Жалпы маалымат:
"Дубаланган тагдыр" сериалынын
2-китеби - "Эже-сиңди – эрталаш" бүттү!
"Дубаланган тагдыр" 5 китептен турган сериал.
Толугу менен жазылсаң - 200 сом.
5 бонус китеп кошо аласың!

Азыр 2-китепке АКЦИЯ - 50 сомдон төлө
. Акция 22-февралга чейин.
●► Бонус - Бердикожо БИЙНАЗАРОВдун 5 китеби -
Сериалга толук жазылгандарга ГАНА жиберилет.

"Дубаланган тагдырдын" 2-китеби
"Эже-сиңди – эрталаш"
22-февраль түнкү саат 12де жиберилет.

Билайн Кыргызстан соткасы барлар:
https://balance.kg/
менен

Мегакому барлар
https://www.megacom.kg/news/4144?locale=ru менен;

Ошкасы барлар http://dengi.kg менен

менин Билайн Кыргызстан
0777329784 номурума
тийиштүү бирдик таштагыла.

Россия, Казакстандагылар
QIWI-кошелек менен
төмөнкү даректен төлөгүлө:

https://qiwi.com/p/996777329784

Китеп төлөнгөндөн кийин
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Дубаланган тагдыр" китебине төлөдүм
деген кабар келет.
Төлөмдү +996777329784
номурга саласыңар, дагы бир эскертүү:



Квитанция же төлөгөн жерден маалымат
сөзсүз керек!




Эскертүү:
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Дубаланган тагдыр

сериалынан үзүндү

Эже-сиңди – эрталаш

1-бөлүм
Жаныбек ЖАНЫЗАК
“Дубаланган тагдыр” сериалы
Эже-сиңди – эрталаш
2-китеп
Эзели көрбөгөнгө борбор калаа Салкынайга учу-кыйырына көз жетпестей кенен сезилди. Автобекетке таңга маал келген автобустан түшүп, таңкы сыдырым абага ичиркенип, баштыгын бооруна көтөргөн бойдон эки жагын элеңдеп карап туруп калды. башка жүргүнчүлөрдүн биринин да кыз менен иши болбоду. Ар кимиси өз багытына агылып отурушуп, он беш мүнөт өтпөй, эч ким калбады. Айдоочу гана кайдыгер сурап койду.
-Ай кыз, сен кайда бармак элең?
Кайда барат чын эле? Кайда бараарын билсе ушинтип турат беле? Башка адамдарга окшоп качан эле жылуу үйгө чуркамак да. Көзү жашылдана башын чайкады.
-Билбейм...
Ал айдоочудан үмүт кылды. Куру дегенде жол көрсөтүп коебу деп. Чоочун жерге келип алып чоочун адамдан үмүт кылып турганына намыстана да түштү. Автобекеттин жан-жакасында шагыраган жаш балдар толуп турушкан. Ошолордон коркту.
-Билбесең эмне келесиң?! – деп бурк этти айдоочу, – Тээтиги жерге кир, отургучтар бар, жылуу дагы. Күн чыккыча отура турсаң анан жетип аласың барчу жериңе!
Ушинтти да чыйт түкүрүнө басып кетти. Кыз баштыгын көтөрүнүп, автобекеттин каалгасына жөнөдү. Топураган балдардын жанынан өтүп баратканда тийишишти.
-Ай чоң кыз, сиз жалгыз, биз да жалгыз. Бирге жаштыктын ширесинен шимирбейлиби, ыя?
-Ха-ха-ха... – теңтушу тим эле күлкүлүү сөз айткансып калгандары кыраан-каткыра күлүп калышты. Салкынай укпаган адамдай кадамын тездетип эшикке жетүүгө эки көзү төрт болду. Артынан балдар чуркап келип караңгы бурчка сүйрөп кетишчүдөй жүрөгү алкысына тыгылды. Кирип барса жарык, орундуктар коюлган, жылуу жайга туш болду да, биринчи турган орундукка эле күп этип отура кетти. Денесинин калчылдаганы кыйлада барып тарады.
Анан эмне кылаарын ойлоно баштады. Таң атып, көчөдө кыймыл башталаары менен балдар үйүнө барам деди. Ал шаарда бир гана балдар үйү бардай, аны эптеп таап барса эле сиңдилери алдынан тосуп чуркап чыга калышчудай сезди. Апасын издешти ойлогон да жок. Жүрөгүндө ага деген таарынычы толтура болчу. Таң да атты. Кыргыз тилдүү бирөө-жарымдан даректи сурайын деп кирген-чыккан адамдарды эси оой карайт. Кычашкансып, бир дагы өзү сыяктуу карапайым адамдар көрүнбөйт. Ошол убакта капталынан бирөө нукуду. Карай калып жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Түнү эшикте топурашып жүргөн балдарга окшогон ыржайып жагымсыз караган жигит экен.
-Баятан бери байкап отурам, шаарга биринчи келишиң окшойт э? – деди жыртаңдап. Көзү абдан эле жаман экен, ойноктоп, үстү-башын карап, Салкынайды кыялында эчак эле жылаңачтап койгондой түрү бар. Салкынай унчукпай ары бурулду. Ал кайра нукуду. Бул сапар катуу, кыйкырып жиберишине аз калды.
-Сиз кимсиз? Өз жолуңуз менен бара бериңиз да?! – деп бурк этти. Жигиттин жүзүнөн күлкү өчтү, өңү сурдана түштү.
-Эй, кыз, мага минтип ороңдоп сүйлөгөн болбойт! Билсең, мен ушул автобекетти кармайм! Кармайт деген эмне экенин билесиңби?!
Кыз башын чайкады.
-Ушул жердин чоңу менмин! Бул жердегилердин баары мага баш ийет! – деди сыймыктана. Салкынай ага ишенерин, же ишенбесин билбей элейе тиктеп калды.
-Ишенбей атасыңбы? Мейли, ишенбесең ишенбе. Бирок, бул жердеги орундуктар бекер эмес экенин билесиңби? Сен эки-үч сааттан бери отурасың, туурабы? Эки-үч саатта канча акча болуп кетерин эсептеп берейинби?
Салкынайдын чөнтөгүндө азганак гана суммадагы акча бар болчу. Жигиттин бул айтканы аны коркутту. Акчасын берип койсо, сиңдилерин кантип табат? Ачкалыкка го чыдайт, бирок муну бекер бир да автобус алып барбайт да.
-Мен туруп эле турам, – деп ордунан обдулду эле, жигит каруусунан капшыра кармады.
-Жылбай отур! Азыр турганың менен буга чейин отурдуң да. Ошонун акысын төлө да анан туруп тур. Автобекеттин ичинде эмес, сыртында. Ичинде турган да бекер эмес, туура ал бирок отурганга караганда арзан.
Кыздын даана жүрөгү түштү. Көзүн ачып-жумуп, кирпигин бардап бакырып ыйлап жиберчүдөй акыбалга келди. Анын коркконун байкаган жигиттин кычуусу кана, дагы-дагы коркутуп, анан максатына жетүүнү пландады. Айылдан жаңы гана келген кыздын ишенчээктигинен болушунча пайдаланууга өттү.
-Менде он сом эле бар, – деди кыз титиреп, акчасын бир аз азайта айтып.
-Келе бер! Мейли, карындашымдай кыз экенсиң калганын кечип эле коеюн, – деди олуттуу кабагын бүркөй. Салкынай чөнтөгүнөн он сомду алып чыгып жигитке сунду. А көзү жалдырап акчада. Ушул акча менен сиңдилерин табууга болгон үмүтү да колунан кошо чыгып бараткансыды. Эми кайра кетээрге да акчам жок деп улутунду.
-Кимге келдиң эле? Кайда барышың керек? – деди жигит акчаны чөнтөгүнө шашпай салгандан кийин, анан өмүрү жуулбагандай капкара болуп калган колун сунду, – Менин атым Калый. Сеникичи?
Кыз анын колун карап, колун бергиси келбеди. Калп эле көрмөксөнгө салып шыпты тиктеп, акырын жооп кайтарды.
-Менби? Мен эжемдикине. Ал азыр келет. Күтүп алам деген. Мен аны сыртта күтөйүн, – деп баштыгын көтөргөн бойдон ордунан турду. Жигит аны карап, шашпа деп кекенип алды.
-Мейли, мейли, сыртта күт, – деди мазактагансып шылдыңдай карап. Салкынай атып эле сыртка чыкты. Көчөгө кыймыл кирип калыптыр. Эми сапарын улай берсе болот. Эки жагын кылчактай карап, туруп калды. Ошол учурда жанагы жигит дагы жанында пайда болду.
-Сен дагы эле кетелексиңби? Кайда барасың, айт, таап берейин.
Айласы кеткендиктен, андан сураганга туура келди.
-Балдар үйүнө. Кайсы автобус барат айтып коесузбу?
-Балдар үйүнө?! – жигит кашын өйдө көтөрүп, таңыркай карады, – Сен балдар үйүнөн болосуңбу?
Салкынай жооп кайтарбады, башын ылдый салып жер тиктеди. Жигит кубанганынан алаканын ышкылап алды. “Балдар үйүнөн качып чыккан бирөө окшойт. Эки жакта тентип жүрүп, анан кайра барууну чечти окшойт да. Жакындары жок, демек, мен каалагандай болот”, – деп ойлоду.
-Жүр, мен сени жеткирип коеюн, – деди да, ары жакта турган балдарга ышкырды. Алар жалт карады эле, “такси керек”, – деп кыйкырды мунусу. Бири башын ийкей коюп, токтоп турган машинени от алдырып, бери келди.
-Кел отур, – деди Калый машиненин эшигин ачып, – Билесиң, шаарда анча-мынча адам такси менен жүрө албайт. А мен сени такси менен гана жеткирем. Заматта көздөгөн жериңде болуп каласың.
Салкынайдын жүрөгү жамандыкты сезди. Баш тартайын деп, оозун камдагыча болбой, жигит аны күү менен эле машинеге отургуза салды.
-Отура бербейсиңби эми! Деги бир кепке келбеген кыялы терс кыз экенсиң да! Менин да сендей карындашым бар, азыр сени көрүп карындашымды эстедим. Элестетсең, ал дагы сендей болуп тааныбаган шаарда жалгыз калса кандай болот эле? Ага мага окшоп бир жигит жардам берсе анын бутун өпмөкмүн билсең!
Кыздын жүрөгү бир аз ордуна келгенсиди. Карындашын ойлоп жатса, демек жамандык кылбастыр. Машине ордунан козголуп, шаар аралап жөнөдү. Бир канча убакыттан кийин шаардан чыгышты. Тоолорду беттеп кете беришти. Бул арада жигиттен үн чыккан жок. Айдоочу экөө гана өз ара жайбаракат кеп учугун козгошкондору болушпаса, кызга көңүл бурушпады. Шаардан чыккандан кийин кыздын баягы коркунучу кайтып келди.
-Кайда баратабыз? Балдар үйүнө дебедим беле? – деп айтууга чамасы жетти. Калый бери бурулду.
-Сен балдар үйүндө жашачу белең?
-Жок! – деп кыз чоочуп кетти, – Ал жакта менин эки сиңдим бар. Ошолорго баратам.
-Аа. Мурда барып жүргөнсүңбү?
-Жок...
-Анда чыйпылыктай бербей жөн отур да. Биз балдар үйүнө баратабыз. Балдар үйү шаардын сыртында, тоого жакын жерде. Балдар таза абада өсүш керек да.
Салкынайдын көңүлү ордуна келип, унчукпай, терезени тиктеп отуруп калды. Машине бир кезде ээн жерге токтоду. Шар аккан суу, жанында дарактар, машине жүргөн жолдон кыйла алыс. Ары жакта болсо тоо.
-Түш эми, келдик! – деп ырсаңдады жигит. Салкынай орундукка чап жабышты. Аны жүрөгү сезди.
-Түшпөйм! Мени кайра артка жеткирип койгула! – деди ызылдап.
-Жеткирип койгудай менчик таксиң белек биз! Ээ, бир кепти укпаган кыз экенсиң да, түш дегенде түшө берсеңчи?! – эшикти ачып, колунан катуу силкти эле, эшикте боло калды. Титиреп ыйлап жиберди.
-Байкелер, мага тийбегиле! Мени кое бергиле, байкелер! Суранам! – көз жашы он талаа болуп буркурап ыйлап жатты. Азыр алардын алдында чөгөлөп отурууга да даяр эле.
-Ха-ха-ха, – деп каткырышты жигиттер, – Коркпо, кое беребиз. Кое бербегенде байлап жемек белек. Азыр тээ тиги дарактардын арасына биринчи мени менен, андан кийин бул жигит менен кезектешип кирип чыгасың, анан болду, төрт тарабың кыбыла. Каалаган жагыңа кете бер, – деди Калый айдоочу баланы көрсөтүп. Өлгөнүм ушул экен деген ой мээсине чак этти кыздын. Ушинтип шермендем чыгып, ит болгуча, Саматка тийсем тийе бербейт белем деген өкүнүч да көкүрөгүн жеди. Тырмышып-тырышканы менен бул экөөнө алы жетпесин билди. Андан көрө дарыяга түшүп кетейин, өлгөнүм жакшы деп да ойлоду. Жигиттер аны көздөй басышканда, ээн жер болсо да “Жардамга!” – деп бар күчү менен бакырып, сууну көздөй чуркады. Алар артынан кубалашты. Дарыянын боюна бир аттам гана калган эле.
-Эй, токтогула! – деген эркектин үнү угулду арт жактан. Үн менен кошо дүпүрөгөн дабыш чыгып, эки жигит эки жакка учуп кеткендей болду. Буту сууга тийип, бут кийимин көмө тургандай жерге жеткенде гана кыз артына кайрылды. Эки бейтааныш эркек эки жигитти сабап жатышыптыр.
-Кантип колуңа барды ыя?! Эркексиңби, же аялсыңбы?! – деген бирөө ызырынып, Калыйдын үстүнө отуруп алып былчылдатып жаткан экен. Ал колу менен башын калкалаган бойдон үн-сүзү жок оонап жатат жерде.
Анан киши тигини жийиркеничтүү карап, ордунан турду да буту менен түртүп салды. Анан дарыяга келип колун жууду. Ошондо гана титиреп, суу жээгинде турган кызды көргөнсүп, мээримдүү жумшак үнү менен кайрылды.
-Коркпо, карындашым, баары артта калды. Эми сени эч ким капалантпайт.
-Мени карындашым деп айтпаңыз?! –деди Салкынай дир-дир этип.
-Эмнеге? – кишинин кабагы көтөрүлө түштү.
-Тиги дагы мени карындашым деген. Карындашым десе ишенип алыптырмын. Мени эми эч убакта карындашым деген эркектерге жакындабайм! – деп буркурап ыйлап жиберди. Киши жанына басып келип, ийинен назик кармап, жээкке жетеледи.
-Баары жакшы болот, баары жакшы болот, – деп жаттап алгандай кайталады.
-Алим, жакшыбы? – деп үн салды буларды тиктеп турган экинчи киши. Ал далдайган, бетин сакал-мурут каптаган кара киши экен. Аны көрүп кыз чоочуп кетти.
-Чоочуба, сыртынан аюудай көрүнгөнү менен жакшы киши, – деп Алим кызга карап жылмайып койду.
-Рустам, сен бара бер. Мен бул кызды үйүнө жеткирип коем, – деп тиги киши менен кол алышып коштошуп, анан Салкынайды машинесине отургузду. Мындай кооз машинени кыз жада калса кинодон да көрө элек эле. Эки жагын сонуркай карап, эмелеки коркунучун да унутуп койду.
-Кана, айтчы, эми, кайда бараткансың, бул бейбаштардын колуна кантип түшүп жүрөсүң? – деген Алим күзгүнү арт жакта отурган кыз көрүнүп тургандай тууралап койду.
Бышактап атып Салкынай ага айтып берди. Айдар менен Саматты айтпады, а бирок сиңдилерин издеп келгенин жашырбады. Апасы жөнүндө да көп ачыла бербеди.
-Сиңдилериң балдар үйүндө болсо, апаң кайда? – деп сурады.
-Эме... ммм... ал оорукчан! – дей салды мээсине келе калган ойго кубанып.
-Сиңдилерин издеп келген жакшы кыз турбайсыңбы? Кайсы балдар үйүндө экенин билесиңби?
-Шаарда бир эле балдар үйү бар да? Ошондо! – деди Салкынай ишенимдүү.
-Антип сага ким айтты? Тилекке каршы, балдар үйү көп, – Алим үшкүрүнүп койду. Кыздын даректи билбешин сезип, жооткотконго шашылды.
-Мейли, азыр меникине барасың. Сен коркпо, аялым, жаңы төрөлгөн уулум бар. Үйдө уктап, өзүңө келип, курсаыңды тойгузасың, анан эртең менен экөөбүз шаардагы балдар үйүнүн баарына барып сиңдилериңди издейбиз, мейлиби?
Салкынай макул болду. Алар шаар ортосундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине келишти. Тар, караңгы подьезддеги кир тепкичтерден көтөрүлүшүп, эң жогорку кабатка чыгышты. Эшикти жаш, жүдөө келин ачты. Ал Салкынайды көрүп, таң калып тиктеп калды эле, Алим түшүндүрдү.
-Бул карындашым бүгүн бизде конокто болот. Карындашым дегенимди кечир, – деди анан эстей калып кызга жылмая карап, – Андан башка эмне деп аташымды да билбей жатам. Эртең менен жеткирип коем, – кайра аялына кайрылды. Ал кыздын үстү-башын сыдыра тиктеди. Арык, чыканактай эле болгон кичинекей, аялдын шааниси турмак, белгиси да жок кадимки наристе. Кийими жупуну, эрди кеберсип, көзү алайып, ачкасынан жыгылчудай болуп турат. Келин табиятынан кең пейил болчу. Анча-мынча нерсеге ичи тарый бербеген, жокту жоктой көтөрүп, барга бардай мамиле жасаган жакшы сапаты бар.
-Кире гой, – деди жумшак. Ал деле Салкынайдан ашып кетсе төрт-беш жашка улуудур. Салкынай жуунуп чыккыча, ашканага стол даярдап коюптур. Эки адамдан ашык батпачудай болгон, көчүк айланбаган тар бөлмө. Дасторкон да жупуну, газдын үстүнө бышырылган калама нан, бирин-экин чүчпарасы бар суюк шылдыраган эле сорпо аты бар суу.
-Отур, – деди келин дасторкондун жупунулугунан уялгансып башын көтөрбөй, – Пайгамбар барына ыраазы дейт. Аз да болсо көптөй көр эми.
А Салкынайга ушул да чоң олжо сезилип турган. Заматта тамактанып бүттү. Ачка болуп калганга тамак дүйнөдөгү эң даамдуу тамактай сезилди. Келин аны карап жылмайып койду.
-Мынча ачка болуп деги кайдан келетасың? – деди.
-Алим байке айтып берет, – деди башын жерге салып, өзү азыр болуп өткөн окуяны эстегиси да келбей жаткан. Келин анын акыбалын түшүндү. Мейли дегенсип башын ийкеп кепти жаңыртпады.
-Жүрү мен сага уктаганга жай даярдап берейин. Үйүбүз тар, бирок бир бурчтан бир кишилик орун табылаттыр, – деди күлүп. Залга киришти. Тар бөлмөнүн бир капталында жарымы айнек текчелүү, жарымы кийим салынчудай жабык эшиктүү гарнитур ээлептир. Бир жагында жыйма диван, дагы бир тарабында стол, стулдарга жанаштыра коюлган телевизор. Эмеректерден кийин ортодо калган боштук дээрлик жоктой. Төрдө балкондун эшиги көрүндү.
-Сага балконго эле салып берейин э? Биз Алим экөөбүз кышы-жайы дебей балкондо уктайбыз. Бала төрөлгөндөн бери эле мен бөлмөгө кирип калдым. Бул жакта кайненем менен кайынсиңдим да бар, азыр алар келишсе телевизор көрүп, сүйлөшүп, сени уктатышпайт, – деп күбүрөнүп, балконго калың төшөк салып берди. Үйдүн жупунулугун, тардыгын көрүп Салкынай өзүнчө таң калып койду. Мингени элде жок машине, жашаган үйү ушулбу деген сыяктуу ой кетти окшойт.

Ххх
Алим шаарда өсүп-чоңойгон бала. Айылдын турмушун билмек тургай, козу-койду тирүү мектепти бүтөөр жылы гана көргөн. Жалгыз карындашы бар, атасы ал мектепти аяктаар жылы каза болуп калган. Бул үй-бүлө да жокчулукту болушунча көрүштү. Атасы каза тапкандан кийин эки балалуу жесирге ата жактан да, апа жактан да эч бир тууган кайрылышпады. Жетим киндигин өзү кесет болуп, тырышып жүрүп жашоосун улантып кеткенсиди. Алгач темир жолдун боюна барып, флягды ары жакка бекитип коюп, анан улам бөтөлкөгө аз-аздан куюп, үстүнө суу кошуп, коюнуна катып келип арак сатты. Элден көргөнүн жасады да. Энесинин айлыгы айдан айга жетпей, ар айдын жыйырмасынан кийин тыйын да эсептелүү болуп калгандыктан, жардам бериш керек болду. Анан тааныштарды тапты. Жаман жолдо жүргөн балдардын чөйрөсүнө да кошулуусуна аз калды. Өз убагында акылынын жетиктиги менен гана бутун сууруп чыгып кетти. Ошентип жүргөндө кайра куруу башталды. Бир тыйынын эки кылганга үлгүрүп калган убагы болчу. Рустам досу бир күнү сүйлөшүүгө тоо түбүнө чакырды. Биринчи жолу бизнес боюнча сүйлөшүүлөрүн тоо түбүнөн баштаган эки дос ошону менен муну адатка айлантып алышты.
-Алим, чет өлкөгө темир жөнөтүшүбүз керек, – деди ал аптыгып, – Абдан көп акча болот. Мен ишенимдүү, түз булак таптым. Темир чогултуп эле жөнөтө беребиз. Ашып кетсе эки жылда жомоктогудай байып чыга келебиз.
-Темирди кайдан табабыз? – Алим таң кала тиктеди.
-Көчөдө, таштандыларда эмне көп, темир көп. Узун, кыска, калың, жука, кыйшык, түз – иши кылса темир аттуу болсо болду. Биринчи өзүбүз чогултушубуз керек. Эч кимге билдирбей. Кокус темир жүгүртүү акчалуу болоорун билип калышса, экөөбүзгө толтура атаандаштар пайда болот. А биздин кирешебиз азаят. Анын үстүнө бирөөлөргө темир чогулттурсак, алардын да акысын төлөш керек. А биздин азырынча бирөөлөргө акча төлөй турган дараметибиз жок, – деди Рустам. Анын улуту бөлөк, бирок Алим экөө темир жолдун жанында арак сатып жүрүшкөндө таанышып калышып, ошондон бери мыкты досторго айланышты.
Экөө темир чогулта башташты. Акчанын кыныгын алышкандан кийин таштанды аралап, жагымсыз жыттарды жыттаганга да кайыл болушту. Барбаган жерлери калбады. Колдору тилинип, соо жери жок болуп, кечинде буттарын тарта албай үйлөрүнө келгенде самындап жуушкандан кийин жарым саат алакандарында от күйүп жаткандай болчу. Алим жокчулуктун сазынан суурулуп чыгууга болгон каалоосу күч эле, эч нерсеге карабай, бош-оту менен кирип иштеп жүрдү. Шаардын орто ченинде үй бөлмө үйлөрү бар эле. Ата-энеси өмүр бою заводдо иштегендиктен, атасы башкы инженер болуп үч бөлмө үй алышкан мамлекеттен. Апасы менен карындашын бага баштаган Алимге туугандары таң калып жатышты.
-Мектепти эптеп үчкө бүттү эле, жогорку турмак, орто окуу жайга да тапшыра албады. Башканы ойлосом да ушуну адам болот деп ойлогон эмес элем, – деген сөздөр ар туугандарынын оозунан чыгып жатты.
Алим чын эле мектепти начар окуган. Жума сайын линейкада ортого чыгып, башын жерге салып турганга көнүп да бүткөн. Онунчу классты мугалимдердин аны көрөөргө көзү калбай калганы үчүн гана аяктады. Эртерээк башына билимдин бир учугу да кирбеген окуучуга атестат берип жоготуштун айласын кылышты да. Мектепти аяктагандан кийин андан ары билимин улантууну ойлонуп да койгон жок. Апасы да эч нерсе дебеди. Ал баласынын дараметин жакшы билет эмеспи. Эми болсо минтип чөнтөгүнөн акча үзүлбөй, акырындык менен бутуна туруп келатат.
Бир камаз толтуруп темир жүктөшүп, чет өлкөгө алып барып келишти. Ал түн ортосунда үйүнө кирди. Асынма баштык көтөрүп алган. Көзү кубанычтан жалжылдайт. Апасы эшикти ачты, ал баласы чет өлкөгө кеткенден бери түн уйкусун көрө элек. Кандай чарчаса да көзү чакчайып ачылып, санаага батып, катуу кыйналды. Азыр эшиктин коңгуроосу басылганда да төшөгүндө ойгоо жаткан. Учуп эле эшикке жетти. Баласын көрүп басып жыгылды.
-Садага кетейиним, алдыңа кетейиним. Аман-эсен келдиңби? Тынч алып отура албай койбодумбу? – деп эле баласынын бетинен өөп кирди. Жаркын баласы мектепте начар окуганда да катуу айткан эмес. Ал дайыма күндөлүгүнө кызыл-ала экини толтуруп жетип келгенде да баласына болгон ишеними бекем болчу. Ушул жаман баласы эрезеге жетсе мыкты адам болооруна бөркүндөй ишенчү. Ошондуктан, кандай иш баштаса, эмнени ойлонсо эки колдоп колдоого алып, ар дайыма алдыга сүрөп, шык берип келди. Темир чогултуп баштаганда да баласынын колунан келээрин кайра-кайра кайталаган. Жүрөгү ооруп, белгисиздиктен коркуп жатса да уулуну сыр берген эмес. Азыр гана сырын ачып алды.
-Мен сизге айтпадым беле? Апа, мен токсонго чыгам, ага дейре бактылуу, эркин жашоодо жашайм деп. Ойлоно берет экенсиз да, – деди күлүп апасынын бетинен өөп.
-Ата-бабабыз тааныбаган элге кетсең, анан...
-Ой, апа, ата-бабабыз тааныбаган элди эми биз акырындык менен таанып, ал турмак камыр-жумур болуп аралашабыз да. Ата-бабабыз тааныган эмес деп эле тааныбай жүрө бермек белек.
Анан асынган баштыгын жерге койду да, ошол жерден эле сыдырмасын ачып жиберди. Эненин көз алдында таңгакталган кагаз акчалар жайнады. Кубанып да, коркуп да кетти.
-Кокуй, жап! Эч ким көрбөсүн, – деп эки жагын элеңдей карады.
-Эки жагыбызда эч ким жок, апа, каранбай эле коюңуз, – Алимдин көңүлү абдан ачык эле, каткырды. Анын каткырыгынан карындашы Жибек да көзүн ушалай туруп келди. Ал мектепте окучу.
-Алим байке, келдиңизби? Мына, апа, көрдүңүзбү, баары жакшы болду, а сиз ойлоносуз эле, ойлоносуз, – деп байкесинин моюнуна асылды. Алим карындашын бөтөнчө жакшы көрчү. Жаш аралыктары алыс болуп, бул эсине кирип калганда, апасына “мага бөбөк керек, бардык балдардын бөбөктөрү бар, мен эле жалгыз жүрө беремби”, – деп далай таарынгандан кийин төрөлгөндөн уламбы, жаны менен бир. Энеси агасы менен карындашынын мамилесине ичи элжирей карап турду.
-Баары кандай жакшы болгонун көрсөтөйүнбү? Көзүңдү жум, ии эми ач, – деди Алим баштыктын оозун кайра аңырайта ачып.
-Айиий, -Жибек таң кала тиктеди, – Байке, ыя байке, сен эмне банк ачасыңбы?
-Буйруса банк да ачам. Анын да убагы келет. А азырынча сага толтура кийим алып берем. Кийим гана эмес, каалаганыңды, – деди делбирей. Жаркын алардын кебин бөлдү.
-Астанада туруп алып божураша бербей, жүргүлө ашканага кирели. Алим, баштыгыңды ала кел. Жол жүрүп, чарчадың, ысык чай ич.
-Апа, чарчабаганым да билинбей турат, бүгүн такыр тамактанбадым, бирок эч ачка болбой эле өзүмчө эле бир башкача болуп жатам. Мына бул баштыктагылардын деми го э? – деп күлгөн Алим баштыгын көтөрүп, ашканага кирди. Жаркын газга чай койду. Анан акчаны карап телмирип ойго батты. Ага менен карындаш ар нерсени айтып, таттуу кыялдарга чөмүлүп жатышат.
-Алим, Жибек, мени карагыла, – деди Жаркын бир кезде олуттуу үн катып. Экөө тең апасын тиктешти.
-Балам, бул акчаң ургаачы, акжолтой болсун. Ылайым, дайыма ушундай байлык артыңдан ээрчисин. Бириң эки, экиң төрт, төртүң онго жетсин, – деп батасын берди. Алим башын ийкеңдетип, угуп отурду.
-Анан, балам, бул байлыктын дагы бир нерсеси барын билчү элем. Акча көбөйгөн сайын кээ бир адамдардын мээрими кетет. Мен сенден бир гана нерсени суранам, ушуну оң кулагыңа да, сол кулагыңа да түйүп ал. Карындашыңды, Жибектин көңүлүн эч убакта калтырба.
-Апа, албетте, эмнени айтып жатасыз? Жибекти жакшы көрөөрүмдү билесиз го, – уулу чычалагансып кетти. Аны токто дегенсип колу менен белги берди да кебин уланта берди.
-Байлык адамды башкача кылат, балам. Мен азыр сенин бай-мүлктүү жашооң башталганын сезип турам. Буйруса, бул өмүрүңдүн акырына чейин коштойт. Уул үйлөп, кыз берип, неберелериңдин чоңойгонун көргөн бактылуу карылык насип кылсын сага. Ушул жалгыз карындашыңдын көз жашын төктүрбө, бир да байлыкты мындан өйдө көрбө. Сенин эң чоң байлыгың мына ушул кыз, – деди энеси.
Алим атасынын катуу оорудан көз жумуп бараткан кезин эстеди. Ал дагы тарымышы көрүнүп, жедеп арыктаган колу менен уулунун билегине чап жабышып, энеси менен карындашын табыштаган.
-Алим, уулум, мен сага ишенем. Энең менен карындаңды кор кылбайсың. Мен сага ушуларды аманат кылып тапшырдым. Карындашыңды, энеңди баркта, сыйла, тамчы көз жашын агызба, – деген көзү тим эле ыйлап жиберчүдөй жалооруй карап. Эми болсо Жибекти ага энеси табыштап жатат. Алимдин коркконунан өңү бозоро түштү. Апасы анын коркунучун сезгендей кебин оңдоду.
-Мен өлөм деп кызымды сага табыштап жаткан жокмун. Эртең, үй-бүлөөлүү болгонуңдан кийин кызым мага байкем мага мындай мамиле кылды деп ыйлап келип жүрөгүмдү оорутпасын. Бул кыздын сенден башка ишенгени жок. Ага ордуна агасың, ата ордуна атасың. Керек болсо аялыңдан, балдарыңдан да өйдө көрүшүң керек! – деди Жаркын. Алим шашкалактай апасынын алдына чөгөлөп отура калды.
-Апа, сөз берем, атамдын арбагынын алдында убада берем. Жибекти, сизди эч убакта эч нерсеге алмаштырбайм. Жибек менин жалгыз бир боорум. Ага тилим турмак, көзүм да тийбейт. Мен аны алаканыма салып өмүр бою бапестейм!
Алим машинени жакшы көрчү. Кенедей кезинен жалаң гана оюнчук машинелер менен ойноп, чоңойгондон кийин көчөдөн машинелерди узата карап, көзү жайнап кетээрин Жаркын далай байкаган. Буларда дегеле машине аттуу болгон эме. Балдарын таксиге салчудай деле чама-чарктары жок болчу. Жалаң автобустун үстүндө жүргөн уулунун машинеге ынтаалыгын көрүп кээде уулунун эңсегинин алып бере албаганына өзүн күнөөлүү сезчү. Ошону эстеп Жаркын эртеси уулуна кеңеш берди.
-Алим, машине эле алып алсаңчы. Азыр бизге деле чет элдик бир башкача машинелер келе баштаптыр го. Ошондойдон алып карындашың экөөбүздү шаар кыдыртпайсыңбы? – деди тамашалай. Алим апасын таң кала карады.
-Апа, машинеге таап келгенимдин баары кетет го. А бизге башкага да акча керек эмеспи.
-Башкага керек эмес. Менин айлыгым тамак-ашка жетет, азырынча үйдү ремонт кылбайбыз, эмеректер колдонууга мүмкүн, жаңысын алуу деле шашылыш эмес. Азыр бизге бир гана машине керек.
Үй-бүлөлүк кеңеште ушинтип чечилди. Машине алуулары керек. Алимдин кубанганын айтпа. Тааныштарынан сураштырып отуруп, азыр минип жүргөн чыкчыйган машинени сатып алды. Ошол машине менен Салкынайды үйүнө алып келди да. Анан кайра темир чогултууга киришти.

(Уландысы бар)