Жаныбек Жанызактын
"Ханум төшөк жаңыртты"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам!
Акция 31-августка чейин!


"Жазылам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум төшөк жаңырттыга жазылам!"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар





Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум төшөк жаңыртты

Повесть, сериалдын 2-томунун экинчи китеби
Алибектин сунушуна макул болдум. Ойлонуп көрдүм да, Байтур менен жашообуз баш кошкондун эртеси эле болбой калган. Ошондон бери же ары, же бери боло албай сүдүрөлүп келатабыз. Мага эң биринчи эри бар деген ат гана керек эле. Эрим турса, каалашымча ойноп-күлгөнүм билинбей, күйөөнүн артына жашырылып калат деп ойлочумун. Чынында эле ошондой да. Эрлүү деп эри бар аялдарды анчалык аңдый бербейбиз. Ал эмне кылып жүрөт, ишибиз жок. А кокус ошол аял ажырашып кетсе болду, миңдеген көздөр ага гана тигилип, ар кадамынан кынтык издеп жатып калабыз го. Байтурдан ажырашсам кимге тийем деген да коркунуч бар эле. А азыр көктөн издегеним жерден табылып, эр да өзү пайда болду. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон учургандай келесоо белем. Алибектин төрт баласы бар экенине деле карабадым. Мага эмне, ажыраш деп мээсин айныткан жокмун, ажырашам деди эле, макул болдум. Албетте, биринчи аны акылына келтиргенге аракеттендим.
– Төрт балаңды кантип таштап кетесиң, жашай бериңиз аялыңыз менен. А мени менен ушинтип эле анда-санда жолугуп турсаңыз болот, – деп мен ага ыңгайлуу нерсени өзүм сунуштадым. Тигинин уга турган түрү жок, башын чулгуйт.
– Жок, биздин жашообуз эчак эле болбой калган. Канчага чейин дагы чыдап жүрөт элем. Аялдай эмес аялым, төрт баланы төрөп бергени эле болбосо. Балдарды таштабайм, карайм.
Сен антсең мен карап турмак белем дедим да, макул дедим. Эки күндөн кийин Кыргызстанга жөнөдүм. Биздин план боюнча, мен Байтурдан жообумду алып, балдарды ээрчитип, кайра Россияга кетмекмин. Дагы беш-алты жылдай мында жашап анан Кыргызстанга кетебиз деген Алибек. Аялына балдарды алып Кыргызстанга кете бер, акча салып, каралашып турам, ага-туугандын арасында бол деп айткан экен, тигиниси көнбөй коюптур. Анысынан бир аз кооптондум, күйөөм менен ажырашып, балдарды алып келип алгандан кийин кайра аялына кетип калса эмне кылам деп.
– Эч убакта кетпейм. Сенин балдарың менин балдарым. Кааласаң фамилияма өткөрөм балдарыңды, – деп албарсты антын берди. Жыргадым. Анткени, башка тартса бутка жетпеген жашоодон жүдөгөнүм анык. Баштык ташып жүрүп деле жыргачудай кебетем жок. Алибек бутуна туруп алган, бардар жашоонун ээси. Мен дагы колу-бутумду кенен сунуп жашай турган турмушка кабылгым келет да.
Кыргызстанга келип, үйгө бардым. Байтур жок экен, өгөй энем, атам жакшы тосуп алышты. Атамдын акыбалы бир топ оордой түшүптүр. Буту такыр эле баспай, таяк таянса да, бөлмөнүн бир учунан экинчи учуна жарым саатта жетет экен.
– Такыр эле баспай төшөктө жатып каламбы деп корком. Кантээр экем, – деп кейиди атам. Жанында отурган өгөй энем:
– Баспасаң да көзүңдү жылтыратып тирүү жатып берсең болду. Мына мен бут болуп берем сага, – дейт. Энеме ыраазы боло түштүм. Тез арада бир нерсе кылбаса болбой турганын түшүндүм.
– Ата, эртең дарыгерге алып барайын. Текшерүүдөн өткөрүп, дарыланталы, – дедим ушул убакка чейин атамдын ден соолугуна кайдыгер караганыма бушайман жеп.
– Дарыгерге да барып көргөм, кызым. Операция дешип, асмандын баасын айтышкан. Ошондон кийин ал жакка барбайм деп өзүмө сөз бергем, – деп атам үшкүрүндү. Анын сөзүн коштогонсуп өгөй энем башын ийкеди.
– Операция дешсе аны жасатабыз. Акчасын мен төлөйм. Мага биринчи сиздин ден соолугуңуз керек, – дедим чечкиндүү. Оорукчан адам жаш баладай болуп калат экен да. Менин сөзүмө атамдын маңдайы жарыла кубанып, дем бердиби ашканадан залга чейин биздин көмөгүбүзсүз эле өзү басып кетти. Мынча болду эми айтканымдын өтөөсүнө чыгышым керек деп ойлондум.
Эртеси ооруканага алып бардым. Текшерүүдөн өттүк, толтура анализ жазып беришти, алардын баарын тапшырттым. Атамдын убарасы менен болуп жүрүп, Байтурга башкы маселемди айта албадым. Өгөй энем эч нерсе деген жок, бирок, сөздөрүнөн байкап калып жаттым, Байтур үйгө деле келбейт экен. Анда-санда кийим которуштурганы эле келип кетет го сыягы. Балдарына деле үзүлүп түшпөгөн, бул кандай ата дегенсип наалып да алды. Балдарды көргүс кылбасам шашпай тур деп ичимден кекендим.
– Мен талаа-түздө жүрөм, акча табайын, элдин артында калбай жашайлы деп. А бул болсо бул жакта жалгыз калып өз билгенин жасап жатат. Кантейин. Ажырашып кетейин дейм, элдин сөзүнөн корком, – деп үшкүрүнүп, ак карга көрүнүп койдум. Өгөй энем башын ийкегиледи.
– Ар ким ар кандай айтат. Жаш кезде азгырык көп болот. Чыдасаң, балдарың чоңойсо сопсонун эр болуп берет, – деди энем.
Атама операция жасаш керек дешти дарыгерлер. Болгондо да тез арада. Чачын ак аралап калган, элүү жаштын ары жак-бери жагындагыдай көрүнгөн дарыгер киши олуттуу сүйлөдү:
– Көп жыл болуп калыптыр. Ооруну өтүштүрүп жибериптирсиңер. Силерде бир гана жол бар – операция. Тез арада жасабасак болбойт. Албетте, эгер атаңардын басып кетишин кааласаңар.
Эмне болуптур деп сурасам, жол кырсыгында буту сынып, сөөгү кыйшык бүтүп калган экен, жанынан сөөк өсүп, тирелип калыптыр.
– Канча болот операция? Канча төлөшүбүз керек? – деп акырын сурадым. Менин чама-чаркым жетпей турган сумманы угуп калуудан корктум.
Чын эле, уккан сумма чалкамдан кетирээрине аз калды.
– Табабыз, операцияга даярдай бериңиздер, – дедим бирок ишенимдүү. Кандай жол менен болбосун акчаны табууну максат кылдым. Атамды ооруканага жаткырып, үйгө маанайым жок келдим. Ал күнү өгөй энем мени менен ооруканага барган эмес эле. Андан бир күн мурда кичинекей кызды сиңдиме калтырсак, ыйласа соорото албай абдан жүдөгөн экен, ал күнү өгөй энем баланы өзү карап калган.
– Эмне болду? Тынччылыкпы? Маанайың жок го? – деп чебелектеп жиберди мени көрүп. Байкуш эри тууралуу начар кабар угамбы деп кооптонду окшойт.
– Жакшы баары. Операция жасашмай болду. Операциядан кийин буйруса топ тээп калат дешти. Чарчаганым үчүн маанайым жоктой көрүнүп жатса керек.
– Ошондой эле болсун, – өгөй энем улутунду, – Топ теппесе койсун, жанымда эле басып жүрсө болду.
– Сиз атамды сүйөсүзбү? – деп сурадым аны баам сала тиктеп.
– Апей, сүйбөгөндө анан, – деп жылмайып алды. Капыл суроомо ыңгайсыздандыбы, жүзү кызарды, – Эркек менен канчалык көп жашаган сайын ошончолук сезимиң бекемделе берет экен да.
– Атама турмушка чыгаарыңызда анын эки баласы бар экенин билчүсүз да? – дедим. Бул суроом өзүмдүн азыркы акыбалыма издеген жообум болчу. Бирок, өгөй энем башкача түшүндү, мени жектеп жатат деп ойлонду окшойт, актанып жиберди:
– Мен куруйун. Силердин алдыңарда күнөөм ат көтөргүс экенин билем. Сүйүү да... Сүйүп калып эле, баарына көз жумуп койгон турбаймынбы. Атаңдын ооруп жатканын да менин кесирим тийдиби деп жооруп жанымды коерго жер таппай кетем, – жоолугунун учу менен көзүнө келе калган жашты аарчыды. Жанына отуруп кучактадым.
– Капа болбоңузчу, – көзү жокто өгөй эне деп атаганым менен алдында эмне деп аташты ушул күнгө чейин билбейм. Жеңе десем келесоолук, эже десем аңкоолук болуп калчудай. Аталышы жок эле сиз деп кайрылып жүрүп канча жылды өткөрдүм. – Мен жөн эле сурап койдум. Өткөн иш өттү. Өткөн ишке салават дечү беле.
– Балалыгың атасы жок өттү, Тимурдуку апасы жок. Мени күнөөлөсөңөр керек, – деп ыйлап жиберди. Бир эсептен ачуум келди, эми өңгүрөп калбай убагында ойлонбойт белең деп. Кайра өзүмдү тыйып, эптеп сооротуп анан жаным жай алды.
– Операцияга кайдан акча табабыз? – деди анан сооронгондон кийин, – Үйдү саталыбы, андан башка сата турган эч нерсебиз жок.
– Үйдү ойлонбой кое туруңуз. Карыган чакта баш калкалаар нерсеңер жок калмак белеңер. Башка жагын байкаштырып көрөлү, – дедим да Тимурга телефон чалып, үйгө чакырдым. Ал заматта келе калды.
– Атама тез арада операция жасатыш керек. Канча акча кошо аласың, айт, – дедим маселени дароо эле кабыргасынан коюп. Ал телмире түштү. Аялы начар чыгып калды да кургандыкы. Айда тапсам айда жок, күндө тапсам күндө жок деген ушул Тимурдуку болуп жатат азыр. Өгөй энем да айтып калат, өзүм деле байкадым, бетин чампалап, беш тонна косметика жаап, түрлөп кийинип, койкоңдоп баскандан башканы билбейт экен.
– Топтогон акчам жок, Ханум. Болсо атамдан аямак белем. Буга чейин канча жолу ойлондум атамды дарыгерге көрсөтүш керек деп. Бирок, тапканым эч нерсеге жетпейт. Күнүнө эки машинени оңдосом деле, беш машине оңдосом деле таап келгеним бир жыртыгын таап кирип кетет, – деп улутунду. Тимур жогорку окуу жайды аяктаганы менен кесиби боюнча иш таппай, колу жөндүү экен машине оңдогуч болуп алган. Ал жактан акча жакшы эле түшөт экен. Бирок, үйүңдө таап келгениңди оп тартып койгон ажыдаар отурса, кайдан экиң үч болмок эле.
– Чыгымыңарды азайтсаңар болот да. Үйүңөргө эмерек алгандын ордуна аялың жасанганы жасанган. Анын моюнундагы алтын цепочкаларды өзүм иштеп акча тапсам да мен тагына элекмин, – дедим ачуум келип. Аялы турмушка чыккандан бери бир күн да иштей элек. Бир баланы төрөп койду, аны да беш ай ооруканадан башы чыкпай жүрүп төрөдү. Азыр да экинчиси боюнда бар. Мында да белим ооруду, ичим ооруду деп баарыбыздын мазебизди алып көтөрүп жүрөт.
Тимур жооп бербеди. Унчукпай шорулдата чайдан ууртайт. Аны карап туруп кайра боорум ачып кетти. Же бизге, же аялына тарта албай эки ортодо убара. Аялга катуу сүйлөбөгөн жумшак мүнөз экен. Катуурак болгондо да мынчалык тайраңдап башына чыга албайт эле. Мейли эми, отузга жакындап калган жигиттин мүнөзүн кантип өзгөртмөк элем, нысапты келиниме берсин деп отура берем да.
Өгөй энем экөөбүздү жал-жал карап, ортобузду үмүттүү отурат. Ал байкуш чалынын ден соолугуна кейип жатат.
– Мейли, анда бул маселе менен башыңды оорутпай, аялыңды бага бер, – дедим жай гана, – Мен өзүм бирдеме кылаармын.
Алибекке телефон чалып, дагы бир нече күн Кыргызстанда кармала турганымды, атамдын ооруп калганын айттым. Ал кыйылып жатып араң макул болду. Жүрөгүм тынчсызданып, мен баргыча айтканынан кайтып кетеби деп да ойлондум. Темирди кызуусунда сок дейт эмеспи, алам деп турган чагында тийип алышым керек эле, атамдын минтип калганын карасаң.
Эртеси ооруканага бардым атамды көргөнү. Баягы дарыгер текшерип жаткан экен. Мени көрүп:
– Байкенин акыбалы бир топ жакшы. Акча тапсаңар эле операцияны баштамак элек, – деди.
– Эки күндө дайын болот, – деп койдум кайдан акча табаарымды ойлонбой туруп эле. Бир бөлмө үйүмдү сатсамбы деп да ойлондум, бирок, ага алынган насыяны төлөп бүтө элекмин, төлөп бүтпөсөм сата албайт экенмин. А берки эки бөлмөнү сатып жиберсем, ичиндеги толгон-токой адамдарды кайда алып барам. Шаарда баш калканч болчу бир үйүң болбосо болбойт. Алдыда кандай жашоо бар ким билет, кайсы учур болбосун кайрылып келе турган үйүңдүн бардыгы дурус го.
Айтор, ар кайсыны ойлой берип башым маң болуп чыкты. Анысы аз келгенсип, апам телефон чалып башымды оорутту. Кимдендир өгөй энем менен атамды үйгө көчүрүп келип алганымды угуптур.
– Мен чоңойтком сени, түйшүгүңө мен түтүп, күндүз иштеп, түнү тиричилик кылып жүрүп жыртыгыңды бүтөп, кийинтип-ичинткем. Ошол убакта азыр кастарланып төрүңдө отурган атаң кайда эле?! Карышкырды канча баксаң да токойду карап улуган сен турбайсыңбы? – деп кыйкырынып, акырында болоктоп ыйлап да алды. Койчу эми деп катуу айтпадым. Түшүндүргөнгө аракет кылсам, түшүнө тургандай түрү көрүнбөйт. Телефонду коюп салып жаным калды. Анан ойлонуп көрүп, чын эле дедим да апамдын атына акча которуп жибердим. Кандай болсо да апам да. Өз апамды жаман десем, бирөө мага жакшы апасын кармата коет беле.
Баягы дарыгерге дагы бардым. Ал ошол оорукананын башчысы да экен.
– Байке, сумманы азайта турган такыр башка жолу жокпу? Экинчи топтогу майып, ошону да бетке кармап жеңилдетүү алсак болбойбу? – дедим айлам кетип. Киши мени бир башкача карап алды. Мындай карашты эзели текке кетирбей калаттырмын. Билем да эркек кантип караганда кандай ойдо болоорун. Өзүмө ишене калып, мен да кылгырып карап койдум.
– Мындай кылалы, чоң кыз. Аны бул жерде талкуулаганга болбойт. Кечинде бир жерге барып тамактаналы. Сен мени тамактанууга чакыр. Анан сүйлөшөбүз, – деди. Кым эте түшүп, макул болдум. Тамак айлансын сенден, жакшылап тамактандырып койсом эле маселем чечилчүдөй кудуңдадым. Кечинде ресторанга чакырдым. Мен биринчи барып, тамак заказ кылып отурдум. Артымдан жарым саат өтпөй келип калды. Ооруканада ак халат, чепчик менен анча билинбептир, карыса да кайраттуу кара чачтуу, сымбаттуу эле киши экен. Чыкыйып, тим эле министр менен жолугушканга бара тургансып костюм-шым кийип, галстук тагынып алыптыр.
– Кандайсың? – деп колун сунду. Мен да колумду сунсам, колумдан тартып туруп бетимден өөп алды. “Шустрый” чал экен. Бир заматта столдун үстү түркүн даамга толду. Аянган эмесмин да. Аны көрүп маанайы көтөрүлүп:
– Тил билги кыз турбайсыңбы. Сенин атаңдын жолу болуптур, – деди.
Ар кайсыны сүйлөшүп отурдук. Менин бала чагымдан бери казып сурады. Өзүнү балалыгын, студенттик кезин айтып, жадатып да жиберди. Узун сөзгө кирип кетсе, токтотуу кыйын экен. А менин оюмда эртерээк эле сөз кезеги мени түйшөлткөн операция темасына келсе экен болуп жатты. Арадан эки сааттай убакыт өттү. Тамакты жеп, десертке кириштик. Берки операцияны унутуп калгандай, баянын бабырап отурат. Акыры чыдабай кетип, сөзүн бөлдүм.
– Байке, атама кантип жеңилдик алуу жөнүндө жол-жобосун айтып берем дебедиңиз беле? – дедим.
– Ай, шашма турбайсыңбы, тамактанып отурганда андай маанилүү нерселер сүйлөнбөйт. Анда тамак кайда кеткенин билбей калбайбызбы? – деп салды. Унчукпай эле отуруп калдым. Бул тамактанып отурганда айтпаса, тамактан кийин паркка алып бар, ошол жактан айтам дебесе эле болду.
Тамактанып бүттүк. Акчаны төлөп, сыртка чыктык. Айлана караңгы болуп, түн жарымына аз эле калган. Убактым текке кеткенине ачуулана баштадым. Мунун жеңилдик бере турган ою деле жок окшойт, калп эле кара курсагына келди окшойт деген ой мээмди тегеренип, эми анын ар бир сөзүнө баштагыдай баш ийкеп кубаттабай, итиркейим келе баштады. Кабагым да түйүлдү. Бир адамга ачууланып, бирок ачууңду билдирбегенге аргасыз кылган көз карандычылык бар жагдайга туш болдуңуз беле? Бул абдан оор экен. Кагып таштап басып кетейин дейм, атам кайра эле ушул дарыгердин колуна барат. Антпейин дейм, ар кайсынын башын бир айтып, болбогон маалыматтарга мээмди жык кылып таштады.
– Бир жерге барып эс алалы, – деди анан.
Чоочуп кеттим.
– Жарым түндө кайсы жерге бармак элек, байке. Сизди таксиге салып жиберейин да, мен да үйүмө кетейин.
– Менин жашыруун батирим бар. Менден башка эч ким билбейт. Эркектерге анда-санда эркиндик керек. Ал батирде мен үй-бүлөмдөн, жакындарымдан эс алам. Ошол жакка баралы, – деди колумдан кармай.
– Балдарым мени күтүп калды, – дедим колумду сууруп. Кудум эле балдарынын кашынан жылгысы келбеген камкор эне көрсөтүп өзүмдү.
– Ай, кыз, сен мага атаңдын операциясы тууралуу сүйлөшөлү деп, ресторанга чакырбадың беле. Болбогонума койбой чакырган өзүң. Анан сүйлөшөөргө убакыт келип жеткенде өзүң баш тартасыңбы? – десе болобу. Каратып туруп калп айтканына оозум ачыла түштү. Мен муну болбосуна койбой чакырган имишмин. Тообо. Ушундай бет тырмаар адамдар да бар экен э.
– Мейли, такси токтотойун анда, – дедим билгизбей үшкүрүнүп. Билип турам шамал кайсы жакка жорто баштаганын. Башка аргам да жок. Эмнеси болсо да атамды айыктырып алышым керек да. Иши кылса андан кийин айтканына турса экен. Бир заматта өзүнүн кылганын башка бирөөгө төңкөрө салчу адаты бар экен, ошол адаты кармап кетсе кылган аракетим текке кетет да.
Беш кабаттуу үйдүн экинчи кабатына көтөрүлдүк. Экинчи кабатка чыккыча эле бышылдап калды. Мен дарыгер десе эле өмүрү оорубаган, дени сак, ашыкча май-сайы жок, чыйрак жашоо образын кармап жүргөндөр деп элестетчүмүн. А мунум ага такыр окшобойт. Тамекини бурулдатат экен, минтип экинчи кабатка араң көтөрүлүп жатат.
Бир бөлмө чакан батир экен. Ашканасы менен залын бириктирип салыптыр. Уктоочу кенен керебет, телевизор, шкаф, айтор жашоого керектүү буюмдардын баары турат. Ваннага кирип кеткен, бир убакта дырдай жылаңач болуп чыкты. Кайбарын көрүп дүүлүгө түштүм. Кучактап, оозумдан сорду. Мен да кыймылына жараша кыймыл менен жооп кайтара бердим. Тик турган калыбыбызда жанжеримди сөөмөйү сайгылады. Бир аз ооруксунду, бирок, денем бир башкача чымырады. “Дагы, дагы сайгыла!” дегенсип бутумду ачып, денемди денесине кынадым. Жупташкан калыбыбызда эптеп керебетке жеттик да куладык. Ал денемдин чоло жерин койбой өпкүлөдү. Дарыгерлер адамдын түзүлүшүн окуй берип билип калышканбы, дал эле дүүлүгүүчү чекиттеримди таап алгандай сезилди. Кармаган сайын ысык кан ары-бери чуркап, онтоп, кыңкыстап, балыктай туйладым. Чачынан бек кармап алып, кээде далысынан апчый, бутумду өйдө-ылдый сороктотуп, чыдабай калдым. Бирок, ал зыңкыйып катуу болуп калса да кайбарын киргизгенге шашылган жок. Алкымымдан тили менен аймалап келип, көкүрөгүмө жетип, эмчегимдин үрпүн аста тиштеп койгондо денем солк этип, төшөктөн бир сөөмгө көтөрүлө түшөт десең. Жанжеримден суу агып, чылпылдап чыкты. Акырында ыйлап жиберчүдөй болдум.
– Салчы, салчы, чыдабай баратам, – деп кыңкыстадым. Ошондо гана чалкалап жата калды да, мени үстүнө чыгарды. Тикчийип турган кайбарын жанжериме туштап отуруп, ал жыбылжыган бойдон кирип кеткенде гана жаным жай алгансып оор онтоп жибердим. Ал да онтогулап, эмчегимден катуу кармап, башын өйдө көтөрүп үрпүнөн сорду. Башымды чалкалатып, ат минип бараткансып желе баштадым. Өйдө-ылдый, өйдө-ылдый... Көзүмдү ача албай, кудум эле кирпигиме таш байланып калгансып. Эси-дартым денемди аралай чуркаган ысык канды башыма жеткирүү болуп турат да. Бир кезде жанжеримден учуп чыккан ысыктык мээмди көздөй жөнөгөндөй болдум. Ошол сезимдин орто жолдон тык токтоп калышынан коркуп, тез-тезден желе баштадым. Мына, жетти... Кыйкырып жиберип, үстүнө сулк куладым. Ал менин чачтарымдан сылагылап жатты. Бир убакта байкасам ал бүтүрбөптүр. Дагы деле кайбары какчыйып турат жанжеримде. Акырындык менен кайрадан дүүлүгө баштадым. Бул сапар ордумдан тургузду да столго отургузуп, алаама жакын келип, жанжериме кайбарын салды. Мен бутум менен белинен кучактадым. Бышылдап, онтосо бир укмуш. Анын онтогонун угуп эле денем чыбырчыктап, дүүлүккөнүм күчөй берди. Бул жолу да мен бүттүм. Качан гана үч жолу кумардын туу чокусуна чыккандан кийин аныкы да чекитине жетти. Таң калдым. Жашы деле бир топко барып калгандай бирок төшөктө мыкты экен. Чарчабайт турбайбы. Көп сүйлөп башымды оорутканы, сыртынан караганда көзгө толоорлук көркөмү жоктугу мага маани бербей калды. Мен аны төшөктөгү оюну үчүн жактырып калдым. Ал түнү мен да, ал да кетебиз деп айткан жок. Өмүрү аял киши көрбөгөнсүп ал, эркектикин сезбегенсип мен бири бирибизге жабышабыз. Ортодо ашып кетсе он мүнөттөй эс алып жатабыз да, анан кайра эле эмелеки сезимдерди кайрадан сезгибиз келип, бири бирибизге умтулабыз. Таң аткыча мен да, ал да чарчабадык. Эртең менен гана батирден чыгып баратып, ал мага:
– Сендей мага чыдаган аялзатын биринчи жолу жолуктуруп жатам. Жубайым бир жумада бир жолу гана мени жакындатат. Анда деле ашып кетсе беш мүнөт жатып берет да, болдучу, тойбогон топоз болдуң го, качан карыйсың деп наалып, качып кетет. Жаш кезинде байкушту бөлмөнү аралай качса да, артынан кубалап баса калып жүрүп жалкытып койгон окшойм. Ал турмак азыр, “башка бирөөнү таап алчы кумарыңды жазганга. Мени тынч койчу. Башка бирөөгө барып, кумарыңды кандырып келип, менин жанымда тынч жат”, – деп уруксатын да берген. Бирок, канча аял таптым, менин жашоомдо нечендеген аялдардын изи бар. Оорукананын санитаркасынан баштап, дарыгер кесиптештериме чейин жакын мамиле куруп чыккам. Бирок, бири да мен күткөндөй болбоду. Бир, ашып кетсе эки жолу жатышат да, анан ооруп кетти деп ыйлакташып, “бербей коюшат”. А сен менден ашып “иштедиң”. Экөөбүз бири бирибизге жуп экенбиз. Айтканыңдын баарын жасайм, мага жолугуп тур. Сенден башка эми эч кимди издебейм, – деди. Ошондо гана бул киши менен батирге эмнеге келип, эмне максат менен кумарга батканым эсиме түштү. Атама операция жасатыш керек эмес беле.
– Байке, атамдын операциясы кандай болот? – дедим анын суроосуна жооп бербей туруп, өзүмдүн маселемди кабыргасынан коюп. Ал чачын тарап, мага карап жылмайып койду.
– Ал жагынан кам санаба. Эртеңден баштап операцияга дайындайбыз. Силер, операцияга кете турган бинт-синт сыяктуу майда чыгашаларды көтөрсөңөр болду. Калганын жеңилдик менен жасайбыз.
Ой, кубанганымды кантип сүрөттөп берсем экен. Аз жерден учуп кете жаздадым го. моюнуна асылып, кучактап, бетинен чопулдатып өөп алдым.
– Болду, болду, азыр думуктурасың, – деп каткырды, – Мен айткан сунушка эмне дейсиң? – деди анан дагы баштагы суроосун кайталап. Мен ойлоно калдым. Россияга кете турганымды айтпай эле коюшум керек. Баарын билгенге милдеттүү эмес да. Эң негизгиси атамды айыктырып алсам болду. Бирок... Бирок, бул кишинин төшөктөгүсү мага да жагып калды. Демек, Кыргызстанга келген сайын, жолугуп кумарга батып турушум керек. Албетте, өзүм үчүн.
– Мен макулмун. Бирок, менин күйөөм, балдарым бар. Билдирбей, жашыруун кармайлы мамилебизди, – дедим.
– Аныңа мен да макулмун. Жашыруун кармалган мамиленин өмүрү узун болот, – деп философтонуп койду.
Эки күндөн кийин атама операция жасалды. Ийгиликтүү болду дешти. Ал күнү өгөй энем экөөбүз оорукананы кайтардык. Башкы дарыгер өзү операцияга катышыптыр. Ошол жердеги дарыгерлер “Анын колу жеңил. Нечен кыйын операцияларды ийгиликтүү жасаган. Буга теңдеш дарыгер Кыргызстанда азырынча жок”, – дешти. Аны угуп өзүмчө кудуңдадым. Келип-келип мыкты дарыгер менен кумар деңизинде сүзгөнүмдү кара. Өгөй энем экөөбүз сыртта турсак, жаныбызга басып келди.
– Силер барып эс ала бергиле. Жандандыруу бөлүмүнө баары бир силерди киргизбейбиз. Биротоло эртең, тоок сорпоңорду көтөрүп алып келсеңер, палатага киргенден кийин курсагын тойгузасыңар, – деди өгөй энеме карап. Мен жакка көз салып да койбоду. Кабагын бек түйүп, абдан эле катаал болуп алыптыр. Ичим тыз эте түштү. Элдин алдында ушундай мүнөз күтөбү, же чын эле мага муздап калдыбы, деп сарсанаа болгон бойдон үйгө кеттим. Бирок, ошол эле күнү кечинде телефон чалып, жолугушууга чакырды. Мен жан-дилим менен кабыл алдым. Биринчиден, өзүм үчүн. Экинчиден, атам толук айыгып, ооруканадан чыккыча башкы дарыгерди кармап туруш керек да.

Ххх
Атам ооруканада бир айга жакын жатты. Ал арада күн аралатып, башкы дарыгер менен кумарга батып жүрдүм. Барган сайын ал киши мага турган турушу менен жага баштады. Кумардын күчү керемет экен, атамды абдан жакшы карашты. Он миң сомдой эле акча кетиптир эсептеп көрсөм, калганы, операциясы турмак, дары-дармеги да оорукананын эсебинен болуп жатты. Дары-дармекти кайдан алып берип жатасыз деп сурасам,
– Ооруканага гуманитардык жардам иретинде бекер дары-дармек келет. Ошондон берип жатам, – деди.
– Башкалар да ошондон алабы? – десем, мени карап күлүп койду:
– Жок, аларга сатабыз, – деп. Ошону менен ал сөз түгөндү. Тереңдетип ачуусуна тийип албайын деп абайладым да.
Алибек үйдөгү телефонго улам чалып шаштыра баштады.
– Мен батир алып койдум, балдарга өзүнчө бөлмө, бизге өзүнчө. Баарын орду ордуна келтирдим. Аялым балдарды алып Кыргызстанга кетти. Бишкектеги үйдү сенин атыңа жаздырып берем десем макул болуп, кетти. Мен соксойуп жалгыз калдым. Качан келесиң? – дейт. Кетишим керек эле. Атамды ооруканадан чыгарып, бир жактама кылып анан кетпесем көңүлүм түтчүдөй эмес.
Атам эртең ооруканадан чыгат деген күнү маселени чечип алууну ойлондум. Жаңы эле операция болуп, организми алсызданган адам уруш-жаңжалды укпай эле койсун дедим. Сөзсүз түрдө Байтур экөөбүз кыйкырышып, ызылдашып ажырашабыз деп ойлоп алган болчумун да. Бирок, баары мен күтпөгөндөй болду.
Эртең менен жумушка кетүүгө камынып жатканында эле айтчумду баштадым.
– Байтур, жумушуң бир жарым сааттан кийин башталат. Кайда шашып жатасың?
– Ишиң эмне? Кечээден калган иштерим бар, эрте барып бүткөрүшүм керек.
– Менин келгениме бир айдан ашты. Ошондон бери бир да жолу мага жакындаганга аракет кылбадың. Аял катары сага такыр жакпаймынбы?
Ал мени олурая карап алды.
– Мээни ачытпачы э? Үй толтура адамдарды топтоп алсаң, сага кантип жакындамак элем?
– Мындан мурда деле экөөбүз соксойуп жалгыз жашаганыбызда деле мага кумарың ашып-ташып турчу эмес эле?
– Эмнени баштагың келип жатат?! Уруша албай буулугуп калдыңбы?! Таң атпай маанайды бузбачы! – деп коркулдады.
– Маанайыңды таң атпай бузбайм, тескерисинче көтөрө турган кеп айтам. Кел, мында отур. Отур, отура бер, тиштеп албайм, же зордуктап койбойм. Олуттуу кеп бар.
– Ии, мына отурдум, бол тез айт айтчуңду. Мен кечигип жатам.
– Мен сени менен ажырашам. Ажырашпасак жашообуз туңгуюкка такалып калды. Сен өз бактыңды тап, мен да табайын.
– Сен таап алган окшойсуң го буга чейин... – деди да бир чекитти тиктеп ойлонуп калды. Кыйкырып- бакырып жаңжал чыгарат деп эмнеден улам ойлондум экен. Өңү да өзгөрүлгөн жок. Жок, өзгөрүлдү. Жүзү жылуу тартып, бейпил боло түшкөнсүдү. Менден ушул сөздү эле уга албай жүргөн го. Негедир жүрөгүм тызылдап, ушунча жыл жашап, алдына килем болуп төшөлгөн эримдин кайдыгер мамилесине жаным ачып кетти. Бирок, уруш чыгарбашым керек. Азыр ушуну айтып чукуласам, ал да бир сөз айтат. Ошентип, урушка айланат. Мен эптеп балдарды алып кетишим керек. Согончогу канабаган, төрөбөс аял экенимди эч ким билбөөгө тийиш. Айрыкча, ата-энем, Алибек...
– Эртең никебизди буздуруу үчүн арыз берели. Анан мен балдарды алып Россияга кетем. Ошол жактан иш да, үй да таап келдим... – дедим акырын. Ал чок баскандай ордунан секирип турду. Мына, башталды.
– Балдарды? – шылдыңдагансып, мыйыгынан жылмайды, – Балдарды сен алып кетесиңби? Туура, аял-күйөө ажырашканда, балдар энеси менен калат. Бирок, өз энеси менен гана. Өзү төрөгөн энеси менен.
– Мен сага өз эне эмес бекем? Ар кимди боозутуп, төрөткөн балдарыңды багып бергеним үчүн өз эне эмесминби, ыя?! Документте мен энеси болуп турамбы, эч кайда барып далилдей албайсың! Далилдегиң келсе, бардык сырды сыртка чыгар. Мага баары бир. Зулайканы биринчи мен айтып чыгам ата-тууганыңдын алдында, – дедим кыжырым келип. Эмне болсоң ошол бол дедим. Айтаарын айтып алып ичимден коркуп жаттым. Бул да көкбеттигине барып, айтсаң айта бер десе, айтып салыш бат эле, бирок, менин да туугандарымдын алдында калпычылыгым суу үстүнө калкып чыгат да. Анда эмне кылам. Ушунча жыл жашап, бала да, башка да жок, Байтурдан шөлбүрөп кетемби? Кандай айла кылсам да балдарды алып кетишим керек. Куру дегенде эки баланын энеси деген статус үчүн.
Байтур экөөбүз айтпагандын баарын айтыштык. Ары кетип, бери келдик. Дагы жакшы, үйдө жалгыз элек. Өгөй энем кызы менен менин балдарымды алып Тимурдукуна кеткен. Келинден кабар алайын деп. Ал келгиче мамилебизди такташып алалы деп баштаганым туура болуптур. Андай айтсам да, мындай айтсам да Байтур такыр көнбөдү.
– Кетсең кете бер, балдарды бербейм. Экөө тең менин канымдан жаралган балдар. Сага чоочун. Чоочундарды багып жыргатмак белең. Бербейм! – дегенден башканы айтпады. Алдадым, жалдырадым, ыйладым... Бири да таасир бербеди. Анын жумушу да эстен чыкты, түшкө чейин уруш-жаңжал менен отурдук. Акыры бир ымалага келдик. Анын балдарды бере турган ою атып жиберсе да болбой турганын билгенимден кийин:
– Мейли, балдарыңды алып калсаң алып кал. Бирок, ушунча жыл буларга эне болдум. Сен эле мени барктабайсың. Менин кандай гана жакшы эне болууга аракеттенгенимди, эч нерседен кем кылбай чоңойтууга далбастап Россияга чейин темселегенимди көрсөң да көрмөксөнсүң. Менин бир гана суранычым бар, балдардын сыры ачыкка чыкпасын. Мени энеңер эмес деп аларга айтпа. Документ боюнча, алардын эсинде энеси болуп мен кала берейин. Энеси катары жардам да берип турам, – дедим. Ошол айтканыма көндү. Бирок, анда да жөн калбай:
– Бул айтканыңды аткарам, бирок, жумуштан бөлүм башчынын орду бошоду. Ошол орунга мен отурушум керек, – дейт.
– Отургуң келсе отур. Менин кандай тиешем бар? – деп таң калсам,
– Тааныштарыңа айтып, мени бөлүм башчы кыл, – десе болобу.
– Байтур, мен министр бекем сени бөлүм башчы кыла алгыдай, – деп оозум ачыла түштү.
– Анткорлонбо, – деп көзүнүн төбөсү менен карады, – Сенин эмне иш кылып, кандай бокту жеп жүргөнүңдү жакшы билем. Гүлкайыр мага баарын айтып берген. Мени кантип жумушка орноштурдуң? Ошол жердеги жетекчилердин бирин жыргаткансың да. Дагы жыргат, дагы бөлүм башчы кыласың мени. Ошондо гана жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, балдар да, башкалар да сырды билбеген бойдон калышат, – деди.
Ошондо гана мага жетти, өзүмдүн алсыз жагымды көрсөтүп, балдар тууралуу сырды айтпа деп бекер гана озунуп сураныптырмын. Аны айтпаганда деле Байтур агасынан корккону үчүн болсо да эзели Дастанды ким төрөгөнүн айтмак эмес. Кызын айтса да, баласы меники бойдон калмак. Куру дегенде бир баланын энеси аталып жүрө бермекмин. Менин алсыз чекитимди билди да, дароо минтип талап кое баштады. Ачууга алдырбай, өзүмдү токтоо кармаганга аракеттендим.
– Гүлкайыр эмнелерди айтты? Ал өзү жөнүндө айтууну да унуткан жокпу?
– Ал жакшы кыз. Ашыкча баспаган, жыртаңы жок. Аны да сен бузганга аракеттенгенсиң, ар кайсы жакка жетелеп жүрүп. Тимур менен мамилесин сен бузуп, байкушту тагдырдын сыноосуна калтыргансың, – деп эле күчөнүп кирди. Айтпагандын баарын айтты. Унчукпай уктум. Демек, шамал Гүлкайыр жактан жортуп жүргөн экен да. Байтурдун мамилеси мурда деле оор болчу, бирок, кийинки жылдары айрыкча муздап калган. Менин курбужаным аракет кылган экен да. Сениби, шашпа.
Акыры бул талабына да көндүм.
– Бирок, бүгүн үйдөн чыгып кетишиң керек. Эми экөөбүздү эч нерсе байланыштырбайт. Менин кандай жүргөнүмдү Гүлкайырыңдан угуп да жашап жүргөн азамат эркек экенсиң. Чыныгы эркек болгонуңда ошондо эле чыгып кетмексиң, – дедим.
– Эмнеге чыгышым керек? Сенин тапканыңды жеп, бекер үйдө жашаганым жакшы болчу да. Сен келесоо мени гана эмес, менин ар аялдан тапкан балдарымды гана эмес, Гүлкайырды кошо бакканыңды билген жоксуң, – деп каткырды. Колум титиреп, жаман болуп кеттим. Байтурга алым жетсе чачын бирден жулуп, колуна карматмакмын да. Алсыз экенимди билсем деле айбат көрсөтүп, “аа” деп кыйкырган бойдон, бетине асылдым эле, кантсе да эркек да эки колумду куушура кармап туруп, түрттү эле диванга башым менен тийдим. Дагы ордумдан тура калып, атырылдым. Бул сапар шкафтын кырына бетим менен тийдим. Заматта көгөрүп чыга келди.
– Чыгып кет, үйдөн! Акмак! Чыгып кет дейм! – деп бакырдым. Ал мени мыйыгынан жылмайып гана карады.
– Кайда кетем? Балдар менен кайда барам? – десе болобу.
– Кайда барсаң анда бар! Жеңеңди боозутканыңды айтасыңбы, эжеңди боозутканыңды айтасыңбы, элдин баарына айт да, балдарыңдын бетин ачып ал! Мага сенден эч нерсенин кереги жок. Жогол! – деп албууттанып кеттим. Мендеги апамдын гени ойгоно калды окшойт, эч нерсеге карабай колума тийген нерсе менен Байтурду атып уруп, өз чачымды өзүм жулуп, жинди болуп кеттим. Ал көзүн алайтып коркуп тиктеп туруп калды.
– Ханум, бир жума убакыт бер, мен батир табайын, – деди эле,
– Бир жума эмес, бир саат берем. Азыр энем балдарды алып келет. Кийимдерин тээтиги баштыкка сал. Атасыңбы, өзүң жасап башта мындан ары. анан көзүмө көрүнбөй жогол! – деп кыйкырдым.
– Кайда барам?. . – деп келатты эле,
– Мага демектен көчөдө кал. Менин ишим жок. Үйдү бошот! Сени экинчи көрбөйүн! – деп кыйкырдым, – Азыр чыгып кетпесең бөлүм башчылык жок сага! Жумушуңдан бошоттуруп салам, мени билесиң, ойношторум толтура! – десем, жаагы жап болду. Балдардын кийимин мен көрсөткөн баштыктарга салды. Мен ашканага барып, валерианка ичтим. Сүлгүнү муздак сууга нымдап чекеме жаап, орундукка чалкалап отуруп, көзүмдү жумдум. Чыкыйым зырпылдап ооруп чыкты. Эптеп өзүмдү тынчытмакка эч нерсени ойлонбоого аракеттендим. Ушул саам мага баары бир болуп калды. Балдарын алып кете берсин, сырды ачыкка чыгара берсин. Эмне болсо ошол болсун. Төркүнүм көп болсо беш-он жыл күлүшөр, андан кийин акыркы кайсы бир убакта унутулаар. Россияга кетем да ошол бойдон келбей койсом кутуламбы. Артымдан миң шылдыңдашсын, бир эмес. Көзүм көрбөгөндөн кийин мага баары бир.
Сырткы каалга шалдырап ачыла баштады. Балдар келишти окшойт. Ордумдан туруп сырткы эшикке жакындаганда өгөй энем кызды колуна көтөрүп, Дастанды жетелеп кирди. Артынан сиңдим көрүндү. Мени таң кала эле тиктеп калышты. Айрыкча, өгөй энемдин көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Бир аз ыйладым эле, көзүм кызарып калганга карашып жатабы деп коем. Шкафка бетим менен урунганым такыр эстен чыгып кетиптир.
– Эмне болду? Бетиңдин бир капталы көгөрүп кетиптир? Тынчыылыкпы? – деп өгөй энем айтканда гана эстеп атпаймынбы. Бетимди кармай калдым.
– Тынч эле. Кириңиздер.
Дастан мени кучактай калды.
– Апа, сени ким урду? Ким урса айт, мен аны урам! – деп кичинекей муштумдарын түйүп алыптыр. Ыйлагым келип кетти, отура калып кучактадым.
– Дастан, азыр сен атаң менен кетишиң керек. Мен артыңардан барам.
– Кайда кетебиз?
Өгөй энем да таң кала тиктеп калды. Ага “анан айтып берем”, – деп шыбырап койдум. Ошол убакта баштыктарын көтөрүп, Байтур чыгып калды уктоочу бөлмөдөн.
– Апей? Силерге эмне болду? – деп эле энем таң калып туруп калды.
– Баланы Байтурга бериңиз, балдарды өзүм багам, сага бербейм дейт. Мейли бакса баксын, – десем, энем кызды бооруна кыса салды.
– Эмнеге берет экенбиз? Биз эмне баштан жадаптырбызбы? Сенин кылганың го э бул, – деп менин көзүмдү көрсөтө Байтурга кайрылды, – Чоң муштумдукка өтөйүн деген экенсиң да. Же коргоп алаары жок деп турасыңбы? Атасы бар, иниси бар, мен бармын! Кой, айланайын, кетсең кет, балдарга тийишпе. Балдарда жарты акың да жок. Кийинтип-ичинткен Ханум болсо, баккан мына мен болдум. Же сен буларга жок дегенде бир сомдук конфет алып бердиңби? – деп баштады. өгөй энем абдан жоош-момун аял болчу да. Минтип урушканын бир да жолу укпаган элем. Азыр мен аны таң кала тиктеп туруп калыптырмын. Сөздү орду ордуна коюп, катаал үнү менен урушат экен. Байтур бөжүрөй түштү.
– Бул Россияга кетип жатам дейт. Эр тапкан окшойт, тиет экен. Мен балдарымды башка эркекке кор кылбайм, – деди акырын жер тиктеп. Мен аны сырды айтып салабы дедим эле, антпеди.
– А сен так өтөсүңбү? Сен дагы үйлөнөсүң, балдар өгөй эне менен калат. Кой, айланайын, азыртадан ажырашууну кеп кылбай тургула. Ачуулансаңар ачууңар тарагыча тынч болгула да, ортодо балдар турат, кайра жарашасыңар. Балдарга тийбе, – деп бутун ашыга чейип, кызды бооруна кысып, Дастанды колунан жетелеген бойдон залга кире качты. Өгөй энемди көндүргөнгө да бир топ убакыт кетти. Байтурду карасам ага ушул акыбал жагып жаткандай. Балдар мында калса, ал да балдарды шылтоолоп калып кетчүдөй. Ага эмне, өзү айткандай бекер үй, бекер тамак-аш, ишке кет, кайра кел, бир бөлмөнү ээлеп бутту сунуп жат. Жыргал эмеспи. А мени аны көргүм келбей калган. Эптеп кетиришим керек.
– Балдарды берип коелу. Жарым саат өтпөй алып келип берет. Бербесем кетпейт. Менин моюнумда канча жыл бутун салаңдатып отурду, дагы отургусу келип жатат. Акылына келтирбесем болбойт, – деп ар кайсы калпты айтып, алдап жатып, балдарды бердим да, эшикти жаптым. Дастандын ыйлаганын айтпа, жүрөгүм миң жеринен тилинди. Өзүм төрөгөн балам болгондо чыпалагын Байтурга карматмак белем. Тил кыска болуп, айлам жоктон гана ушул кадамга бардым да. Ушул элес көз алдында сакталып калып, чоңойгондо сен бизди үйдөн кубалап чыккансың деп айтса эмне кылам деп ойлоп, буркурап ыйлап алдым. Өгөй энем жанымда отурду. Сооротууга да сөз таппады окшойт, унчукпады.
Бир топтон кийин гана:
– Турмушта баары болот. Башыңды бийик көтөрүп, чыйрак бол. Балдарды берип койгонуң гана чекилик болду, – деди. Ал өз балдарын берип койду деп түшүнө албай жатканын билип эле турам. Кантип айтмак элем. Унчукпадым.
– Атаң келсе эмне дээр экен? – деди эле, башымды көтөрдүм,
– Атама эч нерсе айтпай эле коелу. Балдарды алып Байтур айылга кетти дейбиз, андан кийин Россияга балдарын алып кетти деп коесуз. Өзү араң айыгып келатса, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайлы, – дедим.
Өгөй энем экөөбүз менин акылыма токтоп, атама эч нерсе айтпоого сүйлөшүп, сиңдимди да кабардар кылдык.
Убада бергенге жараша деп, түнү уктап, өзүмө бир аз келгенден кийин, эртең менен Самаганга телефон чалдым. Бир жак бетим көпкөк болуп кеткен, кантип ага көрүнөм деп ойлонуп жаткам. Кудай жалгап, мага керектүү сөздү айтса болобу.
– Оо, Ханум, булуттан чыккан айга окшоп, сен да пайда болот экенсиң э? Кайда кеткениңди билбей карайлап эле калбадымбы, – деп каткырды. Ал-жай сурашкандан кийин:
– Ка-ап, бүгүн жолуксак болмок, бирок мен иш сапарына кетип жаттым эле. Келгенден кийин жолугушалы, – деди.
– Мен да эки күндөн кийин Россияга кетем, ошол жакта иштеп жатам, – дедим, күйөөдөн күйөөгө тийеримди кеп кылбай.
– Кайра качан келесиң? Бизди унутпай, тез-тезден келип тур.
– Албетте, бир айда эле келип калам, – калп айттым. Анткени, Байтурдун маселесин телефондон болсо да каңкуулап коеюн деп жаткам, – Сиз менен сүйлөшчү бир маанилүү маселе бар эле да, – деп күлдүм.
– Ой, менде да сени менен сүйлөшчү маанилүү маселелер толтура. Сенде бирөө эле болсо, менде толуп калды ушунча убакыт аралыгында, – деп ал менин айтканымды башкача мааниде кабыл алып алды. Оңдобой эле каткырымыш болдум.
– Ии, баса, сенин күйөөңдү бөлүм башчы кылганы жатам. Айлыгы да көп болот, сага да жардам. Анын үстүнө күйөөңдүн да жөндөмү бар экен, азыркы ишин камчы салдырбай алып кетти. Бөлүм башчылыкты да жакшы алып кетет деп ишенем, – десе болобу.
Асмандан издегеним жерден табылгансып жым дей эле түштүм.
– Күйөөң бөлүм башчы болгондон кийин сага Россияда эмне бар? Айлыгы жакшы, сенин кенен багып алат, – деп күлдү эле дагы күлүмүш болдум. Сен кайдан билесиң дей турган адам жок.
Кудай жалгасын, бир жакка чакырса, көгөргөн бетим менен кантип барам деп жатканда оңдой берди болбодубу. Балдар менен кайда барып, түнөдү экен деп Байтурду эстеп алдым. Кантсе да канча жыл чогуу жашаган күйөөм да, ичим эңшерилип орду жоктолуп жатты. Биротоло акылымдан айнып кала электе дедим да, эртеси күнкүгө билет алып келдим. Түштөн кийин атамды ооруканадан чыгардык. А кечинде Байтур телефон чалды:
– Рахмат. Билгем да сени ойношторуңа өтүмдүү экениңди, – деп мазактайт.
– Бөлүм башчы болдуңбу? Жете турганыа аялдын көчүгү менен жеттиңби? – дедим мен да жөн калбай. Анан:
– Балдар кандай? Кайсы жерге токтотуңар? – десем,
– Балдар менен иш алба. Документте эле сенин атың жазылганы болбосо, кайнатса каны сенин каныңа кошулбайт! – деп туруп телефонду коюп таштады. Башынан ылдый муздак суу куюлгансып, отуруп калдым. Анан ушундай ачуу сөздөрдү кайталап уга бергенден көрө, экинчи балдар тууралуу ооз ачпай эле коеюнчу деп бүтүм чыгарды. Айтса, айтпаса төгүнбү, аларга менин тиешем жок да. Өз атасы кандай бакса, ошондой багып алсын.
Ошенттим да, Россияга сапар алдым.
Ххх
Алибек экөөбүздүн жашообуз жакшы башталды. Мен да үйдө отургум келбей, базардан бир контейнерин алып, өзүм чыга баштадым. Ата-энеме акча салып турушум керек да. Анан ошондон бери эле Алибектен сурай бермек белем. Россияда туугандары көп, баарын чакырып, нике той өткөргөнбүз. Аялы ушунчалык начар аял болгонду, карындаштарынын бири калбай:
– Агам туура кылды, ошондон кутулганына шүгүр, – дешет.
Мени бир укмуш ойлоп алышты окшойт да, жаңысында баары жакшы көрүнө берет го. менин мүнөзүм деле белекке берилбегенин азыр кайдан билишмек эле. Алибек мен өзүм соксойуп барып калсам таң калып, балдарды сурады.
– Балдарымды алып келем дебедиң беле? – деп.
– Атасы жөнөтпөй койду. Анын уруксатысыз бул жакка алып келе албайм да. Ошону көндүрүп, документ жасатам деп жүрүп ушунча убактым кетти го. Мейли, багып көрө берсин, жадаганда берет, – дедим. Ал ак да, көк да дебеди. Астыртан жүзүн карасам капа болгону, же кубанганы деле билинбейт.
Ошону менен бир жыл Кыргызстанга келген жокмун. Атамдарга өзүнчө, апама өзүнчө акча салып турдум. Банктагы кредитиме өгөй энеме акча салам, ал барып төгүп коет. Ашыкча баш оору жок, Алибектин сүйүүсүнө балкып, бир жыл көз ачып-жумганча өтүп кетти.
Бир жылдан кийин баары башталды. Менин жашоомо кара көлөкө орногондой болду. Өзүңдү ашыкча сезүү абдан оор экенин билчүмүн, бирок, мынчалык чыдай алгыс оор экенин билбегем. Алибектин аялы балдарын алып Кыргызстандан келип алды.
– Балдар бул жакка көнбөй коюшту. Мектепке барбайбыз деп жатышат. Көнгөн жагыбыздан мектепти аяктайбыз деди, – дептир Алибекке телефон чалып. Балдарын үйрөтүп койгонбу, же чын эле ал жакка көнө албай коюштубу, балдары да чуркурап, атасынын мээримин болушунча ойготушуптур. Бир күнү үйгө капалуу келди.
– Алдырбасам болбойт окшойт, батир ижарага алып берем. Мурдагы мектебинин жанынан. Ошондо окуй беришсин. Алар тигил жакта кыйналышса, менин бул жакта жыргаганым курусун, – деди.
– Аны башында ойлонуш керек болчу. Мен да анда күйөөм менен ажырашпайт элем, – деп булкулдап алдым да кайра ойлондум. Мээсин жей берсем этегин кагынып басып кетсе менин абалым кандай болот? Же элчилеп төрөй албасам. Төрөсөм дагы удаа кылып экөөнү төрөп коет элем, анан кеткениңди көрүп алмакмын. Кетсең дагы азыркы аялыңдай балдарды бетиме кармап туруп сазайын берет элем го. Ошондо төрөбөс болуп калганыма жаным бир ачыды.
Бул кемчилигимди жабуу үчүн Алибекке үйрүлүп түшүп мамиле кыла баштадым. Азыр менде эки гана курал: камкордук менен секстеги өнөр гана бар экенин түшүндүм. Кол куушуруп отуруп албай, өз бактым үчүн күрөшүүнү чечип, үй-бүлөлүк бактыбызды бекемдетүүнүн үстүндө аракеттендим.
Үй-бүлөсү Кыргызстандан көчүп келген күнү Алибек үйгө эртең менен гана келди. А мен түнү менен уктабай аны күтүп отуруп, таң жарыла баштаганда гана столго өбөктөгөн бойдон көзүм илинип кетиптир.
– Кайда жүрдүң? Түнү мен жалгыз корктум, мени ойлосоң деле келсең болмок да, – дедим ичимден ачуум кайнап жатса да, сыртымдан сабырдуу көрүнгөнгө аракеттенип. Ал чекемден өптү.
– Балдар сагынып калышыптыр мени. Кетпеңиз, бир түн биз менен болуңуз деп кучактап жатып уктап калышты. Алардын уйкусун бузбайын деп уктадым да, – деди күнөөлүүдөй кайпактап. өпкөнү негедир мага муздактай туюлду. Жүрөгүм тилинип-тилинип, жанымды коерго жер таппай кеттим. Бирок, сыр бербей, тамагын жылытып, чайды кайнатып алдына коюп, таза жуулуп, үтүктөлгөн кийимин кийгизип, жумушуна узатып койдум.
Ошол күндөн тартып бизде башталчунун баары башталды. Күн сайын телефон чалуу. Бирде кызы, бирде уулу чалат. “Атабызды чакырып кой”, – дешет мен алып калсам, буйрук берише. Учурашып дагы коюшпайт. Бир эсептен аларды деле түшүнсө болот, апасы менен атасынын ажырашканына мени күнөөлөшөт да.
Алибектин тапканы он жакка бөлүнүп баштады. Мурдагыдай үйгө тутамдап акча алып келбейт. Ар ай сайын белек берип турчу эле, анысы да калды. Акча сурасам эмнеге керектеримди сурайт да, ошого жараша карматып коет. Бишкектен үй-жай кылып берем деп жүрчү (мен ага Бишкектеги үйүмдү күйөөмө, балдарыма калтырдым деп койгом да), анысын да айтпай калды. “Ойношко ишенгиче эки босогоңо ишен” дедим да, тапкан акчаларымды өзүнчө чогулта баштадым. Ойнош болбогондо эмне, молдо никебизди кыйганы гана болбосо, расмий каттоого турбадык. И баса, аялы келгенден кийин эсиме уруна калып:
– Силер нике күбөлүгүңөрдү буздуңар беле? – деп сурасам,
– Жок, ага кол деле жеткен эмес. Бир кагаз экен, жолтоо болмок беле. Шариятка тууралап талагын берип эле койгом, – деди. Жүрөгүм жамандыкты сезгенсип шуулдай түшүп басылды. Нике күбөлүктү бузгандан кийин Алибектин жарым байлыгы учкан бойдон аялына кетет да. Анан кайра жупуну жашоонун ээси болуп каламбы?





АКЦИЯ, АКЦИЯ, АКЦИЯ!
Жаныбек Жанызактын
"Ханум төшөк жаңыртты"
китебинин
электрон вариантын
50 бирдиктен сатам!



"Жазылам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум төшөк жаңырттыга жазылам"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар