Буйрук
Кубаныч балдар үйүндө өскөн экен, — деди мени менен кобурашып отурган Алмагүл, — Аны үч жашында апам өзү аргасыз алып келип таштаган экен. Күбөлүгүнө кошуп кат жазып таштаптыр…
Гүлсүн бир үйдүн эрке, жападан жалгыз кызы, ата-энеси анын көзүнүн агы менен тең айланып турушат, бирок Гүлсүн акыл-эстүү кыз болуп өстү. Мектепти бүткөн соң мединститутка өтүп окуп калды, кадимки кыздардай эле жатаканада жашап, китепканадан кетпей кесибине берилип окуп жатты, атасы Дыйканбай менен Нуржамал тапкан-катканын кызына жөнөтүп турат, алар экөө тең алтымыштан өтүп карылыкка баш ийе баштагандыктан өздөрүнчө кеңешип Гүлсүндү өздөрүнө жакын жерге күйөөгө бермек болушат. Экинчи курсту бүтүп келгенде экөө айланып-кагылып, берээрге эчтекесин таппай казан асып, дасторконун жайнатып отуруп бири-бирине: «Сен башта, сен башта», — дегендей ымдап калышат. Ошол кезде Гүлсүн:
— Ата, эмнеге эле ымдашып жатасыңар? — деди күлүп.
— Кызым, — деди Дыйканбай тамагын жасап, — Сен эми чоңойдуң, биздин маңдайыбызга бүткөн жалгызыбызсың…
— Сенин балдарыңды көрсөк дегенде эки көзүбүз төрт, — деп Нуржамал ары жагын коштоду.
— Апа, окуумду бүтөйүн.
— Жо-ок балам, турмуш куруп алып деле окуй бересиң.
— Ооба-ооба, сени келин кылып алабыз деп келип жаткандар бар кызым.
— Койгулачы, эмитен эле күйөөгө чыгып эмне? — Гүлсүн ата-энесине таарына сүйлөдү, — Анын үстүнө өзүм тааныбасам эле кантип?
— Тааныйсың, карасак кашыбызда болосуң, биз картайып калдык, кокус алыс жерге түшүп калсаң биздин күнүбүз эмне болот? — деп кайраттуу айтты Дыйканбай.
— Ошону айтсаң, жете албай куурабайбызбы ботом?