Жалпы маалымат:
Жаңы сериал даярдалып жатат жана
1-китеби - "Адашкан кыз" бүттү!
"Дубаланган тагдыр" 5 китептен турган сериал.
Толугу менен жазылсаң - 200 сом.
5 бонус китеп кошо аласың!

Азыр 1-китепке АКЦИЯ - 50 сомдон төлө
. Акция 5-февралга чейин.
30-январга чейин төлөгөндөргө
●► Бонус - Айгүл ШАРШЕНдин 46-китеби -
Тагдырдын оор жазмышы.
Бонус 30-январда берилет.

Дубаланган тагдырдын 1-китебин
5-февраль түнкү 12де аласыңар, буйруса.

Россия, Казакстандагылар
QIWI-кошелек менен
төмөнкү даректен төлөгүлө:

https://qiwi.me/6eed0bb0-a1c0-4d04-bad9-2ad556a95c6d

Билайн Кыргызстан соткасы барлар:
https://balance.kg/c/bb7e9988
дарегинен төлөсөңөр дайыма бонус берилет!
Мегаком менен О операторундагылар
0777329784 номуруна тийиштүү бирдик таштагыла.

Китеп төлөнгөндөн кийин
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Дубаланган тагдыр" китебине төлөдүм
деген кабар келет.
Төлөмдү +996777329784
номурга саласыңар



Квитанция же төлөгөн жерден маалымат
сөзсүз керек!




Эскертүү:
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Дубаланган тагдыр

сериалынан үзүндү

Адашкан кыз

1-бөлүм
Толмочунан келген, ак жүздүү, чырайлуу аял айдаган Жип Токмок шаарынын четиндеги айылдардын бирине кирди. Кууш, чаң ызгыган көчөлөрдөн айдап өтүп, эски дарбазалуу үйдүн алдына токтоду. Анын келишин күтүп тургансып, дарбазадан цыган улутундагы жаш келин чыкты.
– Кыйналбай эле таап келдиңизби? Кириңиз, сизди күтүп жатат, – деди орус тилинде иймениңки. Аял жооп кайтарган жок, кол сумкасын алып, машинесин пульт менен бекитти да, келиндин жанынан өтүп, дарбазадан кадам таштады.
Сүрдүү, сулуу аялдын жанында келин сүрдөнө да түштү. Артынан тыпылдап басып ээрчий келип, кең короонун ичиндеги катарлаш жайгашкан үч үйдүн кайсынысына кирээрин билбей туруп калган аялга, ортоңку каалганы көрсөттү.
– Бул жакка кириңиз.
Аял аны бир карап алды да, шагдам басып көрсөткөн эшикке жөнөдү. Аялдын көзүнөн теңсинбөө, кыйынсынуу байкалып турган. Келиндин ачуусу келе түштү, “Кыйынсынганын кара мунун, сендейлердин далайын көргөнбүз”, – деп алды ичинен. Бирок, эч кимден жалтанбаган жаны канчалык жактырбай турса да, бул сулуу аялга батынып катуу сүйлөй албады. Аялдын каалгадан киргенин көрдү да, кандай дабышсыз келсе, ошондой дабышсыз четки каалгага кирип жок болду.
Аял тар бөлмөгө туш болду. Капкараңгы. Булар жарыкты да күйгүзбөйт окшойт, келген адам эмнеге чалынып жыгылаарын да билбейт мындай жерде деп ичинен сүйлөнүп алды. Жол башта деп айтайын деп артын карап, баягы жаш келинди таппай калды да, тобокел деп колуна урунган эшикти арыга түрттү. Кире бериштеги бөлмөгө караганда бир аз гана чоңураак, үстү түшүп кетчүдөй жапыз, акталбай, кум шыбак бойдон калган бөлмө. Дагы жакшы мында төөнүн көзүндөй терезе бар экен, билинер-билинбес шоола түшүп, үйдүн ичи күүгүм кирип бараткан учурдагыдай. Көзүн үйүр алдырганга бир аз тиктеп туруп, андан кийин гана төрдө башын ылдый салып отурган аялды байкады. Эшикти каккылады эле аял башын көтөрүп, колу менен бет алдындагы төшөктү көрсөттү. Бул кирип отура бер дегендегиси окшойт.
– Менин ким экенимди билесиз да? – деди аял төшөккө отуруп жатып. Эмнеге минтип айтканын өзү да түшүнгөн жок. Кайсы жерге барбасын алдынан тосо чуркагандар, жол көрсөтүп, кирпигине чаң жугузбай кошоматтангандар көп болуп, үйрөнө калганбы, бул жерде эшикти өзү ачып киргенине ызалана түшкөндөй болду. Аял башын ийкеп койду. Билем дегенсип.
– Алаканыңды бер, – деди колун сунуп. Башында кир жоолук, семиз денесине чытырап батпай калганга чейин кийилген, эски, сүзүлгөн көйнөк, кемсели да жоолугу менен көйнөгүнөн кем калышпайт. Сулуу аял төшөккө отургусу келбей жатып коомай отурду. Анын кири денесине жугуп калчудай болуп, бөлмөнүн жупунулугунан кускусу келип чыкты. Шарт бурулуп кетип калгысы да келди, бирок эң жакын таанышы ушул цыган аялды укмуш кылып айткан. Бул чөлкөмдө буга тең келчү көзү ачык жок экен. Кааласа адамды дубана кылып, башын айланттырып да, кааласа дуба окуп өлтүрүп да салаарын айткан. Буга чейин көп көзү ачык менен жолугушту. Бири да көңүлүндөгү нерсени аткарып бере албады. Айласы кеткенинен жолдун алыстыгына карабай мында келип отурат. Ушунча келгениме жараша, мунун эмне деп тантыраганын да угуп кетейин. Мен дароо эле билем, туура эмес айта баштаса, же алдай турганы байкалса, ким мени кармап турат, турам да, кетем деди оюнда. Аял ошол убакта мунун ичиндеги ойлорун билгенсип, башын шарт көтөрүп карады. Сулуу апкаарый түштү. Анткени, аялдын көзүнөн от жангансып, күйүп турат экен. Башкага жалган, өзүнө чын, анын көзүнөн жанган оттон бөлмө жарык болуп кеткенсиди. Жүрөгү түшүп, кантип төшөккө кенен жайылып отуруп калганын билбеди. Көз карашынан көзүн ала албай, гипноздолгонсуп, алаканын сунду.
Цыган аял ичинен бирдемелерди күбүрөнүп, анысы сыртка чыкпай, оозу гана кыбырап, сулуу аялдын алаканын өзүнүн алаканы менен далайга сылап туруп, анан бир кызыктуу нерсе көрүп жаткансып шыкаалап карады. Сулуу аялдын жүрөгү катуулап сого баштады. Бул жупуну бөлмөдө отурган көзгө комсоо аялдын сүрдөнтөр күчү ушунчалык болгонуна таң калды.
– Атың ким? – деди.
– Айдай... – бакылдап катуу сүйлөп, кол алдындагыларды кууруп жиберчү аялдын үнү араңжан чыкты. Ал энергиясын бет алдында отурган аялга тарттыра баштаган эле. Көзүнө көзү чагылышкан сайын алы куруп, желкеси куруша баштады.
– Айдай... Атаңдын арбагы жаныңда отурат, – деди эле, эки жагын жалт карай калды. Эзели тааныбаган аялдын күн сайын чогуу жашап жүргөнсүп, атасы кайтыш болгонун биле калганы таң калыштуу болду.
– Атаң жаш кетиптир, артында үч кызы калыптыр. Анын бири сен. Дагы бир баласы көрүнүп жатат... Бирок, ал тууралуу мен азыр эч нерсе айта албайм. А сени мага ээрчитип келген маселең боюнча... Атаңдын арбагы каршы. Аны жасаба, оюңдан кайт деп чыркырап турат. Калганы сенин каалооңдон көз каранды... – деди да алаканын кое берип, башын чалкалатты. Көзүн сүзүп, башын чалкалатып отурган цыган аял кудум эле Айдайдын энергиясынан тамактанып жаткандай сезилди.
– Мени эч ким токтото албайт! – деди Айдай өктөм. Ал алаканын цыган аял кое берээри менен өзүнө келе түшкөндөй болду, – Бекеринен ат арытып, жол карытып өзүңүзгө келип отурган жокмун.
– Мага баары бир. Жооп берчү сенсиң. Мен жөн гана аткаруучумун, – деди цыган. Анан ыктытып, башын ылдый салып, бир мүнөттөй унчукпай отурду да, кайра башын шак көтөрүп, сулуу аялды тиктеди.
– Күйөөңдүн жүрүшү начар. Сенден кетүүнү пландап да жатыптыр. Аракетиңди кылбасаң аз убакытта кол жууйсуң.
– Башка аялы барбы? – деди Айдай. Ичине шамал өрдөгөнсүп, ойлору будуң-чаң болду.
– Бар... Бирөө, экөө да эмес... толтура. Юбканы куру кетирбеген киши экен. Колунда байлыгы да, бийлиги да бар. Үйүңөрдө уруш күн сайын болуп, мамилеңер оордоп калыптыр. Кайын журтуңдан да силердин ажырашууңарды каалагандар абдан көп. Дээрлик баары сени жактырышпайт.
– Мен ошон үчүн сизге келдим. Булардын баары мага жаңылык эмес, өзүм да жакшы билем. Мага, менин бактымды бузгусу келгендерди жок кылып бериңиз.
– Жок кылып?.. Билесиң бул өтө оор иш...
– Билем. Канча айтсаңыз да төлөйм.
– Кымбат машине минип келдиң. Кара түстөгү... Так ошондой машине мага да керек, – деди аял көзүнүн үстү менен сынай карап. Айдай ойлонгон жок, дароо башын ийкеди.
– Мен макулмун. Айтканымды аткарсаңыз, бир эмес, ушундайдан эки машине берем. Бирок, сөзсүз аткарылышы керек. Калп айтып, алдап кетем десеңиз...
– Коркутпай эле кой, коркуп бүткөндөрдөнмүн... Мен эч убакта сөзүмдү жерге таштаган адам эмесмин, колумдан келгенди аткарам дейм, келбесе жүк кылып өзүмө албайм. Көңүлүң жам болсун, мен айткандарды так аткарсаң эле баары ойдогудай болот.
Айдай көзү ачык менен дагы он мүнөттөй сүйлөштү. Максатына жетип, бактысына тоскоолдук кылгандарды жолунан тазалоо үчүн эмнелер керек болсо, баарын сурап билди да, кагазга жазып алып, үйдөн чыкты. Машинесине отуруп, кууш көчөлөрдөн артка кайрылганда жеңилдегенин туйду. “Буйруса, менин оюмдагыны чындап аткара алаар адамды таптым, жеңиш меники болот”, деп ойлоп, көңүлү ачылды...
Ал бүгүнкү бактысына өтө оор сыноо, кыйын жол менен жеткен болчу. Эми өмүр бою даярга тап болуп жашагандар, мунун кандай азап-тозок менен бакыбат жашоого жеткенин билбегендер, анын жолуна туруп алышып, өмүрүнүн ушунча жылын коротуп топтогондорун тартып алууну көздөп жатышат. “Мени сындырыш оңой эмес, баарыңарды сындырам, бирок өзүм сынбайм. Мен көргөн күндү силер да көрсөңөр, мендей күчтүү болмоксуңар...” – деп ойлоп алды.

Ххх
Нурила ай-күнү жакындаган сайын санааркап, ойго батчу болду. Алдыдагы төрөттөн эмес, башка нерсе санаасын санга бөлүп жаткан. Беш жана үч жаштагы эки кызы бар. Күйөөсү биринчи перзенти кыз экенин укканда, ооруканага барып жаңжал чыгарган.
– Мага уул бала керек болчу! Сен болсо кыз төрөдүң! – деп жаалданып, кудум эле Нурила баланы өзү жасап, курсагына салып алгансып, мээсин чаккан. Экинчи кызына кош бойлуу болгондо тогуз ай бою “Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук. Мага уул керек!” – деп какшанды. Миң какшансын, Кудай кимди берем десе өзү билет да, экинчи кызы жарык дүйнөгө келди. Мыктыбек аялына катуу кыжырданып, төрөтканага да барбай койду. Үч күн бою көзү ачылбай арак уулап ичти. Төртүнчү күнү күйөөсүн күтүп-күтүп жадаган Нурила ымыркайын бооруна кысып, үйгө өзү чыгып келди. Кыштын күнү болчу, кар тизеден, ызгаар борошо согуп турат. Үч күн бою палатадагыларга келген тамактан ичип, жан сактай берип жедеп уялып бүткөн жаны дарыгерлер үйүңө чыгарабыз дегенде кубанып кеткен.
2-бөлүм
– Күйөөң келеби, же кайнене, кайнатаңбы? – деген башкы дарыгер буга боору ооруй карап. Айылдагы окуялар мүнөт айланбай баш-аягына чейин жетет да. Мыктыбектин көзү ачылбай ичип жүргөнүн дарыгер да уккан. Ал турмак баласына кошул-ташыл болуп, карып эле калган кайнене-кайната да келинине таарынып калышкан имиш. “Жалгыз баламдын башын экөө кылбай, бул катын кыз эле төрөп жатат. Жаман катын кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт”, – деп кайненеси сүйүнчү айтып баргандарды жактырбай, бурулуп кетиптир. Ошондон кийин өзү да бир чыны сорпосун көтөрүп келип койгонго жарабады. Кайнатасы болсо кайненеге толугу менен баш ийген бир байкуш. Кемпири кайсы жакты караба ошол жакты карайт, кимди мактаса ошону мактап, жамандаганды кошулуп жаман көрөт.
– Билбейм... – деп Нурила башын жерге салды, – Мен өзүм деле кете берем. Ушул турган жерге жетпей эмне болуптурмун...
– Ошентсе да бирөө келип алып кетсе жакшы болмок. Төрөттөн кийин аялдын алы куруйт, баратып жыгылып калсаң балаң эмне болот? – деп дарыгер башын чайкады. А Нурила эртерээк эле кеткиси келип турган. Үйүндө калган эки жаштагы кызын эстеп, бушайман. Кыз бала да балабы деп кайненеси небересине боор деле бербейт. Байкуш ар кимдин көзүн карап курсагы тойсо тойуп, тойбосо ар кайсы жерде томпойуп уктап жаткандыр. Дарыгерден суранып жатып, чыгууга уруксат алды. Кызын төрөткананын эле орогучуна ороп, сыртынан калың одеалды жапты да, бурганакта сыртка чыкты. Оозу-мурдун тумчуланып алып, эптеп басып, үйүнө жетти. Кайненеси сарай жактан келатыптыр, ымыркайын көтөрүп дарбазадан кирип келген келинин көрүп, жактырбай бурулуп кетти.
– Кайсы бети менен келатат бул?! – деп сүйлөнгөнү келиндин кулагына даана угулду, – Дагы бир кызды көтөрүп. Үйдөгү кыз деле жетиштүү эмес беле бизге?!
Үстүнөн бир чака муздак суу куйулгандай ичиркене түштү. Ушундай сөз угаарын, ушундай кабыл алышаарын билип, өзүн даярдап келатса деле көзүнүн кычыгына жаш толду. Бирок, кеп кайтарууга аргасы да жок эле, кайнененин кебин укмаксан боло үйгө кирди. Дароо эле үй оокаттарына аралашты.
– Кир толуп кетти. Жууй кал. Печкада суу ысып турат, сени бүгүн чыгып келет дешкенинен суу ысытып койгом, кир жууй калсын деп, – деп толтура кирлерди алдына таштап койду. Ымыркайын эмизип уктата калды да, улуу кызынын жытынан тое жыттай да албай, эптеп курсагын тойгузумуш болуп, кир жууганга отурду. Үч күндө кирди ушундай толтурушуптур, караңгы киргенде араң аягына чыкты. Бели талып ооруп, табарсыгы өйдө-ылдый болгон сайын сыздайт. Тиштенип алып акыркы кирди да жайып бүттү. Анан тамак жасады. Андан кийин төшөк салып, кайнене-кайнатасын жаткырды. Мыктыбек келбей кечигип жатты, анын кайда экенин сурабады дагы, кечиккен сайын кубанып, дагы келбей турса экен деп ичинен тиленет. А кайната менен кайнене небересинин бетин ачып көрүп да коюшпады. Ымыркай ыңааласа кулактарын басышып, бул үйгө дагы бир чүрпө келгенин таназарына алышкылары келишпеди.
Мыктыбек түн жарымында бутунан тура албай мас болуп келди. Келди да Нуриланы басып жыгылды. Чачынан сүйрөп, муштуму жеткен жерге согуп, сүйлөнүп жатты.
– Мен сага кыз төрө дедим беле?! Эмне айтканды укпайсың?! Атайын мага өчөшүп кыз тууп келдиң да э?! – деп жаалдана бакырды. Булардын ызы-чуусун кемпир-чал сопсонун угуп турушса да, бири да ордунан кыймылдашпады. Катуу уйкунун кучагында термелишкенсип, былк этишпегени менен экөөнүн тең кулактары булардын жаңжалында. Сабап-сабап моокуму кангандан кийин эркек уктап калды. Көз жашын сүртүп, жоолугун оңдоп салынган Нурила да эки кызын кучактап төшөк четине коомай жатты.
Ошону менен бир айдай Мыктыбек күн сайын “концерт” коюп жатты. Ар ичип келген сайын уулу жоктугун арман кылып, буркурайт. Анан барып аялына асылат. Кемпир-чал кой деп койгонду билишпейт, кайнене “Ооба да, катынды карап алыш керек да, уул тууй турганынан. Мына бул сетирейген, чөп жетпеген эчки кейиптенген аял уул тууп жыргатабы. Мен сага канча айткам, Алимандын кызын эле ал деп. Болбой койгон өзүң. Кара эми, Алимандын сен чанган кара кызы күйөөсүнө үч уулду катарынан төрөп берип койду”, – деп шыкактайт.
Мыктыбек менен Нурила шаарда окуп жүрүп таанышышкан. Нурила шаар четиндеги айылдардын биринен болот. Сүйүү деп ата-бабасы көрбөгөн тоо арасындагы айылга күйөөсүн ээрчип келе берген. Ата-энесинен эрте калып, ар тууганын байырлап жетим өскөн кыз жашоосунда биринчи эле жолуккан, жылуу сүйлөп, мээримин төккөн эркекке тагдырын ишенип тапшырып салган. Туугандарынын үйүндө ар кимисинен айбыгып жашоодон жедеп жадаганга окуусун да аяктабай, орто жолдон таштап туруп, Мыктыбектин жетегинде келе берди. Ал өз үй-бүлөм, күйөөм, балдарым болот, бири бирибизге эриш-аркак бактылуу жашайбыз деп кыялданган да. Балээсинеби. Аңгектен качсаң дөңгөккө так ушул Нуриланын тагдыры болду да. Туугандарынын кордугунан качкан жаны минтип кайын журт менен күйөөнүн зордугуна туш келди. Кыштын узун түнү ымыркай кызын бооруна кучактап жатып, уул төрөсөм жашообуз оңолуп, мен кордук көрбөй калат белем деп арман кылды.
Ошондуктан, үчүнчү кош бойлуулугунун ай-күнү жете баштаган сайын сары май жеп алгансып, ичинен сызат. Керели кечке дандырга камыр ачытты, дандырга нан жапты, уйларды саады, сүт тартты, айран уютту, ал арада тамак жасады, кир жууду, айтор жаны тынган жок. Жаз келгенге талаа иштери да башталып калды. Бул жакта талаа иштеринде негизги күч келиндерге түшөт экен. Ар бир үйдүн келини үйдөгү оокаттарды бүтүрөөрү менен кетменин ийинине коюп алышып, талаага ашыгышат. Күн түштөн ооп калганда Нурила да эки кызын уктатып коюп, айыл четиндеги үлүш жерине жөнөдү. Мыктыбекке тамак алып барып берет. Эртеден бери күйөөсү талаада. Күйөөсүн тамактандырып коюп, кайтып келатса, кошуна келин беш-алтынчы класстарда окуган эки баласы менен иштеп жүрүптүр.
– Нурила, талаага чыкпай калдың да? Күйөөң оңолуп калган го сенин? – деп күлүп, кетменин арыга таштап, беттей басты.
– Кайненем ооруп калган, ага режим менен дары, мүнөздөп тамак берип жатам. Ошон үчүн үйдөмүн, – деди да челкейген курсагын кармап, дарактын түбүнө отура кетти. Бир топ жол басып келгенге бели уюп, буттары талып кеткен.
– А, байкушум ай, ушуларга кор болбой кетип эле калбайсыңбы? – деп келин муну аянычтуу карады.
– Кайда? – деди Нурила айласы куругандай жалдырай карап, – Ким мени кыздарым менен батырат? Бара турган жерим болгондо эчак эле кутулганыма шүгүр деп жолума түшөт элем.
– Ата-энеңчи? Ичине баткан бала сыртына да батат.
– Алардан эрте ажырагам. Ата-энем тирүү болгондо ушул күндү көрмөк белем? Күйөөгө тийгениме алты жыл болду, эч ким издеп келбеди артымдан, ушундан деле билсеңиз болот, – деди шуу үшкүрүнүп. Көзүнүн кычыгына жаш толду. Келин сооротууга шашылды.
– Кайгырба. Кыздарыңдан көрөсүң буйруса. Кыздарың акылдуу, эстүү, сени тартып сулуу да болушат. Кызды жериген адам жарыбайт, азыр адамдар эркек баласынан эмес, кызынан жакшылык көрүп жаткан учур, – деп көзүнүн жашын аарчып, чар көпөлөк айланды. Чын эле ошондо келип, тим эле алдыны көрө билгендей айтыптыр. Нурилага кошуна келиндин кеби кубат берди. Жылмая ордунан турду.
– Мен анда барайын. Жакшы кебиңиз үчүн рахмат, – деп жолун улады.
Ошол түнү Нурила көз жарды. Ыңаалаган ымыркайдын үнүн угаары менен азыр эле өмүр менен өлүмдүн ортосунда жанталашкан келинге тил бүттү.
– Ким? Уулбу? Уулбу дейм? Айтып коюңуздарчы, – деп башын көтөрүп, дарыгерге жалдырап жиберди.
Дарыгерлер бирин бири карап унчугушпады. Ансайын келиндин шаштысы кетип, улам бирине жалдырайт. Акырында бир дарыгер чыдай албай кетип, катуу айтты.
– Кыз! Кыз төрөдүң! Кызды да Кудай бергенге берет. Кыздан айланайын!
Нуриланын башы шылк кулады. Өңү бозоруп, деми тартыла баштады. Дарыгерлер чыркырап, айланасына топтолушту. Бир топтон кийин гана өзүнө келди.
– Мага кереги жок. Алып келбегиле. Көрсөтпөгүлө, – деп күбүрөндү. Дарыгерлер дагы бирин бири карашты. Улуу курактагы дарыгер катуу айтты.
– Баштан чанып, кесирлик кылба! Күйөөңө, кайненеңе кереги жок болсо да бул бала сага керек! Экинчи бул сөзүңдү укчу болбойун!
Нурила терезени карады. Ай толуп турган кез экен. Ичинен кызынын атын Айдай койууну чечти. Бирок, дагы деле перзентине мээрими төгүлбөдү. Күйөөсүнүн үчүнчү кыздуу болгонун укканда кандай абалга келээрин ойлоп, дагы мурдагыдай уруш-талаш, жаңжал башталаарын элестеткенде денеси дүркүрөп кетти. Ушул жерде эле, төрөтканадан кетпей, айды тиктеп жата бергиси келди. Дайыма түн боло берсе, мен уктай берсем деп ойлонду. Түн жана уйку гана аны азап-тозоктон сактап калчу.
3-бөлүм
Мыктыбек такыр эле Нуриланы күнөөлөп жатып калды. Ага кайнене менен кайната да кошумча болушту. Келинге күн өткөн сайын жашоо оордой берди, бирок чиедей үч кызын жетелеп кайда бараарын билбегендиктен көргөн кордугуна чыдап жашай берди. Айдай эки жашка чыгып калганда, айылдаштарынан Мыктыбек айылдын четинде жашаган күйөөсү каза болуп калган келинге барып жүргөнүн билди.
– Сен кетсең кете бер! Балама кыз алып берем. Эркек бала төрөп бере турган кыз алып берем! – деп кайненесинин да сүйлөнгөнү көбөйүп калган. Күйөөсүнүн башка аял менен жүргөнүн, кайненесинин кет дегенин укса да кетпеди. Нурила бир күнү болбосо бир күнү баары жөнгө салынып, жашоосу ордуна келээринен үмүт артты. Бирок, андай болбоду. Бир күнү кечинде баары тамактанып отурушса, алагүү болуп Мыктыбек келди.
– Апа, сүйүнчү, мен уулдуу болгону калдым, – деди босогодон эле кыйкырып. Үч кызы, келинчеги отурганына карабады. Кайнененин жүзү жаркый түштү.
– Болсун, болсун, – деп эле карбаластап ордунан турду.
– Жыпар кош бойлуу. Ал уул төрөп берем деди. Ал айтканында турат, кээ бирөөлөргө окшоп шагыратып кыз тууй бербейт, – деп Нуриланы жаман көзү менен карап койду. Чыдамы чегине жеткен келин ордунан кантип атып турганын билбей калды.
– Кызбы, уулбу, Кудайдын бергени! Башты чанган жарыбайт дейт, оозуңа карап сүйлөп жүр, – деди ар кимден уккандарын кошуп. Катуу ачууланганга колу титиреп, өңү бозорду. Мыктыбек аны шылдыңдагандай карады.
– Тигини. Тили чыгып калганын. Эй, салпаяк, тууй албаган аял Кудайга шылтайт. Көзүмө көрүнбөй ары турчу, – деп колунун учун эле тийгизди эле Нурила көмөлөнүп кетти. Күйөөсүнүн, кайненесинин кордугу, үч кыздын түйшүгү, үй оокаты менен жарытылуу тамак да жебей, чийдей болуп арыктап кеткен. Жылаңачтанып чечинсе көргөн адамдын жүрөгү түшчүдөй кейипте, сөөгүнө эле териси чапталып калган. Айдайды төрөгөндөн кийин каны да азайып кеткен. Ордунан тура калганда башы тегеренип, көзү мунарыктап барып оңолот. Бирок, дарыланыш кайдан.
– Тибиребе! Күйөө менен айтышканды сага ким коюптур, – деп кайнене Нуриланы зекий карады, – Жаркын уул төрөсө, алып кел. Төргө жаткырып гана багам, аны. А бул болсо, – келинин сөөмөйү менен көрсөттү, – Өзү төрөй албаса, уул төрөгөн аялыңдын аягын жууп жашайт!
Ар аялда намыс, ар бар да. Нурила ушул убакка чейин кыздары үчүн намысын тебелетип келген. А бул сапар баары башкача болду.
– Аягын өзүң жууй бер! – деди кайненесине сенсиреп, – Силердики өттү! Кармап турган асманыңар болсо таштап жибергиле! Мен эми чыдай албайм.
– Чыдай албасаң кет. Кет деп канча айттым. Итти кет десе да кетет экен, ушуну эле кетире албай койдук! – деген кайнене жаалданды. Мыктыбек апасына каяша айткан аялынын бир-эки муштап жиберди. Кыздары чыркырап, үй ызы-чууга толду да калды. Нурила сыртка атып чыкты. Таза абадан кере-кере дем алып, буркурап ыйлап жиберди. “Мен кетем, кетем, кайда болбосун кетем. Баш оогон жагыма кетем”, - деп ыйлап да, сүйлөнүп да жатты. Эсине уруна калып, үйгө чуркап кирип, үч кызын жетелеп чыкты. Дасторконду тегеректеп отурган кайнене, кайната менен күйөө ага көңүл да бурушпады. Бирдемелерди көңүлдүү сүйлөшүп, тамактанууларын уланта беришти. Кайда кетет эле, эшикте отуруп, отуруп кайра келет да деп ойлошуп беймарал. Нуриланын бара турган жагы жоктугу буларга да маалым. Мыктыбек шаардан ээрчитип келгенде эле кайненеге жаккан эмес.
– Ата-жотосу жокту алдыңбы? Эл сыяктуу куда-кудагыйлар менен чай иче да албайт экенмин да, – деп келиндин көөнүнө кетет дебей эле, балп эттирген. Мыктыбек булардын жалгыз уулу. Андан улуу эки кызы бар, экөө тең башка райондорго турмушка чыгышып, бала-бакыралуу болуп калышкан. Жылына бир жолу келип кетишет. Нурилага жаман тилдери тийген эмес. Кайра “апама чыдап жаткан сага рахмат”, – дешип, көңүлүн көтөрүшөт. Мыктыбекти акылга келтирип, тарбиялоого алар деле аракет кылып көрүштү, бирок эжелеринин акылына караганда, эненин шыкактоосу салмактуу да. Эжелери кеткиче күйүмдүү ата, камкор күйөө болуп көрүнүмүш болот да, алардын изи сууй электе эле баягы таз кейпине түшөт.
Нурила кыздарын жетелеп кошунанын үйүнүн терезесин такылдатты. “Акыры бир күн ушул нерсе болмок. Такыр эле оорукчан болуп калганымча боло турган нерсе тезирээк болгону жакшы”, – деп ойлонуп, кайратына келди. Түн жарымда терезе каккылаган ким дегенсип, айнектен үңүлгөн кошуна аял үч кызын жетелеген Нуриланы көрүп, айттырбай эле түшүндү. Суроо бербей, үйүнө киргизип, кыздардын бетин жууп, алдыларына тамак койду.
– Эже, мен шаарга кетишим керек. Бир аз акча керек болуп жатат... Жол киреге... – деп башын ылдый салды тамактанып бүтүшкөндөн соң.
– Кимге барасың? Шаарда жан күйөөрүң барбы? – деди кошуна аял. Ал мунун тарыхын жакшы билчү. Мыктыбек ичип алганда аялынын багар-көрөөрү жок жетим экенин ар кимге жар салып айта берчү.
– Таекеме барам... Көчөдө калтырбас... – деди мурдун шуу тартып, – Эртең мененки автобус менен райборборго жетип алсам болот... Андан ары автобуска отурам... Шаарга барып иштеп, акчаңызды берип жиберем...



Жалпы маалымат:
Жаңы сериал даярдалып жатат жана
1-китеби - "Адашкан кыз" бүттү!
"Дубаланган тагдыр" 5 китептен турган сериал.
Толугу менен жазылсаң - 200 сом.
5 бонус китеп кошо аласың!

Азыр 1-китепке АКЦИЯ - 50 сомдон төлө
. Акция 5-февралга чейин.
30-январга чейин төлөгөндөргө
●► Бонус - Айгүл ШАРШЕНдин 46-китеби -
Тагдырдын оор жазмышы.
Бонус 30-январда берилет.

Дубаланган тагдырдын 1-китебин
5-февраль түнкү 12де аласыңар, буйруса.

Россия, Казакстандагылар
QIWI-кошелек менен
төмөнкү даректен төлөгүлө:

https://qiwi.me/6eed0bb0-a1c0-4d04-bad9-2ad556a95c6d

Билайн Кыргызстан соткасы барлар:
https://balance.kg/c/bb7e9988
дарегинен төлөсөңөр дайыма бонус берилет!
Мегаком менен О операторундагылар
0777329784 номуруна тийиштүү бирдик таштагыла.

Китеп төлөнгөндөн кийин
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Дубаланган тагдыр" китебине төлөдүм
деген кабар келет.
Төлөмдү +996777329784
номурга саласыңар



Квитанция же төлөгөн жерден маалымат
сөзсүз керек!




Эскертүү:
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!