү. Арасынан бир азиатканын көзүнө кадалган Нурлан "селт" этип кетти. Кудум Аиданын жүзү. Окшоштукпу же...



II серия

Китептерди биерден танда:
kitep.ru




Айбек Мураталиевдин
"Министрдин махабаты" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
50 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Министрдин махабатын алам!"
деген кабар келет: