Күчү жок чыккан өкүм

Бул китепте автор сот тармагындагы жаңылыштыктарга кенен токтолгон. Албетте турмушта болуп өткөн курч окуя менен коштолуп, күнөөсүз кесилип кеткен адамдын өмүрү баяндалган. Китепте союз учурундагы окуя кенен камтылган. Ошол кезде тартип канчалык күчтүү болсо да, коррупция болуп келгени ачык жазылган.
Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт, анткени автор бул жашоодо бардык нерсе жазасыз калбаганына токтолгон. Ким кандай иш жазаса ошого жараша жаза жана алкыш алат деген маанини туюдуруп, адамдарды жакшы иш жасаганга үндөгөн.

1979 — жылдын күз мезгили. Тактап айтканда октябарь айынын башы. Күн кыскарып, бактардын жалбырактары сары түскө боёло баштаган кез.
Жаңыл кечке картошка казышып, күйөөсүнө жардам бергенгеби, эмнегедир кечке жуук жаны жер тартып, жаткысы келип ички үйгө кирип башын жаздыкка койгон кезде ичи ооруй баштады. Ооба, боюнда бар, ай-күнүнө жетип калганы да анык.
Бирок, кээде ичи ушинтип ооруп кайра жазылып калган адаты бар. “Ошол оорунун бири го” деп, ичинин ооруганына деле анча маани бербей, чалкасынан жатып көзүн жумду да, уктап калуунун амалын кылды.

(Visited 1 457 times, 22 visits today)