Жаныбек Жанызактын
"Ханум шефин жайлады"
китебинин
электрон вариантына
АКЦИЯ! АКЦИЯ!

"Жазылам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум шефин жайладыны алам!"
деген кабар келет.
Менин +996777329784
ватсап номурума
50 бирдик салып,
анан ватсапка "Төлөдүм"
деп жазып, квитанция көрсөт,
же төлөгөн мөөнөтүңү так жаз..
Китепти АКЦИЯ бүткөндө аласың..




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум шефин жайлады

"Ханум" үчилтигинин 2-томунун төртүнчү китебинен үзүндү


Караңгыда кайсалактап бири бирибизди таппай, ага болбой эле жабышып-сорушуп жаттык. Тар ваннада жакшыраак кыймылдоого орун жок. Тикебизден туруп, бек кучакташып алганбыз. Кокус эле бирибиз арыраак жылалы дей турган болсок, талп этип бирдеме тийип кулаарыбыз анык. Ошого катуу жабыштык. Ал менин эмчектеримден эки колдоп кармап, силкидетип койду.
– Кочушка толот го, – деп шыбырап.
– Анан эмне, ийне жеген иттей ирмийип жүрмөк белем, – деп шыбырадым. Катуурак дабыш чыгарууга да болбойт, сыртта балдар. Укташтыбы, уктаган жокпу ким билсин. А биз ваннага жашынып алганбыз.
– Ары карачы, – деп шымымды чече албай күймөлөндү эле, эми чечээрин чечип алып, какайып туруп калган кайбарын киргизе албай убара болуп жатат. Мен жан дилим менен, бирок кайда бурулам. Даараткана да тар, ал аз келгенсип очоктой кылып кир жуучу машине киргизип салгам. Бирдеме калдырттаган бойдон жерге кулады. Экөөбүз тең команда болгонсуп, дароо кыймылыбызды токтотуп, демибизди ичке катып сыртты тыңшап калдык. Ал жактан эч кандай шоорат болбоду. Кайра бирдей аракетибизди улап кеттик. Мен анын шымын чечип баштадым. Тизесине чейин шыпырып койдум эле калганын өзү улантты, бутун бир-эки силкип шымын чечип салды. Силккени курусун, биринчисинде машинеге тийди, экинчисинде унитазга тийип, “ой, бутум”, – деп жиберди чыдабай кетип. А мен анын бутун уруп алганына караймбы, кумарым ашып-ташып, бол эле бол деп шаштырып жатканда. Караңгыга карабай сыйпалашып жатып кийимдерибизди чечиндик. Эми кошулуу маселе жаратты. Мен артымды карап, ваннага сүйөнүмүш болдум. Бирок, өнөктөшүмдүн бою узун эле, эңкейип турган менин жамбашыма анын кайбары туш келбей калды.
– Өйдөрөөк болчу, бутуңдун учу менен турчу, – деп шыбырады. Айтканындай кылдым, сууланышкан жанжериме кайбарын такап, акырын киргизе баштады. Тизесин бүгүп алган. Мен кайбардын даамын сезе калганга, тыбырчылап жибердим.
– Болчу, тез, тез, дагы, дагы, – деп дабышымды чыгарбаганга аракеттенип ичимден кыңшылап.
Ал катуу итеринди эле кайбары суурулуп чыгып кетти.
– Ыңгайсыз болуп жатат, иттикки, – деп сөгүнүп да алды. Анан жамбашымды чалпылдата чаап-чаап алды.
– Шилекейимди гана агызат го, тозок деген ушул бейм, жаныңда турат салынчу нерсе, бирок шарт жок.
– Акырын, балдар ойгонот, – деп тыйдым. Жамбашыма чапканы жакты, дагы-дагы чаптыргым келди, бирок сыртта балдар барын унутпаш керек.
– Бул жерге отурчу, – деп унитаздын үстүн көрсөттү. Жанталашып отура калдым. Ал дагы да менден бойлуу болду. Биздин аялуу жерлерибиз дал келбей калышты. Эми кир жуучу машинеге бурду. Бирок, машиненин үстүндө отурган мага аныкы жетпей калды. Кызык эле болду иши кылып. Бир кезде какайган кайбары шаштырып жибердиби, раковинанын жанындагы текчедеги менин атыр-патыр, крем-срем сыяктуу майда-барат нерселерди тарактаткан бойдон жерге кулатчусун кулатып, мени так көтөрдү да, өзүнүкүнө туштап, киргизип жиберди. Көтөргөн калыбында бирде өйдө көтөрүп, бирде ылдый түшүрүп, өзү кыймылдабай, кумарыбызды кандырууга кириштик. Олчойгон кайбар киргенде эле качантан бери секс көрбөй, суусап жүргөн жаным көзүм аңтарылып, жанжеримден башталган ысыктыкты мээме жеткирүүгө жандалбастап баштадым. Мен да ага жардам берип, колумду артка кылып, унитаздын капталындагы темирди таяндым. Бир аз жеңил боло түштүм көрүнөт, жеңилдене дем алып, баштагыдан катуураак иштеп баштады. Караңгы ванна. Жымжырттык. Анын арасынан анда-санда алкымдан атырылып келген онтоо күч менен тыйылганга карабай, бир үзүндүсү сыртка чыккандагы добушу, бышылдаган дем алуулар гана угулуп турду. Мен ага катуу жабыштым да, жамбашымды өйдө көтөрө калып, ичимден оор онтоп алдым. Менин кумардын туу чокусуна жеткенимди байкаган өнөктөшүм да катуулап иштеп келип, денеси диртилдей, бир калыпта кыймылсыз катты да калды. Колунан эки бутум жерге түштү. Алдын ала азыр кое берем деп койбойт, же абайлап койбойт, турган жеринен шалак эттирип колун бошотту эле, андайды күтпөгөн жаным жамбашым менен катуу отурдум. А бутум өйдөдө калды сереңдеп. Жакын турганга, кенен орун болбогонго буттарым жерге тийбей калды, кашайып.
– Эмне болду? – деп коет анан. Мен денемдин жайылып, көзүм тунарган кумарлуу мүнөттөрдүн узакка созулушун каалап, жерге катуу тийсем да кайыл боло отурган жеримде унитазга далымды жөлөдүм. Ошентип үч мүнөттөй турдук. Анан экөөбүз тең бир убакта ойгоно калып, караңгы полду сыйпалап, кийимдерибизди издеп баштадык. Ошол учурда даараткананын эшиги шак тартылды. Ичинен бекитилгенге ачылбады, бирок кулп жакшы эле калдырады.
– Ким бар? – Дастандын үнү чыкты. Жанымдагынын оозун алаканым менен баса койдум, кудум эле бирдеме деп жиберчүдөн бетер.
– Мен, балам, эмне болду?
– Ичим ооруп жатат.
Кычашканын кара. “Бороондо бок кычайт” деп туура айтылыптыр. Карасаң эми, ар күн сайын түндө бутун серппей уктаган балам келип-келип бүгүн түндө дааратканага келип калганын.
– Менин да ичим ооруп жатат, балам. Ичиңди бекем басып, жуурканыңды жамынып жат эле, басылып калат, – дедим бышылдай. Кумардын күчү дагы да тарай элек эле, колу-бутумдан жан кетип, сүйлөөдөн эринип.
– Апа, чыдабай калдым, – деп балам кыйкырып жиберди. Менин шаштым кетти. Жанымдагынын колун кармасам, алаканы тердеп кетиптир. Алда кандай болот деп санааркап баштаган окшойт. Баары жакшы болот дегенсип билегинен таптап койдум.
– Бар эми бул жерде турбай керебетиңе жата тур. Мен азыр чыгам, бул жерде турсаң чыга албайм, – дедим эле балам тарпылдап баскан бойдон кетти. Мен дааратканын каалгасын шыбыр чыгарбай ачтым да, жанымдагыны жетелеп эле сырткы эшикке чуркадым.
– Трусамды таппай калдым, – деп артка кылчактайт.
– Ой, басчы, тез-тез эле. Трусаңды эртең күндүз таап, упаковкалап салтанаттуу түрдө алып барып берем, – дедим да эшикти ача салып, түртүп подьездге чыгардым да, эшикти ичинен илип алдым. Ошондо гана жүрөгүм ордуна келди. Кичине чагыңда ата-энеңден, анан күйөөңдөн, анан барып балдарыңдан коркот турбайсыңбы. Эшикти жабаарда подьезддеги жарыктан көрүп калдым, байкуш бир байпагы менен футболкасын кийүүгө гана үлгүрүптүр. Калганы колунда жүрөт. Трусасынан башкасы. Караңгыда жыйнап алганын кара. А менин үстүмдө халатым эле бар болчу. Фонарикти алып дааратканага кирдим да, биринчи эле күйгүзгөн жерден өзүмдүн трусамды таптым. Дастан чуркап келди.
– Апа, чыктыңызбы? – деп. Ошону менен тигинин ич кийимин тапканга мүмкүн болбоду.
Жаным жер тартып, жыргаган бойдон уктоочу бөлмөмө кирдим да, апакай, кыпкызыл гүлдөрү бар кооз шейшеп, жууркандуу эки кишилик, кенен керебетиме куладым. Бул ким болду дейсиңерби? Алдабай, ачыгын айтайын, кошунам. Жарым жылдан бери подьездден көрүшүп калсак баш ийкешип учурашып койчу элек. А бүгүн ушул окуя болуп кетти. Жумуштан келсем, балдарым дааратканага эшигин кең ачып коюп кирип жатышыптыр.
– Ай, эмне болду? Эмнеге эшигин жаппайсыңар? – десем, балам:
– Баяраакта жандыра койсом лампочкасы атып кетти, – деди.
– Сыныгын чогулттуңарбы, кайсы жерге түштү. Бутуңарга кирип кетпесин, кокуй, – деп эле күймөлөнүп, даараткананы шыпырып, эки- үч сыйра жууп, ошондо да ишенбей колум менен сыйпалап жатып тазаладым.
Дастанды дүкөнгө лампочка алып келүүгө жиберип, алмаштырайын десем болбойт. Атып кеткенде түбү калып кетиптир да. Эми аны кычкач менен сууруп чыгарбаса болбойт. Кылайын десем жаным ширин болуп, такыр батына албадым. Анан:
– Силер тишиңерди жууп, жатып уктай бергиле. Мен бирөө-жарымды ээрчитип келип, жасатайын, – дедим. Уктай турган убакта даараткананын жарыгын жасатып зарыл беле дейм да, жүрөгүм сезди окшойт да жолум болоорун, бүгүн жасатып койгум келип эле туруп алдым. Анан сыртка чыксам кошунам келатыптыр. Бир аз ичип алгандай түрү бар, жакындасам билинер-билинбес ичимдиктин жыты жыттанып, оолжуй басып. Мен халатчан, тапичкечен эле тепкичтен түшүп бараткам. Бул кейпимде сымбаттуу кошунам мага көңүл деле бурбаса керек деп ойлоп, жанынан өтүп баратсам, өзү сөз баштап калды.
– Ай кошуна, караңгыда кайда шашып?
– Дааратканадагы лампочка күйүп кетип, алмаштырайын десем түбү калып калыптыр. Ошого эркектин колун издеп жүрөм, – дедим күлүп. Ал өзүнүн колун карап койду.
– Менин колум жарайбы?
– Кана, көрсөтүңүзчү, күчтүү болсо эле жарайт.
– Күчтүү. Мен лампочканы мыжыкканда электр энергиянын көзү аңтарыла түшөт.
Денем быжырап кетти. Кашайгыр, качантан бери эркек көрбөй, кыймыл эмес, сөз да дүүлүктүрө баштаптыр мени. Көзүмдү сүзүп, ойсоктоп:
– Ай, анда сиз лампочкалардын кыялы турбайсызбы. Ушул жерден эле аялыңызга жеткирбей уурдап кетсем, эмне дейсиз? – дедим. Анын көзү жайнай түштү.
– Албетте, анда сизге алкыш гана айтабыз. Так эле лампочка керек болуп, шашпай тепкичтен көтөрүлүп келатканбыз да.
Кобурашып, үйгө кирдик. Мен сөөмөйүмдү оозума такадым.
– Акырын. Балдарым уктап жатышат.
Ага кычкач карматып, жарыкты толугу менен өчүрдүм да, фанарикти жандырып, дааратканага киргиздим. Анан бутумдун учу менен балдарымды байкаштырууга бардым. Денем титиреп, жанжерим кыбырап-сыбырап, ушул азыр кумарымды кандырып алууну ойлондум. Балдар уктап калышыптыр. Экөө тең бышылдап, бир кылка дем алып жатышат. Кечке ойноп, окуп чарчашты да. Кудай жалгасын дедим да, эшикти бек жаптым. Күлө сүйлөп, кошунамдын жанына келдим.
– Болчудайбы? Колуңуздан келет бекен, же жөн эле мактанып койдуңузбу?
– Кое тур, кошуна. Азыр баа бериш эрте. Биринчи даамдап көрүп, анан баа бериш керек, – деп күлдү. Орундукка чыгып, өйдө жакка башын чалкалатып, чукулап жатат. Мен бутунун алдында турдум. Алигиси так эле бетиме тушташ келди. Фонариктин жарыгында алаасын карап алып эле, кыйнала баштадым. Азыр ушул кишинин кучагына кулап, өзү айткандай күчтүү колдоруна армансыз мыжыктырып алсам го деп. Ары өтүмүш болдум да, калп эле жыгылып бараткан адамдай болуп бутунан бекем кучактадым. Башым алаасынын ортосуна кептелди.
– Ой, караңгыда каман күркүрөйт болуп, жыгылып кете жаздабадымбы, – дедим ошол турушумда шыбырап. Менин жылуу демим кайбарына жетти окшойт, кишинин колу шалдайып ылдый түштү. Ошол абалыбызда бир топко турдук.
– Сен мени кыйнап жибердиң го, – деди орундуктан ылдый түшүп, билегимден кармап. Кычкачты даңгыр эттирип полго таштады.
– Эмнеге кыйнайм? Бир лампочканы алмаштыра албай ушунча кыйналдыңызбы? – дедим кылыктуу, акырын сүйлөп, ага өзүмдү жакындатып. Анан башталып кетти. Мен эшикти ичинен илүүгө гана араң үлгүрдүм... Ошону менен лампочка алмашпай калды, а бирок, кумарымды кандырдым.
Улам жасагандарыбыз эсиме түшкөн сайын денемди жагымдуу ысыктык каптап, жыргап жатып уктап кетиптирмин. Түшүмө ысымын да айтпай кеткен кошунам кирип чыкты.

Ххх
Менин жашоом айлампага түшүп калгандай эле болду. Килейген бөлүмдүн чокусуна отургандан бери бош убактым азайып, чуркоо, шашкалактоо көбөйдү. Эртең менен тура калып, шашылып жуунуп да, эртең мененки нанүштөнү дасторконго коюп да, ал арада балдарга: “Тургула! Ой, тургула дейм! Дастан, тур, Сайкал, тур!” – деп тотукушча кайталап, кийинип, балдардын курсагын тойгузуп, өзүм эптеп бир кружка кофе ичип алсам, ошого ыраазы болуп, боенуп, чар көпөлөк айланам. Анан балдарды кийинтем, китептерин баштыгына салыштырам, айтор, ар бир нерсеге менин колум тийбесе болбойт. Анан аларды шаштырып жатып, сыртка чуркайбыз. Кыштын күнү машинени от алдыруу да көп убакытты талап кылат. Эптеп жатып жолго чыгып, бирин мектепке, бирин бала бакчага таштайм. Анан жумушка келем. Дайыма кечигип. Бирок, жетекчи кечикпейт, жетекчи кармалат эмеспи. Мага баарынан кол алдымдагылардын менден ыйбаа кыла карап, жанталаша учурашканы жагат. Андайда башым булутка тийгенсип, мурдумду өйдө каратып дегеле болбой калам. Ушул турган абалымдай төрөлгөнсүп, мадырайганымды кантейин.
Азыр да баары жабыла учураша башташты. Мен коридордон башымды бийик көтөрүп, бийик такамды такылдаткан бойдон иш бөлмөмө жеттим. Эшик ачык экен. Ичинде пол жуугуч кыз пол жууп жатыптыр.
– Дагы кеч баштагансың го! Канча айтам мен келгиче мизилдетип жууп чыгып кет деп! – деп ачуумду бүрктүм. Жаш кыз башын ийинине катып, коркуп кетти.
– Дагы бир жолу мен келгенде алдагы швабраң менен бутка чалынып жүрсөң, жумуштан айдап жиберем! – дедим акшыңдап. Ал башын ийкегиледи:
– Макул, макул. Экинчи кайталанбайт. Кечирип коюңуз.
Столун үстүндө толгон-токой кагаздар, папкалар турат. Бирин өйдө көтөрүп, түбүн колум менен сүрттүм. Манжама билинер-билинбес чаң урунду.
– Бул эмне, ыя? ! Көзүң барбы сенин?! Тазалаганың ушулбу?! Билип кой, эптемей иштеп айлык алам дегендер менде узакка кармалышпайт. Мен баарыңарды сыртыңардан эле эмне ойлоп жатканыңарды билип коем!
Кагаздарды ары-бери ыргытып, кызга чүпүрөктү таза жууп келип, дагы бир ирет сүртүп кетүүсүн талап кылдым. Ал бүжүрөгөн бойдон барып аткарды. Башчы болгонума бир жыл болуп жамбашымды болушунча батырып эле алдым да. Шеф убадасын кармап, мага тийишкен жок. Башында ишти алып кете албай бөлүмдөгүлөрдүн баарынан жардам сурап жүрдүм. Андайда эпилдеп-жепилдеген мүнөзүмдү жоготподум. Анан башчысы алды-артына түшүп жатса, кайсы кызматкер ийикпесин. Баары мени сүрөп кетели дешип, колдорунан келген жардамды беришип, билбегенимди жан дилдери менен үйрөтүштү. Ал арада атайын курска барып окудум. Ошентип, эки тизгин бир чылбырды колума кармап, ким кыйын да, мен кыйын болуп чыга келдим. А азыр такыр башка адаммын. Мурдагыдай кол алдымдагылар менен жылуу-жумшак сүйлөшүү деген жок, антсем башыма чыгып кетишпейби. Жетекчи менен катардагы кызматкердин ортосундагы чийинди сакташым керек да. Беш мүнөт жумуштан кечиккендерге түшүнүк кат жаздырам, экинчи кечикпейм деп албарсты антын алам. Чогулушта болсо бирин койбой кууруп алам. Бир нерсени билип алсам болду, ошону кечке кайталап, бардык жактан маалыматы бар адамдай өзүмдү шумдук сезем. Мына ушундай, бул жашоо дегендей, мен деле өзүмдүн кызыкчылыгым үчүн күрөшүп жатам да.
– Ханум Садыковна, сизге мүмкүнбү? – деди эшикти кыңайта ачып, орто курактагы кызматкер аял чычканга окшоп, башын жарым-жартылай киргизип, чоочулай карап.
– Эшикти ачып, жарымыңызды киргизип алып анан мүмкүнбү дейсиз да. Кириңиз! – дедим катаал. Стол үстүндөгү кагаздарды оодарыштырып, абдан бошобой жаткандай түр көрсөттүм.
– Бизге жаңы кызматкер келди. Университетти жаңы аяктаган жаш бала экен.
– Ким алды аны жумушка?! Эмнеге мен билбейм?! – ачуулана түштүм.
– Жогору жактан чечилген окшойт. Азыр эле кадрлар бөлүмүнөн кабарлашты.
– Ушундай де... – саамга унчукпай калдым. Бул жерде эмне ойлогонуңдун баарын айтуунун кажети жок. Бет алдымда коркуп бүрүшүп турган аялдын ичи мага ак дейсиңби. Бирдеме деп ашыкча сүйлөдүң дегиче эшиктен ары чыгаары менен чуркаган бойдон жеткирчү жерге жеткирет да. Баарынын менден кутулууга эки көзү төрт болуп жүргөнүн сонун билем. – Мейли, жаңы кызматкер келсе, мага кирип чыксын. Айтып кой, – сөз бүттү дегенсип, кайра кагазыма үңүлдүм. Аял башын ийкеп, кабинеттен жылып чыгып кетти. Ордумдан турдум да, кире бериштеги бөлмөдө отурган катчыма бардым. Бул да кош бойлуу болуп калыптыр, баскан-турганы оордоп, араң эле жылып жүрөт. Жакында декретке кетет. Ордуна кимди алышымды азырынча ойлоно элекмин.
– Мен сага айтпадым беле, менин уруксатымсыз бири да каалгага жакындабасын деп. Тиги, – кеткен аял жакты ээгим менен көрсөттүм, – өзүн ким сезип алган, сен аркылуу айттырбай эле сүзө басып кабинетиме кирип келгендей! Баарына түшүндүр, ушул тартипти сакта! – дедим кыйкырбасам да, жыландай ышкырган добушум менен. Катчым башын ийкегилеп, бүрүшүп калды. Кол алдындагылардын коркуп, бүрүшкөнүн көрүү өзүнчө эле ырахат турбайбы. Эми мага менин бир кездеги шефтеримдин абалын билип жатам, көрсө, кыйкырып кыйын болгон сайын боло бергиң келип калат турбайбы.
Мен кресломо отура электе, телефон шыңгырады.
– Да!
– Ханум Садыковна, жаңы кызматкер келди, сизге кире берсинби? – деди катчы келин.
– Киргиз! – дедим да телефонду коюп, оңдонуп отурдум.
Эшик ачылып, узун бойлуу, эркекке ылайык келбегендей назик, абдан арык, көзү бажырайган, кашы кара, бир сөз менен айтканда ар бир кыздын жүрөгүн жаралаганга дарамети бар татына жигит кирди. Мен аны саамга тиктеп калдым. Ал болсо ыңгайсызданып да, чоочулап да босогонун жанында калды.
– Саламатсызбы? .. – деди анан акырын.
– Жигитсиңби? Жигиттей болуп саламатсызбы деп бек-бек сүйлө, – дедим олуттуу карап. Жигиттин бети чычаладай болуп кызарып кетти.
– Кел, отур, – деп бет маңдайымдагы орундукту көрсөттүм. –Атың ким?
– Азат.
– Канча жаштасың? Кайсы окууну аяктадың? – деп суроолорду биринин артынан экинчисин бердим. Ал 22 жашта экенин, университеттин бирин аяктаганын айтып берди. Добушу да жагымдуу экен. Орду менен сүйлөгөн акылдуу баладай эле сезилди.
– Эмгек жамаат менен тааныштырышса керек. Анда иштей бер. Ийгиликтерди каалайм. Ушул иштен агарып-көгөрүп, тилегиңе жет, – дедим. Ал ыраазычылыгын билдирип чыгып кетти. Терезени карап ойго баттым. Кубанычбектин бул эмне деген кылыгы? Менин бөлүмүмө жаңы кызматкер алса, бул менен биринчи мени кабардар кылыш керек эле жок дегенде. А негизи мени менен кеңешип алса эмне болмок эле. Бир жылдан бери ушул абал. Мени башчы кылып дайындаганы менен тыйын ордуна да көрбөйт. Дайыма үстүртөн карап, сен ким элең дегендей тоготпостук мамиле кылат. Мен анын оюн сопсонун эле түшүнүп жүрөм, эптеп дагы убакыт өткөрүп, өткөн ишти козгой албай турганга жеткенде акырын “айланайын, жакшы бар”, – дейт да мага. Кол булгап. Шашпа, кимибиз биринчи кетерибиз белгисиз азырынча. Чечкиндүү кадам таштап, сыртка чыктым. Катчым чай ичип жаткан экен, жаңы эле кружканы оозуна такаганда мен чыгып калбадымбы. Мени көрүп чоочуп кетип, чайын төгүп алды. Кызык, мен көргөн адамдын жүрөгүн болк дедирген желмогузга айланып баратамбы? Ага көңүл бөлбөй, коридорго чыгып, туура эле шефтин кабинетин көздөй бет алдым. Мени көрүп катчысы ордунан туруп, айтайын дегендей кылды эле, колум менен белги бердим, отур, отура бер дегенсип. Анан эшикти шай ачып кирип бардым.
– Кубанычбек Алдаярович, менин бөлүмүмө жаңы кызматкер алыптырсыз, – дедим учурашпай эле. Ал терезени карап турган экен, шарт артына бурулуп, тике тиктеген мени таң кала карады.
– Бул кандай маданиятсыздык? Эшикти такылдатып киргенге болбойбу?!
– Экөөбүз маданияттын “м”сын да айтпай эле коелу. Ага биз татыксызбыз. Андан көрө айтыңыз, эмнеге менин бөлүмүмө мени менен кеңешпей туруп кызматкер аласыз?
Катуу айтпадым, кыйкырбадым. Азыр мен бир адатты өздөштүрдүм, кыйкырык-чуу чыгарбай эле үнүмдү катаал чыгарып, кепти жеткирчү жерине жеткирип коем. Эки ай мурда Алибек келип, бир ай жүрүп кеткен, ошондо ал айтты: “Үнүң командирлердикиндей болуп калыптыр”, – деп. Алибектин келип-кеткени өзүнчө окуя, аны кийинчерээк айтып берем.
Шеф кашын көтөрдү:
– Сен өзүңдү ким сезип алгансың? Менин бөлүмүм деп, ал сага атаңдан калган мураспы? Эмгек жамаатын эмне кылып жатасың? Сага болгон арыз-муң күн сайын ондоп келет. Кааласам, ошолордун арызына таяп туруп эле сени пробкадан ыргытып жиберем!
– Кетире албайсың! Кетирсең абийириң айрандай төгүлөт, аны жакшы билесиң! Мындан ары менин бөлүмүмө, – атайын анын жанын дагы кашайтыш үчүн менин бөлүмүм дегенди басым жасап, бөлүп айттым, – кимдир бирөөнү ишке ала турган болсоң, сураныч, алдын ала мени менен кеңеш.
– Сен... сен... сен... – деп кеп таба албай кара-көк тартып кетти. Сөөмөйүн мага чычайтып алган, – Шишиң толду! Эч нерсе эмес, аз калды. Анан экөөбүз коштошобуз!
– Башка жумушка которулуп жатасыңбы? – дедим жылмайып, жай гана, – Эсиңде болсун, экөөбүз сен же башка жумушка которулганыңда, же пенсияга чыкканыңда, же өлгөнүңдө гана коштошобуз. Башка жол жок.
Артыма бурулуп, кабинеттен башымды бийик көтөргөн бойдон чыгып кеттим. Бул мени оңой ойлоп жатат окшойт. Көрсөтөм мен сага. Дагы далайды көрсөтөм. Шеф менен баягы окуядан кийин жеке мамилебиз үзүлгөн. Канчалык аңдысам да жумуштагы башка бир кызматкерлер менен мамиле түзгөнүн кармай албадым. Кармап алсам, дагы тил кызык кылып, ооздугун бек кармайын дегем да. Кыязы, менден кийин кызматтык романдарга алкымына жеткире тойду окшойт, же бул мекемеге тийешеси жок башка жакта иштеген кыздардан таптыбы, же карыган чагында аялына ишенимдүү болууну чечтиби, айтор, азырынча андай кылыктарын таба элекмин. Мени көргөн жерден жыланды көргөнсүп качканга шашат. Чогулуштарда мени карабайт, кокус менин дарегиме сын айта турган болсо да, башка жакты карап алып айтат. Анан ар бир нерседе мени басынтып, сен ким элең дегендей кылганды жакшы көрөт. Кызык, бул кишинин алдында менин эмне күнөөм бар? Мага кол салган мунун аялы болсо, ишти жабыш үчүн кызмат сурасам, ал аткарса, анан аягында келип дагы мен күнөөлүү боломбу? Кудум эле кол салууга аялын мен көндүрүп, шыкактагансып. Бири бирибизге эрегишип жатып, ушундай деңгээлге жеттик, экөөбүздүн жаныбызда мышык менен чычкан эс алат.
Ал күн бир заматта өттү. Саатты карасам бала бакчага бараар кез болуптур. Ашыгып эле кагаздарымды жыйнаштырып, күзгүгө каранып, кебете-кешпиримди оңдоп алдым да сыртка чыктым. Коридордун тээ аркы учунан шеф көрүндү. Мени көрөөрү менен кайсы жерден көрсө так ошол туштагы кабинетке кирип кетти. Мен муну чагып алчудан бетер качканы качкан. Качкан сайын өзүнө эрегештирип, укмуштуудай пландарды иштеп чыгып жатканымды билбейт да.
Бала бакчага келсем, Сайкал жалгыз калыптыр. Калган башка балдардын баарын алып кетишиптир ата-энелери. Терезени телмире карап турган экен, мени көрө коюп кубанып чуркап келди.
– Кечиресиз, мен сизди түшүнөм. Жолдошуңуз алыста экен, балдардын түйшүгү, жумуш дегендей. Бирок, мынчалык кеч калбасаңыз, сураныч. Мен алыс жакта жашайм, караңгы, суукта жетишим да кыйын. Ошону эске алыңыз, – деди тарбиячысы кабагын түйүп. Мен:
– Келиңиз, сизди жеткирип коелу. Кайда жашайсыз? – десем, шаардын сыртын айтты ишеңкиребей. Шаардын сыртын укканда айнып кетет деди окшойт. А мен жүзүмдү өзгөртпөй туруп:
– Биз сизди анда машинеде күтүп турабыз. Номери... – деп баштасам, тарбиячы күлүп жиберди:
– Сиздин машинеңизди баарыбыз жакшы билебиз. Жаш, жакшынакай аял, килейген кымбат автоунаанын ээси деп сөз кылып калабыз, – деп. Мактаган мага абдан жагат да. Келинге ансайын ымалам жакшырып, күлгөн бойдон кызымды колдон жетелеп сыртка чыктым.
Тарбиячы көпкө күттүрбөдү. Тез эле чыкты. Аны үйүнө таштап, анан үйгө келгиче такыр эле кеч болду. Дастан курсагын кампайтууга бирдемелерди жасап жатыптыр. А мен дүкөндөн даяр тамактарды сатып келген элем, ошолорду жылыта салып алдыларына койдум. Ошол маалда эшиктин коңгуроосу кагылды. Дастан ордунан турайын деди эле, мен кубанып кеттим, балким өгүнкү ысымын да сурабай калган кошунамдыр. Баламды токтотуп коюп, эшикке эки аттап жеттим. Кубанычым эшикти ачаар замат күбүлдү. Баштыктарын көтөрүнүп алып, апам туруптур.
– Ой, сиз кайдан? Эмнеге кабарлабай эле келип калдыңыз? – деп кубанаарымды, же кайгыраарымды билбей кеттим.
– Кубанымыш боло бербечи, мени көрсөң кабагыңа муз тоңуп калаарын билбейт дейсиңби? – деди апам ичимдеги ойлорумду билгенсип. Апам алтымыштан ашты, мен отуздан оодум, дагы деле тил табыша албай койдук го. Неберелери чуркап чыгышты, апамдын эч нерседен кабары жок да, бул экөөн өзүнүн небереси деп эле билет. Беттеринен өөп учурашып, оор баштыгын көтөрүп ашкана жакка бастык.
– Мен буларга алып келгенимди чыгар, – деди орундукка отуруп буйрук бере. Ошондо, менин мүнөзүм апамды жазбай тартканын түшүндүм. Мен да буйрук бергенди кыйын билем. Деги эле адамдар менен кучунашым кармап, заардуу мамиле кылам. Өз кызыкчылыгым үчүн кимди болбосун томолотуп кете берем. Бирок, бир гана балдарыма жакшы мамиле жасайм. Апам деле менден башкаларынын баарын жакшы көрөт. Ал турмак өгөй атамдын уулу Арстанды деле сылап-сыйпап чоңойтту го. Балким, экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош болгондуктан, жакындашсак чартылдап от чыгып, тил табыша албайт чыгаарбыз.
– Балдарыңа берип жатканың ушулбу? – деп стол үстүндөгү сууга бышырылган дүкөндүн чүчбарасы салынган табакты жактырбай колу менен ары түртүп койду. Мурдун бырыштырып. Дагы эмне айтаар экен деп унчукпай, баштыктагы сүт, май, куруттарды чыгара бердим.
– Мен балдарыма такыр дүкөндөн сатып алынган тамак бербегем. Аялсыңбы, энесиңби, заматта кууруп, сорпо бышырып бер да, булардын ашказанын бузбай, – деп дагы сүйлөндү. Чыдай албай кеттим:
– Биздин убакта дүкөндө даяр тамак сатылса берет белеңиз, аны алганга акчаңыз деле жок болчу.
– Ии, ботом, акчалуу болуп чыга келгенин. Акчаң андай көп экен, төрөп, багып чоңойткон апаңа каралашпай кайда жүрөсүң?
– Ой, апа, Кудайды карасаңыз боло, алимент төлөгөнсүп, ай сайын акча салып турам го. Ал акча менен бир ай жашасаңыз болот айыл жергесинде.
– Айыл жергесиндегилерге эмне оокат асмандан бекер жаап турат бекен?! Жашаган үйүң заңгырайт, кызыңыз кымбат машине тээп, зыңгырап жүрөт деп айылдагылар сени көрүп калышканда айтып барып жатышат. Жакында дагы бирөө бир жерде чоң болуп иштейт экен деп барды. Ошол чынбы? Жакшы жаңылыктарыңды өлүп баратсаң да мени менен бөлүшпөйсүң?! – деп апам алкынып кое берди. Мен унчукпай, баарын жайгаштырдым да, бери бурулдум.
– Ой, апа, шаарга карыш эле жерде жашайсыз. Келип турсаңыз болбойбу? Кыргызстанга келгениме канча болду, бир келип койбодуңуз. Эки-үч курдай чакырттым, болбодуңуз. Байтур менен ажырашып, башкага тийип кеткенимди ушунча кектеп жатасыз. А бирок башка эркектен алган акчамды сизге салсам аны иштеткенден жийиркенбейсиз. Шаарга келип эле жатасыз, башка балдарыңыздыкына барасыз да, мен жакты карап койбой кете бересиз. Айта берсем, менде деле таарыныч көп, а мен сыртка чыгарбай көнүп калгам да.
– Сага эмнеге келишсин? Бир туугандарым эле деп карап койбосоң. Аталаштарыңа жүткүнүп, атаң менен өгөй апаңды алаканыңа салып көтөрүп жатканыңды уктум. Сабыр (кичүү инимди айтып жатат) беш жылдан бери шаарда, жаш балдары менен батирден батирге көчүп жашап жүрөт. А сен эки бөлмө килейген үйүңдү өгөй энеңдин колуна кармата бериптирсиң. Атаң сен кичинекей кезиңде кайда эле? Кызым бар эле деп бир кайрылып койбогон адамды азыр кантип ата деп отурасың?
Апам дагы көпкө сүйлөндү. Бул киши бир сөздү баштап алып, кызуусуна киргенден кийин токтотуш кыйын. Токтотом деп убара болбой, үн дебей коюш керек аягына чейин. Көбүрүп-жабырып сүйлөп, сүйлөп алып чарчаганда тынчтанат. Балдар да апамдын оозун карап калышыптыр.
– Бол, жедиңерби, баргыла эми бөлмөңөргө, – деп экөөн айдап жибердим. Бир мени, бир жебиреген таенелерин жалт-жалт караган бойдон жетелешип кетишти.
– Болдубу, эми айтып болдуңузбу? Чайга караңыз, – дедим эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап гана. Бул кемпирдин көңүлүн ушинтип гана алуу керек. Эмнеге келгенин боолголоп турам, Сабырга үй керек болуп калыптыр. Же үйүңдү бер дейт, же үйүңдө чогуу жашатып ал дейт. Экөөсүнүн бирөөсү.
– Силерге деле Кудайга шүгүр жардам бердим, – дедим апам ысык чайдан ууртап, чекеси тердегенден кийин, – Балдарыңдын баары менин акчама окушту. Уулуңду менин акчама үйлөнттүң, тоюна бара албасам да кошумчамды болушунча коштум. Кызыңды да менин акчама окутуп-чокуттуң. Баса, ал качан турмушка чыгат экен. Убагы деле келип калгандай болду го?
– Арстандын үйүндө жүрүп окуду, сеникинде эмес, – деп апам жактырбай карады.
– Арстандыкында жүрсө кийим-кечеси, тамак-ашы, жол киреси, контрагы бардыгы менин моюнумда болуп жатпадыбы.
– Турмушка жакында чыгат. Жигити бар экен. Алдыма куда түшүп келишсин десем, колунда жок жер окшойт, шартыбыз жок дептир. Ала качты кылып эле баш кошуп алалы десе, менин акылсыз кызым макул болуп коюптур. Көзүмө көрсөтпө, ал сары чака тыйыны жокту деп уруштум.
– А сиз эмне, байсызбы? Сары чака тыйыны жок элебиз да биз деле. Кыйынчылыкта эле жашап жүрбөдүк беле. Кызың тандаганга унчукпай бере бер, жашоосуна аралашып эмне кыласыз, – дедим таң кала. Апам чайынан уурттап, мактангансып, башын бийик көтөрдү.
– Биз азыр айылдын алдыңкыларынанбыз. Эки кабат үйдү заңгыратып салып койдук. Корообузда малыбыз толтура, беш уй, он бука, элүү чакты коюбуз бар. Эчкилерди санаган эмесмин, – дебеспи.
Айылга бара элегим көп болду да, оозумду ачып эле карап калыптырмын.
– Кайсы акчага? – дегенге гана жарадым. Апам оозун чормойтту.
– Эптедик да, эмнесин айтасың.
Мен дароо түшүндүм, Байтур менен ажырашканымды апам оор кабыл алган. Оорбу же адатынчада актриса болдубу, билбейм, бирок мени менен сүйлөшпөй, көпкө мүнөзүн карматып жүрдү. Анан акча жакшы көргөн жанын жибитейин деп Россияга биринчи барган жылдары ай сайын акчанын көзүн карабай салып турдум эле. Кыязы, ошол акчалар менен буттарына туруп алышкан окшойт. Мына, Байтур менен ажырашканымдын үзүрүн ким көрдү.
– Мм... – дедим да түшүндүм дегенчелик башымды ийкедим. Бирок, эч нерсе дебедим. Апам да сөздү жаңылабады.
– Тиги сиңдиң менен сүйлөш, сен анын эжесисиң, айт колунда жокко тийип кыйналып жашайбы өмүр бою? Сүйүү эмне биринчи курсак ачканга чейин гана жетет, андан кийин сүйгөн адамың менен жашап жатасыңбы, же сүйбөгөнбү айырма болбой калат. Эң негизгиси куурап кыйналбасаң болду да бул жалган жашоодо.
– Мейли, сүйлөшүп көрөйүн, – демиш болдум апамдан кутула албашымды билип.








"Жазылам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум шефин жайладыны алам!"
деген кабар келет.
Менин +996777329784
ватсап номурума
50 бирдик салып,
анан ватсапка "Төлөдүм"
деп жазып, квитанция көрсөт,
же төлөгөн мөөнөтүңү так жаз..
Китепти АКЦИЯ бүткөндө аласың..