Жаныбек Жанызактын
"Ханум күйөөсүнө эрегишет"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам!

"Алам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум күйөөсүнө эрегишетти алам!"
деген кабар келет.
100 бирдик төлө
менин +996777329784
ватсап номурума
же төлөгөн мөөнөтүңү так жаз..
Китепти төлөөр замат аласың..




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум күйөөсүнө эрегишет

"Ханум" үчилтигинин 2-томунун үчүнчү китеби

Жаз келип, жай жакындаганда эле Кыргызстанга кетким келип баштайт. Бул жактын такыр күн чыкпаган асманына ичим чыкпай, буулугуп кетем. Калп айтпасам, бир жылда ашып кетсе он- он беш күн эле күндүн бетин көрсөк керек. Калган учурда бүркөө асман, жамгыр, жамгыр, жамгыр. Далымды күнгө кактап отурууну сагындым. Ар бир тамырына чейин күндүн табын өткөрүп.
– Жайында Кыргызстанга барып жүрүп келейин, эл-жерди көрүп, ага тууган менен учурашып, – деп эмитен эле Алибектин кулагын кызытып жүрөм.
Биздин жашоо баягыдай эле, же биринчи үй-бүлөсүндө эмес, же менде эмес. Аялы эки күндүн биринде эле балдарын бетине кармап, бирде бул баласына акча, бирде тиги баласына акча керек деп Алибекке келе берет. Аны көрүп ойлонуп калам, бала деген жакшы экен го. Менде да өзүм төрөгөн балам болгондо Байтурдун сазайын бермек экем. Азыр эми анте да албайм, анын баласын эптеп өзүмдүкү кылып жүргөндө. Сырымды ачып, шорумду шорподой кайнатпасын деп тилимди тишиме катып үн катпай келатпаймынбы. Баласына ушул жылдар аралыгында жардам кылмак тургай кайрылып кабарлашпай да койду.
Алибек жумуштан кийин кудуңдап келди. Акыркы күндөрү дугдуйуп сырын ачпай, өзү менен өзү болуп калганга бүгүн маанайы жарык кирип келгенине таң кала да түштүм.
– Эмне болду, маанайыңыз жакшы го? – дедим мен да күлө сүйлөп. Колундагы тамак-аш салынган баштыгын колума карматты:
– Тааныштар менен ресторанга бардык эле. Буларды желбей калганынан контейнерге салдырып ала келдим.
Жүзүмдөгү күлкү бир заматта өчтү. Өңүм кубарып кеткенин күзгүнү карабасам да сездим.
– Кайсы таанышың?! Кыздарды алып бардыңбы дагы?!
– Дагы дейсиң да. Буга чейин эмне кыздар менен ресторанда отурганымды кармап алдың беле?! – деп үтүрөйө карады. Баягыда ресторандан жаш кыз менен жабышып отурганын көргөнүмдү такыр оозумдан чыгарган эмесмин. Билбейт да бул менин артынан кандай аңдыганымды. Азыр ошол оозумдан чыгып кете жаздады. Убагында өзүмдү тыйып калдым. Мындай нерселерди эркекке айтууга болбошун билем да. Айттым дегиче, өзүмө болгон ишеничин кетирип албаймынбы. Аялдын деген эркектен жашырган сыры сөзсүз болушу керек. Ишенимин деп коем да, ушул үтүрөйгөн, дугдуйган неме мага ишенер бекен. Деги эле бул ким бирөөгө ишенер бекен.
– Кармабасам деле сезем да. Аялдардын жүрөгү өтө сезгич болот, – деп койдум сыр билдирбей.
– Сезгич боло калганын! Ойлоп көрчү, кыздар менен ресторанга барсам, калган тамакты көтөрүп келмек белем. Уят го аялзатынын жанында контейнер көтөрүп бараткан.
Ырас эле дедим ичимден. Чын эле да. Бир кызды ээрчитип барып анан “Калган тамакты салып берчи мага”, – деп официантка кайрылып турганы. Кебетесинен кара мүртөздөй көрүнүп турганы менен Алибекте чыныгы мырзалык сапат деле бар. Анча-мынча. Өзүмө келе түштүм.
– Анда кандай жаңылык? – дедим күлүмүш болуп, жакасын оңдогулап да койдум.
– Азыр кол-полумду жууп алайын, анан шашпай айтып берем, – деп ваннага кирди. Эшиктин алдын сагалап ары-бери коридордо басып турдум. Чыдамым кете баштады, бул кандай жакшы жаңылык алып келди деп. Бир кезде анан чыкты.
– Дастан уктадыбы? – деди. Оозум ачылып эле калды. Силерге жалган, мага чын, ары кетип, бери келсек да бир топ жылды чогуу жашап койдук. Эрбейип кичине кезинде келген баламдын бою өсүп, күндөн күнгө чоңойуп баратат. Ушул убакыт аралыгында “Дастан” деп ооз ачып көрбөдү эле Алибек. Кайдыгер мамиле жасап, ал тууралуу сурамак түгүл, үйдө ал жоктой мамиле жасачу. Албетте, бул мага оор тийет. Жатынымды жарып чыкпаганы менен ымыркай кезинен өзүмө уул тутуп жашап жүрбөйүнбү. Кээде өгөй өгөйлүгүн кылат турбайбы деп ичим сыздап кетчү. Кызык, Байтур деле Дастанга үзүлүп түшүп мамиле кылбаган. Байкушум Дастандын бешенеси ушундайбы, өз атасы деле мээримин төкпөдү. Бирок, өзүнүн атасы экенин билгеним үчүнбү, анын уулуна кайдыгер мамилеси мени мынчалык кыйначу эмес. Көңүлүмө деле албаган экем. Дастанга боорум ооруп, атанын да, эненин да мээримин бере турган бир гана мен экенимди билип, акыркы убакта балама өзгөчө көңүл бура баштагам.
– Деги сурачу эмес элең... – деп баратып тык токтодум. Тилимди тиштеп. Бекер айттым да ушуну. Мага гана жайдарыланып ичиндеги сырын мени менен бөлүшөөрдө дагы кычык сөз сүйлөп маанайын бузуп алсам өлдүм. Ай, Ханум ай, качан акылыңа кирер экенсиң.
Бирок, Алибектин ачуусу келбеди эмнегедир. Жөн гана:
– Кечке чейин компьютер тиктечү эле го, азыр бөлмөсүнүн жарыгы өчкөнүнөн сурадым, – деп койду. Тообо, бул байкап эле жүргөн турбайбы. Байкамаксан болуп койчу экен да.
– Ии, уктады, – деп койдум.
– Колуңдагы баштыктарды ашканага алып барбайсыңбы? Эмне бул жерде турасың? – деди мени таң кала карап. Ошондо гана дагы деле баштыктарды колума кармап жүргөнүмдү билдим. Ашканага кирип, муздаткычка жайгаштыра баштасам артымдан кирди.
– Ысык чай демдечи, – деди. Заматта суу кайнатып, демдей салдым. Эки чыныны удаа ичкенден кийин гана:
– Бүгүн Кыргызстандан эки адам келди. Атайын мени менен жолугушканы, – деди. Кулагым чоңойо түштү. Кирпигимди да ирмебей оозун тиктедим. Андан аркы сөзүн чыдамсыздана күтүп.
– Шайлоого катыш, биз колдоп беребиз. Элдин алдында кызматтарда иштеп жаман атты болбогон, таза, сырткы миграциянын өкүлү керек болуп жатат. Өз кишиси керек экен аларга, – деди ойлуу.
– Алар ким? Сен тааныйсыңбы? – дедим мен.
– Тааныйм. Бири биздин айылдык. Азыр чоң кызматта иштейт.
– Чоң кызматта? Аты ким?
– Эмне кыласың атын? Убагы келет, ошондо айтам. Айтмак турсун тааныштырышым деле мүмкүн. Жубайым деп. Жубайым болгондон кийин менин тааныштарым менен тааныштырышка туура келет да.
Ичимден жыргай түштүм. Секирсем башым шыпка тиймек да, Алибекке билдирбейин деп калп эле терезени карамыш болдум.
– Сен эмне деп жооп кайтардың?
– Ойлонуп көрөйүн дедим.
– Эмнени ойлоносуң? Макул боло бер да.
– Сен эмнени түшүнмөк элең? Саясат абдан кир чөйрө. Бийликке катуу атаандаш чыгыптыр мени да чык деп суранышкан аймактан. Так ошого мени атаандаш кылып, анан мени жеңдиришкилери келгендей. Мындайда сак болуш керек. Сени алдыга түртүп, кокус баткакка туш келсең, батинкелеринин учун да булгабай сыланган бойдон башка жолго түшүп кетчүлөр четтен чыгат.
“Сен эмнени түшүнмөк элең” дегени мага катуу тийди. Чын чычалайт деген чын окшобойбу, чынында эле эч нерсени түшүнбөйм да. Кемчилигимди бетиме айтканына ардана калдым. Унчукпай пиалага чай куюп алдына койдум.
– Мейли, өзүң ойлон. Сен түшүнгөн жансың да. Биз эми түшүнбөйбүз.
– Дароо таарына калдыңбы? Мен чындыкты айттым го. Көзүң ачылгандан бери базарда жүрөсүң, саясаттын “с”сынан да кабарың жок да, туурабы?
– Сен мени али тааныбайсың. Базарда жүрсөм да көп нерсени түшүнөм. Мына сен деле базарда жүрөсүң, анан кайдан түшүнөсүң? – дедим мыйыгымдан күлүп. Эгерим бирөөгө жеңилип бергим келбеген кыялым ар дайым кармайт да турат.
– Мен көп окуйм, – деп пиаланы колу менен ары түртүп койду да, бата кылып ордунан турду.
– Эртең эрте ойгонушум керек. Уктайлы, – деди.
Түнү менен ойлонуп чыктым. Күйөөм депутат болуп калса жаманбы? Байтурдун ичи кандай күйөөр эле. Апам менен туугандарымдын да оозу ачылат го э. Анан эмне, капкара болуп, доңкулдап ички-тышкы иштердин баарын жасап, малдын кыгын жампалап тезек камдап, отун кыркып, чөп чаап жүргөн кыз эле депутаттын аялы болуп чыга келсе. Бир жыл мурда Кыргызстанга барганда айылга бардым эле. Айылдаштарымдын жашынан карысына чейин менин Россияны кармаган байга (алар ошентип жооруп алышыптыр) күйөөгө тийгенимди угушуптур. Алар тимеле агыл-төгүл болуп жыргап жашап жатканымдай сезишет да. Мен да ойлорун оңдободум, ошентип ойлой беришсин. Дагы деле мурдагыдай өзүм иштеп, өзүмдүн кем-карчыма өзүм таап, баламды да өзүм кийинтип, болгону күйөөсү бар аты болуп жашап жатканымды билишпейт да. Ал турмак күйөөлүү болуп туруп, кумарга суусап, эркектин эркелеткенин самап, денем ысып барып өзүнөн өзү муздап, чала өлгөн жылан кебетеленип, туталанаарымды да билишпейт да. Күйөөлүү болгонум бир гана азык-түлүк албай, батир акысын төлөбөй турганымдан гана айырма барын да билишпейт да. Билишпегени жакшы. Өзүмдү абдан каадалуу сезип, айылдыктардын баары убай-чубай мени көргөнү келишкенде сомодой гана созулдум го чиркин. Билип эле турам, бири бирине “Ой, Жаңылдын баягы кара кызы келиптир. Күйөөсүн таштап, Россиянын байына күйөөгө тийип кеткеничи? Жүрү, барып көрүп келели, кантип өзгөрдү экен? ” – деп бирин экинчиси жетелеп келип жатканын. Мен да айылга баратканымда сынак тапшырчудай тырмагымдан чачымдын учуна чейин жасап баргам да. Айжамалдын көзү бир башкача жылтыраган килейген алтын шакеги бар эле, ой-боюна койбой аны алып тагынып, кулагыма дагы бирөөнүн кымбат баалуу сөйкөсүн кадап, моюнума өзүмдүн чынжырчамды жылтыратып, кийимдеримди да шөкөттөгөм да. Келгендин баары башымдан бутума чейин сыдыра карашты го, чиркин. “Айланайын ай, баягы биз тааныган кара кыз жок го. Ак кыздын агынан эмес, кара кыздын багынан деген ушул да. Кебетесин карап, муну ким алаар экен деп ойлочу элек. Минтип байга аял болду”, – деп кемпир чыдабай кетип ичиндегисин сыртка чыгарып да алган. Баарынан кызыгы классташтарым менен жолугушканда болду. Эркек-кызы биригип, айылда калган он чактысы чогуу келишти. Мектепте окуп жүргөнүмдө мени киши ордуна санашчу эмес. Каалагандай ызалантып, далай ыйлап келдим го үйгө. Эми баары менин оозумду карашат. Классташ кыздарым чоң аял болуп калышыптыр. Жоолукту чекеси тырышкыча катуу байлашкан. Жоон-жолпусунан кеткен. Кайсы жери бели, кайсы жери жамбашы, сыйпалап кармамайынча билип болбойт. Жаш болушса деле көздөрүнүн алдына, чекесине бырыш түшүп калыптыр. Кээ биринин күлсө оозундагы жарым тиши жок. Алардын алдында мен ак куу болуп көрүндүм. Шаар баары бир шаар экенин кылат тура. Жанымды кыйнап, кара жумуш жасабай жашаганымабы менде бырыш да жок, келбетим да бир топ сындуу. Жакшылап коноктоп узаткам. Иңир кирген маалда классташ балам кайра жалгыз келиптир. Экөөбүз дарбазанын алдында сүйлөшүп турдук. Бул бала классыбыздагы экинин бири болчу. Атасы башкарма болгонго, мугалимдер көзүн карашчу. Анын үстүнө өзү да абдан жакшы окучу эле. Жакшы кийинип, жакшы окуганга мектептеги бардык кыздардын жүрөк оорусу болгон. Анын ичинде мен да бар элем. Бирок, башка кыздар кандайдыр бир жол менен сезимдерин билдирип, өзүнө каратканга аракет кылышса, мен ал тууралуу кыялданыштан да коркоор элем. Анткени, мен жерде, ал асманда болчу да. Анан асман-жердей айырма менен кайсы келесоо жылдызга кол сунсун. Умсунуп эле калып кеткем. Азыр эми менин жанымда турат жылдыз классташым. Кадимки эле бир эркек экен. Карап таң калып койдум, эмнесине суусап, эмнесине жактырдым экен деп.
– Ханум, мен сенин мындай болуп кетээриңди билбеген элем, – деди үшкүрүнүп.
– Кандай болуп кетиптирмин. Мурдагы Ханум элемин, – дедим мен да орусча айтканда “скромничать” этип.
– Жок, мурдагы Ханум эмессиң. Ачылып кетиптирсиң. Күйөөң аябай сүйөт окшойт.
– Ооба, абдан, – деп койдум. А ичим зырп этти. Кана эми ушул айтканым чындыкка айланып кетсе.
– Мен сенин ушундай болооруңду билгенимде мектепти бүтөөрүбүз менен менчиктеп алмакмын, – десе болобу.
– Кантип менчиктейт элең, – деп сурап койдум жообун билип турсам да. Ал да ачыгын айткысы келбедиби, ар кайсы сөзгө буруп так жооптон качты.
– Алакачмакмын да, – деди акырында.
– Азыр деле кеч эмес. Дагы деле менчиктесем болот да. Жаш кездеги сүйүүлөрдү эстеп, – деп коет анан.
– Кой, азыр кеч, бара гой айланайын, – дедим. Кебетесин карап туруп чынында каалоом деле ойгонбоду. Каалоом ойгонсо кумарга батсам батып деле коймокмун. Эрлүү болуп туруп эркекке таңсык болуп турган жаным, айылдын четиндеги токойду көздөй өзүм эле жетелеп жөнөмөкмүн. Жашым өтө баштагангабы, же чөйрөм башка болуп калдыбы, эркектерди тандап баштагансыйм. Кебетесинен биринчи чөнтөгүнө, абройуна кароону адат кылдым. Жаманбы, жакшыбы билбейм, бирок өзүмө жагып баратам.
Эртеси айылда мен тууралуу ыр чыкканын билдим. “Сары кыз” деген ыр бар эле, биз кичине кезде ырдап калчубуз, ошону мындай кылып өзгөртүшүптүр.

“Окууну бүтүп кара кыз,
Олигарх болгон чагыңыз.
Кара деп жүрүп бир кезде, эй,
Жетпедик сага баарыбыз”.

Угуп алып көзүмдөн жаш чыккыча күлдүм. Айтканыңар келип ылайым олигарх болуп кетейин деп койдум. Буларга сыланып келсем эле олигарх сезилип жатат окшойм.

Эк, кайдагы өткөндү эстебей, келечекте ойлонойунчу. Алибек депутат болсо, мен да андан калышпашым керек. Азыр эле сен эмнени түшүнөсүң дебедиби. Мен эми анын баарын түшүнгөн аялына айланышым керек. Сен түшүнөсүң го, муну кандай кылсам болот деп кеңеш сурагыдай болсун. Ушул чечимге келдим да, уктоого көзүмдү жумдум. Чечимимди кантип аткараарымды эртең ойлоном.

Ххх
Базарга кирип баратсам, каруумдан бирөө кармап калды. Карасам, Омор турат. Көрүшпөгөнүбүзгө көп болду. Баягы окуядан бери кабарлашпай кеткем. Өзүмчө эле коркуп, жөн адам эмес экенин туйганымдан кийин алыс жүрөйүн деп чечкем да.
– Ой, сулуу кыз, кайдан? – деп эле жалжаңдап калды. мурдагыдай олуттуу түрү жок, же маанайы абдан жакшы болуп келатканбы, билбейм.
Мага сулуу кыз деген сөз майдай жагат да. Ушул сөздү уксам эле ээрип калмай жайым бар. Азыр да кылыктана күлүп, өзүмдү Айчүрөк сездим да калдым.
– Кайдан болмок эле, үйдөн.
– Эң сонун жооп болду го. Аны айтпаганыңда башка жактан келатат окшойт деп ойломокмун.
– Анан ушундай да суроо болобу кайдан деп. Адамдар эртең менен бир гана жактан, үйүнөн чыгышат го.
– Сен анда “жашыл” бойдон экенсиң. Адамдар кээде эртең менен ойношунун үйүнөн чыгат, – деп мени кандай реакция кылаар экен дегенсип сынакы карап калды. Мен тамашага чаргытып, күлдүм.
– Анын бири сенби?
– Мен байкушта ойнош турмак, аял жок. Буулугуп араң жүрөм.
“Намек” ыргытканын дароо түшүндүм.
– Албетте, араң жүрөсүң, колго түшкөн коенду кое берсең, – деп тээ өткөн окуяга таш ыргыттым, – Мен сага өзүм сунуштасам да каадаланып качтың эле.
– Анда сен күйөөңө таарынып жаткансың. А баса, күйөөң кандай? Жашап кеттиңерби, же эки айрылыш жолго түштүңөрбү?
– Оо, биздин лексиконубуз укмуш го, эки айрылыш жол деп. Адабий гана тилде сүйлөйт турбайсыңбы, – күлдүм, – Мен кайда кетем да, ал кайда кетет? Кайрадан таарынычтарды унутушуп, жашап калганбыз.
– Күйөөңө таарынычым жок дечи.
– Жок.
– Анда мурдагы сунушуңду кайра айтчы, бул сапар макул болом.
Ага көңүл кое карадым. Сымбаттуу, жакшынакай эркек. Салабаттуу дагы. Жатканга эмнеге болбосун. Мага да бирөө керек да. Бул базардагылардын баары Алибекти жакшы таанышкандыктан, андан ийменишип мага сөз айта алышпайт. Мен деле бук болуп жүрөм да.
– Мейли. Кечки саат бештен кийин тээтиги кафени көрдүңбү, ошондон бир көчө ары өткөндө гүл саткан күркө бар, ошонун бурчунан жолугушабыз, – дедим.
– Омеей, сен тыңчы болуп кеткенсиңби, жолугушчу жериң да укмуш го. Жомок бар эмеспи, сандык, сандыктын ичинде жумуртка, жумуртканын ичинде ийне дегендей.
– Көп сөзгө убакыт жок. Айт, келесиңби, же жокпу?! – дедим маселени кабыргасынан коюп. Муну менен сүйлөшүп турганымды кокус Алибек көрүп калбасын деп коркуп жаттым.
– Келем, – Омор мени таң кала карап, башын аста чайкап койду, – Сен мен ойлогондон да уникалдуу кыз экенсиң.
– Жаңылышасың, кыз болбой калганыма көп болду, – дедим кыткылыктап, тамашалап.
– Ой, эми курагың аял деп айтканга жете элек болсо кыз дейм да. Же келин дейинби? Келин деп айтыш өзүмө жагымсыз болуп жатат, кыз дей берейин, – деди жылмайып.
– Мейли анда, кечинде сүйлөшөбүз, – дедим да басып кеттим. Анткени, ары жактан Даниярдын келатканын көрүп калгам.
– Аяш, жумушка шашып келатасыңбы? – дейт ал. Кээде кыргыздардын бири бирибиз менен сүйлөшкөнүбүзгө таң калам. Жумушка келатканыбызды көрүп туруп бири бирибизден “Жумушкабы? ” – деп сурайбыз. Аман экенибизди көрүп туруп “Ой, барсыңбы?” деп чоочуламыш болуп коебуз. Кызык элебиз негизи.
– Ооба, жумушка, – десем, токтотуп алып арманын айта баштады.
– Досуң сендей окшойт десем, андай эмес экен, – Айжаркынды айтып жатканы, – Мен ага баарын кылдым, колумдан келишинче жардам бердим. Бирок, ал кетип калды.
Билчү элем, Айжаркын мындан байыраагын таап, муну жолго салганын. Поездде узатуучу болуп иштеген бир киши менен таанышып калыптыр. “Данияр өтө сараң, жүз сом берсе да колу титиреп жатып берет. Бул берешен экен, айтканымдын баарын алып берди. Үйлүү да кылам деди. Узатуучу болуп иштегендерде акча көп болот турбайбы”, – деген шилекейи агып. Тиги кишисин да көргөм, ийне жуткан иттей болуп итирейген неме экен. “Койчу ай, мунуңду. Данияр мындан өлсө өлүгү артык”, – десем, “Көңүлүм калды андан, зарыл болуп акча сурадым. Мен да жөн сурабай карызга берип турчу дегем да. Карыз деп алсам, бирок төлөбөй койсом деле сурабаса керек деп ойлоптурмун да. Сураган суммамды берген, бул кандайча эле берешен болуп чыга келди деп таң калыптырмын. Көрсө, кайтарып алам деп ишенген турбайбы. Жолугушуп жүрдүк, көзүнө карап тамагын жасап, тим эле жаным калбай мамиле жасап жаткан. Анан карыз алганымдан бир ай өткөндөн кийин төшөктө ишибизди бүтүрүп, кучакташып жатсак качан бересиң, кайтарсаң болот эле, мага да акча керек болуп жатат десе болобу. Үстүмдөн шыргалаң суу куюлгандай боло түштү. А сен менин карызымды качан бересиң дедим. Чоочуп кетти “Карызды качан алдым эле? ” – деп. Мына азыр да алдың дедим, сени менен жатканым сенин мага карыз болгонуң. Бирин да төлөгөн жоксуң, десем, “Сен сойку турбайсыңбы? ” – дейт. Уруша кеттик. Эркек болсо түшүнбөйбү, аялга эркек жардам бериши керек да. Мен ага көзүм агып калганынан жатып берген жокмун да, бир кереги тийип калабы деп гана жүрөм”, – деген Айжаркын көбүрүп-жабырып. Эми мунусу болсо башкача кеп айтып жатат. Акчанын кабарын билейин деп, акырын сурадым:
– Ал сенден карызга акча алгам деп жүргөн, кайтардыбы?
Даниярдын чекеси бырышып кетти.
– Кайдан кайтарат? Карыз деп алып төлөбөй койду. Акыры менин да тиричилигим бар да. Миллионер болбогондон кийин анча акча мен үчүн жолдо жаткан жок да.
– Айжаркынга да денеси жолдо жаткан жок, же таштандыдан таап алган эмес. Же кошунасынан сурап келип, сага жатып берген жок. Эркек менен аялдын мамилеси ошол, кандай аял эркектин карамагына денесин өткөрөбү, ошондой анын кароосунда болот. Чыдасаң анан ойнош күтпөйсүңбү? – дедим. Ачуум келип кетти. Аялдын тилектештик ролун ойноду да. Тиги желкесин кашыды.
– Силердин оюңар бир турбайбы? – деди көзүн бардап.
Мен дароо эле, аны кайталатып отурбай:
– Ооба, мен да сойкумун, – дедим да басып кеттим. Артыма бурулбаганым менен анын менден көзүн албай узатып карап калганын сездим.
Кечке базарда соода кылып жатып кечинде кантип эки саатка “жоголуп” кетип кумарымды кандырып келсем экен болуп жатты. Омор бойлуу эркек, төшөктө да күчтүү болсо керек дегенди ойлогон сайын денем чымырап, жыргалга эмитен эле бата баштадым. Саат үчтөн өтүп калганда Алибекке телефон чалдым.
– Качан барасың үйгө? – дедим. Ал таң кала:
– Эмнеге? – дейт. Акыркы убакта жадап качан келесиң деп телефон да чалбай калгам. Тообо, кечээ эле эркектик сапаты бар деп айттым беле, муну унутуп калган турбаймынбы, мен чалсам эле кокус ошол маалда аялы жанында болчу болсо “Ханум качан келесиң деп сурап жатат”, – деп айтып коет экен. Эртеси эле аялы базарга жетип келет. “Менин эримди качан келесиң деп сурагандай кимсиң? Менин тууп койгон балдарым бар, сенин кимиң бар? Ээрчинди балаң менен жабышып жашап жатканыңа сүйүнүп, менин жанымда экенинде телефон чалба”, – деп алкынып-жулкунат. Анын тили да эки метр экен, анан да ууга чылап койгондой. А деген тамга чыкса да, андан бир башкача ууга чыланып чыгат экен. Ушул албарсты менен ажылдашпай, чалбасам чалбай эле коеюнчу деп өзүмдү тыйгам. Жеңилгенди жаман көрчү элем, бул сапар жеңилдим. А бирок кегим ичимде. Ким акырында күлсө, жакшы күлөт дегенди жаттап алгам. Акырында күлүүнү көксөп жүрөм.
– Эмне тамак жасасам деп жаткам да, – дедим калпымды билдирип албаганга үнүмдү токтоо чыгарганга аракеттенип.
– Мага баары бир. Өзүңөр жей бергиле, бүгүн кеч барам. Көп жумуштарым бар. Көп адамдар менен жолугушам, – деди.
– А мейли, – дедим да телефонду өчүрдүм. Ичимден кудуңдап кеттим. Үйгө чалып, Дастанга кеч бараарымды, курсагын тойгузуп, сабагыңды окуп отура бер деп айтып, жолугушууга даярдык көрө баштадым. Күйөөң күн сайын кучактабаса, тетири карап жатып алса оң күндөрү, сол күндөрү такыр эле жуурканын көтөрүп, футболду шылтоо кылып башка бөлмөгө көчүп кетсе жуунуп-таранышты деле унутуп калат экенсиң. Чачымды байлап алып эле келе калгам да базарга. Базардын оозунан Оморго жолугуп калаарымды кайдан билдим. Ошон үчүн контейнерди эрте жаап, базардын жанындагы сулуулук салонго бардым. Чачымды жуудуруп, жасатып, тырмактарымдын да боегун жаңылаттым. Бетиме жеңил макияж жасаттым. Койкойуп эле чыга келдим. Күзгүдөн өзүмдү карап тааныбай калдым. Кокуй, мен өзүмдү таштап жиберген турбаймынбы. Элдикиндей табигый сулуулугум болсо да бир жөн эле, меникиндей жасалма сулуулукка ыктагандарга бир ай өзүн карабай коюу чоң күнөө. Эки жолу жуулган кытай кийиминдей өңү өчүп, кебетеси кетип калат. Кытайдын буюмундай болбой, кой, кайра сапатыма көңүл буруп баштайын дедим күзгүдөн өзүмө суктана тигилип жатып.
Айтылган саатта айткан жерге жетип бардым. Күркөнүн бурчуна барсам эч ким жок. Келбей калды окшойт деп эки жагымды карандым. Кашайып, же ал, же мен телефон номерлерди алмашууну эстебептирбиз. Илгеркидей кылып эле саат менен даректи эле болжошуп кете бергенибизди кара. Он беш мүнөттөй турдум. Күн суук эле бутума сыз өтө баштады. Калтырап-титиреп чыктым. Оозумду ачсам буу чыгат буркурап.
– Ай, чоң кыз, таанышып алсак болобу? – деген тааныш добуштан жалт карасам, бир тутам гүл көтөрүп турат Омор. Гүлү да көңүлүмдү көтөрө албады.
– Эмне кечигип? Тоңуп өлмөй болдум го. Эркек биринчи келет дечү эле, – деп сүйлөнүп баштадым.
– Омей, кара жини келип калган го мунун. Мен сага гүл тандадым. Абдан тандадым. Ак гүл алайын десем, ал назик кыздарга арналат экен, болбойт дедим. Кызыл гүл алайын десем, ал күчтүүлөрдүкү экен, аны да жаратпадым. Анан сары гүл алдым, сырдуу кызга берейин деп, – деп колундагы гүлдү мага сунду. Алып туруп жерге бир чабайын дедим да өзүмдү кармадым. Аны кармаганга колумдун күчү да жетпей калган эле, муздай болуп какайып тоңуп. Жаздын күнүндө да ушундай суук болот экен э, капырай.









Жаныбек Жанызактын
"Ханум күйөөсүнө эрегишет"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам!

"Алам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум күйөөсүнө эрегишетти алам!"
деген кабар келет.
100 бирдик төлө
менин +996777329784
ватсап номурума
100 бирдик салып,
анан ватсапка "Төлөдүм"
деп жазып, квитанция көрсөт,
же төлөгөн мөөнөтүңү так жаз..
Китепти төлөөр замат аласың..