Жаныбек Жанызактын
"Ханум жортуулга чыкты!" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
100 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум жортуулга чыктыны алам!"
деген кабар келет.
Төлөмдү +996777329784 номурга саласыңар




Эскертүү:
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ханум жортуулга чыкты

повесть

Мына, ушинтип турмуш жолуна да аттандым. Ак көшөгөнүн ичинде отуруп, өткөн күндөрүм көз алдымдан бир нече жолу чубурду. Жан-жагымда кичинекей кыздар шынаарлай отурушат. Менин согончогума жеткен көйнөгүмө, маасыма (бул жакта жаңы келинге маасы кийгизишет экен), үлбүрөгөн ак жоолугума кызыга карашат. Мен да бир кезде так ушинтип көшөгөгө отуруп, жаңы жеңелериме кызыга карадым эле.
– Тур, тура гой, күйөөңдүн уруусунун эң аксакалы сени көргөнү келди, – деди бир кезде көшөгөнүн бир четин көтөргөн орто жаштагы аял. Чекесине жоолукту тим эле бууп салыптыр, чыкыйындагы тамырлар көпкөк болуп көөп кеткенсийт. Карыган кемпирди эки жагынан жөлөй кармап алып кирип келатышыптыр. Ордумдан тура калдым. Назиктей көрүнүүгө аракеттенип, башымды өйдө көтөрбөй, ак жоолугумду ылдыйраак тарттым.
– Алганың менен тең кары, жакын жерде кыз жок баштанып, тээ жердин жети түбүнөн жетелеп келгени ким экен, бир көрөйүнчү, жоолугуңду аччы, – деди кемпир тарамыштуу колун сунуп. Анан мени күтпөй эле жүзүмдү жаап турган жоолугумду ачып жиберди.
– Ботом, биздин кыздардай эле кара томолок кыз турбайбы. Ий, кокуй, белден ашырып алып келет экен десеңер мен дагы айчырайлуу периштени жетелеп келет окшойт десем... – кемпирдин үнү ушундай башкача чыкты дейсиңер, аккууну көрүүгө бараткан адамдын алдынан карга учуп чыккандай эле болгонсуду. Кебетеси да сузданып, оюнчугун тарттырып жиберген баладай эле томсорду. Эринин тиштеп, айта турган сөзүн таппай калгансып, бир саамга унчукпай туруп анан, кантсе да соңуна жеткирүү керек деп чечтиби:
– Майли эми, алган адамына жакса болду, бизге не... Кел, айланайын, бетиңди тос. Алганың менен тең кары, – деп мага умтулду. Мага кемпирдин айткандары катуу тийди десеңиздер жаңылышасыздар, бала чагымдан апам эле мени көп нерсеге бышырып коюптур. Апам баш болуп, баарынан (өз апасы айтып жаткандан кийин башкалар тим турабы) “кебетеси кантет мунун”, “ырайы суук”, “кейпи суук”, “далдайган” ж. б. толгон-токой сөздөрдү угуп жатып бышы кулак болуп калгам. Азыр мага мындай сөздөр чымын чаккандай да тийбейт.
Бир чарчыдай гана болгон кичинекей кемпирге бетимди тосуп, эңкейейин десем, кашайып шайы көрпөчөгө бутум сыйгаланып кетсе болобу. Шалп этип эле кемпирдин жүзүнө башым менен урундум. Дагы жакшы эки жакта турган аялдар кармай калышты, болбосо, береги арык кемпирди баса кулап, байкушту о дүйнөгө узатып жибермек экенмин.
– Кокуй, ко-кокуй, тумшугумду жарды, тумшугумду жарды! – деп эле кемпир эки колу менен бетин басып, чыркырап калды. Мени да көшөгөнү ачкан аял кармап калгандыктан тең салмактуулугума келип, дене-боюмду токтотуп туруп калдым. Жүзүмдү көтөрүп, кемпир тарапты карай албадым. “Өлдүм, – деген гана ой келди, – Азыр менин шермендемди чыгарып айдап жиберишпесе болду”. Жок, айдашпады, аялдар кемпирди колтуктаган бойдон чыгарып кетишти. Мен тарапка эч кандай кеп айтышпады. Бирок, апамдарга айтышыптыр. Аны да бир күндөн кийин жеңелерим келгенде угуп атпаймынбы. Ачуу басарга барган кудалар апамдарга: “Далдайган кызыңар бар экен, уурубуздун аксакалынын тумшугун жарып салды”, – дешиптир.
– Ошол жерде да жөн отурбай мени уят кылып жатыптырсың да, – деп апам бир сүйлөнүп алыптыр жеңелериме.
– Анан эмнеге шайы көрпөчө жасашат. Шайыдан да көрпөчө болчу беле, баскан сайын сыйгаланып, – дедим мен да бетимди чым эттирип койбой.
– Эмне, төшөккө кар жаап салыптырбы тайгалангандай?! – апам нааразыланып көпкө сүйлөндү.
Кемпир озондоп кеткенден кийин тикенекте отургансып, жаман болдум. Эки кулагым сыртта, бирөө-жарым кирип: “Баары жакшы, жүрөгүңдү сыкпа”, – деп коебу деп күттүм. Келин көргөнү киргендер ал тууралуу ооз ачышпады. Никебизди эртеси күнү кыйышты. Бул да төркүндөрүмдүн “капризи” болуптур. Апамдар: “Жеңелери баргыча нике кыйбагыла. Булар барып өз оозунан сурашсын”, – дептир кудум өзүнөн башка эч ким өбөлек кызын эрге узатып жаткансып. Жол алыс да, алар келгиче бир күн өттү.
– Кудай ай, жакын арадан сага эркек жок бекен, – жашы кыркты таяп калган жеңемдин да жүз көрүшөөрүбүз менен айтканы ушул болду.
– Баарыңар эле жакын ара деп какшанасыңар да, силерден качып алыска кеттим! – дедим мен да сиркем суу көтөрбөй.
– Болду эми, ажылдаба, кайын журтуң бизге кошуп салып койбосун машинеге, келе элек жатып долуланган кызыңар бир-экини төрөгөндөн кийин ажыдаарга айланып кетет. Ушунчасында алып кеткиле деп, – жеңем мазактагансып күлүп койду. Бул кичүү таекемдин аялы. Аны менен кошо келгени экинчи жеңем, улуу таекемдин келини. Ал жаш болгондуктан мага бул сыяктуу асылып сүйлөй албайт. Бир ажаанга бир момунду кошуп жөнөтүшкөндөрү ырас болуптур. Эки ажаан келгенде көшөгөгө батпай калмакмын.
Түнү нике кыйылды. Айылдык молдо келип, чыныга суу куйдуруп, баарыбызды тегеректетип отургузуп, никени да кыйды. Андан соң чыныдагы сууну тегеретип отургандардын баары ооз тийдик. Жат-жатка убакыт жакындаган сайын мен өзүмдөн кете баштадым. Дене-башым бошошуп, көкүрөгүм менен дем алып, эки санымдын ортосу ысыгандан ысып баратты. Эртерээк эле кумарга батууну эңсеп, Байтурдун коюнуна кирип кетким келгенин кантейин. “Эсиң менен бол, Ханум, эсиң менен бо-ол”, – деп өзүмдү өзүм тыйып аттым күчтөп.
– Кана, кызыке, эми бизге ачыгын айт, – деди таекемдин аялы этегимди баса отуруп. Бул маалда бөлмөдө үчөөбүз эле калдык: эки жеңем жана мен.
– Эмнени? – коркуп кеттим. Дүүлүккөнүм көздөрүмдөн билинип калдыбы деп.
– Эч кимге этегиңди ачтырбадың беле? – жеңемдин өңү сустайып, мени теше тиктеди. А мен көзүмдү ала качтым.
– Кандайча ачат? – аңкоолонумуш болдум, а сөздүн маанисин сопсонун эле билип тургам.
– Бул даана чийки го, – бырс эткен жеңем абысынын карады, – Ой, эч бир эркек менен жатпадың беле?
– Жеңе, кантип уялбай ушинтип сурап атасыз? – дедим мен да өзүндөй жооп берип. Капа болгондой кабагымды салып алдым.
– Нике түндүн алдында кыздан суроо жеңенин милдети. Иши кылса эртең мобул айдай болгон бетибиз кызарбагандай болсун.
Жеңемдин “айдай” бетин карадым. Байкушум, тиричиликтин түйшүгүнө нык көмүлгөн, эртеден кечке картошка, малина, карагат өстүрүп, короонун отоо чөптөрүн жулуп, керек болсо таекем менен тең тайлашып чөп чаап, бүт ишти жасай берип, карылыкка эрте эле баш койгондой. Көзүнүн алдында, чекесинде терең-терең бырыш жатат. Бетинин эки ортосу кызарып, туурулган.
Төшөктү калың салгыча, эки жеңем эки жагымдан төшөк сырларын “үйрөтүп” жатышты. Сыр болгондо башкача сыр деле эмес, кадимки катардагы эле “эрежелер”. “Оорутат”, “кыйкыр”, “катуу кыйкыр баары угушсун”, “алааң ысый түшөөрү менен дароо ордуңдан тура кал”, “чыда, бир аз эле оорутат” ж. б. Аларды угуп жатып, мыйыгымдан билгизбей жылмайып коем. Булардын баары мага эчак эле тааныш экенин булар билишпесе кантейин. Мага үйрөткөндөрүнө экөөнүн корстон болгонун айт. Менин билген төшөк сырларымдын он пайызын да булар билбестир. Акыры жеңелерим чыгышты да, ордуна Байтур кирди акырын басып. Ал да коркуп алганын алаңдаган көздөрүнөн эле байкадым. Жаныма келип отурду, мен төшөктүн четинде отургам, шейшепти колу менен бир бүктөп, бир жазып, мен жакты карай албай кызарат. Андан биринчи кадам болбосо мен кантип колунан тартып, “жүрү, бул жакка” деп жуурканды жамынтмак элем. Унчукпай, ичимден от менен жалын болсом да, сыртымдан билдирбей, тартынчаак жаш келиндин ролун аткарып отура бердим.
– Никенин сүрү күчтүү болот экен э? – деди анан мени карап, -Баягыда ичимде бир аз градус бар эле... билбептирмин мындай толкунданаарымды.
– Ии, – деп койдум. Мен да аны туурап шейшепти бүктөп-жаза бердим. Ошентип, көпкө отурдук. Анан бир кезде чечкиндүү боло түштүбү колумдан бекем кармады.
Дырдай чечинип, жаныма жатканда баштагы сүйүүм үбөлөнгөнсүп, өзүмө болгон аеом күчөп кетти. Анткени, апыртып айтканда чыпалактай гана болгон ипичке алигиси көзүмө урунду. “Ушуну менен өмүр бою жашаймынбы?” деген ой келип, буулугуп ыйлагым да келди. Кумарым денеме батпай турган. Күйөө болмушум жарытылуу “иштегенди” да билбейт экен. “Андай эмес, мындай” деп салайын деп, анын алдында абийиринен жакында эле кол жууган, эч нерсени билбеген байо көрүнүшүм керек болгондуктан, тилимди тишиме катып унчукпадым. Эртең менен ойгонсом чала өлгөн жыландай болуп денем бүт жанчылып калыптыр. Бышылдап таттуу уйкуда жаткан Байтурга карап, кумарым тарабай турганы менен ага жакындоону каалабадым. Мен башка, күчтүү, далылуу эркекти самап турдум. Бул оюмдан өзүмдү качырып, “тийдиңби, эми жаша” деп чечим кабыл алдым.
Эртеси жеңемдер кетишти. Кетип баратышып экөө эки жагыма отуруп алышып, “Апаң айтты, ошол жерден өлүгү чыксын деди. Жашай албай калдым деп мурдунун суусун агызып келсе, менин андай кызым жок деди”, – дешип далай сөздү айтышты. Мен эмне демек элем, ансыз да баарын билем. Жалгыз башым араң баткан жерге бир күйөөдөн чыкты атым менен барганда батмак белем. А бирок, бара турган деле жерим бар. Өз үй, өлөң төшөгүм бар дегендей. Ошентсе да, байкаштырып жашап көрөйүн. Балким, жашоом бир калыпка түшүп кетээр.
– Сени созулган, бир чектен чыкпаган кыз экен деп жүрсөк... Күйөө бала деле анчалык шыпылдагандай көрүнбөйт, кантип баш кошконго чейин эле кошулуп алдыңар экен... – деди улуу жеңем кылыя карап. Ушул сөздү акыры айтышы керек эле, мен да кантип сурабай баратышат деп таң кала баштаган болчумун. Байтур алдын ала эле баарына “биз жашап алганбыз” деп ачык айтыптыр. Болбосо бул чөлкөмдүн нике түндөн кийин шейшепти текшере турган салты бар экен. Уят болгусу келбегенби, алдын ала жар салыптыр.
– Кошулсам кошулгандырмын, ара жолдо калып кетпей акыры тийдимби?! Болду да! – деп бурк эттим. Жеңемдин жаагы жап боло, бетимден өбүмүш этип чыгып кетти. Мен көшөгөдө калдым. Бөтөн жерге келип, келин болуш, сиңишип кетиш кыйын экенин ошол саамда туйдум. Жеңелерим кеткенден кийин жүрөгүм сыгылып, мен да алар менен кошулуп кетким келип, буулугуп чыктым. Көз жашымды сүртүп, ичимден эзилип, ар түркүн ойго батып отура бердим.
Ххх
“Той да болоор, тойдун эртеси да болоор” демекчи, арадан үч күн өткөндөн кийин келген элге тамак берип, үй иштерин кылып жүргөн абысын-ажындар мени көшөгөдөн чыгарышты.
– Бул үй эми сеники. Тиричилигиңди жаса, – дешти алар.
– Кандайча бул үй аныкы? – ары жакта турган кайненем көзүнүн төбөсү менен карап, жактырбагандай бурк этти, – Кечээ келген келинге ким үй берет экен? Бул үй меники! А үйдүн тиричилиги ушунуку!
Жүрөгүм зырп дей түштү. Сыртымдан билдирбедим. Эч сөз да кайтарбадым. Үй абдан чоң экен, тагыраак айтканда короосу. Килейген короонун ичинде эки үй турат бири бирине бет келиштире салынган. Бирөөсүндө Байтурдан улуу кайнагам үй-бүлөсү менен жашайт экен. Короонун тиги башында мал сарай, отун сарай, көмүр сарай... айтор, сарайлар толтура. Тооккана. Бак-шак, үй арты картошка, сабиз. Кыскасы, иш толтура экенин бир көрүп эле билдим. Ал күнү кечке башым оокаттан чыккан жок. Кайнагамдын алты баласы бар экен, биринен бири кичинекей, улуусу он жашта, кичүүсү эки жашка толуптур. Анан кайната, кайнене, кайынсиңди, Россияга кеткен кайнежемдин эки кыз, бир уулу, мен анан Байтур. Бир короодо он алты адам. Кечинде чоң казандын түбүнө от жагып, ошол казандан чыгып кетчүдөй болгон тамак жасадым. Оюмда көп жасап алдым деп жаткам, кечинде убурап-чубурап баары дасторконго отурганда кучактасаң кулач жетпегендей болгон эки табакка тамактан салып алып бардым.
– Дагы калдыбы? – деди кайненем. Башымды ийкедим.
– Дагы бир табакка салып кел.
Эсим ооду чынында, ушунча тамакты кантип жеп түгөтөбүз? Тамак салганы баратсам короого торпок кирип кетиптир. “Өй, келин, оногу торпокту айдап сал”, – деп кыйкырышты эле, чалынып-чулунуп ага чуркап кеттим. Айдап чыгарып, кайра келип казанды бош калтырып, баарын табакка салып, үйгө барсам... дасторкондогу эки табагым бош турат. Анан да баары кашыгын жалашып, мени күтүп отурушуптур. Үчүнчү табакты да ортого коерум менен ар кайсы жактан кашыктардын такылдаганы угулуп баштады. Сунулган чыныларды чайга толтуруп, сунуп, кашыгымды алып умтулайын деп карасам эле ашып кетсе беш-алты кашыктай аш калыптыр. Бир жолу жедим да, ошону менен уялып отуруп калдым. А ашказаным тамак сурап, тызылдагандан тызылдап жатты. Ошол жерде отургандардын бирөөсү да, ал турмак күйөөм да “Ханум тамак жебей калды” деп койгонго жарашпады. Жаңы келиндин тартиби ушул окшойт, ачка калып да көрүш керек го деген ой менен мен да өзүмдү алдап, дасторконду жыйыштыра баштадым.
Идиш-аякты жууп, очок жакты тазалап жүрсөм, кайненем жоолугун анан көйнөгүн көтөрүп келди.
– Чокто турган суу ысып калды, мобул кийимдерди чайкай койчу, эртең бир жерге бата кылмакка бармакмын, кашайып булар жуула элек тура.
Жаңы эле кийим жууганга отурсам, менин кир жууп жатканымды көргөн кайынсиңдим эки кийимин таштап кетти. Кайним да келди, шортасы менен футболкасын көтөрүп. “Жууп кое аласызбы? ” – деп сурамай да жок экен, унчукпай ыргытып коюп кетип калышты. Тилимди тишиме катып жууй бердим. Кирлерди жайып бүткөнүмдө түн бир оокум болуп калган. Үйгө кирсем, кайненем менен кайнатам кире бериште отурушуптур.
– Болдуңбу? Эми төшөк сала калчы бизге, – дешти жарыша. Ой, ошондогу ачуумдун келгени. Төшөк менен экөөн томолото чапкым келди. Үч-төрт төшөктү жерге жая салган кыйынбы, мени күтпөй уктай беришпейби.
– Эртең эрте тур, эшик шыпыр, – деди кайненем төшөк салып бүткөнүмдө. “Макул” дейм да, дебегенге айлам канча.
Бөлмөбүзгө кирсем, мени Байтур күтүп отуруптур. Чечинип жатаарым менен кыса кучактап, бышылдап-күшүлдөп эле ич кийимиме асылып кирди. “Курсагың ачтыбы? ” – деп койсо да кубанып калам го.
– Мен чарчадым, ары жатчы, – деп көкүрөгүнөн түрттүм.
– Кечке чейин араң чыдадым, – деп коет ал. Түрткөнүмө карабай, бетимден, оозумдан өөп, трусамды чечип салды. Былк этпей жатып бердим. Курсагым курулдап, эртеден кечке кыймылда болгондуктан, бутум да талыкшып, каршылык көрсөтүүгө да күчүм калбагандай. Үстүмө чыкты да беш-алты жолу эпеңдемиш болуп, оор дем алып, суналып жатып калды. А мен эч нерсени сезген жокмун. Алаамдын ортосуна бирдеме кирген-кирбегенин деле туйбадым. Кумурска кирип кеткенсиген эле кычымсыраган сезим пайда болду, андан ары өөрчүбөдү. Мамагымдан мыкчып кармаганда, денем бир от алгандай болду эле, чыпалактай аспабы анын баарын өчүрдү. Денесин бошотуп алган ал жыргап уйкуга кирди, а мен эримдин жанында жатып эркекти самаган бойдон жаздыкты бек кучактап көпкө уктай албай жаттым.
Эртең менен уктап калыптырмын.
– Тур, тур дейм, – деп эле бирөө баш жагымда турат, чоочуп ойгонуп карасам кайненем. – Күн чыга электе короону шыпыра сал. Уй да саалбай турат, – деди да чыгып кетти. Ыргып туруп, жоолукту так кайненемдикиндей кылып чекемди кыса тартып байладым да, сыртка чыктым. Короону шыпырып бүткүчө күн да чыкты. Белим түшүп калайын деди. Өмүрүмдө мынча аянттагы короону бир таңда шыпырып көрбөсөм ушул да. Таштандыларды алып жатканымда өз үйүнөн абысыным оозун кере ачып эсинеп чыга келди. Ичим тыз эте түштү, калп айткан менен болобу, атаандаштык жаралды. Мен таң атпай туруп эшик шыпырып жатам, бул болсо күн чыккыча уктады. Бул деле мендей келин да, эмнеге эрте турбайт? Кудум менин ичимдеги ойлорду билгенсип ал да мен жакты салкын карап, мазактагансып күлүмсүрөй айтты:
– Шыпыр, шыпыр жаңы келин. Мен бул короого он жылдан ашык убакыт кызмат кылдым. Эми гана сен келип колум узарды.
Айлам канча, үн дебестен ишимди уланта бердим. Короону шыпырып бүтүп, уй саадым.
– Кокуй, уй кеч калыптыр. Бадага жетишпей калабыз, о кокуй күн ой, эмне деген адамсыңар?! – деген кайненемдин добушу чыкканда гана уйду эстедим.
– Апа, мен короону шыпырып... – дегенимче болбой оозумдан сөзүмдү жула качты.
– Эки саат шыпырасыңбы короону? Чоң аялдын жамбашындай болгон жерге ушунча убакытты короткон не деген шалакы келинсиң?! Тез, сарайга жөнө.
Тообо, ушунча аянт чоң аялдын жамбашынча болсо...
Уйду саап, көзүн укалап үйдөн чыккан кайнимдин алдына салып берип, сүттү бышырып, анан үйдөгүлөргө чай бердим. Дагы да чыны сунгандарга чай куйуп берип, эми гана нандан эки-үч тиштем тиштеп, чайдан эки уурттаганда кайненем шаштырды:
– Отун аз, сүттү улам-улам жылыта бергенде болбойт. Муздай электе тарта сал.
Дасторконго бата кылып туруп кеттим. Ошону менен үйдүн тиричилигине алкымымдан көмүлүп жатып кантип кечтин киргенин байкабадым. Эми кечки тамакка киришүү керек эле. Абысыным мектепте мугалим болуп иштейт экен, эртең менен кетип, күүгүм талаш гана, так эле тамак дасторконго коюлганда келди. Көп жылдан бери сынынан өтүп калгангабы, кайненем ага унчуга албайт экен. Кеч келдиң, аны жасабадың деген мага күнү бою какшанган кептеринин бири да жок. Баарынан да менин жанымды кичинекейлер кашайтышты. Эртеден кечке “жеңе- жеңе” демейлерди гана уктум. Бири тамак сурайт, бири чай сурайт, дагы бири кийимин булгап келет, бири үй шыпырып жатсам бутка оролошот. Ачуум канчалык келсе да, зымырайып сыр билдирбей, жылмайып туруп гана “мына, иче гой” дегенге туура келди. Бул түн да бутумду тарта албай бөлмөмө кирип, тырп этпей куладым. Бирок, укташ кайдан. Тырмалаңдаган күйөөм бул түнү да болушунча уйпалады. Же мен байкуш андан кымындай болсо да рахат алсамчы. Кычуум канбай, чала өлтүрүлгөн жыландай болуп гана жатып калдым. Абалыма бир эсе күлкүм келсе, бир эсе ыйлагым келип, дагы жаздыкты кучактадым. А эртеси кечээги түйшүгүм оюн сыяктуу эле сезилип калды. Анткени, эртең мененки тамактануудан кийин кайненем:
– Мака талаага бар, макалардын түбүн чабыш керек, – деди. Бала болуп башыма жүн чыкканы талаага чыгып көрбөсөм да, бир ооз каяша кылбай, кетменди моюнума арттым да, 9-класста окуган кайынсиңдим менен 5-класстагы кайнимди ээрчип алып талаага кеттим. Ох, калганын айтпасам да түшүнүктүүдүр. Бул күн да ал күнү чакчайып катуу тийди. Коюнумдан шорголоп тер акты, боргулдана ысып алып да кыймылымды азайтпай, кеч киргиче узундан узун болгон жүгөрү талаасында кыбырап, көп иш бүтүргөнсүдүм. Кечке жуук келатсам, бизден эки-үч үй ары жашаган кошуна келин да кетменин моюнуна артып, жанаша талаадан чыкты.
– Биздин жашоого аралаша баштадыңбы? - деп күлдү мени көрүп. Катарлаша басып бараттык.
– Биз жакта жаңы келинди көшөгөдөн чыгар замат талаага кубалайт, – деп шыңкылдады, – Жашап кетейин деп баарына чыдап жүрүп, минтип эрте күндө тиш түшүп, бет бырышып, чач агарат, – күлкү менен айтып жатса да келиндин ичинде толтура арман бар экени билингенсиди.
Мен коштогонсуп башымды ийкедим. Чынында, жаңы жердин шартын билбей туруп кайсы адамга кандай сүйлөө керектигин акылыма сыйдыра албадым.
– Жүгөрүнүн иши качан бүтөт? – дедим. Эптеп эле сөздү уламакка. Унчукпай кете берүүдөн да тартындым, дудук экен дебесин деп.
– Жүгөрү? Мака десең. Сен эми биз жактыксың, биздин сөздөрүбүзгө көнө бер. Эч шашпа, алигери бүтпөйт. Күзүндө оруп алгандан кийин данын чыгармай да бар. Кыскасы, кышка жакындап анан гана эс аласың.
Маанайым чөгө түштү. Ичимден күйөөмдү эптеп көндүрүп шаарды көздөй алып жөнөөнү пландап койдум. Бул жерге көпкө чыдай албайм го. Кул катары иштей берип, жанымда бараткан келиндей болуп эрте күндө картайгым келбей турат. Мен карысам, а күйөөм башка бирөөнү таап кетсе...
Түнү күйөөм менен сүйлөшүүнү чечтим.
– Байтур, Байтур дейм, кое турчу, сүйлөшө турган сөзүм бар, – төшөккө кирээрим менен ышкысы ойгоно түшөбү, адатынча үстүмдөн басып жыгылды эле түрткүлөдүм. –Мен чарчап келдим, сени менен жатканга каалоом жок, ошону түшүнөсүңбү?
– Талаадан бирөөгө берип келдиңби? – күйөөм таарынычтуу бултуңдады. Мунун кызганганы да кызык экен, ачууланбай таарынып.
– Ооба, ошол жакта эле мага эки эркек даяр туруптур, – дедим.
– Ким экен алам? Акесин таанытам! – ордунан тура жөнөчүдөй болуп обдулду.
– Тамашаны түшүнбөйсүңбү? Кайдагы эркек. Эртеден кечке кетмен менен кучакташтым.
Эптеп жатып күйөөмдү токтоттум. Тамашалаганымды билгенден кийин кайра асыла баштаса болобу.
– Жай сүйлөшө аласыңбы? Он мүнөт токтой турчу, – эми жумшак сөз менен көндүрүүгө өттүм.
– Анан сүйлөшөбүз, – деп турсийимди чече баштады эле, колун кагып салдым.
– Сенин ананыңды билип калдым. Сени менен секске чейин сүйлөшүү керек экен. Секстен кийин коңурукту кош тартып уктап каласың. Жөн жатчы, ии, ушинтип, мени кара. Айылда жүрө беребизби?
– Анан эмне кылабыз?
– Шаарга кетпейлиби? Сенин кесибиң да шаарга ылайыктуу. Бул жакта сүрөтчүлүгүңдү өркүндөтө алмак белең? Шаарга барып, мен иштейм, сен окууңду улантасыңбы, же иштейсиңби өзүң чечесиң, мен ага кийлигишпейм.
– Кайсы жерде жашайбыз? Жашаганга да үй керек да.
– Менин үйүмчү? Баягы сен көргөн үй менин үйүм. Ата-энем алып берген.
Байтурду алдоого болушунча аракеттендим. Жок, үй тууралуу алдаган жокмун. Окуу боюнча деле. Шаарга кетүүгө каалоосун жандандыруу үчүн ал жактын жашоосу канчалык оңой, канчалык сонун экенин ал өзү билбей тургансып бежиреп көпкө айттым.
– Атам, апам менен сүйлөшөйүнчү. Алар бул жакта калгыла дешкен. Келиндин кызматын көрөлү дешип. Эртең сурап көрөйүн, – деп үлдүрөдү.
– Сурап көрөйүн дебей, чечимиңди айт да. Сурай тургандай жаш бала эмессиң го, бир үй-бүлөнүн кожоюну болосуң, Кудай буйруса сен ата, мен апа болом. Качанкыга чейин өз жашообузду өзүбүз чече албай, ата-энебиздин кеңешине чуркап жүрөбүз. Жок дегенде эртеден кечке үйдө жатпай, жүгөрү талаага барбайсыңбы. Мен бүгүн эки колум, эки бутум, белим талаада калгансып келдим, – бурк эттим. Бул дагы ачуумдун он пайызы гана болчу. Калганын бекиттим. Күчтөп. Шаарга жетип алайын анан бул болбураган күйөө сөрөйдү “адам” кылып алыш бат эле. Эптеп ата-энесинен “койнунан” сууруп чыгып кетишим керек.
– Мака чаба албайм, белим ооруйт, – деди да тетири карап жатып алды. О, кокуй, алигиң гана чыпалактай эле эмес, өзүң да ишке жарамсыз турбайсыңбы, деп ойлонуп, ичим өрт менен жалын болуп кетти. Ушунун кайсы жерин сүйгөнүмдү ойлонуп эстей албай койдум. Сүйүүнүн көзү сокур деген ушул тура, анан да ошол бойдон сокур болуп калбай, баш кошкондон кийин көзү ачыла баштайт экен.
Түнү күйөөмдүн мээсине куйган суроонун жообун эки күндөн кийин кайненемден алдым. Ар бир баскан-турганымды куру жемеге ала берчү ал бул жолу да төбөмдөн ылдый жаман көзү менен сыдыра карап алып:
– Шаарга кеткиң келдиби? Шаар сага мына ушул жер. Ушул жердин баркына жетсең өзүң шаар болосуң, болбосо эки көйнөгүңдү көтөр да келген жагыңа кет! Балама тийишпе! – десе болобу.
Оозумдан сөз түшүп аңырайып карап калдым.
– Эмне болду, апа? Тынччылыкпы?
– Тынччылыкпы деп коет. Баламдын мээсин күнү-түнү жеп жатасыңбы? Билип кой, мен сага баламды кор кылдырбайм! Ал шаарга кетпейт, өмүр бою менин кашымда так ушул жерде жашайт! Баламдын жоош экенин жакшы билем, жооштугу үчүн сендейге жолукту да!
“Мен кандай экенмин” дейин деп, анан кайра урушту ырбатып албайын деп өзүмдү тарттым.
– Макул, апа, шаарга кетпесек кетпей деле коебуз. Мен Байтурдун окуусун ойлоп эле жөн гана сурагам, окууң эмне болот дегендей кылып... Кечирип коюңуз... – дедим башымды жерге салып. Кайненемдин ачуусу азыраак тарагансыды, үнү жумшарды.
– Ошол да окуубу? Атасы экөөбүз далай какшандык, кой балам, калемсап менен баракка бирдемени чиймелей берген кантип болсун, аны менен кантип нан таап жейсиң деп. Укпаган. Эми азыр өзү да туура эмес жолду тандап алганын билип калыптыр. Окуусун таштайт, аман болсо, трактор айдаса да оокатын кылат.
Жүрөгүм зырп этти. Сүрөтчүгө тийген жаным трактористтин аялы болуп өмүр бою айылда очок менен кучакташат турбаймынбы. О, жок, мени Ханум дейт, эч убакта эч кимге жемимди жедирген эмесмин, силерге да жедирбейм. Бирок, акыбалга жараша канча бир убакытка чейин тил-оозу жок адам көрүнүүгө туура келет. “Чыда, чыда жүнүң жалтырак болот” деген мага карата айтылган окшойт...

Ххх
Арадан бир топ убакыт өттү. Мака чабык да аягына чыгайын деп калды. Байтур документтерин, кийимдерин алып келгенге шаарга кетти. Ал кеткенде жыргай түштүм. Ар түнү же эрсиз, же эрдүү аял эмес, кумарга байланып, бирок, бата албай жүдөп кеттим эле. Козголгон делебемди ансайын кыйнаган күйөөм жок, өзүм ысып, өзүм кайра муздаган бир топ жеңил экен.
– Мирбек менен барасың бүгүн талаага, – деди кайненем эртең мененки чайга отурганыбызда.
– Ким ал? – десем,
– Кайнатаңдын үкөсүнүн баласы. Кышында аскерден келип, шаарга кетти эле, шаарынан да келиптир. Окууга тапшырат имиш, убактысы келгиче айылдагы иштерге кол кабыш кыла турайын дептир. Акылдуу бала болуп чоңойду. Кайнагаңдын ишинен бошой албай, кайнатаңдын карып калганын, Байтурдун да оор ишке жарабай турганын жакшы билет. Бизге жардам кылам дептир го.
Мага эмне, ким болсо болсун, иши кылса кетменди көтөрө албаган жардамы аз кайын сиңди-кайниге караганда, алдуу-күчтүү жардамчынын келээри жакшы эмеспи. Ичимден кудуңдан кубанып алдым. Талаага жуп жөнөөрдө кайын сиңдим менен кайним велосипедге учкашып баратышып, кулап кетишип, экөөнүн тең колу-беттери тытылып кетиптир. Кайним бутун да кайрып алган окшойт, жерге койбой бакырат.
– Сен убакытты кеч кылбай бара бер. Мирбек бар эмеспи. А бул эки жанбакма бүгүн үйдө болушат окшойт. Буттарын таңып карабасам, менин башыма эле түшкөн азап, – деди кайненем. Кетменимди көтөрүп, айылдан чыгып, биздин талаага кеткен чыйыр жолго түштүм. Бир кезде артымдан тарпылдаган дабыш чыгып, ким бирөөнүн чуркап келатканы байкалды. Башымды бурбай кете бердим.
– Сиз менин жеңемсизби? – деген шайыр үн угулду. Карасам бою узун, кара тору, кең далылуу жылдыздуу жигит келатат.
– Жеңең ким экенин сен билбесең, кимдин жеңеси экенимди мен кайдан билейин, – дедим. Көзүм дароо эле эки бутунун ортосуна түштү. Атайын деле кылбадым, биротоло ачыгып калгангабы, ошол жагын карап алдым. Кең эмес шым кийген экен, алигисинин тушу бөлтөйөт. Көзүм коюуланып, денем ысый түшкөнсүдү. Ошондуктан, тике карабай, көзүмдү ала качтым.
– Байтур акем эң сулуу, эң акылдуу, эң эмгекчил келин алып келди деп эле айыл уу-дуу. Ошол сиз болосузбу?
– Байтур акең болсо, анда туура, мен жеңеңмин. Сен Мирбексиңби?
– Ооба, бирок, бизде жеңелер кайнисин сен дешпейт, атынан да айтышпайт, – күлдү.
– Сиз дедиргиңиз келсе, сиз эле дейин. Анын оорчулугу деле жок.
– Мага го сен дегениңиз жагат. Мен дагы сизди сен дегим келет, – Мирбек сырдуу жылмайып койду, – Минтип сүйлөшпөйлүбү, так ушул жерге чейин талаага карай баратканда, же талаадан келатканда мен сизге Мирбекмин, “сенмин”, а айылда сиз жана кайнимин. Сен да мага ошондой болосуң. Кандай дейсиң? – жообумду күтпөй эле сенсиреп алды. Бирок, бул тамаша мага да жага түшүп, макул дедим. Абдан шайыр жигит экен, талаага жеткенибизче эле эзелтен тааныштардай жакындашып кеттик.
Мака талаада макалардын бой кергенинен жан-жакадагы адамдар көрүнбөйт. Анын үстүнө ар башка адамдарга таандык жерлердин аянты чоң болгондуктан, бирин бири көрүү, үн салышуу оңой эмес. Мирбек үстүндөгү футболкасын чечип таштап, шортачан гана калды. Күн ысыганда мен көйнөгүмдү анда-санда желпип коюп, менден үч-төрт кадам алдыда бараткан кайнимдин жарашыктуу дене-мүчөсүнө сугумду арттырып астыртан карап коем.
– Сен деле көйнөгүңдү чечип сал да, – деди бир кезде тамашалай. Мен араң эле тургандыктан, дароо көйнөгүмдү чечтим да, кийинки жөөктөгү жүгөрүгө илип койдум. Труса-лифчикчен эле калдым. Мындайды күтпөгөнбү, кайнимдин оозу ачылган калыбында кетменин таянып мени тиктеп туруп калды.
– Көйнөктү элеби, же муну да чечейинби? – дедим жылмайып. Мирбектин көзү коюуланып, ооба дегенсип башын ийкеди эле, бир кыймыл менен эмчегиме да “эркиндик” бердим. Кайнимдин денеси аста титирей баштаганын байкадым. Менин денем от менен жалын. Ага карабай андан кандай мамиле болоорун билгим келип, эч нерсе болбогондой кетменди колума алып, жөөккө шилтедим.
– Бийлеп жатат, – деп шыбырады Мирбек, – Тим эле кетмен менен чогуу өйдө-ылдый силкилдеп бийлеп жатат.
Кийинки айткан сөзү кулагымдын алдынан угулду. Арт тарабыма жакын келип калыптыр. Далымдан артыла кучактап, күрөктөй колдору менен эмчегимди кабыштыра кармады. Башыма ысык кан чуркагансып, эсим ооп жыгылып калчудай болуп, теңселе түштүм. Ошол жерге эле топурактын үстүнө оонап жатып, сорушуп баштадык. Акыштаган үнүмдү канчалык акырындатайын десем дагы болгон жок, качантан бери сыртка чыкпай куураган кумар өз ишин кылды. Кайнимдин билектей жоон, катуу аспабы жан жериме киргенде жерден бир сөөм көтөрүлгөндөй боло түштүм. Кычуум канып, жамбашымды ары-бери чайпап, бирде оозунан соро калып, бирде көкүрөгүнөн тиштегилеп, далысынан апчып, чачынан салаалап, айтор, моокумумду кандырдым. “Алтын жеңем, алтыным жеңем”, – деп кайталаган ал дагы эмчегимдин үрпүнөн тиштей калып, алкымымдан аймалап, жан-алакетке түшүп “иштеп” жатты. Бир топтон кийин гана экөөбүз тең бир убакта озондогон үн чыгардык. Он мүнөттөй кыймылдабай үстүмдө жатты. Мага да анын оор салмагы жагып, бул мүнөттөрдү кое бергим келбей, асманды тиктедим. Жүрөгүмдүн бош жери толгонсуп, кандай катачылык кетиргеним менен ишим жок, аны ойлогум да келбей, жанымдын жай алганына гана бактылуу болдум.
– Ой, жеңе, укмуш турбайсыңбы, – деди анан үстүмдөн бир оодарылып, катарыма сунала жатып, – Сендей аялды өмүрүмдө көрбөгөм. Акем жолдуу экен. Эмнеге андан биринчи сага мен жолукпагам? Акемди да жыргатып атасыңбы?
Мыйыгымдан күлүп, улутунуп койдум. Ал дароо түшүндү.
– Кандырбай жатабы? Аныкы чыпалактай эле да, ошого алымсынбай жатасыңбы?
– Сен кайдан билесиң?
– Байтур экөөбүз тең чаламашпыз. Досторубуз бир. Достор менен мончого барган сайын салыштырабыз, аныкы дайыма кичинекей болуп чыгат. Балдар шылдыңдап күлүшөт. Аялың ойнош күтөт дешчү эле...
– Сен да ошентчүсүңбү?
– Ооба да. Мазактаган жактан алдыма адам салдырбайм го...
Ордумдан шарт тура калдым. Сөөмөйүмдү чекесине такадым:
– Мени ук! Бүгүнтөн баштап мазактачу болсоң таарынба! Ал сенден улуубу, улуу деп сыйла. Айтканын аткар! Чыпалактайбы, башкабы, сеники болбогондон кийин тийишпе!
Мирбек түшүнүп-түшүнбөй чыканагы менен жер таянды:
– Эмне мынча ачууң келди? Мен тамашалап койдум.
– Тамашабы- чынбы, билбейм, бирок, экинчи мазактаганыңды уксам таарынба!
Чаңда оонап жаткан лифчик-турсийимди таап кийе баштасам, ордунан туруп келип артылып кучактады.
– Эркек экенсиң. Убада берем, эч качан күйөөңдү мазактабайм. Дайыма сыйлайм. Бирок, сага жолугуп турсам болобу? Эч ким билбейт, бул сырды өзүм менен чогуу көргө ала кетем. Өлүп кетейин, эч ким билбейт! Жолугуп турчу мага?!
Карасам жаш баладай жалооруп алыптыр. Күлкүлүү көрүнүп күлүп жибердим. Ошону эле күтүп тургансып эмеле кийген лифчигимди чечип ары ыргытты. Кайрадан жерге оонап жатып калдык.
Кумардын туу чокусуна кайра-кайра чыкканыбыздан кийин талаанын аяк чениндеги өзөнгө барып, жуунуп, кийимдеримди кийдим. Ал дагы жуунду. Экөөбүз эч кимге билинбей жолугуп турууну убадалаштык. Ал күнү кумар канат байладыбы, же эркектин күчү баары бир жогору турабы, күндөгүгө караганда ишти абдан арбыттык. Кечинде гана ээрчишип айылды көздөй бет алдык.
Менин жашоомо жаңы нур төгүлгөнсүдү. Мурда талаага мойнумдан байлаган иттей болуп барсам, эми эртерээк эле таң атып, талааны көздөй бет алчу учурду чыдамсыздык менен күтөм. Үй иштери да мурдагыдай оорун салбай, кыңылдап ырдап гана бүткөрөм. Кайним менен кайын сиңдим жакшы боло баштаган сайын, мен ичимден сары май жегендей кыжаалат боло баштадым. Булар да талаага чыгышса, Мирбек экөөбүз кантип кумарыбызды кандыраар экенбиз?! Корккон күнүм да келип, бир күнү талаага экөө менен жөнөдүм.
– Мирбек тез чабат экен, экөөлөп эле бүткөрүп коебуз. Булар жөн эле коюшсун, үйдө сизге жардам беришсин, – деп жакшы эле кайненемди көндүрүүгө аракет жасадым.
– Тез иштегениңер ошолбу, элдин чабыгы бүтүп калды, а биздикинин чети да оюла элек окшойт, күнүгө кетесиң, жыйынтыгы жок. Эки жөөктөн чабышса да канча жардам, барышсын, – деп болбой кошуп берип койду. Мирбек экөөбүз куулук кыла баштадык эле, чабыкты эрте бүткөрсөк жолуга турган шылтообуз жок калаарын билип, ишти жайлатканбыз. Эртең менен бир-эки саат иштеп коюп эле кучакташып жатабыз, түштө ала барган тамактарыбыз менен өзөк жалгайбыз, кайра эле экинчи үйүбүзгө айланган жүгөрүлөрдүн арасына кирип кетебиз. Анан түштөн кийин дагы эки-үч саат иштеп коюп, айылга жол тартабыз. Биздин пландарыбыз, таттуу күндөрүбүз эми береги эки кичинекей адамдын жардамы менен бузулганы турат. Айыл четинде Мирбек күтүп турган экен, кайним менен кайын сиңдимди көрүп эле иштин жайын түшүндү. Анын да кабагы салаңдай түшкөнүн байкадым.
– Экөөңөр жакшы болуп калдыңарбы? – деп кыйкырды жакындай элегибизде эле.
– Ооба, – жарышып жооп беришти балдар.
– Катуураак жыгылышпаптыр да, – деди анан мен ага катарлаша түшкөнүмдө кулагымдын түбүнө шыбырап. Бышкырып жиберүүдөн аз жерден кармандым.
Кайним экөөбүз бири бирибизди кылгыра карап, эки жакта жөөк чаап жүрдүк. Иш да арбыбайт, кечээгидей эргүү да жок. Түшкү тамактанууга эрте чыктык. Тамактанып болгонубуздан кийин:
– Ай, азыр муздак балмуздак болсо э, – деп койду Мирбек. Кичинекей кайним менен кайын сиңдимдин кулактары делдейе түштү.
– Эринип жатам да, болбосо айыл четиндеги дүкөнгө чуркап барып төрт балмуздак алып келе калат элем, – деп койду дагы. Балдар тарапты карабады. Экөө Мирбекти үзүлө тиктеп, андан аркы сөздү күтүшүп, чыдамдары кетишкендей тыбырчылап жиберишти. Мирбек ошону менен унчукпай, жамбаштап жаткан калыбында асманга тигилди.
– Мирбек аке, дагы кока-кола болсо го э? – деди кайним чыдабай кетип.
– Ооба десең, бирок, кайсы азамат барып алып келет?
– Мен!
– Жок сен кичинекейсиң. Эгер сага кошулуп, Айзат да барам десе макул.
– Мен өзүм эле барам, – деди Айзат ордунан тура калып, – Бул иштей берсин.
– Сен да кичинекейсиң. Экөөңөрдү кошкондо бир чоң адам болот, анан мен санааркабай жөнөтө алам.
Экөө бирин бири карап, балмуздактын кумары жеңдиби, макул болушту. Мирбек берген акчаны алып чымын-куюн болуп чуркап жөнөштү.
– Э-эй, – деп кыйкырды Мирбек. Тигилер тып токтошту. – Чуркабай баргыла, чуркасаңар чарчап каласыңар, анан ким иштейт? Жардам беришиңер керек бизге.
Жетелешип, шашпай баскан эки караан жүгөрүдөн көрүнбөй калганда кайним мени шап кучактады.
– Бизде жарым саат убакыт бар.
Жүгөрү коюу өскөн бир жерди менчиктеп алдык эле. Биз ошол жакты көздөй чуркадык. Бири бирибиздин кийимдерибизди чечип, колдорубуз моюндарыбызга оролду.
– Ох, мамагың, мага жагат да, – деп мыжыгылап, үрпүн оозуна салып, кудум жаш бала эмгенсип чопулдатып соро баштады. Мен анын алигисине жабыштым. Сылагылап, бирде катуурак кармап, эки-жакка жулкулдатып койсом, капкатуу болуп тикчийип туруп калды. Тизелеп отурдум да, оозума салдым.
– Ох-иий! – деп катуу онтоду Мирбек. Аспабы оозума кирип чыккан сайын белин кайкалатып, башымдан кыса кармайт. Мага ансайын жагып, алигисин болушунча шимирдим. Жанжерим шишип кеткенсип толуп, суу ага баштады. Оозумдагы аспапты жалынып сурап жаткансып кычымсырайт. Чыдабай кеттим да, Мирбекти аста түртүп чалкасынан жаткырып, үстүнө минип алдым. Булт этип жанжериме кирген аспап көзүмдү бир заматта тумандатып, асманга учургандай болду. Жамбашымды чайпап, алиги жанжериме тереңирээк кирген сайын дем алуум оордоп, дүйнөдө бир мени менен Мирбек гана бардай туюлду. “Жаным, алтыным, укмушсуң сен. Сен укмушсуң!”, – деп кайталаган кайним аста онтоп, эки колу менен жамбашымды куушура кармап алган. Кээде башын көтөрө коюп, эринин эмчегиме тийгизүүгө аракеттенет. Жетпей калып, бууркандай түшүп, эки колу менен аеосуз мыжыгылап эзгилеп кирет. Делебем ансайын козголуп, таманымдан чачыма чейин дүүлүгүп, ушул мүнөттөрдүн такыр бүтпөшүн каалайм. Бирок, табияттын берген кумарынын убактысы да ченелүү эмеспи, жанжеримден башталган ысыктык көз ирмемде бир дем менен башыма чуркап чыгып, алкымымдан оор онтоо сыртка чыкты. Дене-боюм балкып, буту-колумдан жан кетип, эми мен кайнимдин үстүнө сулк куладым. Аныкы чекитине жетпей калды көрүнөт, мени чалкалатып жаткырды да, үстүмө чыга калып, эки-үч ирет итенип алып, ал дагы онтогон бойдон жатып калды. Ошондо гана эсиме келдим.
– Тур эми, тур дейм, тигилер келип калышат, – деп чыйпылыктай үстүмдөн тургузуп, кийимдеримди ала салып, жаныбыздагы өзөнгө чуркадым. Шапшынып жууна салып, кийимимди шашып-бушуп кийип, артыма карабай, тамактанган ордубузга шашылдым. Дагы жакшы келише элек экен. Билмексен болуп, айрандан уурттап отуруп калдым. Артымдан бышылдап Мирбек жете келди. Ал дагы менин каршыма отуруп, бетине гезит жаап уктаган адам кыязданып калды. Так ушул убакытта жөөктүн бурчунан эки караан көрүндү.

Ххх
– Сен бүгүн талаага барбай эле кой, аз эле калыптыр, Мирбек эки бала менен биргелешип бүтүрүп коет. Сен мага жардам бер, коноктор келет, боорсок жасашыбыз керек, – деди кайненем. Башым шылк эте түштү. Ашып кетсе эки күндүк иш калган. Күнүгө эки балага балмуздак, кола берип жыргатып, а өзүбүз башка нерсе менен жыргап, иш мага майрамга эле айланып калган болчу. Эми мени бул чөлкөмдөгү жалгыз майрамымдан ажыратышканы турушат. Эки күн болсо да жыргап тургум келди эле да. Бара берейин дегенден тартындым, бул эмне эле талааны күсөп калган деген жаман ой кетпесин дедим. Жанагы “шектүү шексинет” деген кеп туптуура айтылган да. Талааны умсуна караган тейде, камыр жуурудум. Талааны караган тейде, отту улуулата жагып майды кызыттым. Ошондой эле акыбалда камыр жайып, боорсок бышырдым.
– Байтур да келип калат азыр, – деди кайненем бир кезде. Өзүмчө таң кала түштүм, анын келер-келбеси мага баары бир болуп калыптыр. Тескерисинче, келет дегенди угуп жүрөгүм сыгыла түштү. Анын жеринде, анын үйүндө жашап жатып, анын келишине каршы болгон сезимимди кара. Куудулдар айтмакчы, аялдар кытайдан да жаман калк болоорубуз анык окшойт, бирөөнүн үйүнө кирип “басып” алабыз. Байтур кеткенден бери телефондон эки -үч курдай эле сүйлөштүм, качан келээрин деле сурабаптырмын.
Кой союп, ичеги-карын артып, дагы башка тамак-аш даярдоого чуркап, абысыным экөөбүздүн бутубуз үзүлгөндөй эле болду. Эмнеге мынча дарбып жатканыбыздын себебин кийинчерээк уктум, көрсө, кайненемдин төркүнү келатышыптыр. Алыста жашашкандыктан жылына бир жолу гана көрүшүшөт экен. Бул сапар да биз тараптан кыз алып, кудалардын алдына келишип, анан кайненемди да көрүп кетүүгө аттын башын бери бурушуптур. А кайненем мүмкүнчүлүктү колдон кетирбей, минтип тосуп алууга катуу камылга көрүп жаткан тура. А, кайран кайнене, төркүнчүл окшойсуң деп койдум ичимден.
– Төркүнүн жакшы көрөт окшойт, – дедим анан чыдабай кетип оюмду сыртка чыгарып жанымдагы абысыныма.
Абысыным бырс күлдү.
– А бул кемпирдин башынын баары эле мээ. Кайсы жерде кантип төгүлүштү жакшы билет. Келе жаткан төркүнүнүн баарына сый көрсөтүп жатат деп ойлойсуңбу, алардын арасында бирөө гана бар, кой-пойдун баары так ошого багытталган.
– Ким?
– Бир тууган агасынын баласы борбордо чоң кызматта иштейт. Бизнестери толтура. Баса, сенин күйөөң да ошол кишинин соода жайларында иштеген. Россияда жүргөн кыздары да ошол кишинин ишканасында иштешет.
– Россияда да ишканасы барбы?! – эмнеге экенин билбей аябай таң калдым.
– Анан эмне. Кыздарына, балдарына жарыгы тийип жатканы үчүн кайненең жаны калбай чуркап жүрөт, – деп ээги менен ары жакты көрсөтүп койду. Ал көрсөткөн жакты карасам, биздин кыймылыбызга ичи бышып кетти көрүнөт, чарпаяга көрпөчөлөрдү кабат-кабат кылып сала баштаптыр. Күлүп жибердим. Бейтааныш тууганга кызыгуум арта түштү.
Коноктор абдан эле кеч келишти. Тамагыбыз муздап, отубуз да өчкөн кезде дарбазанын алдына машине токтоду. Биринчи эле кучагын жайып кайненем чуркап чыкты. Очок жанында отту кайрадан жагып күймөлөнүп жатканбыз. Өлүп-талып машинеден түшүп жаткандарды карадым. Кайненем орто бойлуу, чакан курсагы бар, буурул чачтуу кишинин эки бетин чопулдатып өөп жатканын көрүп, болду-болбоду бай тууганы ушул окшойт деп койдум. Айтканымдай эле чыкты.
– Жиликтин эң сыйлуусун Мелис акеңерге тарткыла, – деп кайненем ашканага башбагып кетти. Бирибизден өтүп бирибиз тыпырап палоону табактарга салып, коноктор отурган үйгө жөнөдүк. Мен башкы конокту көргүм келип, аш салынган бир табакты кармадым да, туура эле алар отурган бөлмөгө жөнөдүм.
– Сен кирбе, – деди коридордон жолуккан абысыным.
– Эмнеге?
– Отко кире элексиң?
– Тээ алыста жашагандар мени качан отко чакырышмак эле. Эртерээк тамак беришибиз керек да. Силер жетишпей жатсаңар отко кирелекмин деп отура берейинби, – дедим да кирип кеттим. Биринчи эле кайненемдин таң калган жүзү көрүндү. Эмнени ойлоп жатканын жакшы билем, бул эмне деген тастаңдаган келин деди да. Анан эмне кылайын, тээтигил төрдө отурган курсакчан тууганы кызыгуумду ойготуп жатса.
– Жакшысыздарбы? Жакшы келип алдыңыздарбы? – дедим мен да тартынбай. Отургандардын баары мени эси ооп эле карап калышты.
– Бул жаңы келиниңизби? – деди аялдардын бири кайненеме карап. Кайненемдин башы шылк дей түштү, акырын күбүрөндү:
– Ооба.
Аялдар өз ара шыбырашкандай, бири бирине белги берип карашкандай болушту. А менин аны менен ишим жок, эки көзүм төрдөгү башкы конокто. Ал кишинин да мени баам салып карап жатканын байкадым. Халатым денеме чып жармашып турчу, андан көчүк-башым “табиттүү” көрүнөөрүн билчү элем. Кайненем башта бул халатты кийгиздирбей койгон. А бүгүн тигил байдын кабарын угаарым менен кийип алган болчумун. Кайненем конок камылгасы менен алпурушуп жүрүп менин эмне кийгенимди да байкаган эмес. Байкаса эми байкады болушу керек.
Табакты дасторкондун ортосуна койдум. Шашпай эңилип жатып. Астыртан караганым менен курсактуу жакка башымды бурбадым. Анын мени тикирейип карап жатканын көз кыйыгым менен көрүп кубанып кеттим. Өйдө боло берип бир көз карашымды жиберип, көзүмдү сүзүп койдум да, чыгып кеттим. Менин бул карашымды ал кишинин өзүнөн башка эч ким сезгендей болгон жок.
Ашканага келээрим менен артымдан кайненем жете келди.
– Апаң сага тарбия бергенби? – деп атырылды, – Кайсы акыл-эстүү келин кайненесинин төркүнүн алдына, болгондо да аксакалдардын алдына тастаңдап кирип барат? Жок дегенде жаңы келин каадасын кылып жүгүнүп койбойсуңбу? Бир аз тамакка карашкандан кийин сени чакырып жүгүндүрүп алдынан өткөрүп коеюн десе!
– Ой, апа, ага эмне мынча ачууландыңыз? Мен жаман оюм жок табакты жеткире калайын деп эле кирип бардым. Сиздердин минтип жаңы келиндин качмай салты бар экенин кайдан билдим. Анын үстүнө аксакал дейсиз, бир да ак сакал көрбөдүм го, жада калса муруттары да жок экен, – дедим.
Кайненем мени карап туруп күлүп жиберди. Анан сөөмөйүн кеседи:
– Салтты билбегениң үчүн гана кечирдим. Болбосо бул кылыгың үчүн төркүнүңдү көздөй гана айдап жиберет элем.
“Хы” деп койдум ичимден, айдап жибериш эле оңой бекен. Мага калың бере албай жатасыңар, анан кайдагы дагы бир келин.
Ашканада күйпөлөктөп жүрсөм, сырттан бирөө киргенсиди. Мен каалгага далымды салып отургандыктан ким экенин билбедим, бурулуп карабадым да. Өзүбүздүкүлөрдүн бири деп ойлогом. Ал киши бир саамга дабышсыз турду, анан тамагын кырынды:
– Жаш келин, жаңы келин, суу сурасам болобу?
Ордумдан учуп эле турдум. Алдымдагы орундук тарактаган бойдон ала салып кетти. Жууп жаткан идиштерим шагырап, бир заматта ашкананын ичине катуу дабыштар толду.
– Ой, кечириңиз, чоочутуп алдым көрүнөт. Кечириңиз, – деди курсактуу конок колун бооруна коюп, – Мен сиздин мынчалык сезимтал экениңизди билбей эле...
Колумду алжапкычыма сүртө салып, таза чыныны алып, суу куюуга чакалар турган жакка бастым. Басканда да жөн баспай жамбашымды болушунча чайпап, кинодон көргөн нерселеримди туураганга аракеттенип, шашпай каалгып бастым. Халатымдын жакасы жагжайган болчу, эгер ылдыйраак эңкейсем ичиндеги “көр-шарларымдын” баары көрүнүп калаарын беш колдой билем. Так ошондуктан, текчеде турган чакага тийбей, жерде турган чакага эңкейдим. Бет алдымда тиги киши турду. Шашпай суу куйдум да, чыныны эки колдоп кармап, кантип басып барган болсом, так ошентип, маңдайына келдим. Жылмайдым:
– Биздин эң сыйлуу коногубуздан суу айлансын. Мынакей, акетай, иче коюңуз.
Бул жагынан тажрыйбам бай эмеспи, кишинин көздөрү кымыңдап, мага болгон кызыгуусу күчөп чыкканын дароо байкадым. Көзү менен чечиндирип, көзү менен эчак эле “ишин” баштаганын да сезип турдум. Ансайын кылыктуу жылмайып, көзүмдү ала качып, уялымыш этип, ылдыйды карадым.
– Байтур сендей сулууну кайдан тапты экен? Пай-пай, Кудай буйруса, жездемдин тукуму тазарат экен. Баатырларды сендей, – чыныны столго кое коюп, колун менен абаны жиреп көрсөттү, – тула-бою келишкен, кучактаса кучакка тойбогон келиндер төрөйт.
Мен ансайын уялымыш болуп калдым. Так ушул учурда ашканага абысыным кирип келди эле, киши бакылдады:
– Жаңы келинибиз менен тааныштым, Гүлсүн. Башыңарга баш кошулуптур, куш бооңор бек болсун. Буйруса, тойго өзүнчө кошумчам болот, сөзсүз.
Ушинтти дагы, сыртка чыгып кетти. Гүлсүн мени карады.
– Тийишпедиби?
– Ким? Кайнагабы? Кызыксыз го, ал мага эмнеге тийишет?
– Жөн сурап жаткан жокмун, – эки аттап жаныма келе калып, кулагыма шыбырады, – Бул киши аял жандуу, юбкачандардын жанынан кыя өтпөгөн мүнөзү бар. Көңүлүнө жаккан кыз-келинди көрдү дегиче кыя карап, шилекейи агып өлүп кете жаздайт. Төрт аялы болсо да айгырлыгы калбады, ай.
– Канча?! – оозум Ошту карап калды, – Канча аялы бар?!
– Төрт, – абысыным манжасы менен коштоп көрсөттү, -Экөө Ошто, экөө Бишкекте жашайт. Бул эми нике кыйдырып үйлөнгөн аялдары. Нике кыйдырбай ойноп жүргөндөрү канча дейсиң. Биздин айылда эле бул кишинин ойношу болгон бир топтору бар.
– Анан?
– Эмне анан?
– Ойношторун өзү таштайт бекен, же алар таштайбы?
– Мен кайдан билем кимиси кимди таштаганын. Эл ичинде эч нерсе жашыра албайсың да, тоо-ташка чогуу барып жүргөндөрдү көрүп калгандар ушак чыгарышкан. Ошондо, эсептей бер, бул киши биздин айылга ашып кетсе, эки-үч жолу гана келди. Ошончо сапарында эле бир нече ойношторду арттырып коюптур.
Ойго батып калдым. Эмне себептен мындай аялдарды кол каптай алмаштырган эркекке ышкы отум жагылып жатканын өзүм да түшүнбөдүм. Кебетеси деле бир укмуш эмес, каш-кирпик деген такыр жок, көзү кымыңдап жагымсыз экен. Курсактуулардын төшөктө кыйын болушу деле күмөн. Сени жыргатабы, же курсагын көтөрөбү... Үйүлгөн идиштерди жууп бүткүчө ойго батып жатып, анан гана себебин аныктадым: мени бул кишиге жакындатып жаткан албетте, акча. Андан башка себеп жок. Мен дагы жашоомду жеңилдештиргим келет, минтип айылдан чыкпай жүрө бербей, Байтурду шаарга алып кетүүнүн шартын түзүшүм керек. Өзүм жалгыз кетүүнү ойлонбоону чечкем, кантсе да күйөө деген кадыр-барк. Төркүнүңө да, дос-тааныштарыңдын алдында да, кандай күйөөң – арыкпы, семизби, байбы, кедейби, алкашпы, же молдобу айырмасы жок, күйөө – сен үчүн жогорку статус. Ошон үчүн кандай болсо да Байтур менен гана чогуу кетишим керек.
Абысыным кичине баласы сасык тумоолоп калган экен, дене табы көтөрүлүп жатат деп тамак тартылып бүткөндөн кийин эле өзүнүн үйүнө кирип кетти. Ошол бойдон дасторкон жыярда жардамдашууга чыгабы десем чыкпады. Кайынсиңдим экөөлөп дасторконду жыйнадык. Бул учурда коноктор короодогу чарпаяда отурушкан. Үйгө кирип-чыккан сайын көзүм астыртан алар отурган тарапка кетет. Бир карасам Мелис кайнатам менен бакты аралап эки жакты карап жүрүшүптүр. Кайынсиңдим конокторго төшөк салмай болду, мен идиш жууйм. Жууп бүткүчө үйдөгүлөрдүн баары уктоого жатышты. Кайненем да кирип:
– Идиштерди жууп коюп укта, биз жаттык. Байтур райборбордо эжесинин үйүнө түшүп калыптыр. Эртең мененки автобуста келет экен, – деди.
– Мага чалбады, менин чалганга убактым да болбоду, – дедим бир эсе ачуум келип, бир эсе ызаланып. Күйөө болуп туруп аялына бир дарегин билдирбей, эки жакка саякаттаган ушуну көрдүм. Мен ага бош орунмунбу ошондо?
Кайненемдин кабагы чытыла түштү. Үнүн көтөрдү:
– Мага, апасына айтат! Ошол жетиштүү! Муну кара, кечээ келип алып эле бүгүн күйөөсүн башкаргысы бар! Азамат балам, аялды башынан кармаганды билет экен, керек болсо сага айтпай туруп Россияга да кетип калат. А сен ушул жерде менин тирилигимди кылып отурасың! Отурбайм десең ана жол, төрт тарабың кыбыла!
Кайненемдин үнү өтө заардуу. Бир аз үнүн көтөрдү дегиче сырттан уккан адам үч-төрт аял кырды-бычак болуп, чачташып жатышат деп ойлоору бышык. Идиштердин бирин калтырбай талкалап туруп басып кетким келди, эптеп токтондум. Тилимдин учунда турган сөздөрдү сыртка чыгарып жиберүүдөн карманып эрдимди тиштендим. Бул кайненемдин сөздөрүнүн “гүлү” гана болчу, дагы далайы чыкмак, Мелис кирип келип мени куткарып калды.
– Ой, эже, эмне болду сизге? Тынччылыкпы? – деди босогодо турган калыбында бир эжесин, бир мени карап.
Кайненемдин өңү заматта өзгөрдү. Эмеле заар чачып жаткан жүзү жумшарып, ал турмак күлүп да жиберди.
– Мекетай, бул жаштарды анча-мынча тарбиялап турбасаң да болбойт. Байтур райборбордо эжесиникинде калып калган экен, а келин капа болуп жатпайбы. Эми бир күн чыдасаң күйөөң келип калат деп акылымды айтып жаткам. Жүр, жүрө гой, төшөк ордуңду көрсөтүп берейин. Жол жүрүп чарчадыңар, жатып укта.
Колтуктай кармап алып кетти. Бир күн чыдасаң дегенин... Чыдабай жүргөнсүп. Менин канча айдан бери күйөөлүү болуп туруп, кумарга бата албай чыдап жүргөнүмдү билгениңде го... Ушинтип ичимден сүйлөнүп, ичимден каяша айтып алмай адаттуу болдум. Ашкананы иретке келтирип коюп, дааратканага жөнөдүм. Даараткана короонун аркы башында, үйдөн абдан эле узак. Караңгыда баруудан корком. Кимдир бирөөнү көрсөм ээрчитип алайын деп карасам, бир тирүү жан жок. Үй толугу менен караңгы. Эчак эле уйкуга кетишип, экинчи түштөрүн көрүп жатышкандай сыягы. Сарай жактагы жарыкты күйгүзсөм негедир күйбөдү. “Мойнок, Мойнок” деп чакырып, итти ээрчитип алып, короонун аркы бетине бет алдым. Алма бактын алдында бир караан турат. Жүрөгүм болк эте түштү. Анан көз токтотуп карасам, кыска бой, курсак – Мелис экен. Анын эмне ой менен турганын болгоолоп, эки жагымды каранып алдым.
– Түйшүгүң көп турбайбы, – деп күлдү жакындаганымда, – А менин уйкум келбей жатат. Алма бакты аралап басып жүргөм.
– Эмнеге уйкуңуз келбей жатат? – дедим алактап шашып калган жаным. Башка сөз оюма да келбеди.
– Өзүң элестетчи, ден соолугу чың, бардык нерсеси ордунда болгон, толуп-болуп турган киши мүчө-бою келишкен, кучактаса кучакка, кармаса алаканга толчудай болгон, жапжаш келинчекти көрүп калса, кантип уктасын?
Караңгыда жүзүн көрбөдүм, бирок, мени теше тиктеп турганын баамдадым.
– Сиздин антип тынчыңызды алган ким экен?
– Сен! Сен! Сендей келинди мен издеп таппай жүргөм, – деп эки аттап жаныма жете келип, бек кучактады, анан эки колу менен бетимден кармап эринимден соруп кирди. Менин да делебем козголуп, ары түртүүгө шайым келбей далысынан кучактадым.
– Берекем! Алтыным! Сени эжем шорлонтуп аткан турбайбы. Мен сени куткарам. Мени менен жүрсөң, айтканыма макул болсоң эч өкүнбөйсүң, – деп шыбырап, халатымдын сыдырмасын сыдыра салып, мамагыма жабышты. Мирбекке бүгүн жолуга албай, көксөөм ичимде калып, жалындап турган делебем от алып кетти. Мелис мени бакка тескери каратып жөлөй коюп, халатымды түрдү да, турсийимди чечпей эле, жылдыра салды. Өзү да шымын шыпырбастан топчусун чечип, сыдырмасын сыдырып, ошол жерде аспабын чыгарып, жанжериме киргизүүгө аракеттенди. Аспабы жанжериме толо түштү, алкымымдан онтоо чыгып, даракты бек кучактадым. Жамбашымды кыймылдатып, жалынып-жалбарып жибердим:
– Ох, ий. Охх! Жыргаттыңыз го мени. Дагы- дагы... катуулатыңызчы...
Көзүм үй тарапта. Үйдүн алдындагы жарык күйүп тургандыктан, ал жактан бизди көздөй келаткан караан дароо көрүнмөк. Мелис “иштеген” сайын жаным жай алып, кумардын толкунунда термелип да, үй тарапты карап да, шыбырай жалынып да, онтоп да жетишип жаттым. Жамбашымды чаап-чаап жиберип, катуу-катуу күчтөнүп теминди эле, даракты мыкчый кармап, болбой калдым. Жанжерим ооругансып, бирок, ал оору мага ансайын ырахат тартуулады.
– Мен бүткөнү калдым, сенчи? – деп шыбырады бир кезде кулагымда. Башымды чулгудум, шашкалактап:
– Жок... жок... кое тур...
Жетишпедим, Мелис жамбашымды катуу кармап, бир ирет катуу теминди да какайып туруп калды. Бүттү. Жаңы эле дене боюмду көөлгүтүп баштаган ырахатка чекит коюлгансып, ысыган денемди же суута албай, же балкып көшүлтө албай, жаман абалда калдым. Анымды байкады, кулагымдан өөп, шыбырады:
– Кечир мени. Чыдабай калдым. Сага чыдаш кыйын экен. Жанжериң ысык очоктой эле бар экен. Анан да ойкуштап, жамбашыңды чайкап, мени менен жарыша иштеп, көксөөмдү кандырбадыңбы. Сендей аялды биринчи жолуктурушум. Сен секстин ханышасы экенсиң. Мындан ары менин гана ханышам болчу.
– Дайыма мени ушинтип чала жан калтырасызбы?
– Жок. Бул биринчи жана акыркысы. Мындан ары бир гана сиздин ыңгайыңызга карап “иштейбиз”, – деп күлүп, алкымымдан өптү.
– Бирөө-жарым келип калбасын, – дедим да, кучагынан бошонуп чыгып, халатымды оңдогуладым. Жоолугум шыпырылып калган экен, аны таап байладым.
– Сен мага жооп бербедиң, – деп ал да бышылдап шымын оңдоп жатты, – Меники болосуңбу?
– Менин башым бош эмесин жакшы билесиз да.
– Койчу. Айтканың Байтурбу? Койчу, ошону, таекеси катары жакшы билем, сенин тырмагыңа да тең келчү жигит эмес.
– Антип айтпаңыз. Ал менин күйөөм. Мен анын аялымын, – дедим үнүмдү катаалыраак чыгарып. Мелис саамга унчукпай калды. Анан кайра баштады:
– Мен сени алып кетем, макул болсоң. Шаарга барабыз. Бардык кем-карчыңды моюнума алам. Ханышадай жашайсың.
– Мен ойлонуп көрөйүн, – дедим, бирөө-жарым келип калбасын деп кыпылдап жаткам. Ошондуктан, кепти эртерээк токтотуш керек болду, – Сиз эми үйгө барыңыз. Мен келген жагыма кирейин.
– А макул, макул. Бирок, эртең жообуңду айтасың. Мени капа кылбай турган жооп болооруна үмүттөнөм, – деди да кетти.
Мен ал түнү уктай албадым. Кеч жатканыма, чарчаганыма карабай, денем от менен жалын болуп, эмелеки кошулууну эстеп, ал турмак Мелистин кучагын сагынып, эки жакка оодарылдым. Кызык, бир эле жолу жолуккан адамды сагынууга да мүмкүн экен да.
Эртең менен уктап калыптырмын. Ойгонсом күн чыгаарына аз калган экен, шашып-бушуп кийине салып, короого чыгып, шыпыргымды колума алдым. Андан аркы убакыт күнүмдүк түйшүк менен өтүп баштады. Күткөнүм эле Мелис качан ойгонот болду. Кечээги окуябызды көрүп калышпады бекен деп ар кимдин көз карашын байкап, шексинип жүрдүм. Эч кимисинен башкача көз караш болбогондуктан түшкө жакын гана жүрөгүм жай алды. Ушул убакка чейин Мелис уктады. Кечээ катуу чарчаган окшойт, сыягы. Бир убакта ал жаткан бөлмөдө турган бир буюм керек болуп калгандыктан айласыз кирдим. Менин дабышымдан ойгонуп кетти. Көрөөрү менен жаздыктан башын көтөрдү.
– Ойлондуңбу? Жообун айт, – деди дароо.
– Байтур менен шаарга кетсемби дегем. Ошол жакка барып эле жашообузду өткөрбөсөк... бул жерде... – акырын сүйлөй, алаңдап эшикти карадым, – Ошого жардам бересизби? Байтурга эле иш таап берсеңиз болду, мен көчөдө калбайм.
– Эх, сенин Ханум. Мен сени алып кетейин дедим, эриңди кошо эмес. Эриңдин мага эмне кереги бар, сен гана керексиң.
– Шаарда жолугушуп жүрө беребиз да, – кенен жер болгондо да шашпай түшүндүрүп, балким ынандырып алат белем. Бул жерде шашып жатып ойлорум ар кайсы жакка учуп, ишенимдүү сүйлөй албай койдум.
– Жок! Болбойт! Барсаң эриңди таштап бар, – деп өктөм айтты. Менин да чырт этмем кармай түштү. Шаарды сага эле бердим, тимеле мунун мага корсулдаганын кара.
– Мен эч кайда бара албайм, – дедим мен да кудум ал айткандай тон менен, – Кечээги окуяны унутуп коюңуз. Сиз да, мен да кармана албай калдык. Менин келген үйүм ушул, ушул жерден карып, ушул жерден өлүгүм чыгат.
– Өмүр бою жоолукту чекеңе байлап, мака талаа менен ашкананы айланып жүрө бересиңби?
– Жүрө берем.
– Эжем сени тирүүлөй тозокко таштайт.
– Кызык экенсиз, өз жээниңизден аял талашып, – дедим мен да.
Бул сөз ага катуу тийди окшойт, өңү кумсара түштү. Бир топко унчукпай турду да, колун шилтеди:
– Эк, мейли, мен сунуштадым, сен баш тарттың. Кийин өкүнбөсөң болду.
Бөлмөдөн чыгып кеттим. Көңүлүм сары май жеп алгансып кыжаалаттанып турду.
– Мелис ойгонсо жолго чыгалы, – деп отурушкандар өздөрү даап барып ойгото алышпады. Баары көзүн карап, сыйлап, ал турмак коркуп да турушат экен. Чынында мен так ушундай күйөөлүү болгум келчү. Күйөөңдүн көзүн баары карап, коркуп, ыйбаа кылып турушса кандай сонун. Ичимден Байтурду да Мелистей кылам деп сөз бердим. Кантип, кандай жол менен жедеп тартынчаак, корунчаак адат желкесине минип алган адамды башкача кылып өзгөртөөрүмдү билген жокмун. Жөн гана кыялданып алдым окшойт.
Ашканада жүргөм, бир кезде үй тараптан ызы-чуу чыгып калды. Чуркап барсам коноктор да, үйдөгүлөр да Байтур менен анын дос баласын курчап алышыптыр. Дос баласын биз баш кошкон күнү эле көргөм. Андан кийин келген эмес болчу.
– Сен кандай баласың деги?! Бетиң, уятың барбы?! – деп эле кайненем ошол баланын жакасына асылчудай болуп кыйкырып жатат. Айланадагылар да ар бир ар башка ойлорун айтып, бирок биринин оюн бири уккан адам жок, ар жактан жаалашып, кудум базардай болуп кетти. Бир канча убакыт өткөндөн кийин гана иштин жайын түшүндүм. Көрсө, кечээ Байтур эжесиникинде калбай эле райборбордогу ушул досунун үйүндө калыптыр. Экөө ичип, көңүл ачып отурушуп, түн жарымында дос баласынын агасынын кымбат баалуу машинесин айдап көрүүнү чечишет. Ал түнү агасы үйдө жоктугунан пайдаланып, короодон алып чыгып кетишет. Жолдун жарымына чейин дос баласы айдап, андан кийин Байтурга рулду өткөрүп берет, арадан жарым саат өтпөй жол жээгиндеги бакты сүзүшөт. Кудай жалгап, экөөнүн денесинде бир тытык да жок, а машине катуу жабыркаптыр. Толугу менен оңдоого муктаж экен. А ага каражат көп кетет тура. Кырсык эки досту уруштуруп, акыры үйгө чейин келишиптир.
– Байтур машинени сүздүрдү, төлөп бергиле! – деп кыйкырып жатты жигит. Байтур башын жерге салып четте турат. Бир кезде чыдабай кеттиби, ортого чыга калды:
– Апа, ата, чын эле мен күнөөлүүмүн. Машинесин төлөп берип коелучу.
– Атаңдын башын төлөйсүңбү?! – кайненем баласын башка бир чапты, – Биринчи катыныңдын акысын төлөп албайсыңбы?! Калыңга мени сатып бересиңби?!
Ошол убакта үйдөн Мелис чыкты. Аны көрүп ызылдашып жаткандар токтоп, кулак да тынчыды. Ал окуяны угуп, териштиргенден кийин мындай деди:
– Машинени төлөп бериш керек. Колуң менен кылганды мойнуң менен тарт дейт. Жөн эле ызылдай бергенден пайда жок. Андан көрө кантип төлөш керектигин акылдашалы.
Машиненин акысын угуп, жыгылаарыма аз калдым. Байтурдун да көзү чекчейип, кайнатам менен кайненем турган жерлеринде сенейип катышты.
– Сен жигит бара бер. Машинең ордуна коюлат, андан камсанаба, – деп Мелис Байтурдун досун жолго салды.
– Төлөнөт дейсиң, кантип? Кайдан акча табабыз. Же сен берип турасыңбы? – деди кайненем.
Мелис башын чайкады:
– Мен бергидей силерге банк белем? Өзүңөр иштеп табасыңар. Балаң менен келиниң табат, – деп мен жакка бир карап койду. Анын кандайдыр бир планы бар экенин билдим.
– Жүргүлө сүйлөшөбүз, – деп баарын үйгө алып кирип кетти. Мен арттарынан бара албадым. Ашканамды көздөй жөнөдүм. Бир кезде кичинекей кайним чуркап келди:
– Жеңе, сизди чакырып жатышат.

"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум жортуулга чыктыны алам!"
деген кабар келет: