АКЦИЯ 15-июлда бүттү!
Жаныбек Жанызактын
"Ханум бүлөсүн сактайт!"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам...



"Жазылам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум бүлөсүн алам!"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар




Ханум үйбүлөсүн сактайат

Повесть, сериалдын төртүнчү китеби

Бүгүн диплом алам. Ооба, каңырыш укпадыңыз, бүгүн диплом ала турган күн болгондуктан таң азандан туруп, жуунуп-таранып, кымбат көйнөгүмдү кийип жасандым. Чачымды жайып, кымбат атырдан буркурата себинип, кө-чөгө чыктым. Маршрутка күтүп аялдамада турсам, өткөн машинедеги эркектердин баары мени карашкансып, өзүм-чө эле койкоем. Бир убакта кара түстөгү мерседес келип токтоп калды дал каршыма.
– Чоң кыз, кайда барасың, жеткирип коеюн? – деди те-резесин ылдый түшүргөн айдоочу.
– Алыска, бензиниңиз жетпейт, – дедим мен кашымды серпип. Кашымды серпкеним “мени менен эбин таап сүй-лөшүүгө болот” деген белги да. Эркек да кирпиктин ир-мелгенин түшүнгөн жан экен, дароо сөздү андан ары улап кетти:
– Чоң кыз, бизде бензин ашып-ташып турган убак, буу-радай болуп кирип турган курак. Канча кааласаңыз ошон-чого жетет.
– Андай болсо, макул, – дедим да алдыңкы орундукка отуруп алдым. Машине зуулдап, борбордун көчөсүндө ба-ратты.
– Кайда барасыз, эми дарегиңизди айтасызбы, же каала-ган жагыма алып кете берейинби? – деди киши. Анан: – Куру дегенде атыңызды айтып коюңуз, менин атым Шера-лы, – дейт.
– Ханум, – десем, менин атымды уккан адамдын бири калган жасаган реакция мында да пайда болду:
– Түрк сериалдарынан чыга келген ханышасыз го э? – дейт ыржактап.
– Кыргыз эле сериалынын башкы каарманымын, – де-дим мен да бош калбай.
– Ошонуңуз жакшы экен. Бирок, көрүнүшүңүз да кара тору, каш кара, көз кара, чач кара, айтор баары кара, башка улуттун кызыбы деген ой кетти атыңызды укканда.
– Анткен менен ичим ак, – десем, бажактап каткырып: – Келе колду, азамат, таап сүйлөйт экенсиң, – деди бир за-матта “сиз” деп сылыктанганы калып, “сенге” өтүп.
– Бүгүн диплом тапшыруу аземи болот, университетке айдаңыз, – дедим анан олуттуу түргө өтүп. Аркы-беркини кобурашканча, университетке да келдик.
– Канча төлөйм? – десем,
– Сиздей кыздан акча айлансын. Телефон номериңизди берсеңиз эле төлөгөн болосуз, – дейт.
– Бере албайм, күйөөм бар, – дедим өзүмчө эле кыйын-сынып.
– Күйөөңүз азыр жаныңызда эмес го, акырын ага көр-сөтпөй берип койсоңуз деле болот да.
Бул киши ашкан тамашакөй экен. Карап калсам, эки ан-жыланып жатат дедиби, шашкалактап кетти:
– Дипломуңду жууп берейин, сапарлаш болуп тааны-шып калдык. Бүгүн жашооңдогу өзгөчө күн экен, аны ан-сайын өзгөчөлөнтүп берейин, – деп суранып жиберди. Мен телефон номеримди айтып, телефонуна жазып алды.
Өзүмө окшогон көңүл ачуудан эч убакта баш тартпаган эки курбу таап алган болчумун, аларга жолугаарым менен бүгүнкү кеч шаңдуу өтөөрүн божурадым:
– Ий, Ханум, алтын кызсың да, сенин жүргөн жериң шаң. Бизди эки жыл бою жыргаттың. Бүгүн да буйруса жыргайт экенбиз, – деди Акмарал кучактап бетимден өөп.
Мен да диплом алабыз десе эле, мектептегидей катарга туруп, шаан-шөкөт менен алабыз го дептирмин. Кайдан. Жөн эле ар бирибизге өзүнчө карматып коюшту. Сырттан окугандарга дароо беришет экен, а күндүзгү бөлүмдө оку-гандар бир-эки жылдан кийин гана алышат экен дешти. Диплом колума тийгенден кийин ойлонуп көрдүм: мен беш жылда эмнени үйрөндүм деп. Таш балээниби, мээм мурдагыдай эле бопбош, шамал ырылдайт. Эми дипломду кор кылбай кайда иштейм деп да ойлондум, эч нерсени билбесем менден кандай экономист чыгаар экен деп да жүрөксүндүм. Кайра эле эч нерсеге моюн сунбаган көкбет-тигим жеңди: менден да куру мээлер иштеп эле жүрүш-пөйбү, мен жок дегенде адамдар менен мамиле түзгөндү жакшы билем деп койдум компойуп.
Акмарал, Гүлкайыр үчөөбүз үйгө келдик. Эки жылдан бери сессия учурунда экөө дээрлик менин үйүмдөн чы-гышпайт. Шатыра шатман болуп, көрүнгөн эркекти кафеге сындырып, жыргаганыбыз жыргаган. Акмарал бир баласы менен күйөөсүнөн ажырашып кеткен, Гүлкайыр турмушка чыга элек, бирок ойночу жагынан Акмарал экөөбүздү жол-до калтырат.
Кеч жакындаган сайын телефонду аңдып, каткырып жиберсек бетибизден жарака кетчүдөй болуп кабаттанып боенуп алып, отурабыз. Бир убакта эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Мен эч кимди күтпөгөн элем. Байтур айтпай-дебей айылдан келип калдыбы деп жүрөгүм түшө, кыздар-га унчукпагыла дегенсип сөөмөйүмдү эриниме такап көр-сөтө коюп, эшикке жакындадым. Тешикчеден карасам бир аялдын карааны турат. Кошуна-колоңбу деп ача койсом, жүдөңкү, чачы майланышып, жүзү чарчаңкы бир келин турат.
– Ий, жакшы болбодубу, акыры таптым э сени, Ханум, – деп эле моюнумдан кучактай калды. Кудай сакта, бул ким болуп кетти деп коем ичимден.
– Тааныбай турасыңбы, мен Айжаркынмын да, – дейт тиги. Дагы деле тааныбай карап турам.
– Айылда катчы болуп иштедиң беле, сага чейин ал орунда мен иштегем, – дегенде гана эсиме түштү. Мен са-лык кызматына жаңы ишке орношкондо ушул кыз шеф тууралуу көптөгөн маалыматтарды бербеди беле.
– Эмне мынча кыйналып алгансың? Кир үйгө, – деп киргиздим. Ал босогодо туруп эле ыйлап кирди.
– Жашоодон кыйналдым. Балдарымды бага албай... Бир жылдан бери убактым болсо эле сенин үйүңө келем жазып берген дарегиң боюнча. Дайыма эч ким жок. Айылда ок-шойт, келе элек го деп кетем, – деди ый арасында.
– Мен эки жылдан бери шаардамын, айылга эки айда бир барам, мен жок кезде келип жаткан окшойсуң, – десем, ал мени таң кала карап:
– Күйөөң кайда? Ажырашып кеттиңби? – дейт.
– Ажырашпай эле жашап жатабыз, ал айылда, мен шаарда. Кээде ал келип, кээде мен барып турам. Биздики ушундай европалыктарча жашоо, – деп койдум.
Айжаркынды тамактандырып, үч кыз үч жагына отуруп алып суроо берип, акыбалын жакшылап сурадык. Көрсө, шаарга келгенден кийин күйөөсү экөө абдан кыйналыптыр, биринчи баласын төрөгөндөн кийин тогуз ай өтпөй, экинчисине кош бойлуу болуп, иштей албай, күйөөсү да иш таппай жүрүп анан бир колунда бар аялдын үйүнө кирип алыптыр. Эки баласын айылга жөнөтүп, өзү да кошо барып жашоодон айылдаштарынан тартынып, бул жакта калыптыр.
– Ар кайсы иште иштеп, эптеп жан багып жүрөм. Тап-кан акчам батиримден ашпайт, анан балдарыма анча-мынча акча салам, – деди. Мен дароо эле:
– Батириңден чык, ушул үйгө келип мени менен жашай бер, жумушту болсо караштырабыз. А күйөөңдүн болсо эсебин табабыз, балдарын таштап башкага кеткен кандай болоорун эсинен кеткис кылабыз, – дедим чечкиндүү. Жа-нымдагы курбуларым да сөзүмдү коштой, Айжаркындын күйөөсүнө тиш кайрып алышты. Жан-жабыла Айжаркын-ды ваннага киргизип, жуунуп чыккандан кийин чачын жасап, кийимдерибизден берип куурчактай кылып койдук. Аңгыча Шералы чалып калды, “Мен келдим”, – деп. Төр-төөбүз тапырап чыгып, машинесине отуруп калсак, жүрөгү түшүп калды окшойт, бизди алаңдай карап: “Мен азыр досторума чалайынчы”, – дейт. Бир убакта эки досу келди, биз кафеге барып жайгашып отуруп калган болчубуз. Досторун карасам бири да менин көңүлүмө туура келбечүдөй, жөнөкөй кийинген карапайым кишилер экен. А мен жогору жакка кол суна берип көнүп калгам да. Арасынан бир эле Шералы кычырап турат, акчалуу экенин билдирип. Ал улам Айжаркын жакты карап жатканынан, мейличи деп, Айжаркынды четке тартып чыктым.
– Шералы сен жактан көзүн албай жатат, жакшылап сүйлөшүп, жигит кылып ал. Анан жардам сура, – дедим.
– Кантип сурайм? – деп көзүн алайтат.
– Шефтен кантип сурачу элең, ошентип сура, – дедим ачуум келип.
– Ал суратпай эле өзү берчү...
– Анда мындан да сурабай туруп ал. Жаштыгың эртең эле өтөт, сулуулук бар кезде пайдалан да, – деп чоң энедей болуп акылымды айттым.
Кыздар жыргап, кишилер менен камыр-жумур болушуп, уже эки-экиден болуп калышыптыр. Бул сапар мен жалгыз калдым. Шералы менен Айжаркын бийлеп, бири бирине тим эле үзүлө карашат. Бир убакта экөө жок болуп кетти эле, кафенин жабылаар мезгили болуп, адамдар бирин-серин калган, мен да даараткана жакка бастым. Эшикти ачып кирип-кирелек жатып, кулагыма бир башкача добуштар угулду. Ахалаган, охологон үндөр. Тыңшап туруп кабинкалардын биринен чыгып жатканын байкап, акырын басып барып, тыңшасам Айжаркын кайран Шералынын жанын чыгарып жатыптыр. Эшикти такылдаттым.
– Эй, ким бар бул жерде? – деп. Дымып эле калышты. Анан тапыр-туруп болушту да, эшик ачылып, чачтары сак-сайып, бети кызарган Айжаркын чыга калды. Артынан канааттангандай түрү бар, сүт эмгек күчүктөй момпойуп калган Шералы көрүндү. Ал мени бир карап чыгып кетти, мен Айжаркындын каруусунан кармадым:
– Мээңден кеттиңби? Кантип ушундай жерде жакын-дашканга болсун? Мейманканага алып бар дебейсиңби?
– Биз жакындашпадык...
– Репетиция кылдыңарбы анан? Бир эсептен туура баш-тадың, ушинтиш керек буларды. Бирок, бул жер ылайык-туу жер эмес. Менден башка бирөө кирип келип калса эм-не болмок эле. Бар дагы, экөөңөр башка жакка кеткиле, – деп дагы акылдуусунуп койдум. Айжаркынга азыр менин ар бир айтканым мыйзам да, унчукпай башын ийкеп чыга жөнөдү. Мен келсем, баары кеткенге даярданып калышып-тыр. Кафе жабылат экен. Шагырап сыртка чыктык, мени менен эч кимдин иши жок. Тиги эки досу менин эки кур-бумду жандап, а Шералы Айжаркынды менчиктеп алып-тыр. Жалгызсыраганымды билдирбей, күлүмүш болгонум менен ичим куйкаланды. Акчасын төлөөргө келгенде, эр-кектердин акчасы жетпей калса болобу. Биз унчукпай чет-те карап турдук, тигилер официант менен кажы-кужу бо-луп жатышып, бири бизге басып келди:
– Кыздар, силерде азыраак акча жокпу? Бир аз жетпей жатат?
Баарыбыз укпаган өңдүү турабыз. Мен:
– Бизде жок. Эркектер кафеге чакырганда кайсы кыз жанына акча алып чыгат. Анын үстүнө силердей керилген, ишенимдүү, салабаттуу жигиттер менен келип жатсак, – деп койдум. Ал кайра артына кетти. Бир убакта Шералынын ак саргыл досу кол телефонун калтырып жатканын көрдүк. “А, байкуштар, чөнтөгү тешик эле немелерден турбайсыңарбы”, – деп ойлоп койдум. Шералынын машинесине алтоо отурушуп, мага:
– Кел, отур, – демиш болушту. Жуптарга артык баш бо-луп жатканымды сезип:
– Силер бара бергиле, мен такси кармап эле кетип ка-лам, – дедим эле кубанып кетишти.
– Анда макул, биз көңүл ачууну улантууга кеттик, – дешти да зуу коюшту. Мен караңгыда жол боюнда такси тосуп туруп калдым. Көпкө машине токтобой, анан гана төбөсүндө такси деген шашкиси бар ак машине жаныма токтоду.
– Кайда барасыз? – деди жаш жигит. Кыл муруту түшө элек, эне сүтү оозунан кете электей көрүндү.
Дарегимди айтып, жанына отурдум. Тигилердин бири бирин эзиле тиктешкени, Айжаркын менен Шералынын кумарлуу онтогону кулагымдан, көз алдымдан кетпей де-нем от менен жалын болуп жанып баратты. Мен да бирөө-нүн кучагында балыктай туйлап, эзилип кыңшылагым келди. Акырын юбкамы түрүп, жоон санымды ачып койдум. Жигиттин көзү ага дароо эле түштү:
– Ысылап жатасызбы? – дейт күлө карап.
– Ысыганда да кандай, – деп көзүмдү сүзүп, ууртумдан кумарлуу жылмайып койдум эле, ага жан кире түштү.
– Үйүңүзгө абдан шашып жатасызбы? – дейт.
– Башка сунуш барбы? – десем,
– Бул жерде бир жакшы мейманкана бар, барып бир аз эс алып чыкпайлыбы? Сергишип, – дегенде бар экенсиң го деп койдум ичимден. Унчукпаганымды макулдук катары эсептеди окшойт, машинени бараткан жолунан солго бурду. Кадимки эле катарлаш салынган жер үйлөрдүн бирине токтотуп, дарбазасынын коңгуроосун басты эле, жарым тоннадай болгон, семиздигинен ыктытып араң баскан аял чыкты. Короодо убай-чубай салынган узун үй турат. Көрсөткөн каалгасынан кирип, керебет, телевизору, жанында жуунучу жайы бар бир бөлмөгө туш болдук. Кирип-кире албай жатып, бири бирибизди эзелтен таанып жүргөн адамдардай кучакташып, баса жыгылдык. Ал менин кофтамдын топчусун чече албай колдору калтырап жатса, а мен анын куруна асылдым. Ал арада сорушуп коебуз.
Жарыкты күйгүзөйүн десем, “күйгүзбөй эле романтика кылалычы мындай эле”, – дегенинен макул болдум. Анын сырын бир нече мүнөттөн кийин билип жатпаймынбы. Өзү далылуу, карылуу эркек болгону менен жылаңачтанып, үстүмө чыккан кезде эки санымдын ортосуна кыбыраган эле бирдеме урунат. А, байкуш, ушун үчүн жарыкты күйгүзгүң келбеген экен да э, деп аны аямыш болуп койдум. Эркектин кучагына кирсем эле эси-дартым эптеп ырахатка батуу болгондуктан, чыпалактай нерсесине да карабадым. Колум менен уучтап, сылагылап, мыжыгылап жаттым. Кудум эле мышыктын ара төрөлгөн мыймыйындай колго да кармалбаган кичинелигинен да жумшактыгы башкача экен. Ага болбой үстүмдөгү эркек мени аймалап, сылап-сыйпап, онтоп, жыргап жатат. Алигиси кичинекей болгону менен ар түркүн позаларды билет экен, бирде капталдатып, бирде артымды каратып, бирде эки бутумду өйдө көтөрүп, айтор болушунча “согуп” жатты. Бир нече мүнөттөн кийин алигисинин кичинелигин да байкабай, ырахатка бата баштадым. Чын айтам, биринчи жолу кичинекей кайбарлардан ырахат алышым. Дене боюм балкып барып, суналып жатып калганымда аныкы да бүттү. Кучакташкан бойдон көпкө жатып, анан туруп жуунуп-чайынып алып, сыртка чыктык.
Үйгө келип, эсим ооп отуруп калдым. Тим эле ичимдеги буктун баары чыгып кеткендей жеңилденип калыптырмын. Бир аз отуруп, анан кой деп ваннага кирип шашпай жуунуп чыктым. Таң агара баштаптыр. Чачымды кургатып отуруп, акыркы эки жылдагы окуялар көз алдымдан тизмеленди:
... Шеф камакка алынгандан кийин жаңы жетекчи ке-лээрин күтүп жатабыз дебедим беле. Келди, бирок, каша-йып аял киши экен. А менин аял кишилер менен кыла тур-ган ишим жок да. Биринчи күнү эле түйүнчөгүмдү түйүп алып жолго чыктым. Жаңы жетекчи ал чечимиме кубаны-чын жашыра албады:
– Туура кыласың, эски жетекчи менен катчысы да ке-тиши керек. Жаңы жетекчи катчысын өзүнө караштуу адамдардан дайындайт, – деп койду арыз жазып кирсем, кол коюп берип жатып кайдыгер гана. Шаабайым сууй түштү. Кантсе да үмүттөнүп, “Сен жакшы иштеген кыз экенсиң, кал, мени менен иштеш”, – деп сунуштайбы деп тургам да. Анан айла жок буюмдарымды баштыгыма са-лып, ордумду бошотуп, үйгө келдим.
– Мени жумуштан бошотуп коюшту, жаңы жетекчи келди эле, – десем кайненемдин жүзү өзгөрө түштү.
– Капырай де, эми кантип жашайбыз? Баарыңарды ата-ңар экөөбүз пенсиябыз менен багабызбы? – деп чыйпы-лыктап жиберди. Мен да учурдан пайдаланып:
– Мен шаарга барып иштеп келбейинби? Ай сайын акча салып турам, – десем, мени олурая карап:
– Шаарыңды коюп, андан көрө төрө. Элдин баары кели-ниңиз туубаспы, келгенине жыл айланып калды, же бала-ңызда мандем барбы деп уят кылып жатышат. Бирди төрө да, мага берип, анан иштесең иштеп келе бер, – деди.
– Мен төрөп отуруп алсам кантип жашайбыз? – деп сө-зүнөн кармаганга аракет кылсам, “карт карышкыр” моюн бербеди:
– Куру дегенде кош бойлуу болчу, анан деле төрөгөнчө иштей бересиң. Иштеп жүрүп төрөсөң жеңил төрөт болот. Биз деле түйүлдүк түйүлгөндөн баштап, ичибиз челкейгенге чейин тамеки талаада жүрчүбүз. Кээ бирибиз талаадан түз төрөтканага кетчүбүз да, төрөтканадан кайра талаага чыгып келчүбүз. Мына, өлбөй эле жүрөбүз, кайра жаныбыз бышык болду, – деп койду. Кудай ур, булар мени кош бойлуу кылып да, төрөтүп да, ымыркай менен да иштетишет тура. Даана жерге кабылган турбаймынбы деп чоочуп алдым. Бирок, ойлонуп да калдым. Чын эле төрөй турган убакыт келди дедим. Жаш кезде бир-эки балалуу болуп алсам, кайненем тың кезинде чоңойтушуп берип койсо, андан кийинки доор меники болот эмеспи. Төрөйм, бала менен отурам деген менен ишим жок, жыргап эле, ойноп-күлүп жүрө берсем мени ким кой дейт. Түнү Байтурга айттым, ал дагы адатындай тескери карап жаткан:
– Апам качан балалуу болосуңар деп сурап жатат. Бай-тур бери карап жатпаса шамалдан балалуу болмок белем дейин деп унчукпадым.
– Ии, ошентип айтпайт белең, айтпаганың ошол эле калган болчу өзү да.
– Кайсы сырыңды айтып койдум, кана айтчы. Айтмак тургай, көзүм менен көргөндү жашырып келатам го.
– Кайсы көзүң менен көргөндү? Сарайдагыны айтып жатасыңбы, Ханум, бөөшсүнбөчү, чын чынына келгенде менин башка менен жүргөнүм сага деле жакшы болуп жа-тат да. Сен да башка менен жүрүп жатасың.
Мындайда ажылдап гана беттен ала бериш керек. Ун-чукпай калдың дегиче күнөөңдү моюнуңа алган болуп ка-ласың.
– Элдин баарын өзүңдөй ойлобо! Мен деген керек болсо иштеп бир үй-бүлөнү толугу менен багып жатам. Сенин карызыңды төлөйм деп келин болуп бата электе шаарга иштегени кеттим. Ар тууганыңдын үйүндө жаман көрүнүп жатып жүрүп акча чогултуп анын баарын сенин “жакшылыгыңдан” башка адамдын колуна бердим. Дагы эмне кылышым керек?! Мен сага эле жакпай койдум! Эми өлүп берсем жагамбы?! – деп отура калып, колум менен бетимди басып уңулдап ыйлап кирдим. Байтур саамга нес болуп туруп калып, анан ордунан туруп жаныма келип, чачымдан сылап эркелетип сооротуп баштады:
– Койчу эми, болдучу. Мени кечирип койчу. Сен туура-луу жаман оюм жок, өлүп кетейин. Мен деле сени жакшы көрөм. Сенин кылгандарыңды билбейт дейсиңби, баарына ыраазы болуп эле отурам. Эми мен ушинтип акча табуунун эбин билбеген адам болуп жаралып калсам эмне кылайын.
Ыйламыш болуп жатып ичимден ойлонууга да үлгүр-дүм: чындап эле аялдын көз жашы көп нерседен куткарат дегендин чындыгы бар экен да.
– Жүр эми, жаталы, – деп колумдан тартты. Кучакта-шып жатып калдык. Менде ага деген каалоо деле жок, би-рок, күйөөм болгондон кийин жатышым да керек да. Анын үстүнө өзүм деле колоктоп жүрө бербей, балалуу болсом болуп алайын деп жатам. Кыргыздарда келген келин жыл айланбай тууп бериши шарт эмеспи. А мен болсо жаңы эмес, эски келин болуп баратам.
Байтур олдоксон кучактап, бети-башымдан аймалап өөп, эмчегимден мыжый кармады да, ич кийимимди чече баштады. Мен кучакташуу, эзилишүү узакка созулушун кааладым эле, андай болбоду. Бетимден эки, моюнумдан бир жолу өөп, эмчегимден бир уштады да, болду деди ок-шойт, дароо эле ич кийимиме асылды. Мен деле андан баары бир кумар албашымды билип, куру бекер убакыт короткум келбей, шыпты тиктеп, эркимди ага берип жата бердим. Мени чечинтип, өзү да чечинип, үстүмө чыкты. Бутумду эки жакка керип коюп, чыпалактай болгон неме-син жанжериме салды. Мага анын кирген-кирбегени деле билинген жок. Калп эле онтомуш болуп койдум. Бир аз болсо да өзүн эр сезип алсын дедим. Андан кийин качан онтош керектигин да билбей, анткени, качан кирип, качан чыкканын деле сезбедим да, эптеп кыңкыстамыш болуп, а өзүм шыпты тиктеп терең ойго батып жата бердим. Ал өпөңдөп, өйдө-ылдый теминип, бир кезде сулап үстүмө жатып калды. Кызыгы, анын үстүмдө жатканы да билин-беди. Өтө эле арык болгондуктан, салмагы да аз. Мен аны оюнчуктай эле көтөрүп коерумду түшүндүм. Денем ным-шып, өткөн күндөрдү эстеп, карылуу эркектин кучагын, тикчийип турган катуу, жоон кайбарды эңсеп, улутунуп алдым.
– Бүтүрдүңбү сен? – деп коет бир убакта. Кыязы, абы-сыным үйрөткөн окшойт буга, аял да бүтүрөөрүн. Болбосо минтип сураш эзели оюна келчү эмес эле.
– Ооба, – деп койдум. Жок деп алып дагы “иштетким” келбеди. Ансыз да денеме толгон кумарым сыртка чыга албай, түйүнчөктөй түйүлүп калды.
– Ии, – деп өзүнө ыраазы болгонсуду. Анан үстүмдөн сыдырылып түшүп,
– Аарчып бересиңби? – дейт. Муну да абысынымдан үйрөндү болуш керек.
– Өзүң аарчы, – деп колуна сүлгүнү карматтым. – Жак-шысы, сыртка чыгып жуунуп кел.
– Караңгыдабы? Суук анын үстүнө. Аарчынып эле жа-тып алам да, эртең жуунам, – деп аарчынып, тескери карап жатып алды. Ушуну менен күйөөлүк милдетимди соңуна чыгардым дегендей эле болду анысы. Мен да анын далы-сына далымды салып жатып, Асланды, жездемди, шефти, кошуна жигитти деги койчу, төшөгүмдү басып өткөн эр-кектердин баарын эстедим. Азыр алардын бирөөсү эле кө-зүмө көрүнсө басып жыгылчудай акыбалга кептелдим.
Жарым жылдай кош бойлуу болуу аракетин көрдүм. Иштебей үйдө отуруп калганга, анын үстүнө күйөөмдөн балалуу болойун деген оюм бар болгондуктан, бул аралык-та сол жакка баспай, түз жүрдүм. Бирок, ичиме бук толго-ну гана болбосо башка аракетимден жыйынтык чыкпады. Ошол арада сессиям башталып калып, шаарга келип, би-ринчи эле дарыгерге көрүндүм. Орто жаштагы, чачын ак аралап, көз айнек тагынган аял мени бир топ анализдерди тапшырууга жиберди. УЗИге түшүрдү. Анан кагаздарды бир топко карап, көз айнегинин төбөсү менен мага карады:
– Буга дейре боюңда болду беле?
Башканы алдасаң да дарыгерди алдаба дегенди жакшы билчүмүн. Ошондуктан, айткым келбесе да кыйылып жа-тып:
– Ооба, – дедим чындыкты айтып.
– Анан?
– Боюмдан түшүп калган, – бул жерине келгенде чын-дыкты айтууга батынбай, жашырып койдум. Ишенбеген-дей көпкө карап:
– Боюңдан түшкөндөн кийин тазалашты беле? – деди. Башымды ийкедим.
– Ким тазалаган? Кайсы ооруканада?
– Айылда, – дедим. Жүрөгүм опкоолжуй баштады, жа-ман кабар угаарымды билип турдум.
– Катуу тазалап салышыптыр, кызым, балалуу болушуң күмөн, – деди өзү да бул кабарды айткысы келбегендей чайналып. Көз алдымдан жер көчтү, башым айлангансып, отурган орундукту бек кармадым.
– Калп эле үмүткөр кылгым келбейт, ар аялдын орга-низми ар башка. Бири бир нече жолу аборт жасашып, кай-ра эле кош бойлуу боло беришсе, экинчилерине сен сыяк-туу бойдон түшүү да тукумсуздукка жетиштүү. Жатында түйүлдүктү кармай турган түктү толугу менен кырып са-лышыптыр.
Ыйлагым келип, алкымыма бир ачуу нерсе кептелген-сип, тунжурап отура бердим. Жакшы эле кармандым эле, бир убакта көз жашыма ээ боло албай калдым. Тыпылда-ган тамчылар жаагымдан ылдый куюла башташты.
– Ыйлаба, жашоодо башка да жакшы нерселер көп. Оо, сенин алдыңда кандай жакшы күндөр күтүп жатат. Ошон-чолук эле балалуу болгуң келсе, багып алсаң деле болот. Азыр эненин мээримине зар болуп, балдар үйүндө чоңойуп жаткан балдар көп тилекке каршы. Ошондойлордун бирин бактылуу кыл, ал сени бактылуу кылат.
Калган сөзүн уккум келбеди, башымды ийкеп кошто-шумуш болдум да, кол баштыгымды ала салып кабинети-нен чуркап чыктым. Бет алдымды көздөй баса бердим. Каякка баратканымды да билбедим. Жамгыр жаап жаткан эле, кол чатырымды жайууну да унутуп, кете бердим. Көл-шал суу болдум. Бир убакта жаныма машине токтоп, тере-зесинен бирөөнүн башы көрүндү.
– Чоң кыз, романтик окшойсуз э? Жамгырга карабай кайда баратасыз? – деди андагы жигит.
– Ишиң болбосун! – деп катуу айттым. Ичимде кайнап жаткан бук ушундай айттырды да, эмне кылайын. Жигит таарынбады:
– Отур, чоң кыз, жеткирип коеюн. Минтип жүрсөң өп-көңө суук тийет.
Карадым да, машинесинин арткы эшигин ачып отуруп алдым.
– Кайда айдайын? – деди эле,
– Каалаган жагыңа, – деп койдум. Эми мага баары бир эле, жашоо бүткөнсүп, мындан ары эч бир кубаныч болбо-чудай өзүмдү таштап жибердим.
– Каалаган жагым бирөө эле. Кыязы, сени бирөө абдан капа кылган окшойт, азыр маанайыңды ачайын, сендей сулуу кыздар капаланганга болбойт, – деп машинесин жүргүздү. Шаардын четирээк жагындагы чакан анан тынч кафеге алып келди. Ичимдик заказ кылып, ичип отурдук.
– Ии, эми айтчы, ким капа кылды? – деп такмазалайт. Өзүм деле арманымды ким бирөө менен бөлүшкүм келип араң тургам, агымдан жарылдым.
– Бүгүн мен жаман кабар уктум, бул өмүрүмө чыккан өкүм. Балалуу боло албайсың деди дарыгер.
Жигит башка сөздү күтсө да так ушуну күтпөгөн ок-шойт, кашы серпилип, колундагы бокал оозуна жетпей, колу сенейип катты да калды. Эки көзү менде.
– Койчу? – дегенден башканы айта албай саамга турду, анан, тамагын кырынып:
– Бир эсептен бул да жакшы, өзүң үчүн жашайсың. Мы-на, менин үч балам бар, өзүмө убакыт да, акча да артпайт. Бирөөнүн бут кийими жыртылса, биринин сумкасы жыр-тылат, дагы биринин топусу кичине келип калат. Ошолор-ду жаңылайм менен өмүр өтүп баратат. А сен өзүң үчүн жаркырап жашайсың. Ансыз да сулуу кыз экенсиң, төрө-бөсөң өмүр бою ушул сулуулугуң, сымбатың калат, – деп эле бокалын менин колумдагы бокалга тийиштирип, ичип жиберди. Айтса-айтпаса төгүнбү дедим да, мен да ичтим. Ичиме градус кирип кызыган сайын жашоо көзүмө сонун көрүнүп, эмелеки арманым да эстен чыкты. Жигиттин айт-канын эп көрүп, чын эле баланы төрөгөндөн кийин багып чоңойтуш да керек, аны багам деп жүрүп, өзүмө көңүл бурбай, жаштыгымды ыйлаткан бойдон өткөрүп жиберем-би деп ойлоп, азыркы абалым кайра мага жакшы сезиле баштады. Күлкүм чыгып калганда, жигит жетиштүү деп ойлоду окшойт, кафенин акысын шашылыш төлөдү. Анан мейманканага бардык. Жакшы өбүшөт экен, босогодо ту-руп эле эриндер эринге чапталышты. Тим эле ачыгып кал-гандай аймалашып жаттык. Бир убакта колдору көкүрөгү-мө жетип, кофтамдан колун ичине киргизе албай топчула-рын үзүп да жиберди. Шыңгыр этип полго топчулар ча-чылды. А мага ошол дабыш укмуштуу музыкадай угулуп, ансайын каалоом, кумарым күчөдү.
– Кандай жыттуусуң! Сендей жыттуу аялды кезиктире элек элем, – деп оозу бошой калган сайын жагымдуу сөз-дөрүнөн айтып жатты. А мен такыр эле болбой ээрип кал-гам. Жанжерим чок салгансып ысып, ал ысыктык тула боюма тарап, тыбырчылап жибердим. Кире бериште тум-бочка турган экен, ошого эле таянып, артымды карап эңке-йип бердим. Жигит да тик турган кайбарын чыгарып, жан-жериме салып жиберди эле, качантан каалаган эңсөөмдүн дал өзүнө тийгенсип, онтоп алдым. Менин онтоомо жалпы мейманкана селт эткендей болду го. Жалынып-жалбарып, жамбашымды чайкап, онтоп жаттым. Мен анткен сайын жигиттин да шаштысы кетип, жамбашыма чаап-чаап жи-берип, катуу-катуу итенет. А менин акышым ансайын кү-чөйт. Бир кезде денем балкып барып, көз алдымдан жыл-дыздар учкандай, алар менен кошо мен да асмандын же-тинчи кабатына көтөрүлгөндөй болдум да, денем дирт этип барып, тынчып туруп калдым.
– Ох, ох, ох... – жигит дагы деле итеринип жатты. Эки жамбашымды сыга кармап алган. Анан ал да бүтүрдү. Экөөбүз бир саамга чейин кыймылсыз туруп, анан мен шалдайган бойдон керебетке келип үстөмүмөн куладым. Жигит жаныма келип жатты. Мен кетели десем болбоду, ваннага кирип чайынып чыгып, бул сапар керебетке кула-дык. Мен анын үстүнө чыгып, болушунча желип, кычуум-ду кандырдым. Көзүн жумуп алып, онтоп жаткан эркек кумарымды алоолонтуп жиберди. Кайбарына жанжеримди ныгырып, желсем:
– Өлтүрдүң мени, өлтүрдүң... – деп онтогулайт. Ошен-тип жатып, үч жолу кумардын туу чокусуна чыктык. Биз сыртка чыкканда караңгы кирип калган болчу. Үйдүн жа-нына чейин жеткирди:
– Мына кызык, атыбызды да сурашпаптырбыз да, атың ким болот? Меники... – деп келатканда токтогон машине-нин эшигин ашыга ачып, кебин оозунан жулуп алдым:
– Айтпай эле коюңуз. Бири бирибизди тааныбаган бой-дон калалы. Кумарлуу кеч үчүн рахмат, – дедим да маши-неден түшүп кеттим. Ал оозун ачкан бойдон мени тиктеп узатып кала берди. Мен чуркап подьездке кирип кеттим. Денем жеңилдеп, ырдагым эле келип сергип калыптыр-мын.
Айылга барганда дарыгерден укканымды кайненеме да, күйөөмө да айтпадым. Түйүнчөгүмдү түйүп басып кетсем деле болмок, Байтурга мени, аны мага байланыштырган ортобузда сезим да жок. Куру жашоодо жашагандан кийин кайрылбай кетип калыш да оңой го. Бирок, мени бир күч байлап тургансыйт. Анын үстүнө айылга кетерде апам келген.
– Байдылданын кызы эринен ажырашып кетиптир. Айылдын баш-аягына чейин ошону сөз кылып жатышат, – деп, анан мага үңүлө карады, – Эмнеси болсо сен да бизди ушинтип уят кылбасаң болду. Өзүң да бир топ элең, чарт-чурт этип, бир күнү келе береби деп корком да.
Бул кеп намысыма тийди.
– Апа, мени мактай турган күнүңүз барбы? – дедим да-гы чыртылдап.
– Мына, чагылгандай адатың дагы башталды. Ушинтип турсаң сени ким мактасын. Кайын журтуң да күйөөң баш болуп, бир күнү жолго салат го сени, тарбиялаган апаңа рахмат деп туруп. Алар билишпейт да менин жакшы тар-биям сага өтпөй калганын. Калган балдарымды бир сонун тарбияладым, бир гана сен карын майдан чыккан кумалак-тай болуп.
– Көрөсүз, ошол жакшы тарбиялуулар ажырашат, а мен ажырашпайм, – деп ачуум келгенде бир туугандарыма да тилимди тийгизип жибердим. Апамдын тили эле бир ук-муш, ар кандай адамды бир заматта өзүнөн чыгарып жибе-ре алат. Ушул сөздөн кийин Байтур менен кандай болсо да жашай берүүнү чечкем.
Мени Байтурдан да биринчи кайненем аңдый баштады. Күн сайын: “Ии, бир белги барбы? ” – деп сурайт. “Ой, апа, кечээ эле сурадыңыз го”, – десем да болбойт. Ушундай суроолордон жадап, бир күнү айттым. Мен иштебей калгандан кийин жашоо-шартыбыз бир топ оордой түшкөн да, Россиядагы кайнагам анда-санда телефон чалып койгону болбосо, акча-тыйын салбайт деле.
– Апа, ушинтип үйдө бири бирибизди тиктешип отургуча, шаарга барып иштебейлиби? – дедим. Мени жактырбады, албетте. Иштебей калгандан бери баягы Ханумдун кебетесине кайрылып баргам. Азыр мени кагып-силкип, жактырбай, ачуу тилин кээде агытып деле жиберет. Эмне дейм, ичимден кыңылдап ырдап коюп жүрө берем. Акыр аягында менин нервим мага гана керек да, туурабы? Ушулар үчүн нерв коротуп келесоо адам бар бекен.
– Шаарга барсаң эле сага бирөө иш камдап туруптурбу?!
– Иш камдабаса издеп табам. Мен тигүүчүлүккө кы-йынмын, а тигүүчүлөргө азыр иш көп, – деп койдум. Эптеп машинка менен тиккенди араң үйрөнгөнүмдү албетте, жашырдым.
Кайненем ары кетип-бери кетип ойлонуп, акыры урук-сатын берди. Бирок, Байтурду да мага кошту.
– Чогуу барып чогуу иштегиле. Балким, жер алмашса кош бойлуу да болуп калаарсың, – деди. Байтур такыр көн-гүсү жок, энесинин сөзүн эки кыла албагандыктан гана айла жок, мойунунан байлаган иттей мени менен кошо сапарга чыкты. Шаарга келгенде өзүмдүн үйүмө жашайбыз деп алып келдим. Эч ким бул үй меники экенин билбей турган. Дагы да айтпай, “туугандардын үйү, Россияга кетишкен эле, бош турат, алар келгиче жашай беребиз”, – деп койдум. Узак жолдон чарчап келсек, Байтур босогодо отуруп алыптыр үңкүйүп. Кир дегениме көнбөйт, кабагы салынган, кудум эле энесинен ажыратып башка жакка жеткирилген кичинекей бала сыяктуу.
– Эмне сенейесиң? Кирбейсиңби? Кийимиңди алмаш-тыр, мен чай коеюн, чай ичели, – десем, мени жаман көзү менен карап туруп:
– Ушул үй мага жакпайт да, – дейт.
– Бул үй сени тиштеп алдыбы? – дептирмин ойумда эч нерсе жок.
– Ушул үйдөн сенин кайырмагыңа туш болгом. Ошол күнү жаныңда калбаганымда сага үйлөнбөйт элем, – десе болобу. Оозум аңырайып эле ачылып тиктеп калыптыр-мын. Мына сага. Бул жигит мага үйлөнгөнүнө кейийт тур-байбы.
– Мага үйлөнгөнүңө өкүнөсүңбү? – дедим сырын айтпай койбосун деп, ачууланбай жөн-жай гана тамырын тартып.
– Ооба.
– Эмнеге? Мен начар аял болуп жатамынбы?
– Жакшы эле аялсың... Иштин көзүн билесиң, элдин баары менен тил табышасың...
– Анан эмнеге?. ..
– Жөн гана сен меники эмессиң да. Биз башка-башка адамдарбыз. Сага өзүңө окшогон темпераменттүү эркек керек. А мен андайларды жактырбайм. Мага төшөктө тар-тынчаак, активдүү эместер жагат.
– Болду эми, арманыңды чубап чыга бербей. Миң өкүн, баары бир биз бир үй-бүлөбүз. Эми менден эч кайда куту-ла албайсың. Жеңеңди сагынып баштадың окшойт э? – де-сем эле араң турганбы, жарылып кетти:
– Жеңеме такыр тил тийгизбе! Ал деген үч баланы катар төрөгөн эне. Кана сенин балаң?!
Тили тилине тийбей тибиреген Байтурду карап туруп бир нерсеге таң калдым. Өтө жоош, момун адамга абысы-ным тууралуу айтып койсом эле көбүрүп-жабырып кетет да. Ал муну өзүнө кантип байлап алды экен. Ушунчалык да жакшы көрөбү, чаң жугузбай калкалап турганына кара-ганда сүйүүлөрү укмуш го.
Ошентип, үйгө кире албай жатып, бир чабышып барып басылдык. Мен тилимди тыйбаганда уруш чоң согушка айланып кетиши мүмкүн эле. Карасам күйөөмдүн басыла турган түрү жок. Бир заматта айлакерленип, ага баш ийген адамдай көрүнүп, унчукпай калганым менен ичимде кегим күчөдү, карап тур, сени кыйнаш үчүн сенден кетпей жашабасамбы дедим...


Эскертүү:
Электрон китепти алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!