Жаныбек Жанызактын
"Ажайып түндөр" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
50 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ажайып түндөрдү алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ажайып түндөр

эроповесть
Ажайып түндөр
Аннотация
Терең кризиске кабылган таланттуу сүрөтчүгө эмне керек? Эргүү. Илхом. Аны кайталангыс шедеврлерди жаратууга шыктандырган гана аял эмес, ага чыныгы дене жыргалын тартуулай ала турган ашынган ойнош керек. Эч бир чектөөлөрдү, мыйзамдарды билбей жалбырттап күйгөн кумар отунун ысык табына кактап туруп, буркан-шаркан түшүп, толкуп-ташкан лаззат дайрасына сала турган сезимтал, наздуу, нагыз аял керек.
Искусство кантип жаралат?
Лаззаттын оттуу кучагында гана!

1-бөлүм
- Иий, айта бер! - алар отурары менен чыдамы кетип сурады Кундуз.
Бактыгүл кыпкызыл эриндерин жалап алып, оор улутунуп:
- Чынын айтсам, эмнеден баштаарымды да билбей турам.. . - деди.
Алар отурган үстөлгө узун бойлуу чачы тармал орус официант жигит басып келди. Төш чөнтөгүнө төөнөлгөн пейджикке кооз тамгалар менен Олег деп атын бадырайта жазып алыптыр. Бактыгүлдүн көздөрү аны белинен ылдый сынап карап койгонун байкады Кундуз - сымбаттуу эркекти көргөндө ал сөзсүз ушинтип бир карап алмай адаты бар эле, негизи эле - эркек аттуунун баарын ошентип көзү менен арыдан-бери рентгенге тарта койот.
- Саламатсыздарбы? Эмне ичесиздер? - деп ар бир сөзүн таптак кыргызча айтып сурады официант. Орус жигиттин минтип кыргызча так сүйлөгөнү жана да "кыздар" же "бийкечтер" деп калп эле жасакерленбей түз кайрылганы берки экөөнө ого бетер жагып калды.
- Шампаны менен эки коктейль алып келиңиз, - деди Бактыгүл.
Официант башын ийкеп, терезелеринен "Ала-Арча" сейил багы менен аны аралап агып өткөн дарыя көрүнгөн залдын аркы башындагы бар тосмосун көздөй басып кетти. Залдын ичине көгүлтүр түс берилген, дубалдарда кооз жаратылыш: арча-кайыңдуу токой-талаалар, учу асман тиреген ак карлуу аска-зоолор, боорунан ташкындап мөлтүр кашка суу аккан тоолор тартылган түрлүү сүрөттөр илинип турат. Жайлуу орундуктар көгүш кездеме менен капталган. Дарыяны бойлой өскөн камыштар жана башка ушу сыяктуу өсүмдүктөр, түркүн-түстүү көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөр дубалдын жырымынан ылдый, алтургай үстөлдөрдүн да буттарына тартылган. "Көк-Майсаң" мейманканасындагы бул жайлуу кафенин мындай тапкычтык менен жасалгаланышы залдын ичин терезенин сыртындагы керемет пейзаж менен укмуштай айкалыштырып турат. Кундуз курбусу менен ээн-жайкын сырдашып отуруш үчүн бурчтагы үстөлдү атайын тандап алган.
Бактыгүл табышмактуу жылмайып койду: ал курбусун зарыктырып, айтар сөзүн маалкатып айтар-айтмаксан болуп атып, анын чыдамын кетирип, кызыгуусун арттырып, анан айтканды жакшы көрөт.
- Бол эми, айтчы деги, бай болгур! - деп кайталады Кундуз. - Эмне болгонуңарды майда-чүйдөсүнө чейин билгим келип атат!
Тиги официант жигитти жалт карап алды, ал бар тосмонун жанында бармен менен сүйлөшүп турган. Кундуз эркектердин эсин оодарып, дароо эле өзүнө ашык кылып, кызыктуу окуяларга кабылмайынча жүрө албаган шойкомдуу курбусунун кезектеги махабат баянын угууга камынып отургучунда ары-бери ойдолоп алды.
- А мүмкүн эч нерсе деле болгон эместир, - деп кылыктанган Бактыгүл атайын эле курбусунун кыжырына тийиш үчүн эрдин жаланымыш болуп, жер тиктеди.
- Ооба, ошентсең эле ишенип калды дейт! Бирдеме болгону мылжыйып күлгөнүңөн эле билинип турбайбы! - деди Кундуз.
- Ал мени эч кимге айтпа деген болсочу?
- Мурда анысына деле карачу эмес элең го!
- Анда, адегенде кеч укмуш сонун болгонунан баштайын, уйгур ашпозчулардын колу менен даярдалган түрлүү тамактардан жеп отурдук.
- А кай жерде отурдуңар?
- "Алтын казына" ресторанында. Ах, ал жактагы таттуу каттамалар, майы салаадан куюлган самсалар, килтейген ширелүү шишкебектер, пекин өрдөгүнүн даамы алигиче таңдайымдан кете элек! Ал эми шара-бычы, чиркин, укмуш таттуу жана жеңил десең!
- Ооба, бирок мен сенин эмне жегениңди сураган жокмун го, - деп тырчыңдады Кундуз.
Официант колундагы эки хрусталь бокал менен ичимдик алып келди, аларды жана дагы балык-тын формасындагы сүйрү күмүш тарелкага салынган мистени жана жашылча салатын үстөлгө койду.
- Суранам, мобуну алып салбасаңыз, азыр кызыгып жеп алып, анан кыпкызыл болуп чыңалып чыгам, - деди Бактыгүл мистени көрсөтүп, анын чын эле аларга аллергиясы бар болчу. Дароо эле териси түктүйүп, кыпкызыл болуп чыгат да, анысы жанды жеп кычышып, тырмаган сайын күчөп отуруп, дем алуусун начарлатып, тамагын бууп таштачу. Мурда бир отурушта да жей коюп, тез жардам чакырып, араң эс алдырышкан.
- А сизчи, бийкеч, биздин фирмалык закускалардан даам сызып көрбөйсүзбү? - деп сурады официант Кундуздан.
- Жок, рахмат! Алып кете бериңиз, - деди Кундуз, анан бул жолу Бактыгүлдүн буйругу дароо аткарылбаганына таң калып койду: адатта курбусунун оозунан сөз чыгып-чыга электе эле эркектер аны аткарууга шашылышчу эле.
- Дагы бир нерсе каалайсыздарбы? - деп сурады официант мистелүү тарелканы кайра табагына салып атып.
- Жок, рахмат, - деп калп жылмайымыш болуп жооп берди Бактыгүл.
- Денсоолукта бололу! - деп бокалын көтөрдү Кундуз.
Курбулар бокалдарын кагыштырышты. Шараптан чоң ууртап алган соң Бактыгүл буттарын учкаштырып, креслого жайланышып отурду. Ал далысына жеткен жайкалган чачын ар кайсы жеринен сары-кызгылт кылып күйгүздүрүп алган, мурду кырдач, көзү көк, оймоктой болгон оозу бар татынакай жаш келин. Анын гимнастикалык зал менен бассейнде машыгууну жактырган кынтыксыз мүчөсү денсоолугу чың экенин далилдесе, узун, түптүз буттары көргөн адамдын карап эле тургусун келтирет, өзгөчө тизесине жетип-жетпеген кыска юбка кийип алса эркектердин баары аны артынан узатып, жалдырап эле карап калышат.
- Анан, албетте, бир убакта ал мага жашаган жерин көрсөтөм деп чыкты, - деп аңгемесин улантты Бактыгүл. - Анын көлдүк экенин айттым беле сага?
- Жок, эми анысы анчалык деле маанилүү эмес го. Андан ары эмне болду?
- А анын жеке шопуру менен лимузини бар экенинчи?
- Аны айткансың. Ий, уланта бер!
- Ошол, экөөбүз анын тартайган узун лимузинине түшүп, үйүнө жөнөдүк. "Жал" кичирайонунда кара мрамордон салынган жаңы бийик имаратты билесиңби? Жанынан ары-бери өткөн сайын ушундай үйдө кандай адамдар жашайт болду экен деп таң кала берчү элем, тигинин үйү дал ошонун эң үстүңкү кабатында экен.
- Шопуру менен лимузини бар болсо, анан жөнөкөй үйдө жашамак беле аның.
- Бөлмөлөрү тим эле футбол аянтынан кем калышпайт! Дубалдарында Пикассонун эки картинасы илинип турат, калгандары кимдин калеминен жаралганын так билбей койдум, бирок белгилүү сүрөтчүлөрдүкү экени айдан ачык, ар бир бурчка Церетелинин скульптуралары коюлуптур, - мен кире беришин эле айтып атам!
- Уктоочу бөлмөсү кандай экен? - деп сурады бокалындагы шампандын көбүктөрүн карап отурган Кундуз.
- Ал эми конок үйүндө болсо Барктабас Жороевдин картиналары илинип-тир, - курбусунун суроосун укмаксан болуп сөзүн уланта берди Бактыгүл. - Алар ага туулуп-өскөн айылынын ажайып кооз жаратылышын элестетет имиш.
- Ойду-тоону сүйлөп, ушинтип отура бересиңби эми? - деп сурады чыдамы чегине жеткен Кундуз.
- Эмне чийинден чыкпай түз жүргөндөн тажап кеттиңби? - деп сурады Бактыгүл көздөрүн жүлжүйтүп. - Болуптур, курдаш, мен сени түшүнүп турам, ошон үчүн ток этер жерин ай-тайын. Андан тайманбай эле мени менен төшөккө жатканы атасызбы деп сурадым. Өзүң билесиң го, негизи эле ачык айтып, ак сүйлөгөндү жакшы көрөм.
- Аны менен жаткың келип атты беле?
- Ананчы! Ал ушунчалык келишкен эркек дейсиң! "Перевозчик" фильминдеги Жейсон Стетхенге окшош - анын жаңы "Перевозчик-4" деген фильмин жакында эле телевизордон көргөм. Андан көзүмдү ала албай, ордумдан жылбай отургам, кино бүткүчө жадагалса дааратканага да барган эмесмин! Диванда отуруп алып, тыбырчылай берип, алам да суу болуп чыккан ошондо. Мына эркек деп ошону айтыш керек, аны менен бир сайышып алсам өмүр бою жуунмак эмесмин!
- Бактыгүл, оозуңа карап сүйлөчү!
- Чын айтам! Өзүңчө эле тартиптүү кыз болбочу.
- Макул, тиги көлдүгүңө кайтып келели. Ал эмне деди?
- Ал мага ыйман жана жашоонун маңызы деген сыяктуу бир темада дарс окучудай болуп олуттуу карап алды да, анан "сага ишенсем болобу?" деп сурады.
- Ишенсе? Ал эмне дегени?
- Эми, сырымды айтсам башкаларга айтып койбойсуңбу дегени да. Албетте, мен ишеничтүү адам экенимди айттым. Ал барын ачып, ичиндеги толтура кооз бөтөлкөлөрдүн арасынан бирөөсүн алып, мага кымбат баадагы мыкты коньяктан куюп берди, өзү болсо унчукпай ойлонуп калды да, анан мени оттуу көздөрү менен бир карап алып, сулуу аял экенимди жана аны ар кандай арам ойлорго азгырып жатканымды айтты. Ушунун баарын тим эле кабагын бүркөп алып айткан түрүн көрсөң каткырып жибермексиң. Мен калп эле эч нерсени түшүнбөгөн макоо неме болуп, дагы эмне дээр экен деп унчукпай отурдум. Ал дагы бир азга телмирип отурду, анан бардык эле бай адамдардай анын да өзгөчө каалоолору бар экенин жана ишеничине кирген адамдар менен гана иш алып барарын айтты. Мен өзүмчө бир кызык болуп кеттим, жүрөгүм дүкүлдөп, көздөрүм алайып отуруп калдым. Тиги болсо кайра эле өзүнчө тунжурайт.
2-бөлүм
- Кандай шумдук! Сенин ордуңда болсом эчак эле качып кетмекмин! - деп шыбырады Кундуз, денесин майда калтырак басты.
- Ооба сага! Ошентип айта бересиң, бирок сен деле андан ары эмне болорун билгиң келип калып калмаксың. Бир маалда ал ордунан туруп, мени колумдан жетелеп, коридордун аркы башындагы бир бөлмөгө алып келди. Анын ичи көзгө сайса көрүнгүс караңгы экен, терезелери жок окшойт, дубалдары, ал тургай шыбы менен полу да карага бойолуптур. Тиги жанымдагы неме эмне кылып күйгүздү байкабай калдым, шыптан салаңдаган лампочка жарк этип бөлмөнүн ичи жарык боло түштү. Ортосунда диван бар экен, ага кара жабуу жаап коюптур. Анын каршысында дубалга такай коюлган үстөл, анын үстүндө эки шамдал турат. Мен аны сыйкырчы болсо керек деп да ойлоп кеттим.
- Корктуңбу?
- Жок. Сыртынан ал жоош-момун, кишиге кенедей да зыяны жоктой көрүндү!
- Кишини сыртынан карап ичинде эмне ою бар экенин биле албайсың да!
- Эми, мага ошондой көрүнсө эмне кылайын. Кыскасы, ал мени таптакыр эле кызыктырып койду, бирок мен эч нерсе деп сураган жокмун, унчукпай тура бердим. Ал мени чечин деди, андан дагы тим эле сылык, коңур үн менен айтканын кантесиң, кучактаган да, өпкөн да жок. Мен жеңи-жакасы, чөнтөктөрү кызыл, саргыч көйнөгүм бар эле го, ошону кийип алгам, далысындагы сыдырмасын сыдырып кой деп сурандым. Бирок тиги башын чайкап макул болбой койду. Айла жок колумду созуп атып, өзүм араң сыдырдым. Көйнөгүмдүн астында бел курга тартылган чулкиден башка эч нерсем жок болчу, турса менен эмчек капты го кийген эмесмин. Анан ошол кебетем менен анын маңдайында калтырап турам, ии баса, айтмакчы бутумда шиш такалуу туфлим бар. Туфлимди чечип, анан чулкимди да чече баштадым.
- Тиги өзүчү, чечиндиби?
- Жок! Кычыраган күрмөсүн деле, кырын чыгара үтүктөгөн шымын деле чечпей мени карап тура берди, жок дегенде галстугун чечип койсо болбойбу, ой тобо! Мени диванга чалкаңдан жат деди. Жаттым. Денемди жумшак сылаганынан улам жабуусу жибек кездемеден экенин сездим. Ал мени жутуп жиберчүдөй карап, жакын басып келе жатты. Менин эмчектерим тирсийип, бүткөн боюм чымырайт, ошол замат жибек жабуу аламдан аккан суудан нымдалып калды. Ал мага колунун учун тийгизе электе эле ошондой абалга жеттим! Элестет! Мына эркек деп ушуну айт! Аны карап алып эле каалоом ашып-ташып, чыдабай калдым! Дагы бир аз болгондо өзүм басып жыгылмакмын. Анан ал ары жактагы үстөлгө барып, чечине баштады окшойт. Мен болсо селейип катып калдым, жадагалса мойнумду да бура албай калсам болобу. Бир маалда тиги жаныма келди, далысында кызыл жана алтын түстүү жиптер менен саймаланган ажыдаардын сүрөтү бар кыска кара халат кийип алыптыр. Балтырлары бултуюп булчуңдуу экен, тиягы турган-турбаганын байкаган жокмун. Ал кара шейшепти үстүмө жаап, уктап жаткандай түр көрсөт деди коңур доошу менен. Өзү болсо үстү жагыма туруп алып, шейшепти өйдө-ылдый желпийт.
- Шумдугуң кур!
- Ооба, денем дүркүрөп, үрөйүм учту, бирок жибектин сылаганы ушунчалык жагымдуу десең. Ал мени шейшеп менен чүмкөп жаап койду да, ар кайсы жеримди сылай баштады. Мен жыргалга батып, "ах, ох" деп онтоп жаттым. Кын тилим батперектен бетер дир-дир этет. Денеме балжырата май сүйкөп салгандай сезилди мага. Аябай кызыктай сезилет го. Дүүлүккөнүмдү айтпа.
- Шайтан алгырдыкы десе, Бакуля, сен эмес, биякта турган мен да дүүлүгүп чыктым! - Кундуз эмчектеринин үрптөрү катуу боло баштаганын сезди.
- Андан аркысын укпайсыңбы, тиги менин чаткаягымды, сандарымды сылап кирди. Мен дивандын үстүндө суудан чыккан балыктай болуп, чебелектеп, туйлап жатам. Ал болсо колун алама сойлотуп, шейшептин сыртынан кын тилимди укалай баштады. Мен чаңырып жиберип бүтүп салдым. Ошол маалда ал колун дагы тереңирээк салды. Эми, өзүң билесиң да, андан ары каякка кеткенин! Экинчи колу менен кын тилимди сүргүлөйт. Дагы бүттүм. Анан бир убакта ал арстанча аркырай баштаса болобу. Мен эмне болуп кетти деп шейшептин четин ачып, шыкаалап карасам, ал халатынын этегин ачып туруп алып, үстүмө эрендигин төгүп атыптыр. Анан калса, анысы өзүнөн-өзү эле зырп-зырп этип чачырап атат, эки колу тең мени сылап атпайбы.
- Иий, бетимдин беш териси! Аның накта бир келесоо неме го!
- Мүмкүн. Анан ал унчукпай сыртка чыгып кетти. Мен ордумдан туруп, кийинип, конок үйгө келдим. Тиги болсо асты-үстү окшош спорт күрмө кийип, коньяк ичип отуруптур. Мага да коньяктан куюп, дегеле эч нерсе болбогонсуп, киреше-чыгашалары жөнүндө жайбаракат кеп кыла баштады.
- Кызык киши экен! Бирок сага жаккан окшойт, ээ?
- Аябай жакты! Баарынан да шейшепти өйдө-ылдый желпип, делебемди козгогону жагып калды! Бир аздан кийин шопуру лимузинге салып, үйгө жеткирип койду.
- Дагы жолугушасыңарбы?
- Билбейм! Телефон номурумду бергем.
- Чалса эмне кыласың? Жолугушууга барасыңбы?
- Ойлонуп көрөм го. Азырынча айта албайм. - Бактыгүл жылмайып койду.
Кундуз официантка колун булгалап, эмеле алып келгендериңди кайталап кой дегендей ишарат кылды. Тиги түшүндүм дегенсип, башын ийкеди да, барды көздөй жөнөдү.
- Ушундай тирукмуш немелерди эле өзүңө илээштирип басып жүрөсүң, - деди Кундуз курбусун карап. - Алардын бирөө сени камчы менен сабап койчу деп жалбарганы эсиңдеби?
- Ооба, байкуш апенди чалыш жигит болчу. Ошондон бери телефон чала элек. Берилип кетип аша чаап, катуу сабап салган окшойм бечараны.
Курбулар каткырып калышты. Алар бири-бирин көптөн бери таанышат, университетти бүткөндөн кийин бир нотариалдык конторада стажировкадан өтүшкөн. Бактыгүлдүн аңгемелерин угуп отуруп Кундуз кээде курбусу мунун баарын өзү эле оюнан чыгарып айтып атат го деп ойлоп кетчү, айрымдары чындыкка таптакыр эле жакындачу эмес. Бирок Бактыгүл анын мурдагы күйөөсү кандай акмак экенин чыдап уккандыктан гана Кундуз да анын ар бир сөзүнө ишенгендей түр көрсөтүп отура берчү. Бактыгүл секске эч эле тойбогон, кумарга батсам дегенде ичкен ашын жерге койгон, жеткен нысапсыз неме эле, бирок такай бир эркек менен жүрө албаганына ошол жаман адаты гана жолтоо болсо эмне. Ал көзүнө көрүнгөн эле эркекке кыйшалаңдап тийишип, көзүн сүзүп, сөйкөнмөйүнчө жанынан өтө алчу эмес. Ойношторду мээлей алмаштыргандай эле биринен сала бирин алмаштырып, бир маалда үчөө-төртөө менен мамилелеш болор эле.
Ал накта эле орустар айтмакчы "женңина-вамп" болчу.
Курбулар өткөн-кеткенди шашпай жиликтеп ушакташып чер жазып, дагы бир бокалдан коктейль ичишти. Кетерде ар кимиси өзү үчүн төлөп, тиги кыргызча таптак сүйлөгөн орус официантка элүү сом чайпул ташташты. Бактыгүлгө иштеген жеринен бүгүн кечинде филармонияда боло турган Роза Аманованын концертине белет беришкен, ал ошол жакка бармак. Кундуз аны машинеси менен жеткирип койоюн деди.
- Жүрбөйсүңбү, сен деле. Концертке барып, Роза эже-кеңдин ырларынан угуп келбейсиңби, - деди Бактыгүл, алар сумкаларын алып, ордуларынан турганда.
- Жок, рахмат. Эртең эрте турушум керек, - деп жооп берди Кундуз. - Андан көрө эртең Эсен Адылбековдун сүрөт көргөзмөсүнө келбейсиңби. Чакыруу белетиң бардыр.
Эки курбу тышка чыгары менен эшикага Кундуздун машинесин унаа токтоочу жайдан айдап чыгып, алардын так түбүнө келип токтоду. Анысы үчүн отуз сом чайпул алып, кафеге кирип кетти.
- Жок, бара албайм. Эртең саат алтыда Тадахиро мырза учуп келет. Аны мейманканага жайгаштырып, ресторанга алып барышым керек. Каап! Адылбеков менен таанышкым келип жүрдү эле. Накта эле айгыр го! Булчуңдарын көрдүң беле? Ал байыркы грек идеалдарын тутунат жана чыгармачыл адамдын тышкы келбети ички бай дүйнөсүнө шайкеш келиш керек деп эсептейт экен. "Таланттар дүйнөсү" журналына сүрөтү чыгыптыр өткөндө. Кыркып алып, муздаткычка чаптап койгом. Макул десе ушу турган же-римде эле жатып бермекмин. Көздөрү күлмүңдөп, булчуңдары бултуюп, өзүчө эле Аполлон!
- Бакуля, ал алтымыштан ашып калган неме да! Кайдагы күлмүңдөгөн көздөрүн, бултуйган булчуңун айтып жатасың! Демек, жалгыз барат экенмин да. Биздин банк анын көргөзмөсүн каржылап атканбыз. Догдурбек Азимович да бара албайт, ал Ташкентке кеткен.
- Аныңар дагы эле иштеп жүрөбү?
- Ооба. Эмки жылы пенсияга кетет. Искусствого ошо байкуш эле кызыгат.
- Кечирип кой, мен да бошобойм. Болбосо сени менен барып келмекмин.
- Айла жок. Мейли, жакшы кал! - деди Кундуз үшкүрүп.


Китептерди биерден танда:
kitep.ru

3-бөлүм
Ал Бактыгүлдү филармониянын сол капталындагы аялдамага таштап, өзү зуулдаган бойдон Горький көчөсүнө түшүп, Тунгучтагы үйүнө бет алды. Жарым саатка жетпей жетип барды. Бул үйү үчүн негизги төлөмдү эки жыл мурун жумуштан чоң суммадагы премиальный алганда төлөгөн. Ал иштеген Кыргызкоммерцбанк кызматкерлерине ипотекалык салымдарды төлөп турушу үчүн ыңгайлуу шартта узак убакытка кредит берген. Ошондон Кундуз да алып калган. Үйдүн баасы арзан эмес, бирок Кундузга жагат.
Сырткы эшикти ачкычы менен ачып, кайтаруу системасын өчүрдү, анан экинчи кабатка көтөрүлдү. Экинчи кабат толук бойдон уктоочу бөлмө жана ваннадан турат. Кундуз жаңы көчүп келгенде үйдү өзүнүн оюндагыдай кылып кайра жасатуу үчүн толтура убактысы менен акчасын короткон, бирок ага ичи ачышпайт. Анткени мурунку абалында жашоо алда канча ыңгайсызыраак болмок. Ваннага кафель төшөтөм деп да канча убара тартып, усталардын аркасынан чуркап жүрдү. Бир уста орусту жалдаса, анысы ичкич экен, ичип алган күнү жумушка чыкпай койот, же майда-барат курулуш каражаттарынан сатып кулкунуна куюп жиберет. Акыры жадаганда аны кетирип, курулуш фирмасында иштеген бир таанышына кайрылган. Ал эки жаш жигитти жибериптир, айылдан эле келген балдар окшойт, бирок аракетчил, ыймандуу немелер экен, дароо эле жеңдерин түрүнүп, ишке киришишти. Ошондо гана жумуш ордунан козголуп, ылдам эле короо-жайы кулпуруп чыга келди. "Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун" деген сөз да жөн жерден чыккан эмес тура.
Кундуз ваннага кирип, кийимдерин чечти, ичкенден кийин өзүн бир аз оор сезип турган. Жылымык сууга чайынып, заматта сергий түштү. Кабинкадан чыгып, жумшак ак халатын кийди, анан раковинанын үстүнө орнотулган тегерек күзгүгө каранды. Эмне үчүн Бактыгүл эркектерге жолдуу, а мен андай эмесмин? Ал ойсокеден эмнем кем? Мына мисалга бет түзүлүшүмдө эч кандай кемчилик жок: мурдум кырдач, эриндерим бышкан алчадай бөлтөйүп, кыпкызыл болуп турат, көздөрүм да жалжылдап, айланасында бир да бырыш жок. Тармалдашкан коюу кара чачым дайыма тыкан жана жарашыктуу кыркылып, жалт-жулт этип турат. Тулку боюмда эч бир кынтык жок: белим ичке, буттарым түптүз, узун, көчүгүм айрым аялдардыкындай болуп жалпайбай же шалбырабай, томпоюп турат. Төшүмчү, эзилип бышкан эгиз коондой болуп, тоголок жана салмактуу.
Жок, кеп анын сырткы келбетинде эмес болчу! Бактыгүл ага салыштырмалуу жеңил ойлуу, кайда гана болбосун өзүн ээн-жайкын алып жүрө алат. Барда отуруп бейтааныш эле бир эркекке көз кысып, алеки саатта анын мээсин айландырып алчу, анан анын эсебинен көңүл ачып, курсагын тойгузуп, жүрү десе үйүнө деле кете берчү. Кундуз андай жосунсуз жоруктарга бара албайт, күйөөсү менен ажырашкандан бери ого бетер эркектерден көңүлү калып, түнт болуп кетти. Эркектер аны тап-такыр этибар алышчу эмес деп айтыш да туура болбой калат го. Бирок анын артынан чуркап, сүйүүсүн арнагандардын арасында ага жага турган чыныгы эркектер жокко эсе, көбүнчө эле же улгайган, же шылуун, же үй-бүлөлүү эркектер көп көңүл бурушат. Бирок Кундуз бирөөнүн ойношу же токолу болгусу келбейт. Анын алоолонгон жүрөгү күчтүү кумарга ширелген чыныгы аруу махабатты эңсеп, ушу убакка чейин чаңкоосу канбай келет.
Бир кезде ал үй-бүлөлүү бир эркекке берилип, андай мамиледен да көңүлү катуу калган. Күйөөсү менен ажырашып өзүнөн-өзү эле чүнчүп жүргөндө банктын бай кардарларынын бири аны айланчыктап, жанынан чыкпай калды. Ал сулуучумак, баскан-турганы өтө тыкан, бир сөз айтса да кербезденип, бир калыбынан жазбай сүйлөгөн неме эле. Кундуз аны менен театрларга, операларга барып, кымбат белек-бечкек алып, жыргап эле калгансыган. Төшөктө да көптү билген мыкты ойнош экен, секстин бир топ ык-маларын үйрөтүп, ар бир жолугушканда ар башкача ырахатка балкытчу, айтор Кундуз күйөөсү менен жашап жүргөндө ал кылгандын бирин да көргөн эмес. Анткен менен аялы, бала-чакасы бар экенин жашырчу эмес. Ошентип, мамилелер жаңыдан гана башталганда баары жакшы болгондуктан, Кундуз "анын эмнеси бар экен, толтура эле жалгыз бой кыз-келиндер ойнош күтүп, жыргап жашап жатышпайбы, алардын колунан келген нерсе меникинен деле келет" деп өзүн-өзү шердентип, ойноштун ролуна ык алышып бараткан. Бирок бир жолу башка кардары менен ресторанга кирсе эле ал жерде баягы ойношу аялы менен отурат. Жубайы да орто жаштарга барып калган кара тору аял экен, өңү деле анчейин серт эмес. Кудум эле өзүнө үйрүлүп-түшкөндөй болуп, ойношунун аны менен эзилишип отурганын көргөндө ичи ачышты, кызганып кетти. Күйөөсүнүн ала жипти аттаганынан кабары жок аялдын аны элжиреп караганы, эркелетип колунан назик кармаганын көрүш баарынан оор болду. Анын ар бир көз карашынан, кыймылынан эрин чексиз сүйөөрү жана ага ишенери байкалып турду. Ошол окуядан кийин Кундуз аялы бар эркектерге жолобос болгон.
Күйөөсүнөн эчак эле көңүлү калып, жүрөгү муздап калгандыктан, ажырашканда анчалык деле кыйналган жок. Бул жадагалса өз оюн да тыңыраак билдире албаган эрксиз, алсыз эркекке Кундуз турмушка чыккысы келип эле тийип алган. Карьерасы оңчулуктуу болбой калса да үй-бүлөлүк турмушу бар аял дайыма бактылуу болот деп ойлогон. Бирок карьерасы ийгиликтүү боло баштаган сайын жашоого болгон көз карашы да өзгөрдү. Жаңы суроо-талаптары пайда болду. Күйөөсүн башка адам кылам деген аракетинен майнап чыкпаган соң аны менен бир очоктон түтүн булатуу да оорлой баштады.
Олку-солку болуп ошентип жашап жатышканда, оңдой сала берди болуп, күйөөсү "Мегамикс" компаниясында оператор-телефонист болуп иште-ген он тогуз жашар бир кыз менен жакындашып калса болобу. Ансыз да мойнунан байлаган иттей болуп жүргөн Кундуз дароо эле ажырашалы деп маселени кабыргасынан койду. Жаңжал чыгарып, ажырашканга көгөрүп макул болбой койот го деп чочулап жүргөн күйөөсү аны укканда таң калганынан оозунан сөзү түшүп, дендароо болуп туруп калды. Анан эсине келгенде кубанычы койнуна батпай агынан жарылып, Кундузга тиги жаш ойношу менен кантип кумарга батканын төкпөй-чачпай айтып берди. Кудайдын куттуу күнү мейманканадан, үйүнөн, алтургай машинеден да баса калып, тиги жагын соруп, ойда жыргалга батканын бежиреп айтып бергенде Кундуз уккан кулагына ишене албай эси ооду. Өзүнүкүн жумасына бир жолу - бейшемби күнү, анда да жакшы маанайда болсо, бир гана абалда - төрт аяктатып тургузуп алып, чала-була өбүмүш болчу эмес беле.
Ушунун баарын кайра башынан эсине салып, бир сыйра ойлонуп алган Кундуз Бактыгүл дайыма эле кабылып жүрүүчү кызык окуяларга мен да кабылып көрсөм кантет деп ойлоп койду. Албетте анын ойноштору деле бар болчу. Алар төшөктө Кудайга шүгүр эле аракет жасашып, аны кандырганга болгон күч-аракетин жумшашчу. Анткен менен ал бир да жолу акылдан адаштырган, эстен тандырган кумар отуна жалбырттап күйө алган жок. Баягы эле көнүмүш кыймыл-аракеттер, ыкмалар, айтылып жүргөн сөздөр, кызыктуу, жаңы эч нерсе болбой жатты. Азыр болсо Кундуз андан да көбүрөөк, чоңураак, кызыктуураак мамилелерди самап турат жана ага өзүн толук татыктуумун деп эсептейт.
Халатын кийип, бел курун тырыштыра байлап алып, Кундуз өзүнө чай даярдаганы ашканага келди. Жанараак кардары менен ресторанда тамактанып алгандыктан, азырынча курсагы ача элек. Жыты буркураган бир чыны чайды колуна кармап, бош колу менен пультту улам баскылап, телевизордон кызыктуу эч нерсе таба албады, анан Бактыгүл айтып бер-ген окуяны эстей баштады. Табышмактуу киши менен кара шейшеп анын оюнан чыкпай аткан. Сүйүктүү ырчысы Сүйүн Искенбаев экөө караңгы бөлмөгө камалып алып, бири-бирин сылап атышканын элестетти.
Бир аздан кийин ал уктоочу бөлмөсүнө келип, көчө жакты караган терезенин пардаларын тартты, халатын чечип, жылаңач денесин күзгүдөн карай баштады. Эмчектеринин үрптөрү эзилип бышкан алчалардай болуп каралжын тартып, катуу боло түшүптүр. Кундуз кош алмасын мыжыга кармап:
- Э, шайтан алгырдыкы десе! Ушу Бактыгүлдүкү өттү, ар кай-сыны айтып башымды оорутуп! - деп курбусун сөгүп алды.
Ал өзүнчө эле бир кызык болуп, секстен башканы ойлой албай калганы үчүн курбусун күнөөлөдү: ойноштору менен жолугушкан сайын анысын тебиреп ийне-жибине чейин айтып бере берип, мээсин таптакыр айландырып салды окшойт. Делебеси козголуп, кумарын кандырууну самап чыккан Кундуз керебетке жатты. Мурда кээде гана өзүн-өзү кандырып койчу эле, акыркы убакта көнүмүш адатка айланып баратат. Анысынан оңураак деле ырахат ала албайт, денеси жакшы ойной албаган, чаласабат музыканттын колундагы жакшы күүлөнбөгөн аспапка окшоп, колунун сылап-сыйпаганына араң эле көңүлсүз жооп бергенсийт. Мастурбация кылганга да өзгөчө шык керек го, сыягы.
Ал буттарын кененирээк талтайтып, күзгүдөн өзүн кайра карады. Чат дөмпөкчөсүндөгү жүндөрү коюу жана жумшак болгону менен алардын арасынан жыныс эриндер менен кындын ачык-кызыл оозу даана көрүнүп турат. Алар жылмайып турган эриндерге окшошуп, Кундузга мылжыйып күлүп турушкансыйт.
Кундуз кын тилин ортонунун башы менен катуу ушалагандан айбыгып, аяр сүргүлөп, аласын акырын сылай баштады. Ошол маалда башына бир ой келе калды - ал оң капталына оодарылып, комоддун тартмасынан кара атлас ич көйнөгүн алып чыкты. Керебетте отурган бойдон аны кийип, күзгүгө каранды. Ич көйнөк атыр жыттанат, атырлардын бош кутуларын ич кийим салган тартмасына салып коймой адаты бар. Жука кездемеден тирсийген үрптөрү байкалат.


Китептерди биерден танда:
kitep.ru

4-бөлүм
Ал жаздыкка чалкасынан жатып, көздөрүн жумду да, каңылжаарын өрдөгөн мускус менен орхидеянын жыпар жытына магдырап баратты. Кызык, тиги таң калыштуу эркектин караңгы бөлмөсүндө Бактыгүл да өзүн ушундай сезди бекен? Мастурбацияга мен да катышам дегенсип кын тили дирилдей түштү. Ошол замат көз алдына эмчектерин алмак-салмак эзгилеп, кумарлуу карап турган Сүйүн Искенбаевдин элеси тартылды.
Кундуз буттарын эки жакка сунуп, атлас кездемени кынына такады. Кездеме аласына тиер замат сууланышып, тулку боюна ырахат толкундары тарады, териси чымырап чыкты. Чү дегенде эле ушундай күчтүү сезимдерге кабылган Кундуз калчылдап, жаткан жеринде балыктай туйлап жиберди.
Буттарын катуу кысып алганда аласындагы кездеме чылпылдап суу болуп баратканы даана сезилди. Караңгы бурч жактан албырган башында бир тамчы суюктугун жылтыратып ийрейген жоон котос Кундузду көздөй келе жатты. Котос киши-пишиси жок, өзү эле келатат жана ал укмуштай сүрдүү, каардуу көрүнөт. Ал улам жакындаган сайын өзүнөн-өзү эле калчылдап, кооп баратат, баш жагы көгүш тартып, сөңгөгүндөгү жоон кан тамырлары барсайып көөп чыккан. Асты жагында салаңдаган калтасына уруктук толуп, торсоюп чоңоюп баратат.
Кундуз буттарын ого бетер керип, ортону менен кын тилин ушалап кирди. Туш тарабынан нур чачыраган котос так түбүнө келгенде аны колуна кыса кармап алып, оозуна алды. Жоон мүчө оозуна толуп, тамагына такалды, Кундуз аны жанталашып соруп атат. Бир убакта алиги неме башын жылтыратып, аласында жүрөт. Анан ал аласына чапталышкан ным кездемени жиреп, кынга тереңдеп кирип баратты.
Анан бир маалда эле Кундуздун керемет сезимдери өзгөрүп кетти, капыстан кайдан-жайдан экени белгисиз кертмектин кожоюну пайда болду - ал Кундуздун мурунку күйөөсү экен. Экөө эметишип атканда Кундуз аркасын кылчайып карай калып, анын күш-быш этип, бир калыпта кыймылдаганын көрөр эле, азыр да ошонусу эсине түштү. Ал кудум эле өңүндөгүдөй адатынча төрт аяктап туруп алып, кынга кирип, кайра чыгып аткан аспапты көзүнүн кыйыгы менен карап аткансыйт. Күйөөсүнүн сол жамбашында такай бүдүрөйгөн сөөл чыгып турчу, Кундуз андан көзүн албай арбалып тиктеп турар эле. Тынбай ары-бери кыймылдаган көчүгү чыңалган сайын анысына да кан толуп, гүлгүн кызыл өңү кочкул кызыл болуп калчу.
Ушуларды эстегенде кын тили эч нерсени сезбей сенек болуп калды. Кундуз аны тырмалап, чойгуласа да болбой ошо бойдон шалбырап жатып калды. Жанатан бери ысып, алеп-желеп болуп, ырахатка балкып бараткан денеси эми ооруксунуп кетти. Манжаларын кынына салды, бирок анысынан да эч майнап чыкпады. Денеси өзүнүкү эмей эле башка бирөөнүкү болуп калгандай. Маанайы чөгө түштү.
Кыжаалат болуп, кумары канбаган Кундуз көздөрүн ачып, күзгүнү бир карап алды да, ич көйнөктү чечип ыргытты. Эмчектери салмактанып, сыздап ооруп турат, башы айланат.
- Э, өлүп кеткирдики десе! Ушу да жашообу?! - деп жини келип күбүрөнүп алып, ордунан араң туруп, душка түшүш үчүн ваннага жөнөдү.
Көргөзмө өтүп жаткан чакан залда эл жык-жыйма. Залга батпай кыжылдаган элдин ийиндери дубалдарда илинген картиналарга тийип эле турат, ошондуктан картиналарды көрүш да ыңгайсыз. Бирок таң калыштуусу, бул жерге келгендердин арасында аларды көрөйүн деп жанталашкан деле киши жок, анткени алардын көбү жөн эле шаан-шөкөттүү кечеге катышып, сынчылар, кабарчылар менен пикир алышканы эле келген немелер. Алар улам баштарын тийиштире калышып, ар кимди ушактап, кимдир бирөөлөрдү шылдыңдап, мазактап, чыгармачыл чөйрөнүн акыркы жаңылыктарын талкуулап жатышат. Көбүрүп-жабырып шампан, арак-шарап куюлган чөйчөктөр шыңгырап, өйдө көтөрүлүп, меймандардын кулкунуна кулкулдап куюлуп, анын артынан тиш чукугучка сайылган түрдүү закускелер оозго салынып жатты. Жука ак блузка, кыска кара юбка кийген ажарлуу официант кыздар буту-бутуна тийбей меймандарды тейлеп жүгүрүп жүрүшөт.
Кундуз Эсен Адылбековду көпчүлүктүн арасынан дароо эле тааныды. Ал кычыраган кара костюм, ак көйнөк кийип, мойнуна ак көпөлөк галстук тагынып алып, койкоюп бурчта турат. Аны тегеректеген күйөрмандары, кабарчылар биринин сөзүн бири оозунан жулуп алып, бирдемелерди сурап, колдорундагы чөнтөк дептерлерине жазып атышат. Бактыгүл айтмакчы ал чын эле келишимдүү эркек экен, бирок курбусу сүрөттөгөндөй ашкере сексуалдуу деле эмес.
Бир саргыч көйнөкчөн төшү чоң толук аял Эсендин жанына келип, төшү менен качырып барып, аны дубалга такап алды. Анын колу менен жаңсап, бирдемелерди берилип түшүндүрүп жатканын Кундуз бери жактан кунт коюп карап турду. Сүрөтчү эки жагын каранып, башын чулгуп, чекесине түшкөн тармал көкүлүн артка сылап койот да, үксөйгөн коюу кара каштарын түктүйтүп, олуттуу түр менен толмоч катын көрсөткөн тарапты ойлуу тиктейт.
Кундуз алдынан чыккан тааныштарынан кечирим сурап, жанындагылардын шарап куюлган чөйчөктөрүн же закуске салынган тарелкаларын чыканагы менен түртүп албоого аракеттенип, алдыга жылып, Эсенге жакыныраак барууга аракеттенди. Ошентип отуруп кабагын бүркөп ойго батып турган Эсендин маңдайына да келип калды, бирок анын жанына эмне максат менен келгенин өзү да жакшы билбейт.
Ал учурда төшү чоң аял сүрөтчү анын айткандарына кулак төшөбөй башкага алаксып кеткенин этибар албай эле берилип, сөзүн андан ары уланта берди.
- Мына ошондуктан мен булардын көлөмүнө эмес, мазмунуна көңүл бурдум. Сиз кандай дейсиз? Оо, Кудай! Бул Аскар Жаманкулов да! Сиз аны тааныйсызбы? Мыкты жигит, ээ?
- Ии ооба, сиз туура айтасыз, - деп Эсен кайдыгер эле башын ийкеп койду.
- Аны менен учурашып койбосом болбойт. Кечиресиз!
Толмоч катын ары басып кетери менен анын ордун Кундуз ээледи. Ал сүрөтчүгө аты-жөнүн, кайдан келгенин айтты, сүрөтчү эч бир кебелбей, баштагы кайдыгер кебетеси менен:
- Саламатсызбы! - деп саламдашымыш болуп койду.
- Сиз ыраазысызбы? - деп сурады Кундуз.
- Ыраазымынбы? Эмнеге? - деп кайра өзүнө суроо узатты Эсен.
- Көргөзмөңүзгө!
- Каталогдогу сүрөтүмдү көрдүңүзбү?
- Ооба.
- Мүмкүн, "Таланттар дүйнөсүндөгүнү" да көргөндүрсүз?
- Жок.
- Кудайга шүгүр! Ошол түбүң түшкүр интервью жарыялангандан бери жанымды койорго жер таппай жүрөм.
- Эмне үчүн?
- Ошондой олдоксон ката кетиргеним үчүн алигиче өкүнүп атам.
- Эмнеге?
- Анын арты жаман болуп калышы мүмкүн. Сиз эмне айтайын дедиңиз эле? Бирок суранам, менин чыгармачылыгым жөнүндө ар кайсыны сурап, эмне үчүн май менен тартасыз, натуршица кыздарды кайдан табасыз деген сыяктуу суроолорду жаадырбасаңызчы. Кылган-эткенимдин баарын сөз менен айтып түшүндүрө алсам, сүрөтчү болбой эле жазуучу болуп албайт белем.
- Мен сиз менен ал жөнүндө сүйлөшөйүн деген эмесмин!
- Ошондойбу? Анда эмне жөнүндө сүйлөшөйүн дедиңиз эле?
Кундуз апкаарып кетти: сиз мага эркек катары жагып калдыңыз деп айтмак беле!
- Мен жөн эле сиздин чыгармаларыңыз мага терең таасир этти деп айтайын дегем, - деп оюна келген сөздү айта салды.
- Демек, сиз аларды каталогдон гана көрүпсүз да?
- Ооба!
- Андай болсо терең таасир эткенине ишене албайм! Аларды азыр бу жерден жакшылап көрүш да мүмкүн эмес.
- Мен ушул галереяга ээлик кылган фирмада иштейм, сиздин сүрөттөрүңүздү өткөн жумада көргөзмөгө даярдык көрүлүп атканда эле шашпай көрүп чыккам.
- Андай болсо кечириңиз! - Сүрөтчүнүн катаал жүзү жумшара түштү, анан ал жылмайып: - Ачууланбаңыз, бирок мен ушундай топурап эл чогулган жерди жаман көрөм. Күн-түн дебей талбай жараткан эмгегиң менен эч кимисинин иши жок, алардын айрымдарына үч жылдан ашык убакыт кетирип, оюмдагыны элдин назарына жеткирүүгө аракеттенгем. Бири да көңүл буруп койбой, өзүлөрүнчө эле күрү-гүү болгон көпчүлүктү карап туруп, капа болот экенсиң, - деп кошумчалады.
- Мен сүрөттөрүңүздүн ар бирин ынтаа коюп карап чыктым. Мага аябай жакты. Сиз мыкты сүрөтчүсүз.
Кундуз бул сөздөрдү чын ниети менен айтып жаткан. Эсендин сүрөттөрү чын эле көркөмдүгү, бойокторунун дааналыгы менен башка сүрөттөрдөн айырмаланып турчу. Бирок ошол эле учурда ар биринин өзгөчө маанайы, көз карашы бар жана көңүл коюп караган адам сөзсүз анда чагылдырылган идея жөнүндө ойлонуп, көңүлдүү болсо кошо кубанып, кайгылуу болсо кошо кайгырат.
- Сиз живописти түшүнөсүзбү дегисин айтканда? Көркөм чыгармадан эмнени күтөсүз? - деп сурады ал күмөн санаган үн менен, бул залда бир да жан аны түшүнбөйт деп өзүн-өзү ынандыргысы келди окшойт.
- Мен сүрөттөн жан дүйнөмө жакын нерселерди издейм жана купулума толобу же толбойбу дароо баамдайм, - деп шыр жооп берди Кундуз.
- Анан менин сүрөттөрүм сизге ошондой таасир эте алдыбы?
- Экөөнөн чындап таасирлендим деп ишенимдүү айта алам.
- Чын элеби? Тагыраак айтсаңыз, кайсы экөөнөн?
- "Кызгалдактуу талаа" жана "Эне-бала".
Эсен Адылбеков күлүмсүрөп Кундуздун көздөрүнө тигиле карап, анан кубанычы койнуна батпай каткырып күлүп жиберди. Ал өзүнүн сынагынан Кундуздун ийгиликтүү өтүп кеткени үчүн жана мындан ары бул жаш келин анын чексиз урмат-сыйына татыганына чынында эле кубанып жаткан.


Китептерди биерден танда:
kitep.ru

5-бөлүм
- Сиз туптуура айтып жатасыз! Калгандарынын баары - эч нерсеге арзыбайт! Ушул эки сүрөт гана - нагыз шедеврлер! Шарап ичесизби? - деп ал Кундузду коймолжуган кой көздөрү менен арбай карады.
- Рахмат, ичким келген жок.
- Андай болсо, Кундуз…
Ал сөзүнүн аягына чыккан жок, бирок жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй туйлаган Кундуз бул укмуштуудай эркекти аябай жактырып калганын жана аны самап турганын сезди. Андан ары эмне кылыш керек экенин дароо түшүндү да, камаарабай:
- Мени менен жаткыңыз келеби? - деп сурады.
Эсен кайрадан күрүчтөй тизилген аппак тиштерин көрсөтө жылмайып:
- Жан дилим менен жатмакмын! - деп шыбырады.
Кундуздун жүрөгү капаска түшкөн чымчыктан бетер тыбырчылап кетти. Эмне болуп баратат? Бул эмне кылганы? Ушунун баарына Бактыгүл күнөөлүү: жакшынын шарапаты, жамандын кесепети деген ушу да! Бирок ал эмнегедир кенедей да өкүнгөн жок, тескерисинче, мойнунан бир оор жүктү алып таштагансып, жеңилдей түштү.
- Бул жерден акырын кетип калсак кантет? - деп шыбырады Эсен астыртан эки жагын каранып. - Биздин кетип калганыбызды эч кимиси байкабайт деле болуш керек.
- Көргөзмөнүн аягына чейин бу жерде болушуңуз керек эмеспи? - деп сурады Кундуз, ал эркекти мынчалык тез азгырып алам деп ойлогон эмес.
- Жок, андай деле эмес. Мен өз милдетимди аткардым, көргөзмөнү ачтым. Кеттикпи?
- Макул, жүрүңүз! - деп жооп берди Кундуз.
Эсен аны чыканактан акырын кармаганда ал эркектин карылуу колун биринчи жолу сезип селт этип чочуп кетти. Аттуу-баштуу сүрөтчү өзү аны ээн жерге алып барып, ээн-жайкын кумарга батыш үчүн аарынын уюгундай эл топураган залдан ээр-читип кетип баратат деген ой ого бетер делебесин козгоду. Эсен аны сыртка арткы эшик менен алып чыкты, анан экөө таксиге түшүп, он мүнөткө жетпей "Чыгыш-5" кичи районундагы анын устаканасына жетип келишти.
Эсен Адылбеков Кундузду таш тепкич менен үстүңкү кабатка ээрчитип чыгып, ачкычы менен эшикти ачты да:
- Менин устаканама кош келиңиз! - деди.
Кундуз шыпта чоң терезелери бар, кенен бөлмөгө кирип, эки жагын каранды. Дубалды бойлото ашкана эмереги орнотулган, төрдөгү тор тосмонун ары жагында эки кишилик керебет турат.
- Бир нерсе ичесизби? Кофе? Чай? - деп сурады Эсен.
- Рахмат, кереги жок, - деп жооп берди Кундуз, азыр бир аздан кийин тиги кенен керебеттин үстүндө боло турган нерсе жөнүндө ойлобогонго тырышты.
- Дайыма эле ушинтесизби? - деп сурады сүрөтчү.
- Эмнени айтып атасыз?
- Чала тааныш эркектер менен жата бересизби?
- Мурда мындай болгон эмес, - деп чынын айтты Кундуз.
- Эмнеден тартынчу элеңиз?
- Менде андай каалоо пайда болчу эмес.
- Жообуңуз мага жакты. Бирок эмне үчүн көп эркектердин арасынан мени тандадыңыз? - деп сурады Эсен.
Ал аркы дубалга такай коюлган эски диванга күп этип отурду да, Кундузга да колун жаңсап, жаныма отур дегендей ишарат кылды. Сүрөтчүлөрдүн устаканасы десе эле көпчүлүк дайыма башаламан, ар кайсы буюм ар кайсы жерде чачылып жаткан бөлмөнү элестетет эмеспи, бирок Эсендин студиясы таптаза, тыкан жыйналган экен. Ар бир нерсе өз ордуна коюлган: холсттор рамаларга капталып, бурчта тыкан жыйылып турат, китептер текчеде тизилет, стеллаждардын чаңы сүрүлгөн, тактай полго ачык түстөгү килемдер төшөлгөн, даяр болгон сүрөттөр рамага салынып, дубалдарда илинип турат.
- Мен кайра айныдым, - деди Кундуз диванга отуруп жатып.
- Эмнени айтып жатканыңызды билсек болобу?
- Шарап ичким келип кетти!
Эсен ордунан туруп, буфетке барды да:
- Кызылынанбы же агынанбы? - деп сурады.
- Кызылынан!
Ал буфеттен бөтөлкө менен эки таза бокал алды.
- Сиз аябай келишимдүү эркексиз, - деди Кундуз. - Аны өзүңүз деле жакшы билет болушуңуз керек. Эгер сиз бир аялды жактырып калсаңыз ага сезимиңизди дароо эле билдирмексиз да, туурабы?
- Мүмкүн. Эгер аябай жагып калса ошентмекмин.
- Анан эмне үчүн сизди жактырып калган аял өз сезимдерин жашырып, уя-лып жүрмөк эле?! - деп Кундуз өзүнүн адепсиз кылыгын актоого аракет кылды.
- Албетте, кээде өзүңдү тыя бериштин кереги жок, - деп жооп берди Эсен.
- Анда экөөбүз үчүн алып жиберели! - деп Кундуз бокалын көтөрдү.
Экөө бокалдарын кагыштырып, шараптан уурташты. Кундуз ыргып тура калып ар-тын карабай качып жөнөчүдөй болуп араң эле отурду. Бирок көчүгү диванга жармашып калган, ал эми буттары болсо полго чапташып калгансып ордунан козголо турган түрү жок. Кундуз бокалдагы шараптан чоң ууртап алып, жер тиктеп отуруп калды. Ал "Кудай ай, чыдамым кетип, жүрүңүзчү керебетке жаталы деп айтып жибербесем экен" деп тиленди ичинен.
Эсен бокалдагы шарабын ичип бүтүп:
- Бөтөлкөнү алып тосмонун ары жагына өтсөк окшойт, - деди.
- Жакшы болот эле, - деп Кундуз, толкунданып жатканын байкатпаганга тырышып, ордунан турду.
Эсен аны тосмонун ары жагына ээрчитип барып, колундагы бөтөлкө менен эки бокалды керебеттин баш жагындагы үстөлгө койду. Анан дубалдагы кнопканы басты эле шыптагы терезелер жабылды. Ал шам чыракты жандырып, эч бир уялып койбостон эле, көйнөгүнүн топчуларын чече баштады. Жылаңач булчуңдуу төшүндө коюу кара түгү үксөйөт, күчтүү колдорун да кара түк баскан, кан тамырлары көгөрүп көөп турат. Колдору догдурлардыкындай таза жана жумшак экен, тарамыштуу курсагында кенедей да май байкалбайт. Бактыгүл аны сүрөттөн көрүп алып эле эмне үчүн акылын жоготконун Кундуз эми түшүндү.
Эсен бут кийимин, анан байпагын чечип, шымынын сыдырмасын ылдый сыдырып, Кундузду карабай шымын ак турсасы менен кошо чечип таштады. Буттары да узун болуп тулку боюна жара-шып турат экен, сандары да жумшак майда түктөр менен капталган, бирок төшүндөгүдөй анча жыш эмес.
Кесилген котосу бильярддын шарындай болгон тоголок кызыл башын силкилдетип чоңойо баштады. Буттарынын ортосунда оор калтасы салаңдайт.
Кундуз жыгылып кетчүдөй болуп тайсалдап барып, керебеттин кырына отурду да, терең улутунуп алды.
Экөө алигиче бир да жолу өбүшпөгөнүн эстеп кетти. Эсен да ошону ойлодубу, анын маңдайына тизелеп тура калып, эки бетинен кыса кармап, эрдинен өптү.
- А сиз, таттуу экенсиз, - деп акырын айтты ал.
- Рахмат, - деди Кундуз.
- Менин кебетемден уялган жоксузбу?
- Жок, эмнеге уялмак элем! - деп Кундуз ордунан турду, кача турган болсом мына азыр качышым керек деген ой кетти.
Эсен керебеттин жабуусу менен одеялды сыйрып таштап, шейшепти гана калтырып, жаздык-тарды баш жакка жаздады да, буттарын кайчылаштырып чалкалап жата кетти. Котосу жалгыз көзү менен Кундузду шыкаалап карап, калтанын жогору жагында бир аз чайпалып турат.
Ушунча болгон соң акырына чейин барайын деп чымырканган Кундуз кофтасын жайбаракат чечип жатып, баштагыдай толкунданбай калганына таң калды. Ал алактабай, качкысы келбей, өзүн ээн-эркин сезип турду. Эртең бул окуяны эстеп өкүнсө да мейли, эч нерсе эмес. Акыркы убакта чанда гана эмоцияга алдырбаса, көп учурда тымпыйып, бир калыпта эле жүрө берчү, андыктан бир аз кайгырып койсо деле эч нерсе болбойт. Мүмкүн ал, тескерисинче, эртең жагымдуу нерселерди эстеп алып, өзүнчө ырахатка батар?
Ал кара юбкасынын сыдырмасын ылдый сыдырды, анысы шыпырылып полго кулаган жок, анткени абдан тар болчу. Кундуз сандарын кыймылдатып, сандарына чапталышкан аны ылдый шыпырып чечип таштады.
Эсендин көз ирмебей жалдырап тиктеп турганын далысы менен сезип, юбкасын отургуч-тун жөлөнгүчүнө илди. Аргасыз эңкейгенде өзүнүн ичке турсасы чала жапкан аласын Эсен жанталашып карап жаткандыр деп ойлоду да, көргөзмөгө барарда түзүгүрөөк ич кийим кийип алганым абийир болгон тура деп ичинен өзүнө-өзү ыраазы болду. Кофтасын да ошол эле отургучка юбкасынын үстүнө илип койду. Кундуз келишкен денесин жылаңач көрсөткөндөн уялбайт, андыктан стриптизди атайылап эле созуп, тор эмчек кабын чечкенге ашыкпады. Акыры тирсийген тыкан эмчектерин кыскан тар капастан бошотуп, күзгүнү жалт карап алды. Үрптөрү көөп, катуу болуп калган, айланасындагы күрөң тегеректер дүүлүккөндөн бүдүрөйүп чыгыптыр. Бүткөн бою толукшуп, таттуу дене жыргалын самап турат.
Колготкисин чечиш гана калды. Агыш боз, билинер-билинбес жылтылдагы бар жупжука кездеме Кундуздун узун, сымбаттуу буттарына чапталып, ого бетер көркөмдүү көрсөтөт, дал ортосунан кеткен сызыгы аласына барып биригип, кындын кире беришин дал ортосунан бөлүп турат. Кундуз ушул кебетем жылаңач буттарыма караганда сексуалдуураак көрүнөт деген ой менен аны чечкенге да шашылган жок.
Керебетке отуруп, Эсендин пенисине көз кырын салды. Зиңкийип кооп калган анысы күзөттө турган жоокерден бетер буттарынын ортосунда какаят. Анын жоон жылмакай башы түз эле сөңгөктөн өнүп чыккан эмен жыгачынын уругун элестетет. Аны көргөн Кундуздун аласы сайгылашып, кыны жыйрылып кетти, маңдайындагы эркекти эңсеп өлүп баратканын ал мындан ары жашыра албайт. Өзүн Эсендей эле жайбаракат сезгенге аракет кылды. Анын көлөмдүү аспабы жоон башы менен караңгы тоннелди жиреп терең кирип баратканын, Эсен чоло жерин калтырбай өпкүлөп, сыга кучактаганын элестетип жиберди. Бул келишкен эркектин капкара көздөрүнө чөгүп кеткендей эле кучагында балыктай туйлап, лаззат көлүнө чөмүлгүсү келип турду.


Китептерди биерден танда:
kitep.ru

6-бөлүм
Колу өзүнөн-өзү эле кертмекке сунулуп, калтасын кошо уучтады. Ал кыса кармаганда тиги какайган жоокер титиреп кетти. Кундуз Эсендин сандарын сылап:
- Кааласаңыз муну оозума алайын, - деди.
- Каршы эмесмин! - деп жооп берди сүрөтчү өзүнө гана мүнөздүү айкөлдүк менен.
Кундуз нейлон колготкисин шытыратып, тизелеп турду да, аспаптын төмөн жагын алаканына кысып, жылтыраган жалгыз көзүнө үңүлө карады. Эсен тердеп-кургап жанына күч келтирип, өзү иштегиси келбей, менин эле жыргатып коюшумду каалап турган го деп ойлоду. Айла жок, генийлердин баары эрке, Эсен да алардан айырмаланбаса керек!
Кундуз мүчөнү оозуна жай салып, көздөрүн жумуп, терең дем алып алды да, алдыга обдулду, оозуна жаңы гана кирип, силкилдей түшкөн котос тамагына барып такалды. Кундуз анын ар бир силкингенин сезип турду, айланасындагы кылдары мурдун, ээгин кытыгылады. Ага кошулуп Кундуз өзү да калчылдап чыкты, анан сөөктөй болгон катуу жана ысык котосту берилип соруп кирди. Улам чолпулдатып соргон сайын тамшанып, сандарын кысып койот. Кынынын ичин өрт-жалын каптап, колготкисинин аласы чылпылдап суу болгон, кын тили да эркелеткенди самап дирт-дирт этет.
Кундуз аспапты эриндери менен кысып алып, башын бир калыпта ийкегилей баштады. Эсен жарадар болгон жырткычтай күңгүрөнө онтоп, чыканагына таянып алып Кундузду карап, ырахатка балкып жатат. Кундуз улам тилинин учу менен аспаптын баш жагын козутуп, кайра башын кескин ылдый кылганда ал жылмышып барып тамагынан ары сойлоп кетип жатты. Кундуз муну далай жолу жасап жүрүп көнүп калган, ошондуктан кебелбей манжалары менен калтаны кытыгылап, оозундагы аспапты кумарланып соруп атат.
- Жетишет! - деп кырылдаган Эсен таттуу мөмөнү анын оозунан араң тартып алды.
- Сизге жакпай калдыбы? - деп сурады Кундуз таң калып.
- Оралдык секстин чебери экенсиң, аныңа көзүм жетти, - деп мактады Эсен. - Аракетчилдигиңе да ыраазымын. Бирок… бирок сени көнүмүш ыкма менен эле эметким келип жатат. Буга кандай дейсиң?
Ал негизги сөздү ушунчалык тамшанып айткандыктан, Кундуз анын эркине толугу менен баш ийди. Эсен аны дароо чалкасынан жаткырып, өзү үстүнө тизелеп тура калып, оозунан соруп өптү. Колдору кош алмасын эзгилеп атат. Эсен Кундуздун мойнунан жалап келип, үрпүн соро баштады. Кундуз болсо башын артка чалкалатып, таттуу онтоп алды.
Аласы ысып, сууланышып чыкты. Териси түктүйүп, ымыр-чымыр болду. Эсен экинчи колу менен курсагынан ылдый сылаган сайын Кундуз бир укмуштай сезимдерге бөлөнүп, жыргап баратты. Ал мурда мындай жыргалды бир да жолу сезген эмес. Төшү өйдө көтөрүлүп, ичи тартылып, жыныс эриндери жыйрылды, кын тили титиреп чыкты. Кумардын көптөн күткөн жалынына акыры арбалган Кундуз керебетте ары-бери оонап, тыбырчылайт. Эзилип бышкан алчага окшош кочкул кызыл үрптөрүн Эсен алмак-салмак со-руп, тиштегилеп, чойгулап, ого бетер Кундуздун айласын алты кетирип, озондоп онтоого аргасыз кылды.
Башындагы ойлору чаташып, көз алдында баары айлан-көчөк болуп зымырап тегеренип кирди. Жарым саат мурун эле таанышкан эркекти эмне үчүн мынчалык самап, үстүнө чыгып алып, зиңкийген алигисин аласына такап, жылаңач денесин каалашынча аймалаганга ага эмне үчүн жол бергенин өзү да түшүнбөй, Кундуз эс-мас болуп жата берди. Анын төшөгүндө кандайча жатып калды? Мындай жосунсуз жорукка барышына эмне себеп болду? Ээ-жаа бербеген эңсөөсүбү? Же Эсен Адылбековдун сыйкыр көздөрүнө арбалып ушу абалга туш болдубу? Анын булчуңдуу тулку бою кандай сонун. Ал эми ийкемдүү сылап-сыйпалаган колдоручу, тим эле акылыңдан адаштырат. Бирок Кундуздун бул табышмактуу эркекке болгон сезимдери бир кыйла тереңирээк болчу. Ал Кундуздун жан дүйнөсүндөгү жашыруун кылдарын козгоп, мээсиндеги бир кнопканы басып жандырып салгансыды. Ошондо анын буга чейин уктап жаткан сексуалдуулугу ойгонуп, терең катмарларынан жаңы туюмдар менен каалоолордун күчтүү агымы толкуп-ташып сыртка агып чыккандай болду. Эсендин сыры эмнеде? Аны Кундуз канча ара-кет кылса да азырынча чечмелей албай жатат. Бирок жүрөгүнүн тереңинде эртеби-кечпи баары бир сөзсүз чечмелейм деген үмүт оту бүлбүл жанды.
Ал буттарын эки жакка талтайтып, чыдамы кеткенин каңкуулап, бүт денеси менен өйдө-ылдый кыймылдап, аспапка аласын өйкөй баштады. Эсен анысын дароо түшүндү, бирок эмнегедир:
- Шашылба, бир аз чыдай тур! - деп акырын шыбырап койду.
Ах, кандай гана сүйкүмдүү эркек, секстин чыныгы чебери, накта Кундуздун кыялындагы ойнош! Анын кара жумуш жасаган кишиникиндей чор баскан, шуудураган ала-каны Кундуздун киндигине тийди. Анан ошол эле колу менен колготкисин сылаганда буттары чы-мырап, чыңалып чыкты, тизелери титиреп кетти. Эсен анын сууланышкан ысык аласын ала-каны менен кысканда Кундуз онтоп жиберип, көздөрүн чылк жумду.
Эсен калтыраган колдору менен колготкини ылдый шыпырып чече баштады, Кундуз көчүгүн өйдө кылып, ага жардамдашты. Акыры буттары жылаңачталып, аласына аңыраңдап кирген муздак желден нымдалышкан ысык кындын оозу ачыла түштү. Кундуз да көздөрүн ачып, үңүлүп алып, жанталашып жыныс эриндерин карап аткан Эсенди көрдү. Дал ушинтип натуршицаларынын да жыныс эриндерин жакшылап карап алып, анан аларды майда-чүйдөсүн калтырбай кагаз бетине түшүрчү окшойт. Кундуз анын жоон котосу тезирээк ичине киришин эңсеп, чыдамы кетип калчылдап кетти.
Эсен кынга ортонун салды - анысы ээн чуңкурга эч бир тоскоолдуксуз, жылмышып жеңил кирип барды, бирок кирер замат капталдары жыйрылып, аны бекем кысып алды. Чыдамы кеткен Кундуз көчүгүн өйдө-ылдый кыймылдатты. Эсен берки колунун манжасы менен кын тилди басып жибергенде Кундуз кыйкырык аралаш онтоп алды да, башын чулгуп, оозун чоң ачып, көптөн бери эңсеп күткөн жыргал сезимдердин кучагына бой таштады. Кынга жан кирип, ортонду терең соруп баратты.
Эсен колунун жеңил кыймылдарынан эле туйлап чыккан аялдын денесин кызыга карап турган. Ошондо гана Кундуз баштан аяк чумкуган экстазга кабылыш үчүн өзүнө аз эле нерсе керек экенин даана туйду. Денеси электр тогуна урунгансып, керебетте чамгарактап секире баштады. Сүрөтчү жанатан бери дал ушу көз ирмемди күтүп жаткан. Кундуз чебелектеп ийилип барып, кайра түзөлөрү менен Эсен койго секирген карышкырча анын үстүнө секирип чыгып, кагылган казыктай какайган аспабын тылакка терең тыгып жиберди. Ушунун баары көз-ачып жумганча болуп кеткендиктен жана кынга аңыраңдап кирип барып, жатын мойнуна урунган аспаптын күчтүү соккусунан Кундуз эсин жоготуп койо жаздады.
Анын денесинде сөз менен айтып бере алгыс сезимдер болуп аткан. Ал ооруп да, жыргап да, татуу сайгылашып да атты. Чыныгы чебер деп ушунун айт, ага чейин бир да ойношу Кундузга мындай чыныгы дене жыргалын тартуулай алган эмес. Жанатан Эсен ортону менен эле жеткирген оргазмдан алда канча күчтүүрөөк оргазмдын жаңы толкуну тээ түпкүрдөн түрүлүп келип, Кундузду башынан бутунун учуна чейин каптады. Ал терисинин ар бир тешигине кирип, ар бир организмине толуп чыкканда Кундуз мына-мына чарт жарылып туш тарапка чачырап кетчүдөй сезилди. Эсен астындагы Кундуздун алсыз назик денесин кымындай да аяп койбостон, бүт тулкусу менен өйдө-ылдый кыймылдап иштей баштады. Ал аспабынын жоон башы менен жатындын мойнун ушунчалык тарсылдатып койгулап кирди, мындай эрдикке ойношторунун бири да батынган эмес. Бирок таң калыштуусу, Кундуздун алсыз денеси сыздап ооругандын ордуна, тескерисинче, жыргалга балкып, магдырап, ээрип баратат.
Ошол маалда Кундуз күтүүсүздөн дагы бүтүп жиберди, Эсендин эрендигин акыркы тамчысына чейин сыгып алгысы келгенсип, кындын капталдары жыйрылып, ичиндеги азоо айгырды бекем кысып алды. Эсен кайрадан катуу теминип, кертмегин түбүнө чейин итерди. Кундуз бир нече оргазмга бир убакта туш болуп, эси эңгиреп жатып калды. Бул абалында көпкө жаткан окшойт, эсин жыйып, эки жагын караса, Эсен уруктугун кынга эчак төгүп салыптыр. Бул көз ирмемди көрбөй калганына бир аз ичи ачыша түшкөн Кундуз шалдырап, кайра эс-учун жоготуп таштады.
Кайрадан эсине келип, көздөрүн ачса, Эсен жанында капталынан жатып алып, Кундузду бир башкача көз менен карап атыптыр. Анын көз карашы бир нерседен коркуп, элеңдеген кичине баланыкындай эле. Кундуз аны башынан кучактап, көкүрөгүнө кысты.

Кундуз көзүнө чагылышкан жарыктан ойгонуп кетти, табарсыгы толуп жа-рылайын деп калыптыр. Ал ушунчалык катуу уктап калган экен, уйкулуу көздөрүн ачканда, бул жакка кантип келип калды, бүгүн жуманын кайсы күнү деген сыяктуу нерселерди эстөө жөнүндө айтпай эле койолу, кайда жатканын да дароо түшүнө алган жок.. Акыры уйкусу чайыттай ачылып, кечээ болгондун баары кайра башынан эсине түшкөндө жагымдуу сезимдер денесин аралап өттү. Ал өйдө жакты карап, көзүнө чагылышкан күндүн жарык нурлары шыптагы жабык терезелердин кычыктарынан кирип атканын байкады.
Андан соң ал Эсенди карады. Ал жаздыкка бетин такап, үч бүктөлүп алып, энесинин сүтүнө тоюп, момпоюп уктап жаткан ымыркайдан бетер эч нерседен бейкапар бышылдап таттуу уктап жатат. Жука шейшептин астынан булчуңдуу далысы менен көчүгү даана байкалат.


Китептерди биерден танда:
kitep.ru




Жазыл,
төлө,
билесиң!


"АЛАМ!"
дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ажайып түндөрдү алам!"
деген кабар келет: