Жаныбек Жанызактын
Толукталып,
жаңы маалыматтарга таянып
жана аларды көркөмдөп,
640 бетке жеткире жазылган
"Ырдын чыры"
китебинин
электрон варианты
толук чыкты!
ВАТСАПка
заказ берсеңер болот!
5 китеп - 250 сом.


"АЛАМ!" дегендер
төмөнкү сүрөттү бассаңар
менин +996777329784
ватсап номурума
"Ырдын чырын алам!"
деген кабар келет:
Эскертүү:
Мен китепти алуу
эрежелерин жибермейинче
бирдик которбогула!





Эскертүү:
Электрон китеп алам деп
төлөнгөн акча
кайтарылып берилбейт!
Соткаң жарабаса
Жанызак күнөөлүү эмес,
унутпагыла!




Жаныбек ЖАНЫЗАК

Ырдын чыры 1

1-бөлүм
Бир концерттен бет келишкен бири жаш, бири орто курактагы эки ырчы жыландардай арбашып турушту. Алар үн чыгарып айтышпаганы менен көздөр аркылуу бири бирине болгон таарынычтарын түгөл төгүп атышты:
«Кандай абалга алып келгениңди көрдүңбү? Колумда жүрүп, тузумду татып, чоңойдуң эле?» – деди улуу ырчынын көздөрү.
«Мени эле күнөөлөй бербеңиз, сиздин да күнөөңүз бар. Өмүр бойу кулуңуз болбой калганыма ичиңиз күйдүбү?» – деп жооп берди жаш ырчынын көздөрү.
«Абийирди алмаштырып алган сыйлык-наамдарыңа эрдемсип атасыңбы? Жаштык да, сулуулук да кетет, эртең карылык келет, шермендечиликтин да чеги болот».
«Сахнага чыгарганыңызды дагы канчага милдет кыласыз. Чыгарыптырсыз, бирок анын кайтарымын, кетирген каражатыңызды бүтүн бойдон кайтарып алдыңыз го. Дагы менден эмне керек?»
«Дароо эле акчаны айтасың, сага акчадан башка да баалуу нерсе барбы?»
«Сизге акча керек. Сиз мени акчаны бийик орунга койууга үйрөттүңүз. Эжекелеп сыйлагандан кийин сыйды билип жүрө бербейсизби. Бардык балээни тилиңиз менен таптыңыз».
«Койунумда жыланды катып жүргөнүмдү билбептирмин. Сага алгач жолуккан күнгө миң наалат айтам!»
«Мени койо бериңиз. Кыйын экенмин, сиздин мыкты ырчы болуп чыга алдым. Кыйын экенмин, сиз таптап берген жолду жоготпой, улап кеттим. Булардын баары менин эмгегим, жалгыз гана меники. Бала кезде сизге бекер иштедим, ошонум менен мага жасагандарыңыздын баарын актагам».
«Көчүгүңдү берип, жеткен жетишкендиктериңе мактанба. Көчүк берүү жагынан кыйын экениңди билем. Көрбөгөндүн көргөнү курусун».
«Ооба, сиз эле көрүп чоңойгонсуз. Сиз деле артыңызга бир карап, ким элем, ким болдум де көрүңүзчү, эмнелер калкып чыгаар экен».
«Тагдыр баарына күбө. Убакыт баарын ордуна койот».
Арбашкан жыландардай үн-сөзсүз тиктешкен экөөнүн «көз диалогун» алып баруучунун:
– Сахнада сиздер сүйгөн, биз сүйгөн, элибиздин эрке ырчысы Чолпон Алымбекова! – деген үнү бузду.
Эки ырчынын мындай тирешүүсүнүн тамыры, чыр-чатакка малынган учугу тээ алыста жаткан…

Үч курбу Жылдыз, Нургүл, Асыл өсүп чоңойгон, Садырбек кайгылуу тагдырга кабылган, Рахмандай кызматын ашыкча пайдаланып, өзүн чакан райондун падышасы сезген адамдары бар айылда чүкөдөй болгон кемпир жашачу. Рахмандын бир тууган эжеси. Күйөөсүнөн жаштайында калып, жалгыз кызын медер тутуп жашады эле. Кызы да бой жетип, турмушка узаган. Бул кемпирге тагдырдын өчөгүшүп калган жайы бар беле, кызы бир кыздуу болуп, эми турмуштан ордун тапты го деп турганда, жол кырсыгына кабылып, жүлүнүнө доо кеткендиктен, төшөккө байланып калды. Аялынын майып болуп калганы, күйөөгө катуу тийди. Төркүнүнө жеткирип, апасынын колуна салып берип, кетип бир кайрылбады. Турду кемпир, анда оокат-ашка тың аял болчу, белин бек бууп, кызын жаш баладай бапестеп карады. Небересин да чоңойтуп, бардык түйшүктү моюнуна алды. Кызын айыктырып аламбы деген үмүт менен буту жеткен жердин баарына барды. Дарыгерлерден жардам болбогондон кийин элден угуп, билген тамырчы-табып дегенди да калтырбады. Ыйык жерлер жардам берет дешкендерди угуп, олуя аталардын сөөгү жаткан көрүстөндөргө зиярат да кылды. Бирок бири да жыйынтык бербеди. Акырында, тагдырына моюн сунуп, небересинин багын тилеп отуруп калган. Небереси Чолпон 5-класска окуп калган чагында, кызы каза тапты. Эне эртең менен адаттагысындай, таң азандан туруп, жалгыз уйун саап, бадага кошуп келип, сүт ысытып, кызына бир чыныга жылуу сүт көтөрүп келсе, денеси эчак муздап калыптыр. Сыягы, түндө каза тапкан окшойт. Өкүрүктү салып, озондоп ыйлап, жанында отурду. Ыйды уккан кошуналары бирин-сериндеп келип атышып, бир заматта короо элге толду. Элден айланса болот, кемпирдин жалгыздыгын билдирбей, бири боз үй тигип, бири сойуш алып келип, маркумду акыркы сапарына узатышты. Ошентип, чакан үйдө Турду кемпир эселек небересин коюнуна кысып, отуруп калды.
Күйөө бала сөрөй аялынын тажиясына да келбеди. Көз көрсөтүп куран окуткан да жок. «Алыс жакта жашаса да мейли эле, кадам турган айылда жашайт. Жок дегенде, канын сыйлап, кызы үчүн келип койсо деле болмок да», – деп айылдагылар шыпшынышты. Аны уккан кенедей кыздын жүрөгүнө таарыныч толуп, кекенет.
Турду кемпир эми болгон күчүн небересине жумшады. «Бир бутум төрдө, бир бутум көрдө турат. Мен жок болгондо өз оокатына тың болсун», – деп небересине үйрүлүп түшө бербей, катуу тарбиялады. Чолпон да 15ке чыкпай атып, үй ишин мизилдете кылып, уйду саап, сүт тартып, тамакты түрлөп бышырып, ал турмак үйдө эркек жок болгондуктан, сырттагы эркекке тийиштүү иштерден бери жасайт. Аны менен катар мектептеги коомдук иштерден четте калбайт. Сабактарын да жалаң бешке окуйт. Айтор, Кудайдын бир берген белегиндей эле кыз, көз тийбесин.
Турду жалгыз иним деп Рахманга боор толгогону менен анда такыр мээрим жок. Көчөдөн көрсө кабагын бүркөп, элден уялганы үчүн гана эптеп учурашымыш болот. Үйүнө келсе, ит келдиби, куш келдиби дегенсип, далысын салат. Аялы да күйөөсүнүн мамилесинен улам, кайнежесин сыйламак тургай, алдына дасторкон жайып, чай берүүдөн эринет. Кээде чак түштө келип калса, «Мен уктаганы аткам, чарчадым», – деп төркү үйүнө кирип кетет.
Бүгүн да Турду кандай начар мамилени көрсө да, көңүлү калбай Рахмандыкына келди. Жайы менен небереси экөө тырмалаңдап, үйдүн артындагы жерге күн карама өстүрүшкөн. Эми күз келгенде жыйнашып алышты. Май чыгарганга данын алуулары керек. Ал үчүн темир керебет керек болуп аткан. Рахмандын үйүнүн алдында керексиз буюмдардын арасында темир керебет турганын көргөн. Ошону сураганы келди. Кудай жалгап, иниси үйүндө экен. Турдунун келатканын көрүп, кабагын бүркөдү.
– Жакшы жатасыңарбы? – деген кемпирдин саламына ошол жерде тургандардын бири да алик алышпады.
Рахмандын аялы отто кайнап аткан тамагын карап, «тамак бышаарда аңдып тургансып келгенин кара», – деп ойлоп, тамагын кызганды. Жуунуп аткан Мелис болсо, «Дагы бир ишимди жасашып койчу деп суранат окшойт. Мен бул жакта эс алып аткансып», – деп кыжырданды.
Турду бул үйдөгүлөрдүн бири да өзүн киши катарында көрбөй турганын жакшы билчү. Ошентсе да айласы жок. Бөлөк-бөтөнгө сурамжылап баргыча, бул өз бир тууганы эмеспи.
– Рахман, тээ тигил керебетиңди сурап келдим. Семичкенин данын чыгарып алгыча, алып пайдаланып турайынчы, – деди кемпир.
Келини мурдун чүйрүп, жактырбагансып, ашканага кирип кетти. А Рахман көзүнүн төбөсү менен карап:
– Кайырчы болгондон башка кылаарың барбы сенин?! – деп корс этти.
Балачагынан коюнуна катып, экинчи энеси катары чоңойткон, жаш курагы өзүнөн бир топ улуу эжесин «сен» дечү.
– Айланайын иним, айла жоктон сурап атам да. Иштетип атсаң да сурабайт элем, жөн турган бир темирди эжеңден аяба, , – деди жалынычтуу.
– Бар! Бар, кетчи! – деген Рахман лөкүйүп, тамды айлана басты.
Турдунун жаны кашайды.
– Өлүкканаңды көрөйүн, эркек болгон. Мен сени канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай энебиз өлгөндөн кийин чоңойттум эле. Сен деп жүрүп, турмушка да кеч аттанып, бак таппадым, – деп сүйлөнүп, артына бурулду.
Рахмандын жаалы кармады, эки аттап кемпирге жетип, жакасынан булка кармап токтотту:
– Эй, эмне дейсиң?! Сен менин өлүгүмдү көргүң келип калдыбы?! Күйөөңдүн башын жуттуң, жалгыз кызыңды жуттуң, эми жутпаганың мен калдымбы?!
Ачуусунан кармана албаган ал кемпирди ары-бери булкуй баштады. Ушул убакта кемпирдин артынан келаткан Чолпон чуркап келип, арачыга түштү.
– Тийбе апама, тийбе дейм, – кичинекей кыздын көзүнөн учкан чаар бүтүн дүйнөнү куйкалап салууга жетээр эле.
Ары жакта карап турган Рахмандын аялы менен баласы эч нерсе көрүшпөгөнсүп, бурулуп басып кетишти. «Бириң өлүп, бириң кал» дегендей кебетелери бар.
Рахман чыркырап ортого түшкөн кызды бир колу менен эле түртүп, жыгыта койду. Кемпир эми небересин калкалоого умтулду.
– Кокуй, өлтүрдүң, тийбе кызыма!
Эне-бала ыйлаган тейде, Рахмандын колунан бошонуп, короодон чыгышты. Чолпондун жүрөгүндө кек, ыза кайнап буркурап ыйлап келатты.
– Апа, экинчи келбеңизчи ушунукуна, бул адам эмес, – деп ыйласа жанына адам туралбайт.
Ал Турдуну апа дечү, өзүнүн каза болгон энесин эже деп жүрдү. Энеси төшөккө жатып калганда бир жаштан эми ашкан наристе болгондуктан, калган өмүрүндө багып-кагып, жуунтуп-тарантып, ээрчитип жүргөн таенесин өз энеси катары кабыл алып калган. Турду да анын оюна өзгөртүү киргизгиси келбей тек койгон. Энесинин майып экенин билген баланын көңүлү чөкпөсүн, андан көрө кемпир болсом да мени энем деп, Салкынды эжем деп кала берсин деген. Айылдагылар да чындыкты кызга айта беришпей, жөн гана «Кемпирдин кызы» деп коюшчу.
«Оокатың болбосо, жаныңда абышкаң турбаса, дүркүрөп өскөн балдарың болбосо, көрүнгөн алдууга кор болгон замана, ай», – деп кемпир ичинен катуу наалыды.
(Китеп 513 соткабет. Толук алам десең, 0777329784 номуруна 100 бирдик, же илибой терминалдан ►Электронные деньги►WebMoney► R429713653063◄ же ►Электрон. деньги ►Элсом, 0777329784◄
Анан 0777329784 ватсапка барып квитанция көрсөт же кабар ташта. Китеп сага толук жөнөтүлөт..)
2-бөлүм
Чолпон мектепте алдыңкы окуучу болуп, ыр дегенде эт бетинен кетет. Ар кандай концерттерге катышып, мукам кайрык ырларды ырдап калат. Айрыкча, Алла Пугачеванын ырлары дегенде жантыгынан жата калып, классташтарынан сурап, магнитофонду алып келип, Пугачеванын кассетасын үй жаңыртып коюп, кошулуп обон созот. Мунун талантын билген агай-эжейлери Турдуга көп айтышат: «Кызыңыздын таланты бар, борборго окууга жиберип өстүрүү керек. Баралына келгенде бакыйган ырчы болот мунуңуз», – дешет. Кызынын бакыйган ырчы болушун кемпир абдан каалайт.
Быйыл 8-классты аяктады эле, музыкадан берген агайы атайын кемпирге жолугууга үйүнө келди. Алдына коюлган айрандан ичип сөзүн баштады:
– Эже, Чолпонду быйылдан калтырбай Фрунзеге окууга жиберүү керек. Мунун үнү азыр өсүп бараткан үн. Тезинен музыкалык билим албаса болбойт. Борбордо Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы бар, ошондо окусун.
Турду кемпир кызы менен акылдашып, агайдын айтканын туура деп табышты. Эртеси, таң эрте кемпир кызын ойготту.
– Жүр, кызым, бара турган жерибиз бар. Сен шаарга кеткениңче бир нерсени көрсөтөйүн, – деди.
Чолпон экөө таңкы автобуска түшүп, коңшу айылга келишти. Энесинин артынан ээрчиген кыз буйтка жолдорду аралап, бир үйдүн жанына келип токтошту.
– Бул кимдин үйү, апа? – деди кыз.
– Унчукпа, кызым, азыр көрөсүң. Эй, ким бар экен? – деп үн салды кемпир.
Үйдөн сакал-муруту көптөн бери кырылбаганга түктүйүп, иретсиз өскөн, бакжайган кара киши чыкты.
– Ий, байкуш, бир жакшынакай керилген жигит эле, кебетеси не болуп калган? – деп кемпир аны көрүп, Чолпонго угуза айтты.
Киши буларды тааныбагандай бүшүркөп карап туруп, жакындашканда тааныды окшойт, муздак учурашты. «Үйгө киргиле», – деп ооз учунан айтып, өзү биринчи жол баштады. Үйдүн ичи чачык экен. Бир бурчта жуулбаган идиш-аяктар додо болуп үйүлүп атат. Эски диванда жедеп кирдеп, жылтырап калган жууркан-төшөк жыйылбаптыр. Телевизордун бакырган үнүн басаңдаткан киши керебетке отуруп, келгендерди отургула дегенге жарабады. Кемпир менен кыз бут койорго жер жок болгон чачылган үйдүн кайсы жагына басаарды билишпей, босогодо тик турушту.
– Эмнеге келдиңиз? – деди киши.
– Сагын, сага кызыңды ээрчитип келдим, – деген энесинин үнү Чолпондун үстүнө муздак суу куйгансып ичиркентип алды, – Салкын байкушум экөөңөр сүйүшүп баш кошуп, ушул кызды жарык дүйнөгө алып келдиңер эле. Кызым кырсыктап, баса албай калганда мага таштап, кайрылбай кеттиң. Каза болгондо да барбадың. Кызыңды чоңойтуп, алдыңа алып келдим, – деди кемпир.
Кишиге бул сөздөр таасир деле бербеди. Жактырбагансып, кемпирди олурая карады. А кызга көңүл да бурбады.
– Эртең шаарга окууга кетип атат. Атасы менен таанышып алсын дедим, – деп кемпир сөзүн улантты.
– Шаарга окууга кетип атат деп акча сурап келдиңерби? Жок, акча! Төрт баламды араң багып атам! – киши корсулдады. Анын сөзү намыскөй Чолпондун денесин дүркүрөттү. Сөз сүйлөөгө оозун камдап бараткан энесине айттыра койбой, колунан жетелеп, сыртка чыкты.
– Апа, атасыз деле ушул убакка чейин жашадым, мындан ары да жашайм! – деп ыйлап жиберди, – Экинчи бул кишини көзүм көрбөйт. Кеттик!
Кемпир ичинен кейип, кызынын артынан ээрчиди.
Түнү менен кызына акыл айткан кемпир, таңкы автобуска салып атып да божурады:
– Экөөбүздүн ишенген эч кимибиз жок. Элге окшоп күйүмдүү тууган-туушканды да бизге айтпаптыр. Өзүңө тың бол! Бардык жашооң сенин колуңда! – деди.
16га эми чыккан чырпыктай ийилчээк кыз ошентип, автобус менен жаңы жашоого сапар тартты. Терезеден карап, чүкөдөй кемпирдин карааны барган сайын алыстап, бир кара чекитке айланганын көрдү. Негедир, тамагы буулуп, ыйлагысы келди.


Чолпон шаарга келип эле, сураштырып таап, Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга келди. Кечигиптир, студенттерди кабыл алуу убактысы кечээ бүткөнүн ошол жерде иштегендер айтышты. Кийимдери салынган баштыгын көтөрүп, кайда бараарын билбей туруп калды. Бул шаарда апасынын гана бир тууган сиңдиси Нарсулуу бар. Анын үйүнө баргандан бирок жүрөкзаада болуп турду. Бай күйөөсүнө таянган эжесинин кыялы бир топ чалпоо болчу. Рахман менен Нарсулуу Турду эжесин адам ордуна көрүшчү эмес. Эми айылдан келген ошол кемпирдин кызын батырмак беле.
Ындыны өчүп, окуу жайдын короосунда даракка сүйөнүп турду. Көзүнүн жашы эрк бербей, жүзүнө куюлду. Жанынан өтүп бараткан киши кыздын ыйлап атканын көрүп токтоду.
– Эмне болду, сага, кызым? Маселе жаралдыбы? Окууга өтпөй калдыңбы? – деп сурады.
– Өтпөй калсам кана, алыскы айылдан келдим эле, кечигип калыптырмын. Эми бараарга жайым жок турам, – деди.
Киши кыздын бутунан башына чейин сынай карады. Тал чыбыктай буралган, ак жүздүү, көздөрү жайнаган сулуу кыз экен. Ырайымы келди.
– Жүр, менин артымдан ээрчи, – деди.
Кыз баштыгын көтөрүп, кишинин артынан ээрчиди.
Бул киши өлкөгө таанымал атактуу композитор Акмат Чекинов болчу. Анын музыкасы менмин деген ырчылардын багын ачып, элге таанымал кылган. Атак-даңкка чылк оронуп, ыргыткан түкүрүгү өйдө кулап турган чагы. Бул окуу жайдагы бир да мугалим анын айтканын жокко чыгара албайт. Анын үстүнө жакында болгон абитуриенттерди кабыл алуу сынагында комиссиянын төрагасы болгон.
Экөө окуу жайдын ичине кирип, экинчи кабатка көтөрүлүштү. Бир иш бөлмөгө киришти эле, бир четте рояль туруптур. Чолпон жыты да башкача жагымдуу, кенен, кооз бөлмөгө сонуркай карады.
– Кел, бул жерге отур, – деп үн салды Акмат Чекинов.
Кыз баштыгын кире беришке коюп, киши айткан жерге турду. Сыртынан астыртан байкоо жүргүзгөн композитор кыздын тыңдыгын байкады. Шайдоот, өткүр да экен. «Бирдеме чыкчудай», – деп божомолдоп койду. Кыздын ийинине артылып жүргөн, кабыкка салынган комузду жана эле байкаган.
– Комузда ойнойсуңбу? Кана, ойноп берчи, – деп өзү отургучка отуруп, баам салып тиктеди.
Кыз тартынбастан комузун кабынан чыгарып, отургучка отурду да, Атайдын «Күйдүм чогун» ырдады. Абазы анча бийик болбосо да, тунук, тазалыгы байкалып турат. Муюп уккан композитор ыр соңуна чыкканда башын ийкеди. Анан кайсы айылдан келгенин, жашоо-турмуш шартын, баарын тегиз сурады. Кыз эч нерсени жашырбады, алыскы чакан айылдагы бир кемпирдин жалгыз карманганы экенин, бул жакка өзү тагдырын издеп келгенин, ырсыз жашоосун элестете албашын айтты. Сөздөрдү орундуу кынаптап сүйлөгөн, ыр тууралуу айтып атканда көздөрү жайнаган, эне сүтү оозунан кете элек жаш кызды карап туруп, композитор чечкиндүү ордунан турду.
– Сынактар кечээ бүткөн. Бирок мага жолуктурган тагдырыңа ыраазы бол. Мен сенин тагдырыңа өзгөртүү киргизүүгө салымымды кошойун, – деди.
Чындап эле андан кийинки окуялар Чолпонго түш сыяктуу сезилди. Орто курактагы Акмат Чекинов бир заматта кызды окуу жайдын студентине айлантты. Комуз бөлүмүнө кабыл алынганын уккан кыздын кубанычына чек жок эле. Бирок дагы бир маселеге туш болду. Жатаканадан такыр орун калбаптыр. Чекинов кадыр-баркын салса дагы, үч студентке ылайыкталган бөлмөлөрдө беш, төртөө жашай турганда алты болуп, жатакана үч кабаттап толгондуктан, коменданттар эч нерсе кылып бере алышпады. Мындай абалга кабылган бир гана Чолпон эмес экен. Жатакананы айланчыктап, орун таба албай, бир топ студенттер жүрдү. Окуу жайы аларга шаарда тааныштары, туугандары барлар ошолордукунда жашагандан башка айла табышпасын түшүндүрдү. Шаарда эч кимиси жок Чолпон менен дагы бир кыз экен. Баары кетишкенден кийин да, экөө эмне кылаарын билбей, жатакананын алдындагы отургучта отурушту.
– Силер эмне болдуңар? – деп бир кезде Акмат Чекинов келди.
– Шаарда эч кимибиз жок, – дешип экөө хор менен жооп беришти.
Башын кашыган композитор бир топко ойлонуп анан:
– Анда силерге бир сунушум бар. Кааласаңар, меникинде жашагыла, үйүм бир көчө гана ары турат. Окууңарга жакын. Үйдөн да окуйбуз, – деди.
Кыздар буга абдан кубанышты. Ашыкча суроо узатышпай, баштыктарын көтөрүшүп, агайдын артынан ээрчишти.
Акмат Чекинов атак-даңкка малынганы менен жеке жашоосунда жолу болбогон. Бир уулду болгондон кийин аялы менен ажырашып, бой жашап атканына көп жыл болду. Чыгармачылыкка баш-оту менен берилген ага үй-бүлө деген баалуулук деле жок болчу. Анын үстүнө каалаган учурунда жүрөк козгогон кайрыктарды жаратууга жандүйнөсүндө эркиндик болушу керек болду. Аялынын тыйып-бычканы, кызганганы, кайда кеткен-келгенин сурай бергени ал эркиндигин чектеп койгондой кыйналган. Баласына сырттан каралашып, анча-мынча жардамын берсе берип, бербесе жок, тоо кушундай эркин жашаганына ыраазы.
Анын шаар ортосундагы эки бөлмө батири эчактан бери күн көрбөгөндөй абалда экен. Терезе пардалары кыязы, жылдап ачылбайт окшойт. Үйдү ачымык жыт каптап, ашканадагы столдун киринен кандай түстө экенин билип болбойт. Ваннада үйүлгөн байпактардын алды чирип, жагымсыз жыт чыгарып турат. Кыздарды киргизип коюп эле, «Силер өз үйүңөрдөй жайгаша бергиле. Менин жумуштарым бар», – деп Акмат кетти.
Кыздар кийим которуштура салышып, үйдүн акыбалын оңдоого өтүштү. Терезе пардаларды ачышса, эмеректер менен полдогу чаң бир карыштай калыңдыкта экени көрүндү. Шымаланган кыздар иш арасында таанышып, бири ашкананы, бири залды жыйнап, жууп, мизилдетишти. Ваннадагы үйүлгөн байпактарды Чолпон эринбей иргеп, чиригенин ыргытып, кийгенге жарактууларын таптаза кылып жууп, жайды. Сахна, атактуулук жүрөктөрүндө ойногон кыздар максаттарына жетүү үчүн композитордун байпагын эмес, башкасын жуугандан да баш тартышмак эмес.
Кечинде келген Акмат Чекинов босогодон аттап, катып калды. Ал адашып башка үйгө кирип алгандай сезди. Таптаза жыйналып, жуулган үйү жаркырап калыптыр. Киргенде үстүңдөн басып тургандай оорчулук кетип, жашоого болгон сүйүүнү чакырат да бул үйү.
– Келиңиз, агай, тамак даяр, – деп ашканадан күлө багып чыга калды Чолпон.
– Оо, кыздар, үйүмдүн сообуна калыптырсыңар да. Рахмат, рахмат, – деп ваннага кирип колун жууп чыкты.
Ашканада да муну жагымдуулук күтүп атыптыр. Стол үстүндө жыты буркураган шорпо, жаңы эле колго бышырылган жумшак нан, салат турат. Качантан бери үйдө жасалган тамакты жебеген композитор ырахаттанып тамактанды. Кыздарга кайра-кайра рахматын айтты.
– Карыган агайыңардын бир жарпын жаздыңар. Колуңар дарт көрбөсүн, – деп бажактады.
– Коюңузчу, карыбай эле турасыз. Жапжашсыз, – деди жылмайган Чолпон.
Бул сөз кишинин жүрөгүнө жылуулук чачып, кызды жалт карады. Көздөр бири бирине чагылышты.
Ошентип, Чолпон Айзат экөө композитордун үйүндө жашап, окуп калды. Дем алышта телеграфка барып, апасына телефон чалып, окууга өткөнүн, баары жакшы экенин кабарлады. Кызы кеткенден бери тамагынан аш өтпөй, санаага баткан эне толкуп, кубанычынан көзүнө жаш алды.
Чолпондун шыктуулугу, жаңы нерсе үйрөнүүгө дилгирлиги, эмгекчилдиги тез эле окуу жайдагы студенттердин арасында экинин бири кылды. Айзат анчалык эмес, ыкшоо. Акмат Чекинов кыздарды жакын адамдарындай сезип, билгенин үйрөтүүгө аракет кылат. Үйдө да бош койбой, эртели-кеч музыканын миң сырын кайталайт. Андайда Чолпон ынтаа коюу менен укса, Айзат ашыкча эле үйрөтө берген агайын жактырбай, тескери бурулат. Ошондуктан, акыркы күндөрү Акмат Айзатка анча назар салбай, бар күчүн Чолпонго бурду.
Чолпон окуу жайдагы бий тобуна да жазылып алды. Денесинин ийилчээктиги бий үчүн жаралгандай көрүнчү. Антип-минтип карагыча, кыш да келди. Кышкы семестрди ийгиликтүү тапшырган студенттер каникулга келген жактарына тарашты. Айзат да кубанган бойдон, айылдан ата-энеси салган акчаны алып, бир туугандарына белекти камдап, жолго чыкты. Чолпондун гана аргасы жок. Апасынын буга акча салганга акыбалы жок. Окуу башталгандан бери бир да жолу үйүнөн акча келбеди. Абалын көрүп туруп, кантип батынып сурамак эле. Анын үстүнө, апасына ар жолку сүйлөшкөн сайын калптын баарын айтып, жакшы окуган студенттерди мамлекет тамактандырып, кийиндире турганын саймедиреген. Апасын аяйт да. Өзү Акматтын алып келгени менен Айзаттын үйүнөн келген тамак-ашка кошумча ооз болуп отуруп, үстүндөгү бир кийимин таза жууп, кургатып, кайра кийип, окууга барат. Жаштыгы менен сулуулугу үстүндөгү жупуну кийимин да жаап-жашырып кеткенсийт. Күлүп-жайнап, кайсы жаатта болбосун алдыда жүргөн бул студенттин күнүгө бир кийим менен келээри эмнегедир эч кимге байкалбады. Кыш келгени жылуу өтүк алууга акчасы жок, күзгү туфлиси менен кар кечип жүрөт. Дагы жакшы, жашаган үйү окуу жайдын жанында эле болгондуктан, эч ким көрбөсүн деп окууга атайылап эрте чыгат. Карды туфлиси менен кечип, чуркап, барып окуу жайга кирет. А ичинде мугалимдер, студенттердин да көбү жылуу өтүктөрүн такалуу туфлиге алмаштырып, кийишкендиктен, мунун туфли кийгени өөн учурабайт. Эпчилдигине салып, мышык ыйлай турган абалын эч кимге билгизбеди. Каникулга айылга барууга эки көзү төрт, бирок жол киреге бир тыйын да акчасы жок. Кайра келгенге да апасы экөө акча таба алышпаса керек. Нарсулуу эжесиникине барыш-барбашын чече албай, күн кечтеди. Акмат Чекинов үйүнө келип, кыздардын бири кетип, бири калганын деле байкабады. Жолдо мээсине келе калган кайрыкты жоготуп албоого ашыгып келгендиктен, дароо роялга отуруп, кыңылдатты. Ал иштеп атканда тынчтыгын бузуу кечирилгис жорук болчу. Ошондуктан, кийинип, даярданып алган Чолпон коштошуп кетүүгө күтүп, ашканада далайга отурду. Сыртта сампарлап кар жаап аткан.

(Китеп 513 соткабет. Толук алам десең, 0777329784 номуруна 250 бирдик, илибой терминалдан. Анан 0777329784 ватсапка барып квитанция көрсөт же кабар ташта. Китеп сага толук жөнөтүлөт..)