Датка Айымдын
"Жарыя! Түркияга кыздар керек!" китебинин
электрон вариантын
ВАТСАПка
100 бирдикке сатам!!!



"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Жарыя! Түркияга кыздар керек_ти алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!



Датка АЙЫМ

Жарыя! Түркияга кыздар керек!

1-бөлүм
Эрте мененки саат сегиз-тогуздун ортосунда эки уулумдун чурулдаган үндөрү ойготту. Экөө удаа болгондуктан, жакындан бери бири бирине атаандашып мушташа башташты. Ордумдан туруп аларды бөлүштүрүп, колдоруна бирден момпосуй карматкандан кийин бир аз тынчып ойноп калышты. Өзүмдүн уйкум ачылып, төшөктөрдү жыйнап сыртка чыктым. Тепкичтен эми түшкөндө эле жеңем менен бетме бет жолугуп калдык. Мен тарапка жактырбагандай карап койду. Кабагы бүркөлүп казан-аягын калдырата баштады. Мен унчукпастан бети колумду жууп, үйгө кирдим. Кирсем агамдын кичүү уулу ыйлап жатыптыр. Аңгыча сырттан жеңем кирип келди:
– Балдарыңызды жакшына тарбияласаңыз! Күндө ушул көрүнүш! Сиздикилерди көрүп, менин балдарымдын да тарбиясы бузулду!
Ушуларды айткан жеңем баласын кучактаган бойдон сыртка чыгып кетти. Атасыз араң өстүрүп жаткан уулдарымды "тарбиясыз" дегенине ардандым. Эки уулумду кучактап көпкө шолоктоп ыйладым. Апам менен атам айылга кеткен эле. Алар келгиче таарынып сыртка чыккан жокмун. Балдарымды да чыгарбадым. Түшкө жакын апамдар келишти. Бул окуяга чейин эле кээде агам менен же жеңем менен айтыша кетчүмүн. Бул жолу апам менин тарынганымдын, ыйлаганымдын себебин айттырбай билди:
– Бир бармагымды тиштесем, бирөөсү ооруйт... Эмне кыл дейсиң эми? – Апам мага суроолуу карады.
– Мен башка өлкөгө иштегени барам! Буларыңыз азыр батырбайт. Балдарым чоңойгондо көчөгө эле айдап чыгышат! – Мен апама док уруна сүйлөдүм: – Апа, сураныч, балдарымды эптеп карап бериңизчи! Сиздерден мага ошол жардам болсун!
Апамын тизесине отура калып жалбарып жаттым.
– Мен баарын түшүнөм, кызым. Сен дагы албетте уулдарыңдын келечегин ойлоп, үй-жай кылышың керек. Атаң жумуштан келсе сүйлөшүп көрөбүз.
Апам бетимдеги жаштарды аарчып жатты. Менин ыйлаганымды көрүп, бери жакта ойноп жаткан үч жана беш жаштардагы эки уулум жаныма келип кучакташты.

*****
Мен дагы бир кезде жакшынакай бир жигитке жар болуп, бактылуу аялдардын катарын толуктаганмын. Сагын менен таанышканда мен мектепте музыкадан сабак берчү элем. Окууну аяктап, иштеп жүргөнүмдө турмушка чыгам дегениме үйдөгүлөр каршы болбоду. Сагын деле чоң окууну аяктап, шаардагы мекемелердин биринде эсепчи болуп иштечү. Экөөбүздүн ата-энелерибиз макулдашып, эрте эле тоюбузду өткөрдү. Биз эриш аркак болуп аябай бактылуу жашадык. Экөөбүз эч урушпаган ынак жубайлардан элек. Таттуу мамилебиздин мөмөсү болуп, ортодо удаа-удаа эки уулдуу болдук. Бирок чыныгы бакыт үчүн көп нерселер жетишпейт экен. Сагын үйбүлөдө чоңу болгондуктан, биз-үй жай кылып бөлүнүшүбүз керек болчу. Ата-энелер менен келишип, эки балабызды эки жакка берип, биз дагы эл катары Орусиянын Курган шаарына бет алдык. Сагындын достору бар эле.
Биринчи убакта балдарды сагынып, көнө албай кыйналып жүрдүк. Бири бирибизге болгон жылуу мамиле, күчтүү сүйүү гана бизди көп нерселерден сактап калды. Бара-бара ишибиз жүрүшүп, мен дүкөндө, Сагын таксист болуп иштеп калды. Досунун жигули машинасын карызга алып, тирилигибизди калдырата баштады.
Кыш мезгили болгондуктан, ошол күнү аябай суук эле. Эртеден бери машинасы менен алек болгон күйөөм түшкө жакын араң жүргүзүп ишке жөнөдү. Аны эч кайда чыгаргым келбей, аргасыз жүзүнөн өөп кала бердим. Ошол күнү аны акыркы жолу көрүп жатканымды билсем гана?...
Сагын түнү келбеди. Телефону өчүк. Оюма ар нерсе келди, бирок аны өлөт деп ойлогон эмес элем... Эртеси күнү бир досу үйгө келди. Мени жумушумдан калтырып бир жакка барышыбызды айтты. Көрсө Сагын Курган – Тюмень жолунда чоң КАМАЗдын түбүнө кирип кетиптир... Аны менен кошулуп, бир эркек, эки аял болуп ошол жерде баары көз жумушуптур.
Моргго бардык. Машинадан түшө электе эле муну угуп бир сыйра өзүмдү жоготтум. Андан кийинки күндөрдө эч нерсени билбедим. Белгисиз адамдар келип колунан келген жардамын аябай берип жатышты. Ар ким мени кучактап көңүл айтты. Ошол жактагы мекендештер акча чогултуп, күйөөмүн сөөгүн машина менен Мекенге жөнөтүштү. Менин аска зоом, таянар тоом кулагандан кийин түйшүктүн баары мага түштү. Уулдарыбыздын чоңу үч, кичинеси бир жашта эле...
Көп өтпөй уулуна күйгөн кайын энем да дүйнө салды. Анын жылы өткөндөн кийин уулдарым менен кетишке аргасыз болдук. Ошентип бир жылдан бери апамдардын үйүндө жашап калдык.
2-бөлүм
Мээрим. Ал менин жакын курбум. Биздин айылдын ылдыйраагындагы каналдын боюнда жашайт. Узун бойлуу, ак жүздүү, күлүп жайнаган, ишенчээк жан. Эки жыл жашап, балалуу болбой баса берген. Чынында классташ кыздарымдын арасынан биринин артынан бири ажырашып келгендер көп болчу. Алардын көбү эле чет элге иштегени кетип калышкан. Мээрим шаарда кайсы бир балдар фондунда иштейт. Орус, англис тилинде эркин сүйлөгөндүктөн, көптөн бери чет элге кетсем деген оюн мени менен бөлүшүп жүргөн.
Түшкө жакын анын үйүнө бардым. Аяш энем адаттагыдай күлүп жайнап тосуп алып, ичкериге алып кирди. Мээрим кийинип бир жакка камынып жатыптыр:
– Бүгүн сага дем алыш го, кайда барасың? – Мен жасана кийинип алган курбума карадым.
– Сага бир нерсе айтайынбы?.. – Курбум терезеге тигилип, короодо тоокторго жем берип жаткан апасы тарапты карап койду: – Мынаны карасаң!
Ал кол телефонунан сулуу жигиттин сүрөтүн көрсөттү. Кара футболка кийип турган бала экранга болушунча нурун чачып жылмайып туруптур. Чынында мындай эркектерди жашоодо көргөн эмес элем.
– Данчик. Интернеттен тааныштык. Конокко кирсең профилине..
Курбум мага телефонун кармата салып өзү күзгү тарапка басты. Киргенде эле статусуна "Жарыя, жарыя! Түркияда иштегени кыздар керек! Айлык акысы жогору!" деген сөздөр көзүмө урунду:
– Түркиядагы жумуш жөнүндө сүйлөшпөдүңбү? – Мен жигиттин сүрөттөрүн көргүм келбеди. Жумуш тууралуу курбумдан сурадым.
– Таанышканыбызга он күндөй эле болду. Интернеттен сүйлөшүп, бүгүн баратам жолукканы. Окусаң билдирүүлөрүн?!... – Менден эч нерсени жашырбаган курбум бактылуу экенин билдирип турду.
Мен бирөөлөрдүн жазышканына кызыга билдирүүнү ачып баштан аяк окуп кирдим. Чынында алып бербеген, арнабаган ай менен жылдыздар эле калыптыр. Ушунчалык жагымдуу сөздөрүн окуп, курбум эмес эле ал жигитке мен арбалып калдым. Чынында курбум сулуу болчу. Ошого сүрөттөн көрүп эле сүйгөн го деп ойлодум:
– Кайсы жерден жолугасыңар? – Кызыга сурадым.
– Шаарга чейин маршруткада барам. Өзү күтүп алат машинасы менен!
Мээрим кийинип, жасанып бүткөндөн кийин экөөбүз ээрчише көчөгө чыктык. Аялдамага чейин басып бардым ал менен:
– Сен Түркия жөнүндө сурачы!. Ишеничтүү болсо мен кетем, макулбу? – Мен маршрутка чыкканы даярданып жаткан курбума кайрылдым.
Ал менин бетимден өпкөн бойдон чыгып кете берди.

****
Менин жашоом бир нукта өтүп жатты. Ишке барам, келем. Өзүбүздүн айылдагы мектепке жумушка орношкондуктан, мен үчүн айылдаштарым менен иштеген анча кызыксыз эле. Андан да менин алган айлыгым эки уулумдун каражатына зорго жетчү. Сагындын сөөгү менен чет элден келгенимде “эч качан бөтөн элге барбаймын” деген болчумун. Бирок эки уулумдун келечеги үчүн баары бир барышым керек экенин түшүнүп турам.
Мээрим күндөн күнгө гүл сымал ачылгандан ачылып, кулпуруп жатты. Курбумдун бактысына бул жакта туруп мен кубанам. Качан барбайын кымбат баалуу белектер, атырларына мактанат.
Бир күнү сыртта кир жууп отурсам өзү келди. Мага бир нерсе жөнүндө айткысы келип турганын сезип турдум. Балдарымдын кийимдерин жайып, өзүмдүкүн бир четке койдум да, Мээримди өзүбүздүн бөлмөбүзгө баштап кирдим:
– Зари, сага соонун жаңылыгым бар! – Киргенде эле Мээрим кучагын жая мени кучактады.
Экөөбүз бир аз кучакташып тургандан кийин анын жүзүнө карадым:
– Данчик үйлөнөлү деп жатат! – Ал кубанычын жашыра албады.
– Койчу эрте элеби? Кече эле тааныштыңар го?.. – Мен ишенбегендей карадым.
– Сага дагы башка жаңылыгым бар. Түркияга кетебизби?
– Мына бул башка жаңылык! – Мен ага карап күлүп койдум.
– Сен менин турмушка чыгып жатканыма мынчалык кубанып куттуктабадың? – Мээрим капа боло сүйлөдү.
– Капа болбо! Чындап эле сен үчүн кубанып турам! Бактылуу бол! – Мен анын жүзүнөн өөп койдум.
– Бүгүн түштөн кийин жолугабыз экөөбүз барып. Ал Түркияда менеджер болуп иштейт экен. Бизден кыздарды алып барып, жакшы жумуштарга орнотот. Биринчи биз кетебиз. Бир-эки ай иштегенден кийин өзү барат. Анан үйлөнөбүз, – Мээрим пландарын бир четтен айтып жатты.
– Сенин жашооң китеп сымал. Таанышып, жолугуп, бактылуу жашап калдык дегендей... Бирок ойлонуп көрүш керек!.. – Менин көңүлүм анча тартпай тургансыды.
– Азыр даярданып бара аласыңбы? – Мээрим менин көздөрүмө карады.
– Бирок тез келебиз ээ? Апамдар балдар менен тойго кетишкен.
Арадан бир саат өткөндөн кийин курбум экөөбүз жасана кийинип көчөгө чыктык. Үйүбүз шаарга жакын эле жерде болчу. Бир заматта эле жетип келдик. Мээрим алдын ала айтканбы, маршруттан түшкөндө эле жолдун берки бетинде бизди күтүп турган кара Лексус үлгүсүндөгү джип машинаны көрсөттү. Биз светофордон өтүп, машинага жакындаганыбызда ичинде отурган жигит секире түшүп, арткы орундукту ачып турду. Мен аны көрүп сүрдөгөнүмдөн чалышып кеттим. Мээрим мени жөлөй кармап каткыра күлдү:
– Ушундай сулуу курбуңду бекитип жүрдүң беле?.. – Мээрим менен өбүшө көрүшкөн жигит, мага кол сунуп, жүзүмө карады.
– Убакыт эми келди го... – Машинага отурганда Мээрим жигитине жылмайып койду.
Көлөмдүү машина бир заматта эле зуулдап бизди кайдадыр алып баратты. Чынында мен ичимден корктум: “Кайда баратабыз?” деп. Бирок бир аз жүргөндө эле шаардын эң кымбат ресторандарынын бирине келип токтодук.
– Даниел, – Машинанын эшигин ачкан жигит мага кол суна атын айтты.
– Зарина. – Мен анын көздөрүнө карай албай сүрдөдүм.
Үчөөбүз өзүнчө бир четте турган кабинага кирдик. Бир аз отурганда эле официант кыз тамак-аштарды столго толтура баштады. Даниел аябай тамашакөй жигит экен. Үчөөбүз каткырып күлүп, көңүлдүү отурдук. Мен болсо курбумдун бактысына суктандым. Чынында Даниелдей мырзалар жок деп ойлочумун. Анын сылык мүнөзү, акылдуу көздөрү, адамга кылган аяр мамилеси көп эле кыздардын жүрөгүн жылытса керек эле.
– Мэри, Заринага айттыңбы жумуш тууралуу? – "Мэри" деп курбумду эч ким чакырбаган. – Сен кайсы тилдерди билесиң? – Ал мага кайрылды.
– Орус эле... Англис тилин бир аз түшүнөм.
– Мээрим жакшы сүйлөйт го англисчени. Чогуу жүргөндө сүйлөшсөңөр бат эле үйрөнүп аласыңар. Кыздар, мындай шанс бир келет. Орусияга караганда Түркияда жакшы айлык төлөнөт. Мусулман кыздарга түрктөр сый-урмат менен жакшы мамиле кылышат. Азыр жашпыз, иштеп бутка туруп алышыбыз керек! – Даниел капкара көздөрү менен экөөбүздү карап жылмайып койду.
“Ээ кудай, кандай аял төрөдү экен?” деп ичимден ойдоло түштүм.
– Кандай жумуш? – Мен андан кызыга сурадым.
– Кадимки эле кара жумуш. Бизге бөтөн элде ким кресло даярдап турат эле?.. – Даниел мени сынагандай карады. – Ресторан, кафе, офистерге жумушчулар көп керектелет. Өзүбүздүн фирма бар ал жакта. Жатакана, тамак-аштан сырткары миң доллардан ашык төлөнөт. Чай пулдары менен ресторандарда үч миң долларга чейин тапкан официант кыздар бар. Силерди жакшы жерге сүйлөшөм.
– Кандай документтер керек? Канча убакытта бүтөт? – Биз Даниелден кызыга сурадык.
– Бир айдын ичинде бүтөт. Фирма өзү бүтүрүп берет. Жолго акчаңар жок болсо фирма карыз берип турат. Барганда иштеп берсеңер болот.
Мен ичимден баарын ойлонуп чындап эле бармай болдум. Баарынан да жолго акча табыш көйгөйлүү болуп турган болчу. Менимче Мээрим деле баргысы келип турганын байкадым.
– Качан документтерди тапшырсак болот? – Мээрим жигитине карап койду.
– Эртең офистин адресин берейин, ошол жерге баргыла. Саат ондорго барсаңар мен дагы барып калам.
Стакандагы ширени көтөрүп ичкен жигит салфетка менен оозун аарчыды.
Биз эки сааттай отурдук.
– Өзүң жөнүндө айтып берчи? – Машинага отурганда Даниел күзгүдөн мага карап суроо берди.
– Мээрим айтпадыбы?.. – Мен тартынып турдум.
– Жок, өз оозуңдан уккан жакшы го...
Мен жол бою баратып, күйөөмдүн каза болгонун, эки уулум менен ата-энемин үйүндө жашаарымды айттым.
– Кечир эгер көңүлүңө оор келсе... Мен болсо апаман эрте айрылганмын... Жашоо ушундай экен... – Даниел жолдон көздү албаганы менен, көрүнүшү өзгөрүп, жүзү бозоргонсуп кетти. – Кыздар, үйүңөр кайсы жерде, таштап коёюн?
– Жоок, өзүбүз кетебиз! – Айылдын ушагын жакшы билген Мээрим экөөбүз хор менен жооп бердик.
– Өзүңөр билесиңер! Бирок кайсы жерде жашаганыңарды айтып койгула? – Даниел бизге күлүп карады.
Биз кайсы жерде жашаарыбызды айттык. Ал андай айылга барганын айтып, бизди өзүбүздүн жолубуздагы аялдамага алып барып таштады. Биз ага жагымдуу күн үчүн рахмат айтып, машинадан түштүк. Жол бою курбум экөөбүз тең келечектеги пландарыбызды түзүп, алдыдагы бактылуу жашоодон үмүт кылып үйгө келе жаттык.
3-бөлүм
Үйбүлөдө үч бир тууганбыз. Бир агам, бир сиңдим бар. Экөөнүн тең турмуштары жакшы. Ата-энемди ойго салып, жүрөгүн ооруткан ойлору, бул менин келечегим эле. Атам айдоочу болуп эмгектенет. Апам өмүр бою бизге тарбия берип, үйдө отурган аял. Жашоо шартыбыз эл катары. Бирок, менин эки уулума үй жай кылып, бутка тургузганы жалгыз атамдын күчү жетпейт эле.
Үйгө кирсем алыста жашаган апамдын туугандары коноктоп келишиптир. Жеңем дасторконун жайып, казандын башында тамагын даярдап жүрөт. Кийимдеримди алмаштырып алар отурган үйгө кирип саламдаштым.
– Зарина, сен билинбей эле бой жетип, минтип эки балалуу болуп калган турбайсыңбы? Сенин турмушуңду апаңан угуп кайгырып отурабыз. Жашоо ушундай экен да... – Тээ бала чагымда бир эки жолу көргөн эжем мени кучактап алды: – Эки уулуңа баары бир ата керек. Менин бир тууган кайнимдин аялы өткөн. Эки жылдан ашты. Байкушум бир кызын өзү карап жүдөдү. Балким жылдызыңар келишсе... – Эжем сөзүн бүтүрүп бүтүрбөй мага карады.
Менимче, апам экөө келишип алгандай. Апам дагы менден жооп күткөнсүп мага жалдырай карайт.
– Кечиресиз, мен азырынча турмушка чыкпаймын!
Мен ордумдан турдум да көчөдө үндөрү чыгып жаткан уулдарыма чыгып кеттим.
– Апа, кант алып келдиңизби?!
Дарбазадан чыкканда эле мени көрө койгон чоң уулум чуркап жетип келип мойнума асылды. Мен болсо аны так көтөрө айлантып жерге койдум:
– Кантты азыр таенеңен алабыз ээ, уулум? – Мен уулумдун мойнуларынан жыттап-жыттап алдым: – Султан кайда жүрөт?
– Чакырып келейинби? – Уулум кичине колдору менен жүзүмдөн сылады.
– Карап кой, арыкка түшүп кетпесин.
Мен уулумду коё бердим. Чуркап бараткан баламдын артынан ойлоно карап туруп калдым.
– Кандайсың?
Артымдан чыккан үндөн улам бурула карадым:
– Жакшы өзүң кандайсың? Көрүнбөйсүң го?
Менден бир класс кийин бүткөн кошунам Рахаттын жүдөгөн жүзүн көрүп боорум ачыды. Үч баласы менен былтыр күздө ажырашкан. Элдердин айтуусу боюнча күйөөсү чет элде жүрүп үйлөнүп алыптыр:
– Шаарда кафеде иштеп жаттым эле. Кече келдим.
– Айлык жакшы элеби? – Бизге окшогон жалгыз бой энелерге биринчи кезекте акча керектигин билгендиктен, андан айлыгын кызыга сурадым.
– Ээ кайда... Эртеден кечке тикесинен тик туруп төрт жүз сом алып жаттым. Зарина, мен сага бир сунуш айтайын дегем... – Ал мени сындагандай баштан аяк карады.
– Көчөгө чыккан менен адам өлтүргөндөн башкасынын баарына даярмын! – Мен ага тамашалай сүйлөдүм.
– Ээ жоок... Экөөбүз шерик болуп базарга чыкпайлыбы?
– Эмне сатабыз? Айлантканы да акчабыз жок?
– Манты сатабыз!
– Эртең эле жай келет, ыссыкта ачып кетпейби?
– Жок ачыбайт! Биз үйдөгүдөн башкачараак кылабыз.
Биз экөөбүз сөздүн кызыгына батып алардын үйүнүн жанындагы тапчанга отура кеттик:
– Кандай кылса ачыбайт экен? – Мен бир бутум менен алда качан Түркияда болсом да, Рахаттан кызыга сурап койдум.
– Пияз кошпойбуз. Картошканы он беш мүнөттөй кайнатып, анан ошонун өзүн салабыз ичине. Эң негизгиси камырды тегиз, жука жайыш керек экен! – Рахат мага бериле айтып берди.
Аңгыча чоң уулум кийимдери суу болгон инисин жетелеп келип калды:
– Апа, мунуңуз суу кечип ойноп жатыптыр. Мен таап келдим! – Уулум өзүнүн чоң экенин билдирип, сыймыктана сүйлөдү.
– Сен акылдуусун да, – Мен анын жүзүнөн өөп, кичине уулумду колго алдым: – Дагы сүйлөшөбүз ээ Рахат, мен ойлонуп көрөйүн.
Мен кошунамдын көңүлүн калтырбай убада берип үй тарапка бастым. Бир оюм Рахатты да өзүмө кошуп алгым келди. Бирок ичимден чоң ишти кызганып жаткансып унчукпадым.

– Зарина уктай элексиңби?..
Түндөсү түйшөлүп ары бери ооналактап жатсам апам кирип келди. Ич көйнөгүнүн үстүнөн эле халатын илип алыптыр. Жаткан жеринен мен үчүн туруп келгенин байкадым. Апамын жүзү айдын жарыгында суз көрүндү:
– Гүкү эжеңин айтканын бир ойлонуп көрбөйсүңбү? Илгертеден эле ушундай, турмуштан жолу болбогондор табышып, бир жакшы жашап келишкен... – Апам ойлуу унчукту.
– Илгери заман башка болгон. Эркектер, аялдар башкача болушкан... Мен анын кайнисин жакшы билбей туруп кантип тийем? Жалгыз болсом да мейли, балдарымчы?
Мен төшөгүмө отуруп апама эркелей желкесине жөлөндүм:
– Апа, биз Түркияга барып иштеп келсекпи деп жаткан элек... – Мен апамдын колдорунан сыладым.
– Ким менен?
– Мээрим экөөбүз. Ал англисчени жакшы билет го, чогуу иштеген жерде бир эже барып иштеп келиптир... Мээримди да айткан экен, ал мени шерик кыламын деп жатат...
Мен апамды алдап жатканыма ичим тызылдады. Бирок чындыкты айтсам мени жибербей койчудай айта албадым.
– Ишеничтүү эле экенби? – Апам шек санагандай сүйлөдү.
– Ал жакта кыргыздар көп экен. Түрктөр да мусулман болгондуктан бизге жакшы мамиле кылат деп айтыптыр. Жаштарга жумуш көп экен. Ал эжени мен дагы тааныймын. Ушунчалык жакшы аял.
Менин апамды алдап жатканымдын себеби, анын көңүлү жай болушун каалап турдум. Мен алыста жүргөндө санаа тартышын каалабайт элем.
– Билбейм кызым... Чынын айтсам көңүлүм жайында эмес. Сени ошол жакка жөнөткүм келбей турат. Балким, жанагы жигит менен таанышып көрөөрсүң?
Апам кичине кезимдегидей чачтарымдан сылап жатты. Менин оюмдун баарын Түркия ээлеп турганда, кайдагы жигит? Мен башкача жашоону самап турдум. Мен уулдарымды өзүм, жалгыз өзүм бутка тургузгум келди:
– Апа, сиз көп ойлоно бербеңизчи? Көрөсүз го баары жакшы болот. Азыр жаштардын баары эле чет элде иштеп жүрбөйбү?
– Аның да туура. – Апам бир саамга ойлонуп отурду: – Жеңеңдин мүнөзү чорт болгону менен эпке келтирсе болот. Сенин барыңда эле балдарыңа катуу тийгени болбосо, сен жокто эркелеткенин көрүп калам.
Апам эмнеге бул сөздөрдү айтып жатканын билбедим, бирок ичимден ишенбей турдум.
– Менимче атаң деле анча каршы эмес. Сага акчалай жардам бере албаган соң, уулдарыңды эптеп карап берээрбиз...
– Эптеп эмес, жакшы карагыла! – Мен апамын бетинен өөп койдум.
– Бала ушундай ширин болот, бизден да жакшы көрөсүң, ээ?
– Жок апа андай эмес.
Апам экөөбүз дагы көп нерселерди сүйлөшүп бир убакка чейин отурдук. Түн жарым болгондо апам өз бөлмөсүнө чыгып кетти. Мен болсо уктап жаткан уулдарымдын жүзүнө карап турдум. Энелик мээримим эзилип кеткенсип, эки уулумдун ортосуна жата кеттим. Алмак салмак уулдарымды эркелетип эзилип жаттым...

*****
Мээрим экөөбүз жолдон кезиктик:
– Баардык документиңди алдыңбы? – Ал кызыга сурады. Мен башымды ийкеп гана тим болдум. Экөөбүз маршруткага чыктык.
– Офистин адресин алдыңбы?
– Ооба, кече эле СМС кылып жөнөткөн.
– Эмне жаңылык?
– Көп деле жаңылык жок. Күндөгү эле сөздөр.
Эл көп болгондуктан Мээрим тартынып сүйлөй албай турганын сезип турдум. Мен дагы унчукпай жол бою өз ойлорум менен болуп бараттым. Экөөбүз маршруткадан түшүп, Даниел айткан офиске басып келдик. Аңгыча узун чачтарын желкесине жайган, биз курактуу, сулуу кызды жандап чыгып келе жаткан Даниел көрүндү. Менимче Мээрим Даниелге суктанып жатып ал экөөнүн кыймылдарын байкабады. Мага кызыктай көрүндү. Даниел алыстан бизди көрө коюп жылмайды. Жанагы кыз чын дили менен жигитке жабышкысы келип турду. Даниел биз жеткиче бир нерселерди тез-тез сүйлөп, кыздын бетинен өөп коштошту. Жанагы кыз биз тарапка жылуу көз караш менен карап коюп, өз жолу менен кете берди.
– Бөлөм болот. Силерден кийин бул дагы кетет. Балким чогуу иштеп каласыңар. – Даниел сырдуу жылмайды. Мээримдин жүзүнөн өөп көрүшүп, мени менен кол алышты. Бүгүн өткөндөгүдөн да жагымдуу көрүнүп турду. Үстүндөгү көгүш көйнөгүнүн жеңин түрүп, жоон билектерин көргөзүп коюптур: – Киргиле, кыздар!
Ал бизге офистин эшигин ачып жылмая карады. Анын жанынан өткөндөн кийин атырынын жыты бир топко чейин мурдумдан кетпей турду.
– Документтердин баарын алып келдиңерби?
– Ооба.
Мээрим экөөбүз хор айтып сумкабыздан кагаздарды алып чыктык.
– Жакшы, азыр бир мүнөт, мен текшерип алайын...
Ал биздин паспортторду алып, компьютерден бир нерселерди карап жатты. Кез-кезде колундагы саатына карап койбосо, ал бизге деле көңүл бөлгөн жок. Биз кичинекей офисти бир сыйра карап алдык. Стол, стул, бурчта кагаздар салынган кичинекей шкаф, терезеде эки даана эгилген гүл, столдо компьютер менен бирин-серин чачылган кагаздар бар экен. Менимче жакында эле бул офиске көчүп келген.
– Бир айдын ичинде кетесиңер. Бирок кайсы күнү экенин азыр так айта албаймын. Даяр тургула ээ, кыздар?!.. – Ал бизге карап жылмайды.
– Биз даяр элебиз.
– Ии баса, Мээрим, сен канча бир туугансың? – Даниел компьютерди караган калыбында суроо берди.
– Экөөңөр эми таанышып жатасыңарбы? – Мен күлдүм.
– Жок, бирок үйбүлө мүчөлөрү тууралуу сүйлөшө элек болчубуз да. Силер жакын курбусуңар го, ошого эле тартынбай сураганым. – Даниел бизди бир сыйра карап, кайра эле экранга тигилди.
– Биз эки кызбыз. Атам үч жыл мурда каза болгон. Сиңдим он биринчи класс. Апам мектепте иштейт. – Мээрим жашоо таржымалын айтып жатты.
Мен болсо Даниелдин жүзүнө кызыга карап турдум.
– Үйбүлөнүн ишенгени сен экенсиң да, мага окшоп!
Мээрим баш ийкеп койду. Ушундай түшүнүктүү, турмуш кыйынчылыктарын көргөн жигитке курбум экөөбүз тең суктандык. Мен жөнүндө өткөндө сурап билгендиктен, эч нерсени сурабады. Аңгыча сырттан эшик кагылып, бир жаш кыз баш бакты.
– Азыр, бир аз күтө туруңуз. – Даниел сылык сыпаа жооп берди.
– Бизден башка кыздар да барбы? – Мээрим кызгангандай сурады.
– Биз беш жылдан бери кыздарды жөнөтүп турабыз. Баардыгы жакшы акча менен Мекенге келип, өз иштерин баштап жатышат. Буюрса силер дагы эки үч жылдан кийин бизнес леди болуп каласыңар. – Даниел биздин документтерибизди көчүрмө кылып, кайра сунду. Ордунан туруп эшикти ачты: – Азыр жумуштар көп, кеч чаламын, макулбу?
Ал Мээримге шашыла сүйлөдү. Биз сыртка чыгып кеттик. Офистин айланасында беш алтыдай кыздарды көрүп, биз менен барышат го деп ойлоп койдук.
– Бир жума мурда ушул жерден өтүп баратып, гүл саткан дүкөн экенин көргөн элем, – Офистен кыйла алыстаганда Мээрим сүйлөдү.
– Жаңы эле көчүп келишкени көрүнүп турат го? Арендага алгандар тез-тез алмаштырса керек да.
– Туура айтасың. Бизге эмне, эптеп Түркияга кетсек болду да! Кыздар көп келет экен, ээ?
Мээримдин кызганып жатканын байкап турдум:
– Бул анын жумушу да. Кыздар менен сүйлөшкөнгө туура келет. Менимче Даниел жакшы жигит. Көп нерсени түшүнөт. Сени сүйсө керек, көрдүң го, кандай көз караш менен караганын, – Мен чоң жолдон өтүп, курбумду колтуктап бастым.
– Ээ билбейм эмне дешти... Жүр бир нерсе жейлиби?
– Акчам жок! – Мен ага карап күлдүм.
– Сенде өзү качан акча болчу эле? Жүр мен алып берем. – Мээрим жолдун четинде катар-катар тизилген арзан ашканалар тарапка сүйрөдү: – Бирок сени да түшүнөм. Менин да балам болгондо айлыгым өзүмө ашпайт эле... Мен дагы балалуу болгум келет!
– Сенде баары болот буюрса! Экөөбүз али бактылуу болобуз, көрөсүң го?! – Мен курбума көңүл айтканым менен ичимден өзүмчө бук болуп, ыйлагым келип кетти.
4-бөлүм
Эртең кетебиз деген күн. Баары даяр. Ушул күнгө чейин жүрөгүм элеп-желеп болуп алып учуп, бир орунда тура албай туйлап турган эле. Бүгүн эртеден бери эле ичиме оор таш салып алгансып көңүлүм оорлошуп, кирдеп турду. Сандыктын жанында турган чоң сумканын жанына барган уулум мени мостоюп карап калды:
– Урмат, бери келсең, балам!...
Мен уулумду жаныма чакырып тиземе отургуздум:
– Сен дагы Азаматтыкындай чоң КАМАЗ ойногуң келеби? (Азамат кошунамын баласы)
Балам баш ийкеп тим болду. Азаматтын ата-энеси жакында эле чет элде иштеп, уулуна чоң КАМАЗ алып келишкен болчу. Биздин көчөдө эч кимдин андай оюнчугу жок болгондуктан, жаш балдардын баары кызыгып аны тегеректеп ойношоор эле. Менин балдарым деле четте карап турушчу эмес:
– Сен иниңи карап эстүү болуп жүрсөң, мен сага андан чоңун алып келемин. Азамат деле апалары жокто бөбөгүн карады го ээ? Мына сумканы көрдүңбү? Мен сага ушунчалык чоң КАМАЗ алып келем!
Мен уулумду кучактадым. Чоң сумка тарапты бир караган уулум:
– Самолет менен келесизби? – деп сурады: – Биз дагы качан чыгабыз самолетко? – Анын артынан эле дагы бир күтүүсүз суроо узатты.
– Кар жаап, анан алма бышат го?.. Мен ошондо келем... Анан Сагын үчөөбүз самолетко чыгып, башка өлкөгө барып ойноп келебиз, ээ?
Мен кайсы өлкөгө алып бараарымды билбедим, ошентсе да уулумду өзүмчө ишендирип сөз берип жаттым.
– Апа, сиз түнү кетпей эле күн чыкканда кетиңизчи?
– Эмнеге?
Мен уулумду карап ойлонуп калдым.
– Мен уктап калсам сизди көрбөй каламын да... Мен сиздин сумкаңызды көтөрүшөмүн... Сиз аялсыз да, таятам аялдарга оор көтөрүүгө болбойт деген...
Анын сөздөрүн угуп көзүмө жаш келди. Эми эле жаз айы аяктап жатса, дагы бир кар жаап, алма бышкыча кантип чыдаймын деп ойлондум. Сыртта жаш балдар уулумду чакырып жатканын угуп, аны кучагымдан чыгардым. Сандыкты ачып, балдарымдын кийимдерин алып чыгып иреттей баштадым. Экөөнүн бирден кийиминен алып, сумкама салып койдум.
– Зари, жүр чай ичебиз? – Артымдан апамын үнү угулду.
– Апа, келгениңиз жакшы болбодубу, мына балдардын кийимдери... Кызыл түйүндө көчөгө кийгендери бар. Жакшына кылып кийинтип алып барыңыз ээ, көчөгө алып чыксаңыз, – Мен апамын жүзүнө карабай эле кийимдер менен алек боло сүйлөдүм.
– Ишенбесең кошуп алып кет балдарды. – Апам мени тамашалагандай болуп сүйлөгөнү менен, ичинде баары бир кабатыр болуп турду.
– Апа, мен көп жүрбөймүн. Бир жылдан ашыгыраак жүрүп, анан келемин.
– Атаң экөөбүз кеңештик. Жерибиз кеңири эмеспи, сага деле ушул коргонго, арыктын боюнан ары каратып, кичинерээк кылып там салып беребиз.
– Коюңузчу, балаңыз менен талашып жүрөйүнбү?.. – Чынында эле биздин короого эки эмес үч үй салса боло турган кең эле. Ошентсе да апам эмне дейт экен деп, каршылык көрсөтүп турдум.
– Сен биртике тыйыныңды салып турсаң, атаң өзү эле бүтүрө коёт. Биздин көзүбүздүн тирүүсүндө агаң сенден жер талашат беле? Аларга бул жагы деле болот. Көп эле болбосо айлантып тосуп аласың.
Мен унчукпадым. Мен жалгыз өзүм жер алып, там салам десем балдарымды көп жыл көрбөй калышым анык эле. Кайра тез эле үйүм бүтсө келип каламын деп кубандым:
– Үч бөлмөлүү болсо болот ээ, апа? – Мен келечекте үйүм болот деген ойду ойлоп, жашоого болгон кызыгуум ойгонгондой, апама сүйүнө карап суроо бердим.
– Уулдарың бой жетсе, өзүңөр кеңейтип аласыңар да! Азыр балдарың кичине биз жардам кылбасак бутка турушуң кыйын... Ии, баса Мээримдин апасы ооруп, төшөктө жатат экен деп уктум. Сага айтпадыбы?
– Жоок... – Мен апамы карап туруп калдым. Оюма бир нерсе түшүп, жүрөгүм болк этти. Аяш энем тез-тез ооруп турчу. Мен ордумдан туруп сыртка чыктым: – Эртең жолго чыгабыз деп жатканда жаман иш болуптур да... Мен барып келейинчи...
– Боорсоктон салып ал!
Эртеңкиге бизге атап бышырылган эптүү көп үйүлгөн боорсоктордун жанына басып келдим:
– Апа, мунун баарын ким жейт? Бизге аз эле берсеңер болот. Ал жакка алып баргыдай тууганыбыз бар беле? – Мен өзүмчө кейип кепчип боорсоктон бир баштыкка салдым.
Апам унчукпай эле мени узата карап кала берди..

****
Мээримдин үйүнө барсам, дарбазасы ачык экен. Ичкериге кирип бардым. Мээрим көрүнбөдү. Сөрүдө жаткан апасын көрүп жанына бардым. Колумдагы баштыкты бир четке коюп койдум. Аяш энем ширин уйкуда жатыптыр. Көздөрүм анын жоолуктун четинен иретсиз чыга калган чачына кадалды. Аяш энем ар дайым жоолугун башынан түшүрчү эмес. Биринчи жолу анын ак баскан чачтарын көрүп, бир чети таң калып, бир чети аны аяп турдум.
– Зарина, келдиңби? – Босогодон чыгып бараткан Мээрим мага күлө карады. Ал сыртынан канчалык жайдары көрүнүүгө аракет кылбасын, ичиндеги ойлорун муңдуу көздөрүнөн окуп турдум:
– Аяш энем жакшыбы?
– Рахмат, бүгүн акыркы уколун жасадым. Буюрса бүгүн кыйла өзүнө келип калды... – Мээрим апасы тарапка карап алды.
– Сен кетсең кыйналаар бекен? – Мен ичкериге кирип бараткан курбумдун артынан ээрчий бастым.
– Мен кетпесем деле кыйналат го... Билесиң го, апамын ар үч айда дарыларын жаңылап туруш керек... Бул жердеги айлыгымды чогултуп алып берет элем, эми сиңдим да бой жетип кийинчү кезге келип калды. Ошон үчүн дагы чет элге барам деп жатам да. Экөөнө тең жеткизиш керек... – Мээримдин көздөрүнүн оту өчкөнсүп, чарчагандай көрүндү. – Жууркандарды сыртка алып чыгып күнгө жайып алып кирсемби дегем, жардам бере койбойсуңбу?
Мен ага чын дилимден жардам беришимди айттым. Экөөбүз жарым саатка жетип жетпей баарын алып чыктык. Ал убакта аяш энем ойгонду:
– Жакшы элесизби?
Мен анын жанына чыгып, жүзүнөн өөп учураштым:
– Жакшы кызым, өзүң жүрөсүңбү? – Аяш энем күрөңгүш көздөрүн менден албай тиктеп турду: – Турмуш силердей жаш кыздарды эмнелер гана кылдырбай жатат...
Аяш энем ичкериге кирип кеткен Мээрим тарапка көз чаптырып өттү:
– Чынын айтсам, Мээримди жанымдан чыгаргым жок. Бирок кызым байкуш бизге эле илинип туруп алды. Турмушунан деле ошого келди окшойт... Мына жерим ооруп турат... – Аяш энем колу менен жүрөк тушун кармалап койду.
– Биз келгенден кийин биринчи Мээримди турмушка узатабыз! Эртеге эле небереңиз чуркап ойногонун көрүп, бул күндөрдү бат эле эстен чыгарып саласыз.
– Билбейм-билбейм, кызым. Акыркы күндөрү дары деле ичким келбей калды. Бир айдан бери бутум шишийт. Ооруп жатканда бут шишисе адам болбойт дечү эле илгеркилер... Сен Мээримге эч нерсени айтпагын, кызым. Эгерде мен бир нерсе болсом, бир тууганындай каралашып тургун. Сиңдиси жаш, башка бир туугандары жок. Силер бала чактан бери бирге чоңоюп, бир туугандардай эле болуп калдыңар го...
Аяш энем бутундагы байпагын чечип, сөрүнүн күн тийген тарабына эки бутун сунуп отурду. Анын айткан сөздөрүнө ыйлагым келди. Оору жашты деле билиндирбей мөгдөтүп коёруна ишендим. Эмесе аяш энем менин апамдан деле жапжаш эмес беле...
– Андай дебеңизчи...
Мен көзүмдөн аккан ыссык жашты бат баттан аарчып алдым. Андан кийин алардын үйүндө бир сааттай болуп, үйгө келдим.
Түндөсү апам-атамдар менен көпкө сүйлөшүп отурдук. Анан уктап калган балдарымды бирден көтөрүп бөлмөгө алып кирдим. Бир убакка чейин аларды кучактап эркелетип, ширин уйкуда жаткандарын кызыга карап жаттым. Түн жарымдан ашкандан кийин көзүм уйкуга кетиптир. Бирок уктаганымды билбедим. Жаман түш көрүп түйшөлө бергендиктен саат төрттө эле ойгонуп алдым. Таңкы саат алтыда жолго чыгышыбыз керек болчу. Айылда короздор бирин серин кыйкыра башташты. Бир аздан кийин эле үйдөгүлөр ойгонуп бака-шака түшүп жатышты. Мээрим апасы экөө кошунасынын машинасында келишти. Ал бизди аэропортко алып барат болчу. Эки сааттай убакыт билинбей эле өтүп кетти. Биз үйбүлөбүз менен коштошуп, машинага отурдук. Мен болсо эки уулумду алмак-салмак өпкөн бойдон кете бердим...
Бизди аэропортто Даниел күтүп турган эле...
5-бөлүм
Биз аэропортко жетип ичкериге киргенибизде Даниел күтүп алды. Жөнөкөй спорттук түрдө кийинип, көзүнө кара көз айнек тагынып алыптыр. Чачын мурдагыдан кыскараак кылып кырктырып койгондуктан, жүзү, маңдайы ачык көрүндү. Андан да күнгө тегиз болуп күйгөн денеси өтө жарашып калганын байкадым.
– Келдиңерби, кыздар?! – Ал бизди жылуу тосуп алды. Мээримди ар дайымкыдай эле жүзүнөн өптү: – Мына документиңер, оңой алына тургандай кылып, кол сумкаңарга эле салгыла. Кол коюлган жерлерге силерди убара кылбай өзүм эле коюп койдум. Албетте, Мээримдин уруксаты менен.
Биз жоон конвертти алып сумкабызга салдык. Башымды көтөрүп карасам, Даниел экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Ал биздин кыймылыбыздан көз албай карап турган экен:
– Баса, конвертте экөөңөргө жүз доллардан акча салдым. Барганда керектүү нерселерге иштетип турасыңар. Фирманын кеткен чыгымдарын ар айда бөлүп төлөсөңөр болот. Азыр Стамбулга учасыңар, Ататүрк аэропортуна, самолеттон түшкөнүңөрдө бирөө күтүп алып, Аланьяга бара турган самолетко салат. Силер Аланья шаарына барасыңар. Курсагыңар ач эмеспи? – Биз Мээрим экөөбүз жок деп баш чайкадык: – Анда мына шириндикти алып алгыла. Каттоодо узак туруп калсаңар суусайсыңар.
Даниел сумкасын ачып, бизге ачык боёлгон, кичинекей кооз идиштеги ширеден бирден сунду. Бизде андайлар жок болгондуктан, сыртына кызыга карап койдум:
– Канча саат учабыз?
– Стамбулга беш сааттан ашык. Аланьяга бир жарым саат. Жети сааттай убактыңар самолетто өтөт. Бирок уктап калсаңар билинбей эле жетип аласыңар. – Даниел бизге сырдуу карады: – Стамбулдан Чилек аттуу аял күтүп алат. Колунда “Zari” деп англис тамгасы менен жазылган чоң кагазы болот. Ошого баргыла. Андан аркысын ошол өзү түшүндүрөт.
Мен ичимден жанагы аялдын атын угуп күлкүм келди. Эмнеге менин атымды жазгандыгы тууралуу сурагым келди. Бирок унчукпадым.
– Болду кыздар, коштошобуз! Ак жол! Жакшы жетип алгыла! Мен барганда силерди өзүм табам.
Даниел таблону бир карап, колундагы саатына тигилди. Аэропортто ары бери өткөн эл көп болгондуктан биз ары бери коштошуп алдыга жылдык. Даниел Мээримди деле суз гана кучактап өөп койду.
– Челек деп эле койбоптур ээ? – Даниелден узаганда Мээрим мага карап күлдү.
– Аа сен жанагы аялдын ысымын айтып жатасыңбы? – Мен курбума бурулуп карадым.
Анын көздөрү бир аз муңдуу көрүнгөнү менен, көңүлү көтөрүңкү болуп, өзүн бактылуу эле сезип тургандай көрүндү:
– Эх, Зари! Алдыда бизди эмнелер күтөт экен, ээ? Качан кайтып келебиз?
– Баары жакшы болот! Көп ойлоно бербе!
Мен элдердин көптүгүнөн курбума аста сүйлөп тынчтандырып койдум. Жана ошол тапта өзүмдүн жүрөгүм башкача согуп турду. Мен корктум белгисиз бир нерседен. Айрыкча кызыл линияда турганда буту колум титиреп, Мекенимди, ата-энемди, балдарымды өмүр бою көрбөй калчудай башкача абалда турдум. Мээрим деле көп нерсени ойлонду көрүнөт. Анча сүйлөбөдү.
Текшерүү ийгиликтүү аяктап, күтүү залына кирдик. Өзүбүз курактуу жаш кыз-жигиттердин баратканын көрүп, бир аз болсо да тынчтанып калдык. Даниел берген шириндиктен ичип отурдук.
Самолетко чыктык. Мээрим экөөбүз жанаша орундукка жайгашып калдык. Бир аздан кийин элдердин баары отуруп, ызы-чуусу токтой баштады. Биздин самолет учууга даярдыгын жарыялагандан кийин, көзүмдү жумуп, ичимден тиленип жаттым. Абага көтөрүлдүк. Мээрим экөөбүз тең кулагыбызга наушник салып, музыка уккандыктан, сүйлөшпөдүк. Канча саат жүрдүк, билбейм, тамак алып келди.
– Уйкум келип алсырап жатам, табитим жок тамакка. – Кулагынан наушнигин чыгарган Мээрим мага кайрылды.
Чынында менин деле көңүлүм айланып, уйкум келип турган:
– Көп ойлонгонго чарчап калган окшойбуз, урунду болуп. Менин дагы табитим жок:
– Йогурт жеп алалы жок дегенде..
Мен курбума карап ынагандай баш ийкедим. Бир нерсе оюма түшкөнсүп күлүп алдым да, Мээримге баш көтөрө карадым:
– Кандай экен анан?
– Эмне кандай экен? – Ал мага түшүнбөгөндөй суроо берди.
– Даниелди сурап жатам. Жеке мамилеңерден эч нерсе айтпадың?
– Аа, сен жанагы жөнүндөбү? Эч нерсе болгон жок!
– Койчу, кантип эле? Андай жигиттер жөн эле коё бербей калды го?
– Чын айтам, Зари. Ал мени төшөккө сүйрөбөдү. "Буюрса баары болот" деген сөзү эсимде...
– Кызык... – Мен ойлоно түштүм.
– Күздө үйлөнөбүз деди... – Мээрим жанындагылар угуп калбасын дегенсип, шыбырап сүйлөдү: – Көрөбүз го...
Самолет булуттарга тийдиби, бир чайпалып кетти. Мен көңүлүм айланып, ажатканага бардым. Бетимди муздак сууга жууп, бир топко чейин күзгүдөн өзүмдү сындай карадым. Кайтып келсем тамактардын калдыктарын жыйнап жатыптыр. Мээрим уйкуга кетиптир. Мен дагы ордума отуруп, бир аздан кийин эле уктап калдым.
Стамбул. Ататүрк аэропорту.
Мээрим экөөбүз тең самолет конгонгчо эч нерсени билбей уктаптырбыз. Ордумдан турсам башым ооруп, оорлошуп калыпмын:
– Башым ооруп жатат, дары жок беле?
Мээрим кабагын салып сүйлөдү. Сумкамдагы дарыдан алып сундум. Мен ичкен ширеден бир эки ууртам калган болчу. Сумканын түбүнөн ошону да алып бердим:
– Даамы башкача болуп калыптыр, ачып калган окшойт.
Мээрим ачуу дарыны чайнап эле жуткандай болду. Сыртка чыктык. Чилек аттуу айымды табыш кыйынга турган жок. Колуна ак кагазга чоң кылып, Зари деп жазып көтөрүп туруптур.
– Түркчө эмне деп саламдашат? – Ага жеткиче эле Мээрим менден шашыла сурады.
– Мен кайдан билем?
– Англисче сүйлөйлүбү? Түрктөр деле англисчени жакшы билишет деп уккан элем!..
– Унчукпай бара береличи. Өзү сөз баштаса көрөбүз.
– Здравствуйте, Леди! – Биз Мээрим экөөбүз анын жанында кайра-кайрабизди тиктеше калдык. Жанагы аял орусчаны суудай шарылдатып сүйлөп кирди: – – Силерди көргөнүмдөн кубанычтамын! Менин аты жөнүм Чилек Шорай, Чилек деп кайрылсаңар болот.
Анын аты менен фамилиясы кулагыма күлкүлүү угулду. Биз Мээрим экөөбүз ал аял менен кол алыша көрүштүк. Отуз беш жаштарда, узун бойлуу, арык чырай, сулуу экен. Үнүн пас чыгарып, жылмайып сүйлөгөндүктөн биз бат эле тил табыша кеттик.
– Кыздар, азыр багажды алгандан кийин башка самолетко чыгасыңар. Чаңкасаңар мына суудан ичкиле. Жарым сааттан ашыгыраак убактыбыз бар. Самолетто кыйналсаңар керек, бир аз чыдасаңар жетип каласыңар. Барганда жуунуп жакшы эс аласыңар.
Биз уйкудан турганга чаңкап турат элек сууну ичип алдык. Жанагы аял бизди ээрчитип, колунан келишинче жардамын көрсөтүп жатты:
– Менден кичинекей белек, жолдо жейсиңер! Ии баса, силерди ал жактан Серхат аттуу жигит күтөт. Колунда меникиндей эле "Зари "деген табличкасы бар. Зари ким? – Ал бизге күлө карады.
– Мен.
– Аябай сулуу экенсиң. Чын айтам.
Чилек айым коштошоордо колубузга тыкан жасалгаланган кичинекей пакетти карматты. Биз аны менен коштошуп, ичкериге кирдик. Чилек берген пакетте ар кандай шоколаддар экенин самолетко чыкканда көрдүк..

*****
Самолеттон түшүп сыртка чыкканда бизди жыйырма беш жаштар чамасындагы жигит тосуп алды. Көчөгө чыгып айлананы кызыга карадым. "Газипаша Аланья" аэропорту экен. Сырттагы табият, таза аба мурунду жарып, башты айлантып жиберди. Айланасын тоолор курчаган, тээ алыстан көгүлтүр болуп, күнгө чагылышып турган деңиз көрүндү. Эки жагыбызды карап, кыялданып турган бизди жанагы баланын үнү ойготту. Жолдун четинде турган күмүш түстөгү, айнектери капкара машинага барып отурдук. Күн аябай ысык эле. Салондо бизге атап атайын алгандай муздак кола туруптур. Жанагы жигиттин уруксаты менен, Мээрим экөөбүз коланы ачып ичтик. Тегиз жолдо зымырап бараткан машинада бир аз жүргөндөн кийин эле Мээрим экөөбүз тең шылкыя уйкуга кеттик.



Жазыл,
төлө,
билесиң!


"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Жарыя! Түркияга кыздар керек_ти алам!"
деген кабар келет:




Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!