Жаныбек Жанызактын
"Ханум байлыкка баш урду"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам!


"Алам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум байлыкка баш урдуну алам!"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум байлыкка баш урду

Повесть, сериалдын 2-томунун биринчи китеби


“Качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт” демекчи, белди бекем бууп жолго чыктык. Поезд кылкылдап баратат. Мурда каттап жүргөндөрдүн сөзүнө кирип, “билетсиз кетсең арзан болот”, – дегендерге ишенип, билет албаган элек. Бизге окшогондорду “коенектер” деп коюшат экен. Эми Акмарал экөөбүз кулагыбызды шалпайтып, же орунубуз жок ар кимдин бошой калган орунуна отура коюп, баарына жаман көрүнүп баратабыз. Акчаны үнөмдөбөсө да болбойт эле, болгонунун баарына товар алып, болгону миң сомду кармап баратабыз. Россиянын аймагына киргиче эле бул акчабыздан дайын жок болуп калаары Кыргызстандан чыга электе эле байкалды. Казакстандын чегарасына жакындаганда ар бирибизден 100 сомдон жыйнашты проводниктер. “Акча бербесек, баштыктарыбызды бирден чачып текшеришип, убакытты алышат”, – дешти поезддеги мурда каттап жүргөндөр. Акмарал экөөбүз жолго деп эки нан, каймак май, пакеттеги чайдан экини гана алганбыз. Калганына акчабыз жетпеди да. Алыс жолду билбегенибиз ушул, каймак майды эмне кылабыз десең. Поезд бир аз жүргөндө эле ээрип, жемек тургай караганда көңүл айлана тургандай болуп калды.
– Ачка болдуңбу? – дейт Акмарал өйдөңкү кабаттан башын эңкейтип мени карап. Ал өйдөдө, мен ылдыйдагы орунга, проводниктердин купесинде бараткан элек. Бир аз уктап, эс алып алгыла деп жаткырып кетишкен. Азыр алар келишсе “ээси келсе, бээсин бер” болобуз да.
– Кыргызстандын аймагынан чыга электе тамакты эстейсиң да, али бизге дагы көп күн ачка болуп кезергенге туура келет, – дедим токтоо. Ашказаным аңтарылып, оозумдан кара куу суу келип, араң баратканымды байкаттыргым келбеди. Узак жолдо бирибиз кайраттуурак болбосок, сүйрөлүп калчудайбыз.
– Уфф, – үшкүрүнүп ары бурулду.
– Эмне акча табыш оңой деп ойлодуң беле? Капа болбо, курбум, биз да бутка турабыз, ошондо ушул поезд менен жалгыз купени алып, жаныбызга эки кырчындай солкулдаган жаш жигиттерди кошуп алып, Россияга жеткиче ой-да жыргайбыз, – десем Акмарал каткырып жиберди:
– Оо-й, Ханум, ачкадан өлгөнү баратканда да эси-дартың бир нерседе э? – деп.
– Ансыз жашоонун кызыгы деле жок го, – деп койдум.
Кыргызстандан чыгаарда поезд аз эле убакыт кармалды. Токтоп турса эле жүрөк сыгыла баштайт экен негедир, поезд сапарын улаганда Акмарал экөөбүз тең кубанып кеттик. Бирок, Казакстанга кирип баратканда болушунча азапты көрдүк.
– Казакстанга келип калдык, тез жашынгыла! – деп узатуучу аял чуркап келди. Семиз аял экен, чуркаса ашкабактай болгон эки көкүрөгү өйдө-ылдый секирип “бийлеп” жатты. Акмаралдын көзү тостойуп чыкты, бир күү менен эле экинчи кабаттан ыргып түшсө болобу:
– Кайда? Кайда? – дейт шашкалактап.
– Дааратканага киргиле. Сыртыңардан бекитип коем.
Айла жок, кирдик. Бир адам араң баткан тар бөлмөдө бири бирибиздин демибизди тыңшашып турдук. Сыртта казакча үндөр угулуп, сөгүнүп-сагынып, жүргүнчүлөрдү каалагандай калчап жатышканы билинип турду. Жүрөктөр дүк-дүк. Акмаралдын жүрөгүнүн катуу согуп жатканы жанында турган мага угулуп жатты. Кыязы, менин жүрөгүмдүн согушу да ага угулду окшойт, мени улам карап коет.
– Бул жакта ким бар? – даараткананын каалгасы күч менен тартылды. Дем алуудан да коркуп, көзүбүздү жумуп жибердик.
– Эч ким жок, – ары жактан узатуучунун үнү угулду.
– Ачып көрсөт! – казакча сүйлөп ороңдогон бирөө талап кылды.
– Азыр, ачкыч купеде.
Узатуучу аял кеткендей болду, Акмарал колумду сыга кармады. Ооруганына чыдабай аз жерден кыйкырып жибере жаздадым. Курбум менин колумду оорута кармаганын өзү деле сезбеди окшойт, көзү алайып, кареги чанагынан чыкчудай тостоет. Бир убакта ачкычтардын шагыраган добушу угулду. Узатуучу аял келди. Азыр казак милиционер даараткананын каалгасын ачат да эки “коенекти” көрөт. Анан эмне болот? Жакшы болгондо акча алат, начар жагына алса поездден түшүрүп, артты көздөй айдайт. Биринчиси да, экинчиси да бизге ылайык эмес. Бере турган акчабыз жок. Артка кетсек канча товарга күйүп кетебиз. Кайра көтөрүп барганыбыз менен муну Кыргызстанда ким алсын. Саналуу мүнөттөрдө мээме толгон-токой ой келди. Кудай жалгап, ошол учурда ары жактан каалганын артында турган милиционерди бирөө чакырып калды. Дабыштар алыстап барып угулбай калганда экөөбүз тең терең дем алдык.
– Аман калдык э? – деп Акмарал шыбырады.
– Унчукпай турчу, поезд жылгандан кийин аман калганыбызды айтышабыз, – деп шыбырай кагып койдум. Поезд бир сааттан кийин гана жылды. Бир сааттай убакыт үп, тар дааратканада терибизди агызып жанаша турдук. Качан гана узатуучу аял келип эшикти ачканда, бири – бирибизди түрткөн бойдон коридордогу терезеге чуркадык. Ачык турган терезеден шамал кирип жатыптыр. Ага бетибизди тосуп, бир аз өзүбүзгө келгендей болдук. Бизди көрүп, аял каткырды:
– Бул “малинасы” гана, азыртадан көнө бергиле, алдыда дагы далай кыйынчылыктар күтүп турат силерди.
“Оозуңа таш”, – деп алдым ичимден. Кайра “малинасы ушул болсо, чычырканагы кандай болду экен? ” – деп ойлонуп алдым.
Ушул жерге келгиче эки аял менен таанышып алдык эле. Жүргүнчүлөрдөн. Ошолордун жанына бардык.
– Жаныңыздарда бир аз отуруп турсак болобу? – десем, жактырбай карашып, бири оозунун учунан:
– Мейли, бирок, азга гана. Азыр бир уктайбыз, – деди.
Азга болсо азга да. Туруп тура берип буттарыбыз талып, шишип кеткендей эле болду. Лак эттирип отура калдык. Акмарал бутун кучактады.
– Сиздердин каттап жатканыңыздарга көп болдубу? – деп сурадым бизге уруксат берген аялдан. Кебетесине караганда кырктын ары-бери жагында. Жанындагысы курбусу окшойт, эже-сиңдиби дейин десем, тең чамал, анан да окшош эмес экен.
– Беш жылдын жүзү болду, – сыймыктангандай айтты, – Биз да башында силерчилер “коенек” болуп каттачубуз. Азыр эми акчабызды көбөйтүп алдык, жанды кыйнабай бир орунга чалкалап жатып барып-келип калганбыз.
– Сиздердин башыңыздардан өтүптүр го, бизди эптеп батыштырып алыңыздарчы, бир аз тук этип алалы, – дедим жалынычтуу. Эгерим бирөөгө жалынып көрбөгөн жаным бир канча саат отура турган орунубуз жок ар кайсы жакка темселегенден кийин эле жоош-момун болуп калсам болобу. Алдыда түн турат. Түнү бою тик туруп кетишти эстегенде чыркырап жиберчүдөй болуп турам.
– Хы, – деди аял шылдыңдагандай үстү-башыма шашпай көз жүгүртүп, – Бул жашоодо ар бир адам өзү үчүн. Бизге деле убагында кол сунуп, жол көрсөтүп, боор ачыган эч ким болгон эмес. Тозокту, азапты кечип өтүп ушул күнгө жетти.
Ушундай деди да, ордунан туруп жатканга камына баштады. Шейшепти салып, жуурканга сырт кийгизип. Курбусу да ордунан козголду. Бул бизге “бар, кеткиле” дегендей белги болчу. Акмарал экөөбүз шалпайып, алардын купесинен чыгып, плацкартка бет алдык.
– Кандай начар аялдар, ичи тар, – деди Акмарал. Байкуш бутун жакшылап кучактай албай калганына кейип жаткандай.
– Ээ, курбум, буйруса биз да начар аял болобуз, – деп далысынан таптадым.
– Мен да орун бербейм бизге окшоп жаңы иш баштагандарга. Бар кеткиле, мен жатып укташым керек бутту кенен сунуп дейм, – кыялданып алды. Мен каткырдым. Маанайыбыз ачыла да түштү. Плацкартка келсек, элдин баары жатып алышыптыр. Жарык да өчкөн. Ары-бери басып, бош орун таппадык. Купеде тыгылышып жүргүчө бизге окшогон “коенектердин” эпчилдери эчак орун таап жайгашып алышкан окшойт, айрым бир адамдык орунда эки – үчтөп буттарын айкаштырып жаткандар да бар экен.
– Карачы, бул жакта эки – үчөө болуп жатышыптыр. Акчасы көптөр купеде, ортолор плацкартта, биздей жылаңачтар орунсуз кетишет да. Байларга караганда орточо турмуштагылар бир топ берешен, жоомарт болушат окшойт, жандарына жаткырышыптыр башкаларды, – курбум өкүнгөндөй айтты.
– Поездге түшөөрдө эркек узатуучу көрдүң беле? – деп сурадым мээме бир ой кылт этип келе калганынан.
– Көргөм. Бир – экөө жүргөндөй болгон форма кийип.
– Анда, жүр ошону издейбиз, – деп алдыга жол баштадым. Акмарал менин эмне ойлоп жатканымды дароо түшүндү. Вагондорду аралап жүрүп отуруп эркекти да таптык. Биз барганда кайнак сууну кружкага куюп жатыптыр. Бизди көрүп, башын буруп тиктеп калды.
– Байке, бир түнгө сизге конокко келдик, – дедим мен жылмайып. Үстү-башымбызды сыдыра тиктеп алып, киши ууртунан күлдү.
– Силердей конокко кантип жок дейин. Киргиле. Өзүм да жалгыз бараткам, уйку да жок. Канча жылдан бери темир жол үстүндө жүрөм, негедир уктаганга үйрөнө албай койдум. Сменимди тапшырганга чейин чала уйку болуп жүрөм. Силер менен бүгүн түндү кыскарта турганыма кубанычтуумун.
Эки гана керебет коюлган чакан купеге баш бактык.
– Мунун кебетеси бир шумдук го. Кантип? – деп Акмарал шыбырады. Чын эле, тартайып арык, бет сөөктөрү уркуйуп чыгып, көзү чанагына кирген, анан арык кебетесине ылайык келбегендей барбайган мурду бар келбет-сымбат дегенден алыс калган киши экен.
– Бир түн болсо да бутту сунуп уктагың келеби? – десем, ооба дегенсип башын ийкейт, – Анда кебетесин караба, – деп койдум. Бирок, менин көңүлүм чапкан жок. Киши сүйлөп жатканда билдирбей эки бутунун ортосун карадым. “Тигинисинин” бары-жогу билинбейт. Акмаралды акырын чымчып койдум, “бул сеники” дегенсип.
– Эмнеге? – деп көзү алайды, киши дагы сыртка чыгып кетти эле, – Сен деле алсаң болот да.
– Башым ооруп турат. Баяраакта кустум өзүң көрдүң. Бүгүнчө сен эптеп тур, дагы жолдо көп кыйынчылык болот деди го, калганын мен эптейм. Мен уктап алсам жакшы болот эле.
Киши биздин келгенибизге сүйүнгөнсүп, столдун үстүнө колбаса, нан, помидор, печенье коюп, үч кружкага ысык чай демдеди. Ачка болгон элек, дароо сугунуп баштадык.
– Ай, байкуш карындаштарым, тирилик деп жүрүп жүдөгөн экенсиңер. Ал, алгыла, жегиле, – деп киши коштоп турду, биздин аптыгып жегенибизди карап.
– Сугу кирип кетпесе болду, көзүн айырбай карайт экен, куру дегенде жеп атканыбызда карабай эле койбойбу? – Акмарал нааразылана шыбырады.
– Экөөбүзгө эч кимдин сугу кирбей калды го. Кааласак биз сук киргизебиз. Ойлонбой курсакты тойгузуунун амалын кылчы, – дедим.
Курсак кампайып жайгашып отуруп калгандан кийин тиги киши баштады. Ырбайган кебетеси менен аялдарга болгон каалоосу эчак эле соолуп калган болсо керек деп ойлосом, жок дагы деле бар экен. Менин жаныма шынаарлай отуруп, колума колун коюп:
– Татынакай экенсиң. Көп болдубу товар ташыганыңа? – деп сурады. Мунун мага каалоосу түшө баштаганын туйдум да, эртерээк өзүмдөн алыстатып, Акмаралга өткөрүп берүүгө шашылдым.
– Биринчи жолу, байке... – күлүп, колумду колунан акырын сууруп алдым, – Сиз мына бул курбума жагып калыптырсыз. Аны капа кылып, мен озунуп кеткеним болбостур, – деп Акмаралды көрсөттүм. Жагып калыптырсыз деген сөз кишиги башкача таасир берди. Кунарсыз көздөрүндө нур пайда болуп, кымыңдап, дароо эле Акмарал тарапка отурду.
– Бул кыз да мага жагып турган, – десе болобу. Өзү айткандай көп жылдан бери поездде жүрө берип, алчы-талчысын жеп, бизге окшогон далай кызды жайласа керек. Өзүн өтө ишенимдүү алып отурат, уялып-тартынуу, же ыңгайсыздануу жок.
Акмарал мени жаман көзү менен бир карап алып, сыр билдирбей жылмая күлүп, кишинин кучагына кирди. Тиги аны бекем кучактап, бирдемелерди айтып баштады. мен сөздөрүнө кулак салбадым. Эки көзүм керебетте. Эптеп жатып, бутумду сунуп бир уктап алсам го. Кишинин “Сен тиги жерге жатып уктай бер”, – дешин күттүм.
– Ханум, сен сыртка чыгып сейилдеп келбейсиңби? – деди бирок киши. Эсим ооп калайын деди.
– Сейилдей тургандай паркыңар да барбы? – деп тамашаламыш болсом,
– Парк болбосо да бир тарабы терезе болгон купе вагондор бар. Барып, терезеден сыртты карап кыялданып келбесең болбойт. Бул жер тар. Акмарал экөөбүз ээн-эркин сүйлөшө албай калабыз, – деди ачык эле. Аны угуп Акмаралдын жүнү жата калдыбы, мени шылдыңдагандай карап, оозун чүйрүп койду. Муну, өзүңдөн көр, мага түртүп койдуң бул кишини, эми мен керебетке жыргап жата турган болдум дегенге окшоду. Айла жок, кылганыңдын кыйынчылыгын тартуу керек да. Эрдимди тиштеп сыртка чыктым. Бирок, купеге барганга дарманым калбай калган. Тое тамактанып алгандан кийин денем ансайын талыкшып, кирпигим жабышып калгансып, көзүм ачылбай калды да. Эшиктин түбүнө эле отура кеттим. Ичкериден тигилердин шыбырашканы угулуп турду. Бир убакта кишини онтогону угулду. Бир башкача онтогулайт экен. Аны уккан адам Акмаралды ал эмес, аны Акмарал “эметип” жатат деп ойлогудай. Бир канча убакыттан кийин анын акыштаганына курбумдун онтоосу да кошулду. Тим эле бирөөдөн качып келатышкандай ынтыга дем алышып, биринен бири өтүп кыңкысташат. Чарчап, жатаарга жер таппай өлөлбай жатсам да бул добуштардан денем бир башкача чымырап, жанжерим суулана түштү. Ансайын кулагымды эшикке такап тыңшай бердим.
– Сеники башкача экен, – деди киши, – Мындай ырахатты эч кимден албадым эле.
“Эркектердин дежур сөзү”, – деп ойлоп, бышкырып жиберериме аз калды.
– Сизге жакканыма кубанычтуумун.
– Тиги курбуң өзүнчө эле чойкое берет экен э, “алиги” бир гана ошондо болгонсуп, – десе болобу. Курбум эмне деп жооп берээрин уккум келип, демимди токтоттум.
– Ал төшөктө бомба. Аны да татып көрүңүз, – деп шыңкылдады.
Байкасам, ичкеридегилер туруп кийинип башташкандай. Өл-а, болдубу? Арадан ашып кетсе бир мүнөт да өткөн жок го.
– Канча кызды ушул жерге уйпалагансыз? Узак жолдо ар кандай нерселер болсо керек э? – ал арада Акмаралдын үнү чыкты.
– Болот да. Өздөрү келип, байке, кумарымды кандырбасаңыз азыр терезеден секирип кетем дегендер болгон. Жаңы ишке киргенимде келгендердин баарын эле баса кала берчүмүн. “Ачка” болчумун да, – каткырды, – Кийинчерээк кадимкидей жададым. Секске мына бул жеримден тойдум. Аялдын ары жагын көргөндө окшуй турган болуп калдым, чын. Көрсө анчалык катуу кетпеш керек экен да. Анан жүрүп-жүрүп тандай турган болуп калдым. Көзгө толумдуу, жакшынакай, жаштарга гана турат азыр меники. Калгандарына кыбырап да койбойт.
– Ага чейин тандачу эмес белеңиз.
– Кайдан? Аял деген ушул экен деп, колума өздөрү конуп бергенине кудуңдап эле, жашыбы, карысыбы, арыгыбы, семизиби, карап отурбай “ура” бериптирмин да.
– Карылар да келеби?
– Э, карындашым, бул поездде кимдер гана жок. Товар ташыгандар, тигил, бул жакта иштеп тез-тез каттагандар. Акчаны үнөмдөйм деп, силерге окшоп “коенек” болгондор андан көп. Документтери туура эмес болуп калып, чегарадан эптеп өтүп кетсем экен деп көзү чачырагандар мындан көп. Анан алар бизге келишет. Натура төлөйлү дешип. Төлөтүп алабыз, анын эмнеси бар экен деп. Узун түнү эрмегиң болгону жакшы да. Жөн кеткиче. Элөөдөн жашы ашкан улгайган аялдар деле бар жаш кыздай кылтыңдап турган. Азыр го мен андайларды карабай калдым, – үнүнөн сыймыктанганы билинди.
– Эркек узатуучуларга жакшы экен, аялдар... – Акмарал сүйлөп келатканда киши каткырып жиберди.
– Кандай баоесуң?. . Аялдар да жыргашат, же бул поездде жалаң гана аял жүргүнчүлөр кетип атышыптырбы? Аялдарга жигиттер чыгат, жапжаш кырчын курактагы. Силер деле мага уктай турган жер таппай келдиңерби? Ошондо-ой... – деп сырдуу бүтүрдү сөзүн. Мен күлүп жиберүүдөн өзүмдү араң кармандым. Карт карышкыр биздин эмнеге келгенибизди дароо билиптир да. Натура төлөп беришет деп. Жерге киргир, ай...
– Кел, эми уктайлы, – деген эркектин үнүн угуп, кыйкырып жиберериме аз калды: “Менчи?! ”
Дымырап дабыш чыкпай калды. Дагы бир аз күттүм да, уктап калышканына көзүм жеткенден кийин акырын кирип барып жатып алайын дедим. Экөө бир керебетке кучакташып жатып алышкан болсо, мага бир орун бош калды да. Акырын кирем да жатып уктап калам. Ушинтип ойлоп, эшикти түртсөм эле бек. Бир аз гана жылчык ачылды. Андан ары бекитилгенби жылдыра албадым. Ал жактан ичин жанталашып карасам эч нерсе көрүнбөдү.
– Акмарал, Акмарал, – деп акырын шыбырадым. Жооп болбоду. Экөөнүн тең бир калыптагы бышылдаган деми угулат. Катуу уктап калышканбы. Ыйлап жибергим келип, ээгим эмшиңдеп, жерге отура калдым. Каалгага сүйөнгөн бойдон уктап калыптырмын.
– Ким бул жерде? Ары кач. Эшикти ачайын, – деген үндөн чоочуп ойгонсом, ичкериден узатуучу киши карап турат. Турдум. Жаман көрүп. Мени түндө сыртка калтырып коюшпадыбы. Артында Акмарал турат. Азыр мени кыйкырып урушуп баштабасын дедиби, алдын ала актанып баштады:
– Кечир, Ханум, катуу уктап калыптырмын. Эшиктин алдында отурганыңды билбептирмин. Кел, жатып уктап ал.
– Эй, азыр уктаганга болбойт. Башка узатуучулар келип калышат. Анын үстүнө ар кайсы жерден текшерүүчүлөр чыгат мындан ары. Ар кайсы жерге барып, орун алмаштырып жүрө тургула. А сен, – Акмаралга жылмая карады, – Түнү кайра кел.
Мен жакты карап да койбоду. Акмарал кылыктана күлүп, башын ийкеди.
Далым, белим ооруп калыптыр. Көзүм кыпкызыл, шишиген. Кебетемди көрүп Акмаралдын боору ооруп кетти:
– Сен өзүң мага бердиң бул кишини. Ашып кетсе беш мүнөт “иштейт” экен, анан биринчи кабаттагы керебетке жатып уктап калды. Мен экинчиден ээн-эркин жаттым. Өзүң эле ала берсең болмок экен, беш мүнөт чыдасаң эле болмок.
– Бабырабай бар, жуунчу. Жыттанып атасың, – дедим. Түнү керебетке жата албай калган ызамды Акмаралдан чыгаргым келип.
– Кайдан жуунмак элем, эми жетер жерибизге жеткиче эптеп чыдайм да. – камырабайт дегеле.
– Сен чыдайсың, бирок мен чыдабайм. Жуун дедимби, жуун!
Менин мүнөзүмдү билет да, унчукпай дааратканага кирип, душтун алдында бир мүнөт болсо да туруп, шапшынып, жуунумуш болуп чыкты. Экөөбүз кайра вагондорду кыдырып баштадык.
Мындан калганын айтпай эле коеюн, айтор, ит көрбөгөн кыйынчылыкты көрдүк. Бир жерге келгенде товарларды сыртка ыргытат экенсиң, баштыктарыбызды терезеден ыргыттык. Аны бирөөлөр топтоп, машинеге жүктөп алып барышат, болбосо чегарачылар көрсө бирин калтырбай тартып алат дешти. Ыргыттык. Санааркаганыбызды айтпа, ушуну менен жоголуп кетсе, канча акчабыз күйүп кетет. Андай акчаны кайра кайдан табабыз деп, уктабай калдык. Казак-орус чегарасынан да ары-бери качып, чындап эе коенектей кулактарыбызды шалпайтып, дабыш тырс этсе селт этип коркуп жатып өттүк. Эмнеге билетсиздерди коенектер деп коерун ошондо түшүндүм. Акыры орус жергесине да кирдик.
– Кийинки станциядан түшөбүз, даярдангыла, – деп калды бизге жол баштап алып келип жаткан аял. Бул аял да курбусу менен келди, экөө бир купени жалгыз жалдашып. Бизди жол бою бир да жолу, “кирип, чай ичип алгыла”, – дешпеди. Жандарында эки жигит бар болчу. Ой-да кумардын эсин эки оодарып келишкенин туюп эле турам. Айтылган станциядан сыртка чыктык. Эми кайда дегенсип, жол билбеген улактардай Акмарал экөөбүз оозубузду ачып турдук.
– Тээ тигил автобуска түшөбүз, – деди аялдардын бири. Автобуста бизди эчак эле баштык- үштөктөрүбүз күтүп туруптур. Мен ойлогом, жергиликтүү тургундар менен кетебиз го деп. Балээсинеби, кадимки каттам автобусуна жалаң шагырап өзүбүздүкүлөр чыктык. Кытайдын чаарала баштыктары басаар жер калтырбай толгон. Акмарал экөөбүз катарлаш отурдук. Канча убактан бери жеке менчик орундуу болбогонума, азыр автобустун катуу орундугу мага мамык керебеттей эле туюлду. Автобус ордунан козголоору менен уйкуга кетиптирмин. Акмаралдын түрткүлөгөнүнөн ойгондум.
– Эмне болду? – деп көзүмдү ачсам, терезенин сыртында түн турат. Биз автобуска отурганда жарык болчу да. Таң калып эле түшүнбөй карап калыптырмын.
Акмарал үндөбөй, алдыга тигилет. Аңгыча кишилердин:
– Бол, бол, тез кыймылдагыла! – деген дабышы чыкты. Карасам спорт кийимин кийген үч киши, коробка көтөрүп алып отургандарды кыдырып келатышат. Жолдо турган баштыктарды тебелеп кенен-кесири келатышат.
– Булар кимдер? – Акмаралга шыбырадым.
– Акча топтоп жатышат. Биз кайсы акчабызды беребиз?
Артыбызда отурган аял акырын айтты:
– Соодалашпагыла. Сураганын бергиле. Көзүңөрдү көтөрүп көзүн карабагыла.
Алып бараткан миң сомубузду билгендей майдалатып алган элем. Эки жүз сом чыгардым.
– Бизде мындан башка жок, – дедим жаныма келген жигитке. Ал мени кунт кое карап, анан ыржайып күлдү.
– Мейли, бирок, башка жерден көрүшүп калсак тааныбай өтүп кетпе. Дайыма биз ушул жолдо турабыз, биз аркылуу өтөсүңөр.
Макул дегенсип башымды ийкедим.
– Эх! – деди да, бизди дагы бир сыйра карап, анан мурдумдан чымчып койду. Элдин баары жапырт бизди карашкандай болду. Алар кетишкенден кийин артыбызда отурган аял наалыды:
– Жапжаш кыздар көзүн тигип... отурган улуу-кичүүнү көзгө илбей. Эми силер ушуларга талпак болгону жатасыңарбы? – деп. Акмарал артына бурулду.
– Эже, ак көгүчкөн боло бербей жөн отурсаңызчы. Поездде жолду катар эмне кылып келениңизди көрүп деле биз унчукпай баратабыз го. Калп эле адалсына калбаңыз, – десе болобу. Шумдугуң ку-ур, бул аялдын поездде кылганын Акмарал кайдан көрө койду экен. Дайыма эле экөө чогуу жүргөндөй болдук эле. Кызыгып, чыдамым кетти. Аял Акмаралдан ушул сөздү угаары менен тып басылды. Эч бир сөз кайтарбай, укпаган адамдай автобустун терезесинен сыртка тигилип, телмирип калды. Мен дагы бир аз убакыт күтүп, анан:
– Сен аны кайдан көрдүң? Эмне кылып жатышыптыр, айтсаң? – деп шыбырадым. Акмарал күлүп жиберди.
– Бул аялды автобуска отурганда көрдүм, – кулагыма шыбырады.
– Апей, анан кантип көргөндөй айттың?
– Көрдүңбү, ошол сөздү угаары менен жели чыга түштү. Демек, кылчу нерсени кылып келди. Соо келгендер жок окшойт өзү... – экөөбүз быкылдап күлүп жаттык.
Сибирдин шаарларынын бирине базарга эптеп жеттик. Суук калтыратат. Кыргызстандан ысык аптаптан чыгып келсек бул жак кадимки кыш экен. Кардын болбогону эле болбосо суугу кадимки кыштагыдай. Тиши тишибизге тийбей калтырап, бүрүшүп калдык. Бизге айтып да коюшпаптыр, же өзүбүз да ойлоп билбептирбиз, жылуу кийимдерибизди албаган экенбиз. Болгону бир – эки шым менен жемпирлерибиз. А жемпи-шымды мобул суук тоготуп да койбойт экен. Карасак, автобустагылардын баары эле баштыктарынан кышкы куртка, плаштарын алып чыгып кийип жатышат. Булар көнүп калышкан да.
– Эчтеме эмес, бир жолу катуу үшүсөңөр, кийин акылдуу болуп каласыңар. Силердей жалындаган жаш кыздар мындай суукка чыдап деле коюшат, – деп койду бизге жол көрсөткөн аялдардын бири, мен андан ашыкча курткасы бары-жогун сураганымда.
Умсунуп эле кала бердим. Негедир дагы кегим күчөдө, карап тур, мен да бутума турам, ошондо ишти жаңы баштагандарга мен да ашыкча болсо да курткамды бербейм деп.
Ушул шаардын базарына товарларыбызды өткөрөт экенбиз.
– Биз келгиче көрсөтүп келдик, жүз доллар бергиле, – деди алып келген аялдар. Акмарал экөөбүз бири бирибизди карап, айтарга сөз таппай туруп калдык.
– Бизде акча жок! Анын үстүнө антип макулдашкан эмеспиз! Сиз бизди келесоо ойлоп жатасызбы, жолду катар эмнени үйрөтүп келдиңиз? – деп атырыла баштадым эле,
– Эй, кыз тилиңди тарт. Бул жактагы “каралардын” баары биздин колдо. Сөөгүң Сибирдин токойлорунда калып кетпесин. Биз айтканды кылып, ар бириңер жүз доллардан бересиңер, андан ары өзүңөр сүзүп кете бергиле. Чатагыбыз жок. Болбосо, балдардын колуна салып беребиз, – деди аял кашын какпай. Жанындагы курбусу аны коштогонсуп башын ийкеди.
Кебетелерине караганда ырайым кыла турган түрлөрү жок. Айлабыз кетип, айткандарына макул болдук. Бирок, жаныбызда акча жок экенин айтып, товарларды өткөргөндөн кийин гана төлөп берээрибизди айтсак, ага макул болушту.
Илгери айыл-айыл кыдырып, мойуна артылган куржунунан ар кандай идиш-аяктарды үймө-үй кирип саткан лөлүлөр болот эле. Биз да так ошондой болдук. Баштыктарыбызды көтөрүп алып, базарда кыркалекей отургандарга сунуштап бараттык. Көбүнүн өздөрүнүн туруктуу товар ташыгандары бар экен. Андайлар бизди жактырбай карап алышып, товарыбызга көз салып да койбой, “жок! ” деп кесе айтып, баш чайкашат. Барган сайын алыбыз да куруп, баштыктарды көтөрө албай дарманыбыз кетип, шаабайыбыз сууй баштады. Кечээтен бери оозубузга наар ала элекпиз, ашказаныбыз курулдап, оозубуздан көк суу ага баштады. Бири бирибиз менен сүйлөшкүбүз келбей, Акмарал экөөбүз илкип бараттык.
– Сулуулар эмне сатып жүрүшөт? – деген үндөн жалт карасак жайылган товарлардын ары жагында бир киши бөтөлкөдөн суусун ууртап койуп, бизди карап турат. Жаным кире түштү.
– Байке, товар алып келдик эле, бир карап көрбөйсүзбү? Жакса алаарсыз, – дедим бирок үмүтүм жок, алсыз гана айтып.
– Сулуулардын товарын кантип карабайлы. Эй, Жакып, бери кел. Сулуу кыздар товар сунуштап атышат, баасы жарашса алалы, – деп кошуна орунда турган дагы бир кишиге кыйкырды. Анысы басып келди. Көзү товарыбызда эмес, бизде.
Биз баштыктарыбызды алардын жайылган товарынын артына алып өттүк. Кол кабыш кылып көтөрүшүп коелу дегенге жарашпады. Ийилип көтөрүп баратканыбызды карап турушту. Анысына да кайылбыз, иши кылса алса экен дегенде эки көзүбүз төрт. Товарыбызды сата албай калсак, артка кайтып кете турган акчабыз жок. Биз да келээрибиз менен колубуздан талашып жулуп кетчүдөй элестетип, кайра кетээр жол киребизди камдабаптырбыз. Бүгүн тамак ичпесек, эртең ачкадан өлүшүптүр деп бирөөлөр сөөгүбүздү табаары бышык. Анан да келе албай жатып жүз доллар карыз моюнубузга илинди. Булардын баарын эстегенде карышкырдай улуп алгым эле келип турат.
– Эркектердин, аялдардын калың шымы. Кыргызстанда тигилген. Абдан сапаттуу. Бырышпайт. Түлөбөйт. Он жыл болсо да кийе беришет, – деп баштыкты ачып, шымдарды алып чыгып жарнамалай баштадым.
– Биз шым сатпайт болчубуз да, – дешти кишилер бирин бири карашып. Жайылган товарын карасам чын эле, жалаң жаш балдардын кийимдери турат. Ындыным өчө түштү, Акмаралдын да ачуусу келе түшүп, колундагы шымды баштыкка бир чапты.
– Убара кылып ачтырып отурбай, жана эле сурабайт белеңер, товарыңар эмне товар деп?!
Мурду кыпчылып, көзүндө жаал ойноп баштаптыр. Акырын, тигилерге билдирбей чымчыдым. Менин деле ачуум келип араң турам, ошентсе да өзүмдү күчтөп жылмайдым.
– Мейли, байкелер, товарыңар башка экен силердин. Анда биз жолубузга түшөлү.
– Кое тургула. Шашпай. Биз силерге жардам беребиз, – деди ары жактан басып келген байке мени көзү менен чечинте карап, – Биз сатпасак башка тааныштарыбыз сатат.
Акмарал экөөбүз тең кубанып кеттик. Бөтөлкөдөгү суусун кармалаганы мага карап:
– Сенин эмне эрдиң жарылып кеткен? – дейт.
– Ачка болсоңуз сиздики да жарылмак, – дедим күлүп, – Биринчи келгендик кылып билбей ашыкча акча албаптырбыз. Тамактанганга акчабыз жок, – дедим ачык эле.
Кишилер бирин бири карап алышты.
– Кокуй, сулуу кыздар жыгылып калса, буларды көтөрүп баргыча, бастырып эле алып кетели, – деп Жакып дегени күлдү.
– Менин атым Медер, – деди суукта суудан улам ууртаганы, – Жарым саат, бир саат чыдай аласыңарбы? Бир заматта силерди пулдап жиберели.
Көзүм чанагынан чыгып кете жаздады, булар бизди сатышканы жатабы? Кимге?!
Жакып менен Медер каткырып жиберишти.
– Товарыңарды пулдайбыз, а силердин курсагыңарды тойгузабыз, – дешти эле бир аз өзүбүзгө келе түштүк.
Базардагылар биринин тилин экинчиси жакшы түшүнөт окшойт, Жакып орундарды карап калып, Медер баштыктарыбызды көтөрүшүп, эки өтмөктөн өтүп, үчүнчүсүнө бардык.
– Зуура эже, товар ала элексизби? – деди. Ал аял жалаң гана биз алып келгендей товарларды сатат экен, – Карындаштарым келди эле, алсаңыз ушулардан алыңыз.
– Медер, сенин жакшылыгыңды кантип унутайын. Алсам алайын. Карындаштарың экен. Мага товар алып келчү аялдар кечигип жатканынан, келиштиби, келишпей калдыбы деп ойлонуп отургам. Кана, кыздар көрсөткүлө, – десе болобу. Биз курсагыбыздын ачын да унутуп бир заматта жая калдык. Ары жактан дагы эки аялды Медер чакырып келди. Бир саатта баштыктарыбыз бошоп, бүктөп, колтугубузга кыстарып туруп калдык. А капчыгыбызга акча шагырап түштү.
– Мындан ары ушул карындаштарымдан алып туруңуздар, – деп Медер ал жагын да жайгаштырып койду.
– Макул, макул, сен айтып жатсаң кантип жок дейли? – деп аялдар баштарын ийкеңдетишти. Ушул убакта ары жактан баштыктарын араң көтөргөн баягы бизди баштап келген эки аял көрүндү.
– Силер кечигип калдыңар. Базарда билесиңер так болбосоң акча жоготуш бат эле, – деди бизден товар алган Зуура эже аларды көрөөрү менен кыйкырып. Тигилердин өңү бопбоз боло түштү.
– Булардан алдыңызбы? – деди бири бизди ээги менен көрсөтүп.
– Кимден алсам өзүм билем! Сенин алып келген товарыңдан булардыкы алда канча арзан экен. Сен мени канча убакыттан бери эки эсе чыгашага түшүрүп жүрүптүрсүң да!
Берки эки аял да жаалап кетишти:
– Ооба, асмандын башын айтып, бир сом да түшүрбөй чунаңдачу элеңер. Мына, так ошондой эле товарды жеткиликтүү баада алып келгендер кабылды.
Бизди алып келген Айна эже баштыгын таштай салып, эки аттап мага жетти. Заматта, мен эмне болгонун түшүнө элегимде чачым колуна ороло түштү.
– Жакшылыгыма жооп кылганың ушул экен да. Менин кардарымды тартып алып! Сенин түбүңө жетпесем Айна атым өчсүн!. .
Акмарал аялдын колуна жабышты, менин чачымдан чыгарганга аракет кылды. Тиги болсо кенедей жабышып, ары – бери башымды силкилдетип жатты. Акылымдын жеткени эле бетимди эки колдоп жаап алуу болду. Тырмактары да узун эле, бир апчыса, бир айга чейин эркектердин көзүн күйдүрүү “проңай” болбосун дедим да. Бетим тытылып турса, жанымдагы Медер да жаткысы келбей, тескери караса. А бизге азыр ушул кишидей жардам берип, таяныч болчу киши аба менен суудай керек болуп жатпайбы.
– Шыйпаңдап сен эле кылдың ушунун баарын! Мына бул, – Акмаралды айтканы, – акылы кемирээк эле. Андай кылуу оюна да келбейт. Сен! Сен! Сен баарын кылган!
Ошондо гана берки аялдар, Медер эсине келе түшкөндөй болдубу, баарылап аялды эптеп менден бошотуп кетишти. Колунда бир тутам чачым калды.
– Жинди турбайсыңбы?! Менин кардарым деп белги басып койдуң беле?! Сенин жүз долларыңды төлөйлү деп саттык! – дедим мен ызага уугуп. Мындай уруш-жаңжалдын акесин таанытканга дараметим жетиштүү. Чындасам, тигил аялды баса калып төпөштөп коймокмун. Менин ачуум бир келгенде ала-дүлөй болот да. Медерден тартындым. Жаңы таанышкан кишинин жанында өзүмдүн терс жактарымды көрсөтпөй турайын деп алсыз болгонум да. Ал мени аяй карады:
– Башың ооруган жокпу? Базар ушунусу менен базар да. Бул жактагы аялдар дароо эле чачтан кармашат. Күн сайын мындай концерттин беш-алтоосуна күбө болобуз го.
– Жүргүлө, кеттик! – деди анан. Мен капчыгымды ачтым да, жүз долларга жетчүдөй акча сууруп чыгып, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып жаткан аялды көздөй ыргытып жибердим.
– Ме! Ал дагы, той! Карызыбыздан кутулдук! Экөөбүз чогуу жүз доллар бергенибизге кубан. Аны мындай кыл, муну тигиндей кыл деп сөз жүзүндө айтып келгениң үчүн эле жүз доллар таптың. Ошого кубан! Эл жүз долларды бир ай бел чечпей иштеп анан араң табат!
Медерге көнүмүш болуп калганбы, аялга акча бергениме таң калган деле жок. Ээрчишип алып анын орунуна бардык.
– Эмне болду силерге? – деди Жакып кебетебизди көрүп. Чачым апсыйып, бир укмуш болуп турганымды күзгүсү жок эле билип жаттым.
– Бир аялдын тырмагынан араң куткарып келатам, – деди Медер күлүп. – Бул кыздарды тезинен үйгө алып барып, акыбалын оңдобосок болбойт. Сен орунду карай турбайсыңбы, мен батирге алып барып жайгаштырып келейин. Анан кечке сатып, чогуу кетебиз.
– Макул. Макул. Антпесең чын эле буларың жыгылып калат. Өздөрү да сулуу, назик кыздар экен.
Акмарал экөөбүз бири бирибизди чымчылашып, каткырып жиберүүдөн аз калдык. Ал мени, мен аны карадым. Акмаралдын боюу узун, далылуу, колу-буту жоон кыз. Ак жуумал. Ошол ак жуумалдыгы ажарын ачып койгондой. Көзү да чоң бакырайып. Сулуусу сулуу. Бирок, назик деп айтканга болбойт да. Күрөшө кетсе керек болсо Жакыпты деле бир көтөрүп чаба турган күчү бар. А мени билесиңер да. Баягы эле томолок, дүңкүлдөгөн Хануммун. Кийимдин кымбатын кийип, атырдын кымбатын себинип, кылыктана күлүп, кашты кагып сүйлөп, өзүмдү карап, чачымды жасап жүргөндү үйрөнгөнүм менен жаратылыш берген чоң сөөктүү денемди өзгөртө албайт экем да. Жерди ое- ое баскан адатымды да калтыра албадым. Анан кантейин, салмагым аз болсо балким, көпөлөктөй шыбырт алдырбай, учуп жүрмөкмүн. Оор салмак жерге күч келтирет да. Мейли, иши кылса ушул байкелердин көөнүнө жаксак болду. Ишибиз илгерилеп, базар дүйнөсүнөн орун-очок алып алсак, келечекте балким, назик болуп калаарбыз.
Медер менен Жакып базардан анча алыс эмес жерде жети кабаттуу үйдүн жетинчи кабатында жашашат экен. Жолду катар сүйлөп келгенинен улам Жакып экөө жезде-кайни экенин билдим. Аялдары айылда экен. Бул жакта иштеп башташкандарына беш жылдан ашыптыр. Биринчи Жакып келип, анан жарым жылдан кийин жездесин, Медерди чакырыптыр.
– Аялдарыңыздар келбейби? – деди Акмарал.
– Аларга бул жакта эмне бар? Башында тыраңдашып келебиз деп чыгышты. Мейли дедик да чакырып, базарга коюп койдук. Эртеден кечке товар сатышат, биз башка ишке кирип алдык. Товарларын алышып жардам берип коебуз, анан орунга коюп койуп, такси айдап кетип калабыз. Бир айдан кийин айтышты, биз айылга барып эле балдардын кашында бололу деп. Сибирдин суугуна чыдаш да кыйын. Кечинде үйгө келгенде колу-бутуң эч нерсени сезбей, катып калат. Ошондон бери, келебиз, жардам берип чогуу иштейбиз бир ооз айтыша элек, – Медер каткырып күлүп калды.
– Эриң таап, багып жатса, үйдө отуруп балдарды баккандан башка жыргал барбы, – деп мен улутунуп койдум. Медер мен жакты жалт карады.
– Ханум, үй-бүлө күткөнсүңбү?
– Менин да, мунун да, – Акмаралды көрсөттүм, – Балабыз да, эрибиз да бар. Эрибиз жылуу – жумшак үйдө отурушат, биздин акча таап барышыбызды күтүп.
Медер башын чайкап койду.
– Ар кимге ар кандай тагдыр деген ушул. Биздин аялдарыбыз үйдөн чыгышпайт. Бардык шартты жасап бергем, кенен үй, короо толо мал. Бул жактан үзбөй акча салып турам. Той-ашка деп эле акча сурап турат. Асандын тойу бүттү десем, Үсөндүкү башталат. Үсөн бүтсө, Батма менен Зуура турат дегендей. Кайгырбагыла, карындаштарым, баары жакшы болот.
Көөнүбүз көтөрүлүп кудуңдап калдык Акмарал экөөбүз. Баары жакшы болот дегендей кийин, демек, жакшы кылууга жардамын берет да.
Эки бөлмө чакан батир экен. Бөлмөлөрү чакан. Ар бирине бирден керебет, шкаф, телевизор араң сыйгашыптыр. Ашканасында стол-орундуктар, муздаткыч турат.
– Апей, ушул батирде экөөңүздөр эле жашайсыздарбы? – деп Акмарал чоочугансып кыйкырып жиберди. Мен да анын эмнеге таң калганына түшүнбөй тиктеп калдым.
– Мен угуп жүргөм да, Россиядагы кыргыздардын баары бир батирге чыгып алып, кумурскадай болуп жашаша берет дешкен. Сиздер эки адам болуп эки бөлмө батирди ээлептирсиздер го.
Медер күлүп жиберди.
– Антип жашагандар бул шаарда деле бар. Бул шаарда башка чоң шаарларга салыштырмалуу батир арзан. Бирок, алыстан иштегени келгендер акчаны үнөмдөшөт да, арзанына карабай эле, андан да арзан кылгылары келишип, он-он бештен чогуу жашашат. Биз деле башында ошондой батирлерде жашадык. Ой, эми сурабагыла, эртең мененки саат 5тен тартып даараткана менен ваннада кезек. 5те кете турган болсоң төрттө турушуң керек. Эми көп жылдан бери иштеп, бутубузга туруп алдык деп, кой, бир адамча жашайлы деп кайним экөөбүз жалгыздап чыгып алганыбызга бир гана жыл болду.
– Кайниңиздер экөөңүздөр бири бириңиздерден тартынып тынч жашасаңыздар керек, келин-кесекти алып келбей? – деп мен күлүп сурап койдум. Чын эле, баятан бери ичимди ушул суроо эзип келаткан. Анын Жакыпка жезде болоорун угаарым менен жезде-кайни бизди жөн гана боору ачып чакырып жатышат окшойт, кантип бири биринин көзүнчө бизге кол салышмак эле деп ойлогом. Чынында, бул ой мени капа кылды. Биринчиден, Медер көзгө толумдуу, сүйкүмдүү киши экен. Экинчиден, төшөк эркек менен аялды жакындатат эмеспи, жакындап алсак бул жакта ишенимдүү тылыбыз болмок да.
– Ха-ха... Жакып экөөбүз доспуз. Эркектер биринин сырын бири тартпай. Бабырай берген аялдар дейсишерби бизди. Бул жакта чогуу жүргөн жылдарда кандай сонун күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. А аялдарыбыз тигил жакта көңүлдөрү ток, эч нерседен шектенишпейт. Менин аялым ойлойт, “бир тууган иним менен чогуу, тескери жолго баса албайт”, – деп. А анын аялы: “Бир тууган жездесинин көзүнчө башка аялга көз арта албайт”, – дейт. Кыскасы, бул жагынан да бизге жеңилдик.
Мына, сага-а!. . Эркектер “любой” жерден жол таап алышат го, чиркин! Буларды сандыкка салып, үстүн цементтеп салсаң да, бир кычыгынан колун сунуп, бир аялдын көкүрөгүн эзгенге үлгүрүшөт.
– Силер сууга түшүп, тамактанып, өз үйүңөрдөй отура бергиле. Биз кечинде келебиз. Муздаткычта баары бар, карап көргүлө. Эгер жетпеген нерсе болсо, азыр айткыла, алып келип берейин дүкөндөн, – деди.
Муздаткычты ачып көрсөм, шыкалган. Бүт баары бар. Эттен тартып, конфетке чейин. Сыр, колбаса, май, икра, деги койчу, дүкөн булардын муздаткычына көчүп алган окшойт.
– Баары бар экен, ушул жетет, – дедик жарыша. Ал кетти. Акмарал экөөбүз керебетке секирдик:
– Ура-а! Ура-а! – деп. Бири бирибизди кучактап, болушунча кубанып болдук. Анан кезектешип кирип, жуунуп, адам кейпине келип чыктык. Алыс жолго башкасын калтырсак да, косметикабызды, башка сулуулук үчүн керектүү жабдыктарыбызды калтырбайбыз го. чачыбызды тармалдатып, бетибизге беш тонна боек сүртүп, шашпай сулууландык. Андан кийин гана чай койуп, дасторконго отурдук.
– Канчадан бери тамактана элекпиз. Базарда жүргөндө ичегибиз үзө тартып, бир ууртам ысык чайдан көзүбүз учтубу, учту. Анан минтип буйрук менен баары бар батирге келгенде биринчи эле бетибиздин акыбалын оңдогонго шашылдык го, байкуш курсакты курулдаткан бойдон, – деп Акмарал каткырса, мен да күлкүмдү тыя албай ыкшыдым.
Тамактанып алып, азык-түлүгүн карап, эттен көбүрөөк кошуп, аш бастык. Мен аштын мекенине келин болуп барып, жакшы эле үйрөнүп калгам да, Акмаралды казандын жанына жолотпой, өзүм келиштирип бастым. Күрүчтөр тим эле жөрмөлөй тургандай бириндеп сонун болду. Кайни менен жезде келишкенде, аш да бышып, чай да кайнап калган эле. Дароо эле столдун үстүнө жайгаштыра баштадык. И баса, жөн отурбайлы деп, мен тамак жасагыча Акмарал бойдоктордун батирин мизилдете жууп-тазалап салган болчу. Тигилер босогодо саамга күймөлүп калышты.
– Жакып, туура эле кирдикпи? Бул биздин батирби? – деди Медер.
– Билбейм, жезде, мен да түшүнбөй турам, – Жакып жыт искегиледи, – Аштын буркураган жыты да чыгып турат. Биздин бойдок батирибизден эгерим мындай жыт чыкчу эмес эле.
Экөө тең абдан тамашакөй экен, кебетелерин бузбай, олуттуу гана тамашалап атышкандарына боорубуз эзилгиче күлдүк. Андан ары эмне болду дебейсиңерби? Калганы классикалы өңүттө уланды. Тамак жеп бүткөндөн кийин экиге бөлүндүк. Мага Медер жаккан болчу, алдын ала эле Акмаралдын кулагын:
– Медер меники, – деп көндүрүп койгом. Албетте, ал бир аз тыртаңдады:
– Койчу, Жакып анча эмес экен. Медер мага деле жакты. Өздөрүнө коелу да, ким кимибизди жактырышса, ошого баралы, – дейт. Куулугун кара. Анткени, өң-түс жагынан мен Акмаралдан ат чабым артта калам. Ичимден мойунума алып кое берейин. А сыртымдан курбума муну өлсөм да угузбайм. Кыйынсынып кетээри турган иш да. А бирок, акыл, эпчилдик, кыйындык, сексуалдуулук жагынан Акмарал менин артымда калат. Бирок, эркектер деген адегенде өңдү карайт эмеспи. Өзүңүз элестетип көрүңүз, бет маңдайыңызда эки кыз отурат. Бири апакай, боюу, буту узун, көзү бакырайган, кашы чийилген, оозу оймоктой. Экинчиси кара тору, боюу кыска, бир аз толук, бел деген такыр жок, көзү жымшык, чачы узун. Экөө тең сизди карап, өлүп-талып отурат, сөөмөйүңүздү чычайтсаңыз эле чуркап, кучагыңызга кирип кетчүдөй болуп. Кимисин тандайт элеңиз? Албетте, бир көргөндө жүзү өзүнө тартканды да, туурабы? Эпчилдик, кыйындык, сексуалдуулук тандоодон кийин тандоо да. Сиз сыяктуу эле, эгер тигилердин өз эркине койуп койсок, Медер Акмаралга жабышаары бышык. Жезде болгондон кийин Жакып андан озуна албайт. Жездесинен артканы менен айкалышууга аргасыз. Ошондуктан, Акмаралга алдын ала эскерттим.
– Алар бизди эмес, биз аларды тандайбыз. Сен качанкыга чейин эркектерге тандалып жүрө бересиң. Болду, бүгүнтөн баштап кимдерге жолукпайлы, кимдер менен таанышпайды, биз гана тандайбыз! Мен Медерди тандадым. Биринчи айттым. Сен кеч калдың. Демек, ал меники!
Акмарал макул болду. Бир аз көңүлдөнбөсө да, кокус менин айтканыма макул болбой койсо, талаада калаарын билди да. Экөөбүз кокус эртең таарынышып, эки башка жолго түшсө, мен Кыргызстанга кайтып бара алам. Жөн кайтпай, акчамды толугу менен ал турмак үстүнө кошуп туруп жеткирем. Кайра келип, товар ташыгандын кыныгын алып алышым да толук ыктымал. А Акмаралдын кайра келиши турмак, мекенге аман-эсен барышы да күмөн. Бир кадамды өз алдынча таштаганда эле чалынып, жүзү менен кетээри бышык. Аны өзү деле мойунуна алып, дайыма айтат:
– Ханум, эмнеге мен сендей кыйын эмесмин? Сен ар кандай абалдан жол таап чыгып кете бересиң. Сенин жаныңда жүрүш коркунучтуу эмес, Ханум бир айласын табат деп эч ойлонбойм, – деп. Мен ага кыйындыгым менен жардам берээрмин, бирок, ал мага көбүнчө мына бул сулуу жүзү менен тоскоолдук жаратып коет. Ошондон улам да мындан ары бармакты тиштеп калып кетпей, алдын ала ачык эле макулдашып алуу керектигин чечтим.
Медер мага көөңүлдөнбөдү башында. Кылчак-кылчак Акмаралды карайт. А мен качан эле курбума сигнал берип койгом да. Ал да ичинен ит тытмаласа да, мага каршы чыгуудан чоочулаганы үчүн эле (ал да келесоо эмес да, эркектер бир түндүк, а курбу өмр бою калышы мүмкүндүгүн билет да) Жакыпка жакындап, ошону жактыргандай жабышып сүйлөп отурду. А Жакып мындай бакыт ага кайдан насип кылынганына башы жетип-жетпей, кубанычына мас болуп отурду го, чиркин. Акмарал менен Жакып аркы бөлмөгө кирип кетишкенден кийин Медер мага көңүл бурду. Куру калгыча эч болбосо мен сыяктуу аялдын коюуна кирип ысынып алайын деди да. Биз да уктоочу бөлмөгө кирдик. Жарык өчүп, коридордон кирген жарык бөлмөнү үрүл-бүрүл жарык кылып турду. Мен каалгып кыймылдап, жамбашымды чайкап, шашпай кийимимди чечип жаттым. Ал менин кыймылымды көз айырбай тиктеп турганын билдим. Мага эркектерди төшөккө чейин гана азгыруу керек. Андан ары өздөрү мага азгырыла башташат. Анткени, билем да аларды кантип кызыктырып, өлтүрүп-талдырып, жалынтып жибериш керектигин. Менин колум лифчигиме жетти. Жөн эле чечип таштап салбайм. Бийлеп жаткансып колум ийкемдүү кыймылдап, жайылган узун чачыма көкүрөгүмдү жарым-жартылай жаап... Чыдабады. Медер артымдан келип, бек кучактады.
– Сен сыйкырчы окшойсуң? – деди да жамбашыма алигисин катуу ныктады эле, тикчийип катуу болуп туруп калганын сездим.
Назданып күлүп гана койдум. Азыр ашыкча бабыраган турмак, бир ооз сөз да артык баш болот. Мындай таасирди узакка сакташ үчүн, жылмайып, назданып башты буруп, чачты желпип, жамбашты чайкап, бирок, бир да ооз сөз ооздон чыгарбоо керек. Ушундай кылсак, “любой” эркектин акыл-эси тумандайт. Кайдан билесиң деп күлбөгүлө. Бул Ханум айымдын жеке тажрыйбасынан табылган аныктама.
Ал түн бир башкача өттү. Канча күндөн бери эркек көрбөй буулуп калгам. Анын үстүнө Медер мага жакты. Жаккан эркек жана кайсы бир кызыкчылыкка карата жакпаган эркек менен жатууга аргасыз болсоң, экөөнүн айырмасы асман менен жердей да. Төшөктө башкача балкыдым, Медер итеринген сайын, тээ көрүрөгүмдөн суурулуп чыккам аңкыштоом бөлмө жаңыртат. Медер да төшөккө жакшы экен, эки – үч итеринип, бел суусун агызып жатып калгандардан эмес экен.
– Мен сага жактымбы? – деп улам кайталай, көзү сүзүлүп, үстүмдө “иштеп” жатып.
– Жактың дечи, кайбарың мыкты экен дечи, дагы-дагы дечи... – деп суранат. Мен да чын дилимден:
– Жактың. Сендейди биринчи жолуктурдум. Дагы-дагы... – деп кыңкыстайм. Ал бүтүргүчө мен эки ирет кумардын туу чокусуна чыктым. Денем көөлгүп, жепжеңил болуп, учуп эле кетчүдөймүн.
– Мындан ары меники болчу? – деди Медер катуу-катуу итеринип жатып, жалынычтуу шыбырап. Башымды көтөрүп, жүн баскан көкүрөгүнөн өптүм.
– Мен сеникимин...
Эмчегимден катуу мыжыкты эле, көзүм тунарып, эрдим титиреп жатып бердим.
– Өрттөп жибермей болду. Кайбарым өрттөнүп кетмей болду. Жанжериңе от жагып алгансыңбы? – деп шыбырады да, катуулата теминип барып, бакырып жиберип, денеси титиреп кыймылсыз туруп калды.
Мен анын далысынан сылагылап, алкымынан өпкүлөп, үнсүз жаттым. Кайф болуп, ушул мүнөттөрдөн ырахат алып жатканын туйуп, ашыкча сөз менен алагды кылгым келбеди. Бир топтон кийин гана үстүмдөн керебетке түшүп, узунунан жанымда жатты. Колун артып, моюнумдан кучактады.
– Вах, укмуш! – деди тамшанып, – Тимеле үстүмдөн үч тонна жүк түшкөндөй, көңүлүм сергип, жаным жыргады.
Эми сүйлөй берсем болот.
– Акмаралга аябай карадың бирок, – дедим тамашаламыш болуп. Сенге өтүп алганымды да байкабаптырмын.
– Карадым... Бирок, азыр сени менен болгонума кубанып жатам.
– Менин артымдан курбума кол салба, бирок. Мен кызганчаакмын, – деп койдум сынамакка.
– Жок, ал эми Жакыптыкы. Биз бири бирибиздикине көз артышпайбыз. Эрежебиз ушундай. Мен сени тандаганыма аябай кубанып атам. Сен жада калса элестете да албайсың, – деди саамайымдан жыттап.
Ким кимди тандаганын билбейт экенсиң деп койдум ичимден. Акмаралды кылыя карап, кайниси менен төркү бөлмөгө кирип кетпегенде, мени тандамак тургай ойлоп да коймок эмес. Күч менен өзүмө багындырып, укмуштуудай түн тартуулаганымды билбей, мен тандадым деп коет, ары жогум ай.
Эртеси мен өтө бактылуу болуп ойгондум. Жанымда Медер жок экен. Дырдай жылаңач калыбымда эле ашканага бардым. Медер чай ичип отуруптур. Мени көрүп эси ооп, оозу ачылып эле калды.
– Жаным, – деп кучактап бетинен өптүм.
– Бар, кийин тезирээк. Азыр Жапар чыгып калса уят. Анын да ойгоно турган убагы болуп калды, – деп мени түрткүлөдү.
– Эмне болуптур чыкса? Аялдын денесин көрө элек бекен, – деп шыңкылдадым. Карасам жанымдын эки кашы бириге түшүптүр, ишимди бүтүрө электе ачуусуна тийбей турайын деп ваннага кирдим. Жуунуп, сүлгүнү алып, денеме ороп чыксам, арткы каалга ачылып Акмарал чыкты. Ал да энеден туума жылаңач. Медерди карасам, оозуна алып бараткан наны абада калкып, тиктеп калыптыр. Акмарал Медерди көрдү, бирок, камырап да койбостон жамбашын чайкап басып, мага көзүн кысты да ваннага кирип кетти. Жапар чыга калып, сүлгүгө оронуп турган мени көрүп, көзүн ала качты. Аябай уялып кеткенин байкадым. Биз булардан уялбай эле, булардын бизден уялып жатканы мага кызык сезилди.
Эртең мененки нанүштө жасап жатып, Медер:
– Товарыңар сатылып бүттү, эми жолго чыга берсеңер болот. Соодада бир да күндү жоготпош керек. Эртерээк барып, товар алып келе калгыла. Дагы сатышып беребиз, – деп калды.
– Менин азаматым, – деп чачынан сыладым. Акмарал экөөбүзгө ушул эле керек болчу. Товарыбызды сатышып беришип турса эле болгону.
– Бул жактан товар ала кетпейлиби? – деди Акмарал мени карап, – Куру кетпей, ал жакка да сатып эки эсе пайда табабыз.
– Ой, чын эле, – мен кубанып кеттим, – Карачы, буга чейин бир да коммерсанттын башына келбеген ой сенинин башыңа келди, – чын ниетим менен айттым.
Медер менен Жапар бирин бири караша түшүп, анан каткырып күлүп алышты.
– Мына, бышпаган баштар ушинтип билинип калат, – деди Медер тамаша-чыны аралаш, – Бул жактан ал жакка эч ким товар алып кетпейт.
– Эмнеге?! – Акмарал экөөбүз жарыша суроо бердик.
– Эмнеге дегенде ал жакта жок нерсе бул жакта да жок. Бул жакта жок нерсе ал жакта бар. Элдин баары Кыргызстандан бул жакка товар ташыса, а силер алар ташып келгенди кайра ташып кетип жатсаңар, көргөндөр күлкүдөн кулашпайбы.
Билбесең ушул экен да. Тамашага айланып отуруп бердик Акмарал экөөбүз. Медер менен Жапар кетишти. Иштери таң атпай башталат экен. Акмарал экөөбүз шашпай чачтарыбызды кургатып, боенуп анан чыктык. Артка көздөй автобус кечинде болот экен, аны менен поезд өтүүчү шаарга жетип алсак, андан ары кандай келсек ошондой кетип калбай жаныбыз жокпу. Ачкычын берип коелу деп базарга кирип, берип чыгып баратсак, артыбыздан эки жигит жете келди. Көздөрү бир башкача кымыңдаган, ийне жеген иттей арык, көзгө жагымсыз жигиттер экен.
– Чоң кыздар, таанышып албайлыбы? – деди бириси жыртаңдап Акмаралды каруусунан кармады. Анын ачуусу келе түшүп, колун катуу булкту.
– Маданиятың барбы, таанышкың келсе, башка жактан кыз изде!
– Ой, чоң кыз, анчалык катуу кетпеңиз. Катуу кетсеңиз эсептешип коебуз, бул дүйнөгө жаралганыңа бушайман жейсиң, – деди бозала боло түшкөн жигит. Анын жанындагы жигиттин да кыжыры келгени байкалды, жаак эттери карыша түштү.
– Баскыла, бул жакка! – деп ороңдой, башы менен базардын чыга бериш жериндеги эски имаратты көрсөттү.
– Эмнеге барабыз?! Бар, жолуңар менен кеткиле! – дедим мен. Тигилер бирин бири карай түшүшүп, анан экөөсү бизди бирден булка жетелеп имараттын ичине бир күү менен эле киргизип жиберишти. Мен булардын кимдигин билбейм да, оозума келген сөздөр менен ашатып сөгүп баштадым.
– Ой, тообо, сыртыңдан аялдай эле көрүнөт экенсиң. Бирок, эркектен да богооз турбайсыңбы? – деген жигиттердин бири жаагымдан кабыштыра кармап, дубалга такады. Көзүндө заар толуп калыптыр. Ошондо гана коркунуч денемди бийлеп, көзүм алайды.
– Болду, чоң кыз деп эркелетип койсок төбөгө чыктыңар. Бул базар бир адамдыкы, биз ал адамдын жигиттерибиз. Бизге бул базарга товар алып келеби, алып кетеби, базардын пайдасын көргөн ар бир адам салык төлөп турушу керек. Келгениңерден бери байкап жатабыз, төлөй турган оюңар жок, чөнтөгүңөрдү кампайтып алып, түнү менен эки эркектин койнунда кыңшылап жатып кычууңарды кандырып анан куйругуңарды түйөйүн деп атасыңарбы? Андай болбойт, кайра келебиз деген оюңар болсо акча таштагыла! – деди анын жанында турган экинчи жигит. Акмарал экөөбүздүн денебиз өлө түштү. Бир аз акыбал бошоңураак болсо, мен бул жигиттерге чап жабышып, алды-артынан өтүп, акча төлөбөй, кайра буларды карыз кылып бошонуп кетмекмин. Бирок, азыркы алардын кебетеси бир чоң коркунучтун бардыгын кыйкырып айтып турду. Мындай адамдар менен абайлап мамиле кылуу керек.



АКЦИЯ, АКЦИЯ, АКЦИЯ!
Жаныбек Жанызактын
"Ханум байлыкка баш урду"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам!



"Алам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум байлыкка баш урдуну алам!"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар