Датка Айымдын
"Башка дүйнө" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
100 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Башка дүйнөнү алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!



Датка АЙЫМ

Башка дүйнө

1-бөлүм
Шаардын батыш тарабында жайгашкан Кытай ресторанында эл аз эле. Бизден он кадамдай алыс жерде жаш кыз жигит бири бирине сөздөрү түгөнбөй, кызыктуу бир нерсени талкуулап отурушту. Ресторандын ичинде күйүп турган кызыл лампочкалар мага романтикалуу маанай тартуулагандын ордуна жүрөктү кысып, көңүлүмө бүлүк салып жатты. “Балким мага эле ошондой болуп жатса керек” деп ичимден ойлоп алдым. Себеби менин көңүлүм жакынкы күндөрдөн бери болбогон эле нерселерге тутулуп жаткан эле. Официант жаңы эле тегерек столго койгон куурулган банандан алып ойлуу оозума салдым.
– Ленора, мен сага сүйлөп жатам, мени угуп жатасыңбы?
Менден көзүн албай карап отурган Болоттун үнүнөн денем титирей түштү. Анын көздөрүнө тике карадым. Ал көкүрөк чөнтөгүнөн жаңы кычыраган жүз долларды алып тегерек столго койду. Колундагы тамекисин толук тартып бүтүп, күлүн баскылап өчүрдү. Столдун четинде турган аппак ным сүлгүгө колун аарчып, столду тегерете мен тарапка жылдырып, акчаны менин тушума алып келди.
– Бүгүн бир кечеге барабыз. Үстүңө жакшыраак көйнөк ал! Сени сыртта Акбар күтүп турат. Кете берсең болот!
Болот мага кыскача сүйлөп, колундагы саатына карап койду. Мен стакандагы ширеден бир ууртап алдым да, акчаны сумкама салып, сыртты көздөй бет алдым.
Сыртта мени кара джиптин жанында шопур жигит күтүп туруптур. Мен жете электе эле эшикти ачып турду. Экөөбүз бир саамга тиктеше калдык. Бирок бири бирибизге ашыкча сүйлөгөндөн корккондуктан, унчугушкан жокпуз. Мен машинага отураарым менен мотордун күрүлдөгөн үнү угулуп, машина ордунан жылып, бир заматта эле күүлөнүп жөнөдү. Мен колумдагы сумканы жаныма коюп, шиш такалуу туфлини чечип бутумду эс алдыра сунуп алдым. Мен жашаган квартира анча алыс эмес болгондуктан бат эле жетип келдик. Акбар мага бир нерсе деп сүйлөгүсү келгенсип күзгүдөн карады. Мен отургучтун түбүндө катып койгон такасы жок бут кийимимди кийип, колума сумка менен туфлини кармап машинадан түшүп, подъездди көздөй жөнөдүм.
Сыртта жай болгондуктан күндүн аптабы айлананы куйкалап жатты. Үйгө кирип эле кондиционерди жандырып, күзгүгө жакындадым. Өзүмдү өзүм бир топко карап турдум. Денеме чапталып турган кара түстөгү көйнөктүн арткы сыдырмасын түшүрдүм. Жибектен тигилген сыйдаң көйнөк сыйгаланган бойдон полго түштү. Денемдин көк аласын көрүп, өзүмдү өзүм аяп кеттим. Мурунку күнү түндө оң жак желкемден кесилген лезвиянын орду бир аз катыганы менен, катуураак кармасаң канап кетчүдөй болуп көрүндү. Күзгүнүн алдындагы сурмадан мазьды алып, денемдин жаракат алган жерлерине сүйкөп чыктым. Лезвия менен майда тилинген жерлер ачышып жатты. Ич кийимчен бөлмөнү бир кыдырып да алдым. Оорусу бир аз басылганда үстүмө жука халатымды кийип, керебетке жата кеттим. Чынын айтсам мындай аягы белгисиз жашоодон аябай тажадым. Бирок, башка жол жок. Балким бардыр. Бирок ал нерселер жөнүндө ойлоно элекмин.
Шыпты тиктеген бойдон узакка ойлонуп жаттым. Оюма көп нерселер келди. Сиздерге анда окуяны башынан сүрөттөп берейин.
*****
Менин балалыгым балдар үйүндө өттү. Жаш кезимде мен деле көп балдар сыяктуу ата-энемди көп жолу күткөнмүн. Биз баарыбыз терезенин астына тизилип, көчөнү сумсая карачубуз. Арабызда кээ бир балдарды бакма ата-энеси алып кетсе суктанат элек. Андай учурда кээ бир эжейлер «силер жамансыңар, эч кимге керегиңер жок» деп шагыбызды андан бетер сындыраар эле. Азыр ал күндөрдүн баарын эстесем, денем ийне сайгандай ачышат. Балалыкка көп кайрылбай эле койоюн. Балдар үйүнөн он тогуздан жыйырмага караганда кеттим. Мектепти аяктагандан кийин эки жылдан ашуун балдар үйүнүн ашканасында ашпозчу эжеге жардамчы болуп иштеп жүрдүм. Бир күн келип ал жерде башка кала албасымды сездим. Эркин жашоону кааладым. Бизге тамак аш ташып жүргөн Дамир аттуу менден эки жаш улуу жигит менен сүйлөшүп, ошол менен чогуу жашоого бел байлап чыгып кеттим. Эжейлер калышымды суранып жалбарышты. Бирок мени эч кимиси кармап кала алышпайт болчу.
Дамир экөөбүз бир жыл эле чогуу жашадык. Ал дагы шаарга иштегени келген болчу. Менин ким экенимди билгенден кийин аны ата-энеси койбоду. Биздин ажырашуубуз менин боюмдан алдыруум менен аяктады.

Балдар үйүндө өскөндөргө сырткы дүйнөгө аралашып жашап кетиш өтө кыйын экен. Кичине кезден бери бир чөйрөдө жетилгендиктен, мен башка адамдарды жакшы билбейт элем. Жашоомдо ар кыл адамдарга жолуктум. Менин жолумда жолуккан ар бир адам артынан, жүрөгүмө тоголок музду ыргытып кете беришти. Аялы да. Эркеги дагы. Мен өзүмдү коргоону үйрөндүм. Бирок баары бир артыңда колдоочуң, коргоочуң жок болсо, сенин кыйындыгың бир тыйын экен. Андан да бул жерде акча чоң ролду ойнойт. А менде акча жок.
Дамир, экөөбүз жашаган батирдин бир айлык акчасын төлөп, аны мага калтырды да, өзү ата -энесин ээрчип айылга кетти. Мен болсо кичинемден кандай жалгыз болсом, ошол боюнча эле кала бердим. Ага капа деле болбодум. Мени төрөгөн энем таштап кеткенден кийин... Кимге керегим бар эле? Башкалар мени өмүр бою алаканына салып өтүшөт деп үмүт кылбаймын.
Бир жума эч кайда чыкканым жок. Ашканага чыгып, калдырата бир нерсе кылымыш болуп, курсагымды тойгузганым менен, сырткы дүйнөдөн такыр кабар албадым. Терезени калың парда менен жаап, тыптынч квартирада өз ойлорум менен алышып жата бердим. Ушул өткөн бир жума, мен үчүн бир айга тете болду. Элдин баары кол телефонго жетишип калган менен, менде жок болчу. Болсо деле мени ким издеп, абалымды ким сурайт эле... Жетинчи күн дегенде, жегени эч нерсе калбады. Түшкө чейин төшөгүмдө жаттым. Адам баарына чыдаган менен, ачкалыкка чыдай албайт экенсиң. Ордумдан туруп кийинип, сумкамды ачып акчамды эсептедим. Жүз сомдук кагаз акча, дагы майда чүйдө тыйындар калыптыр. Бул акча түгөнсө жашоом бүтүп калчудай кабатырлана түштүм. Сырткы эшикти жаап тепкичтен түшүп, көчөнү көздөй бет алдым. Сыртта ноябрдын ызгаар шамалы бетиме уруп турду. Үстүмдөгү эски пальтону кымтылап мойну башымды жапкандай болдум. Боюм, буту колум узун болгондуктан, кайсы бир эжейдин кызынын пальтосу мага тар эле. Андан да үч жылдан бери кийип, ыссыгы да кете баштаган болчу. Балким мага чейин деле кыйла кийилген чыгаар...
Мен дүкөнгө киргенде эч ким жок экен. Бери бурчта шалдырак кагазга каптан шекер салып жаткан жаш кыз мени көрүп, жылмая басып келди. Эки нан алып, майда тыйындарымды эсептеп бердим. Менден кийин артымда турган адамды байкабай калыптырмын, бери бурулганда көздөрүбүз чагылыша түштү. Жашы кырк бештер чамасындагы, өтө чыкыя кийинген, узун бойлуу, чымыр денелүү киши экен. Мени кызыга карап койду. Унчукпадым.
Дүкөндөн чыгып чоң жолду бойлоп үйгө баратсам, жаныма чет элдик кара машина келип токтоду.
– Чоң кыз, отур жеткизип койом!
Дүкөндө көргөн киши сылык сүйлөдү.
– Рахмат, бирок мен жетип эле калдым...
Мен суукка көгөрө түшкөн колумду чөнтөгүмө катып, тартына жооп узаттым.
– Кайсы үйдө жашайсың?
Мен жолдун берки бетиндеги беш кабат үйдү көрсөттүм.
– Мына номерге коңгуроо кыла аласыңбы?
Ал ак кагазга арыдан бери сандарды чиймелеп, мага сунду:
– Кечиресиз, телефонум жок эле...
Мен мындай кишини биринчи жолу көрүп жаткандыктан, ага кандай сүйлөштү да билбейт элем. Албетте балдар үйүндө жашаганда мындай жакшы кийинген, кымбат машина минген кишилер келчү, бирок алар бизге көңүл да бурчу эмес. А бул киши менен жакындан таанышуу мага дагы кызык болуп турду.
– Отур машинага, кеңири сүйлөшөлү?
Менимче ал киши менин ички оюмдун баарын окуп койду окшойт. Ишенимдүү сүйлөп эшик ачты. Отурдум.
– Ким менен жашайсың?
– Жалгыз...
– Анда сенин үйүңө кирип сүйлөшсөк болот экен да, ээ?
– Болот!
Балдар үйүндө чоңойгондор тартынуу эмне экенин билишпейт. Ошону билесиздерби? Мен чоочун кишинин суроолоруна тартынбай, так жооп берип жаттым. Ал киши машинаны артка айдап, дүкөндүн тушуна токтоду. Үн сөзсүз эле машинадан түшүп, дүкөнгө кирип кетти. Арадан он мүнөттөй өткөндөн кийин эки сумка толтура бир нерселерди алып, машинанын арткы орундугуна жайланыштырды.
Үйгө кирдик. Бир бөлмөлүү үйдү да эптеп иреттеп отурбаганыма уялып кеттим.
– Оо, арактын артынан кууп ичет окшойсуң ээ?
Ал киши эмнеге мындай суроо бергенине түшүнбөй калдым:
– Жок, мен ичпеймин. А эмнеге? – Ага жалт карадым
– Ичкен аялдар гана үйдү ушундай иретсиз кармашат да. Андан да жалгыз жашайт экенсиң. .
Ал киши унчукпастан коридорго чыгып, үйдү бир сыйра көрүп келди. Мен арыдан бери кир төшөктү жаап-жашырып, жерде жаткан ич кийимдерди жыйнай салдым.
– Ашканага эле отуралы?
Ал менин жүзүмдү сынай карады. Мен унчукпастан анын жанынан өтүп, ашканага бет алдым. Кирсем терезени чоң кылып ачып коюптур. Төрт беш күндөн бери жуулбай турган жуксуз идиштердеги тамактын калдыктарынын жыты ага жакпаган го, сыягы.
Столдун үстүн тазалап, ал алып келген нерселерди жайната койдум. Экөөлөп бат эле чакан дасторкон даярдап, бетме-бет тиктеше отуруп калдык.
– Ичесиңби?
Ал колундагы бөтөлкөнү көрсөттү. Менин жообумду күтпөстөн эле кызыл винодон пиалага жарымдатып куйду. Көптөн бери жарытылуу тамак жебегенге ачырканып калган элем. Андан тартынбастан кесилген колбасадан нандын ичине ороп жеп жаттым. Ал колундагы апельсиндин ширесинен ууртап, сырдан бир кесим жегени эле болбосо, мени ойлуу карап отурду.
– Ата-энең кайда?
Мен какап кеттим. Ар дайымкыдай эле, өзүмдүн жашоо таржымалымды, ата-энем таштап кеткенин, балдар үйүндө чоңойгонумду бул кишиге дагы айтышым керек эле. Пиаладагы винонун баарын көтөрүп ичтим. Дамир менен бир-эки жолу эле ичкеним болбосо, ичимдикке анча жакын эмес элем. Ичим жылып, өзүмдү бош сезип калдым. Баарын айтып бердим. Ал тамекисин түтөтүп, ойлуу угуп отурду. Мени аягандай карадыбы билбейм, баштан аяк көпкө карады.
– Бүгүн кеч болуп калды. Мен сага эртең эрте менен тогуздарга келемин. Даяр болуп тур, бир жерге барабыз.
Ал бир аз отургандан кийин мени менен коштошуп, чыгып кетти. Мен терезеден анын машинасы чоң жолго бурулганга чейин артынан карап турдум. Ошол түнү бир оокумга чейин үйдү тазалап, иретке келтирдим. Өзүм да жуунуп таранып, көйнөктөрүмдүн ичинен бир аз жакшыраагын үтүктөп койдум. Жашоомдо чоң өзгөрүш болоорун сезип, жүрөгүм элеп-желеп боло алып учуп, түн жарымдан өткөндө уйкуга кеттим.
Эртеси ал болжогон убакта келди. Анын машинасынын арткы орундугуна отуруп, үн-сөзү жок унчукпай бараттым.
– Мен Болот. Болот Айдарович деп кайрыл.
– Мен Ленора.
– Ата-энеңдин бирөөсү татар болгонбу?
– Билбейм, эмнеге?
– Ысымың татарча экен... Өзүң да биздин кыздарга анча окшобойсуң. Ак жүздүү, ак сөөктөрдөйсүң!
– Рахмат.
Мен унчукпастан терезеге суз карадым. Чынын айтсам эркектердин баары эле сулуу кызды көргөндө ага жакшы сөз айтып, жакындоонун аракетин кылат экен.
Биз дүкөнгө келдик. Болот мени бир кызга жолуктуруп, өзү сыртка чыгып кетти. Жанагы кыз экөөбүз эки сааттай дүкөн айланып, мага кийим тандадык. Колумдагы эки чоң сумка толуп калганда ал келди. Кийимдердин акчасын төлөп, менин колумдагы сумкаларды алып, сыртка чыктык. Жолдун берки бетиндеги чакан кафеге кирип тамактанып отурдук. Мен Болотту карайм, андан сөз чыкпайт. Унчукпастан астындагы тамактан алып отура берди. Мен ичимден ар кыл ойлорду ойлоп, тамакка анча табитим тартпады.
– Сен таң калып жатсаң керек ээ? Мен сага жардам беремин. Сен менин аялым болосуң. Менин айтканымдай болсоң эле сенден эч нерсемди аябаймын. Уктуңбу?
Болот менин жүзүмдөн назик сылап, ээгимди колу менен көтөрө сүйлөдү. Мен жер тиктеп тим болдум. Чынында ошол тапта мен үчүн баары бир болчу. Жашоого болгон кызыгуу, көздөгөн максат жок эле. Ошентип анын карамагына өтүп жашап калдым. Шаардын борборунда жайгашкан төрт кабат жаңы курулган үйдөн бир бөлмөлүү квартира алып, мени ошол жерге жайлаштырды. Ошол үйдүн биринчи кабатындагы дүкөндөн, уюлдук аппараттар сатылуучу дүкөн ачып берди. Жашоо өз нугунда өтүп жатты. Менимче Болоттун башка аялы деле болсо керек. Ал жөнүндө мага ооз ачпайт. Бир жумада эки күн менин жанымда болот.
Болот отуз сегиз жашта. Бир караганда эле өтө келишкен, жагымдуу көрүнөт. Кара тору, узун бойлуу, оор басырык, акылдуу. Көп сүйлөбөйт. Мүнөзү катуу. Аял кишини анча эле үзүлө түшүп эркелетпейт. Бирок аябай камкор. Баардык тараптан камсыздап, көңүл буруп турат. Кытайдын «Али экспресс» компаниясынан, Кыргызстанга электро товарларын, кол телефон, компьютерлерди дүң баада алып, биздеги дүкөндөргө таратат.
Сырттан караганда жашоом жетиштүү, эл суктанаарлык эле өтүп жаткан, менин жашоомдун кескин өзгөрүүсү, жыйырма төрт жашка толгонумдан кийин, кыш айларында башталды. Болот экөөбүздүн таанышканыбызга үч жыл толуп калган эле. Мени менен таанышкан убакта анын жөнөкөй мерседеси болсо, кийинчерээк кара түстөгү көлөмдүү Лексусту алды. Анын жашоосу жакшырып, иши алдыга жылып баштаганына мен деле кубанып жүрдүм. Боюмда болбоду. Болот ошол кезге чейин бала жөнүндө бир да ооз ачкан жок. Иштеген ишим, жашаган үйүм болгону менен, жашоодон ырахат алып, бир нерсеге алаксый албай, жалгызсырап кыйналып жүрдүм. Болот ноябрдын аягында бир келген бойдон жаңы жыл бүтсө да келбеди. Колунда иштеген бала товар алып келгенде, анын башка өлкөгө эс алганы кеткенин айтты.
Башталары жаштыкка салдымбы? көп нерселер жөнүндө ойлонбой, бейкапар жашап жүрө берет элем. Жакындан бери оюма ар нерселер келип, жашоомду өзгөрткүм келди. Болотко шарт коюуну ойлодум. Өмүр бою аны күтүп жашагым келбеди. Банкта топтогон бир аз акчам бар эле, ошону алып, Болот келсе аны менен коштошуп, чет өлкөгө кетип калууну ойлодум.
Январ айынын он жетиси ал келди. Бир аз жүзү түнөрүп, бир нерсеге ачуусу келип тургандай көрүндү. Ар дайымкыдай эле төшөккө тартты. Керебеттин үстүндө мени чечиндирип, кумарлануу менен өөп жатканда мен өзүмдү ала качып, отура калдым. Мен ага бир аз аялдык таарынычымды гана көрсөтүп койом деп ойлогом.
– Эмне болду жаным, бир нерсе жакпай калдыбы?
– Сиз мага каалаганда келип, буюмдай пайдаланып кетесиз, мен мындай жашоого чыдай албай калдым. Мен кетем!
Мен күтүүсүздөн ыйлап жибердим. Болот эмне дешин билбей бир саамга мени жалдырай карап калды. Анын өңү бир заматта өзгөрүп кетти.
– Кетем дейсиңби? Жашыраак бирөөнү таптыңбы, а? Таптыңбы деп жатам?!
Анын жүзүн көрүп коркуп кеттим. Кечирим сураганча анын колдорунан кармап өпкүм келди, бирок жетишпей калдым. Болот күч менен мени жаак талаштыра бир чапты. Керебеттин кырына желкем менен кадала түштүм. Көзүмдөн от чыгып кетти.
– Демек кетесиң?! Болот сени адам катарына кошуп, жетимчиликтин жетишпеген жашоосунан сууруп чыкты, эми сен кетишиң керек! Жок жаным, биз мындай макулдашкан эмеспиз!
Болот мени мыскылдап карады да, оң колу менен чачтан сүйрөп, керебеттен ылдый түртүп салды. Күүлөнүп барып, полго сулк жыгылдым. Мурдумдан кызыл кан атып чыкты. Болот артымдан келип, колдон тартып тургузуп, керебетке алып барып отургузду.
– Кечирчи мени, менин кичинекейим... Сен эми акылдуу кыз болосуң, ээ? Мага сөз бересиңби?
Ал мени эркелете сүйлөдү.
– Турчу ары!
Мен жаным ооруганына чыдабай, бир колум менен мурдумду кармап, бир колум менен аны түртүп салдым. Бирок көп өтпөй эле анын күчтүү колдору бетиме тийди. Оозумдан кан атырыла чыкты. Азыр эле өлүп калчудай болуп, жаным көзүмө көрүндү. Менимче көпчүлүк эле аялдар эркек киши урганда жан талаша жалдырап жиберсе керек.
– Кечирип коюңузчу...
Мен анын дагы бир соккусунан коркуп кечирим сурадым.
– Сени мен тирүү эч кайда койо бербеймин. Ушуну унутпагын. Менден кетем деп артыңды караганда атып өлтүрөм. Сени эч ким издебейт.
Болот ордунан туруп, шкафтын ичине коюлган сейфин ачып, ичинен пистолет алып чыгып, менин пешенеме такады.
– Сенин өмүрүң бир эле ок, эстей жүргүн!
Пистолетти алып, сейфке кайрадан салды да аны жаап койду. Мен мурдумдагы канды токтоткону ванна тарапка басып жөнөдүм. Болот артымдан чыкты. Бетимди өзү жууду.
– Болду жетишет. Жүр бөлмөгө!
Ал мени колдон сүйрөп ичкериге алып кирип, керебетке түртө салды. Аппак шейшептин бир чети кан боло түштү.
– Мурдумдун каны токтосун, шейшеп кан болду, – Мен ага булганган жерди көрсөттүм.
– Кан болсо эмне болуптур? Мен дагы сенин каныңды көрөйүн! Баса, кыздыгыңды ким алган? Балким ошол менен табышып кетем деп жатсаң керек?
Болот мени кайрадан чачтан алып, өзүнө тартты. Ылдыйлаганда мээм болк эте түшкөндөй болду. Мурдумдан тынбай аккан кан, ак шейшепке бир заматта эле тоголок боло жайыла түштү.
– Карасаң Ленора, кандын түсү кандай жагымдуу, ээ? Жытын сезип жатасыңбы? Чыныгы жашоонун жыты, өлүмдүн жыты. Адамга бир башкача күч берет.
Болот шейшептеги канды колуна шыбап, мурдуна алып барып жыттап жатты. Тилин тийгизип көрдү эле, мен кусуп жиберейин деп өзүмдү зорго кармап калдым. Болоттун көздөрү башкача жанып, азыр эле мени тирүүлөй жеп сала турган адам жегичтей кумардуу карады.
– Келчи жаным, сени каалап жатам?! – Ал жырткычтай мени баса жыгылды.
Менин бети башым канга бойолгонуна да карабай, өз ишин бүтүрүп, жуунганы кирип кетти. Мен жаздыкты бийик көтөрүп, башымды ылдыйлатып жата бердим. Жуунуп чыккан Болот столго беш миң сомду коюп, мени менен коштошпостон чыгып кетти.
Ошол күндөн кийин мен иштебей үйдө отуруп калдым. Жашоонун кызыгы кетти. Болот бир жумада эки жолу келет. Бирок мага тозоктун баардык азаптарын көрсөтүп кетет.
– Сен жакшы кыз болсоң, мен бүт дүйнөнү бут алдыңа таштайм!
Бир күнү Болот экөөбүз ашканада чай ичип отурганда сөз баштады:
– Билбейм, күчүм канчага жетет...
Мен ойлуу жер тиктедим.
– Сен күчтүүсүң! – Ал менин саамайымдан сылап койду.
– Билесиңби? Мен көп аялдарды көрдүм. Кайсы өлкөгө барсам да менмин деген сулуулар меники болду. Бирок жөнөкөй төшөк кумары кызыксыз боло баштады. Рахмат сага! Сени менен жашоом мурдагыдан да кызыктуу. Азыр сенден бөлөк эч кимди каалабаймын! Ишенесиңби?
Мен унчукпадым.
– Менин делебемди сенин каның гана козгой алат! Жаның ооруганына чыдабай жалдыраган көздөрүңдү көрсөм, дене боюм балкып, өзүмдү бул дүйнөнүн падышасындай сезем!
Бул сөздөрдү уккандан кийин жашагым келбей калды. Өз жанымды өзүм кыйып, тынч ааламга кетким келди.
– Жүрчү, мен чыдабай баратам!? – Болот мени колдон кармап, уктоочу бөлмөгө сүйрөдү.
Дене боюм калтырап, азыр эле ооруп баштады.
Ал мени керебетке көмкөрүп жаткырып чечиндирди. Анын ыссык илеби бүт денемди өөп жатты. Желкемден баштап өөп, сандарыма жеткенде делебем козголуп, денем балкый түштү. Болот андай учурду жакшы билгендиктен, алдын ала даярдап койгон лезвиясы менен санымдын ортосунан ылдый карата он сантиметрдей кесип салды.





Жазыл,
төлө,
билесиң!


"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Башка дүйнөнү алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!