Сүйүү жана арман каттары


Ойтолгоолоруңарды бийакка жаза бергиле.. Татына эскерүүлөр, номер жарнама төлөмөүнчө чыкпайт!

Страницы:  1  2  3  ... 11

dsd dsd

Сөзү: Олжобай Шакир.
Обону: Элмирбек Иманалиев
БИЛЕСИҢБИ
Мен сендик элем, кучагым кенен,
Жүрөгүм тушта жүрөгүң менен,
Меники болуп сезилчү денең.
Кездешкис болуп узадык эле,
Мен өпкөн бойдон, сен өпкөн бойдон.
Кездешпейт азыр бир ошол дене,
Мен өткөн жолдон, сен өткөн жолдон.
Саргайган күздө санаа жок жүздө,
Телегей тегиз шуруңдай тизме,
Түбөлүк болуп сезилчү бизге.
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, мен тарткан кайгы.
Телмирип тиктейм тетиги, жаным,
Сен сүйгөн айды, мен сүйгөн айды.
Сезимтал элең сезерсиң дайым,
Сен тарткан кайгы, ал мен тарткан кайгы.



21.05.2021 г. 13:23
№ 103


dsd

-"Сагындыңбы" - сагынбадым, кусаландым,
Бирок бир аз, ыза кармап туталандым.
Түшүндүрүп айталбаймын жашоодо бул,
Мен билбеген, сен билбеген тушоо барын.



12.05.2021 г. 17:07
№ 102


Кыялкеч

Бир көргөн адамга идеал сезилесин, кичине кыйналсан эле жаш баладай эзилесин. Эркекмин деп төшүндү каккылайсын, бирок аттин сөз менен чыныгы эркек боло албайсын



01.05.2021 г. 16:16
№ 101


Энсоо

Тошуно башым коюп жаткан мн
Торуно Кире албасам сезиминдин
Тыйылып тардык кылат эки жаздык
Тыйынча баркы барбы ак никенин

Тунултуп жаш никенин ыссыгынан
Туйулуп туйун болуп чиеленип
Туталанып Аран кайра очуп калган
Тутоп куйбой журомун ичиркенип



27.04.2021 г. 23:16
№ 100


Кыялкеч

Коштошуу сезимдери
Ажыраштык экообуз, тагдыр дебе,
Ал суйууну шылтаба жаштык кезге...
Таза бойдон сезимдер кала берет,
Ооруусу журоктордун отуп кетет.

Кечир дебе, куноосуз арзуум менин,
Уй-булоолуу болгонун бактын сенин.
Жазып жатам жаны ыр дагы сага,
Тынчтык бербей, сен деген сезимдерим...

Суктанам тандын Чолпон жылдызына,
Ар танда сени коро алганына...
Бакыт каалап ак тандай тунук-таза,
Сезимдерим жашырам ак кагазга...

Каалабайм жарынды жесир кылып,
Уулундун атасыз чоноюшун...
Бироонун коз жашына курулбайт дейт
Бакыттын чеп сыяктуу пайдубалын!

Суйууну шылтоо кылып мерездерче,
Бактылуу уй-булонду буза албайм...
Коштошуу ыры болсун мунун баары,
Махабат арманым жете албаган...



22.04.2021 г. 01:58
№ 99


Кыялкеч

Билем, сезимиңди байкап жүрөм. Бирок мен сага достуктан башка эч кандай сезим суна албайм. Анткени мен дагы эле ошол 7 жыл мурдагы жетпей армандаган бала менен кыялда чогуу жүрөм. Кызганба, кур үмүттөнбө. Сенин сүйүүн экөөбүзгө жетпейт. Мен башынан айтып келем сезимиңди арнаба жүрөк менен эмес акыл менен иш кыл деп. Кечир. Мен сүйүүгө татыксыз жанмын...



22.04.2021 г. 01:34
№ 98


Энсоо

Уф уф уфффф!!!!!!!!!! Кутуу Бир нерседен умут кылуу эн Жаман да ичинден кемирип. 1 жарым жыл болду ээ. Балким 2 же 3 жылда эч нерсе кутпой калармын. Умуткор болбой. Козуно чоп салбасам эле болду кудай алдында ак болуп. Чокун чокун чокун как башын как чокун .



20.04.2021 г. 19:37
№ 97


K.I.

Асаль, орозо кармап жатсан кабыл болсун! 😘



19.04.2021 г. 17:13
№ 96


Лёша

Мен бир бир отур жана ой жаман бар.
Журок толкуду да жана скучно как то.
Неге бул бар?



16.04.2021 г. 01:50
№ 95


Нн

К.И. Асаль!Голосовой дале бар болсо тебе повезло,а менде Сенин элесин сакталуу!Аны менен кундо суйлошом😍Менде баары жакшы.Сен да Аман жур!



09.04.2021 г. 09:31
№ 94


Страницы:  1  2  3  ... 11


Яндекс.Метрика