Жаныбек Жанызактын
"Чырмалышкан курбулар" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
100 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Чырмалышкан курбуларды алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Чырмалышкан курбулар

Адамдын тагдыры миң сан чыйыр экен го. Кантип жашашты, кайсы жолду тандашты ар бир адам өзү билет дегенибиз менен, кээде тагдыр адамдан сурап отурбай, өз билгенин жасайт көрүнбөйбү. Балачактан биринин кайгысын бири сезип, биринин кубанычына бири ортоктош болуп, ээрчишип чоңойгон үч курбунун тагдыры – жашоодо билгенден билелегиң көп экенин эскерткенсийт.

Үч курбу жашаган айыл салтты катуу кармаган аймакта жайгашкан. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген макал ушул аймакка бап келгенсийт. Бой тарта баштаган кыздардын баскан-турганын аңдымай, астыртан сынай карамай бул элдин көнүмүш адатына айланган.
Сыртта катаал доор – СССРдин тарап, анын курамындагы өлкөлөр өз алдынча турмуш жолуна аттанган кез. Кайда караба, бараткан нугунан жаңылып, кайда бараарын билбей элейген адамдар. Жумуш жок, акча да жок, ал турмак дүкөндөрдүн текчелери бопбош – көзгө кунарсыз. Кечээ эле короо-короо кой, уй, жылкылар батпаган колхоздун сарайы ээн калды, менчиктештирүү араанын ачып, эптегени жула качып, эптей албаган койдой жооштор куру кол отуруп калышты. Баштагы чындыкты туу тутуп, абийир менен иш кылган адамдарды бийик көкөлөткөн заман өттү, эми айлакер, куу, бирди төрткө айланткан кызыл кулактардын күнү тууду. Ар замандын өзүнө жараша баалаган сапаты болот турбайбы.
Дал ошондой кыйынчылык элди каптаган мезгилде башта айтылган, салтка бекем ыктаган айылда тоо гүлүндөй буралган үч кыз бойго жеткен. Үчөө бала чактан үч эм козудай ээрчишкен ынак курбулардан. Алдыга койгон максаттары тоодон да ашып турган чакта, минтип заманың түшкүр түбүнөн өзгөрдү. Бирок, жаштардын жүрөгүндө кайрат, сезиминде кыял толтура. Келечектен коркпой, алдыда аларды жайыл дасторкон күтүп аткандай эртерээк эле мектепти аяктоого ашыгышат.
Үч курбунун бири – Жылдыз мектептин пол жуугучу, жесир Гүлсүндүн кызы. Атасы эрте кайтыш болуп, чөжүрөгөн алты бала менен калган энесине ушул кыз тээк болуп күн өткөрүп келишет. Жаштайынан түйшүккө аралашса, чыйрак болбой кайда барсын, колу бары-жокко эптүү, иштин майын чыгара жасаган, мээнеткеч кыз. Мектепте да мыкты окуйт. Ошондон улам, байкуш эненин бир гана тилеги бар – ал кызына жогорку билимге ээ кылуу. Өзүндөй күйпүл күчүк болуп, пол жууп калышын каалабайт. Бирок, эненин тилегинин талканын чыгарып, замандын бир заматта өзгөргөнүн карачы.
А Асыл оокаттуу жердин кызы. Атасы мал доктур болуп эчен жыл совхоздо иштеди. Союз убагында ар жума сайын үйлөрүндө бирден козу союлуп, флягадан кымыз үзүлбөй, бир аз гана катуу тарткан нандарды энеси кесирленип, итке таштачу. Бирок, замандын өзгөргөнү буларга да таасирин тийгизди. Баягыдай ар апта сайын козу өңөрүп келген чабандар жок. Кантсе да, жеп көнгөн адам кандай убак болбосун, жештин бир айласын табат экен. Мал доктур совхоздун менчиктештирүүгө берген куйругуна кучак жетпеген койлордун далайын өзүнө алды. Айылдын четиндеги союз учурунда курулган, нечен гектарды ээлеген мал сарайды менчиктештирип, ал жерге бир короо коюн атайын чабан жалдап бактырды. Ошентип, кадыр-барктуу мал доктурдан заматта жаңы замандын күркүлүнө айланды.
Үчүнчү курбу – Нургүлдүн ата-энеси айылдын интеллигенттери. Апасы доктур, атасы мектептин директору. Болгондо да сүрдүүлүгү жагынан атагы районго тараган директор. Анын карааны көрүнгөндө окуучулар турмак, окуучулардын ата-энелери да кирээрге тешик таппай калышат. Он беш жылдан ашуун бир кызматында кармалганы – өз ишин мыкты билгенинин далили. Мектепте кандай болсо, үйүндө да ошондой. Үч уул, эки кызын темирдей бекем кармап, күнүнө алты жолу акыл-насаатын кулактарына куят.
Үч башка катмардан болушса да, үч кыздын ынтымагына сөз жок. Баамдаган адамга булар бирин бири толуктап тургансыйт. Сулуусу Жылдыз, акылдуусу Нургүл, боорукери Асыл. Булар азыр, бүгүн-эртең колубузга аттестат тийсе, шаарды көздөй канат кагабыз деп турушат. Ишеним Асыл менен Нургүлдө күчтүү, а жарым жетим Жылдыз кантсин, ичинен санаага чырмалат.
Мына, мектепти да аякташты. Айылда мектепти аяктаган кыздар шаарга кетип гана кутулушпаса, аскерден келип, үйүнөн күнүгө «үйлөн» деген жеме угуп жүргөн жигиттер жөн коюшпайт. Айрыкча, ошол жылдары кыздарды койчосунан бөктөрүп, ала качмай салтка айлангандай эле болду.
Айрыкча, Жылдызды тооругандар көп. «Энесин көрүп, кызын ал», – демекчи, апасы Гүлсүн оор басырыктуу, мээримдүү аял. Анын үстүнө, кыз да турмушка бышкан, айрымдарга келин бекер малайдай эле көрүнөт эмеспи, «балам ага, ал балама жагабы, жашап кетишеби» деген ой менен эмес, «балта-керкиси» жанында болгон кыздын тирилик кылганына кызыккандар андан көп. Бул Гүлсүндү абдан бушайманга салды. Жалгыз уюн сатса да, акча таап, шаарда жашаган сиңдисине тааныш таптырып, кызын окууга өткөрмөй болду.
Жылдыздын тагдыры чечилди – борбордогу өзү эңсеген Медициналык институтка эмес, жакынкы шаардагы медициналык окуу жайдан билим алмай болду. Ошонусуна да шүгүр. Ары карап ыйлап, бери карап күлүшүп, бала-бакырага ак ичирип аткан жалгыз уйду сатышты. Акчаны Жылдыздын белине түйүп, сиңдисине кошуп шаарга кетиргенден кийин гана Гүлсүн терең дем алды.
А Нургүл менен Асыл борбор калаадагы жогорку окуу жайларына тапшырууга жөнөштү. Алардын аталары акчасын акчадай, таанышын тааныштай алдын ала сүйлөшүшкөндүктөн көңүлдөрү ток. Тагдыр бир берген адамына колу көнүп, акыр аягына чейин сыйлыгына жыргатат көрүнөт.

Азгырык
Жылдыз тааныш жана акчанын күчү менен чакан шаардагы медициналык окуу жайдын студентине айланды. Эгер калыстык орноп турганда, тааныш-акчасыз деле каалаган окуу жайына өтмөк. А бирок, азыркы учур – так ушундай жең ичинен бермейлердин дооруна айлангандыктан, ал чийинден чыгуу мүмкүн эмес эле.
Окууга өтүп, көңүлү тынгандан соң, айылына жөнөдү. Сентябрга чейин апасына каралашып, анан келмек. Алдыда кандай окуя күтүп атканын билгенде, айылына такыр барбай койот беле…
Жылдызды өзүнөн эки жаш улуу бала мектеп курагынан баштап сүйүп жүрдү. Майрамдарда белек берип, ак баракка жүрөккө канжар сайылган сүрөттү тартып, узундан-узун кат жазып жүргөн Мелис аттуу жигит Жылдыз окууга кеткенден эки күн өткөн соң аскерден келип, жетишпей калганына бармагын катуу тиштеген. А бүгүн, Жылдыздын шаардан келген кечки автобустан түшкөнүн көрүп, жоготконун тапкандай, терисине батпай кубанды. Кандай болсо да, ага үйлөнүүнү кудум согуштан жеңиш менен кайтууну көксөгөн жоокердей максат кылды. Анын маселесине ала качмай «салт» жардам бермек, бирок, атасы так ушул ала качууга каршы чыгып жүргөнөрдүн бири, райондун укук коргоо жаатын жетектеген адам. Ошондуктан бул ыкманы Мелис колдоно албайт. Ал кандай болсо да кыздын көңүлүн табышы керек.
Балким, нике кайып айдап турган, же кыздын көңүлү ушунчалык ийилчээкпи, жайы менен Гүлсүндүн үйүнөн чыкпай, эмгекке жарамдуу эркек болбогондуктан, каралбай калган короолорун оңдоп, иретке келтирип, чөбүн чаап, картөшкесин жөөктөп, кол кабыш кылган Мелиске Жылдыз ык тартты. Канча жылдан бери жанына жуутпай келген жигиттин камкор мамилеси бир заматта жүрөгүн жибитти да койду. А Гүлсүн кызын так ушул жигитке ыраа көрөт. «Ата-энеси бардар адамдар, бир айылданбыз, кызым жанымда болот», – деп ойлогон эне кызына ыгы келгенде Мелистен ашкан жигит табылбай турганын кыйытат. Ошентип, Мелистин тилеги ишке ашты, алар жетелеше баскан кыз-жигитке айланышты.
Бул кийинки өмүргө так калтырган, өкүнүчтүү окуя Жылдыз эртең шаарга кетем деген, августтун акыркы күндөрүндө болду. Адаттагыдай ал күнү да Мелис Жылдыздыкына келип, аны-мунуга кол кабыш кылды. Көз байланып калган чакта, кетүүгө камынды. А Жылдыз аны узатып чыкты.
– Жүрү, булакка барып сүйлөшүп отурабыз, – деди Мелис кызга. Жылдыз көңүлдөнбөдү эле, колунан кармап аянычтуу айтты:
– Эртең сен кетесиң, ошону менен кышкы каникулда келесиң. А мени ата-энем шаарга быйылча жөнөтүшпөйт. Жарым жылдан кийин көрүшөбүз. Мен сени сагынам.
Жалооруган көзүн көрүп, Жылдыз айласыз макул болду. Экөө караңгыда абайлап басып, тоонун боорундагы булакка барышты. Шылдыраган добушту тыңшап мектептеги кезди эстеп, сүйлөшүп отурушкан. Кантер экен дегенсип, акырын кыздын жүзүнөн өптү. Ичинен кыздан кагуу жейм деп күткөн. Бирок, анын өпкөнү кызга жаккансып, ага ыктады. Бул жигитти эрдемсинтти, эми эринин кыздын эринине жакындатты. Бөлтөйгөн эриндерге тийген жигиттин эрини балга малынгандай эле болду. Өбүшкөндү кинодон эле көрбөсө буга чейин эч ким менен өбүшпөгөн. Бирок, бул кумар деген нерсеге тажрыйбанын деле кереги жок өңдөнбөйбү. Калбыйган оозу бөлтөйгөн эриндерди узакка сорду. Кыздын жүзү тамылжыды, сыйкыр дүйнөгө туш болгонсуп, бул мүнөттөрдүн бүтпөшүн каалады. Мелис кыздын жука көйнөгүнүн үстүнөн мамактарын эзгиледи. Эзген сайын колу чокту кармагандай ысып, ал ысыктык тула-боюн каптап, кайбары шымына тирелди. Титиреген колу кыздын жука көйнөгүнүн төшүндөгү топчуларды чечкенге аракеттенди. Азыр мобул капкатуу да, ыпысык мамактарды жылаңач кармабаса, асманы аңтарылчудай ээликти. А кыз негедир каршылык көрсөтпөдү. Дилинде туура эмес жорук жасаганын билсе да, Мелистин карылуу колу мамагын мыжыккан сайын башы тегеренгенсип, бутунан чачынын учуна чейин от тарагансыды. Ал от так эле эки санынын ортосунда күйүп аткансып, табияттан берилген аялдык инстинкт ойгонду. Жигит кыздын магдыраганын сезди, ал сайын кайбары шымын жыртып чыкчудай какаят. Кумар ойгонгондо, адам акылды да уруп ойнобой калат экен. Жылдызды чалкасынан көк шибердин үстүнө эле жаткырып, көйнөгүн өйдө түрдү. Айдын жарыгында кыздын аппак сандары көрүнүп, эңсөөсүн ансайын күчөттү. Мына, көйнөк ийинге чейин түрүлдү, андан ары көз ирмемдик убакыт – шиберде эмчек кабы жана турсийи гана калган кыз жатты. Көзү тумандап, бүт денесин карыш эттин каалоосуна баш ийдирген Мелис кыздын алкымынан аймалап, мамагын эзгилеп атып, бир заматта өзүнүн жеңи кыска жектеси менен шымын чечкенге жетишти. Чалыштаган буттарына таканчык бере албай, жыгылып, туруп атып турсийин да чечти. Ошондо гана кыз эсине келгенсиди. Караса эле, алдында энеден туума жылаңач Мелис турат. Баарынан да, көзүнө анын тарбайган буттарынын ортосундагы сороюп турган кайбары түрү суук көрүндү. Ордунан турууга жер таяна бергенде, жигит үстүнө басып жыгылды.
– Коркпо, жаным, коркпо… Мен акырын эле… оорутпайм… – деген Мелис оозуна кайра жабышты.
Кыз алсыз түрткөнсүдү, анан жигиттин оозу эринине жеткенде, кайрадан көзүн жумду. Эркин кумардын күчү жеңди. Эркектин колу эмчек таккычын, анан турсийин шыпырганын билсе да, каршылык кыла албады. Жанжеринде күйгөн от бүт денесине тарап, акыл-эсин да туткунга алган эле. Айдын жарыгында энеден туума эркек менен ургаачы бир бүтүнгө айлангансып, жуурулушту. Мелис жыйырма жашка чыкса да, буга чейин кайбарын ишке салып көрбөгөн. Теңтуштарынан, көптү көргөн тааныш агаларынан укканы, кинодон көргөнү гана болбосо, төшөк оюнунан кабары жок. Тепкен кан терисин жарып чыкчудай болуп какайган кайбарын кыздын бутун эки жакка керип, жанжерине туштады. Бирок, кирген жок, сүрүлүп барып, булт этип чыгып кетет. Кайра туштап, түртөт. Кыз алдында алсыз онтойт. Ага азыр береги катуу нерсе жанжерин көзөп кирсе, жыргалдын жетинчи асманы каалгасын аччудай сезилди. Өбүшкөндөгү, эмчегин мыжыктыргандагы кумардан да жагымдуу нерсе эми болоорун сезди. Нечен ирет, Мелисти ары түртүп, ордунан ыргып туруп, көйнөгүнө чуркоону ойлонсо да, тула-боюн магдыраткан сезим тап жылдырбады. Жигит кайбарын кыздын жанжерине киргизе албай алка-шалка тердеди.
– Азыр… азыр… азыр, жаным… учун эле киргизем… учун эле… – деп энтиге шыбырайт. А кыздын кулагына бул сөздөр кирбеди. Жанжерине жигиттин кайбары тийген сайын, денеси шиберде жатканы менен өзү алда-кайда, жыргалдын кайсы бир кабатында учуп жүргөн. Бир кезде, жигит катуу түрттү эле, кайбары жолунан саамга буйдалып… анан ыпысык жайга кирди. Ага удаа, кыздын алсыз колдору жигитти чапчып, «а-ай» деген кыйкырыгы түндү жиреди. Жок, кызды канчалык сүйсө да, кареги менен тең айланып, канатына калкаласа да, эми жигит кайбарын сууруй албайт. Сүйүктүүсүнүн жанын оорутканын туйганы менен кумардан артка кайта албады. Ансайын теминип, теминген сайын денеси бир башкача балкып, көздөрү сүзүлдү. А Жылдыз да ошондой абалда, жанын көзүнө көрсөтүп, кудум колуна тикенек киргендей жанжери тызылдаса да, анын артында жашынган жагымдуу сезим арбады. Жанжерине катуу нерсе кирип-чыккан сайын, көзү өзүнөн өзү жумулуп, кыңкыстап атты. Бүт дүйнөнүн жыргалын так ушул эркек менен ургаачынын бир бүтүнгө айланып, жуурулушуусуна байлап бергенсип, жигит денеси, акыл-сезими толук бойдон эки алаасынын ортосуна баш ийди. Анан барып, мараага жакындагаганда арышын ылдамдаткан күлүктөй, тез-тез, тез-тез теминип барып, уруктугун аттырды. Кыздын ийинине башын катып, жаны жай ала жатып калды. Энтиккени гана басылганда, ары оодарылды эле кыз ушуну эле күтүп тургансып, ыргып туруп көйнөгүнө чуркады.
Жылдыз денеси ооруксунуп атканына карабады, көйнөгүн, турсийин заматта кийди, эмчек кабын ары-бери издеп атып, булактын боюнан тапты. Көйнөгүн кайра чечүүдөн эринип, колуна кармап алды. Азыркы болуп өткөн окуяга бирде ишенсе, бирде ишенбей, уятынан жер ачылса кирип кетчүдөй болду. Жана көйнөгүнө чуркаганда алаасынан ысык бирдеме аккандай болгон, ага деле көңүл бурбады. Булактын муздак суусуна бетин жууп, ичиндеги өкүнүчтүн өртүн бир аз басаңдаткансыды.
Мелис да аны көрүп, туруп, кийинип, булакка келип, жүзүн чайкады. Ичинен «Эми меники болот, үйлөнөм десем, жан деп тийет», – деп өзүнө маашырланды. «Эми эмне кылам?» – деп кыз сөз баштаса, тойду белгилейин деп күттү. Жылдыз унчукпады. Экөө ээрчишип, үн-сөзсүз баратышты. Үйүнө жеткенде, кыз жакшы кал да дебей, чуркап кирип кетти. Ошондо, жигит кепти өзүм баштасам болмок экен деп өкүндү. «Эртең келип, үйлөнөм деп айтам», – деп ойлоду да, үйүнө жөнөдү.
Бирок, кийинки күнү түшкө маал теңтуштарынан Жылдыз саар менен автобуска түшүп, шаарга кеткенин укту.


Жазыл,
төлө,
билесиң!


"АЛАМ!"
дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Чырмалышкан курбуларды алам!"
деген кабар келет: