Жаныбек Жанызактын
"Айгыр бийкеч" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
50 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Айгыр бийкечти алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Айгыр бийкеч

эроповесть
1-бөлүм
Гүлбарчын менен Айганыш ишкер айымдар.
Алар – бүт өмүрлөрүн дене кумарын кандырууга арнаган КУМАРдын көзүр айымдары.
Алардын дүйнөсү – бай жана абройлуу эркектердин кучагында жалындаган жан жыргалына тынымсыз батып, чардап жашоо. Жана жосунсуз жоруктардын артынан сая түшкөн бул экөө эңсегенине жетиш үчүн эч нерседен кайра тартышпайт.
Бул жолу ал эмнегедир мээси айланып, алды-артын ойлобой кумар отуна алдырды.
– Тейлөө кызматына телефон чалып, бизге дагы бир бөтөлкө шампан заказ кылчы! – деди жанындагы жигитке.
Жарым саат мурун алдырган бөтөлкөсү жаңы эле бошогон.
– Чын эле ошентейинби?
– Албетте! Эсепти баары бир компания төлөйт, мен аны банкеттин жалпы эсебине кошуп койом.
– Бирок банкет астыңкы кабатта өтүп жатпайбы?
– Анын эмнеси бар экен? Биз эмне, бул жерде башка себептер менен ичип атабызбы?
Гүлбарчын Касымалиева тигинин ордунан туруп, телефонго басып барганын жана дагы бир бөтөлкө шампан заказ бергенин көрүп, ыраазы боло мыйыгынан жылмайып койду. Терезенин ары жагынан кечеге келген коноктордун шаңдуу үндөрү, бокалдардын шыңгыры үзүл-кесил угулат. Кезектеги кинотасманын тартылып бүтүшүнө карата мейманкананын арт жагындагы кооз сейил бакка чоң чатыр тигилип, шаан-шөкөттүү кече өтүп жаткан. Маал-маалы менен бассейн тараптан да кыйкырган, каткырган үндөр чыгат – кызып калган коноктордун бирөө темтеңдеп барып, калгандарга суу чачыратып, бассейнге секирип жаткан.
Гүлбарчын бул кеченин негизги каарманы, канышасы десек да болот, өзүн ошондой сезгенге толук акысы бар, анткени ал жаңы эле тартылып бүткөн кинотасманы баштан-аяк башкарып, костюмдар, каражат жана башка ушу сыяктуу толгон-токой машакаттуу маселелердин баарын өзү чечкен. Анткен менен анын маанайын майрамдык деп айтууга болбойт. Кеченин салтанаттуу бөлүгү бүткүчө эптеп эле чыдап отурду. Режиссер жөнүндө кандай ойдо экенин элдин көзүнчө бетине айткысы келип турса да, ага ыраазычылык билдирип, актерлор менен тейлөөчү топтун ар бирин куттуктап, колдорун кысып чыкты. Краб салаты менен бир-эки бокал коктейль ичти да, эртерээк уктап эс алыштын камын ойлоп, эч кимге байкалбай чатырдан акырын чыгып кеткиче шашты.
Сыналгынын заманбап ашканасы – бул өзүнчө эле бир тынымсыз конвейер, телеберүүлөрдүн өндүрүшү биринин артынан бири агыла берет. Бир долбоор бүтөрү менен эле экинчисине шымаланып киришиш керек. Эртең менен эрте турат да, кайрадан билермандар эл көрүшү керек же көрсө болот деп эсептеген кезектеги кинотасма же көрсөтүү үчүн каражат табышка байланышкан майда-барат кагаздарды чогултуп, эртеден кечке чапкылап жүргөнү жүргөн.
Бирок ал ойлогондой болгон жок: жаңы гана кабинетинин эшигин пластик карточкасы менен ачып, босогосун аттайын дегенде коридордун аркы башында келе жаткан Жеңиш Шаршеновду көрүп калды. Колунда баягы эле майда-чүйдө салган көк баштыгы жүрөт, анысында алтыны бар, чиелеп кайда барса да колунан түшүрбөйт.
Бул жаш актерду Гүлбарчын алгач ал орус драмтеатрында "Ромео менен Жульеттада" Ромеонун ролун аткарып жаткан жеринен көргөн. Чачы кара, кой көздүү жана кыздардыкына окшош сезимтал, оймок ооз бул жигитти Гүлбарчын ошондо эле бир көрүп жактырган. Тартылып жаткан кинотасмада башкы ролдордун бирин ойносун деп режиссерго сунуштаса, ал эмнегедир тескериленип макул болбой жатып, акыры Жеңишти экранда үч жолу гана пайда боло турган көркоо, киши өлтүргүчтүн ролуна алган.
Азыр аны көрө калып, "Жүрү, долбоордун аякташын белгилейбиз! " деп бөлмөсүнө чакыра койбодубу. Ал да дароо эле макул боло калды, анткени кийинчерээк белгилүү болгондой, көрсө ал Гүлбарчындан ушул сунушту уга албай эле атайын коридордо ары-бери басып жүрүптүр.
– Шампанды азыр алып келебиз дешти, – деген Жеңиш трубканы ордуна койду.
– Мына, мыкты тейлөө деп ушуну айт! – деди Гүлбарчын. – Кийинчерээк бул мейманканага дагы келип, жакшылап бир эс алып кетиш керек экен.
Жеңиш терезеге келип, бул заңгыраган имаратты кучагына алып жапжашыл болуп турган дүпүйгөн калың токой сыяктуу сейил бакты карап суктанып турду. Качандыр бир мезгилде ал спирт ичимдиктерин өндүрүп байыган бир күркүлдүн үйү болгон экен, бирок ал банкрот болгондон кийин башка бирөөнүн карамагына өтүп, мейманканага айланыптыр. Сейил бактын өзгөчө түзүлүшү, көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөр менен жайкалган жашыл шиберлер, абдан кылдат кам көрүлүп, ар кандай формада тегиз кыркылган бадалдар бул кооз жана кымбат мейманкананын көркүн арттырып турат. Кымбаттыгына карабай жылдын кайсы мезгили болсо да кирип-чыккан элдин аягы тыйылбайт, ага жараша алдына токтой калып, кардарларды таштап же салып алып кайра зуулдап жөнөгөн кымгуут машинелер, унаа токтоочу жайга батпай көчөнү бойлой катар-катар тизилген түрдүү маркадагы кымбат машинелер канча дейсиң. Өзгөчө бул мейманканага эң бир мыкты сапаттагы эс алууну көксөгөн капчыгы калың адамдар арбалгансып эле агылып келе беришет.
Гүлбарчын да ордунан туруп, көк майсанга көлөкөсүн түшүрүп, ийиле самсаалап өскөн мажүрүм талдарга, чокуларындагы жалбырактары билинер-билинбес шамалга дирилдеген эмен дарактарга жана тамылжып батып бараткан жайкы күнгө суктаныш үчүн терезеге жакын келди.
– Ажайып кооз көрүнүш, ээ? – деди ал.
Коногу же өтө эле тартынчаакпы же абдан акылдуубу белгисиз, айтор жанатан бери нымтырап эле отурду, эми деле тирилчүдөй түрү жок.
Анын ордунда башка эркек болсо колундагы мындай сонун мүмкүнчүлүктү койо бермек эмес. Жеңиш болсо ага тийишмек тургай колун тийгизүүгө да батынбады. Сыягы, таанышкан эле аял анын келишимдүү келбетине арбалып, өзү тийишип, мойнуна асылганына, артынан чуркаганына көнүп алса керек, жарыбагыр. Мүмкүн аны байкабай таарынтып алып, сериалга тартылымыш болуп нан таап жеп жаткан жумушумдан куру жалак калбайын деп коркуп да жаткандыр. Азыркы заманда актер дегенден көп неме жок эмеспи, кандай роль болсо да ойнойм деп жалмаңдап даяр турушат.
Андыктан Гүлбарчын демилгени өз колуна алып, башталган ишти аягына чыгарбаса болбой калды окшойт.
Ал таттуу керилип алды да:
– Ух! Кийимимди алмаштырып албасам болбой калды, – деди.
– Мен кетейинби? – деп сурады Жеңиш.
Гүлбарчын анын минтип айтарын күткөн эмес. "Чын эле жаккан жокмунбу? Анын табитиндеги аял эмесминби? " Ушуларды ойлоп, бушайман боло түштү.
Ошол учурда кимдир бирөө эшикти акырын каккылады.
– Ачып койосуңбу? – деп суранган Гүлбарчын эшикти ачык калтырып, уктоочу бөлмөгө кирип кетти.
Бөлмөлөрдү тейлөө кызматында иштеген официант жигит муз салынган күмүш табакты дивандын жанына коюп, ийкемдүү кыймылы менен шампанды үн чыгарбай ачты да, кир идиштерди жыйнаштыра баштады. Бир-эки секунд ыргылжың боло түшкөн ал эки жагын каранып, эсеп кагазына кол койдурсамбы, жок, азыр ылайыксыз мезгил окшойт деген бүтүмгө келди. Анан Жеңишке көңүлдүү кеч каалап, акырын чыгып кетти.
Гүлбарчын андан ары эмне кыларын ойлонуп, керебеттин четине отура калды. Шайтан алгырдыкы десе, эмнени каалап жатканын өзү да так билбей атпайбы. Ачкарын шампан ичип койсо эле ушинтип мээси айланып калмайы бар. Жеңиш ага жагат, ал табиятынан салабаттуу, жөнөкөй жана токтоо жигит. Өзгөчө өз оюндагысын талашып жатканда дердейип көөп чыккан таноолорун карап турган Гүлбарчын өзүнчө эле ичи эзилип элжиреп кетет. Колун эле тийгизип койгондо эмне, эч бир сылатып-сыйпатып отурбастан, оюңа келгендин баарын жаса деп, конок үйдүн полуна жатып бербейт беле.
Бирок Жеңиш жапайы жырткычча аны баса калгандын ордуна, кызарып баткан күндүн артынан коюуланып бараткан күүгүмдү тиктеп, терезенин жанында телмирип тура бербедиби. Демек, өзү аракет кылбаса болбойт, бирок адегенде ал ушуну чын эле каалап жатабы жана тиги ачыбаган камырдай болуп былтыйган немеге убакыт коротуштун кереги барбы же жокпу, чечип алыш керек. Мындай сезимдерге мурда кабылган эмес эле. Анын турмуштук тажрыйбасы, акыл-эси кайда кеткен? Ушу бүдөмүк сезимдер менен түшүнүксүз каалоого жетеленгидей, башы чындап эле айланып, тиги сулуучумак жигитке таптакыр азгырылып калдыбы?
– Жеңиш, бери кир! – деп Гүлбарчын ар бир сөзүн баса белгилеп, өктөм сүйлөдү, азгыруучунун ролун өзү аткарып атканына кыжырланып жаткан.
– Сизге бир бокал шампан ала барайынбы? – деп сурады Жеңиш.
– Бөтөлкөнү ала кел!
Гүлбарчын гардеробдун эшигиндеги күзгүдөн өзүн карады. Жүзүндө узак жана түйшүктүү күндүн тагы байкалат. Бозомтук көйнөк кийип, эртеден бери ары-бери убара тартып чуркап жүргөн Гүлбарчын, кечки көйнөгүн кийүүгө да убактысы болбой, ошол кебетеси менен банкетке келе берген. Жүдөгөнгө какаган болуп, этеги да бырышып калган тура, жалпак такалуу күрөң туфлиси ылай болуп, бир-эки жери чийилип да кетиптир. Атайын жасаткан модалуу чач жасалгасы саксайып, өзүнчө эле бир үймөк чөпкө окшоп калыптыр. Анан кантип ушу кебетеси менен эркекти өзүнө тартмак эле.
Табакты көтөргөн тиги бечара мына азыр жашынып жаткан жеринен чыга калып, үстүнө секирип, тамагынан кырча тиштечү бир жырткычтын үңкүрүнө кирип келаткансып, эки жагын элеңдеп карап, бөлмөгө кирип келди.
2-бөлүм
– Табакты үстөлгө кой, – деди Гүлбарчын, ал алды-артын ойлонбой капыстан эңсөөгө алдырганына ичинен ачуусу келип, өкүнө баштаган.
Жеңиш керебеттин жанындагы кызыл жыгачтан жасалган кооз үстөлдөрдүн бирөөнө шампаны менен табакты коюп, мукактана:
– Мен-менин... к-ке-кете бергеним оң го, – деди.
– Эмне үчүн? – деди кашын серпип Гүлбарчын.
– Мен сизди абдан сыйлайм, Гүлбарчын Касымалиевна! Ошондуктан, мен ойлогом...
– Мени атымдан айт, Жеңиш! – деп капталдан чыкты Гүлбарчын.
– Мм-макул, Гүлбарчын. Мен анда...
– Сен мени сулуу деп эсептебейсиңби? – деп бетке айтып салды Гүлбарчын, мындан аркысы өзүнөн-өзү болуп кетер деген үмүттө.
– Сиз абдан сулуу айымсыз, – деп ачык жооп берген Жеңиш жалжылдаган кой көздөрү менен Гүлбарчынды тике карады.
Гүлбарчындын денеси ымыр-чымыр боло түштү, жанатан бери чечкинсиз кыймылына нааразы болуп, жини келе баштаганы заматта унутулду. Анын эмне үчүн минтип тарткынчыктаганын божомолдоп жатканда жаңылышкан эмес. Чынында эле Жеңиш үчүн ал биринчи кезекте атактуу жана абройлуу продюсер, аны жумуш менен камсыз кыла турган адам болчу. Кыязы, ал театр менен студиялардын босогосун жыртып, жумуш издегенден өлөрчө тажап, жок дегенде ушул жолу жолум болсо экен деп Кудайдан тиленип жаткан окшойт. Гүлбарчын буга окшогон актерлордун далайын көргөн, ал гана эмес, алардын бирөөнө турмушка чыгууга да үлгүргөн.
– Мен бар болгону жанатан бери сиздин эмнени каалап жатканыңызды түшүнбөй атпадымбы, – деди жигит акыры.
– Жеңиш, сен албетте мыкты актерсуң, бирок менин азыр жумуш жөнүндө сүйлөшкүм келген жок. Эс алгым келет, америкалыктар айткандай, "тайм аут" алгым келет. Анын артында эч кандай өкүнүчтөр, таарынычтар, туура эмес ойлор болбошу керек. Кааласаң кете бер, эшик ачык, кааласаң мени менен кал. Сүйлөштүкпү? – деп айткан Гүлбарчын аны сынап, көзүнүн кыйыгы менен карап койду.
– Болуптур, Гүлбарчын, – деп жооп берди Жеңиш. – Албетте, менин калгым келет.
– Анда мен душка түшүп чыгайын, – деген Гүлбарчын ваннага кетип баратты.
Артынан тиги шилекейин жутуп, көздөрүн жалжылдатып карап турганы белгилүү да.
Гүлбарчын арыдан-бери чечине калып, шаркыраган жылымык агымдын астына турду, бир аз дүүлүгө түшкөнүн байкады. Чечкинсиз күңк-мыңк этип атып анын делебесин козгоп салганын Жеңиш өзү да туйган жок. Жанатан бери өзүнчө эки анжы болуп турган Гүлбарчын бул эркекти эңсеп чыкканын эми даана сезди. Эркектер менен көптөн бери минтип түз жана ачык сүйлөшө элек эле. Мунун баарын беш айдан бери иштен башы чыкпай, эч ким менен төшөк кумарына батпаганы менен түшүндүрүүгө болот. Мындай нерсе анын жашоосунда биринчи жолу болуп жаткан жери жок, көп учурда оюндагыдай дене жыргалын ала албаганынан улам секс ал үчүн анчалык деле маанилүү болбой калган. Эстен тандырган экстаздарга кабылып, күчтүү оргазм алуу жаатында тажрыйбасы бай болгондо, мүмкүн Гүлбарчын дене кумарынан мынчалык көпкө баш тарта алмак эмес. Бирок, тилекке каршы, ал көптөн бери бүт энергиясын аркалаган кесибине жумшап, ал эми сексти арткы планга жылдырып келет. Мурунку күйөөсү менен кошулганда бир аз гана башы айланымыш болуп, жеңилдей түшкөндөй сезим пайда болор эле, анысы да көпкө созулчу эмес. Бирок Жеңиштин коймолжуган кой көздөрү андагы үргүлөп жаткан кумар отун тутандырып жибергендей болду.
Ал душтан чыгып, күзгүдөн өзүн карады. Албетте келишкен, сулуу мүчөсү бар, бирок машыгуу залына барып, бир аз машыгып койсо ашыкча болбойт эле. Дене көнүгүүлөрүнүн жетишсиздиги менен өз маалында тамактанбаганы организмине жакшы жагынан таасир этпептир: денеси мурдагыдай чымыр, ийилчээк болбой, айрым жерлеринде май пайда болуптур. Анткен менен бели баштагыдай ичке, сандары тыкыс жана келишимдүү. Эмчектери үч-төрт жылкыга караганда бир кыйла оор тартып, бирок анын курагындагы башка аялдардыкындай шалбырап, салаңдап калбай тикчийип турат, ал эми курсагы жаш кыздардыкындай жапжалпак.
Гүлбарчын ным чачтарын фен менен кургатып, башын чулгуп алды да, келбетине ыраазы боло жылмайып койду. Жарашыктуу кыркылган жана жалтылдаган кара чачтары абдан жакшынакай көрүнөт. Ал чач жасалгасына дайыма өзгөчө көңүл бурчу, жумушу кычап турса да убакыт таап, эң мыкты чач тарачтарга гана кырктырчу.
Нымдуу тампон менен бетиндеги бойоктун калдыгын сүртүп, ласьон менен бетин тазалады да, өзүнө абдан ыраазы боло калың сүргүнү оронду.
Жумшак кездемеге басылган төшү орто кылымдардагы ойсокелердин корсет менен тартылган эмчектериндей болуп тирсийе түшкөн Гүлбарчын өзүн ашкере сойку сезип кетти. Чачтарын дагы бир жолу салаалары менен жиреп алып, ваннанын эшигин ачты:
– Жеңиш, сени көпкө күттүрүп койдум окшойт. Кечирип кой, каралдым, – деди ал.
Анан бөтөлкө турган үстөлгө келип, шампандан бокалдарга куйду. Бирөөнү өзү алып, экинчисин Жеңишке сунду. Ал күрмөсүн чечип коюп, керебеттин кырында отурган.
– Экөөбүздүн чогуу-чаран "тайм-аутубуз" үчүн! – деп Гүлбарчын көбүргөн ичимдиги бар бокалын көтөрдү.
– Сен үчүн! – деп Жеңиш да шампандан ууртады.
Гүлбарчын Жеңиштин жанына көчүк басып, тамагын оорутуп албаш үчүн шампандан аз-аздан ууртап иче баштады.
– Менин табитимдеги аял эмес экенмин деп ойлобо, – деди Жеңиш тамагын кырып жөтөлүп, жетекчисине сен деп кайрылганга дагы эле көнө албай жаткан. – Тескерисинче, менин оюмча сен абдан татынакайсың. Бирок мени секстен башкага кызыкпаган, жеңил ойлуу адам экен деп ойлоп калбасын деп коркуп жаткам.
Гүлбарчын ичиндеги кайнай баштаган кыжаалатын басуу үчүн эрдин тиштеп алды. Калп эле акылдуусуна бергендин эмне кереги бар? Минтип баарын татаалдаштырып эмне кылат? Андан көрө ашыкча сөз айтып отурбай эле эстен кеткис кылып аңгилигин көрсөтсө жакшы болбойт беле. Сексти болбогон бир сөздөр менен жымсалдай бериштин кереги не? Курулай шарттардын, астейдил кадамдардын, ойго келбес актануулардын кимге кереги бар? Минтип отурсаң өзүңдүн коркунучтарың менен кооптонууларыңдын чытырман токоюнан адашып, чыга албай каласың го! Анын коомдо ээлеген орду же кандай адам экени, моралдык сапаттары менен акыл-эс мүмкүнчүлүктөрү Гүлбарчынды кенедей да кызыктырбайт. Дал ушул учурда ал акылдуусунган ой-толгоолорго убактысын короткондун ордуна төшөктө туйлап, денесиндеги көптөн бери буюккан кумарын кандырууну көксөп турган чагы.
– Кой, Жеңиш, сөздү көбөйтпөйлү, – деп Гүлбарчын оюндагысын ачык айтты да, анын колундагы бокалды алып, үстөлдүн үстүнө койду. Анын бактысына, Жеңиш жетекчисине эмне керек экенин илгиртпей түшүндү да, тизесине колун коюп, акырын сылады.
– Ушунчалык таң калыштуу, – деп ал Гүлбарчындын көздөрүнө тике карады. – Ошентсе да бул жагдайга болгон менин көз карашымды түшүндүрүп берүүгө мага уруксат эт. Мен таптакыр эле...
– Оозуңду жап! – деп жиберген Гүлбарчын, сөөмөйүн анын эриндерине такады.
Колтугуна кыстарылган сүргүнүн учу бошоп, чыдамы кетип тирсийген эмчектери боштондукка чыкты. Көптөн күткөн эркиндикке кубанган үрптөрү көөп, албырып чыгыптыр.
Оозуна толо түшкөн шилекейин аптыга жутуп алган Жеңиш анын келишкен келбетинен көзүн алалбай жалдырап карап калды. Көздөрү ылдыйыраак түшүп, кыска кара жүн менен капталган аласын көрөрү менен астыңкы ээги салаңдап, оозу ачылды.
Анын бул дендароо, жалдырама абалы көпкө созулган жок. Бир убакта Жеңиш Гүлбарчындын астына чөгөлөп отура калып, колдору менен эки бутун эки жакка керип, аларды өпкүлөй баштады. Чалкасынан жаткан Гүлбарчын сандарынын назик терисине Жеңиштин нымдуу ысык тили тийген сайын ырахатка балкып, магдырап баратты. Аялуу жерин майда-чүйдөсүнө чейин жакындан көргөн Жеңиш кандай абалга туш болгонун, анын чекесинен чыпылдап чыккан майда терин, чакчайган көздөрүн, дердейип көпкөн таноолорун элестетти.
– Керемет, – деп шыбырады Жеңиш.
Гүлбарчындын жан жеринин мала кызыл ортосуна оозу чапталып, тилин кынына мүмкүн болушунча терең киргизүүгө ыктады. Анын тили тим эле укмуштай кыймылдуу жана ийкемдүү экен, Гүлбарчындын эң бир сезимтал катмарларына сүңгүп кирип барды. Колдору да жөн турбастан, тирсийген эмчектерин эзгилеп, мыжыгып жатат. Жеңиштин манжалары катуу боло түшкөн үрптөрдү тырмалап, чоюп, кайра кескин койо берип жибергенде Гүлбарчын кыңкыстап, онтоп жиберет.
Жеңиш капыстан суроо салды:
– Жанатан бери самаганың ушу беле? – деп.
– Ооба. Бул каалоомдун башталышы гана болчу... – деп күңгүрөнө жооп берген Гүлбарчын сандарын кыймылдатты.
Эрдемсине түшкөн Жеңиш мурду менен анын жыныс эриндерин жирегенде мурутунун майда түгү кын тилди сайгылады. Гүлбарчын кыйкырып жиберди. Жеңиш тили менен кындын оозун жалай баштады, анан аласына өтүп, акыры арткы тешигине тилин сойлотту. Бул тешикке көбүрөөк көңүл бурганым сылыктыкка жатпай калат деп ойлодубу, айтор, Гүлбарчындын курсагы менен капталдарын сылагылап, кын тилин соро баштады. Гүлбарчын бул жагымдуу эркелетүүдөн андан ары ырахат алууга ыктап, жаңы гана денеси магдырап баратканда Жеңиш башын кескин тартып алып, ордунан тура калды.
3-бөлүм
– Уланта бер! Эмнеге токтоп калдың? – деди Гүлбарчын.
Бирок тиги мылжыйып күлүп коюп, кийимдерин чечип кирди – байпактарын, анан батинкесин чечип, шымынын сыдырмасы менен көйнөгүнүн топчуларын, акырында ак турсасын чечип ыргытты. Олжогойу зыңкыйып турат.
Аны өз көзү менен көргөн соң Гүлбарчын тизелерин бүгүп, ыңгайланып жатты. Жеңиштин чыдамсыздыгына бир аз кыжырлана түшкөнү ал үстүнө чыгаар замат жоголор деп үмүттөндү.
Жеңиш анын буттарынын ортосуна тизелеп отура калып, аялдын сууланышкан аласын жансыз көздөрү менен бир карап алды да, аны өпкөндүн ордуна эскертип да койбостон, алигисин түбүнө чейин тыгып жиберди.
Күтүүсүз чабуулга эси эңгирей түшкөн Гүлбарчын "ох" деп жиберип, колдорун созуп, Жеңишти өзүнө тартты да, оозунан өптү. Эриндери жумшак жана ийкемдүү экен. Жеңиштин ою башка жакта болуп жатты окшойт, ал жадагалса тилин Гүлбарчындын оозуна салууга да аракеттенген жок. Гүлбарчын котостун түп жагына колун сойлотуп, бул жерде ким кожоюн экенин билсин дегенсип, аны калтасынан уучтады.
Бирок Жеңиш ооздугун кырча тиштеп, марага ылдамыраак жетүүгө жанталашкан айгырча, өзүнүн эңсөөсүн гана батыраак кандыруудан башка эч нерсени караган жок.
– Мени өөп койсоң боло! Шашылбачы, бай болгур! – деп жалбарды Гүлбарчын. – Эмчектеримди өпчү, үрптөрүмдү сорчу!
Анын суранычын уккан киши болгон жок. Мүчөнүн башы жатындын мойнуна жетип катуу урунганда Гүлбарчын онтоп жиберип, муштумун жазды. Кайрадан эркин кыймылдоого мүмкүндүк алган Жеңиш дааратканада отургансып ыйынып-ычкынып, күш-быш этип, болгон күчү менен алигисин итерип жатты. Котос Гүлбарчындын нымдалган кынында ылдам жана жеңил кыймылдаган сайын калтасы чаткаягына урунуп, "шалп-шалп" эткен үн чыгат. Аң-таң болуп, эси оогон Гүлбарчын эмне кыларын билбей көзүн ирмегилеп, онтогон бойдон айласы куруп жатып калды.
– Кандай жыргал! – деп кулагына каргылдана шыбыраган Жеңиш анын сандарын катуу мыкчып алып, эч бир аяп койбостон, кызуу иштеп жатат.
Анын баштагы тартынчаактыгы, илбериңкилиги кайда калды? Дене кыймылдары улам күчөп ылдамдаган сайын Гүлбарчындын да кыжыры кайнай баштады. Жеңиштин чыңалган көчүгүнө тырмактарын матырып:
– Ай, жайыраак кыймылдасаң боло! Артыңдан бирөө кубалап келатса да эмне болуптур! – деп бакырды ал.
– Жок, анте албайм! – деди алка-шалка кара терге түшкөн Жеңиш терден нымшыган денеси менен астындагы айымды керебетке жапшыра басып, буттарын өйдө көтөрдү. – Өх! Гүлбарчын, ушундай жата турчу, тим эле жыргалга батып өлүп баратам!
Анысы аз келгенсип, эмчегин оорута мыкчып, үрпүнөн катуу чоюп алды. Гүлбарчын денесинин ооруганына чыдабай кыйкырып ийди, тиги неме болсо катуу коркулдап жиберип, алигисин терең матырды да, бир саамга кыймылдабай туруп калды, анан талмасы бар немече калчылдап, жырткычча ыркырады. Гүлбарчын үстүндөгү эргулдун бүткөнүн билип, шалдырап жатып калды.
– Өх иий! Эң сонун! Керемет! – деп күбүрөнгөн Жеңиш Гүлбарчындын эмне болгонуна көңүл бурган да жок. Бетинен чоюп коюп, үстүнөн түштү. Анан дагы бир жолу: – Шумдук болду! – деп киркиреди.
Гүлбарчын же күлөрүн же ыйларын билбей, бир кызык абалда калды. Белин суутуп алганына дердеңдеген Жеңиштин төшөк оюнун улантайын деген ою да жок. Ал Гүлбарчын аял эмей эле бир жансыз куурчак сымал эч бир сылап-сыйпап отурбастан, каалашынча эзгилеп, денесин көк ала кылып, оорутуп, өзүнүн кумары канган соң кереги жок чүпүрөктөй кылып ыргытып салды. Гүлбарчын буга чейин деле эркектерден чеке жылытарлык мамиле көргөн эмес, бирок мынчалык көңүлү кала элек болчу. Бул өзүн актермун деген сулуучумак неме төшөктө чебер ойнош эмей эле, тескерисинче орой, шашма акмак тура.
Ойлонбой жасалган кадамдар акыры мына ушуга алып барат! Өмүрүндө биринчи жолу өзүн мерген элестетип, тизгинди эркекке карматпай өз колуна алам деп ушундай акмакчылыкка туш болду. Жок, мындан ары ал мындай ойлонбогон кадамдарды жасабайт. Бул болбогон фантазияларды мээсинен таптакыр алып таштаганы оң.
Ал учурда Жеңиш эч нерсе болбогонсуп, кебелбей үстөлгө барып өзүнүн кезектеги оңой жеңишин майрамдап жаткансып, бокалдагы шампанды аптыга жутуп жатты. Ошол шампандын бир ууртамына да татыксыз экенин, одоно мамилеси менен аялдын денесин эле эмес, назик жандүйнөсүн да чүпүрөк тыткандай тытмалап, аны терең кайгыга салып койгонун ойлоп да койгон жок. Шалбыраган аянычтуу уятын жабууга да жарабай, өзүнө-өзү маашырланып:
– Мына сага, ат чабыш деп ушуну айт! Продюсерим менен бир төшөккө жатып көрө элек элем. Шампан ичесиңби? – деп Гүлбарчынга жарым-жартылай бош бокалды сунду.
Гүлбарчын аны бир көтөрүп шыпкап ичти да, какшык аралаш:
– Жеңиш, а сен кимдер менен жатчу элең? Сахнанын кызматкерлери мененби? – деп сурады.
Ал керебеттен туруп, үстүнө халатын жамынып, өзүнө шампан куйду.
– Негизинен актрисалар менен, – деп кебелбей жооп берди Жеңиш.
Гүлбарчын ошол маалда андан аябай жийиркенип турду.
– Билесиңби, бүгүн мен үчүн абдан оор күн болду, уйкум келип жатат. Аябай чарчадым, – деп кабагын бүркөп сүйлөдү Гүлбарчын.
– Чынын айтсам, мен дагы, – деди анын жактырбай карап турганын байкабаган Жеңиш. – Кой, мен кетейин. Телефон номуруңду берип кой, чалып турайын, – деп полдо чачылып жаткан кийим-кечесин жыйнай баштады.
– Сенде маалымат баракчасы бар го, карасаң ошондо болуш керек, – деди Гүлбарчын.
Кино тартууга катышкан актерлордун баарына таратып берилген маалымат баракчасындагы студиянын жетекчилери менен кызматкерлердин телефон номурларынын арасында өзүнүкү да бар экенине ичинен аябай өкүндү.
– Аа, ооба! Унутуп калган турбаймбы! – деди Жеңиш турсасын кийип жатып. – Сени "Таалайы тайкылар" китеби боюнча жазылган сериалдын үстүндө иштегени жатат деп уктум эле, – деп ал керебетке отура калып, байпагы менен бут кийимин кие баштады.
– Ал сериалга азырынча акча таба элекмин, – деп мостоюп жооп берди, сиркеси суу көтөрбөй, ого бетер жини келе баштаган Гүлбарчын.
– Ошого тартылсамбы дедим эле. Самаган Давлеталиев бир жолу ошол китеп жөнүндө жакшы ойлорун айткан. Ал экөөбүз эски достордонбуз деп сага айттым беле? – деди Жеңиш, бул айтканы Гүлбарчынга укмуш таасир этет деп ойлоду окшойт. – Ошол мени Үсөнбектин ролуна ылайыктуусуң деген.
Гүлбарчын баарын эми түшүндү. Ал айтып жаткан кейипкер сериалдагы башкы каармандардын бири болчу жана Жеңиштин сырткы келбети чын эле бул ролго ылайыктуу эле. Демек, мергенчи өзү эмей эле, Жеңиш тура. Бирок Гүлбарчын ага аял катары эмес, кирешелүү контрактка жеткире турган каражат катары кызык болгон экен. Анан калп эле тартынчаак, адептүү болумуш болгон тура. Престиждүү долбоорго актерлордун дээрлик баарын өзү танданган, бул кечте кызымтал болуп калган жалгыз бой аялдын бөлмөгө чакырышын, анан төшөккө тартышын күтүп, атайын эле коридордо ары-бери басып турган экен да бул оңбогур.
Анан калса, өзүнүн сексуалдык дараметин ашкере жогору баалап алганын көр. А бирок Жеңиш төшөктө кара терге түшүп, ыйынып-ычкынып жатып, Гүлбарчынга укмуш ырахат тартууладым деген ойдо калган. Андыктан өзүнүн амалкөй планынан сөзсүз натыйжа чыгат деп терең ишенип турат.
– Абдан өкүнүчтүү, – деди Гүлбарчын.
– Эмне "өкүнүчтүү"? – деп сурады Жеңиш.
Анан уруксатсыз эле бокалына толтура шампан куйду.
Гүлбарчындын чыдамы чегине жетти. Көптөн берки сексуалдык кармануусу менен ичимдиктин айынан кетирген катасын оңдоого убакыт жетти окшойт. "Бул актер сөрөйгө анын чыныгы орду кайда экенин көрсөтпөсөм элеби! " – деп Гүлбарчын аны мисирейип карады да:
– Кечирип кой, Жеңиш, бирок мен сага ал ролду бере албайм. Мени менен төшөккө жаткан актерлор менен андан ары чогуу иштешпейм деген эрежем бар. Кыскасы, иш менен төшөктү аралаштырбайм, – деди.
Жеңиштин эси эңгирей түштү.
– Бирок сен өзүң айтпадың беле...
– Жакшы бар, Жеңиш. Менин жалгыз калгым келип жатат.
– Уксаң! Эгер бирөө жарым билип калат деп корксоң... Мен эч кимге айтпайм. Андыктан... – деп тебиреп жиберди ал.
– Жетишет, Жеңиш! Кет! – деп кайталады Гүлбарчын. – Мен аябай чарчадым.
Гүлбарчын чын эле ылдамыраак жатып эс алгысы келип, жаны жер тартып турган. "Ойношторумду ишке албайм" дегени да чын болчу. Анын ошондой айныксыз эрежеси бар эле. Жадагалса күйөөсү үчүн да ал бул эрежесинен баш тарткан эмес, экөө ошонун айынан ажырашып тынышкан. Ал эки күндүн биринде эле ушунун тегерегинде жаңжал чыгарып, Гүлбарчынды беймаза кыла бергендиктен, "бул менин тасмаларымдагы башкы ролдорго ээ болуш үчүн гана мага баш кошкон турбайбы" деген да ой кеткен.
Гүлбарчын бирок ага ийгиликтүү карьера жасоого жардамдашуудан баш тарткан. Канча жолу мындай ыкма экөө үчүн тең туура эмес экенин кан какшап түшүндүргөнүнө карабай, эри анын бул мерездигин кечире алган эмес. Күйөөсүнүн тилине кирип, башкы ролдорду ошого эле бере берсе, эртеби-кечпи эл арасында алардын чыгармачыл тандеми жөнүндө ушак-айың тарамак да, күйөөсүнүн актерлук аброю төмөндөмөк. Ал эми өзү үчүн мындай биригүү анын кесиптик чынчылдыгына доо кетирип, карьерасынын кыйрашына алып келмек. Гүлбарчын өзүнүн чынчыл жана өз ишин мыкты билген продюсер деген наамынан ажырап калгысы келбейт.
4-бөлүм
Таң калып көздөрү чакчайган Жеңиштин шаабайы сууй түштү. Ал өзүнүн көптөн бери кыялданган пландарын өз колу менен кыйратып алганын жана жаңы сериалдагы башкы ролдордун бирине оңой эле жетем деген бала кыял ою таш капканын түшүндү.
– Жакшы бар, Жеңиш! – деп дагы кайталады Гүлбарчын.
– Мен сага телефон чалам, – деп мыңкылдады Жеңиш.
– Чалбай эле кой! – деген Гүлбарчын кире беришке барып, сырткы эшикти кенен ачты.
Башы шылкыйган Жеңиш көк баштыгын колуна кармап, тунжурап коридорго чыкты. Анын артынан Гүлбарчын эшикти тарс эттире жаап алды.

"Кыргызтеледолбоор" телекорпорациясынын административдик кеңсеси жакында эле ремонттолгон Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттан орун алган. Бул компаниянын жетекчилеринин бири Эркин Жетигенов менен жолугушууга Гүлбарчын өзүнүн эң жарашыктуу кара костюму менен ак кофтасын жана жумшак кара замша туфлисин кийди. Ал такси менен Манас көчөсүнүн бурчуна чейин жетип алды да, кооз дүкөндөр менен кафелер жайгашкан чоң көчөнү бойлой шашпай келе жатты. Бир нерсе сатып алайын деген деле ниети жок, жөн гана жолугушууга чейин калган бир аз убакытты сейилдеп басып өткөрөйүн деп ойлоду. Ошентсе да, "Айпери" дүр-дүйнө дүкөнүнүн витринасындагы жаңы көргөзмөнү байкаганда кирбей өтүп кеталган жок. Гүлбарчын жолдун аркы бетине өтүп, чакан кооз сумкасын колуна кысып, дүкөндүн босогосун аттады. Бирок ичкери кирип, асмандаган баалар тиркелген көйнөктөр илинген катарды көздөй басканда өзүнүн көптөн бери жолуга элек эски курбусун көрүп калды.
– Айганыш!
– Гүлбарчын!
Алар кучакташып өбүшүп калышты.
– Кана, сени бир карап алайынчы! – деди курбусунун кучагынан бошонгон Гүлбарчын. – Баштагыңдан жазбай супсулуу болуп жүрөсүңбү? Айтчы деги кандайсың, кайда жашап жатасың? Сенин борборго кайтып келгениңди уккан эмес элем го.
– Сен да абдан жакшынакай болуп алыптырсың, – деди Айганыш аны баштан-аяк сыдыра карап алып. – Фамилияңды популярдуу телесериалдардын жазууларынан окуп калып жүрөм. Сен үчүн аябай кубанычтамын, курдаш!
– Эң негизгиси, экөөбүз акыры бири-бирибизди таптык! – деди Гүлбарчын.
Экөөнүн бири-бирин көргөндө чын дилден маңдайы жарыла сүйүнүшкөнү да төгүн жерден эмес эле, алар студенттик жылдардан бери эле эң жакын курбулардан болуп калышкан. Эки жарым жылдан ашык бир батирде турушкан, студенттик жылдардын кайгысын да, кубанычын да тең көрүшүп, бир сындырым нанды тең бөлүп дегендей, ынтымактуу жашашкан. Кайда барышса да экөө эгиз козудай болуп ээрчишип барышчу, экзамендерге да чогуу даярданып, оор учурда бири-бирине жөлөк-таяк болгон сырдана курбулардан эле. Айганыш мамлекеттик стипендиянын эсебинен гана күн көргөнүнө карабай, кабагым-кашым дебеген чыдамкай, шайыр, күлкүчү кыз болчу. Жанында Айганыштай түшүнүктүү, камкор курбусу болбогондо Гүлбарчын университетти артыкчылык диплому менен аяктайт беле, айтыш кыйын. Айганыш болсо өзүнө караганда курбусуна көбүрөөк күйпөлөктөп жүрүп, аягында илимий даражага да жетпей калган.
Бул алардын ортосундагы жалгыз айырма эмес болчу. Гүлбарчын өз карьерасын кылдат пландаштырып, телевидениеде иштесем деп ак эткенден так этип жүргөндө Айганыш кезектеги жигитке ашык болуп, анын жүрөгүн багындыруудан башка эч нерсеге кызыкчу эмес. Журналистикага кызыккандай эле түр көрсөткөнү менен ал тармакта иштейм деп жулкунган жок, окуулары аяктаганда бир дагы телекомпания аны жумушка албай койду. Ал эми Гүлбарчын болсо "Бешинчи" каналга оңой эле орношуп алды.
Кыздардын тышкы келбеттери да бири-бирине окшош эмес болчу. Гүлбарчын узун бойлуу ак жуумал, ал эми Айганыш кичинекей кара тору кыз эле. Гүлбарчындын териси ак, Айганыштыкы каралжын тартып турат. Айганыш коймолжуган кара көздүү, Гүлбарчындыкы болсо көгүш-күрөң болуп кетет. Алтургай бул эки курбунун кийимге болгон табити да эки бөлөк: Айганыш ачык түстөгү модалуу кийим-кечени жактырса, Гүлбарчын дайыма күңүрт, мойну-башы жабык, тыкан жана бышык кийимдерди сатып алчу.
– Качан кайтып келдиң эле? – деп сурады Гүлбарчын.
Эки жыл мурун жөнөткөн акыркы катында курбусу өзүнөн бир топ жаш улуу, мал менен байыган оокат-жайлуу нарындык кишиге турмушка чыгып, аны менен Нарынга кетип баратам деп кабарлаган. Шаардык жигитке турмушка чыгып, өмүр бою шаарда жашасам деп кыялданган жан курбусунун бул катына Гүлбарчын ошондо аябай таң калган. "Башка түшсө, байтал жорго" деген ушу тура деп улутунуп койгон өзүнчө. Айганыштын жазганына караганда тиги ашкан бай фермер күйөөсү болгон мал-мүлкүн анын бут алдына төшөп салыптыр. Аялзатына мындан ашкан бакыт барбы.
– Жарым жыл мурун, – деп жооп берди Айганыш.
– Анан ошондон бери телефон чалганга жараган жоксуңбу, ботом?
– Эмне үчүн сени менен байланышпаганымды өзүм да билбейм, – деп ийиндерин куушурду курбусу. – Сен эми атактуу адамсың да, коомдун "каймактары" менен аралашып жүрөсүң, өзүмдү таңуулап жаткандай болбоюнчу дедим окшойт.
– Андай сөзүңдү уккум да келбейт! Экөөбүз доспуз го. Кайда жашап атасың? – деп сурады Гүлбарчын.
– Жакын эле жерде. Бурчтун ары жагында!
– Киев көчөсүндөбү? Сонун жерден орун-очок алыпсың го!
– Ооба, мурунку академиктерге деп салынган чакан үйлөрдүн бирин сатып алгам. Кире кетпейсиңби? Шам-шум этип, сүйлөшүп отуралы.
Гүлбарчын кол саатын карады:
– Азыр баралбайм, иш боюнча жолугушууга бараттым эле. Бирок саат бирлерге бошоп калам.
– Жакшы болот. Бошоруң менен меникине келе кал. Мен тамак дайындап турайын.
Айганыш алтын түстүү сумкасынан кызыл капчыгын алып чыгып, Гүлбарчынга визиттик карточкасын сунду.
– Гуля, сени жолуктурганыма жетине албай аябай сүйүнүп жатам! Дарегим карточкада. Сени чыдамсыздык менен күтөм.
– Бир аз кечигип калсам таарынба, макулбу? Жолугушуу көпкө созулуп кетиши мүмкүн, – деп эскертти Гүлбарчын.
Ошол учурда сатуучунун сары күрмөсүн кийген шыйпаңдаган жигит алардын жанына келип, жардам керек беле деп сурады.
– Мен тээтиги жашыл жибек юбканы кийип көрсөмбү дедим эле, – деди Айганыш. – Кайдан кийип көрсөм болот?
– Мен сизди ал жакка узатып койоюн, айым, – деди сатуучу жигит шыпылдап кийим илгичтен юбканы ала коюп.
– Кой, мен да барайын! – деди Гүлбарчын, тиги көчүгүн чайпап ары басып бараткан сатуучу жигитти карап, анын жамбашындагы бир бурамасы шылкылдап бошоп калган го деп ойлоп койду.
– Бир бөтөлкө шампан ачып турам! – деп Айганыш артынан кыйкырып калды.

Шампан белгилүү "Ля-Рошель" маркасыныкы, ал эми "чакан үй" дегени заңгыраган үч кабаттуу кооз там экен. Биринчи кабатта ашкана, тамактануучу жай жана конок бөлмө жайгашкан, күңүрт кызыл жыгачтан оюу түшүрүлүп жасалган жана жылтырата лакталган кенен тепкич менен өйдө көтөрүлгөндө чоң конок үй, үчүнчү кабат болсо толук бойдон кожейкеге ылайыкташтырылып жасалыптыр. Ал жакта чоң ваннасы жана лоджиясы менен уктоочу бөлмө бар экен. Далдайган кенен лоджияда кооз идиштерге отургузулган ажайып кооз гүлдөрдүн жыпар жыты аңкыйт, тамак ичүүчү оор үстөл менен төрт отургуч жана чалкалап жатып күнгө кактана турган эки шезлонг турат. Уктоочу бөлмөнүн терезелери түштүктү карайт, андан жашыл бакка курчалган чакан короону көрүүгө болот. Балкондо жөн эле отуруп алып эс алуунун өзү эле жанды сергитет, анткени Бишкектин борборунда ушундай тынч, ажайып жайды табыш оңой эмес.
Коногун үстөлгө отургузган Айганыш биринчи кабаттан лифт менен алып келген мөмө-жемиштерди идиштерге салып, дасторкон жайып жана акыркы жылдарда башынан өткөндөрүн курбусуна бежиреп айтып берип жатты. Гүлбарчын жымжырттык менен жайбаракат абалга магдырай түшүп, жасмин менен ландыштардын керемет жыты аралашкан салкын абадан кере-кере дем алып, шампандан ууртап-татып коюп, курбусунун кызыктуу баянын тыңшап отурат.
– Биз Акылбек экөөбүз Нарынга жаңы эле көчүп келгенде, – деп жатты Айганыш себеттен тамак-аштарды алып чыгып жатып, – ал фермадагы жумуштун баарын башкармам өзү бүтүрөт деген. Бирок көп өтпөй эле анысы короо-жайды караганга жетишпей жатат деп эки күндүн биринде эле ал жакка бара берчү болду. Адегенде бир-эки күнгө барып келсе, кийинчерээк жумалап жүрүп алды. Бир аз убакыттан кийин мен аны таптакыр эле көрбөй калдым. Анан ал мени ошол жердин түбүндөгү кашарга жашайлы деп көндүрө баштаса болобу. А мен, өзүң билесиң го, же бир да дүкөн, же кафе жок аңгыраган талаага барып кантип жашайт элем!
– Аның чын! – деп Гүлбарчын күлүмсүрөп башын ийкеди.
– Мына ошондуктан Бишкекке кайра баса бердим!
– Анан ушул үйдү сатып алдыңбы?
– Ажырашып атканда байкуш Акылбек менден акчасын аяган жок. "Ажырашпай эле койолу, каалаганыңдай болот, Бишкекке десең Бишкекке жаша, мен сага бир аптада бир жолу келип турам" дейт. Анысына көнбөй койдум. Отурат экем да жалдырап аны күтүп!
Акыры Айганыш өзү да отуруп, жеңил кенен шортачан бутун сунду. Узун кара чачын кежигесине байлап алган.
5-бөлүм
– Уячаң абдан жайлуу экен, – деп Гүлбарчын анын турагын мактады.
– Бул жерде менин кымындай да салымым жок, үй сатып алынган, жасалгасын дизайнер ойлоп тапкан, – деди Айганыш.
– Бирок үйдү сен таптың да! – деп Гүлбарчын каршы болуп, курбусун мактап койгусу келди.
Курбулар көп жылдар бою айрылышпай эле чогуу жүрүшкөнсүп, баштагыдай бири-бирин карап, бир маалда каткырып жиберишти. Алар өздөрүн кайрадан кандай гана тема болбосун тартынбай, бири-бирин таарынтып алам деп коркпой сырдашып, көңүлдүү күндөрдү бирге өткөргөн шайыр кыздардай сезип кетишти.
Ышталган семга балык кызарта куурулган ак нан жана жашылча салаты менен абдан даамдуу болуп калат экен. Гүлбарчын Айганыштын бокалына шампан куйду.
– Өзүңчү, кандай жашап атасың? Күн сайын коомдун "каймактары" менен аралашып, алар менен алака түзүү, иш алып барыш оңой болбосо керек, ээ? – деп сурады курбусу.
– Бирок мен, сен айткандай, "каймактар" менен аралашпайм деле! – деп Гүлбарчын шампандан ууртады.
– Койчу ай! Алдыңкы телепродюсерлер кантип эле ак сөөктөргө кирбесин?
– Мен андай деп ойлобойм, жөн гана өз ишимди аткарып жүрөм.
– Гүля, сен бет алган багытыңдан кайра тартпай, дайыма көгөрүп отуруп максатыңа жетчү элең, ээ. Сендей аракетчил болуп калсам эмне!
– Билесиңби, мен да турмушка чыгып, кайра ажырашууга үлгүрбөдүмбү, – деди Гүлбарчын.
– Апей, турмушка чыктың беле? Башка бирөөдөн уксам ишенмек эмесмин. Мен сени жумушунан башканы билгиси келбеген түркөй неме деп жүрсө.
– Мен ошол бойдон эле калдым. Күйөөгө чыгып, башка аялдардай бактылуу болом го деп ойлогом, бирок андай болгон жок. Ошону бекер эле кылыптырмын!
– Аның кандай неме эле? Айтып берсең! – деп суранды Айганыш.
– Ортозаар актер болчу. Башында мени сүйгөндөй сезилчү, көрсө мен анын алдыга умтулган укмуштай карьерасына тепкич гана болуптурмун.
– Тигини! Аның даана шүмшүк тура! – деп Айганыш кейиштүү улутунду.
– Ооба, туура айтасың, – деп Гүлбарчын башын ийкеди. – Сезимдериме жетеленип, ойлонбой иш кылган экенмин. Мындан ары сагыраак болом жана буга окшогон каталарды кетирбейм.
– Сенде эмне күнөө, – деп Айганыш чечкиндүү айтты. – Ал өзүнүн эбегейсиз чоң аспабы менен мээңди айландырып алды да, ошондойбу?
– Жок, андай эмес! – деди Гүлбарчын.
– Килтейген алигиси болбосо, анан эмнесине алдандың? – деп курбусу таң калып сурады.
– Сексте анчалык деле чебер уста эмес болчу, – деп Гүлбарчын өкүнгөнүн жашырбай айтты. – Тагыраак айтканда, экөөбүз бири-бирибизге туура келген жокпуз. Мен эстен тандырган, мээни айландырган романтикалык мамилелерди эңсегем. Акылбек экөөңөр таанышканда сен да ошондой болдуң беле?
– Акылбектин алигиси айгырдыкындай болчу, – деди курбусу.
– Чын элеби? – Гүлбарчын таң калганынан оозун ачып кала жаздады.
– Ал анысы менен аялды кантип балкытышты да мыкты билчү, – деп кошумчалады Айганыш. – Аны менен болгон сайын асманга көкөлөп учуп чыкчумун.
– А мен болсо дайыма секс менен бийик сезимдерди чаташтырып алып, ошол адатымдан көп жапа чектим, – деп Гүлбарчын күнөөсүн мойнуна алды.
– Бул кемчилигиңди студенттик жылдардан бери эле билем, – деди Айганыш. – Ошондо эле бир нече жолу оозуңду ысык сүткө күйгүзгөнсүң. Бул эки нерсени чаташтырып кереги жок деп какшап эле жатчу элем го.
– Эми мындан ары секс менен гана чектелейин деп чечтим, – деди Гүлбарчын.
– Ошондой эле кылганың жөн, ээлеген кызматың да ошого ылайыктуу! Анын үстүнө, кол алдыңда дайыма сулуучумак актерлор толтура жүрөт! Атаңдын көрү, эгер сенин ордуңда болсом, аларды катарга тизип, чекесинен чертип туруп аспабы эң чоңун тандап алмакмын, – деди ага көз арткан Айганыш. – Эмне минтип карадың? Эмне, сексте кыйынчылыктар болуп жатабы?
– Ачыгын айтсам, менимче, төшөк мамилесинде мен бир аз башкача окшойм... – деп Гүлбарчын ишенимсиз күбүрөндү.
– Башкача дегениң кандай? – деп сурады тикирейе тиктеген Айганыш.
– Мен анымды студент кезимде эле байкагам, – деди Гүлбарчын. – Бирок агезде жаштыгым менен маңыроолугума шылтап койчумун. Албетте, жигиттерге айып такчумун, алардын баары чыдамы жок, орой болушчу...
– Андай экенин айтып, даттанчу эмес элең го, – деп Айганыш кытмыр күлдү. – Алар артыңдан тим эле үйүр-үйүр болуп чуркап жүрүшсө эле төшөктө укмуш турбайбы деп жүрбөймбү сени.
– Ооба, агезде эң сонун күндөр өтпөдүбү. Бирок жаштыгымдан жана баары биринчи болуп жатканынан гана мага ошондой сезилгенин кийин түшүндүм. Жылдар өткөн сайын бара-бара секстен баштагыдай жакшы сезимдерди албай калдым. Азыр баары менин оюмдагыдай эмес, бир нерсе жетишпей жаткансыйт...
Гүлбарчын кептин нугу байкалбай көптөн бери жүрөгүн өйүп жүргөн купуя темага бурулганына ичинен кубанып да турду. Жеңиш Шаршенов менен болгон жагымсыз окуядан кийин жеке жашоосуна көңүл бурбаса болбой калганына дагы бир жолу ынанган. Жакын курбусунан башка ким менен бул темада кысынбай кең-кесири сырдаша алат эле?
– Сага бир жакшы эркек керек! – деди капа боло башын чайкаган Айганыш. – Эсиңди оодарып, оргазмдын туу чокусуна жеткире турган эркек болсо гана, атаганат!
– Ачыгын айтсам, – деди Гүлбарчын, – Менде чыныгы оргазм эч качан болбосо деле керек. "Сериалдан" окушума караганда аның тим эле шумдук неме турбайбы. Бир эмес бир нече түрү болот экен. Азырынча оргазмдын кын тилдигин да, кындагысын да, деги койчу, эч кандайын көрө элекмин.
Ал үшкүрүп алып, тартайып өскөн кактусту карап ойлуу отуруп калды.
– Бирок экөөбүз окуп жүргөндө, баягы бир батирде чогуу жашачуда "ах, ох! " деп эле онтоп атканыңды укчу элем го! – деп Айганыш курбусуна сөөмөйүн кезеди. – Демек, качандыр бир кезде оргазм баары бир болгон да, туурабы?
– Чын эле ошентчү белем? Эсимде жок. Ал жөн эле жаш кыздын секске кубанып кыйкырганы болсо керек. Жасап жаткан ишимди ойлосом эле дүүлүгүп чыкчумун, бирок калп эле акыштап, чындап терең ырахат ала алчу эмесмин.
Ал шампандан чоң ууртап, улутунуп алды.
– Андай болсо сени өз колума алышым керек экен, – деди Айганыш. – Мен сага бир нече пайдалуу кеңеш берем. Оргазм жаатында меники таптакыр тескерисинче: өзүмдү кармана албайм, көз-ачып жумгуча эле бүтүп жиберем. Эркекке сөйкөнүп койсом деле, же болбосо тармал үңкүрүмө анын алигиси баш багары менен эле бүтүп калышым мүмкүн. Албетте аныкы да ошол замат элжиреп эрип, алаамдан агып түшөт. Мен ошондой угуттуумун! – деп ал бөрсөйгөн эриндерин жаланып, көзүн сүзүп койду.
– Үндү да кудай берген сага, – деп күлдү Гүлбарчын. – Сен үнүңдүн болушунча акыштай баштаганда кошуналар дубалды койгулап жиберчү эле го.
– Кудайга шүгүр, эми минтип ээн үйдө жалгыз жашап жатам, анткени ошол оңбогон адатым дагы деле бар, – деп жылмайды Айганыш.
– А секстен колуң бошой калганда эмне менен алектенесиң? Кайда иштейсиң? – деп сурады Гүлбарчын, ал өзүнүн маселеси жөнүндө жетиштүү эле сүйлөштүк окшойт деген ойдо.
– Дүкөндөрдү кыдырам. Кыргызстанда жеңил өнөр жайдын, соода-сатыктын өнүгүшүнө өз салымымды кошуп, көзүмө көрүнгөн чүпүрөк-чапыракты сатып ала берем, – деп жооп берди Айганыш. – Кыскасы, бай ойношумдун багуусунда жашайм.
– Тамашалап жатасыңбы? – деп сурады көздөрү чакчая түшкөн Гүлбарчын.
– Жок, тамашасы жок эле айтып жатам. Мен бир чоң бизнесмендин ойношумун. Ал Кыргызстан эмес, бүткүл Борбордук Азия чөлкөмү боюнча соода тармагындагы экинчи эң бай жана абройлуу адам. Бишкекте, Астанада чоң базарлары, соода түйүндөрү бар. Катыны бар, бирок ал шордуу төшөктө канааттандыра албайт экен. Мен күйөөм менен ажырашкандан кийин эс алып, мээмди сергитип келейин деп Анталияга барбаймбы. Ошол жактан Кыргызстанга учуп келе жатып учактан аны менен таанышып калдым. Экөөбүз учак Бишкекке конору менен эле мейманканадан бир бөлмө алып, ойда кумарга баттык. Ал төшөктө тим эле укмуш ойнош экен, экөөбүз таң атканча колдонбогон секстин түрү деле калган жок. Ошентип мамилебиз андан ары уланып кетти. Азыр өзүнө ыңгайлуу учурда келип, каалаганындай эметип алып үйүнө кетет. Кээде меникинде калып калат. Ою менен болгонум үчүн акчасын аябайт, айтканымдын баарын кылат. Чынын айтсам, бул заңгыраган үй да көбүнчө анын акчасына алынган. Төлөмдөрүмдүн баарын айттырбай төлөп турат. Айтор, мен абдан кымбат баалуу сойкумун.
– Анан ушул абалың сени бушайман кылбайбы? – деп суроо узатты Гүлбарчын.
6-бөлүм
– Эмнеге бушайман кылмак эле? Тескерисинче, мага майдай эле жагат. Каалаган нерсемди ала алам. Ал да баарына ыраазы. Баары оңой жана жөнөкөй. Мен аны сүйбөйм, ага турмушка чыккым келбейт, төшөктө ал мени кандырат. Гуля, "ушундай да болобу, шумдугуң кургур? " деп таң калып турасыңбы? Түшүнөм, сен үчүн бул жапайы көрүнүш. Бирок мен өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдү бактылуу сезип атам. Сен өзүңдү карьераңа толугу менен арнап, азыркы абалыңа талыкпас эмгегиң, кажыбас кайратың менен жеттиң. Ал эми мендейлер кантет? Өзүң билесиң, акылдан кудай айтпаптыр, анткен менен эркектерге дайыма жакчумун. Сексти да жанымдан артык көрөм. Анан дагы үйүмдү таза жана жайлуу кармаганды билем. Мен деле бул турмушта бир нерсеге жеттим да, туурабы?
– Анын аялычы? Ал билеби? – деп Гүлбарчын кабатыр боло сурады.
– Тигинин айтканына караганда анысы эринин ойнош күткөнүнө каршы эмес экен. Ишигылса, ушундай адамга күйөөгө чыгып жатканда эмнеге барып жатканын түшүнсө керек. Анын үстүнө, өзү түзүгүрөөк кандыра албаган соң сөзү кыска да, – деди Айганыш. – Иши кылып, менин абийирим таза.
– Экөөбүз таптакыр эки башка турбайбызбы! – деди Гүлбарчын башын чайкап.
– Аның чын! Америкалыктар айткандай, ар ким өзү каалагандай чүчүтөт.
Курбулар каткырып күлүп жиберишти. Булуттардын арасынан көрүнө калган күн алардын тамылжыган жүздөрүн нурдантты.
– Анан маселеңди кантип чечсем деп ойлоп жатасың? – деп сурады Айганыш.
– Кайсы маселемди? – деп кашын серпти Гүлбарчын.
– Сексте канбаганыңды айтып жатам!
– Аа, ошонубу! Ал маселе деле эмес. Жөн эле көңүл калуу десем да болот.
– Анан чоң маселеге айланганча күтө турайын деп атасыңбы?
– Сенин оюңча мен эмне кылышым керек? Сексопатологго барышым керекпи?
– Андан көрө фаллоимитатор сатып ал, же ыйкагычын танда. Экөөнү тең сатып алсаң андан да жакшы болот. Бул пайдалуу оюнчуктарды колдонуп көрдүң беле? Жөн айтсам, жасалма чочок менен өзүңдү кандырып көрдүң беле?
– Жок, – деп Гүлбарчын эмне дээрин билбей күбүрөндү. – Эмне, азыр ошондой модабы?
– Иий, маңыроом, аялдар аны атам замандан бери эле колдонуп келатышат. Менин Нарындагы бир курбум ошону такай колдонуп, эркектерсиз эле сопсонун жашап жатат. Башында ал бечара да сендей болуп азап тартып жүргөн. Кантип чүчүтөсүң, андан көрө ошону айтып берчи?
Гүлбарчын курбусун акырая карап алды да, эриндерин жаланып, ачыгын айтты:
– Мен аны кээде эле жасайм. Антип кумарымды кандырган мага жакпайт.
– Ыйкагыч сатып ал! – деп Айганыш ишенимдүү айта салды. – Өзүңдү таптакыр таштап салган турбайсыңбы. Аны тезинен сатып албасаң болбойт! Тиги курбум жасалма мүчөнү кантип колдонушту мага да үйрөтүп койгондон бери жыргап эле калдым. Мурда муну жөн эле бир болбогон обу жоктордун оюнчугу деп ойлочумун. Эми болсо жасалма чочок менен кумарымды кандырганга жедеп көнүп алыптырмын, эки күндүн биринде эле аны менен жарпымды жаза берем. Анын үстүнө ал биздин аялдык организмибизге да абдан пайдалуу. Ар бир булчуңду машыктырып турбаса, бара-бара шалбырап, жансыз болуп калат.
Гүлбарчындын көзү чанагынан чыгып кете жаздады.
– Койсоңчу эй, кайдагыны баштабай!
– Жок, андай эмес. Медицина жана менин жеке тажрыйбам далилдеген факт! – деп Айганыш шаңкылданып күлүп калды. – Андан эмнең кемип кетмек эле? Өзүң деле көрсөң! Эртең кечинде бошсуңбу?
Эртеси ишемби болуп калган, дем алыш күндөрү Гүлбарчын эч нерсени пландаштырбай, эч жакка барбай, үйүндө эле жалгыз отурчу.
– Бош элемин го, – деп жооп берди ал.
– Андай болсо Болот экөөбүзгө кошулбайсыңбы! Анын досун да чакырып, кече өткөрөбүз. Көңүл ачабыз, макулсуңбу?
– Сен эмне, мени эркек менен тааныштырайын деп жатасыңбы? – деп Гүлбарчын акырын сурады.
– А эмне, дем алышта телевизорду тиктеп, жалгыз отурганың жакшыбы? Же чын эле жанагы оюнчукту сатып алайын деп чечтиңби?
– Болуптур, сен айткандай болсунчу! – деп Гүлбарчын макул болду.
– Дарегиңди жазып бер, үйүңдөн өзүм алып кетем. Ылайыктуу кийим кийгениңди өзүм көзөмөлдөбөсөм болбойт. Кече – бул иш боюнча жолугушуу эмес. Баса, сен үчүн, менин билишимче, алардын ортосунда айырма деле жок.
Гүлбарчын бырс күлүп жиберди, Айганыштын айтканы туура болчу. Экөө кийим-кечеге келгенде эле талашып-тартышып жатып калышчу. Романтикалык жолугушууга Айганыш кыска юбка менен төшү ачыгыраак кофта же көйнөк кий десе, Гүлбарчын көшөрүп болбой, бир өңчөй, мойну-башы жабык кийим кийип алчу.
– Мен сага көйнөктү өзүм тандап берем, – деди Айганыш. – "Вефа"дагы "Жарашык" бутигине барабыз, ал жердеги андан башка дагы ич кийим менен бут кийим саткан үч бутик Болотко карайт.
Башка бирөө ушинтип айтса, Гүлбарчын таарынып калмак. Бирок Айганыш кандай сөз айтса да кечирчү. Анын үстүнө, "кийимге болгон көз карашымды өзгөртсөм эмне болот эле" деп ойлоп койду. Мүмкүн кыска юбка менен төшү ачык блузкаларды кие турган кез келгендир.
– Мен сага саат беште барам! – деп чечкиндүү сүйлөгөн Айганыш бөтөлкөдө калган шампанды бокалдарга куюштурду.

2 – бөлүм

Гүлбарчын Жаш Гвардия бульварынан анча алыс эмес Жибек-Жолу көчөсүндөгү эски, алачыктай болгон үйлөрдүн ордуна тургузулган чакан, бирок заманбап үлгүдө салынган үйлөрдүн биринде жашачу. Үйдүн архитектурасы да, бульварга жакын жайгашкан бул кварталдын өзү да ага абдан жагат. Шаардын борбордук бөлүгүндөгү эски стилде салынган заңгыраган тамдардын биринде жашоого эч качан умтулган эмес. Анын үстүнө, андай үй сатып алса, үй кызматчы жалдаганга туура келмек, андан көрө ашыкча чыгашасы, убаракерчилиги жок тынч жашаганы артык эмеспи.
Үйүнө кечки алтыда келди, автожоопбергичтеги билдирүүлөрдү угуп, келген каттарга көз жүгүрткөнчө дагы бир саат өтүп кетти. Иш бөлмөсүнүн терезеси көчө жакты карайт. Ал жакты карай калып, үйдүн жанына мотоцикл келип токтогонун, андан түшүп үйдү көздөй келе жаткан чабарманды көрдү. Ал мурда да зарыл почта же телекомпаниялардын сценарийлерин жеткирип келип жүргөн. Ошондуктан аны көрө коюп, коңгуроо кагылганча күтүп отурбай сыртка чыкты.
– Саламатсызбы, Гүлбарчын Касымалиевна! Бул жерге кол коюп коюңуз, – деди тиги чабарман жигит суук тийген каргылданган үнү менен. Башындагы шлемин өйдө кылып, Гүлбарчынга каттоо журналын сунду.
Анын кайыш күрмөсүнө кептелип нымшыган денесинин тер жыты аялдын мурдун өрдөп кетти. Сыягы, бул рокер жигит уктаганда да үстүндөгү кайыш күрмөсү менен башындагы шлемин чечпейт көрүнөт. Гүлбарчын каттоо журналына чиймелеп кол коюмуш болду да, бандеролду алып, чабарманга ыраазычылык билдирип, эшикти жапты.
Оромонун сырткы көрүнүшү башкача эле, жөнөткөн адамдын аты-жөнү жок, ал эми алуучунун дареги баш тамгалар менен колго жазылган. Гүлбарчын аны арыдан-бери ача салып, ичинен алтын түстүү жылтырак кагазга оролгон узатасынан кеткен кутучаны тапты. Бүйрү кызый түшкөн Гүлбарчын конок үйгө келип, диванга отура калды да, кутуча капталган жылтырак кагазды сыйрыды.
Сүйрү кутучанын тышындагы "Тез ыйкагыч кубаттуу вибратор" деген жазууну окуганда Гүлбарчын каткырып жиберди. Айганыш белегине кошуп карточкага кооз тамгалар менен "Ырахаттан! " деп жазып жибериптир.
Айганыш курбуларына белек бергенди аябай жакшы көрөр эле. Бул жолу ал оригиналдуу гана эмес, эң керектүү белек тандаптыр. Ыйкагыч бир топ эле оор экен. Адамдын денесине түспөлдөш пластмассадан жасалган бул аспап эркектин кооп турган олжогойуна окшош жана бир аз ийилип турат. Төмөн жагында аны кыймылга келтирүүчү топчу жана ылдамдыгын жөнгө салгыч шакекчеси бар. Олжогойдун баш жагы томпоюп, кан тамырлары көгүш тартып көөп турат. Айганыш ага таш салганды да унутпаптыр, анткени "таштар комплектке кирбейт" деп кутунун тышына жазылган. Антпесе Гүлбарчын чын эле секс-шопко кирип, мындай буюм сатып алганга чыгынбай жүрө бермек. Эми камкор курбусу Айганыштын арты менен бул аспап колуна тийген соң аны иш жүзүндө байкап көрбөсө болбойт го.
Точпуну басты эле сыйкырдуу механизм дырылдап акырын иштей баштады. Чочуп кеткен Гүлбарчын ыйкагычты колунан түшүрүп жиберди, ал тизесине кулап түштү. Ошол замат сандары жагымдуу титиреп, аласында таттуу сезим пайда болду. Гүлбарчын коркконунан онтоп жиберип, ыйкагычты өчүргөнчө шашты.
Бир азга демин басып тынчтанып, баарын кылдат ойлонуп албаса болбойт. Шампанга бираз кызый түшкөн байкуш ичи элжиреп кетип курбусуна ымандай сырын ачып таштабады беле. Гүлбарчын чын эле бир да жолу анык оргазмга жеткен эмес. Эселек кезинен эле сүйүүнүн сыйкырдуу ыкмаларын үйрөтө турган келишкен сулуу ханзаадага жолугам деп кыялданчу. "Акыры аны менен китеп-журналдардан окуган керемет сүйүүнү сезип, кумардын таттуу толкунунда чабак урам жана ошол замат көптөгөн маселелерим өзүнөн-өзү чечилет" деп ойлочу.



Жазыл,
төлө,
билесиң!


"АЛАМ!"
дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Айгыр бийкечти алам!"
деген кабар келет: