Датка Айымдын
"Кан даамданган бакыт"
китебинин
электрон вариантын
100 бирдикке сатам!



"Алам!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Кан даамданган бакытты алам!"
деген кабар келет.
Бирдикти
+996777329784

номурга саласыңар




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!



Датка АЙЫМ

Кан даамданган бакыт

1-бөлүм
Сыртта Декабрь болгону менен күн жылуу болчу. Москва дарыясын бойлоп жалгыз бараткан жаш аял өзүнчө жылмайып алды. Сырттан караган адамга ал жылмаю канчалык ажарлуу көрүнбөсүн, анын ичинде кандайдыр бир кайгы, ыза, бактысыздык, бар эле. Ал бир аз муздаган колдорун чөнтөгүнө салып суунун агымына көпкө карап турду. Көпүрөнүн үстүндө тургандыктан муздак шамал чачтарын назик уйпалап, жүзүнөн сылагансыды. Ары бери өткөн адамдар " бул эмне турат болду экен" дегенсип уурдана карашат.
Көпүрөдө турган сулуу аял Милана болчу. Жашы жыйырма жетиде. Бирок жаштыгына карабай жашоонун өйдө – ылдыйын көп көрүп, кээде баарынан көңүлү калганда ушинтип жалгыз басып жүргөндү жактырат. Ал бийиктен Москва шаарынын кооздугуна суктана карады. Бул шаар аны өз кызындай тосуп алып, бооруна катып, бүт берекесин аябай бергендей сезилеер эле. Кайда барса да айланасында жалаң гана боорукер, мээримдүү жакшы адамдар. Бир эле нерсе болбосо, бул шаардан кеткиси жок. Жүрөк өйгөн ал нерсе эки кичинекей уул кызынын жанында жоктугу. Аларды эстеп бир аз сууз боло түштү. Москвада түш ооп, саат бешке карап калганын көрүп, " балдарым кечки тамактан кийин төшөктө жатып алып бири бири менен кичинекей күчүктөй кыткылыкташа ойноп жатса керек" деп ойлоп койду. Чөнтөгүнөн шыңгыраган телефондун үнү анын баардык оюн сапырып салды. Экранга бир саамга карап унчукпай туруп калды. Кайрадан телефондун үнүн өчүрүп чөнтөгүнө салып, шашыла көпүрөдөн түшүп батыш тарапка басып баратты. Күтүүсүздөн аккан көз жаштар жүзүн жууп, кирпигине коюлган тушту кошо ээритип, кара көгүш түстө акты. Ал эки колу менен жүзүн аарчып, сумкасынан күзгүнү алып чыкты. Көзү ачылбай ачышып кеткендиктен бир топко кайра-кайра ирмеп, ак кебез менен тазалап аарчып койду. Күзгүдөн көздөрү жанып ажарлуу болуп көрүндү. Эч кимге көрсөтпөгөн кайгылуу күлкүсү менен күлүп койду. Кокусунан телефонун колуна алып, коңгуроо кылган адам дагы деле чалып жатканын көрдү. Ал анын күйөөсү болчу. Үнүн акырын чыгарып жооп берди.
– Эмнеге телефонду албайсың? Бирөөнүн кучагынан эми гана бошонуп чыксаң керек? Же ал адам жуунганы кеттиби?
Күйөөсүнүн бир аз каардуу, кекеткен, ызалуу үнү угулду. Милана демин ичке катып туруп калды. Көкүрөгүнөн чыккан оор бир нерсе тамагына келип такалды. Деми кысыла түштү.
– Жооп бер деп жатам эмнеге телефонду албадың? Ушундай болдубу?
Телефондун ары жагындагы үн андан да катуу чыкты.
– Барчы ары!
Ал телефонун өчүрүп салды. Чөнтөгүнө да салбастан сумкасынын ички чөнтөгүнө катып, тез тез басып башы ооган тарапка баратты. Бул жолу көчөдөгү жолоочулардан көз жашын жашырган жок. Жол бою ыйлап баратты. Качан гана метронун станциясына жете бергенде элдерден тартынып, бир четте туруп жүзүн дагы бир жолу тазалады. Бутундагы бийик такалуу өтүгү менен такылдап басып тепкичтен ылдый түшүп жердин астына кирип кетти.
Колундагы саатына бир карап алып телефонун алып чыкты. Кайгылуу бир музыканы коюп наушникти кулагына такты. Ал түшкөн вагондо көбү эле бизнесмен же кайсы бир кеңселерде иштеген эркектер экен. Тыгын болгондуктан ошолордун арасында турду. Оң ийинине жабышып турган кырк беш жаштардагы узун бойлуу мырза экөө тиктеше калды. Милана уурусу кармалган адамдай көзүн ала качты. Жүрөгү бир башкача шуулдап, жанындагы мырзанын атыры мурдуна келди. Түшүнүксүз оор сезимди көтөрө албай ичинен онтоп алды. Эки- үч станция өткөнгө чейин алар жанаша баратышты. Милана көзүнүн кыйыгы менен анын карап жатканын сезди. Бирок "ал орус да... " дегенсип көңүл бурган жок. Же ичинен өкүнүп турду. Керектүү станцияга жеткенде жанындагы мырза колунан кармап калчуудай шашып түшүп кетти. "Шуулдап жүргөн узун вагондор күнүнө канча адамды табыштырып, канча адамды ажыратат болду экен" деп ойлоп койду.
Сыртка чыкканда шаардын фонарлары жанып эчаак эле караңгы каптаптыр. Ары бери өткөн элдердин арасынын суурулуп чыгып, катар – катар тизилген таксилер тараптагы жолду карай басты. Жашыл жанган светофордон шашыла басып жолдун берки өйүзүнө өттү. Узун жол менен бир аз басып, оң тараптагы дүкөндүн жер төлөсүнө кирип кетти. Ал бул жерге келген себеби бар эле. Өзүнөн он жаш улуу түшүнүктүү, карапайым, ак көңүл тигүүчү келин менен эже – курбу болуп мамиледе.
Милана кирип барганда Клара аны байкаган жок. Столдо турган лампанын жарыгында башын жерге салып бир нерсе кылып жатты.
– Тук, тук!.
Милананын жол бою тартып келе жаткан кайгысы кайдадыр тарап, көңүлү ачыла түштү. Же күч менен жылмайганга аракет жасады
Клара башын көтөрүп бир саамга карап туруп, ордунан шашыла туруп кучакташа саламдашты
– Сен да тирүү экенсиң ааа?.
Көргөн көзүнө ишенбегендей карап алды.
– Кыялдар менен болуп жатып эч нерсе албаптырмын. Мен дүкөнгө барып келе калайын...
– Жоок, керек эмес. Мен үйдөн тамак жасап келгем. Боорсок бар. Бүгүн заказ көп. Түнгө чейин калам деп ойлогом. Жакшы болбодубу, бир аз жанымда караан болосуң.
Клара ар дайымкыдай жадырап жайнап чайнекке суу толтуруп баштады. Милана үстүндөгү курткасын чечип илип, отургучка отурду. Бирден жүзүн жаап жаш балача өңгүрөп ыйлап жиберди.
– Мен башка чыдай албайм! Эмне үчүн? Эмне үчүн мага бакыт буюрган эмес? Эмне үчүн мен ар дайым бакыттын маскасын кийип жүрүшүм керек! Анын даамынан, жытынан көңүлүм айнып баштады. Жасалма күлкүдөн жаактарым ооруп кетти. Масканын ичинде аба жетпей баратат... !
Клара анын жанына келип желкесинен кармады. Бирок ыйлап бошонуп алсын дегендей соороткон жок.
– Болду ажырашам!
Бирден Милананын үнү өкүм угулду. Көз жашын аарчып, ыйлабаган адамдай Кларанын жүзүнө тик карады.
– Мен баарынан чарчадым...
Кайра шыбырап сүйлөдү.
– Эмнеге? Жолдошуң жакшы. Ашыкча баспайт. Сенин айтканың менен болот. Кол көтөрбөйт. Сөкпөйт. Дагы эмне керек сага?
Клара андан улуу жашоо көргөн адам болгондуктан токтоо сүйлөдү.
– Мына мен деле чыдап жүрөм го? Миллиондогон аялдар чыдайт. Балдар үчүн чыдайбыз. Бактылуумун, жыргап жашап жатам деген аялды көрсөтчү мага? ! Аялдар күндө эле ушинтип көз жаш төгө берсе, дүйнө жүзүн сел каптайт го?. Балким чарчагандырсың... Бир аз эс ал. Бирок ажырашуу тууралуу ойлонбо! Эки балаң бар!. Жолдошуң жакшы адам.
– Сиз кайдан билесиз? Сиз мени менен жашап көрдүңүзбү? Сиз мен чеккен азаптын жарымын тарттыңызбы? Менин жан дүйнөмдөгү оор таштын бир четин болсо да көтөрүштүңүзбү?
Милана ызалуу сүйлөдү.
– Жашоо ушундай экен. Аялдар алсызбыз. Балдар үчүн чыдабаска арга жок. Мен дагы сен курагымда кинодогудай, же китептегидей сүйүүнү, башкача үй бүлөөнү каалайт элем. Жездеңе ызаланып далай жолу уруш чыгаргам. Бирок убакыт өткөн сайын түшүнөт экенсиң. Китеп менен кино жөн гана адамзатты убактылуу күнүмдүк көр турмуштан куткарып, кыялдар аркылуу бир аз болсо да бактылуу кыла ала турган нерселер туура. Менин көзүмчө канча аялдар менен жүрдү, урду, сөктү. Мен баарына чыдадым. Дагы деле чыдаймын. Болгону жашың өткөн сайын өзүңдү аял сезбей калат экенсиң...
Клара чайнектеги чайды демдеп жатып сууз сүйлөдү.
– Элестетсеңиз, эгер башында эле ажырашып кеткениңизде мынчалык өкүнбөйт элеңиз. Сиздин көздөрүңүздөгү өкүнүчтү, жан дүйнөңүздөгү ооруну көрүп, сезип турам го... ?
– Билесиңби? ... Биринчисин кармаганга аракет кылыш керек экен... Бул менин экинчи турмушум, эки турмуштан эки балам болгондуктан, басып кете албадым. Азыр сен жакшысын табам деп ойлоп жатасың, бирок экинчи турмуштан балалуу болуп, азыркы балдарың өгөйдүн колунда азап жегенде көрөсүң. Жүрөгүң экиге бөлүнүп өзөк өрттөгөн өкүнүч күн сайын жей берет. Ошондуктан кыйналсаң да жаша. Өгөй атаны билем. Мен экинчи турмушума бир кызым менен барганмын. Эки жарым жаштагы кызга кол көтөрүп, жеген тамагынан бери аяп, мен үйдө болбой калсам көчөгө чыгарып, же бурчка тургузуп койчу. Жадакалса өз баламды үйгө киргизе албай күйпөлөңдөп жалынган күндөрүм да болгон. Ал мага жинденген күнү кызымды көчөгө чыгарып койчу. Түнгө чейин ыйласа да киргизбейт эле. Эне үчүн мындан артык азап жок.
Клара дагы көзүнө жаш алып ыйлап баштады.
– Кетип калсаңыз болбойт беле?
– Бир кызым менен төркүнүмө араң батат элем... Боюмдагыны алдырганы кеч болчу. Мен өз баламдын азаптанып жатканын көрсөм да колумдан эч нерсе келбеген. Ызамды көз жаштан гана чыгарчуумун. Ага сүйлөсөм боюмда бардыгына карабай сабап салчу. Жада калса өзүмдү билбей калганга чейин тепкилеген күндөр болгон. Андыктан сен сүйүнүп жашасаң болот.
Милана бир саамга ойлонуп калды.
– Кээ бир аялдарга кол көтөрсө – өлтүрүп койбогонго ыраазы болуп жашашат. А кээ бири катуу тилдеп жаман сөздөрдү айтса да урбаганга сүйүнүшөт. А кээ бир аялдарды эркектер тилдегенге акысы жок менимче...
Милана сууз терезеге карады.
– Мен өзүмдү табуу менен убара болом. Күйөө ошондо өзү табылат. Өзүң баалуу болсоң албетте баалаган эркек чыгат. Барктабаганга баркыңды кетирбей жалгыз жашаган артык. Бул күндөр өтөт. Жашоо, өмүр өтөт. Бир кезде жан дүйнөм бош калышын каалабаймын. Мисалы сиз, ошончо азапка чыдап жеңдиңиз, бирок жан дүйнөңүздө эмне калды? Сиз азыр Москванын борборунан тигүүчү цехин ачкан, бир аз болсо да алектенген өз ишиңиз бар ишкер айымсыз. Машинаңыз бар. Сулуусуз. Акчаңыз бар. Бирок ушулардын баары өткөн күнүңүздү жууп кете алдыбы? Күйөөңүздү кечиргендей болгон менен жүрөгүңүз муздап калган. Көзүңүз жанбайт. Аялдык бакыт аз.
Милана өзүнөн он жаш улуу аялдын жүзүнө карап жай сүйлөдү.
– Биз азыркы учурда чогуу жатпайбыз... Балким сенин айтканың да туурадыр... Сага кеңеш бере албаймын. Сен акылдуусуң. Эрктүүсүң. Өз жашооңду алып кете аласың. Мен сага ишенем. Бирок жаңылып калба. Кээде жаңы буюмдан көрө эскини эптеген артык.
– Мен барайын...
Милана көңүлсүз ордунан турду.
– Даам татбадың го? ..
Клара кабатырлана сүйлөдү
– Табитим жок.
Ал сумкасын алып телефонун карады. Күйөөсүнөн келген бир топ жаман сөздөрдү окуп, кайрадан телефонду салып койду. Клара менен коштошуп сыртка карап басты. Анын артынан бөлмөнүн ичин толтурган жагымдуу атырдын жыты буркурап турду.
Сыртта эмнегедир жамгыр себелеп жатыптыр. Декабрда жааган жылуу жамгыр анын жүрөгүнө кандайдыр бир жылуулук, бир аз бакыт, кубаныч алып келди. Ал басып баратып ажарлуу жүзү менен айланадагыларга жылмайып коюп жатты. Негедир өзүн бактылуу сезип кетти. Баарын унутуп ушул дүйнөсүндө калгысы келди. Тратуар менен акырын басып баратты. Кол чатыры жок болгондуктан чачтары суу боло түштү. Түйүлүп турган чачын бошотуп, мойнун ары бери буруп чачын түздөп койду. Эмнегедир ары бери өткөн эркектер ага суктануу менен же кызыгуу менен карап жатты. Ооба, ал бул көз карашка көнүп калган эмеспи... Көңүлүнө албады. Кубанбады.
Үйүнө жеткенде башын көтөрүп он биринчи кабатта жайгашкан терезени карап алды. Жарыгы өчүп турганын көрүп негедир кубанып кетти. Себеби күйөөсү уктап жатканын билди. Бир күн болсо да жан дүйнөгө оор келген сөздөрдү укпайт экенмин деп ойлоп койду.
Эшикти ачып ичкериге киргенде кире бериш жер караңгы экен. Жарыкты күйгүзүп, илинип турган чоң күзгүгө жакын басып келди. Күзгүдөн көздөрүнүн нуру өчкөн, жашоодон эчак эле үмүтүн үзүп койгон жаш келин сууз карады. Ал кубанычтын, бакыттын маскасын чечкенде ушундай болуп калчу. Бул абалына өзүн өзү аяп кетти. Күйөөсү жаткан бөлмгө кирди. Айнеги жабык бөлмөдө дем болуп, бир аз тер, тамекинин, атырдын жыты келип турду. Милана жактырбагандай терезени ачты. Жан дүйнөсү кысылып чыкты. Алар он жылдай чогуу жашап, ортодо эки баласы болгону менен, жүрөгүнүн тээ түпкүрүндө сүрөттөй алгыс арман жашачу. Кээде өзүн өзү жемелеп бактылуу жашаганга мажбурлайт эле. Бирок кайра эле күйөөсүнүн бир сөзү же башка нерсеси иреенжитип койот. Бул жолу да анын эч нерседен капарсыз көчөдөн келген кийимдери менен тердеп тепшип уктап жатканына кыжырланып алды. Кийимдерин ары бери алмаштырып, ноутбук менен кагаздар салынган сумкасын көтөрүп ашканага чыгып кетти.
Терезеси ачык ашканада жеңил шамал ойноп турду. Дене бою чыйрыгып терезени жаап, чайнекти жандырып чай койду. Чай кайнаганга чейин имбирдин тамыры менен балды аралаштырып чай демдөөчү чайнекке салды. Кайнаган сууну куюп, бетин жаап коюп столго келди. Ноутбукту жандырып кагаздарын алып чыкты. Ал сырткы дүйнөнүн баарын унунтуп өз дүйнөсүнө кирип кетти.
Милана көбүнчө эле жалгыз жүргөндү жактырат эле. Ал жалгыздыкта көп жаңы нерселерди үйрөнүп, кыялындагы иштерди бир четтен орундатат болчу. Азыркы убакта сүрөт тартуу менен алек. Эртеден кечке болсо да чиймелеп отура берчү. Кээде өз алдынча галлерея ачканды же өзүнүн кийимдер коллекциясын чыгарууну кыялданчу. Талыкпай эмгектенгендиктен, акча маселеси анча болбойт эле. Ошон үчүн да кыялдарын орундатууга акчасын аячуу эмес. Анын дүйнөсү кооз, табышмактуу, кыялдарга бай болгондуктан, жалгыздыкта гана ошол дүйнөсүнө кирип өзүн бактылуу сезчү. Ак кагазга бир нерсени чиймелеп, өзүнчө аруу нерсени кыялданып ууртунан жылмайып отурган. Күйөөсүнүн киргенин да байкабай калыптыр. Анын сөзүнөн селт эте чоочуп баш көтөрдү
– Ойношуңду эстеп жылмайып жатасыңбы?
Күйөөсү көзү кызарып, илептери титиреп жакын басып келе жатты.
– Айт, кимди эстеп жылмайып жатасың?
Ал жанына жакын келип чачтан кармап өзүнө тартты. Күчтүү катуу колдору бети башына чапкылап уруп жатты. Бир заматта Милананын сулуу жүзү канга бойолду. Милана ойлонуп өзүнө келгени да жетишпей калды.
– Ким ал! ? Айтсаң тийишпеймин айтпасаң өлтүрөм!
Күйөөсү бөлмөдө ары бери сүдүрөдү
– Эмнени айтайын! ? Урбачы суранам! ... Чыдабай калдым..
– Мен сага көрсөтөмүн. Чыдайсың! Кимге жолугуп келдиң! ?
Эркектин катуу колдору башына тийип жатты. Милана ал ооруга чыдай албай тыбырчылады. Күнөөсүз болсо да кечирим сурап бутуна жыгылды. Күйөөсү "грушаны" ургандай муштап дагы эки үч жолу башка чапкылады. Милана катуу ооруга чыдабай кусуп таштады. Мээси чайкалып калгандай үйдүн ичинде айланып жатты. Оозундагы толгон канды сыртка чыгарбай жутту. Ыссык канга кошулган илешкен этти да сезди.
– Тур ордуңдан мага өлүмүш болбой! Мен сени күндө ушинтип уруп өлтүрөм. Бирөөгө бергенден көрө бутуңду сындырып, үйгө отургузуп караймын. Менден кетсең өлтүрөм. Андан көрө мага түрмөдө отурган артык!.
Ал ашканага чыгып Милананын кагаздарын чогултуп жанына алып алды.
– Үйдө отурасың!
Милана эч нерсени уккан жок. Кулагы тунжурап, катуу оорудан өзүн жоготуп көздөрү сүзүлүп баратты.
– Тур ордуңдан! Мага калптан эле жатып албай! Бүгүн кимге жолугуп келдиң! Өлтүрүп койо электе өзүң айт.
Күйөөсү чачынан кармап катуу тартканда бир топ чачы анын колунда калды. Жерге чачтарды таштап, колун бошотту да дагы урганын улантып баштады. Милана каршылык көрсөткөн жок. Ал алсыз эле.
– Мен дарыянын жээгинде жалгыз ойлонуп басып жүрдүм. Сүрөт тартуу үчүн жан дүйнөмдү тазалап келишим керек болчу...
Ал каргылданган үнү менен сүйлөдү.
– Мурунку жигиттериңди азыркы ойношторуңду ойлонуп келдиңби? Ошондой кылдыңбы дейм!
Күйөөсү токтогон жок. Анын канга бойолуп жатканын көрүп алып дагы уруп жатты. Ошол түнү Милана өлүм менен өмүрдүн ортосунда алышып чыкканын эч ким билген жок...
2 -бөлүмү
Милана түшүндө бийик жерден ылдыйды карап турду. Баш айланткан бийиктик, көл сымал чексиз көк асман, жада калса анча мынча куштардын учканы да көрүндү. Бирөөнү издеп жаткансып артына бурулганда бир буту тайып кетти. Анын жеңил денеси ылдыйды көздөй учуп баратты. Жүрөгү болк эте оозуна такалганда түшүнөн чоочуп ойгонду. Эмнегедир дайыма эле түшүндө бийиктен учат. Жүрөгүн токтотуп бир аз өзүнө келгенде ордунан турмакчы болуп кыймылдады. Дене боюн бирөө жанчып кеткендей кыймылга келбеди. Болгон күчүн жыйнап ордунан турду. Дубалга сөйөнүп көзүн жумду. Бир аздан кийин өзүнө келип бөлмөнүн ичи даана көрүнө баштады. Паркет полдо чачыраган кан, төшөгү, кийимдери, жада калса эшиктин кармагычынан бери кан экен. Бөлмөнүн ичин тазалап, кан болгон шейшептерди кир машинага салды. Терезени эчак эле ачып койсо да бөлмөнүн ичиндеги кандын жыты кеткен жок. Бара – бара ал жытка өзү да көнүп калгансыды. Казанга тамак асып, эми гана керебетке жатканда күйөөсү келди.
– Мен сени кетип калды деп ойлогом!. Кечир мени...
Күйөөсү анын жүзүнөн көздөрүнөн өөп жатты. Милананын көзүнөн аккан жаштар жүзүн жууп кетти. Күйөөсү канчалык жалынса да жүрөгүнүн четиндеги муздактык ээриген жок.
– Баарын башынан баштайбыз. Ушул акыркысы. Башка кол көтөрбөймүн. Кечирчи мени!
Тамактанып отурганда күйөөсү дагы бир жолу кечирим сурады.
– Бүт денем ооруп жатат... Башымды буруп эки жагымды карай албай кыйналдым. Түз көтөрүп тик карасам кускум келип жатат...
Милана акырын сүйлөдү. Ал ошол учурда күйөөсүнүн жакшы сөзүнө, колдоосуна муктаж эле.
– Ойнош ойногон кандай болоорун көрүп алдың. Мындан кийин кайталанса жаагыңды талкалап койом. Ошондо көңүлүң айланбай каласың.
Күйөөсү ошол убакта бир эки ооз жылуу сөз сүйлөп койсо баары унутулуп жакшы жашоо баштайт эле. Анын аялдарга гана тиешелүү назик, боорукер жүрөгү бул жолу да кечирмек. Бирок жакын адамы эки ооз жакшы кебин аяды...
Бул сөздөрдү уккан келин башка сүйлөгөн жок.
****
Күндөр өз нугунда өтүп жатты. Милана жумушка барып келет бош убагында чиймелегени сүрөт. Же ак кагазга бир нерселерди жазат. Кээде терезеден бозоргон ааламга көз чаптырып ойлуу отура берет.
Ушул эле планетанын бир бурчунда жүрөгүнүн эки бөлүкчөлөрү болгон өз канынан жаралган уул кызы бар экени, бирок жүрөгү канчалык талпынса да аларга жете албастыгына өкүнөт. Өкүнгөн менен эмне миллиондогон аялдар ушундай "- деп кайра өзүн сооротот.
Өмүрүн артка түрүп турмуш кургандан кийинки ар бир күндү, ар бир майрамды эскерип чыкты. Бакыт аз. Сумсак, көз жашка, тарынычка, кайгы- капага толгон жылдар. Жүрөгүн жылыткан бир нерсе бул – качандыр бир кезде мигрант аттуу статустан кутулуп, үй бүлөөсү менен өздөрүнчө бактылуу болуп жашайбыз деген ой. Бирок ошол бакытка канчалык көп кадам таштаса да жетпей эле койду. Канчалык аракет кылса да эч нерсе өзгөрүлбөйт. Күндөр шар аккан суудай өтө берет. Бирок максат кыялдар орундалбайт. Ордунан жылбайт. Жүрөктө ошол эле боштук, ордук, өзүн өзү кыйнаган кандайдыр бир арман.
Кайда барса да ага жармашып жүргөн кайгынын кучагынан бошоно албай отурду. Бир аздан кийин ордунан туруп, компьютерди өчүрүп, столдун үстүн жыйнады. Күзгүгө келип көпкө бойонду. Бойоктор анын бозоргон жүзүн, кайгылуу көздөрүн жаап салды. Бактылуу аял карап турду күзгүдөн. Ал шашылбай кийинип көчөгө чыкты.
Сыртта кар себелеп жаап жатыптыр. Метронун станциясына бат эле жетип барды. Ошол жердеги соода үйүнүн бирине кирип көпкө айланып жүрө берди. Бир – эки керексиз буюм алгандан кийин өзүнө келип, уйкудан жаңы гана ойгонгон адамдай ныксырай түштү. Көчөгө чыкканда телефонун алып көптөгөн номерлердин арасынан бирөөнү издеп баштады.
– Алоо, ..
Трубканын ары жагынан аял кишинин кубанычтуу үнү угулду.
– Аида эже...
– Угуп жатам алтыным!.
– Сизге барайын дедим эле...
Милананын ыйлагысы келип кетти. Ал Аидадан жардам сурагандай жалооруп суранды.
– Такси менен эле келе кал ээ? Мен офистемин.
Аида кыскача сүйлөп телефонду өчүрдү. Милана жолдун четиндеги таксилердин бирине отуруп Аиданын офисине бет алды.
Аида... Отуз беш жаштагы ишкер айым. Үч жолу турмушка чыкканын жашырбайт. Тескерисинче кээде мактанып алат. Үч жолу тең өзү таштаган. Жашоодо өзүнчө көз карашы, максаты, ой пикири бар күчтүү аял. Милана экөө жакын сырдаш. Анын кайсы бир проектине Милана жардам берип жүргөндүктөн, экөө чогулса сөзү түгөнбөйт.
Милана мындай кыйналган учурда жалаң гана күчтүү адамдар менен акылдашканды туура көрөт.
Жол бою таксиде баратып классташ кызы тууралуу ойлоп койду. Бир жолу күйөөсү менен урушканда ошол курбусунун үйүнө барган эле. Ал экөө мектепти бүткөн боюнча ошондо биринчи жолу көрүшкөн. Экөө тең баягы секелек кыз эмес. Турмуштун таразасында сыналып жаткан жаш аялдар болчу. Курбусун көрүп аяп кеткен. Эки кичинекей баласы, боюндагысы да алты айдан өтүп калган учуру экен. Москванын тар жашоосунда балдары менен кичинекей бөлмөдө жашаганын көрүп боору ооруган. Ошондо курбусуна өз жашоосун арызданганы келген болчу. Анын жашоосун, кыйналганын көрүп унчукпай калган.
Милана үйүндөгү көйгөйүн унутуп, курбусу менен өткөн кеткендер тууралуу сүйлөшүп отурган болчу. Ичкерки үйдөн күйөөсү чыгып келди
– Сен бир чакырганды укпайсыңбы? Же сага күйөөңдөн да курбулар артык беле? Сага качанга чейин айтам күйөөңдү сыйла деп! ? Сен мени сыйлабайсың, ошого үйдө береке жок!
Күйөөсү Милананы да көзгө илбей курбусун жаман сөздөр менен тилдеп баштады.
– Мен укпай калдым Асан. Кечирип койчу! ...
Курбусу анын көзүнө коркуп жаткан койондун бөжөгүндөй көрүнүп кетти. Өзүн анын ордуна коюп жүрөгү титиреди.
– Кече чечкен ботинкемди дагы эле тазалап койбоптурсуң. Бул сенин аялдык милдетиң. Мусулман аялдары күйөөсүнүн чекесине да кир жугузбай караш керек!
Коридордо эркектин бакылдаган катуу үнү чыгып жатты. Курбусу ордунан туруп мылтыктын огундай сыртка атып чыкты. Ал ошол убакта боюнда бар экенин деле унутуп калгандай сезилди. Бир аздан кийин сырткы эшик тарс жабылып, курбусу кайра кайтып келип отурду
– Ушундай мамиле кылабы? Кантип чыдап жүрөсүң... ?
Милана курбусуна суроо берди да, кайра ичинен " мени деле жыргатпайт го"- деп ойлоду
– Сенин боюңда бар. Анын баласын көтөрүп жүрөсүң. Жок дегенде ушул үчүн болсо да сыйлаш керек...
– Эмне кылышты да билбей калдым... Апамдарга айта албаймын. Өзүң тапкансың дешет. Кетип калайын десем балдарым менен бараар жерим жок... Чыдап жашаганы да болбой жатат. Күндө ушул көрүнүш... Дем алыш күндөрү түшкө чейин уктайт. Балдар ызылдаса кол көтөрөт. Түштөн кийин жасанып алып кетет. Жакындан бери телефонун карматпай жашыра турган болду. Балдардын ыйлаганын жактырбайт...
Асел жүзүн колу менен жаап алып ыйлап жатты. Ичкерки үйдөн эки кызы чуркап келишти
– Апа ыйлабаңызчы... Атам сизди урдубу?. Биз чоңойсок өзүбүз карайбыз сизди. Айылга кетебиз. Таенемдердикиндей чоң там салабыз. Атамды киргизбей өзүбүз жашайбыз.
Жети жаштагы кызы апасынын жүзүндөгү жаштарды кичинекей колу менен сүртүп аарчыды. Үч жаштагы кызы да аны кучактады. Асел өзүн зордоп көз жашын тыйып, күч менен жылмайып кыздарын кучактады.
– Андай дебе кызым атаң укса капа болот. Мени ал капа кылган жок. Өзүмчө... Ичим ооруп кетти... Бара койгула бөлмөгө...
Ал кыздарынын жүзүнөн сүйүп бөлмөгө жиберди.
– Ушул жашоо керекпи сага? Сыйлабаган эркек менен ажырашып эле албайсыңбы? Мисалы мен, мынчалык мамиле кылбайт, бирок кээде кол көтөрөт. Болгондо да канга бойогуча сабайт. Мен андан ажырашам деп жүрөмүн. Себеби балдарга дени сак эне керек.
Милана курбусуна күйүп сүйлөп жатты.
– Коой ажырашпа курбум. Балдарга ата керек.
..
– Ушундай атабы? Күндө уруш талаш болгон үй бүлөөдөн кандай балдар жетилет? Андан көрө тынч өзүң жашаган жакшы. Күндө ата энесинин урушун көргөн балдар агрессивдүү болуп чоңоюшат.
Асел унчукпай жер карады. Милана баарын түшүндү. Себеби мындай аялдар ыссыкта күйдүрүп, суукта тоңдурса да күйөөлөрүнө жабышып, кечирип жашашат эле. Эң өкүнүчтүүсү алар ошентсе да бааланбаганы. Ошол окуядан кийин Милана кыйналган, бактысыз курбулары менен сыр бөлүшпөй калган болчу. Себеби алар " кыйналсаң да жашашың керек"- деген пикирде эле. Өзүнөн улуу, жашоо көргөн, акылдуу аялдар менен көп баарлашчу.
Милана машинада көп нерсени ойлоп баратып керектүү дарекке бат эле жетип келди. Көп кабаттуу офистердин жанына токтогон таксиден түшүп ичкериге кирип барды. Күзөттө турган орто жаштагы орус киши аны тааныгандыктан жылуу саламдашып ичкериге койо берди.
Милана менен кошулуп лифтке узун бойлуу, көгүш костюм кийген, бир аз өскөн сакалын тегиздеп жасап койгон отуздан өткөн орус кошо чыкты. Ал Миланага жалт эте бир карап алды. Бир нерсе деп сүйлөмөкчү болгондо кийинки кабаттан эки аял чыгып, орус баланын жанына туруп калышты. Милана алардан биринчи лифтен түшүп кетти.
Аида өзүнүн креслосунда чалкалап отуруп бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатты.
– Сен келе бербейсиңби? Мен таксинин акчасын төлөймүн да... Курсагым ачты? .. ммм мен сени ачка койбоймун го билесиң! .. Кел тез. Мен күтөм. Жоок башка иштериң кызыктырбайт. Бүгүн көрүшүм керек!.
Ал Милананы көрө калып телефонду өчүрдү.
– Дагы кимди багып жатасыз?
Милана ал менен саламдашып күлө сүйлөдү
– Спортсмен. Комсомол. Крассавчик!.
– Крассавчиктерден коллекция курат окшойсуз жакында... !
Экөө тең каткыра күлдү
– Кофе ичесиңби?
– Вино.
– Оо! Эмне келип келбей жатып эле маанайың согуштан чыккан адамдай го?.
– Жөн эле ичким келди...
Аида Милананын сууз жүзүн көрүп баарын түшүндү.
– Аа, билесиңби мен ким менен сүйлөшүп жатам? Ал бокс менен алектенет. Менден беш жаш кичүү... Эркек эмес эле жомок!.
Аида шаңдуу үнү менен сүйлөдү. Ордунан туруп ашкана тарапка басты. Жакын курбулары үчүн алып койгон кызыл винолор ар дайым барда сакталып турчу. Ашканага кирип эшикти ичинен илди. Чоң күзгүгө башын жөлөп оор онтоп алды. Ал башкалардын көзүнчө канчалык күчтүү, бактылуу болуп көрүнгөнү менен, жалгыз калганда ичиндеги оор жүктөн кабыргасы сынып кетчүүдөй болуп кабышып кетчү.
Эки аял тынч кабинетте үн сөзсүз вино ичип отурду. Экөөнүн ортосунда бир нече жылдар бар болгону менен, Милананын жанында Аида деле өзүн жакшы сезчү. Милана баарын түшүнөөр эле.
– Аида эже сизге таң каламын да...
– Эмнеге?
– Сулуусуз. Бизнесиңиз, акчаңыз бар. Эмнеге сиздей акылдуу аял заты жалгыз жашаш керек? Эмнеге аялдык бакыт буюрган эмес?
– Ажырашсаң сен деле мен сымал жалгыз болосуң? Турмушка чыгып дагы көр. Менмин деген эркекти тапсаң да бир нерсеси жакпайт. Себеби биз башка аялбыз. Күчтүү... Бактысыз...
Сени өзүмдүн жаштыгыма окшоттурам.
Аида күтүүсүздөн көзүнө жаш алды. Узун моюн, ак жүздүү, тартынбай сүйлөгөн, эркектер менен виски ичип, бизнес тууралуу пикир алышкан күчтүү аял үлбүрөгөн назик гүлдөй төгүлүп жатты.
– Билесиңби? Мен биринчи күйөөм менен жашаганда чыныгы аялдык бакыттын даамын таткан экенмин. Балдарымды карап, анын тамагын жасап, жумушка да үлгүрүп, эшикте эркек, үйдө аял болсом да ыраахат алчуумун. Дүйнө жүзүндөгү аял аттуунун баары ошондой го деп ойлогом. Аял – камкор, мээримдүү, боорукер, өзүн өзү бир нерсеге тез курман кылган зат экенин билчүүмүн. Үй бүлөөмдү кармап калыш үчүн төбөм менен жер казууга да даяр элем. Бирок... бирок мени баалаган жок. Алсыз эркек эмне болсо да аялды күнөөлөй берет туура. Катуу шамал болсо, жамгыр жааса, бирөө сүйлөп койсо, карап койсо... баарына, баарына мен күнөөлү болчумун. Жыйырма бештен ашканда акыл кирдиби, билбейм. Айтор күнөөкөр болуп жашаганда тажадым. Эл үчүн эмгек кылып, бирок бааланбай өткөн улуу адам болгондон чарчадым. Себеби мен канчалык үй бүлөөнү сактап калууга аракет кылсам да баалабайт эле. Бир күнү мен жөн гана эки баламды жетелеп чыгып кеттим. Ач калдым. Ток калдым. Күндөп түндөп иштедим. Бирок барбадым.
– Бирок сиз өз күчүңүз менен ушунча ийгиликтерге жетишип отурасыз. Мен сизге суктанам...
Милана колундагы бокалды столдун бир четине коюп Аидага суроолуу карады.
– Менин акылым. Эркектердин күчү менен.
– Демек? ...
– Ооба. Алсыз аял катары эркектерди пайдаландым. Аял киши кааласа баарына жетишет экен. Мен жалаң гана " Экстра класстагы" эркектер менен мамиле түзүп баштадым. Тепкич сымал колдондум. Ар бир бийиктикке көтөрүлгөн сайын ошончо күчтүүлөр жолукту. Бирок...
Аида унчукпай туруп калды.
– Эмне бирок?
Милана оң тараптагы кашын бир аз серпип, таң калгандай карады.
– Бирок... бирок бакыт таппадым. Канчасы сүйдү. Сүйө албадым. Мисалы эркектер ойлойт, биз тандайбыз, биз таштайбыз деп. Бирок андай эмес. Аялдар өзүбүз тандайбыз. Тарбиялайбыз. Оңдойбуз. Чыдайбыз. Жакпай калса таштайбыз.
– Баары эле эмес экен. Чыдагандар да бар.
– Ооба, андайлар да бар.
Аида унчукпай калды. Колундагы саатына карап, телефондун карайган экранына көз салып койду.
– Аида эже... мен дагы кетейин деп жатам...
Милана акырын сүйлөдү
– Сен кайра келиш үчүн кетесиң. Келбеш үчүн кетиш керек. Сен мени түшүнүп жатасыңбы?
Аида алардын жашоосундагы баардык нерсени билет болчу. Ошондуктан Миланага түшүнүү менен мамиле кылды.
– Сен көтөрүлө турган таланттуу кызсың. Ийгиликке жетесиң. Акчаң болот. Кетсең да көчөдө калбайсың. Бирок эркектерге болгон мамилең өзгөрөт. Сен аларга буюмдай мамиле кылып каласың. Азыркы ажырашкан күчтүү аялдардын көбү эле ошондой. Өзүнөн жаш жигиттердин сүйүүсүн акчага сатып алат. Жигиттер пайдаланып жатабыз деп ойлошот бирок андай эмес. Аларды аялдар жөн гана кызыгы тарагыча колдонот. Көбү кийин ээси таштаган күчүктөй болуп калышат. Эркектер деле жаш кыздарга ушундай мамиле жасап жатышат. Бирок чындап келгенде бул нерсе кызыксыз. Аалам сууз болуп бараткансыйт... Аялдар өзүбүздү эркек сезип баратабыз. Байкап көрсөң көп эле эркектин функциясын биз аткарабыз. Эркектердин акылы азырынча көп нерсеге жете элек. Алардын көбү биздин кол алдыбызда колдонулуп жүрөт. Бирок аны бири да мойнуна албайт!.
Аида коридордогу үндөрдү угуп үнүн акырын чыгарып сөзүн бүтүрдү. Аңгыча сырткы эшик ачылып, узун бойлуу, кең далылуу, кара тору, жылмайганда тиштери жарк эте түшкөн сулуу жигит кирип келди. Милана бир саамга өзүн жоготуп барып араң эсине келгендей болду
– Таанышып алгыла. Бул Мирлан. Мирлан бул Милана... ! Менин сиңдим. Курбум. Жакын адамым.
Мирлан колун сунуп таанышты. Аида Мирланга орундук бошотуп отургузду.
– Эже мен барайын.. !
Милана бирөө кууп жаткандай ордунан шашыла турду. Жүрөгү бир орунда турбай тыбырчылап жатты. Сыртка чыкса эле өзүнө келе калуучудай болуп кийимдерин кийине баштады. Аида аны токтоткусу келди. Бирок Милананын жүзүндөгү кандайдыр бир кубанычты байкап, анын жөнөп жатканына каршылык көрсөтпөдү.
– Кеч болуп кетти деп шашып жатасың го чамасы ээ? Абайла алтыным. Жеткенде кабарлап кой макулбу?
Анын жүзүнөн өөп коштошту. Мирлан экөө анын артынан узата карап кала беришти...
3 – бөлүмү
Милана сыртка чыкканда күн уясына батып баратканын байкады. Шаардын фанарлары жанып, айланадагы дүкөндөрдүн терезелеринде өчүп жанып турган түркүн түстөгү гирляндалар көңүлүн көтөрүп турду. Үстүндөгү пальтосунун топчуларын толук топчулап, узун мойнун жаап кымтыланып алды. Жумшак кашемир жүзүн кытыгылап жаткандай сезилди. Такалуу ботинкеси менен бир аз муз боло түшкөн тратуарда аярлап басып баратты. Жаңы жыл жакындап калгандыктан көчөдө эл көп болчу. Баары бактылуудай сезилди. Жолдун берки бетиндеги тизилген бутиктер тарапка карады. Анын ичиндеги жүргөн алуучулардын жүзү даана көрүндү. Кокусунан көздөрү өзү менен катарлаш бараткан орто жаштагы аял эркек тарапка кадалды. Алар кырк беш, элүү жаштар чамасында болсо керек. Кочкул кызыл шляпа кийген сулуу орус аялга эмнегедир суктанып койду. Ал аялдын аурасы сыртына төгүлүп, бактылуу экени байкалып турду. Балким аны Миланадан башкалар деле суктана караса керек эле. Бирок Милана бул жолу айланадагыларга караган жок. Анын көздөрү ошолордо эле болду. Орто жаштагы аял жанындагы эркектин кулагына бир нерсени шыбырап сүйлөдү эле, эркек аппак тегиз тиштери менен ага жылмайып, ийининен кыса кучактап, жүзүнөн өөп алды. Ал аялдын шыбыры Милананын кулагына угулгансып кетти. Өзү бактылуу болгонсуп аларга кошула кубанды.
Деги эле Миланага орто жаштагы адамдар жагат болчу. Алар эмнегедир жашоонун кадырын, адамдын баркын билген баалуу жандардай сезилчү. Айланасындагы катташкан жакын курбу тааныштары да өзүнөн он, он беш жаш улуу адамдар. Ал өзү курактуулар менен кандай тил табышууну жакшы билчүү эмес. Өзү курактуу кыздар эмнегедир аны көрө албагандай же сын тагып жаткандай сезиле берчү.
Милана жанагы эки адамды карап туруп калганын өзү да байкабай калды. Акылын жыйнап өзүнө келгенде адамдар аны айланып өтүп жатыптыр. Кээ бири көңүл бурбаса, кээ бири таң калгандай карап өтүп жатканына тартынды. Берки экөө кармашып анын жанынан өтүп кетишти. Аялдын атыры Милананын мурдуна келди. " Роберто Ковали? .. , же " Ланком" беле? " – деп мурдунда турган атыр тууралуу ойлоно түштү. " Бакыттын жыты... бактылуу аялдын жыты атырга аралашкан... " деген ой акылына келгенде эми эле жүзүндө ойноп турган кубанычы өчүп, өзүн бир саамга бактысыз сезип кетти. Ошол убакта анын көздөрүнө караган адам секунддун ичинде нуру өчкөнүн байкаса керек эле.
Милананын жан дүйнөсүндө сайрап турган куштардын үнү басылып, эми эле тийип турган күндүн көзү бүркөлүп, жан дүйнөсү үшүп кетти. Бир саамга өзүн Антарктикада жалгыз калгандай сезди. Ал айланасындагы бактылууларга башка карабады. Шашыла метрого кирип үйүнө жөнөдү.
Үйгө келип лифт менен көтөрүлгөндө көз алдына жанагы орто жаштагы бактылуу эркек аялдын элеси келди. Лифтин күзгүсүнөн өзүн карап бир аз аяп койду. Эмнегедир ошол орто жаштагы аял- эркектин ордуна өзүн күйөөсү менен элестетип алды. " Өмүр бою бир адам менен жашаган кандай бакыт? "- деп ойлоду. "
Эшиктин кулпусун бурап жатып бир нерсени кыялдана жылмайып алды. Ичкериге киргенде күндөгүдөй эле тынчтык өкүм сүрүп турду. Милананын бир мүнөт мурунку эле жан дүйнөсүндөгү кубанычын бирөө сууруп кеткенсиди. Мүнөзү тез тез өзгөрүлүп турганына кыжырланып алды. Караңгы коридордо эки жагын карап сумсая туруп калды. Бир аздан кийин гана жарыкты күйгүзүп бут кийимин чечип ичкериге кирди. Бөлмөнүн ичиндеги күндөгү көрүнүшкө бүгүн анча деле көңүл буруп жинденген жок. Күйөөсү дагы деле көчөдөн келген кийимдери менен ак шейшептин үстүндө уктап жатты. Анын жанына жакын келип жүзүнө көпкө карап турду. Анын жүзүнөн бир аз уулун, бир аз кызын көргөндөй болду. Аны аяп кетти ичинен. Кийимдерин алмаштырып ашканага чыгып тамак жасады. Кирлерин кир машинага салып, ашкананы иретке келтирип, эрте менен тарткан сүрөтүн алып чыгып толуктап тартып жатты.
Милана артынан эшик ачылып бирөө кирип келе жатканын сезип колдорун кыймылдатпай туруп калды. Анан узун мойнун акырын буруп босого тарапка карады
– Качан келдиң?
Күйөөсү ага жылмайып койду. Ал жылмаюудан Милананын ичи жылып өзүн кайрадан эле бактылуу аял сезип кетти. Күйөөсү жакындап келип жүзүнөн өөп – өөп алды. Анын бир аз өскөн катуу сакалдары жаш келиндин жүзүн сайгылап кыжырын келтирип жиберди. Тамекинин буруксуган жыты мурдуна келгенде күйөөсүнүн кучагынан бошонуп аны бир аз ары түртүп койду
– Эмне болду?
Каныбек аялына суроолуу карады
– Эч нерсе...
– Анан эмнеге менден өзүңдү ушинтип алып кача бересиң?
Милана жагымсыз маектешүү болушун каалабагандай оор үшкүрүнүп алды.
– Билесиңби? ... Мен сени түрткөнүм такыр өзүмдү алып качканым эмес. Сен өзүң ар дайым уйкудан туруп эле мага жабышасың. Мага ошол нерсе жакпайт...
Ал уруш башталып кетпесин дегенсип сөздөрдү акырын байкап сүйлөп жатты
– Эмне каалайсың? Сенин оюңдагыдай болуш үчүн эмне кылышым керек?
Күйөөсү бир бурчта турган отургучту тартып анын жанына отурду. Милананын астындагы кагаздарды жыйнап бир четке түртүп койду.
Милана сөз таппай апкаарый түштү. Ал көпчүлүк аялдар сымал күйөөсүнө жүк артып, кээ бир майда нерселер үчүн деле чыр салганды жаман көрөт болчу. Бул жолу да ичинен терең ойлонуп, күйөөсүнө акылмандык менен кеп баштоого даярданып жатты.
– Өзүң билесиң, мен сенден көп деле нерсе каалабаймын... Бири бирибиздин жетишпегенибизди айтып, жакпаган жактарыбызды оңдосок жакшы эмеспи? Үй бүлөөдө аял эркек бири биринин табитине карап жашаш керек. Сенден өзүмдү алып качканым, уйкудан туруп эле жуунбай мага жабышканың. Билесиң, тамекинин жытын да жактырбаймын. Менин жанымда өзүңдү карап таза болушуңду каалайт элем...
– Сен менин ойношум эмессиң да? Аялымсың. Ар дайым жанымдасың. Башкалар атыр, "орбит" жыттанып тургандыгына көнүп калган окшойсуң!.
Милананын ичинен чыгып келе жаткан бугу тамагына такалды. Көзүнөн мына- мына агып кетчүүдөй болуп турган көз жашын араң токтотту. Бир саамга терезе тараптагы караңгы туңгуюкка карады.
– Сөз анда эмес...
– Сөз ошол! Сен башкалар менен жүрүп келип, мени ошолорго салыштыра бересиң. Аларга окшоткуң келет!.
– Мен эч ким менен жүргөнүм жок...
Милана актана сүйлөдү. Күнөөсүз актанганына ичинен ызаланып кетти.
– Сага эмне жетпейт? Өзүбүзчө жашайбыз... Элге окшоп карыз, кредит жок. Эмне эле мени кыйнай бересиң?.
Ызалуу сүйлөдү. Ыйлап жибергиси келди. Бирок өзүн араң кармап отурду
– Мага сенин жүргөнүң жакпайт! Эргүү чакырам деп чыгып кетесиң, балким башка бирөө менен жүрүп келсең керек!.
– Сен мени түшүнбөйсүң!
Милана канча карманса да болбой ыйлап жиберди. Башында үнүн чыгарбай ыйлап жатса, бир аздан кийин көкүрөгүндөгү бүт топтолгон армандары чубалып чыгып, буркурап ыйлап жатты. Күйөөсү аны карап турду да, анан өзүнө тартып аяр кучактады
– Мага сенден башка эч кимдин кереги жок. Мен эмес, сен түшүнбөйсүң. Мен эмнеге аракет кылбайын, биринчи кезекте үй бүлөөнү, балдарды ойлоймун. Дагы канча жүрөбүз Москвада? Мен өзүмдүн ишимди ачып, Мекенге кетким келет. Сен менин күндөн күнгө өөрчүп жаткан арманымды элестете албайсың! Кызың мектепке барды, уулуң былтыр отуз биринчи көлөмдөгү бут кийим кийсе, быйыл отуз үч жибердим. Жашоонун майда нерселериндей сезилгени менен, балдарымдын балалыгын көрбөй жатам. Жылына бир жолу бир айга көрөмүн. Былтыр барганда уулуңдун сүт жыты бир аз жоголо түшүптүр. Кызыңдын тиштери бир четтен түшүп, тили ширин болуп, анча мынча сөздөрдү кызыктуу сүйлөп калыптыр. Кайра кайталангыс бакытты акчага алмаштырып жүрөбүз. Дагы бир эки жыл жүрсөк өз балдарыбызга жат болобуз. Менин эң чоң кыялым бул кызымдын чачын өрүп мектепке жетелеп барып, кайрадан уулумдун бойтойгон колдорунан кармап жол бою кандайдыр бир кызыктуу нерсени кеп кылып берүү... Уулум " апалап" бир нерсени сурап, кайра менин жообума каткыра күлсө керек эле ошондо... А чоң жолдон өтүп жатканда анын колдору мойнума оролуп, мага албетте эркелейт. А мен болсо дүйнөдөгү эң бактылуу аял болом!
Милана ыйын токтотуп сүйлөй берди. Ал күйөөсүнө да караган жок. Күйөөсү тамекисин түтөтүп унчукпай угуп отурду.
– Кечирчи мени!.
Ал сүйлөп бүткөндөн кийин дагы кучактап жүзүнөн өптү.
– Сен менин ички оюмду билгенде түшүнмөксүң. Мага эч кимдин кереги жок. Мен өзүмдүн кыялдарымды ишке ашырсам, үйдө отуруп иштеймин. Мага ошол нерсе чоң бакыт. Бир нерсе көрсөтөйүнбү? !
Милана ордунан турап уктоочу бөлмөгө жөнөдү. Жагымдуу нерсени эстеп кеткендей анын көздөрү жайнай түштү. Анан кайра эле кызыл папканы көтөрүп келди. Папканын ичиндеги көптөгөн сүрөттөрдүн ичинен бирөөсүн сууруп чыкты
– Мына. Менин бизнес планым.
Ал күйөөсүнө күлө карады.
– Ушундай студия ачамын. Ушундай жарык жана чоң бөлмө болот. Жаш балдар менен боюнда бар аялдарды сүрөткө тартам. Наристе курак менен боюнда бар кез адамзаттын жашоосундагы кайталангыс нерселер. Ошону фотоаппарат менен тирүүлөй сүрөттөш керек!.
Милана тартылган кагазды күйөөсүнө жакын көрсөтүп айтып жатты.
– Азыр сүрөтчүдөн көп нерсе жок. Ким келет? Элдин мындан башка көйгөйү жок беле? Болбогон нерселерге акчасын коротуп.
Күйөөсү жактырбагандай сүйлөдү. Милананын ичиндеги азыр эле канат кагып кооз ааламга учууга даяр турган назик көпөлөгүнүн канатын бирөө жулуп алгансып көңүлү түшүп калды. Күйөөсүнүн жүзүнө сууз карап койду.
– Мен бир ишти айтсам сен ар дайым тескери жагынан кеп кыласың. Адамдын көңүлүн калтырбай жөн эле кубаттап койсоң болбойбу? Артка тарта берсең эч качан алдыга жыла албайбыз! Сен жакшы адамсың. Мен жаманмын. Менин сунушум өзүбүзчө жашайлы?. Мен өзүмдүн кыялдарым менен өзүмчө кетейин... Сага да албетте жакшы аял туш келет.
Милана ыйлап бүткөндөн кийин ушуларды айтты.
– Мен чыдай албай калдым. Мен үйдө кыялдана албай калдым. Эл аз жерге барып таттуу кыялдарды түзүп, оюмдагы нерселерди түптөп, эми ишке ашырууга даяр турганда сен артка тартасың. Мен үйгө кетким келет!. Мен чет элге чыкпай өз элимде иштегим келет! Он жылдык чет элдеги жашоо менин көңүлүмө тийди. Күрөшүүгө күчүм калбады!
– Сени эч ким кармай элек! Кийимдериңди жыйнап кете бер! Сендей аялдын мага кереги жок!
Милана эмне дешти билбей туруп калды. Азыр эле алардын сөзү жакшына башталып, жада калса күйөөсү андан кечирим сурап, экөө жарашкандай ортодо жылуулук пайда болгон болчу. "Кантип? кайсы сөзүм үчүн? Эмнеге мынчалык тез өзгөрдү? "- деп ойлонуп жатты.
– Бирок мен сени айылга кетирем. Бул жерде калсаң өзбек, таджиктер менен жүрүп кетесиң балдарды унутуп. Андан көрө ач калсаң да айылда отурасың!
Милана оозуна сөз келбей күйөөсүн телмирип карап отурду. Үн сөзсүз көзүнөн жаштар агып жатты. Ал столдун үстүндөгү сүрөттөрдү жыйнап жатканда күйөөсү баарын колунан тартып алды.
– Иштебейсиң! Мага сүрөтчү болбой эле кой!
Милана унчукпай душка кирип кетти.
Түн бир оокумга чейин суунун шырылдап акканы, угулуп жатты. Каныбек кабатырлана коридорго чыгып эшикти черткилегиси келди. Бирок кандайдыр бир намыс жол бербей кайра артка тартты. Керебетке жатып алып өзүнчө ойго чөмүлдү. " Мен киммин? Мен жадакалса ага жакшы жашоо бере албадым... Мага турмушка чыккандан бери эле арабаны тең тартышып келет... Аны да түшүнөм. Бирок... Бирок ал көтөрүлсө мени таштап кетет. Азыр эле айланасында канчалаган адамдар аны колдоп жүрөт. Эгер өзүнчө иш баштап бутка турса, бул албетте менден бай, менден күчтүү, менден келишимдүү бирөөнү ээрчийт. Аялдардын баары ушундай!. Мен бул нерсеге жол бербешим керек. Аны баш ийдирем. Ал акыркы эки жылдан бери мени менен такыр уруш жаңжал кылбай койду. Башталары тең айтышып, жок жерден жаңжал салып турганда мага жашоо кызык эле... Азыр ал мени жок адамдай эсептейт. Тамагымды даярдап, кирлеримди жууп койот. Калган убакта өзү менен алек... Ал менин айтканымдай жашаш керек... Мен ансыз жашай албаймын! Жакшы көрөм!. Бирок кантип күрөшөм? Кантип анын көңүлүн таба алам? Айтканына көнүп, өзү каалаган кыялдары орундалса ал мени таштап кетеери турган кеп. Мен ага бут тосуп туруум керек... Ал айтканынан кайтпаган өжөр адам. Каалаганын сөзсүз орундатат. Же андан кечирим сурап ал айткандай жашоого макулдук берсемби? Жүрөгүм каалаган менен акылым түшүнбөй койду. Анын күлкүсүн көздөрүн көргөндө эле ичимден өзөк өрттөгөн кызганыч пайда болот. Кээде ошол сулуу жүзүнүн бир чекесин кескилеп тырык кылып койгум келет. Ошондой кылсам эле аны бирөө карабай калчуудай сезилет. Ар ойлорду ойлоп кыйналып кеттим... " – деп ойлуу отуруп калды.
Милана сууну агызып ваннанын кырына жөлөнүп полдо отурганын өзү да байкабады. Качан гана буттары чымырап ооруп баштаганда башын көтөрүп айланасын карап алды. Ыйлай берип жаштары катып, жан дүйнөсүндө эч нерсе жок бош болуп турду. Ордунан туруп бетин муздак сууга жууп, сууну өчүрдү. Текчеде турган телефонун алып социалдык тармактардын бирине кирип максатсыз барактап алды.
– " Сырдашалычы? ... Кыйналып турам.. "
Үч күн мурун келген белгисиз эркектин билдирүүсүн ачып карап ойлоно түштү. Анын сайтта отурганын көрүп жазгысы келип кетти.
– " Бактылуусузбу? А мен азыр бактылуу эмесмин... Бир саат мурда эле бактылуу болчумун. Азыр жок. Кызык ээ? Адамдар бактылуу болууну билишпейт деп ойлоочумун. Бүгүн көчөдөгү орто жаштагы эки адамды көрүп суктандым... "
Милана эмнени жазып жатканын өзү билбеди. Ал оюна биринчи келген сөздөрдү эле жаза берди. Бул билдирүүсүн жиберип шалдырап отуруп калды. Ошол убакта Каныбек эшикти сыртынан бычак менен ачып кирип келди. Миланан анын колундагы бычакты көрүп катуу коркуп кетти. Телефонуна тигилип азыр эле белгисиз бирөөгө жиберген катын өчүрүүгө шашылды. Каныбек аялынан кечирим сураганы кирген болчу. Анын абалын көрүп ою жаманга бурулду
– Бирөө менен жазышып жаттың беле? Мойнуңа албайт элең, кармалдыңбы?
Ал телефонду жулуп алды. Колундагы бычак жерге түшүп кетти. Милана ага байкатпай буту менен акырын түртүп кир машинанын астына киргизип салды. Каныбек катты окуп алып өзүн жоготуп титиреп баштады
– Демек бир саат мурун жолуктуң ээ ал менен! Үйгө келип бактысыз болуп калдың!
Ал аялын адаттагыдай эле бетине муштап урду. Милананын мурдунун сөөгү сынып кеткендей үн чыгып кетти. Кыпкызыл кан атып чыгып ваннага, кафелге тамчылап, бир заматта аппак плиткалардан агып түшүп жатты. Милана бери бурулуп сууну ачып жүзүн жуумакчы болгондо Каныбек чачынан кармап бөлмөгө сүйрөп жөнөдү. Ал ошол түнү да Милананы эстен тангыча сабады.
*****
Милана үч күн кыймылдабай жатты. Жаңы жылга саналуу гана күндөр калган болчу. Ал телефонун өчүрүп, жумушка да чыкпай койду. "Иштебейм, сүрөт да тартпайм, үй жумуштарын да жасабайм, эч нерсе кылбаймын. Баарынан ушунчалык чарчадым... Эч нерсени ойлобой күнү түнү уктагым келип жатат... " деп өзүнчө ойлонуп койду
– Мына сүрөт, видеолорду көрдүңбү? Эгер менден кете турган болсоң, интернетке жана баардык тааныштарыңа жиберемин.
Күйөөсү канга бойолгон сүрөттөрүн, видеолорун көрсөттү. Милана унчукпай жүзүн буруп алды. Ал ошондо биринчи жолу күйөөсүн ушунчалык жээк көрдү. Он жылдык өмүрүн, жаштыгын, ушундай караңгы, кара адамга тапшырганына өкүнүп кетти. Ал окуя унутулган жок. Ыңгайы келген жерден айтып жүзүнө салып жатты. Милананын шыгы, таланты, жашоого болгон кызыгуусу өчтү. Ал сүрөт тарта албай, сулуулукту байкабай, жан дүйнөсү айланадагы кереметтерди көрбөй, жылуулукту сезбей калды. Балдарын ойлосо баарын башынан баштап, кайрадан жаңы жумуш таап иштегиси келет. Бирок кайра эле күйөөсүнөн өч алгандай турбай жата берди. Ал арада экөө кайрадан жарашкандай болуп мамилеси бирде жылуу, бирде салкын болуп жатты. Жаңы жыл келди. Милана биринчи жолу жаңы жылды көңүлсүз тосту. Үйгө келген конокторго аралашып күлүп жүргөнү менен жан дилинде эртерээк ушул майрам аяктап, өзүнчө калышын каалады. Күйөөсү экөө бири бирин куттукташкан жок. Ошончо жылдар ичинде биринчи жолу күйөөсү аны " жаңы жылың менен"! – деп жүзүнөн сүйбөдү. " Ушул жаңы жыл биздин чогуу жашообуздагы акыркы майрам болсо керек... "- деп ойлоп койду Милана негедир.
Максатсыз башталган күндөрдүн биринде Милана телефон кармап жаткан болчу
– " Жетишет эми... Жумушка чыкпайсыңбы? Сага эмне болду? – деген билдирүүнү Милана иштеген жердин директору жибериптир. Мария Александровнанын мээримдүү көздөрү, жумшак элеси көз алдына тартылды. Ооба, ал Милананы эмнегедир башкалардан бөлүп, өзгөчө мээрим менен мамиле кылаар эле. Кээде жинденип катуу сүйлөп койсо да кийинчерээк эл жок жерде баягы өзүнө тааныш көз карашты сезчү. Милана апасындай жакын адамы чалып жаткансып ыйлап жиберди. Ал болгон окуяны айтып мурду сынган сүрөттүн ага жөнөттү.
– " Эртең мен жумушта болом. Күтөм. Кел. "
Кыскача жоопту окуп ааламы жарык боло түштү. Жан дүйнөсүндө кайрадан жашоого болгон кызыгуу, үмүт пайда болду. Чоң шаарда өзүн эч кимге кереги жоктой сезип жаткан болчу. Азыр алыс эле орус аялдын жылуу мамилеси аны асманга көтөрүп жатты.








Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!