АКЦИЯ бүгүн, 30-июлда бүттү!
Жаныбек Жанызактын
"Ханум күйөөсүн жетелейт!"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдиктен сатам!



"Алам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ханум күйөөсүн жетелейтти алам!"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар




Ханум күйөөсүн жетелейт!

Повесть, сериалдын бешинчи китеби

Арадан жылдар өтө берди. Дастан чоңойуп, беш жашка караган убак. Жолго жүгүрүп калгыча өгөй энем карап берди. Андан кийин деле дээрлик таенеси карады (өгөй болсо да багып жаткандан кийин таене да) , мен эртеден кечке жумушта, Байтур деле өзүнүн иштери менен бирдеме кылымыш болуп жүрөт. Биздин үй-бүлөлүк жашообуз калыбына түшкөнсүп, очор-бачар жашоо кечирип келатабыз. Бирок, ортобузда дагы деле кандайдыр бир муздак дубал тургансыйт. Мен аны менен, анын мени менен ишибиз деле жок. Кайда жүрөт, ким менен жүрөт мени анчалык деле санааркатпайт. Ошол эле убакта Байтур деле мени кызганып, окко-чокко түшүп кеткенин көрө элекмин. Бизди бир үйдүн алдында байлап турган, албетте, Дастан. Өзүмчө эле кызганып, жайында да айылга жибербейм. Кайненем канча какшады: “Ысыкта шаарда бооруңа басып алып отура бербей бизге жөнөт. Кирпигине чаң жугузбай күзгө чейин карайлы, анан келип алып кетесиңер”, – деп. Мага кайненеме бул сөздөрдү Зулайка шыбырап айтып тургандай сезилип, кучунашым кармайт да турат. Алып барсак да өзүбүз менен чогуу алып барып, кайда барса артынан калбай ээрчип, өз энесине эркин жолуктурбай кайтарып жүрүп, кайра алып келем. Ошентсем, абысынымдан ала албай калган кегимди алгансып, табам канып, жыргап калам.
Эки жыл мурда Байтурду кызматка орноштургам. Кантип дейсиңерби? Баягы эле жездем жардамга келди да. Эки жыл шаарда жашап, бирок иштебеген эркектен Кудай сактасын. Эртеден кечке эшектей иштеп, бирөөгө жакшы айтып, бирөө менен урушуп, кечинде чарчап үйгө барсам, телевизордун даңылдаган үнү тосуп алат дейсиңер. Үй чачык, ашканада раковинада үйүлгөн булганыч идиш-аяк. Ваннада сасыган байпак толтура. А күйөөм диванда гана чалкалап жатат, телевизорду тиктеп. Мен кирип бараарым менен “кандай келдиң? ” – демей жок, ороңдой карап: “Тамак жасачы, ашказаным курулдап өлгөнү калдым”, – дейт. Ушуну кааладың беле, Ханум, ушул күйөө үчүн абысының менен салгылашып, тартып алып шаарга алып келдиң беле, эми балына да, калемпирине да чыда дейм өзүмдү эликтеп. Калемпирин эле көрүп келатам, бирок, балы кайда катылганын да билбейм. Тилимди тишиме басып, унчукпай картошка аарчып, этти тоңдургучтан чыгарып, муздак суунун алдына коюп, эптеп ээритип тамак жасайм. Идиштерди жууйм, байпактарды жууйм. Үйдү жыйнап, шыпырып, полду жууп, айтор, адам жашай турган үйгө окшотуп, иретке келтирем. Ал арада тамак бышат, чарчаганга жүрөгүмө тамак баспайт, тигине чоң чыны мелт-калт кылып куюп берем, нанды туурап туруп калтырбай ичип алат. Кээде “дагы! ” – деп чынысын сунуп. Өзү куйуп алышты эгерим билбейт. Курсагын кампайткандан кийин кайра дивандагы ордуна барат. Мен идиш жууп, бутумду сүйрөп басып уктоочу бөлмөгө кирип, керебетке күп кулайм. Дароо уктайт дейсиңерби? Балээсинеби? Таң аткыча телевизордун үнү кулагыма жаңырат. Байтур кааласа күндүз уктап алганга кээде таң аткыча телевизор көрүп чыгат. Айтып да көрдүм: “Түнү телевизорду жайына койчу. Мен да уктай албай жатам анын добушунан. Эртең эрте менен ишке барышым керек, билесиң го”, – деп. Таң кала карап: “Сен көрүп жатасыңбы, мен көрүп жатам го. Сен уктай бер да, эшикти жаап алып. Эми таппаганың ушул калдыбы? ” – деп мени оңураңдай карап, коркутуп бултуйуп калды. Эмне дейм, унчукпай бөлмөгө кирем. Нервим жукара баштаганбы, айтор, коңшу бөлмөдө болсо да телевизор иштеп турса, уктай албайт экем. Ошентип, эки жыл күндүз иштеп, түнү жарытылуу эс ала албай, нервим чыңалып, өлүү менен тирүүнүн ортосунда жүргөнсүдүм. Жездем менен кайра мамилемди баштап алган болчумун. Тез-тезден болбосо да, анда-санда ал мени эстегенде телефон чалып калат. Анан эч ким жолтоо болбогон жайлуу жерден жолугушабыз. Ошондой жолугушуулардын биринде:
– Э, Ханум, мурда сени көргөндө энергия алгандай болчу элем. Тим эле өзүңө батпай төгүлүп турчусуң. Барган сайын ыраңың азып баратат да. Ооруп жүргөн жоксуңбу? – деп сурап калды. Араң турган жаным жарылдым:
– Эртеден кечкери күйөөм телевизордун алдында, диванда чалкалап жатат. Мен байкуш турмуштун жүгүн жалгыз моюнума көтөрүп алгам. Баласын бакканым аз келгенсип, айылдан кайненем эки күндүн биринде бир маселесин айтып, акча сураганы сураган. Кайсы жакка жеткиреримди билбей эсим ооп жүрөт, – деп болоктоп ыйлап жибердим. Чынында, күйөөм менен маселемди эч кимге айтчу эмесмин. Жумуштагылар мени бактылуу жубай деп билишет. Анан эмне, сымбаттуу, жаш күйөөсү бар, уулу бар, цехи бар, үйү бар. Сырттан караганда ушулар эле бакыттай көрүнөт да. Мен да тишимдин агын көрсөтүп, эч бирине сыр билдирбейм. Төркүнүмө болсо, жигин билгизбейм. Апам акыркы убакта көп каттап калды меникине. Келген сайын Байтурдун эмне иш менен алек болуп жатканын ал деле байкаптыр. Бир күнү:
– Күйөөңдү иште дебейсиңби? Ашка жүк, башка жүк болуп жата береби? – деп жаман көрдү. Мен:
– Баксам мен багып жатам, сизден эмне кетти? – дедим чыртылдай.
– Акчаң көп болсо жаткызып алып бага бер. Эрден көзү каткан катындай болуп, – деп адатынча эки саат сүйлөндү. Ошондон кийин апам шаарга чыгат дегенди укканда, алдын ала телефон чалып:
– Айылдан үйгө кайын журт келген. Сиз ээн-эркин таежемдикинде боло бериңиз, барып өзүм кабар алам, – дечү болдум. Ошентип, эки жыл бир тигил жакка, бир бул жакка чарпылып, эки эмес, беш-алты оттун ортосунда жашадым окшойт.
– Аныңды эмне үйгө байлап отурасың? Иштет да. Же кыз-келиндерден кызганып, үйгө отургузуп койдуңбу? – деп жездем тамашалады. Тамашаны көтөрө албаган акыбалда элем, дароо ачуум бурк эте түштү:
– Сиз да ушинтип ойлойсузбу? Кызык экенсиз. Иш бар болсо иштетемби? Цехке иште дедим, болбоду, оор иш, мага оор иш кылганга болбойт дейт. Шаарга келердин алдында белин кокустатып алган экен, ошол буга табылгыс шылтоо. Тигил жактан, бул жактан да ар башка иш таптым. Көнбөйт. Ар биринен бир шылтоо таап баш тартканы баш тарткан. Ага үйдү колу-жолу бош жаткан жакшы окшойт. Баласын жакшы көргөнү менен карап жыргатпайт. Эки күн үйгө алып келсем, жадап, үчүнчү күнү “энемдикине жеткирейинби, кабаттуу үйдө сыгылып кетти бала”, – деп турат.
– Анда... – жездем ойлонуп калды, – Аныңдын кесиби сүрөтчү да.
– Бүтпөгөн сүрөтчү.
– Боло берет, тез арада документтерин даярдап, архитектурныйга тапшыртып сал, анан калганын эптейбиз.
Жездемдин айтканын угуп, дал жайдын башталышы эле, Байтурду көндүрүп, документтерин топтоштуртуп, окуу жайга тапшырттым. Жездемдин көмөгү менен сырттан окууга өттү. Анан бир күнү жездем:
– Ханум, эми сени мен керектүү киши менен тааныштырам. Калганын өзүң жайлай турганыңа ишенем. Менин айтканым бир аз туура эмес болуп калчудай болуп турат. өтө эле олуттуу, оңойу менен бирөөнүн айтканы боюнча иш кылбаган адам, – деди. Мага эмне, андай иштин сазайын берем да, дароо макул болдум. Байтурдун телевизорунун үнүн өчүрүү үчүн мен эмне иш болсо да аткарууга даяр элем.
Жездем айткан күнү даяр болдум. Бийик такалуу туфли кийип, согончогума жетчүдөй көйкөлгөн узун, а көкүрөгү эмчегимдин жарымын гана жапкандай ачык, кара көйнөк кийдим. Чачымды узун жайып, бетимди аз-маз жапкан кара шляпа кийип алдым. Бетиме кабат-кабат косметика жаап, оозумду кызарта боедум. Күзгүнү карап өзүмдү тааныбай калсам болобу. Ички бөлмөдө жасанып жаткам да, Байтур кирип калып, таң кала карады.
– Кайда? – дейт.
– Кыздар менен бир кыздын туулган күнүнө, – десем, “аа”, – деп койду кайдыгер. Китеп алганы кирген экен, колуна кармап, чыгып баратып каалганын жанында күймөлүп калды да, артына чечкиндүү бурулуп жаныма келди. Кучактап, өпкүлөп, денемди сылагылап баштады. Мен шашып жаткам да,
– Койчу! Көрбөй турасыңбы, кийинип, жасанып алдым. Убактым аз, – десем,
– Курбуларыңа баратасың го, күтүшөт да, – деп болбой керебетке жыгып алды. Кийимим бырышып калабы деп коркконумдан, кыйкырып жибердим:
– Тур үстүмдөн! Азыр өзүм чечинем.
Күйөөм мени биринчи жолу көргөнсүп, аймалап өпкүлөп, эмчегимден мыжыга кармап, турсийимди чечти да, бутумду эки жакка кере салып, үстүмө чыкты. Чыпалактай болгон алигиси жанжериме киргенин деле байкабадым. Ал өпөңдөп баштаганын кирди окшойт деп онтомуш болдум. Мага күйөөм менен жаткан абдан эле жагымсыз болуп калыптыр. Калп эле онтомуш болуп, башымды буруп алып, көзүмдү жумуп жата бердим. Ичимден эртерээк бүтүрсө экен деп тиленип коем. А мындайда өчөшкөнсүп узарат да. Жыйырма мүнөттөй түшүрө албай өпөңдөдү. Капталымдан, артымдан, айтор ар түрдүү позада “эметти”. Бышылдап, тери агып такыр болбой калды. Аккан тери бетиме тийип, косметикам шалпыктап калганын сезип жаттым. Ичимден ачуум келсе да, сыртымдан билгизбегенге аракет кылып эрдимди тиштейм. Кызык, ушунун эмнесине Зулайка кызыгып жүрдү экен? Кыязы, кайнагамдыкы мындан да кичинекей окшойт да, анан Зулайкага мунун алигиси билектей эле болуп туйулгандыр. Тез-тез өпөңдөп барып, оор онтоп, өзү сүзүлө түшкөндө жыргаганымды айтпа. Кубанып кеттим.
– Сен алдыңбы, жаным, – деп коет анан да кыйраткансып. Эмне дейм?
– Ооба, – дедим да сыр билгизбей. Актриса болуп жашамай дагы канчага созулаар экен.
– Үстүмдөн түш эми, мен кетейин, – дедим итиркейим келгенин билдирбегенге аракеттенип жайбаракат сүйлөп. Ал түштү. Мен ваннага кирдим. Күзгүдөн карасам бир укмуш. Кирпигимдин боегу чампаланып, ооз боегум да эринимдин айланасына жайылып кетиптир. Сууга түшүп, кайрадан боенуп, кийиндим.
– Эрте келесиңби? – деди Байтур жуп чыгып баратканымда. Кубана түштүм. Мени кызгана баштадыбы дедим да.
– Ии, эмнеге сурап жатасың? – дедим кулагыма жага турган сөз уккум келип.
– Тамак жасашың керек да, сен келгиче ачка болом го, – дейт. Колумдагы сумкам менен бет талаштыра чаап жибергим келди.
– Бир казан тамак жасап, муздаткыча салып койгом. Чекесинен алып чыгып, жылытып иче бер, – дедим.
– Анда жакшы, – деп сүйүнгөн бойдон калды. Менин маанайым бузулуп, капалуу чыктым сыртка. Жездем качан эле келген, мени күтө берип чый-пыйы чыгып кетиптир.
– Абдан кылыктандың го, балдыз, көпкө күттүрүп. Жигит кезимде да кыздарды мынча күтпөдүм эле, – деди какшыктап.
– Кыздарды күтпөсөңүз күтпөгөндүрсүз, а мени азыраак күтүп койгонго жөнүңүз бар. Мен сиз үчүн 2 в1 болуп жатпаймынбы, бир чети балдыңызмын, каалаган учурумда кулагыңызды чойсом болот. Экинчиден... – токтоп калдым. Эмне деп айтышым керек эле? Ойнош, көңүлдөш, же сүйүктүү айым... Хы, күлкүмдү келтирбечи, сүйүктүү айым кылып алганын кара өзүн. Өзүмдү өзүм шылдыңдадым.
– Экинчиден, сүйүктүү айымымсың, – деп жездем улады сөздү кудум менин ичиме кирип чыккансып. Аялдар кулагы менен сүйүшөт деген чын, бир заматта маанайым жаркып чыкты. Жездем машинесин от алдырды.
– Азыр алар баары отурушат. Мен сени тааныш кызым деп эле алып барам. Экөөбүздүн жакын мамилебизди эч ким байкабашы керек, түшүндү? – деди мага күзгүдөн карап. Башымды ийкедим:
– Түшүндүм. А бирок, алар дегениңиз кимдер? Көп адам барбы ал жакта?
– Чоң кызматта иштеген беш адамдын шеринеси. Шерине деген деле болбойт го дейм, шеринеде үй-бүлө менен барабы? А булар өздөрүнчө жума сайын, кой сойушуп, “чисто” эркекче отурушат. Сендей акмарал сулуулар келет. Баса, ал кишиге жаксаң, бир айдай шеринеге катышасың.
– Эмнеге бир ай? Бир айдан кийин токтойбу шеринелери?
Жездем каткырып күлдү:
– Шеринелери токтобой калды го. Бирок, ал киши бир аял менен ашып кетсе бир ай жүрөт. Кол жоолуктай алмаштырат. Ошондуктан, айтып жатам.
Ойлонуп калдым. Гүлдөн гүлгө учкан көпөлөктү канатынан кармап алып, жездемди бир таң калтырайын деп ичимден ойлонуп койдум. Бирок, кантип кармашты азырынча билбеймин. Азыр барып байкаштырып көрүп, анан ошого жараша мамиле кылам да.
Биз сауналардын бирине бардык. Кире бериште ресторандын кызматкери тосуп алып, тээ төр тараптагы бөлмөгө киргизди. Узатасынан стол, орундук коюлуптур. Дубалдарында ойум түшүрүлгөн. Улай салынган эки бөлмө экен, экинчи бөлмөсүндө килтейген телевизор, үч айланган жумшак диван турганын бир караштан көзүм илип алды. Коридордон да толтура эшик көргөм, бири жуунучу жай, бири пар болсо, анда дагы көптөгөн уктоочу бөлмөлөрү бар окшойт.
– Келгиле? – деп биз кирип барганда баары карап калышты. Биринен бири өткөн улгайган кишилер экен. Баарынын чачында ак бар, бири такыр эле буурул тартып калса, дагы биринин саамай чачына гана тутум ак түшүптүр азырынча. Бири калбай калбаат, олуттуу кишилер экени билинип турат. Ак кол экендиктери да, учурашып чыкканымда бир да москоол тарткан, туурулган кол кармабадым, негизи эркектердин колу ушундай болот эмеспи. А менин колума меникинен да жумшак, ак колдор тийип жатты. Ичимден, кагаз-ручка кармагандан башканы билбеген колдор турбайбы деп ойлонуп койдум. Боюу узун, башы кашка, көзү кудум эле бычак менен бир эле жолу тилип койгонсуган жымшыйган, өтө эле ыраңы суук кишини карап, “ушул болбосо экен”, – деп тиленип жибергенимди байкабай калдым. Көзү жымшык болгону менен абдан ойноок экен, мени бир караштан эле кыялында чечинтип, дене мүчөмдү кармалап чыкканын байкадым. Столдун орто ченинен орун алдым. Бет алдымда отурган мен сыяктуу жаш кыз (өзүмдү дагы деле жаш сезем да, чынында ал кыз кебетесине караганда эне сүтү оозунан кете элек окшойт) отуруптур. Аялдар бирин бири сынай карашат да, мени бир саамга сыдыра тиктеп, ууртунан жактырбагандай жылмайып жүзүн буруп кетти. Ал так эле мага ырайы суук көрүнгөн кишинин колтугунда отурган эле. Андан башка да үч кыз бар экен, мени менен төртөө болдук. Берки кыздар деле ашып кетсе 20-22 жаштагы кыздар. Менимче, студенттер го дейм. Кубакай жүздөрүнө анан жалаң орусча чалып сүйлөшкөндөрүнө караганда шаардыктар окшойт. Албетте, алар мени теңине алышпады. Дароо эле байкалды. Кыздар астыртан карашып, “хы” дегенсип, жымыйып калышты. А мага эмне, мындайлардын далайын көрүп, өзүмдүн ким экенимди таанытып келген Хануммун да. Эркектер арактан өчтөрү бардай эле ичип жатышты. Кызыгы, канча ичимдик ичилсе да, ойду-тоону сүйлөп, чочкодой оонап калгандары жок. Карапайым жигиттердин коштоосунда отурсаң, эки – үч бөтөлкөдөн кийин эле бири бири менен кер-мур айтышуу, дагы эки бөтөлкөдөн кийин мушташуу, дагы бир бөтөлкөдөн кийин ар кайсы жерде кусунду жайнап кетет эмеспи. Мен мындай көрүнүшкө айылда жашап жүргөндөн эки – үч курдай күйөөмдүн классташтарынын отурушуна барып күбө болгом да. А булар аракты ичтерине эмей эле, денесинен ылдай төгүп коюп жатышкансып, чым этишпейт экен. Таң калып тиктеп отурсам, жездем мен жакка эңкейип:
– Тээ тиги кашка баш сага керектүү киши, – деди. Чаянды тепсеп алгансып, дирт этип кеттим. Жездем шашып кетип, санымдан чымчып алды, акырын дегенсип. Бирок, тигилер кызуу сөзгө киришкен экен, бизди байкашпады деле.
– Ошолбу? ! Тээ тиги эмеспи? – дедим орто бойлуу, сулуумучак эркекти башым менен жаңсай көрсөтүп. Баятан бери ошону карап, “ушул болсо экен”, – деп отургам да. Жездем ууртунан жымыйды:
– Келесоо, анын өңү жакшынакай болгону менен кашка баштын алдында пешка, – деди эринин билинер-билинбес кыбыратып, – Мен айткандай кыла бер, балдыз, өкүнбөйсүң.
Айла канча, кашка баш болсо, кашка баш. Мага эмне, эптеп бир-эки жатсам, күйөөмдү жумушка орноштуруп алсам болду да. Аным да кудугун карабай эле, папке көтөргөн гана кызматка баргысы келип жатпайбы, айдоочу, кайтаруучу деген иштерди чанып. Дымагы эле күчтүү, шумдугуң кургур.
Ошондон кийин кашка башты байкай баштадым. Жанындагы кызга улам ийиле карап, салаттан салып берип, рюмкасын колуна карматып элпек болуп жатат. Ушул кызга көзү түшүптүр, балким, мурдатан мамилеси бардыр булардын, эми мени карайбы, деп санааркай түштүм. Анткени, тиги кыз куурчактай эле экен. Капкара чачы кыска кыркылган, кирпиги узун, ийилген, оозу бөйтөйгөн, бир сөз менен айтканда куурчак. Ындыным өчө да түштү. Кайра, Ханум, кана башыңды бийик көтөр, куурчактай кебетеси болгону менен акылы тайкы экени билинип эле турбайбы. Сендеги тажрыйбанын бири да бул кызда жок деп өзүмө кайрат бердим. Сүйлөшүп отургандарын тыңшасам бири калбай күркүлдөр экен. Ар кими ар башка тармакты башкарышат экен. Кудум эле жемин көргөн жырткычтай денем кызып, кулагым түрүлдү да калды. Мындай компанияга жездем кандайча кошулуп калганы табышмак, эптүү да, улам сыртка чыгып, кайнап жаткан этке баш-көз болуп келип жатканына караганда, булардын ат кошчусу окшойт. Күркүлдөргө ат кошчу болуш да оңой эмес, чынында, азамат жездем бар да. Бир кезде эт тартылды, ой, булар укмуш жешет экен. Эт азыраак болгондо төрт айымды да кошуп, ал аз келсе, бирин бири да жеп салгандан кайра тартышпагандай. Колдору, ооздору, муруттарынан бери майланышып, бир кезде жеп бүтүштү.
– Эми, – деп төрдө отурганы жездеме кайрылды, – Бир аз эс алалы, сыртка чыгып, мелүүн желден дем алып, тамеки тартып дегендей.
Баарыбыз сыртка чыктык. Куурчак кыз кашка башка катарлаш басты. Экөө сыртка чыгаарыбыз менен тамды айлана басып кетишти. Мен эки жакка көз чаптырдым. Биз жездем экөөбүз келатканда башка жагы менен кирдик эле, азыр сыртка башка эшиктен чыктык. Бул жерде гүлдөр менен бак бар экен. Караңгыдай гүлдөрдүн жыты буркурап, бак дүпүйүп бир укмуш көрүндү. Жарык жанып, ар кайсы жерде отургучтар да бар экен. Бирөөнүн колу ийиниме койулганан карасам, курсагы салаңдап, ошонусунан күшүлдөп оор дем алган, орто бойлуу киши турат.
– Селки, сени менен таанышсак болобу? – деп жүзүмө оозун жакындата берип, ыктытып алды. Оозунан эмеле жеген эт-майларынын жагымсыз жыты бур эте түштү. Башымды буруп кетким келсе да, мындай адамдар менен “тамашалашпай” турайын деп жылмайымыш болдум.
– Таанышыңыз, – дедим ойсоктой сүйлөп.
– Кел, кучагыма, – деп колумдан катуу тартты эле, күү менен барып кучагына кирип кеттим. Жүндөрү апсыйган колу менен далымдан артыла кучактап, оозу менен оозумду издеп баштады. Тердин ачымык жыты мурдумду өрдөдү. Жулунуп, бошонуп кетүү мүмкүн эмес. Көзүм ошол кезде бизден эки – үч кадам эле арыраакта туруп алып, сорушуп, жытташып жаткан жуптарга түштү. Кашка баш эмес, мага жагып жаткан сулуучумак кишинин колу кыздын жамбашында. Кыз да моюнуна артылып кучактап алган. Жыргап сорушуп жатат. Анан эмне, сулуу киши болсо жыргап сорушат да деп ойлоп койдум, келип-келип ушул чочкодой болгон кишинин энчисине туш келип калган өзүмө нааразы боло. Ал арада оозумдан соруп баштады. Сасык жыттан тумчугуп өлүп кала жаздадым.
– Жүр, бөлмөгө кирели, – деди колумдан тартып. Мен мындай кишилер бири жаткан кыз менен экинчиси жатпай турганын билем да. Булар мен буга чейин жолуккан бириникине экинчиси “секире” бергендерден эмес. Булар менен өтө олуттуу ойноо керек. Мага кашка баш керек болгондуктан, кандай амал кылсам да, семиз кишиден кутулушум керек.
– Азыр, сиз алдыга түшүп бара бериңиз, мен дааратканага барып келейин, – дедим үнүмдү аста чыгарып. Киши жымыйып, колун чекесине такап, честь бергенсип, какайып:
– Есть товариң капитан, эртең менен чакыртам, эртең менен келбесең, к... ткө тээп бакыртам, – деп дарылдап, анысына өзүнүн ичек-боору эзилгиче каткырды. Ал каткырса салаңдаган курсагы бүлкүлдөп, көзгө бир жагымсыз көрүнөт экен. Ал дагы бир жолу ыктыткан бойдон артына бурулуп, үйгө кирип кетти. Айланамды карасам жуптар жок, кыздар колуна тийгендери жетелешип уктоочу бөлмөлөргө кетишти окшойт. Мен жездемди издедим. Эмне кылайын деп сурайын дегем да. Кашайып, ал да көрүнбөйт. Бактын ортосуна кирип, орундукка отурдум. Бул жакка жарык жетпейт экен, караңгы болуп турат. Коркподум, анткени бакты курчап үй турат. Анын үстүнө коркутчудай деле калың бак эмес. Так эле арт жагымдан кулагыма кыздын үнү шак эте түштү:
– Мен сизге айтпадым беле, контрагымды төлөй албай жатам деп, – кыз таарынгандай, анан жалдырагандай да аяр айтты.
– Бул маселени сен гана чече аласың? – коңур добуштан улам бул кашка баш экенин билдим. Аны аңдып отуруп добушун да жаттап калган экенмин.
– Сиз мага төлөп бериңизчи, – кыз жалдырагандай болду. Үнүн уккан адам жалдырап жатат деп айтаары шексиз. Кашка баштын үнүндө өзгөрүү болбоду, баштагыдай эле супсак:
– Мен айтпадымбы, менде андай мүмкүнчүлүк жок, – деди.
– О-ой, кантип сизде жок болсун? Сизде мүмкүнчүлүк болбосо, деңизде балык да болбойт го. Антпей эле, алдап колдондум дебейсизби? – деп кыз ыйламсырады. Эркектин ачуусу келип кеткенсип, ынтыга:
– Көз жашыңды тый! Көз жашыңдан коркуп кете турган бул жерде балакай жок. Жатсаң жатканыңдын акысын алып турдуң. Мен сага контрагыңды төлөп берем, же башка нерсе деп убада бербегем. Ушундайыңар жаман да анан, эки – үч жолудан көп жолугуп койсо эле дооматыңарды артып, жүгүңөрдү үйүп баштайсыңар, – деп катаал айтты. Анын үнүн угуп жанындагы кыз эмес, бери жакта турган менин денем дүркүрөп кетти. Кыз тынбай ыйлай берди, көбүрөөк ичип, мас болуп калганбы, үнүн барган сайын бийиктетип, бышактайт. Тиги чыдабай кетти, ордунан турду окшойт:
– Экинчи сени көрбөйүн, азыр администраторду чакыртым, сени кетиртем. Мен, мына бул акчаны ал, таксиңе! – деди да басып кетти. Мен да шашылып ордумдан турдум. Эки аттап, дабыш чыгарбаганга аракеттенип, бирок алымдын барынча чуркап үйдүн алдына жеттим. Карасам кашка баш келатыптыр. Ал мени көрбөдү, дарак тосуп турган ортобузду. Мен калп эле башымды ылдый салып, ойго баткандай болуп жолун утурладым. Дарактан чыккан жерден аны сүзүп алдым.
– Ой, кечирип коюңуз, – дедим чоочуган өңдүү шашкалактап, – Байкабай калыптырмын.
– Анчалык эмне чоочудуң, сүзсөң сүзүп койуптурсуң. Анын эч нерсемси жок. Музоо кезде гана сүзүлбөш керек, бука болуп алгандан кийин коркунучу жок, – деди тамашалай күлүп. Аны сүзгөндө мен “теңселип” барып, жыгылчудай болгом да. Шап этип каруумдан кармаган болчу, ошол бойдон кармап турат.
– Сиздей сулуу кызды байкабаптырмын да, качан келдиңиз эле? – деди сиз деп сылыктанып, көзү менен тешип жибергендей караганын унутуп койгон окшойт.
– Сиздин көзүңүзгө чалдыгыш кыйын окшойт да, мен көптөн бери эле сиздердин араңыздарда отурдум, – дедим мен да жылмайып. Кашымды кагып, көзүмдү сүзүп.
– Кечир, байкабай калсам. Таң калып турам да, мен деги эле сулуу кыздарды кыя кетирчү эмес элем, кантип сизди байкабай калдым экен, – бир “сен”, бир “сиз” деп кайрылды. Мен аста каткырдым, атайын каткырыгым көкүрөгүмдү кыймылдаткандай кылып, ичимден бүлкүлдөдүм.
– Мейли, сиздей кишини кантип кечирбейин, – дедим. Анын көзү жарымы гана жабык эмчегиме түштү. Шилекейин кык жуттуму, алкымы титиреди.
– Каршы болбосоң, үйгө кирип жакындан таанышалы, – деп жатканда ары жактан куурчак кыз жаныбызга келип калды.
– Буга ишенбе! – деди мага карап, – Бул! .. Бул! .. – сөөйөмү менен жанымдагы кишини сая көрсөттү, – Өзүн гана ойлогон акмак! Өзүнүн каалоосу үчүн өлүп калган энесин да көрдөн чыгарып сатып жиберет!
Киши кызды жаактан ары бир чапты. Куурчактай кыз учуп барып, даракты сүзүп, күп кулады. Озондогон ыйы бакты жаңыртты.
– Экинчи көзүмө көрүнбө дебедим беле? ! Өлтүрүп койбогонума кубан да, изиңди суут бул жерден! – деди тиштенип. Анын ыйынан администратор окшойт, жаш жигит чуркап келди эле, киши ага кайрылды:
– Мобул айымды дарбазадан чыгарып койгула! Экинчи көзүм көрбөсүн!
Жигит башын ийкеңдетип, кызды тургузганга каруусунан кармады эле, ал бутун тыбырчылатып тепкилеп жиберди. Ушунчалык күчтүү кызбы, же ичимдик, анын үстүнө ызасы шакардай кайнаганда адам күчтүү болуп чыгабы, жигитке ээ-жаа бербеди. Бийик такасы байкуш жигиттин бетине да, тамагына да, көкүрөгүнө да тийди.
– Бир кызды сүйрөп чыгара албагандан кийин эмнең эркек? ! – деди киши кыжынып, анан мени колумдан кармады, – Жүр, биз ичкери кирели, бул жакта эки аял кармаша беришсин. Жигиттин жүзү чычаладай кызарып чыкты. Биз үйгө кирдик. Кыз тууралуу кеп козгогон жокмун. Байкасам кишинин ачуусу дагы деле тарай элек. Жаак эттери диртилдеп турат. Уктоочу бөлмөгө киргенде, кылыктанып отурбай, кишини көмкөрөсүнөн жаткырдым да, жамбашын туштай үстүнө чыгып отуруп, далысын назик укалап баштадым. Нервин жайылтапасам, бул кебетесинде мени деле сабап салчудай түрү бар. Акырын укалай бердим, ал болсо былк этпей жатат. Аны бери оодарып, шымынын курун чечип, чыгарып алдым да, колуна байлап, экинчи учун керебетке байладым. Унчукпай мени тиктеп, эрким менен болду. Мен ар бир кыймылымды шашпай, жай аткарып жаттым, эңкейгенде да жамбашымды чайкап, чайпап, болушунча чыгарып, ашыкпай жай эңилем. Кишинин көзү оттой жанып, шымын тирелте алигиси туруп калганы байкалды.
– Сен башкача экенсиң, – дейт шыбырай.
– Бул башталышы гана, – деп кулагына эңилип, кумарлуу сүйлөп, кулагынын учунан аста тиштедим. Онтоп жиберди. Моюнуна галстугун чечип жатып:
– Жумуштан кийин да галстук тагынасызбы? – деп сурадым үнүмдү баштагыдай эле кумарлуу чыгарып.
– Көнүп калгам, галстук такпасам тамагыма арылдап шамал киргенсий берет, – деди көзүн жумуп. Экинчи колун галстук менен байладым. Анан керебеттин ылдый жагына өтүп, шымын шыпырып жиберсем, капкатуу болуп туруп калган алигиси серең этип чыга калды. Көйнөгүнүн бүчүсүн толуп чечип, көкүрөгүн жагжайта ачтым. Анан керебеттин үстүнө чыгып, анын көзүн караган тейде ашыкпай кыймылдап көйнөгүмдү чече баштадым.
– Колум бош болгондо бир жулкуп чечип салмакмын, – деди бир кезде. Алигиси какайгандан какайып, байкуш киши кумарына тумчугуп баратканын байкадым. А мага эмне? Анын сөзүнө мыйыгымдан гана күлүп коюп, ансайын маалкатып жатып, кийимдеримди чечип, энеден туума жылаңач болдум.
– Эмчегиңден өптүрчү? – деп кумарлуу шыбырады. Үстүнө артылып барып, көкүрөгүмдү оозуна туштадым эле, аймалады. Анан ылдыйлап келип, алигисинин үстүнө отуруп, жанжериме туштап киргизип жиберсем:
– Охх, жаны-ым! – деп кыйкырып жиберди. Добушу миң жылдан бери аял жүзүн көрбөгөн эркектикиндей болду десем жаңылышпастырмын. Ат чапкансып катуу “иштеп”, анан кайра кыймылымды жайлатып, өйдө-ылдый желип, башымды эңкейтип эмчегинин айланасынан өөп, ылдыйлап келип, киндигинин тегерегин жалап жебирсем түпкүчтөй түйүлөт. Онтогону да бир шумдук экен. Бөлмө ичин менин кыңкыстаганым эмес, анын онтогону, кыйкырыгы басып кетти. “Охх, ахх, жаным, дагы! ” – деп ар бир жолу кыймылдаганым сайын. Мен да күчтөнүп, анын добушунан кумарым көбүрүп, жанжеримден суу булактай эле акты. Чалпылдаган дабыш да биздин кумарыбызды акырындата албады. Жуурулушуп, ал өзүнүн, мен өзүмдүн кумарымдын каалоосун орундатмакка болушунча аракет кылдык. Анан барып меники бүттү. Денем көөлгүп, асмандын жетинчи кабатына учуп чыккандай туйум келди. Атайын байкап, алигисинин учу бир башкача көөп чыкканын туйарым менен кыймылымды токтото коюп, анысы калыбына келээри менен кайра баштап жатып кумардын туу чокусуна чыктым. Өзүмдүн эңсегеним орундалгандан кийин анын кумарын кандырдым. Дене – бою титиреп, башкача бүтүрөт экен. Кыйкырып, тыпырап барып тырп этпей жатып калса, бирдеме болуп калдыбы деп жүрөгүм түштү.
– Эй, сизге эмне болду? Амансызбы? – деп алактап кеткенимди көрүп, араңжан жылмайды:
– Мен кумардын туу чокусуна жеткенимде ушундай болом, – деп.
Ошондой эле болсун дедим ичимден, мага алдымда жатып эркектин тырайып өлүп калганы гана жетишпей турду эле. Көптө бышылдап жаттык. Бир кезде гана:
– Колум сенейип жан сезбей калды, эми чечип коесуңбу? – деп үн чыгарды. Чечтим. Дароо кучактады:
– Сен кимсиң? – дейт. Оозунан жалын бүркүлгөнсүп, деми ысык.
– Адаммын, же шегиңиз барбы? – дп тамашаладым.
– Тамашаны да айта да, уга да билет экенсиң. Төшөктөгү оюнуңа болсо сөз жок. Сендейди бул кезге чейин учураткан эмесмин. Эмнеге учураткан эмесмин? Кайда жашынып жүргөнсүң ушул кезге чейин? – деп эле суроо үстүнөн суроо жаадырып, эмчегимден сылады.
– А мен сизди күтүп жүргөнмүн. Эмнеге сиз мени издеп тапкан жоксуз? – дедим мен да шыбырап. Ырайы суук болгону менен жыты жагымдуу экен, кучагында эркин жатканыма таң калып да койдум.
– Акыры табыштык да. Кайда иштейсиң?
– Ал сыр болсунчу.
– Такыр айтууга мүмкүн эмес жерде иштейсиңби?
– Жаман жер эмес. Андай ойлобоңуз. Мен карапайым гана келинмин. Карапайым адамдар иштей турган жерде иштейм. Сизге айтуунун деле кажети жок деп ойлойм. Балким, менин теңим эмес деп чыгасыз, – деп мурдунан кармап, эркелеттим.
– Кайда иштесең да, мага сыймыктуу айымсың, – дейт бетимден өөп, – Турмушка чыккансыңбы?
– Чыккам, дагы да турмуштамын, – десем кучактаган колу бошоңдоп, денесин менден бир сөөмгө оолактатты.
– Бул дегениң күйөөм бар дегениңби?
– Ооба? Эмнеге анча чоочудуңуз? Күйөөлүү аялдар менен жатып көрбөдүңүз беле?
– Көргөм, – деди кыска гана, – Сенин башка бир эркек менен жатканыңды элестетип кеттим да.
– Айла жок. Жашоо ушундай. Сиз деле аялыңыз туруп башка бирөө менен жатып жатпайсызбы, бул жашоодо эч ким бөлүшпөй, колтугуңа гана катып ала ала турган эч нерсе жок.
– Кандай философия. Жараткан сени акылдан да кем кылбаптыр. Балаң барбы? Төрөгөнсүңбү?
– Ооба, уулум бар, беш жашта.
– Эмизгенсиңби?
– Ооба, – деп калп айтып койдум, эмне себептен сурап жатканын биле албай таңданып. Ал эмчегимди кармалады:
– Карачы, кандай сулуу эмчек. Тикчийген. Катуу. Балаңды төрөп, эмизгенден кийинки сымбаты ушул болсо, кыз кезиңде кандай болду экен?
– Чын айтайынбы?
– Ии.
– Кыз кезимде мен ырайы суук эле бирөө болчумун, – негедир бул кишиге агымдан жарылып бердим, – Турмушка чыккандан кийин гана аялдын жылдызы ачылат экен.
– Ээ де? Кызык... Күйөөңдү абдан сүйөсүң го анда. Азыркы келбетиңди, жүзүңдү карап туруп, мындан бир нече жыл мурда ырайы суук бирөө болгон дегенге такыр ишенгиң келбейт экен.
– Сүйбөсөм ушунча жыл жашайт белем.
– Анда эмнеге бул жерге келдиң? Келатканыңда улуу кишилер бешенеңден сылап эле кетирип жиберет деп ойлогон эместирсиң?
– Жашоомдо жаңы нур издеп жүрөм. Айып этпеңиз, бирок, биз, аялдар да жаңыланууну, жаңы мамиле, жаңы сезимдерди каалайбыз.
– Таптыңбы анан?
– Таптым деп ойлойм. А сиз эмне ойлоп жатканыңызды билбейм.
– Мен да таптым деп ойлоп жатам.
Кайрадан өбүшүп, жытташып баштадык. Анын кайбары да заматта экинчи “раундга” даяр болду. Бул сапар ал үстүмө чыкты. Жанжериме кайбарын киргизе салып, саамга көзүн ырахаттана жумуп кыймылсыз турду да:
– Жада калса жанжериң да бир бала төрөгөн аялдыкына окшобойт экен, – деди. Анан “иштеп” баштады. Мен чалкалап жаткан калыбымда, башымды өйдө көтөрүп эңкейе калып, колумду алаасына жиберип, урук калтасынан назик кармаладым. Анын онтоосуна бөлмө толду. Кумардан чыкканыбыздан кийин кийимибизди кийип, сыртка чыктык. Жуунучу бөлмөгө барып жакшылап чайканганыбыздан кийин төркү бөлмөгө кирсек, баары топтолушуп, бажакташып, отуруш уланып жаткан экен. Биз кирип барганда көңүл бурган эч ким болбоду. Баары өздөрү менен өздөрү. Эки эркектин жанында кыздар олтурат, калгандары жалгыз. Башымды көтөрө калып, баягы семиз кишинин көз карашына туш келдим. Балээ басып, ызасын чыгарып жүрбөсө болду деп ойлодум. Бекер эле санааркаптырмын, булар андай эмес экен. Дагы бир танаписте жаныма басып келип, жай сөздөрүн сүйлөп:
– Эх, ак куу, менин колума конобу десем, башканын колуна кондуң. Мейли, бактылуу бол, – деп тамашалашып, бажактап сүйлөп кетти. Жүрөгүм ордуна келип, булардын “маданияты” такыр башка экени башыма жеткенсиди. Биринчи тыныгуудан келгенден кийин эле жездемди таппай калгам. Кетип калыптыр. Кыязы, менин кашка баш менен бөлмөгө киргенимди көрүп, максатыбыз ишке ашты деп канааттанган бойдон куйругун түйдү көрүнөт. Бир кезде уйкум келип, кыйнала баштадым. Күндүз иштеп, түнү толук кандуу эс ала албагандын кесепети да. Болбосо күндүз иштеп, түн жарымына чейин чыйрак бойдон көңүл ачып жүргөн кыз эмес белем. Байтурдун телевизорунун добушу нервди болушунча алды го, чиркин. Менин кирпиктен тартса жыгылчудай болуп отурганымды кашка баш байкады.
– Уйкуң келдиби? Чарчадың го дейм, кетелиби? – деди.
– Кетсем жакшы болот эле, эртең эрте жумушка барышым керек. Жеткирип кое аласызбы? – дедим атайын. “Кетелиби? ” – дегени бир аз чоочутту да. Бул жактан чыгып, башка жерге барып кечтин уландысын жасайлы десе, көтөрө алчудай эмесмин. Карылык да. Ха-ха-, карылык дейм, отузга эми жакындаган курагым го. Аялдын ачылып-чачылып турган убагы эмеспи. Эки айттырбады, киши шагдам туруп, отургандарга:
– Биз кеттик, – деди кыска гана.
Эскертүү:
Электрон китепти алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!