Кечиккен махабат

Бул жашоодо не деген гана өткөөл мезгилдер болбойт. Мен өмүрдүн кызыгы сүйүүңө жетип, сүйгөнүң менен өмүрлөш болууда гана бактылуу болот, сүйүүсүз курулган жашоо кунарсыз, куту качкан үйдөй деп сезчүмүн. Көрсө жашоодогу эң бактылуу кез, өмүрдөгү кайрып алгыс мезгил — балалуу болуп наристенин жытын искеп, балдар тилине канып, алардын «апа» деген үнүн угуп, эт жүрөгүң эзиле, жандүйнөң бакытка бөлөнгөн учур тура!.
Азыр мен кусалыктын кучагында бир кездеги бактылуу учурумду эстеп, көкүрөктү ээлеп алган өкүнүчүм — жаздагы ачык туруп шамал коштой төккөн жамгыр, жер бетине шурудай төгүлүп жылт-жулт эткен мөндүр сымал көз жашым эки бетим ылдый кулап, терезеден сыртта томпоңдоп ойноп жаткан наристелерди карап тура бердим. Бактылуу кезиңде бакыт сени менен бирге айланчыктап жүргөнүн сезбейт тура адам баласы. Андан да бийик, зор бакытты эңсеп туруп алат экенсиң. Эми ойлосом мен ошол кезде бактылуунун бактылуусу экемин, кадырын билбепмин, жаштыгым, эселектигим мени кыялымдагы бакытты эңсеп, сүйүү менен жашап, сүйүү деп өлөм жүрүп акыры чеги жок кең көлдө жалгыз учкан ак куудай армандуу сүзүп калган чагым.
Эмесе сөз башынан болсун.. .

(Visited 102 times, 1 visits today)